Жамилия Көлбаева: Кардарды өзүнө тарта тургандай буюм жасаганга аракеттенебиз

kolbaeva

Кыргызстанга чет өлкөдөн келген туристтер же чет өлкөгө кете турган кыргызстандыктар сөзсүз улутубуздун угутун чагылдырган буюмдарды сатып алышат. Кайсыл гана базарга барбагын кыргыздын керамикадан жасалып, магнит жабыштырылган кичинекей кооз буюмдары бар. Кыргыздын калорити менен көздүн жоосун алып, керамикадан буюм жасаган Жамилия Көлбаеванын ишканасына барып, иштери менен таанышып, маек курдук.

– Көркөм керамика менен алектенгениме бир топ жыл болуп калды. 1996-жылды мектепти аяктагандан кийин эле Бишкек шаарындагы Чуйков атындагы окуу жайына тапшырып, андан кийин ошол багыт менен Академияда окуп, учурда мугалим болуп эмгектенип жатам. Кесибим өзүмө жагат, жашоомдо кесип боюнча ордумду таптым деп эсептейм. Окууну аяктап, кол өнөрчүлүгүбүздөн жаралган буюмдар менен базарга чыкканыбызга 7-8 жыл болуп калды. Көбүнчө жайкы сезонду күтөбүз. Анткени Ысык-Көлүгө көп жерден туристтер келишет. Ушунча убакыттын ичинде керамикадан жасалган буюмдардын кайсынысы жакшы өтөт, кайсынысынын өтүмдүүлүгү начар экенин билип, үйрөнүп калдык. Ошого жараша жыл сайын даярдык көрөбүз.

– Керамикадан туристтерди кызыктыруучу кандай буюм тайымдарды жасайсыздар?

– Кызыл жана ак чоподон жасалган буюмдарды жалпы жонунан керамика деп атайбыз. Анын ичинен кызыл чоподон адамдын жүзүн чагылдыра турган сувенирлер жакшы жасалат. Ал эми ак чопо менен ар кандай “саймалуу таштарды”, “балбал таштарды”, ваза жана башка чоңураак буюмдарды жасайбыз. Ар бир жасалуучу буюм, сувенирдин мүнөзүн жакшы өздөштүргөндүктөн, ошого жараша чопону колдонобуз. Кызыл чопону ар түстүү кылып кооздоп боего болот. Ал эми ак чопону ар кандай түс менен кооздогонго анча ылайык эмес. Ошондуктан ак чопону көп кооздобой кардарларды тартуу үчүн өзүнүн өңүндөй гана калтырабыз.

– Чопону каяктан аласыздар, Кыргызстанда барбы?

– Кыргызстанда бар. Мисалы, кызыл чопону Чүй өрөөнүндөгү айылдардын биринен эле сатып алабыз да өзүбүз даярдайбыз. Кээде ошол чопону даярдап берген кызматтар да бар. Шашылыш болгондо даяр керамиканы сатып алабыз. Сувенирлердин өздөрүнүн калыптары, формалары бар, бир жасаганда бир нечесин калыпка салып, бышыргандан кийин гана боейбуз. Мисалы, кыргыздын байбичеси менен аксакалы, же кыз же баланын сувенири болсо аларга улуттук кийимдерди тартып, оймо-чиймесинен бери ойлоп таап, кооздоп чыгабыз. Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы окшоштуктарды эске алыш керек. Бул буюмдар накта Кыргызстандан чыгып жатканын билгизиш үчүн өзүбүздүн оймо чиймелерин так беришибиз керек. Казактардын оймолору майдараак болуп кетет, ал эми биздики чоңураак. Өзбекстанда чопо буюмдарын жасоо бир нече кылымдан бери өнүгүп келе жатат. Алардын укмуштай кооз, магнит жабыштырылган сувенирлери бар. Биздикинен айырмаланып алардын буюмдарындагы оймо-чиймелер абдан майда. Чындыгында туристтер оймо-чиймени түшүнө бербейт. Андыктан биз дайыма изденип, кардарды өзүнө тарта тургандай кооз буюмдарды жасаганга аракеттенебиз. Буйрутма менен жасалган буюмдарда кээси Ысык-Көл, Ысык-Ата, Кыргызстан, Бишкек деп жазып бер дегендер болот. Алар айткандай ошол буюмга жазып беребиз. Биздин товарларды көбүнчө Ош базардагы “Кыял” соода борборунан сатабыз. Ал жердеги 10-15 соода түйүнү менен иштешебиз. Башында алар да эмне өтөөрүн түшүнбөй, биз да эмне жасаш керек экенин билбей кыйынчылыктар болгон. Биз азыр Бишкекте, Ысык-Көлдө, Таласта, Дордой, Ош базарында же башка эс алуучу жайларда кандай товар өтөт, баарын билип калганбыз. Алыскы аймакта жашап соода кылгандар эс алууга келген туристтер эмнеге кызыгаарын айтып, Ош базарындагыларга буйрутма беришет, биз алар айткан буюмдарды жасайбыз.

