Экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына спорттун 26 түрү киргизилди

Мындай пикирди КРнын жаштар иштери, ден тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы Улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү борборунун директору Алмазбек Касенов билдирди.

Анын айтуусунда, быйылкы экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 өлкөнүн катышусу күтүлүүдө. Расмий тизмеге спорттун 26 түрү киргизилди. Күтүлгөндөй, оюндардын катышуучулары ат жарыштары, күрөш, жаадан атуу, интеллектуалдык жана улуттук оюндар боюнча күч сынашат. Мындан сырткары Түркиянын “жирит”, “мангала”, Азербайжандын, Түркмөнстандын, Казакстандын, корейлердин күрөшү, якуттардын таяк тартышы сыяктуу улуттук оюндары кошулган.

Уюштуруучулардын айтуусунда, көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 200 млн сомду түзүүдө. 40 мамлекеттен келген спортчулардын бардыгын кошуп эсептегенде, жогоруда аталган сумма чыгып жатат. Бирок дагы кыскарышы мүмкүн. Анткени кээбир өлкөлөрдөн 10 го жетпеген өкүлдөр келиши мүмкүн.

Алмазбек Касенов белгилегендей, 200 млн сом өтө коп сумма болгону менен, кайра мамлекетке 2-3 эсе киреше түшөт. Акча каражаттары жөн эле коротулбайт. Оюндардын аркасы менен тескерисинче мамлекеттин бюджетине млндогон сомдор келип түшөт.

Эске сала кетсек, биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 2 млн доллардан ашпаган каражат жумшалып, кайра 9 млн 900 миң доллар киреше алып келген. Эмнеге дегенде келген туристтердин, жалпысынан көчмөндөр оюндарын көрүүчүлөрдүн саны 50 миңден ашкан. Туризм департаментинин иликтөөсү боюнча сырттан 5 миңге жакын турист келди.

КРнын жаштар, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Шейшенкул Бакировдун айтымында, оюндарга катышуу үчүн чакыруулар көчмөндөргө тиешеси бар мамлекеттерге жана түрк тилдүү өлкөлөргө жөнөтүлөт. Ошондой эле Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башка мамлекетте өткөрүү боюнча пландар бар. Мунун баары экинчи оюндар учурунда чечилет.

Бул жылы спорттун расмий катталган түрлөрүнө салбуурун боюнча таймаштар (бүркүт салуу, тайган жарыш, жаа атуу) кошулган. Адистердин пикиринде, улуттук оюндардын атасы болуп аңчылык эсептелет.

“Салбуурун” федерациясынын президенти Алмазбек Акунов мелдеш катары киргизилгенден кийин жоопкерчилик чоң экендигин айтат. Анын айтымында, бүгүнкү күндөн баштап даярдыктар башталды.
Биринчи көчмөндөрдө Кыргызстан уюштуруучу өлкө болгондуктан ар бир спорттун түрүнөн эки команда койгон. Ал эми мунунсунда эки эмес бир эле команда коё тургандыгын күрөш боюнча 1-көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү Нурбек Кожобеков билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюну – жаңы форматтагы уникалдуу долбоор, иш-чара 2016-жылы сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде экинчи жолу өткөрүлөт.

Илгиз Жамалбеков, “Марал” радиосу, 13.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.