Максат ЧАКИЕВ: Кыргызстанда болуп көрбөгөндөй фестиваль өтөт”

kokboru_et

Кыргыз элинин тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк деңгээлдеги фестиваль өткөнү турат. Кыргыз жыттанган “Көчмөндөр оюну” фестивалын уюштуруу иштери май айында башталган. Атайын уюштуруу комитети түзүлүп анын алкагында фестивалга болгон даярдыктар бүгүнкү күндө кызуу жүрүп жаткан кези. Бул туурасында Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орунбасары Максат ЧАКИЕВ маек куруп берди.

– Максат Жолдошевич, “Көчмөндөр оюну” фестивалы Кыргызстанда өтүп калышына эмне себеп болду? 

– Буга чейин мындай оюндар ар бир өлкөнүн ичинде эле, өз ара уюштурулуп келген. Бирок ондон ашык мамлекеттин башын бириктирип дүйнөлүк деңгээлде биринчи жолу өткөнү турат. Түрк кеңешинин отурумунда ушундай фестивалды өткөрүү жоопкерчилигин кайсы өлкөгө тапшыруу керек деген маселе каралган. Мындай масштабдуу фестивалды биринчи жолу ар бир эле өлкө өткөрсөм дейт. Кыргызстандын бюджети, шарты мындай салтанатты өткөрө албайт деп бизге коңшу өлкөлөрдөн бут тосуулар жакшы эле болду. Бирок кеңештин отурумунда биз ушул жоопкерчиликти өзүбүзгө алганбыз. “Көчмөндөр оюнунун” өтүшүнө өлкө башчы Алмазбек Атамбаев өзү кызыкдар экенин билдирип, бюджеттен каражат бөлдүртүп берген.

– Азыркы тапта даярдыктардын канча пайызы бүттү?

– Сентябрь айынын сегизинен он төртүнө чейин өтө турган фестивалга болгон даярдык аяктап калды. Ипподромду оңдоп-түзөө иштери, ачылыш аземи азыр олуттуу маселе болуп турат. Август айында баары толук бүтөт десем болот. Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Гагаузия, Азербайжан, Россия, Монголия, Кытайдан келген спортчулар улуттук оюндарда өз күчүн сынашат. “Көчмөндөр оюну” аты айтып тургандай эле ат үстүндөгү оюндарды камтыйт. Ат чабыш, көк бөрү, кыргыз күрөшү, тогуз коргоол, алыш, оодарыш, жорго салыш, кунан чабыш, ордо, кыз куумай, салбуурун, куш салмай, айтор нукура кыргызча оюндар көрсөтүлөт. Келген өлкөлөр өзүнө тиешелүү оюндарды коюшат. Бул фестиваль олимпиадалык оюндардын кыргызча варианты десем түшүнүктүүрөөк болсо керек. Мисалы, 1936-жылы биринчи жолу олимпиада өткөндө үч эле мамлекет катышкан. Азыр деңгээли кандай көтөрүлгөнүн карагыла. Биз да буюрса бул жакшы жөрөлгөнү жыл сайын өткөрсөкпү деген максаттар бар. Быйыл биз өткөрсөк эмдиги жылы он беш өлкөнүн бири эстафетаны алса керек.

– Өлкө казынасынан алынган каражат кандай бөлүштүрүлдү?

– Мамлекеттик бюджеттен 100 млн. сом бөлүндү. Анын 52 млн. сому Чолпон-Ата шаарынын ипподромун модернизациялоого жумшалды. 24 млн. сом келген спортчулардын бир жумалык жашоосуна бөлүндү. 10 млн. сом салтанаттын ачылыш жана жабылыш аземине кетет. Ал эми байге фондуна 15 млн. сом бөлүнөт. Байге фонду жакшы болбосо спортчуларды кызыктыруу кыйын. Бул 15 млн. сомдун 80%ы негизги оюндарга, калган 20% майда оюндарга бөлүштүрүлдү.

– Катышкан өлкөлөр акчалай өз салымдарын кошпойбу?

– Жок, алар акча кошпойт. Бирок келгенден кеткенге чейинки чыгымдарын өздөрү көтөрүшөт. Спортчулар менен расмий өкүлдөрдүн чыгымы биздин мойнубузда.

– Он эки мамлекеттен аттарды алып келүү, аларды багуу маселеси кандай чечилип жатат?

– Ат чабыш, улак тартыш деген негизги оюндарга эле саналуу аттар алынып келинери маалым болду. Аларды атайын жем-чөбү салынган, бардык шарты бар фуралар менен, айрымдарын поезд менен жеткиришет. Жеткирүү каражаты да ар бир өлкөнүн өз мойнунда. Ал эми Кыргызстанга кирген соң, келгенден кеткенге чейин жылкылардын жем-чөбү, ветеринардык көзөмөлүн толугу менен биз көтөрүп жатабыз. Калган ат оюндарына жергиликтүү саяпкерлердин аттарын ижарага алуу маселеси каралып жатат. Атын ижарага бергиси келгендер азыртадан эле четинен чыгууда. Бул фестивалды сентябрь айына пландагандын да себеби бар. Коомчулуктун туристтик сезон август айы менен эле бүтүп калып жатат, дагы сезон узарса кошумча акча табат элек деген сунуштарынан улам ушул айга белгиленди. Август айында өткөрөлү десек тескерисинче ишкерлерге, пансионаттардын ээлерине тоскоолдук жаратчудайбыз.

