Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн кыргызча котормолоруна сынак жарыяланды

Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн, анын ичинде балдар адабиятынын кыргыз тилиндеги котормолоруна сынак жарыяланды. Бул тууралуу КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.

Сынакты КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, “Мурас” кыргыздын тарыхый жана маданий фонду жарыялаган.

Белгилей кетсек, ага мурда басып чыгарылбаган проза, кичи проза, поэзия, драматургия жанрындагы чыгармалар катыша алат.

Сынак 2014-жылдын 12-августунан 12-ноябрына чейин жүргүзүлүп, жыйынтыгы 2014-жылдын 12-декабрь – Улуттук жазуучулардын күнүнө карата чыгарылат. Катышуучуларды каттоо КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясында жүргүзүлөт.

Чыгармаларды кабыл алуу төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Бишкек ш., Бөкөнбаев көч., 182 (Манас проспектиси менен кесилишкен жерде), КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, 2-кабат, 7-бөлмө, котормолор бөлүмү.

Сурап-билүүлөр төмөнкү телефондор боюнча: (0312) 31 58 75; 31 58 15.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.