“Тибеттик кыргыздарда кайнене болочок келинин өзү багат”

j_sultanovБиздин бүгүнкү коногубуз 16 жылдан ашык убакыт Индияда, бир жыл тибеттик кыргыздардын арасында жашаган Жолдошбек Султанов болмокчу.

– Алгач өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз…

– Нарындын Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын кулунумун. 55 жаштамын.

Швециядан 4 жыл Веда (индуизмдин санскрит тилинде жазылган эң байыркы ыйык жазуулар топтому) боюнча билим алгам жана Индиянын Гуджарат штатындагы Аюрведа университетин аяктагам (аюрведа – индия медицинасынын салттуу системи, альтернативдүү медицинанын бир түрү).

– Тибетке кандайча барып калгансыз?

– Индияда жашап жүргөнүмдө 1994-жылы туристтерге кошулуп, Непал аркылуу Тибетке(Кытай Эл Республикасынын автономдуу району) өтүп, борбор шаары Лхасага барып калдым. Базардан илгеркидей кийинген топозчон адамдардын тери, дары чөп, мүйүз сыяктууларды күрүч жана башка азыктарга алмаштырып жүрүшкөндөрүн көзүм чалды. Байкасам, кыргызча сүйлөп жатышат. Жергиликтүүлөр алардын товарларын арзан алып, өздөрүнүкүн кымбат баада сатышууда. Чыдай албай алар үчүн өзүм соода жасап бердим.

Ошентип 2 күндүн ичинде алардын тибеттик кыргыздар экенин билип, “мени өзүңөр менен кошо ала кеткилечи” деп жалына баштадым. Акыры башчысы макул болду. Алардын талабы менен мен буюмдарымды, документтеримди өзүбүз жашаган мейманканага таштап, алар менен кеттим. Көрсө, алар айылына оңой менен чоочун адамдарды алып барышпайт жана эч кимди киргизишпейт экен. Ошол себептен менде аларды сүрөткө тартууга мүмкүнчүлүк болбоду. Лхасадан чыгып, үч ашууну ашып, түндүктү карай кыска жолдор менен 12 күн жөө жүрдүк. Узун, коопсуз жол менен барсак андан кеч бармак экенбиз. Ал жакка барган соң 1 жыл алардын арасында жашадым. Андагы кыргыздардын саны 300гө жетет.

Эркектерине Баатыр, Өскөн, Элек, Боору, Өтөк, Саты, ал эми кыздарына Санаа, Ажар, Бүбү, Омо, Кайры, Желегей сыяктуу ысымдарды коюшат. Жашаган конушунун атын Алай-Куу деп айтышты. Цивилизациядан бөлүнүп, өзүнчө калган конушка окшоду. Тегерегинде Карал-Дөбө, Жымжырттык өрөөнү деген жерлер бар.

Тибеттен келгенден кийин тактап көрүп, алар жашаган аймак Тибеттин Амдо аймагына (Нагчу округу) кирет окшойт деп болжодум.

Климаты катаал болгондуктан, топоздон башка мал багышпайт. Өтө аз сүйлөшөт. Эч качан урушушпайт, “баарыбыз Теңирдин пендесибиз” деп бири-бирин сыйлап жашашат. Тутунган дини жок, болгону колдорун көккө көтөрүп, “Теңирим, берген суу, аба, тооңо рахмат, бизге жакшылыктарды бере көр” деп гана сыйынышат.

– Каада-салты, жашоосу кандай экен?

– Таш үйлөрдө жашап, биздикиндей кийим, буюмдарды колдонушпайт экен. “Азыркы цивилизациянын адамдары экологияны бузуп, адамдык касиетинен четтеп, аң-сезимдери бузулгандар” дешти. “Биз ата-бабабыздын салты менен жашап, алар колдонгон буюмдарды колдонуп, ошолордун деми менен жашайбыз. Кайып илимин өздөштүрүү биздин милдетибиз” деп айтышты. Кийимдери, үйгө салынган буюмдары баары иштетилген териден жасалыптыр. Оорукана, дарыкана, мектеп деген жок. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт дегенди билишпейт. Чөп дарылар менен дарылашат. Металлдарды иштетип, андан идиш-аяк жасашат экен. Темир комузу, домбрага окшоп кеткен кыл аспабы бар.

– Кыз алуу, кыз берүү салты кандай экен?

