Ш.Дүйшеев. “Агындылар”

Гезитибиздин өткөн сандарында Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” китебинен сандан-санга үзүндү басып келип токтотконбуз. Токтогон күндөн бери “Агындылардын” уландысын сураган окурмандар телефонубузду тындыра элек. Андыктан окурмандарыбыздын суранычын эске алып эми бир ирет басууга автордон уруксат алдык. Чынын айтсак, эл арасында аталган китепке суроо-талап күч болуп жатканы да жашыруун эмес. Китепти алууга кызыкдар окурмандарыбыз 0557 71 18 78 телефону аркылуу Дүйшеевдин өзүнө байланышса болот.

Ошентип колдон колго өткөн балалыгым, Кара-Кыштак менен Ак-Кыштак, кара менен ак, жаз менен кыш. Таенелерим менен таякелерим, чогуу ойногон Нина кыз, чогуу ойногон балдар, апам эсимден далайга дейре кетпей сагынтып, кусалантып жүрүп, акыры Чөтү эжемдин апам тууралуу айткандары, Чоң Энемдин мага болгон эбегейсиз сүйүүсү баарын жеңип, баарын унуткарып, баарын эсимден өчүрүп жок кылды…

***

-Жетим чаар ичеги болот, -дечү энем.
“Мен деген “жетим” эмесмин да, ошондуктан энем “жетим” деген сөздү мага эмес, башка бирөөлөргө айтып жатат” деп ойлочумун.
-Кантип чаар болот? Жетим балдардын ичегисин көрдүң беле, эне? -дейм.
-Көргөм, -дейт энем.
-Ом-иий! Чын элеби? -дейм.
-Чын эле, -дейт.
-Кантип көрдүң эле? Курсагын жарбаса ичегиси көрүнбөйт да? -дейм.
-Жетимдердики көрүнөт, курсагын жарбаса деле сыртынан чаарайып көрүнүп турат, -дейт энем.
Мен ары карап, энеме көрсөтпөй көйнөгүмдү түрүп алып курсагымды карайм. Ичегим көрүнбөйле турат. Көңүлүм жай.
-Жетим эмес балдардын ичегиси көрүнбөйт да э, эне? -дейм.
-Жетим эмес балдардын ичегиси көрүнбөйт, чаар да болбойт, -деп коёт энем.
-Эне, мен да жетим баланын ичегисин көргүм келип атат, -дейм.
-О куу тумшугум-ай!..
Энем шуу үшкүрөт. Мен жатып алып “биздин көчөдө кимдин баласы жетим болду экен?” деп, “тактактын” көчөсүнүн эң башында жашаган Абдыразак акеникинен ылдый жүрүп олтуруп, Кудек акеникине чейинки балдардын баарын көз алдыман чубуртуп, бирок бир дагы жетим таппайм, “кейке” менен “торулардын” көчөсүнө өтөм, аяктан да жетим бала таппайм, баары эле туяктай бүпбүтүн.

***

Бирөөнүн оюн, сөзүн, ырын уурдап алса болор, бирөөнүн ишин уурдап алса болор, бирок бирөөнүн жетимдигин бирөө эч качан уурдап алалбас, жетимдигин “бекер берем” деген күндө да аны ким алат, анын кимге кереги бар? Ошол 60-жылдары жетимдерге жардам катары кийим-кечени республиканын бардык мектептерине тараткан. Биз чындап жетим экенибизди биринчи жолу ошондо билгенбиз.
Жүрөгүмдөн өмүр бою чыкпай калган ал окуяны акыры мен да бир күнү айтмакмын. Менден кийин дагы бирөө айтар. Дегеним, ата-энелүү балдардын баары бири-бирине окшош болгон менен дүйнөдө ата-энесиз балдар бири-бирине такыр эле окшобойт экен.

***

Эки бирдей баласынан ажырап калган кемпир жалгыз туягынан калган мени тутка кылып, ат казыгын айлангандай мени гана айланып-тегеренип, Чөтү эжем да акыры бир күн өз бүлөсүн таап кетерин ойлоп, ойгонсо мен деп туруп, жатса мен деп уктап, жашаса мен деп жашап жүрдү.
-Мен өлгөн соң Нурбүбүгө кетип каласың го, – деп калар эле экөөбүз олтурганда.
-Кетпейм. Сени багам, аял алам, там салам, – дечүмүн.
-Мен өлгөндөн кийин кете бер, көрүмдөн туруп келмек белем. Миң кылган менен тууган апаң ошол балам, – дечү.

