Кыргыздар көчмөндөр ким экендигин көрсөттү

koch_oyun

“Той да болор, тойдун эртеси да болор…” дегендей, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да соңуна чыкты. Тарыхта биринчи жолу уюштурулган бул оюндар кыргыз жергесинде өткөндүгүнө, андагы жеңиштерибизге жердештерибиз жетине албай турган чагы.

Кыргызстан көчмөндөр оюндарынын көч башчысы болуп, жалпы жыйынтык боюнча жердештерибиздин колуна 55 медаль – 16 алтын, 20 күмүш, 19 коло медаль тийди. 28 медалга (10 алтын, 9 күмүш жана 9 коло) ээ болгон Казакстан командалары экинчи орунга, 6 медаль (3 алтын жана 3 коло) алган Түркмөнстан үчүнчү, 4 медалы (1 алтын, 3 коло) бар Тажикстан төртүнчү, 7 медаль (1 күмүш, 6 коло) менен Монголия бешинчи орунга чыкты.

14-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 9-сентябрдан баштап өтүп жаткан I Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары чоң салтанат менен аяктады. Мелдештерде 19 мамлекеттин 22 курама командасынан 430 спортчу улуттук оюндардын 10 түрү: алыш (бел кур күрөш), аламан байге (узак аралыкка ат чабыш), жорго салыш, казак күрөшү, көк бөрү, кунан чабыш (үч жаштагы кунандар жарышы), кыргыз күрөш, ордо (чүкө оюндары), тогуз коргоол, эр эңиш (ат үстүндөгү оодарыш) боюнча күч сынашты.

Биринчи Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгеси КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан андагы Түркиянын премьер-министри Р.Эрдогандын 2011-жылдын 1-2-февралында Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында сунушталган. Көчмөндөр оюндарын демилгелөөнүн негизги максаты – дүйнөдө ынтымак-ырашкердикти бекемдөө, түрк тилдүү мамлекеттердин өз ара карым-катнаштарын жандандыруу, достук мамилесин чыңоо, көчмөн элдердин маданий алакасын арттыруу болучу.

14-сентябрь күнү оюндардын жабылыш салтанатында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Президенттин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев Көчмөндөр оюндарында өткөн көк бөрү боюнча турнирдин жеңүүчүлөрүнө тиешелүү сыйлыктарды тапшырды.

1. «Көк бөрүдөн» ат жалында чоңоюп, аттын кулагы менен тең ойногон кыргыз жигиттери жеңишти эч кимге берген жок

Финалдык мелдешке башкалардын бардыгын татыктуу жеңип алган жердештерибиз «Кыргызстан – 1» жана «Кыргызстан – -2» командалары чыгышты.

Негизги убакыт (20 мүнөттөн 3 тайм) 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, жеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча 10 мүнөт берилди. «Кыргызстан-1» курама командасы экстра таймда 2:1 (оюндун жалпы эсеби 4:3) менен утуп, турнирдин жеңүүчүсү болду. Ал эми, 3-орун үчүн болгон матчта Алтай (Россия) командасы 4:0 эсеби менен түркиялык кураманы жеңип алды. Жеңүүчүлөргө алтын, күмүш, коло медалдарынан башка төмөнкүдөй акчалай сыйлыктар тапшырылды:
1-орун үчүн «Кыргызстан-1» улакчылар командасына – 3 млн. сом.
2-орун үчүн «Кыргызстан-2» улакчылар командасына – 1 млн. сом.
3-орун үчүн “Алтай»(Россия) улакчылар командасына – 500 миң сом.

2. Кунан чабыш: Кыргызстан 3-орунда

Кунан чабышка Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Азербайжандан бардыгы 34 чабандес катышты. Байгелер күлүк кунандар ортосунда төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орунда «Атилла» (Казакстан) – 500 миң сом.
2-орунда «Титан» (Казакстан) – 250 миң сом.
3-орунда «Алмазная» (Кыргызстан) – 100 миң сом.
4-орунда «Басша» (Казакстан) – 70 миң сом.
5-орунда «Ак-Марал» (Кыргызстан) – 50 миң сом.
6-орунда «Карлыгач» (Кыргызстан) – 30 миң сом.
7-орунда «Герцог» (Кыргызстан) – 19 миң сом.

