Алмазбек Касенов: “Улуттук оюндардын эрежелерин тактайбыз”

a_kasenov

Баарыбызга белгилүү болгондой мекенибиздин бермети болгон Ысык-Көл жергесиндеги  беш күнгө созулган “Көчмөндөр” оюну  ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бүгүнкү  эфирде оюндун уюштурулушу жана жыйынтыкталышы туурасында КРнын Улуттук спорттун турлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борбордун башчысы Алмазбек Касенов менен маектештик.

–   Алмазбек мырза,  уюштуруучу катары “Көчмөндөр” оюну кандай өттү деп ойлойсуз?

–  Көчмөндөр биз ойлогондой эле болуп өттү. Оюндун жүрүшү боюнча эл абдан жакшы пикирин айтып жатышат. Бирок биз уюштуруучулар адистер өзүбүзчө отуруп, кайсы жерден кандай ката кетиргенибиз туурасында талкуулап, бир жыйынтыкка келебиз. Бул оюн Кыргыз мамлекетин дагы бир жолу дүйнөгө таанытууга өбөлгө болду. Кыргыз оюндары аркылуу  кыргыз маданиятынын, кыргыз  элинин чоң тарыхы бар экенин жана  көчмөндөрдүн көч башында турарын далилдедик. Улуттук оюндарыбыздын баарын көрсөтө алган жокпуз. Кеңири жайылган оюндарды гана ойноттук. Көчмөндөрдүн улуттук оюндарын кыргыз эли сактап келе жатканын дүйнөгө көрсөтө алдык. Бул оюнду өткөрүүдө мамлекет түп көтөрүлө колдоп турганы оюндун мыкты деңгээлде өтүшүнө шарт түздү.

– Уюштуруучу катары кандай кемчиликтерди байкай алдыңыз?

–  Оюндарды баштоо кыйын болуп калды. Кыргыз күрөш федерациясы менен күрөштү убагында баштабай 2 саатка кечигип калдык. “Көк бөрү” оюну дагы биринчи күнү кечигип башталды. Себеби, ачылыштан кийин таштандылар оюн талаасында калгандыктан, аларды тазалап анан баштадык. Түрктөр оюнга катышары туурасында кеч билдиришти. Бизге келген түрктөр менен азербайжандар  ат бергиле деп, кыйнап коюшту. Бир ай мурда айтышса, аттарды деле камдап турат элек. Бирок профессионалдык деңгээлде карасак, ат берүү туура эмес. Казактар дагы  форма талап кылышты. Ушундай туура эмес коюлган талаптардан улам, улуттук оюндардын эрежелерин такташ керек экен деген ой жаралды. Эң негизгиси Көчмөндөр оюнун биринчилерден болуп өткөрүп алдык. Мындан ары кетирген кемчиликтерди кайталабоого аракеттерди көрөбүз.

– Башка мамлекеттерге салыштырмалуу биздин чабандестердин жана аттардын сапаты кандай экен?

– Биздин саяпкерлер абдан мыкты болушат. Мамлекет тарабынан чабандестерге көңүл бурулса, мындан дагы бийик деңгээлге чыкканга мүмкүнчүлүк бар. “Көк бөрү” боюнча коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу биз күчтүүбүз. Казактар дагы аттарды бизден алышат. Түрктөр бизден жорго сурашканда биздин жоргочулар түрк чабандестерин атка отургузуп көрүшсө,алар таптакыр  туура эмес отурушат экен. Жорго салганды толук кандуу билишпегендиктен, жорголор берилген жок.

– Улуттук оюндардын арасынан кайсы оюн дүйнө элдеринин кызыгуусун жаратып, көңүлүн бура алды десек болот?

Өзгөчө “Көк бөрү” оюну кызыгуу жаратты. Бул адамды өзүнө тарта турган оюн болуп саналат. Себеби, ат үстүндөгү жигиттердин ыкчамдыгы, күчтүүлүгү, аттардын акылдуулугу көрүүчүнү азгырып турат. Эр эңиш дагы абдан кызыктуу өттү. Ат үстүндө балбандардын күрөшү чет элдиктерди кызыктырат. “Ордо” оюнун көрүп алышып, бул жөн эле чүкө атуу эмес, философиялык мааниси чоң турбайбы деп таң калышты.

– “Көчмөндөр”оюнунун келечеги кандай болот? Жыл сайын уюштуруп туруу максаты коюлбадыбы?

– Президентибиз Алмазбек Атамбаев ушундай талапты койду, эми биз аткарышыбыз керек. Буюрса, “Көчмөндөр” оюну жыл сайын Кыргызстанда өтүп турат деген ишеничтемин.

Айсулуу Эсен кызы, “Марал FM”, 16.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.