 

САЛЫЙ

Нарында жашап жүргөн кезим. Бир күнү эле:
-Салыйды албайм, эне! – деп бир кичинекей бала чуркап келди.
Энеси бүкүлдөп, басылбай, чын пейили менен көпкө күлдү.
Биздин короодо Салый деген аял бар. Кудайдын куттумуш күнү балдарын тилдейт. Үйүнөн тилдегенине алымсынбай көчөгө кубалап чыгып тилдейт. Балдары көрүнгөн үйдүн артына жашынып, Салый алкылдап араба, чийне өткөн таш жолдун так ортосуна туруп алып, эки бөйрөгүн таянып алып жер-сууну бузуп айкырып кирет:
-Өлүгүңдү гана көрөйүн, атасы жаман сасыткылар! Тамактан мени жуткансыган бейиттер. О кан кускан мололор! О жалаптар! Силердей ташкенелерди туугандан көрө куу жатын өтсөмчү? О, Кудай, кайда барам эми, кайда барам? Жакшылыгы жок немелерге кор кылдың го, мени! Эр сыяктуу эрим болсочу, кокуй! Бала сыяктуу балам болсочу, кокуй! – деп каргаганда айыл аңтарылып, кыштак кыйрап түшөр эле.
Үнү бир көчөдө бир көчөгө шашпай угулчу. Салый айкырып атканда атчан келаткан кишилер да шарт бурулуп, бастырып кеткенче шашчу. Бастырып кеткенге үлгүрбөй калганы Салыйдын заар тилинин оромуна оролгон бойдон кошо кетчү.
-О, талаада калгыр! Ат көрбөгөн минип өлтүрөт болгон! Караңсаалдай болуп мунусу кайдан чыга калды эми! Сен эле жетпей жаттың эле, иттин көткү шыйрагындай болуп! Ай, өчөйбөй өтпөйсүңбү батыраак, чурку болуп калгансыбай! О богу жаман өлүк-тиригиңди көрөйүн!

***

-Баягы Салыйдын жини кармап калыптыр. Басылгыча жолобогула!- деп кирип-чыгып жүрчү көчөдөгүлөр. Салый алкылдап киргенделе баягы кара тоголок бала:
-Эне, Салыйды албайм! – деп чуркап жетип келчү.
-Салыйды алып бербейм, алдыңа кетейин, – деп энеси баласынын демин басчу.

***

Бул анын, “Салыйдай аял албайм!” дегени эле. Кийин ошол аялдын өзү тууган балдарынын баары өзүнүн көз алдында, биринин артынан бири ооруп жок боло берип, бир да баласы калбай, акыры өзү да өтүп кетти. “Каргыш” деген жаман экенин, каргыш деген Кудайдын кулагына жеткенден кийин кайра кайтпай турган кара күчкө айланаарын ошондо билип, ошондо түшүнүп, энемди эстегем.
Байкуш энем, жадагалса кыргыз аялдарынын төл сөзү болгон “өлүгүңдү көрөйүн” дегенди да өмүрү оозуна алган эмес эле. Качан болсо эле Кудайга жалынып олтурчу. Көрсө Кудайга жалынып жүрүп, бирөөлөргө жаман айтпай жүрүп, мага бата жыйнап жүрүп мени ар кандай каргыштан аман-соо сактап калган экен.

***

Кээде өчүп бараткан чоктун кыпыны жылт дей түшүп жоголгонсуп, “Өзүмдүн апам кандай болду экен? Балдары кандай болду экен?” деген кызык ойлор акырын мээме келе түшүп жок болуп кетчү. Ичимден ушул арамзалыгымды энем билип койбосо экен деп, энеме эркелеп, калп анткорлонор элем.
Анткен менен Нурбүбү жөнүндө ойлогон ойлорум ага жолукканга чейин, апасы бар туруп апасыз жашаган мени кырк алты жыл бою көлөкөдөй ээрчип, көкүрөгүмдөн кетпей жүрдү.