3. Жорго салышта да бардык байгени Кыргызстандын жорголору жеңди Жорго салышка Кыргызстандын жана Казакстандын 26 чабандеси катышып, байгелер жорголор ортосунда төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орунда «Барон» (Кыргызстан) – 800 миң сом.
2-орунда «Ганг» (Кыргызстан) – 300 миң сом.
3-орунда «Вулкан» (Кыргызстан) – 100 миң сом.
4-орунда «Космос» (Кыргызстан) – 60 миң сом.
5-орунда «Чагылган» (Кыргызстан) – 40 миң сом.
6-орунда «Альянс» (Кыргызстан) – 20 миң сом.
7-орунда «Парнас» (Кыргызстан) – 10 миң сом.

4. Аламан байге: алтын Кыргызстанда

Көрүүчүлөрдүн бардыгынын бүйүрүн кызыткан мелдештердин бири «Аламан байге» болду. «Күлүктөн күлүк чыкса – төрт аягы тыбырайт» дегендей, 22 чакырым аралыкка Кыргызстандан, Казакстандан жана Тажикстандан 25 күлүк чабылды. Жыйынтыгында байгелер нагыз күлүктөр ортосунда төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орунда «Кара байыр» (Кыргызстан) – 1 млн. сом.
2-орунда «Кара кус» (Казакстан) – 500 миң сом.
3-орунда «Тачанка» (Кыргызстан) – 300 миң сом.
4-орунда «Багира» (Кыргызстан) – 200 миң сом.
5-орунда «Симони» (Кыргызстан) – 100 миң сом.
6-орунда «Аль-Аашгар» (Кыргызстан) – 76 миң сом.
7-орунда «Ероша» (Кыргызстан) – 50 миң сом.

5. Эр эңиште кыргыз балбандары эч кимге алдырышкан жок

Эр эңиште 2 комплект медалдар ойнотулуп, 80 кгга чейинки жана 80 кгдан жогору салмактагы спортчулар күч сынашты. 80 кгга чейинкилер арасында алтын медалды кыргызстандык Руслан Карагулов жеңди. Финалдык кармашта ал кыргызстандык Муратбек Алтымышевден күчтүрөөк экенин далилдеди. Коло байгени казакстандык Түймабек Жумалиев алды.

Ал эми салмагы 80 кгдан жогорку балбандар арасындагы турнирде алтын медаль кыргызстандык Нурлан Молдокуловго буйруду. Финалда ал кыргызстандык Күмүшбек Кыдыралиев менен күч сынашты. Үчүнчү орунду жана коло медалды казак балбаны Марат Нуртейишов алды.

Бул таймаштарга Афганистандан, Азербайжандан, Казакстандан, Тажикстандан, Россиядан, Өзбекстандан, Монголиядан жана Кыргызстандан болуп, бардыгы 8 команда катышты. Мелдештер олимпиадалык системада өттү.

6. Ордо оюнунда да Кыргызстан эң күчтүү экендигин далилдеди

Бардык 3 матчты тең утуп алган «Кыргызстан-1» командасы жеңүүчү болуп табылды. Жыйынтык протоколдо экинчи орунга «Кыргызстан-2» командасы жазылды.

3-орун үчүн болгон мелдеште Тажикстандын командасы казакстандык ордочуларды утуп, коло медалдарды тагынды. Турнирде бардыгы болуп 4 команда: «Кыргызстан – 1», Казакстан, Тажикстан жана «Кыргызстан – 2» катышып, ордо боюнча жалпы байге фонду 1 млн 300 миң сомду түздү.
1-орун – «Кыргызстан-1ге» (426 чүкө), 6 балл – 700 000 сом;
2-орун – «Кыргызстан-2ге» (294), 4 балл – 400 000 сом;
3-орун – Тажикстанга (163), 2 балл – 200 000 сом;
4-орун – Казакстан (39) – 0.

7. «Кыргыз күрөштө» 5 алтын

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз күрөшү боюнча мелдештер 10-сентябрда, Чолпон-Атадагы «Рух Ордо» маданий борборунда аяктады. Финалга 7 салмак категориясы боюнча кыргызстандык 11 спортчу чыккан.

Алтын медалдарды Насипжан Сүйүнбеков («Кыргызстан-2»), Рыскул уулу Нуржан («Кыргызстан-2»), Дуулат Момбеков («Кыргызстан-2»), Нурбек Кожобеков («Кыргызстан-1») жана Эмил Жоробеков («Кыргызстан-1») тагынышты.

60 кгга чейинки жана 96 кгга чейинки салмактагылар арасында алтын медалдарды Казакстандын жана Түркмөнстандын спортчулары алышты.