– Сиздер жасаган сувенирлерде адамдын көңүлүн, маанайын көтөрө турган позитивдүү буюмдар экен. Булардын калыбын ким жасап, ким идея көтөрөт?

– Негизи ар бир буюмдун калыбын жолдошум Султан Кыпчакбаев экөөбүз жасайбыз. Ал экөөбүз окуу жайды чогу бүткөнбүз. Экөөбүз чогуу иштейбиз, бири бирибизге сын айтып, чыгармачылыктан колдоп турабыз. Керамика менен алектенген жалгыз биз эле эмеспиз. Атайын окуу жайды бүткөн балдар-кыздар бар, бири-бирибизге көрсөтүп, акылдашып, жакшы кеңештерибизди берип, товарды чогу даярдаганга аракеттенебиз.

– Бул тармак боюнча атаандаштык күчтүүбү?

– Азырынча анча күчтүү эмес. Бирок, жети-сегиз жыл мурункуга караганда акыркы эки жылда бир аз көбөйдү. Кол өнөрчүлүктүн түрү боюнча кийиз, жибек шарф, тери буюмдарына караганда керамикага атаандаштык азыраак. Бул Кыргызстанда ата-бабаларыбыздан бери керамика өнүкпөгөндөн улам го деп ойлойм. Чындыгында керамика буюмдарын базарга сатыкка алып чыккандардын ичинен биз биринчилерденбиз.

– Керамикадан буюм жасоо абдан майда жумуш экен, мындан чарчайсыздарбы же эс аласыздарбы?

– Кээде жумуштан башым ооруп, капалуу болуп келгенде өзүмдү алаксытуу үчүн чоподон ар кандай буюмдарды жасаганга өтөм. Ошол кезде бир аздан кийин байкасам башымдын оорусу басылып, чарчооңду да соруп алат. Бирок, ал эс алуу чеги менен эле болот. Эгерде ошол чегинен ашып, бир күндө ушунча заказды бүтүрөйүн десек өтө көп энергияны кайра соруп коет. Ошондуктан бул иштин чегин билиш керек.

– Ушундай майда иш менен үй-бүлөнү багууга, жетиштүү жашоого мүмкүнбү?

– Кудайга шүгүр. Эгер ушундан эч нерсе тапкан жокпуз десек Кудайга жакпас. Чындыгында бул ишти баштаганда менин төркүндөрүм, жолдошум тарап дагы ушул оюнчугуңарды токтотуп, башка жумушка өтпөйсүңөрбү деген сөздөрдү айтышкан. Бирок, биз ушундан баар табаарыбызга көзүбүз жетип, бир күнү болбосо бир күнү сөзсүз жемишин берет деген ишенимде болдук. Башында абдан кыйналганбыз. Жаңы чыгарып жаткан кезде жасаган буюмдарыбыздын өтпөгөн себебин да билдик. Көрсө, биз академияда окуп, ошонун рамкасынан чыкпаган буюм жасап, рынокко керектүү буюмдарды жасабай жүрүптүрбүз. Мисалы, беш жыл окуган Академиядан чыгармачыл кадр кылып чыгарат. Чыгармачылык менен иштеген иш башка, ал эми жалпы элге жагымдуу, массалык чыгарган иш башка болуп эки багытка бөлүнөт экен. Биз ошондой жалпы массалык деңгээлге түшпөйлү деп эле жалаң чыгармачылык менен гана алектене бериптирбиз. Андай чыгармачылык менен жасалган буюмдарды миңдин бири эле түшүнөт экен. Азыр Кудайга шүгүр акыркы жылдары ушул кесип менен эле үйдүн тегерегин иреттеп, жашоого шарт түзүп, унаалуу болдук. Эки баланы багып жатабыз, өзүбүздүн күнүмдүк жашообузга жетерлик.