***

Кудайдын баласындай болгон мага чын эле эч кимдин колу тийген жок. Энем экөөбүздүн жыргаткан деле оокат-ташыбыз болбогондуктан көп балалуу үй-бүлөнүн балдарына окшоп сабактан келерим менен мал сугарбай, чөп салмай, бастырманын алдын тазаламай деген “түмөн түйшүк” менде дээрлик болгон эмес. Анткени сугара турган мал да, сала турган чөп да, тазалай турган бастырмам да жок эле. Көбүнчө классташ балдардын оокатын кылышып “тентип” кетип, кечинде үйгө келчүмүн. Эмнегедир өз үйүмдүн жумушун жасаганга караганда башка бирөөлөрдүн жумушун жасаганды жанымдай жакшы көрөр элем. Бул адатым кийин, мектептин иши, коомдун иши деген немелер менен алмашты. Коомдун иши, өкмөттүн иши дегенде ичкен ашымды таштап, үй-жайды унутуп салып башмалдак атып кеткен кездерим болду.

***

Мектептин, кийин университеттин коомдук ишинде жүргөндө жалкайланып, тапшырманы чала жасап, таман жалтыратып баса берген балдарга чындап кыжырым келчү. Кийин ойлосом ата-энелүү, мал-жандуу чарбасы бар үй-бүлөдө өскөн балдар чыныгы көр оокат деген эмне экенин, “менчик” деген эмне экенин кенедей кезинен жон териси менен сезип өскөндүктөн алар үчүн коомдук иш деген эч кимдики эмес, жөн эле пайда-батасы жок убакерчилик болуп көрүнчү турбайбы. Ал эми “менчик аты”, “менчик ити”, “менчик үйү” жок мен үчүн коомдук иштен өткөн, өкмөттүн ишинен өткөн ыйык нерсе болчу эмес экен. Ошондонбу, мага Кычан Жакыпов менен Павлик Морозов ата-энелүү балдарга караганда эки эсе көбүрөөк жагар эле.

***

Көрсө ыймандуу, ынтымактуу балдар дал ошол түндүгү бүтүн, катуу тарбияда өскөн көп балалуу үй-бүлөдө өскөндөр болот экен.

***

Түндүксүз үй-бүлөдө туулгандарга Кудай өзү дээр бербесе келечеги өтө опурталдуу болорун көп жылдан кийин билдим. Ошондогу көрүнгөнү көрүнгөн сайда ит балдак уруп келаткан жетимдерди совет мамлекети бирден терип чогултуп, бекер билим берип, бекер тарбиялабаганда алардын тагдыры эмне болорун айтуу кыйын. Кийин дал ошол мамлекет камкордукка алган жетимдерден мыктылар көп чыкты.

***

-Сеники эле жыргал. Эч ким урушпайт. Каалашыңча ойнойсуң, – дечү Абдыралы атанын баласы, классташым Дардаш.
Чын эле мени эч ким урушчу эмес. Сабактан келип эле шашып-бушуп чай иче калып оюнга шашчумун. Дардаш бошосо түштөн кийин бошоп, бошобосо такыр эле бошобой калчу.
-Жүрү сайга, ойноп келебиз, -десем эле:
-Атам урушат, колум бошобойт, – деп турар эле.
-Силердин жумушуңар өмүрү бүтпөйт э! – деп эле жиним келе берчү. Ошондо ойногонго бала издеп, айылды түрө кыдырып кетчүмүн.

***

Тапшырган ишти майын чыгара жасаган менен бүгүн жаңы жасай турган ишимдин баш-аягын табалбай, кайдан, эмнеден баштарымды билбей, өз алдымча чечим кабыл алалбай калдактап кетем. Ошондо Зейнеге кеңешип, бирок ал айткандан тескери жасап алып, таптакыр бүлүндүрүп, ишпалдасын чыгарып, тил угуп , “ка-ап, ошол айткандай жасаганда эмне?” деп өкүнүп, кайра башынан жасаган учурларым көп эле болду. Мунумду алгач кызуу кандуулук менен ойлонбой жасаган шашмалыгыма шылтагым келген менен тамыры тереңде экенин, мунун баары атасыз, мойнуна укурук, башына нокто катылбаган азоодой ээн-жайкын өскөндүктүн кесепети экендигин эми өмүрдү аяктап баратканда түшүнүп олтурам. Түшүнбөгөн бойдон өтсөм эмне болот эле?

***

Азыр ойлосом, бүгүн кими башы, кими аягы экени билинбей, кими кимин башкарып, кими кимге баш ийерин билбей албаалап-далбаалап, атасы жок балага окшоп турган өлкөгө өзүбүздүн ата-бабалардын үй-бүлөдөгү кыргызды кыргыз кылган нарктуу, салттуу тарбиясын үлгү кылып алганда кандай гана көкөлөйт элек, атаганат деп ойлойм.