Тынчтыкбек уулу Бекзат («Кыргызстан – 1»), Төлөш уулу Бектурсун («Кыргызстан – 1»), Мирлан Эралиев («Кыргызстан – 1»), Чыңгыз Чалабаев («Кыргызстан – 2»), Канимет Барпыбеков («Кыргызстан – 1») жана Бекболсун Кушубаков («Кыргызстан – 2») финалдык жолугушууларда күмүш байге ээлери болушту.

55 кгга чейинки салмактагылар арасында байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – Насипжан Сүйүнбеков («Кыргызстан-2»);
2-орун – Тынчтыкбек уулу Бекзат («Кыргызстан-1»);
3-орун – Пуревдагва Алтанбагана (Монголия);
3-орун – Алишер Мухамеджанов (Казакстан).

60 кгга чейинки салмактагылар арасында байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – Амангелди Сатыбалдинов (Казакстан);
2-орун – Толош уулу Бектурсун («Кыргызстан-2»);
3-орун – Родион Тодояков (Россия);
3-орун – Ибодулло Алибердизода (Тажикстан).

66 кгга чейинки салмактагылар арасында байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – Мирлан Эралиев («Кыргызстан-2»);
2-орун – Рыскул уулу Нуржан («Кыргызстан-1»);
3-орун – Гансух Дуламжав (Монголия);
3-орун – Мусурмонкул Мустафокулов (Тажикстан).

74 кгга чейинки салмактагылар арасында байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – Дуулат Момбеков («Кыргызстан-2»);
2-орун – Алмат Тайбагаров (Казакстан);
3-орун – Санжарбек Аманов («Кыргызстан-1»);
3-орун – Саранхуу Темуулен (Монголия).

84 кгга чейинки салмактагылар арасында байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – Нурбек Кожобеков («Кыргызстан-1»);
2-орун – Чынгыз Чалабаев («Кыргызстан-2»);
3-орун – Кудрет Базарбаев (Өзбекстан);
3-орун – КомолдинМахкамов (Өзбекстан).

96 кгга чейинки салмактагылар арасында байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – Гылыч Джумаев (Түркмөнстан);
2-орун – Канимет Барпыбеков («Кыргызстан-1»);
3-орун – Тилек Куралов («Кыргызстан-2»);
3-место – Нурзат Бегасылов (Казакстан).

96 кгга чейинки салмактагылар арасында байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – Бекболсун Кушубаков («Кыргызстан-1»);
2-орун – Эмиль Жоробеков («Кыргызстан-2»);
3-орун – Бейбит Ыстыбаев (Казакстан);
3-орун – Руслан Абдыразаков (Казакстан).

Жалпы байге фонду – 1 700 000 сом

1-орун – 800 000 сом
2-орун – 400 000 сом
3-орун – 250 000 сом
3-орун – 250 000 сом

8. «Казак күрөшү»

11-сентябрда казак күрөшү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Мелдештер «Рух Ордо» этнокомплексинде өттү.

55 кгга чейинки салмактагылар арасында байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – Алишер Мухамбетжанов (Казакстан);
2-орун – Актора Жайылбек (Казакстан);
3-орун – Заирбек Чолпонкулов (Кыргызстан);
3-орун — Нургазы уулу Саламат (Кыргызстан).

60 кгга чейинки салмактагылар арасында байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – Куаным Искаков (Казакстан);
2-орун – Амангелди Сатыбалдиев ( Казакстан);
3-орун – Санжар Осмоналиев (Кыргызстан);
3-орун – Нурлан Эралиев (Кыргызстан).

70 кгга чейинки салмактагылар арасында байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – Аслан Тусипханов (Казакстан);
2-орун – Эрхваяр Ватхуяк (Монголия);
3-орун – Мирлан Эралиев (Кыргызстан);
3-орун – Эсенбек Кудайбердиев (Кыргызстан).

80 кгга чейинки салмактагылар арасында байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – Алимжан Жумахметов (Казакстан);
2-орун – Алмат Тайбачаров (Казакстан);
3-орун – Мухамед Темиров (Түркмөнстан);
3-орун – Тэмуулен Саранхуу (Монголия).

90 кгга чейинки салмактагылар арасында байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – Нурбек Кожобеков (Кыргызстан);
2-орун – Бекзат Ахметбеков (Казакстан);
3-орун – Тилек Куралов (Кыргызстан);
3-орун – Ерлан Конкиев (Казакстан).

90 кгдан жогору салмактагылар арасында байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун — Бейбет Ыстыбаев (Казакстан);
2-орун – Руслан Абдразаков (Казакстан);
3-орун – Марат Баймаханов (Казакстан);
3-орун – Сугаржаргал Болдпурев (Монголия).