– Ипподромду кыска мөөнөттүн ичинде сапаттуу жасоого мүмкүнбү? Дегеле мындан башка фестиваль өткөрө турган жайлар көп эмеспи?

– Сапаттуу жасоого мүмкүн. Азыр ипподромдо 7 миң киши отуруп, 10 миң киши туруп көргөнгө ыңгайлуу жайлар жасалып жатат. Эгер бир эле ишкана жасап жатса үлгүрө алмак эмес. Бул жерде бир нече ишкананын ассоциациясы эмгектенүүдө. Бири отургучтарды жасап жатса, экинчи ишкана аны күтпөй жарыктарды орнотуп, үчүнчүсү чатырын жаап, айтор иш кызуу жүрүп жаткан кези. Августтун этектеринде ипподром толук ишке кирет. Бул жайды оңдоп-түзөөгө алганыбыздын себеби, эмдиги жылдары деле “Мейкин Азия” сыяктуу фестивалдарды өткөрүүгө жакшы шарттар жасалып калды. Ипподром менен эле чектелип калган жокпуз, Семенов капчыгайындагы Кырчын жайлоосуна 100 бозүй тигилет. Ал жакта кыргыздын улуттук тамак-аштары коюлуп, тогуз коргоол ойнолуп, “Сармерден” сыяктуу көңүл ачуучу концерттер болот. “Рух-Ордо” комплексинде кыргыздын улуттук кийимдери, жасалгалары коюлат. Айтор, бир жумалык программаны эки-үч жайга чачыратып бөлдүк.

– Салтанатты дүйнө элине көрсөтүү, эл аралык телеканалдар менен иштешүү чечилди беле?

– Түркиянын ТРТ-Аваз телерадио каналы кырк мамлекетке түз алып көрсөтүү милдетин мойнуна алды. Мындан сырткары казактардын “Кабар”, россиялыктардын “Моя планета” телеканалдары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Уюлдук компаниялар менен фестивалды интернетте он-лайн көрсөтүүгө басым жасап жатабыз. Биздин эсеп менен салтанатты эки жүздөн беш жүз миллионго чейин адамдар көрө алат. “Көчмөндөр оюнунун” теледен кете турган роликтерин даярдап бүттүк. Эми ушундай фестиваль өтөөрүн жарнама аркылуу калың элге жеткире алабыз.

– Фестивалдын ачылыш аземи анын андан аркы маанайына таасир этет эмеспи…

– Ооба, ачылуу аземин эсте каларлык кылып өткөрүүнү пландаганбыз. 500 бийчи өзгөчө массовка менен чыгат. Аны уюштуруу иштерин Атай Өмүрзаков мойнуна алып жатат. Мындан тышкары 3D форматын колдонуу менен Манас атабыздан баштап, буга чейин басып өткөн тарыхты чоң экрандан чагылдырсак деген максат бар. Төкмө акындардын таланты тартууланып, кыргыздын улуттук бийлери болот. Жабылыш аземинде дүйнөлүк ырчыларды чакырып эс алуучуларга, конокторго жакшы маанай тартуулайлы деп турабыз. Түрк ырчысы Таркан менен “Город 312” тобу келет. Алардын чыгымын демөөрчүлөр көтөрүп бизге жеңилдик кылып жатышат. “Көп түкүрсө көл болот, көл каптаса сел болот”. Кыргыз элинин духун, рухун көтөрө турган патриоттор бизде көп.

– Бул салтанатты колдобогон, көп жактыра бербеген жарандар да четтен табылып жатат окшойт? 

– Биздин этникалык, маданий каада-салттарды, улутубуздун улуулугун, элибиздин тарыхын даңазалай турган салтанат өткөн турат. Азыр интернетке кирип Кыргызстан деп издесек жалаң революция, кан төкмөй, жол тосмой, пикетке чыкмай жана башка көңүлдү чөктүрө турган маалыматтар чыгат. Башка өлкөлөр да Кыргызстанды ушундай маанайдагы мамлекет катары таанып калышкан. Биз кыргыздар жалаң эле пикет жасап отурбайбыз, мындай жакшы нерсе кыла алабыз деп өнөрүбүздү иш жүзүндө далилдесек болор эле. Ушул биздин каныбызга сиңген көңүлсүз боекту аз да болсо жууп кеткенге бул фестивалдын салымы чоң. Кыргыз элинин жүзүн, намысын “Көчмөндөр оюнунан” көрсөк болот. Иш баштала электе эле сын айтып, саясый боек издеп тоскоолдук жараткандар чын эле четинен чыгып жатат. Бизде бирөөгө сын айтып, жамандай бермей адатыбыз бар эмеспи. Мен жалпы кыргыз журтчулугуна айтаарым, келген коноктордун алдында уят кылбай өздөрүн татыктуу алып жүрүшсө. Меймандар кеткенден кийин сын-пикирин айтса туура түшүнөбүз. Бул фестиваль акчалай пайда табууну көздөбөйт, Кыргызстандын потенциалын ар тараптуу көтөрүүгө гана салымын кошот.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.