***

Абдыралы атанын бир жолу уулу Какенди:
-Буту менен басканды сен эмес айбан да билет, сен эки бут менен бассаң, ал төрт бут менен басат. Баш менен басканды үйрөн! – деп тилдегенин уккам.

***

Кечинде энеме атасы Какенди ушинтип тилдегенин айтып:
-Баш менен кантип бассын? – деп сурадым.
-Баш менен бассаң бутуңа күч келбейт, – деп койду энем.
Ого бетер көкмээ болдум. Кийин түшүндүм.

***

Атасыз үй – түндүксүз боз үй экен.

***

Аталуу балдар ойлогон ойлоруна көзү көрүп турган иш менен жетекчиси келсе, мен кызылдай кыял, фантазия менен жетким келип кетчү. Аябагандай кыялкеч элем.

***

Аталуу, агалуу балдар, кайда баратканын, анын арты кандай болорун алдын ала билип алып жөнөсө мен эмнеге баратканымды ойлонбой, эмне үчүн баратканымды билбей, “бара көрөрмүн” деп жөнөчү элем. Аталуу, агалуу балдар, кайда баратса да биринин этегин бири кармап жашаса, мен эч кимдин этегине илинбей, камгактай томолонуп, дайыма тобокел менен жашадым. Айырмабыз ушул болду.

***

Мен ата болгон менен ушул күнгө чейин балдарымды тилдей албай койдум. Атасыз өскөн киши баласын кандай тилдээрин билбей калат экен.
Кээде өз балаң өзүңдү укпай, жаныңды төрт чарчы кылып, азапка салып бергенде баарынан кечип, баарын таштап, балким бул шүмшүктөр турмушту атасыз калганда түшүнүп жүрбөсүн деп, баламды жетим кылып кетким келген күндөр да болду.

***

“Балам балалуу болгондо билерсиң” дегендей, баланын ата-энеге болгон жакындыгы кандай болорун мен өз неберем Назиктен улам билдим. Назик анда эки жарым жашар кези. Тили буудай куурат. Ырдаганда да жөн ыр ырдабай түз эле мамлекеттик Гимнди ырдайт. Атасы менен апасы жумушта. Биз үйдө. Сыртта кыш. Билбейм, бала деген бир нерсени алдын ала сезеби же периштелери кулагына шыбырап турабы, саат кечки төрт болуп калганда эле эшикке сүйрөй баштайт.
-Таята жүрсөңүз, атам келип мени күтүп калды го? – деп.
-Атаң келсе эшикке туруп алмак беле? Келер маалы боло элек, анан тосуп чыгабыз, -дегениме такыр көнбөйт.
-Таята, жүрсөңүз, атам келип мени күтүп калды го? – деп эле сайрай берет. Анан жетелеп алып тышка чыгам. Алаксыткым келип:
-Назик булуттарды карачы? – дейм.
-Таята, эмнеге карды асманга жабыштырып койгон? – дейт.
-Асманды үшүбөсүн деп ушинтип кар менен жаап койгон тура, – дейм.
-Ким ошентип койду эле? – дейт.
-Кудай, – дейм.
-Кудайдын үйү асмандабы? – дейт.
-Асманда, – дейм.
-Биздин үй эмне үчүн асманда эмес? – дейт.
-Биз Кудай эмеспиз да, – дейм.
Унчукпай калат. Жетелешип басабыз. Анан жарым-жартылай карга көмүлүп, жону чыгып турган таштарды көрсөтөм.
-Назик, атаңды күтүп тура берсең мобу таштардай болуп тоңуп каласың, жүрү үйгө?
-Таята, ушул таштардын баары аталарын күтүп атып тоңуп калышты беле?
-Ооба, “Жылуу үйдөн чыкпагыла?” десе сага окшоп тил албай коюп, анан баары ушинтип таш болуп тоңуп калган, жүрү үйгө, болбосо сен да таш болуп тоңуп каласың.
-Мейли таш болуп тоңуп калсам, атам келип жылытып алат, -деп такыр үйгө кирбей, айлам кеткенде аркы-терки жетелеп, көк муштум кылып, атасы келгиче эшикте жүргөнүм оюма түштү.