Жалпы байге фонду: 1 000 000 сом

I орун – 500 миң сом
II орун – 300 мң сом
III орун – 100 миң сом
III орун – 100 миң сом

9. «Тогуз коргоол» оюнунун жыйынтыктары төмөнкүдөй болду:

Эркектер арасында:

1-орун – Казакстан;
2-орун – «Кыргызстан-1»;
3-орун – «Кыргызстан-2»;
4-орун – Россия (Алтай);
5-орун – АКШ-1;
6-орун – Өзбекстан;
7-орун – Германия;
8-орун – Россия;
9-орун – Австрия;
10-орун – Монголия;
11-орун – АКШ-2;
12-орун – Франция.

Аялдар арасында:

1-орун – Казакстан;
2-орун – «Кыргызстан-1»;
3-орун – «Кыргызстан – 2»;
4-орун – Россия – Алтай;
5-орун – Россия;
6-орун – Швеция;
7-орун – АКШ – 1;
8-орун – Өзбекстан;
9-орун – Германия;
10-орун – Монголия.

Жалпы байге фонду: 1 000 000 сом

I-орун – 400 миң сом
II орун – 200 миң сом
III орун – 100 миң сом
Жеке оюндарга – 300 миң сом

10. «Алыш күрөшү» боюнча жыйынтыктар төмөнкүдөй:

60 кгга чейинки салмактагылар:

1-орун – Шаршеналы уулу Мааданбек (Кыргызстан);
2-орун – Абсатар уулу Мирлан (Кыргызстан);
3-орун – Эрали Досматов (Өзбекстан);
3-орун – Ибатуллин Илфак (Россия).

70 кгга чейинки салмактагылар:

1-орун – Мырзабек Кочкоров (Кыргызстан);
2-орун – Равшан уулу Шукур (Кыргызстан);
3-орун – Фарид Мурсалов (Россия);
3-орун – Аллаков Хангелди (Түркмөнстан).

80 кгга чейинки салмактагылар:

1-орун – Пиргули Гурбандурдиев (Түркмөнстан);
2-орун – Кайрат Маматзакиров (Кыргызстан);
3-орун – Комолдин Махкамов (Өзбекстан);
3-орун – Мирбек Карабаев (Кыргызстан).

90 кгга чейинки салмактагылар:

1-орун – Хуршед Шаропов (Тажикстан);
2-орун – Сабыржан уулу Ахматжан (Кыргызстан);
3-орун – Ринат Хайрутдинов (Россия);
3-орун – Кубаныч Макешов (Кыргызстан).

100 кгга чейинки салмактагылар:

1-орун – Нурбек Аканов (Кыргызстан);
2-орун – Чынгыз Аканов (Кыргызстан);
3-орун – Вепа Оразмурадов (Түркмөнстан);
3-орун – Нурзат Бегасилов (Казакстан).

100 кгдан жогорку салмактагылар:

1-орун – Режепали Оразалиев (Түркмөнстан);
2-орун – Кадыр Елсинбеков (Кыргызстан);
3-орун – Асылбек Халматов (Кыргызстан);
3-орун – Сугаржаргал Болдпурев (Монголия).

Жалпы байге фонду – 1 500 000 сом

1-орун – 700 000 сом
2-орун – 400 000 сом
3-орун – 200 000 сом
3-орун – 200 000 сом

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсеби

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы 30 комплект медаль ойнотулуп, 8 өлкөнүн спортчулары төмөнкүдөй байгелерди алышты:

№ Командалар Алтын Күмүш Коло Бардыгы
1 «Кыргызстан-1» 12 10 12 34
2 Казакстан 10 9 9 28
3 «Кыргызстан-2» 4 10 7 21
4 Түркмөнстан 3 3 6
5 Тажикстан 1 3 4
6 Монголия 1 6 7
7 Россия 5 5
8 Өзбекстан 4 4
Жыйынтыгы 30 30 49 109

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу», Сүрөттөр автордуку, 16.09.2014-ж.

 

P.S. Көчмөндөр оюндарынынан баяндарды жана эл пикирлерин кийинки сандарыбызда да улантмакчыбыз.

Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну жыйынтыкталганча көптөгөн мамлекет башчыларынан, кадырлуу эл аралык уюмдардан, чет өлкөлүк атактуу инсандардан Президент Алмазбек Атамбаевдин жана Оюндардын катышуучуларынын дарегине көптөгөн куттуктоолор келип түшүп, алардын бир даары менен гезитибиздин өткөн сандарында тааныштырганбыз. Бул ирет Татарстандын Президенти Рустам Миннихановдун куттуктоосун сунуштайбыз:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Урматтуу Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары!