– Цехти мындан да чоңойтуу ойлор барбы?

– Адамдын кыялы алыска кетет эмеспи. Бирок, аракет кылса ал кыял да ишке ашат. Болгону бул товарлар дайыма өтөт деген ишеничтүү кепилдик жок. Анткени бир сезон экинчисине окшобойт. Биздин кичинекей бизнесибиз да коомдогу тынччылык, туруктуулукка байланыштуу. Мисалы, өлкөбүздө ар кандай революция, төңкөрүш, көтөрүлүш болгон жылы биздин соодабыз да жакшы болбой калат. Эгер мамлекетибизде тынччылык болсо туристтер да көп келип, жасаган буюмдарга да буйрутмалар көп болот. Мисалы, быйыл көлгө барып ал жердеги карапайым элдин соодасы да жакшы болуп, келген туристтер да көбөйгөнүн көрүп кубанып калдым. Быйыл жазында кийизден кандай картиналарды жасаса болоорун үйрөндүк. Негизи керамиканын сезону августтун аягында эле аяктап калат, андан кийин кийизден картинканы баштайлы деген планыбыз бар. Быйыл төрт студентке жумуш берип, акысын төлөп бере алдык. Эмдиги жылы андан да көбүрөөк студенттерди жумуш менен камсыз кыла алабызбы деген ой бар. Ал төрт студент жайында иштеп, акчасын алып каникулга кетишти, алар да ыраазы, биз да ыраазы болдук. Ар бир буюмду жыл сайын жаңыртып турбасак эл бир эле буюмдан тажап калат. Андыктан дайыма изденүү, чыгармачылык менен элди кызыктырууга аракеттенебиз. Базарда сатыкта турган биздин иштер профессионалдык деңгээлде деп эсептейм. Биз менен катар аракеттенип, ушундай буюмдарды чыгарган студенттер көп. Алар жаштыгына карабай аракет кылып иштеп жаткандарына баа берем. Алар бизге караганда эрте базарды түшүнүштү.

– Силердин жасаган улуттук сувенир, буюмдарды жергиликтүү кыргыздар да кызыгып алгандар болобу?

– Акыркы убакта өзүбүздүн эл эмне үчүн улуттук сувенирлер үйүбүздө турбашы керек деп кызыгып алгандарын көрүп кубанып калдык. Көп жылдан бери биздин негизги кардарлар казактар. Андан сырткары чет мамлекеттин шаарларына кетип жатат. Бишкектеги ар кандай салондор, чоң соода түйүндөр менен иштешебиз. Жыл сайын ар кандай моделдерди ойлоп, интернеттен ар кандай идеяларды алабыз. Мисалы, мышыкты жасасак эмнегедир кыргыздарга ал жага бербейт. Кыргыздар ак чопого да жакын эмес. Биз бул мышыктар Ысык-Көлдө жайкысын жакшы өтөөрүн билебиз. Башка чет өлкөлүктөр биз жасаган мышыктардан кыя өтпөй алып кетишет. Адамдардын табитине абдан таң калабыз. Алардын мышыкка болгон көз карашы да башкача.

– Кол өнөрчүлөргө мамлекет тарабынан көңүл буруу болобу?

– Ушул боюнча Маданият министрлигине кайрылат элем, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча көп эле гранттар бөлүнөт деп угабыз. Тилекке каршы кол өнөрчүлөрдү эч бир тараптан колдоо жок. Ар бир кол өнөрчү биздей болуп эле өз арбайын согуп, ар кайсыл бурча иштеп жатышат. Мисалы, жакында Чолпон-Ата шаарында “Оймо” фестивалы болду. Ошол фестивалдын катышуучулары бир кичинекей орунду 3000-5000 сомдон, көргөзмөгө коюп, буюмуңарды саткыла дешет.Ал жерге баргандар өзүн-өзү актаган жок деп кейишти. Алардан акча алгандын ордуна жок дегенде шарттарды түзүп берсе жакшы болмок. Чоң окуу жайларды бүткөн кол өнөрчүлөрдүн жакшы чоң идеялары, ойлору бар. Ошолорду ишке ашыргыбыз келет. Бирок, ошол ой-максаттын баары каражатка келип такалат. Ошондон улам маданиятыбыз өнүкпөй, базардан чыга албай калды. Болгону өзүбүзгө жетээрлик гана каражат табабыз.

Назгүл Калмамбетова, «Кабар ордо», 20.08.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.