***

Энем экөөбүз бир жылдары ошол бөксө тоолордун бөйрөгүндө, ээси жай бою кою менен жайлоого көчүп кетип, күзүндө түшүп келчү чабандын сарайы ээн калган там-ташында турдук. Сарай менен мен окууга барып келчү мектептин аралыгы алты чакырымдай жер. Сабактан күүгүм талаш тарап, сайды жыңайлак кечип өтүп, тоо этегиндеги күйгөн оттон көзүмдү албай, боюм менен жарыша өскөн арпа талаанын жалгыз аяк жолуна түшүп алып, жүрөгүмдүн дикилдеген дабышын тыңшаган бойдон жөнөп келер элем. Ит-куштан коркчумун. “Карышкыр жеп кетсе өлдүм го, өлүп калсам энем байкуш жалгыз калат го” деп ойлочумун. Караган-чийлер калдаңдап, алдыман да, артыман да кошо чуркачу. Жан-жагымды карагандан заарканып, эки көзүм энемдин гана жаккан отунда болчу. Күн сайын ушул. Күн сайын ушинтип, айылдан алты чакырым алыстагы күйгөн отко чуркайм. От – Энемдики. Энем – ошол биз жашаган сарайдын кароолчу кемпири эле.

***

Энем ошол жылы сарайдын ээсинин Беш-Белчирден кыйып келген карагайларын карайм деп, маал-маалы менен ойгонуп, көйнөгүнүн сыртына жалаңкат кемселин кийе салып тышка чыгып, “кайтар” деген бир барак кагазы жоктугуна карабай түнү бою кайтарып чыкчу.
-Ушул карагайларын аман-эсен өткөрүп берсек, эмдиги жылы кыштакка көчүп барып жашайбыз, окууңа да жакын, – деди энем ошол жылы.
-Ураа! – деп энемди өпкүлөп жибердим. Анткени мектепке барып-келчү жолдун алыстыгы көкөйүмө көк таштай тийип, көкүрөгүмдү сары зил басып бүткөн эле.

***

Кышкысын баягы көпкөк асманды ак чаңгыл булут басып, башы кайдан башталып, аягы кайдан барып бүтөрү билинбей, тоо чокуларын көрсөтпөй, качан көрсөң эле боз түшүп тунарып, чыкылдаган ызгаар жакага дейре түшүп келип, адыр жондор аласалган албуут аязга айланып, айлана-тегеректин баарын түнү бою күрткүлөп, кар чүмкөп салган, алигиче из түшө элек наристе талаанын таңкы бүрүлүндө энем айылдагы бир аялга чай-чамегин тартуулап жүрүп жасатып берген тонумду кийип алып, китеп кабымды асынып алып мектебиме кар малтап жөнөр элем. Мурдум тынбай куюлуп турчу. Куюлган мурдумду улам сүртө берип, мектепке барып келгенче кара шакмар болуп катып калган тонумдун жеңин энем түнкүсүн бир маал өзүнүн кийиз кескен кыңырагы менен кырып тазалап, мешке кургатып берип кайра жөнөтчү.

***

Сабактан тарап келаткан күндөрү асман жерге түшүп калгансып баары аппак болуп тунуп жаткан талаадан карайып, менин көзүмө кой сарайдын короосу гана элес-булас көрүнчү. Сайдын өйүзүндөгү дөңдөн ошол сарайды бир карап алып, дикилдеп чуркап жөнөчүмүн. “Чуркап кел, чуркасаң үшүбөй келесиң” дечү энем. Бир далай жерге чейин тынбай чуркап, кайра эс алып, кайра чуркап, мээлейи жок колумду үйлөгүлөп жүрүп олтурчумун.

***

Кышында жакшы. Сай толо муз. Жылгаяк тээп, ойноп өтөсүң. Жайдын күнү суу кечмей. Суунун муздагы кечинде анча билинбейт, кезүүдөн келген уйлар менен койлор, иштен кайткан адамдар көп өткөндүктөнбү, же керели кечке күн тийип тургандыктанбы, анча муздак болбойт. Суудан өтүп алып, китеп баштыгым менен батинкемди көтөргөн бойдон дикилдеп бир топ жерге дейре чуркап барып, а дегенде ылай болуп, анан ылайы кургап калган буттарымды жол боюндагы чөпкө тазалап алып, батинкемди кийип, жолумду улайм.

