“Ак марал” атасыз калды…

m_asylbashev

Жума күнү 67 жаш курагында Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Ак марал” бий ансамблинин баш балетмейстери Мелис Асылбашев каза болду.

Мелис Асылбашев 1967-жылы Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) хореографиялык окуу жайды аяктаган. 1972-жылы балетмейстерлик карьерасын баштап, 1982-жылдан өмүрүнүн аягына чейин “Ак марал” бий ансамблинин көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери болуп эмгектенди.

Аны менен Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда кырк жылга жакын чогуу иштеген, Эл артисти Самара ТоктакуноваМелис Асылбашев өз ишин мыкты билген жетекчи болгонун эскерди:

– Мелис Асылбашев эмгек үчүн жаралган киши эле. Өзүнүн ишин баалап-барктап, андан кемчилик кетирбей тыкыр аткарчу. Жумушун дайыма биринчи катарга коюп келди. Анын жыйынтыгы менен  “Ак марал”  бий ансамбли көптөгөн мамлекеттерден бир нече алтын медалдарга ээ болгон.

Самара Токтакунова муну менен бирге маркумдун бийик адамкерчилигин, так, таза мүнөзүн айтып, ансамблиндеги бийчилерге өтө жогору талап коюп келгенин белгиледи.

Маркумдун дагы бир кесиптеши, Эл артисти Нуржамал Табалдиевамаркум Мелис Асылбашев бир ишти баштаса, аягына чыкмайынча жаны тынбаган мээнеткеч эле дейт:

– Ал өзүнүн жамаатына темирдей тартип орноткон жигит эле. Эмгек өргүүсүнө кетип жатканда жапжакшынакай эле жүргөн. Жамаат жайга эс алууга кетерде “эми кайра аман-эсен жолугалы”- деп тараганбыз. Анан эле он экисинде жумушка барганда анын ооруканада жатканын угуп калдык.

Нуржамал Табалдиеванын айтымында, Мелис Асылбашев акыркы кезде кан басымы көтөрүлгөндөн улам дарыланып жүргөн.

Мелис Асылбашев жетектеген “Ак марал” бий ансамбли “Ак куу”, “Миң кыял”, “Беш ыргай”, “Пахтачылар бийи”, “Ак тамак, көк тамак”, “Майрам шаңы” аттуу кыргыз бийлерин, ошондой эле ондогон башка улуттун бийлерин жогорку чеберчиликте аткарып келишет.

Асылбашев 2001-жылы өлкөнүн хореография искусствосуна кошкон салымы үчүн  жогорку даражадагы “Даңк” медалы менен сыйланган.

Башкы балетмейстер менен коштошуу зыйнаты 18-августа Токтогул атындагы мамлекеттик филармонияда өтөт. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Маркумдун артында эки уул, бир кызы калды.

Зайырбек Ажыматов, “Азаттык”, 16.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.