Ай чыкты тоодон суйкайып, же ай чыккан сайын апамды эстейм…

k_makeshovЖакында эле энелер күнү белгиленди. Апам мындай майрамды көрбөй калды. Анан ай чыккан сайын же айды көргөн сайын апамды эстейм. Себеби, апамдын “Ай чыкты тоодон суйкайып…” деген ыр дале кулагымда дале жаңырып турат. Элүүдөн ашсам да апасына эрекелеп жаткан уулу, кызымды көргөндө, менин да апама болгону кусалыгым жүрөк эзет…

Анда студенттик курагым. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнүн экинчи курсун бүтүп, Жети-Өгүз районунун Комсомол айылында студенттик курулуш отрядында иштеп жүргөнүмдө, апам “Баатыр эне” деген ардак наамга арзыды. Төшүнө баатыр эненин алтын медалын тагынып, “балдарым менен байлыгым” деп сүйүнүп жүрдү. Атам өмүр бою жылкычы, чабан болуп, жайы-кышы мал артында жүрүп, көп нерсеге маани бербеген адам. Башкалардын апаларынын колунда алтын шакек, кулагында алтын сөйкө жаркырап турганын байкап, апамдыкы жок экенине ичим ачышып калаар эле. Атам апама алтын сөйкө, шакек алып берип койсо, элден кем кылбаса дечүмүн. Аны атам билип, баамдай турган түрү жок. Анан жайлата, студенттик отряддан иштеп тапкан акчама апама белек алууну чечтим. Дүкөнгө барып, “кызыл көздүү” жарашыктуу алтын сөйкөнү шакеги менен кошо сатып алдым. Анан дагы он бир тууганыма арнап, жашына ылайыктап бирден кийим-кече сатып алып жатсам, дүкөнчү аял менден сурайт: “Ай, жаш жигит, балдарың барбы?” – деп. Ооба, тогуз балам бар, өзүмдү кошкондо он болот. Апам “Баатыр эне” болгон, ошого арнап белек-бечек алып жатам,- дедим.

Айылга барсам, апамдар жайлоодо экен. Солтон-Сары жайлоосуна барып, “Апа, “баатыр эне” деген медалыңа жарашык болсун, студент кезде белек кылды эле деп, салынып, тагынып алыңызчы, деген элем. Апамдын ошондогу кубанычын айтпа! Кийин ошол алтын сөйкө, шакекти өмүрү өткөнчө тагынып жүрдү.

Биз үчүн алтындан да кымбат элең… Арабыздан кеткениңе быйыл төрт жылдан ашты. Ай чыккан сайын, Сизди эстей берем. Себеби, Сиз “Ай чыкты тоодон суйкайып” деген ырды укмуштай ырдачу элеңиз. Өзүңүз көп сүйлөбөгөн, бир сырдуу адам болгонуңуз менен, кээде ачылып тойдун көркүн чыгарып мыкты ырдап, куудулданып боорду эзип койчу элеңиз. Бир жолу тойдо ырдап отурсаңыз, бирөө сураган тура, “бул кайсы ырчы, артист?”- деп. Анда жанындагы купшуңдаган Өкүм байке, “Муну тааныбайсыңбы? Бул деген Кыргызстанга эмгек сиңирген артист Зейнеп Шакеева болот. Турмуштан жолу болбой, ушул чабанга тийип, таланты кор болуп жүрөт” – деп тамашалаган тура. Тиги тамашасын түшүнбөй, “аа, байкуш Зейнеп, кор болгон тура”, – деп күрсүнүп койот дейт.

Апам көп ырды кубулжулта мыкты ырдайт эле. Мага айрыкча, акын Жумакан Тынымсейитованын сөзүнө жазылган обончу Сайыргазы Түркмөновдун “Ай чыкты, тоодон суйкайып, отурсам көлдө жүз чайып…” деген ыры өзгөчө жагаар эле. Жайлоодо жүргөндө, сайма сайып же шырдак шырып отуруп алып, кээде бизге ырдап берээр эле. Көрсө тоо-ташта жүрүп, ал киши деле бук болсо керек.Апам Керез Жакыпованын сегиз класс гана билими бар болчу. Атасы Жакып согушка кеткенде курсакта калыптыр. Ошондуктан атын Керез деп койгон экен. Эсимде, апамдын эске тутуусу абдан мыкты эле. Бир көргөн нерсесин же уккан сөздү унутчу эмес. Ырды да бир жолу укса, сөз обонун жаттап калчу. Беш жүздөй койдун да ар бирин таанып койчу. Койго кошунанын койлору кошулуп кетсе, дароо таанучу. Атам да коңшуларга кошулган койго “Керез, сен барып таанып келчи”, – деп апамды жиберчү. Балким, апам да эл катары билим алса, мыкты мугалим же окумуштуу адис болмок беле дейм да.

