Көркөм окуу сынагы

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Тарых жана маданият” жылынын алкагында, КР Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурган республикалык Көркөм окуу сынагын жыйынтыктады.

Бишкек шаарындагы жогорку жана кесиптик-техникалык окуу жайларынын ичинен тандалып алынган 28 катышуучу республикалык көркөм окуу сынагында таймашты. Сынак К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык  университетинин концерттик залында өттү.

korkom_okuu-jpg1

Эл-жер, Мекен, тарых, тил, эгемендик ж.б. мекенчилдикке үндөгөн темадагы чыгармаларды көркөм окуган сынактын катышуучуларынын аткаруучулук чеберчилигин, дикциясын, мазмунга ылайык туюндуруу жөндөмүн,  көркөм текстти тандоодогу өзгөчөлүгүн, сахнада өзүн алып жүрүүсүн, адабий тилдин нормаларын сактоосун,  сценалык костюмун, башкача айтканда дараметин ар тараптан баалап, калыс баа берүү үчүн  Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, акын Э.Аттокуров, Кыргыз драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы, жазуучу А.Темирова, артист Н.Мамбетова, Жазуучулар союзунун мүчөсү, жаш акын Б.Жамгырчиев сыяктуу адабият, көркөм өнөр өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу түзүлгөн.

korkom_okuu_jyuri

Сынактын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен төмөндө көрсөтүлгөн катышуучулар жеңишке жетишти:

Аты-жөнү Окуу жайы Жыйынтык
Жогорку окуу жайлары
1. Турумбеков Ажыбек КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Баш байге
2. Юсуф Гундуз Кыргыз-Түрк “Манас” университети 1-орун
3. Кайрат кызы Жанара Б.Бейшеналиева ат. Маданият жана искусство университети 2-орун
4. Камчыева Гүлжан К.Карасаев ат. Бишкек гуманитардык университети 3-орун
5. Маматураев Розмухаммед Ата-Түрк Ала-Тоо университети 3-орун
6. Ашырбек уулу Сүйүндүк И.Раззаков ат. Кыргыз Мамлекеттик техникалык университети Кызыктыруучу сыйлык
7. Токтобеков Кайрат Улуттук көркөм сүрөт академиясы Кызыктыруучу сыйлык
Орто жана кесиптик-техникалык окуу жайлары
8. Ажыбеков Өмүрзак КЭУ Экономика  жана сервис колледжи 1-орун
9. Атакан кызы Асел Кыргыз-Түрк кесиптик лицейи 2-орун
10. Кубанычбек кызы Мактым М.Күрөңкеев ат. Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайы 3-орун
11. Нурлан кызы Бегайым №3 кесиптик лицейи 3-орун
12. Кабылбекова Наргиза Бишкек медициналык коллежи Кызыктыруучу сыйлык

Сынактын жеңүүчүлөрүнө Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын дипломдору менен атайын сыйлыктары тапшырылып, ал эми ар бир катышуучу тастыктама жана китептер менен сыйланды.

korkom_okuu2

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия сынакты өткөрүүдө өнөктөш катары чоң салымын кошкон К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык  университетине жана маалыматтык колдоого алган КТРКга, ЭлТР МТРКсына, Кыргыз радиосуна, Биринчи радиого, “Марал” радиосуна ж.б. жалпыга маалымдоо каражаттарына ыраазычылык билдирет.

mamtil.kg,
«Кыргыз тили», 29.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.