2012-жыл “Манас жылы” деп жарыяланса…

Убакыт, мезгил бир орунда токтоп турбаган сыңары жашоо шары, коомдук түзүлүштөр, замандардын закымдары улам өзгөрүп жатканын башыбыздан кечирип жатабыз. Бирок бир чындык бар! Ал кыргыз эли үчүн, “Мен – кыргызмын” дегендердин баарына бирдей, Теңирден кийинки бирден-бир Ыйык, Улуу Рух бул – МАНАС!!! Карт тарыхтын катмарында бизге чейин жашап өткөн нечендеген кыргыз элинин муундарын сактап, өткөөлдөрдөн өткөрүп, жандап келген Ыйык Рух – МАНАС! Дастаныбызда: “Тоо бузулуп, сай болду, сай бузулуп, коо болду. Аты калып, өзү жок, нечен элдер жок болду” -делет эмеспи? Кастарын тигип, жер-суубузду ээлеп алгысы келген кас-душмандарга каршы тургузуп, кыл чайнашкан кыргындуу согуш алааматтарында элибизди биротоло жок болуп кетүүдөн сактап келген, бизди уюткулуу журт кылган, муундан-муунга кемибей, бөксөрбөй жеткен Ыйык Рух -МАНАС!!!

Кыргыз эли башынан тагдырдын өктөм сабактарынын неченин өткөрүп, ушул ХХI кылымга эгемендүү Эл болуп келдик! Буга да Жаратканга шүгүр!-дейли. Кыргызды дүйнөгө тааныткан нерсе бар: ал-АЙКӨЛ МАНАС атабыз! Кадырман калкыбызды кыргыз-кыргыз бойдон кылымдар бою жашап турганда, жандап, коштоп жүрө турган ушул өтө бийик, өтө кымбат асыл баа алп дастаныбыздын үчилтигине – рухий дөөлөттөрүбүзгө ар бирибиз татыктуу болуп, сый мамиле менен аздектеп, кадырлап турсак экен! Анткени элибиздин өзөгүндө, дилинде, жан дүйнөсүндө орун алган улуттук идеология көөнөрбөс алп “МАНАС” дастаныбыз менен калган эпикалык чыгармаларыбызда!

“МАНАС эли” коому түзүлгөндөн бери өз алдына койгон максат-тилекти Улуу Рух МАНАСтын алдында, элибиздин алдында аздыр-көптүр иштерди аркалап келатат. Бизге окшогон коомдор, уюмдар, топтор өлкөбүздө бир канча. Баарыбыз “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, ырыска шерик ынтымак менен келечегибизге кадам койсок! – деген ниетте эл баштаган жакшыларга, жамы журтубузга Кайрылуубуздун негизги ой-тилеги төмөнкүчө:

1. Ааламдашуу жараяны өтө тездик менен күч алып, батышчыл күчтөрдүн таасири жана алардын “кансыз согуш” кыймылы элибиздин элдигин, тилин, маданиятын акырындап жоюу, соолутуу саясаты күнүмдүк турмушубузда сезилээрлик кедергисин тийгизе баштаган шартта улутубуздун Улуу Руху-“МАНАСты” жайылтуу, аны жаш муундарга үйрөтүү, сактоо иштери чакан топтордун эмес, жалпы мамлекетибиздин, ар бир акылы толук жарандын ыйык парзы, милдети болуп калууга тийиш! Элибиз улуттар арасындагы жана өз ич ара ынтымагын мындан ары чыңдап, жалаң материалдык көйгөйлөр жана бийлик талашуу менен алектенбей, руханий тунук булактардан дем, күч-кубат алып туруусу бүгүнкү күндө аба менен суудай зарыл!

2. АЙКӨЛ МАНАС атабыздын биз үчүн Ыйык Рух, Улуу күч экенин, анын эпостук эле каарман эмес, XI кылымда жашап өткөн тарыхый инсан экенин айрым учурда аңдабай, кара курсак көйгөйүнөн жогору көтөрүлө албай, кенебестигибизден “МАНАС” дастаныбызды аз жерден башкалар ээлеп кете жаздады. Колубуздагы Кутту алдырып кое жаздадык… Мындай нерселер кайталанбас үчүн келээрки 2012-жылды – “МАНАС жылы!” – деп жарыялоо зарыл! Жараткандын каары барган сайын күч алып, глобалдык катаклизмдер дүйнө элин зилзала, топон суу, өрт алааматтары менен тез-тез өкчөп жатканда, элибиз руханий тазалыкка жетип, ошондой табият кырсыктарынан сырткары болсун деген тилек менен “МАНАС жылында” көп иштер аткарылышы зарыл!