Көп улуттуу Татарстандын атынан ушундай көрүнүктүү спорттук мелдештердин уюштуруучуларын жана катышуучуларын чын жүрөктөн куттуктайм!

Учурда дүйнөлүк маданий мурасты сактоо, аны сактоонун жана кийинки муунга өткөрүп берүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу маселелери чоң мааниге ээ болууда. Бул заманбап дүйнөлүк реалдуулуктарды эске алуу менен туруктуу өнүгүүгө умтулган азыркы коомдун башкы маселелеринин бири.

Маданияттын, спорттун улуттук түрлөрүнүн инсандын өнүгүп, калыптануусундагы, коомдун гумандашуусундагы, улуттук өзгөчөлүктү сактоодогу ролу баа жеткис. Руханий дөөлөттөр, тарыхый эскерүүгө татыктуу мамиле жасоо коомдук ынтымактын бекемделишине көмөктөшөт.

Буга байланыштуу, Түрк кеңешине кирген мамлекеттер тарабынан колдоого алынган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары салттуу улуттук маданият жана спорттун түрлөрүн сактоого жана өнүктүрүүгө түрткү берүүгө багытталган. Кыргызстанда да Оюндар жылдан-жылга белгилүү болуп, спорт жана эс алуунун заманбап инфратүзүмүн жаратууга байланыштуу чоң маселелерди ийгиликтүү чечүүгө көмөктөшүп, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн туристтердин кызыгуусун арттырат деп ишенем.

Жолуңар ачылып, ийгилик коштосун!

Татарстандын Президенти Рустам Минниханов”

 

Дүйнө коомчулугу көчмөндөр оюндары жөнүндө

Көчмөндөрдүн оюндары аяктаганы менен, коомчулукта, маалымат каражаттарында бул зор иш-чара, анын мааниси, уюштуруу деңгээли боюнча ар кандай пикир, маалыматтар айтылууда.

Өзгөчө чет өлкөлүк гезит, теле, радио берүүлөрдө айтылып, жазылган кабарлар Кыргызстандын, анын элинин маданияты, салттары, туристтик мүмкүнчүлүктөрү мыкты экендиги тууралуу, негизинен бизге оңтойлуу, ары жагымдуу маалыматтар жарыяланууда. Бул тууралуу “Азаттык”, ВВС сыяктуу дүйнөлүк маалымат булактары да коомчулукту жетиштүү кабардар кылышты.

Эгерде маалымат сайттарына көңүл бурсак, маселен, Казакстандын жалпыга маалымдоо, интернет каражаттары Биринчи дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарында казак спортчулары экинчи орунга чыгып, жалпы таймаштын жыйынтыгында 12 алтын, 8 күмүш, 8 коло медал алышкандыгына басым жасап, жар салышууда.

Ал эми россиялык “goldmustang.ru” Кыргызстандыктар жана жергиликтүү чиновниктер Көчмөндөр оюндары келечекте Олимпиада оюндары менен ат салышууга жарай турган деңгээлге чыга тургандыгын ашыра белгилеп жаткандыгын жазган.

Бирок, негизинен, маалымат булактары Оюндарга кайсы өлкөлөр, канча спортчусу менен келгендигин, мелдештердин кандай түрлөрү өткөрүлгөндүгүн жана аларга даярдыктар, уюштуруу иштеринин деңгээл, сапаты тууралуу жазып чыгышкан. Калыстык үчүн, айрым журналисттер уюштуруу жакшы болбой калгандыгын жана шарттар начар түзүлгөндүгүн да белгилешкен.

Алсак, “Азаттыктын” берүүсүнө караганда, түркиялык кабарчы милиция кызматкерлеринин оройлугун, Оюндарды тартууга мүмкүнчүлүк берилбегендигин жана интернет кызматы начар иштегендигин айтса, дагы бир европалык турист маалымат, жарыя өнөктүктөрү өз деңгээлинде жүргүзүлбөгөндүктөн бул иш-чара тууралуу чектелүү өлкөлөр, жарандар гана билишкендигин айткан.

Ошентсе да, Италиянын “Corriera Della Sera”, Британиянын “The Mirror”, Американын “The Washington Post” гезиттери жана башкалар ат үстүндө жаа атып, жалындаган от аралаш ат чапкан, ат жалында тыйын эңген, улак тарткан көчмөн кыргыздардын оюндарына таңданышып, Кыргызстанда туризмди өнүктүрсө боло тургандай керемет жаратылыш бар экендигин, элинин меймандостугун таң калып сүрөттөшкөн.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.