– Бешик той, тушоо кесүү дегенди өткөзүшөт. Балдары кичинесинде эле куда түшүп, кыздары 12 жашка чыкканда кайненесине тапшырышат. Ал кызга керектүүлөрдүн баарын үйрөтүп, өзү тарбиялайт да, анан кыз-бала 16-17ге чыкканда үйлөнтүп коюшат.

– Эми көз жумган адамды акыркы сапарга узатуу салтына келсек…

– Жогоруда айтпадымбы, кайып илим деп, ошону эң мыкты өздөштүргөндөр өлгөндө кайып болуп кетишет экен. Бирок муну өз көзүм менен көргөн жокмун. Жакшы өздөштүргөндөрдү от жагып, өрттөп салышат. Мындайды бир жолу көрдүм. Орто өздөштүргөндөрдү өлөр алдында төрт бурчтуу чуңкур казып, ошого отургузуп коюшат. Алардын денеси мумия сыяктуу сакталып тура берет. Муну көп эле жолу көрдүм. Начар өздөштүргөндөрү өлсө, аларды талаага алып чыгып, денесин кескилеп, жиликтеп жоруларга беришет.

Кыргыздар ушундай таш үйлөрдө жашашат
Кыргыздар ушундай таш үйлөрдө жашашат

“Кыргыздарга капыстан жолукканбыз”

Тибетке барып, андагы кыргыздарга жолуккандардын бири журналист, жазуучу жана кинорежиссёр Аймира Урустемова.

– Тибетке 2012-жылы бардык. Алгач Бишкектен Кашкарга жетип, ал жерден Тибеттин (Кытайдагы автономдуу округ) Нгари округуна жеткирүүчү учакка отурдук. Нгариден Тибеттин аймагына кирүүгө атайын уруксат кагаз алышыбыз керек эле, бирок учакта биз менен чогуу келген уйгурдун иниси документсиз эле өтсө болорун айтты. Анын сөзүн туура көрүп, документ албадык. Аэропорттон Дарчен деген жерге Жип унаасы менен бардык. Ага чейин деле бизди жолду карай улам бир тозоттордон токтотуп, катуу текшерип жатышкан. Дарченге жетейин деп калганыбызда аскер адамдары бизди токтотуп, “бул жерге түнөгүлө да, эртең таң атары менен жөнөп кеткиле” деп катуу эскертти. Ошондо уруксат кагазды албаганыбызга кейидик. Бирок атайын келгендиктен Кайлас тоосуна жөнөп кеттик. Тоону көрүп, аскер адамдары кармап албасын деп шашып жолго чыктык.

Тибет менен Синьцзян-Уйгур автономдуу районун байланыштырган G219 автожолу менен келе жатканбыз. Бир жерден бизди ташып жүргөн уйгур “бул жерде кен бар. Ал кен бай кыргызга таандык. Кенди ошол иштетет” деди. Муну угуп кубанып калдык. Анан көп жүрбөй капчыгайдын ичинен боз төбөл жер тамдарды көрдүк. Машинадан түшүп, суунун жээгине келип, тигил үйлөрдө жашагандарды чакырдык. Үйдүн кожоюну, аялы, уулу жана келини чыгып, биз менен амандашты. Көрсө, алар кыргыздар экен. Жашоо шарттары илгеркидей. Кыргызстан тууралуу, Тибетте кыргыздар бар деп угуп аларды издегенибизди айттык. Аларга белектерибизди бердик эле, келин бизге булактын суусун сунду. Чогуу сүрөткө түшүп, даректерди алышып, машинага отурдук.

Көп өтпөй дагы бир айылга туш болдук. Андагы үйлөрдүн көбү бек экен. Акыры Абдылас деген кишини таптык. Ал бизди көрүп таң калып, өзү кыргыз экенин жана ал жердеги кыргыздар боюнча айтып берди. Көрсө, бийик тоолор арасындагы бир айылда 3 миңдей кыргыз жашайт экен. Ал айылга машина барбастыгын, мотоцикл менен гана жетүүгө болорун билдик. Биздин сөзүбүздү 2 кытай киши бөлүп, сөз аяктады деген белги берди.

Ошентип кайра Кашкарга, андан Нарынга, Бишкекке келдик.

Тибеттик кыргыздар илгеркидей каада-салтты колдонушуп, башка элдер менен кыз алышып-беришпейт экен.

Кыргыздар жашаган айыл
Кыргыздар жашаган айыл
Тибеттик кыргыздар менен
Тибеттик кыргыздар менен

Канымжан Усупбекова, “Супер-инфо”, №611 18-июль-24-июль, 2014-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.