***

Сайдын суусун сабакка келатып, таңатпай кечкен тозоктун тозогу. Шыргалаң суу шыйрагыңдан өтүп, чучугуңа жетет. Батинкемди байлаштырып мойнума иле салып , багелегимди тиземе чейин түрүп алып кечип өтүп, жээкке жетерим менен улам бир бутума тура калып сороктоп, оромпой тээп барып какшаган сөөгүмдү колдорум менен кармалап олтура калар элем.
Бир жолу байкабай самын ташты басып алып чалактай чабылдым.

***

Кээ күндөрү таңатпай тезек тергенге чыкканда сайдын суусунн ээрчишип эне экөөбүз кеччүбүз.

***

Дем алышта деле энемдин жаны тынбайт. Деги эле энем тургай, биздин айылдын жаны тынып, дем алып жашаганын көрбөдүм. Элеттин айылдары качан көрсөң эле көр тирлиги менен алектенип, тытынып жаткан кемпирге окшош. Бизде керме жип жок. Энемдин таңатпай жууган кирлери чабылган чөптүн бетинде, кызыл-тазыл гүлгө окшоп жайылып жатат. Кызыл, көк, апарман боёкко боёлгон жүндөрүн күнгө алып чыгып, короонун талдан чырмап жасаган кыйрайган сынык каалгасына жаят. Анан таш кемегеге от жагып, казанга арпа куурат. Бадырак жейм. Кирип-чыгып чийин согот. Максым жасайт. Ачыганда укмуш! Талкан чалып туруп, бир чоң аяк басып алып, мен да жипке чырмалып, баканга арта салынып, салаңдап турган таштарды алмак-салмак алмаштырып, ортосуна улам бирден чий салып коюп, чий согушам. Чий сокконду үйрөнүп алгам. Чийибиз түгөнгөндө Жыланды-Коого барып чий тартып келебиз. Аты эле айтып тургандай Жыланды-Коодо чий да, жылан да толтура.

***

-Эне, былтыр Дакен, Какен болуп ойноп келип ушул жерден жылан өлтүргөнбүз, -дедим.
-А балакетиңди алайын, андай кылчу эмес, жыланды да кудай жараткан, кудай аны өлтүрсүн деп жараткан эмес, -дейт энем.
-Кара чаар жылан экен.
-Кара чаар жыланбы, ак жыланбы, кыргыз жылан өлтүргөн эмес, балам. Илгери биз бала кезибизде түнү бою боз үйдүн керегесинин түбүндө түпкүчтөй ийрилип, түнөп чыккан жыландар болчу.
-Апаларыбыз “тийбегиле, чочутпагыла” деп, жылан жаткан жерден баштап босогонун аягына дейре ак чачып чыгар эле. Баягы жылан ошондон кийин жаткан жеринен “ойгонуп”, соймоңдогон тилин акка тийгизип алып, келген жагын көздөй сойлоп кетчү жарыктык. Ак чачкан жылан экинчи кайра келчү эмес.
-Ак деген эмне?
-Айран, сүт, кымызды ата-бабаң “ак” деп койгон. Акты ыйык санаган. Алкаса “ак жалгасын!” деп, каргаса “ак урсун!” деп каргаган. Карасанатай уулдарын аталар “ак кылдым” деген. “Ак кылганы” өз энесине колу тийген, тили тийген баласынан кечкени, баш тартканы болгон. Энелердин “эмчегим сүтүм ак кылдым” дегени ошондон калган. “Эмчек сүтүн ак кылганы” бакпай баса берген кыз-уулун сүтү менен каргаганы балам. Каргыштын эң оору: мусапырдын каргышы, ата-эненин каргышы, анан элдин каргышы. Ушул үч каргыштын бирине калган адам оңбойт. Каргыштан койдун каргышы гана бөрүгө жетпейт. Калган каргыш жаман, балакетиңди алайын, каргышка кала көрбө. Мындан кийин жылан өлтүрбөй жүргүн.
-Жылан да каргайбы, эне?
-Каргабай коймок беле анан?
-Кантип каргайт?
-Бешигиңде уктайын,
Бейитиңден чыкпайын.
Өкүргөн жерде уктайын.
Өлүгүңдөн чыкпайын.
Мүрзөңө киргенче кубалайын,
Мүлжүгөн башыңды уялайын! – деп каргайт.
-Ой-ий, жаман каргайт турбайбы. Баягы жыландар тууралуу жомогуңду айтып берчи эне?

«Де-факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.05.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.