Анан өрмөк согуп, чий чырмап, жүн тытып, аны сабап, ийик ийрип, ала кийиз жасап, шырдак шырып, деле жаны тынбаган мээнеткеч жан эле. Апамдын дагы бир өнөр, шыгы ачылбай кетти. Тоо-ташта, жайлоо-кыштоодо догдур, оорукана кайдан болсун. Балдары ооруп же жөтөлүп калса өзү эле ырымдап, дарылап койчу. Сасык тумоо болуп калган баласына бир чоң чыны бозону кайнатып, ага сызгырылган койдун ич майынан бир чоң кашык салып, ысык ичирип, төшөк жаап жаткырып койчу. Анан тердегенди көрүп ал, тырмагыңдын учуна чейин тердеп, эртеси куландан соо чуркап, ойноп кетээр элек. Кызамык, колу-бутубузга жара чыкса, тоодо өскөн дары чөптөрдөн жаап койсо эле, айыгып кетээр эле. Тоодогу дары чөптөрдү да кургатып, өзүнчө баштыктарга салып сактап алаар эле. Койдун куйрук майын сызгырып, көкүрөгүнө, далыңа шыбап койчу.Көк-Дөбө жайлоосунда таң эрте жылкы айдап келээр элем. Апам мени таң эрте ойготуп, кымыздын гүлүнөн бир чоң чыны жуткуруп, анан гана жылкы айдап келүүгө жөнөтчү. Кымыздын гүлү ичимди кызытып, тоо-ташты аралай чуркап, жакшы ойлорду ойлоп, дүйнө жүзүн кыдырсам, олимпиадаларга кыргыз калпагын кийип барсам деп тилек кылып, бүт аалам, тоолор алканымда тургандай жан-дүйнөм чалкып,кыңылдап ырдап жылкыга жөнөп кетээр элем.

Анан апамдын курутундай даамду курутту элүүдөн ашканы жей элекмин. Карынга куйган сары майычы! Андай сары майды алигиче таппай жүрөм. Жаңы союлган койдун өпкөсүн үйлөп, улам сүт куюп, сары майдан аз-аздан салып бышырган олобосу дале таңдайымдан даамы кетпей турат. Боорду эзип, бар аз күрүч кошуп бышырган быжысын да унуталбайм. Таң эрте уй саап, сүт бышырып, тамак жасап, бээ саап, сабаадагы кымызды бышып, буркурата нан жаап, бешиктеги ымыркайына, тамтуң баскан балдарына да убакыт таап, деле жаны тынчу эмес эле.

Мен мектепти бүткөндөн кийин университетке эки жылдан кийин өттүм. Ал учурда конкурс катуу эле. Анан дагы 2 жылдык эмгек стажы керек болчу. Ошондуктан эки жыл облусттук “Нарын правдасы” гезитинде иштедим. Журналистикага өлкө боюнча тандалган 25 кыз-жигит катуу сынактан кийин гана кабыл алынчу. Биринчи курска өттүм, студент болдум деп сүйүнүп турган кез. Жайдын капортосу эле. Бир күнү жатакананын кире бериш жеринде мага тааныш килейген фляга, жанында биздин үйдөгү апам колго соккон таар баштык турат. Арыраакта болсо апам отурат! “Төл башым” деп менин студент болгонумду куттуктап, жайдын аптабына карабай байкуш апам баласына бир фляга кымыз, бир козунун этин алып келатыптыр… Өмүрү Фрунзеге келип көрбөгөн апам чыгынып, элден сурап, таякем Зарылбекти айдатып алып, жетине албай жетип келген тура. Атам болсо Ак-Сайда, дале мал артында… Апама ыраазы болуп, бир эсе боорум ооруйт, анча эмне кудайдын азабын тартты десең, ач калганым жок го? “Апанын көөнү – балада, баланын көөнү -талаада” деген ошол тура көрсө. Меникиндей Апа жок эле да эки дүйнөдө жок эле…

