Кой этин устукандоо жана табак тартуу

ustukandoo

Эт бышкандан кийин, казандан же мискейден атайын депкир, сузгучтун жардамы менен өзүңчө бир табакка же чарага чыгарылат. Этти чыгарууда ус-тукандар эти менен ажырабай чыгарылуусу керек.

Устукандарды ар бир табакка бөлүү табак тартуу деп аталат. Ар бир табакка жиликтерди бөлүүнү устукандоо деп эсептесек болот. Табак коноктун санына, сыйына жараша тартылат. Мисалы, төрт же беш кишиге бирден табак тартылат. Табак коноктун сыйына жараша жогорку (улуу) табак, ортончу (экинчи) же кичүү табак делип бөлүнөт. Жогорку табак коноктун, куда сөөктүн аксакалдарына, сый конокторго тартылат. Кыргыз элинде этти устукандоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

Жумшак эттүү, майлуу устукандар, мисалы, жамбаш, карчыга, кашка жилик, жото жилик – аксакалдарыбызга, карыларга, сыйлуу конокторго (куда-сөөккө) тартылат. Арка, моюн, далы, кар жилик – жаштарга тартылат.

Эң улуу устукан болуп жамбаш эсептелинет, андан кийинкиге кашка жилик, жото жилик, карчыга тартылат. Ал эми куймулчак аялдардын улууларынын үлүшүнө тиет. Баш улуу устукандарга кирет, айрым аймактарда баш кичүүлөргө тартылат. Ысык-Кал, Нарын аймактарында кар жилик кыздарга тартылбайт (тез карыбасын деген мааниде), күң жилик табакка таптакыр тартылбайт. Карчыга болсо, кабыргаларга бөлүнүп, жетишинче башка устукандар менен бирге тартылат (эгерде устукандар меймандарга жетиштүү болсо). Башты табакка тартканда, бир кулагы кесилип коюлат.

Табак тартуудан мурун, үй ээсине ооз тийгизет. Ар бир табакта отургандардын кичүүсү устукандан (эттүүлөрүнөн) этти беш бармак жасоого туураш үчүн кесип алып, устукандарды ар бир кишиге улуулугуна, сыйына, жолуна жараша ыйгаштырат. Табакта отургандардын кичүүсү бөлүнгөн сулп этти майда туурап, беш бармак жасайт. Беш бармак майда тууралган этке кесме (камырды), ысык сорпону (чыкты) кошуп жасалат. Айрым учурда жегиликтүү болсун үчүн, чыкка тууралган пиязды кайнатып кошот.

Эт чыгарылып, табак тартаар маалда коноктордун колдоруна үй ээсинин кичүү баласы же туугандары жылуу суу куюшат. Беш бармак желип бүткөндөн кийин табактар алынып, дасторкон жыйналып, бата кылынгандан кийин, колго ыкчам суу куюлат.

Кашка жиликтен – томук, жото жиликтен – чүкө чыгарылат. Алар мүлжүлүп-тазалангандан кийин оюн ойноого жумшалат. Ар бир устуканды таза мүлжүү керек, жиликтери чагылып, чучуктары желет да, кийин итке берилет, же жерге көмүлүп, отко жагылат. Таза мүлжүлгөн далынын сөөгүнүн көрүнүшүнө жараша келечектеги турмуш да сүрүлөт.

Жыпар Исабаева, “Кыргыз Туусу”, 13.05.2014-ж.

Соц тармактар:

3 thoughts on “Кой этин устукандоо жана табак тартуу

  • 24.07.2014 at 17:33
    Permalink

    Илгертеден келе жаткан салтты билууго жана сыйлоого маани берип, маалыматынар менен болушуп жазганынар учун 4он рахматтымды айтам. Ото пайдалуу нерсе екен.

    Reply
    • 25.07.2014 at 10:04
      Permalink

      Рахмат. Кыргыз маданиятына байланыштуу нерселердин камтылганынан камтылбаганы алда канча көп экенин билип жалгыз экениме, убакыттын тардыгына кейип кетем. Мен кичинекей гана бир бурчун ойгону жетиштим. Дагы да көп иш бар. Сиздердин жылуу сөздөрүңүздөр мага чоң ДЕМ.

      Reply
  • 14.04.2018 at 12:08
    Permalink

    негизи кыргыз баласы устукан тартуунун эрежесин булуу керек. бул ата-бабалардан бери келе жатат. мен оюмча кээ бир шаарда жашаган тургундар же жаштар устукан тартууну билишпейт. эрежесин билсе да,устуканды таануу керек эмеспи , а жаштар устуканды тааныбайт. ошондуктан аларга кыйын жана ынгайсыз болот. агаларыбыздан суранаарым эгер мумкунчулукторунуз болсо ар бир устуканды суротко- видеого тартып ютуб ж.б тармактарга киргизсенер жакшы болмок.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.