3. Эң ириде “МАНАС” дастаныбызды үчилтиги менен фольклордук кайталангыс шедевр экенин тастыктап, кыргыз элинин атынан ЮНЕСКОго тезинен каттатып алуу! Каржы маселесин атайын “МАНАС” корун-фондун түзүү менен чечүү. Ошол фонддун эсебинен Кайыптар дүйнөсүнөн аян-бата алып, Сагынбай, Саякбай жана башка касиеттүү манасчы аталардын жолун улап, “уламадан уланып, Улуу сөзгө айланган “МАНАСты” жайылтып жаткан манасчылардын жаш толкунун материалдык-моралдык жактан үзгүлтүксүз колдоо. (Стипендияларды чектеп берүү); манасчылар арасында ар кандай байгелүү кароо-сынактарды өткөрүп туруу;

4. Жаш муундарды МАНАС атабыздын мекенчил духунда тарбиялоону балдар бакчасынан тарта мектептерде, жогорку окуу жайларда улантуу. Басма иштерин жөнгө салып, дастаныбыздын жарык көрө элек варианттарын жарыкка чыгарып, өлкөбүздөгү бардык китепканаларды жаңы басылмалар менен камсыз кылуу. Алп дастаныбыздын мерчемдүү эпизоддорунан мультфильмдерди тарттыруу; “МАНАС” дастаныбызга байланышкан драмалык чыгармаларды театр чөйрөлөрү, мисалы, Ж. Садыковдун “МАНАСтын уулу СЕМЕТЕЙ” драмасын; А.Малдыбаев, Власов-Ференин “МАНАС”, “АЙЧҮРӨК” операларын элибизге кайрадан тартуулоо ж.б. Дастаныбызга байланыштуу сүрөт көргөзмөлөрүн байма-бай өткөрүп туруу;

5. “МАНАС” үчилтигин жайылтууну, үйрөтүүнү жалаң эле илим жана Элге билим берүү министрлиги менен маданият министрлигине жүктөп койбой, интеллигенттерден катардагы карапайым адамдарга чейин бул албан иштин маанисин мамлекеттик бийик деңгээлге жеткирүү;

Азыркы адамзат тандап алган, материалдык кызыкчылыктарды туу туткан империялык жол – жаңылыш жол экенин мезгил көрсөтүп жатат:

а) Бүткүл дүйнөлүк каржылык каатчылыгы;

б) Жер-суунун, абанын булгануусунан, уулануусунан келип чыккан экологиялык катастрофалар, айрым жерлердеги өрт, кургакчылык, топон суу, куюн алааматтары;

в) Жер энеге бир да күн тынчтык бербеген ар кай жерлердеги тынымсыз согуштар;

г) Адамдардын ыйманы менен ынсабынын азайышы, Батыштын кыргыз элине жат, жылаңач, уятсыз цивилизациясы, биздин элибизге туура келбеген терс көрүнүштөр: наркомания, кумарпоздук, алкоголизм, өз денесин сатуу, карылары менен балдарына карабай кеткен наадандыктар, кылмышка баруу, адам өлтүрүү жана башка гуманизм принциптерине каршы келген көрүнүштөр бүткүл адамзатты туңгуюкка алып бара жатканы айдан ачык… Белгилүү аалым Елизавета Блаватскаянын: “Бүт дүйнөнү МАНАСтын урпактары сактап калат!” – деп айтканы бар. Азырынча, бүт дүйнөнү болбосо да, өз элибизди, мамлекеттүүлүгүбүздү сырттан таңууланган манкуртчулуктан, ааламдашуунун буркан-шаркан түшкөн процессинен элибизди улут катары сактап калуучу Улуу Рухубуз – МАНАСка таянып гана иш алпаруубуз – мезгил талабы! “2012-жыл – МАНАС жылы!” – деп жарыяланса, улутубуздун баалуулуктарына басым жасалып, манасчылык, төкмө-акындык, элдик көркөм чыгармачылык, салттуу музыка, кол өнөрчүлүк, салбуурунга байланышкан мүнүшкөрдүк менен тайганчылык, сай күлүктөрдү таптаган саяпкердик, улуттук оюндар, ат спортуна байланыштуу мелдештер азыркыдан да жанданып, маданиятыбыз, эне тилибиз, каада-салттарыбыз бир баскычка болсо да көтөрүлүшүнөн күмөн кылбайбыз! Анткени Кайып дүйнө менен азыркы адамзат цивилизациясынын, биздин замандын эриш-аркак купуя байланышы бар экени “МАНАС” дастаныбыз аркылуу барган сайын тастыкталып, табышмактуу көрүнүштөр Аалам жана табият менен тыгыз байланышта болуп, уламдан-улам аян-сырлар ачылып жатканы маалым. Ошондуктан Кыргыз эли жөн эл эмес, Куттуу, касиеттүү Эл экенин, АЙКӨЛ атабыздын аруу, мекенчил духун, ченде жок баатырдык, көсөмдүк энергетикасын, айкөлдүгүн ар бир “Мен -кыргыз!” – деген жарандарыбыз жан дүйнөлөрү менен кабылдап, өзөгүн, дилин, ниет-пейилин агартканда гана биз өлкө катары өнүгүүнүн жогорку баскычына көтөрүлүп, дүйнө элине чыныгы адамдыктын үлгүсүн көрсөтө алаарыбыз шексиз!!!

Урматтуу атпай кыргыз Журтчулугу жана Эл баштаган жакшылар! Сиздерди ушул ургаалдуу иштерге кайдыгерлик кылбай, “Урааным – МАНАС!!! “Улутум – Кыргыз!!! деген чакырыктарга кошулуп, биздин ой-тилегибизди кош колдоп колдооруңуздарга ишенебиз!

“МАНАС” коомдук кыймылы, Бишкек шаары.,
“Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.