Ушунча болду,эми дагы бир сырымды, бугумду айтайын. Жогоруда айттым го, ай чыккан сайын көзүмдөн жаш тегеренип, маркум апамды эстейм деп. Мен үйдүн тун баласы, 10 бир туугандын улуусу болгондуктан, чоң энем Көбөгөн кызы Шаарба тарбиялап, апам Керезди “жеңе”, атам Асангелдини “байке” деп, чынында аларга суук боор болуп өстүм. Алар да мени эркелетпей, алысыраак кармап, чоң энемден ыйбаа кылып, элжиреп турса да оолак болушчу тура. Андан да кызыгы тилим чыкканда “Эжеапай” деп чыккан экен. Биринчи класска барганга чейин апамды “Эжеапай” дечүмүн. Биринчи класстан эле балдар апасын “эжеапай” дейт деп мени шылдыңдашты. Үйгө ыйлап келсем, чоң энем “анда жеңе” деп айт деди. “Эжеапайга” көнүп калган жаным, көнө албай жүрүп, көптө “жеңе” деп айтып көндүм. Менин таасирим менен кийинки үч иним да чоңойгончо, эр жеткенге чейин деле апамды “эжеапай” деп жүрүштү. Мага ушул сөз азыркыга чейин жагымдуу, жакшы угулат. Кийин гана чоң энем каза болгондон кийин 25 жашымда көпкө чейин апа деп айта албай жүрдүм. “Мамаша” деп койчумун. Акыркы 10-15 жыл гана апа деп ооз учумдан айтып жүрүп, араң көндүм. Бирок апама башка балдарындай болуп эркелей албай, мээримине канбай арманда калдым. Менден кийинки балдарын эркелетип жатса, абдан жаман ыңгайсыз абалда болчумун…

Он балаңдын кимисин жакшы көрөсүз, дешсе, оорукчал карындашым бар эле, “баарын жакшы көрөм, бирок Гүлкайырды артык көрөм” деп калчу эле, жарыктык…

Өзү да өпкөсүнөн “жаман” оору (рак) менен ооруп, акыркы жылдары колумда 2-3 жыл туруп калды. Бир жолу “менин оорум жаман экен, балдарыңа жугуп калбасын, айылга, Эчки-Башыга эле алып барып салчы, Кудай айтканын көрөөрмүн”, – дейт. Апа деп бала кезден бери айтпай калгандыктан, акыркы мүнөттөрүнө чейин жанында болгум келди. Колдон келгенин кылдык, акыры шум ажал апамды алып тынды. Төрт жылдан бери апамды эстеп, мээримине канбай калып, ичимден сыздап, зыркырап жүрөм.Ошондуктан балдардын баары апасын “апа” деп айтып, ага эркелеп өссүн, апанын кадыр-баркын билсин деген ой менен жазып жатам бул макаланы. Апаңарды ылайым “жеңе, же эже” дебегиле. Айылга барганда апабыз кошуна-колоңдордун үйүнө кирип кеткен болсо, келгичекти үйгө кирбей күтүп турчу элек. Биринчи эле сөзүбүз “Апам үйдөбү?” деп сурайбыз. Азыр да уулдарым Жоомарт менен Кутман, кызым Жанар да үйгө баш багаар замат “Апам үйдөбү?” деп сурашат. Апасы үйдө болсо, көңүлдөрү жай болуп, жыргап калышат.

Апа деген керемет жан экенин, ыйык болоорун, эне сүтүн эч убакта актай албасымды кеч билип калганыма, ичим жаман ачышат. Чоң энемди апамдан артык, жакын көрөөр элем. Ал киши да “сени мен туугам, булар сага байке, жеңе болот” деп алардан мени кызганып турчу. Эми чоң энелерге айтаарым, Сиздер ичиңерди тарытпай, небереңерди апасынан кызганбай, “бул сенин апаң” деп суук боор кылбай, балдарына жакын кылып таалим-тарбия бергилечи. Алар да мендей кийин өкүнүп, бармак тиштеп калышпасын дейм …

Чынында АПА деген үч тамганын ичинде, ай-ааламды титиреткен, жан дүйнөнү козгогон керемет күч, чексиз мээрим, айкөл сүйүү жатат тура. ЭНЕнин урматы үчүн балким бул дүйнөнү жаратып, баласын тогуз ай көтөртүп, омурткасын сыздатып, сүйүүнү тартуу кылган белем. Апа баласын сүйгөндөй сүйүү эч дүйнөдө жок экени айкын. Менин апамдай апа эки дүйнөдө жок деп ар бир инсан айта алат, себеби алар ошого татыктуу…

Меникиндей калыс, жароокер, чыдамкай, күжүрмөн, мээнеткеч, абдан мээримдүү, бирде шайыр, бирде куудул, колунан көөрү төгүлгөн, укмуштай ырдаган асыл апа жок эле бул дүйнөдө… Апамдын жоктугу сезилип, умсунуп, улутунуп, арман кылып жүрөм. Ак сүтүңдү актай албадым деп өзүмдү күнөөлү сезип калам… Бул эскерүүнү окуган жаштар, уул-кыздар апанын ыйыктыгын, эң кымбат адам экенин, балдары үчүн жанын садага чабууга даяр экенин билсе дейм.

Кабыл Макешов, «Кабар Ордо», 21.05.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.