Бронтой Бедюров, алтай акыны, Байдылда Сарногоев сыйлыгынын лауреаты: “Акын бүтүндөй бир дүйнө. Анын жүрөгү эмне сезсе, ошону жазат”

Эки жылда бир жолу эки гана акынга берилчү Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлык Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекова менен алтай акыны Бронтой Бедюровго ыйгарылды.

Бул сыйлык бийликтин камчысын чаппаган, ага жагынуу үчүн кошомат кылбаган, эл менен кошо жуурулушуп, мүдөөсүн түшүнгөн акындарга гана берилерин Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев баса белгиледи. Сыйлык эл аралык деген атын актап, буга чейин казактын калк акыны Улугбек Есдаулетке берилсе, эми алтай акыны жана алтай эл башчысы Бронтой Бедюровдун төшүнө Байдылда Сарногоевдин элеси түшүрүлгөн алтын медаль тагылды.

Атыңыз Бронтой, ал эми купуя ысмыңыз болсо Эр-Тардуш. Булардын маанисин түшүндүрө кетсеңиз?

– Менин атымдын мааниси ар кайсы элде ар кандай чечмеленет. Кыргыз тилинде кадимки “бороон” деген маанини берет. Бирок бул алогизм эмес. Мен атам согуштан келгенден кийин төрөлгөн экенмин. Ошондуктан ал мени фронттун баласы деп койгон экен. Азербайжан тилинен башка түрк тилдеринде “Ф” тыбышы жок болгондуктан, “фронт” эмес “бронт” болуп калган, ошондон улам Бронтой болдум. Ал эми купуя ысмым (псевдоним) Эр-Тардуш бул болгону менин уруумдун аты. Кыргыздарда да “төрдөш” деген уруу бар дешет.

Билишибизче атаңыз да акын болгон экен?

– Менин атам кереметтүү Оймон өрөөнүнөн чыккан акын. Атам эрте жетим калып, өзүнөн кичүү бир туугандарын багуу үчүн турмушка жаштайынан аралашкан. Ал кезде Алтайда кадр жетишпей окууга тапшырат. Бирок көп өтпөй эле армияга алып кетишет. Кызыл Армиянын катарында жүрүп, ыр жаза баштайт. Атамдын жашоосу дайыма армия менен байланышып жана жетим болгондуктан, ал өзүн армиянын баласы дечү эле. Ал  негизинен элдик ырларды, мекенге арналган ырларды жазган. Согушта төрт жолу жарат алып, үч жолу контузия болгон экен. Алтай элинин салты боюнча каза болгон кишинин буюмдарынын бирин да калтырбай, өрттөп жок кылыш керек. Атамдын көзү өткөндөн кийин анын жер жайнаган кагаздарынын арасынан үч күндөлүгүн катып алдым. Мына ошол күндөлүктүн негизинде былтыр атамдын ырларынын жыйнагын орус тилинде чыгардым. Бул өтө оор болду. Анткени элдик ырларды которуу оңой иш эмес. Биздин акын- жазуучулардын баары согуштан кайтпай калгандыктан, жалгыз атамдын эмгектери гана алтай элине адабий мурас болуп калды. Кийин шаарга окууга келгенимде окумуштуулар ошол күндөлүктөрдү, материалдарды сурашкан. Мен анын көчүрмөсүн берип, оригиналын өзүмө атамдан калган эстелик катары алып калгам.

2014-жылы “Алтай эл башы” деген наамды “Алтай башы” деп өзгөртүшүптүр, бул экөө эки башка нерсеби?

– Мени алтай эл башы катары 2013-жылы шайлашты. Чынымды айтсам, бул мен үчүн оор жүк болду. Анткени чыгармачыл адамдардын мойнунда өз милдеттери бар. Бирок биз орус адабиятчылары сыяктуу бир гана адабият же чыгармачылык менен алектене албайбыз. Элдин саны аз болгондуктан, мурасын, маданиятын, тилин сактап калуу биринчи кезекте адабиятчылардын милдети. 2014-жылы эл башы деген наамды алтай башы деп өзгөртүштү. Алардын ою боюнча эл башы бул президенттин деңгээлиндеги наам болот экен. А мен өзүм эл башы болууну каалаган эмес элем, анткени мага наамдарым жетиштүү. Орус жазуучулар союзунун өкүлүмүн. Элдик акын үчүн мындан өткөн бийик наам барбы?

Кыргыз тили менен алтай тили өтө жакын, алардын кандайдыр бир айырмачылыктары барбы?

– Мен лингвист, филолог жана жазуучу катары алтай тили менен кыргыз тили бир деп айткым келет. Болгону аралык алыс болуп, байланыш жок болгондуктан, алтай тили деп өзүнчө ат берилип калган. Биз Россиянын курамында болуп, кыргыз менен анчейин алака түзө албай калдык. Эгер биз казак-кыргыз же казак-өзбек сыяктуу дайыма байланышып келсек, анда биз кыргыздардын эң жакын тууганы болмокпуз, ансыз да кыргызга казактан да алтай эли жакын. Байланыш үзүлбөгөндө, биз бир эл болмокпуз, таптакыр айырмабыз болмок эмес. Кийин кирген сөздөрдүн негизинде терминологиялык жактан өзгөчөлүк болбосо, жалпы сөздүктүн жана орфоэпиясынын айырмасы жок. Кыргыз жана алтай тили 80 пайыз окшош. Мисалы,“жолдош” дегенди биз “нөкөр” дейбиз. Ал эми кыргызда мурда жоокерлерди “нөкөр” дешкен да.

Алтай – Орто Азиядагы эң чоң тоолуу мамлекет. Алтайдын жанында Кавказ кенедей эле. Совет учурунда каалагандай бөлүп салышкан. Адабиятты, маданиятты бөлүп, түрк тилдеринин үй-бүлөсүн бузуп, түрдүү алфавит ойлоп табышкан. Азыр алтай тили же кыргыз тили деп айтмак эмеспиз. Азыркы хакастар кыргыздар да, алар өздөрүн кыргыз деп атайын деген, бирок Тянь-Шаньда да кыргыз бар да деп, алар үчүн “хакас” деген жасалма терминди ойлоп табышкан. Бул термин кытай тилинен “кыргыз” дегенди билдирет. Сибирде калып калган байыркы кыргыздардын калдыгы – бүгүнкү алтайлыктар. Ошол эле тувалыктардын арасында кыргыз деген уруу бар. Совет доорунда элдерди бөлүү үчүн алардын арасындагы окшоштуктарды эмес, айырмачылыктарды издеп таап, аны көрсөтүп турушкан. Түндүк кыргыздары менен түштүк кыргыздарын айырмалап көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Жашоодогу аткара турган вазийпаңыз?

– Ой, буга чейин чындыгында ойлобоптурмун. Бирок ар бир адам жарык дүйнөгө келген соң алардын ар биринин өз вазийпасы бар. Белгилүү бир милдетти аткарууга тийиш. Мына ошол милдетин эрте билип, аны убагында бүтүрүш керек. Бизде “Алп маныш” деген эпос бар. Сиздердин “Манас” сыяктуу биздин эпос жазылбай калган. Бул эпосту көзү азиз, билимсиз адам токойго олтуруп алып, кадимкидей шатыратып айткан. Эпосто кыргыздар тууралуу да айтылат, анан ал караңгы болсо кыргыздарды кайдан билсин. Демек, генетикалык эс тутум сакталып калган. Башка элдер айтпайт да, ал эми алтай элинде кыргызга окшогон өнөр бар. Бизде дастанчыларды же төкмө акындарды “кайчы” деп коёт. Алтай элинин маданияты жоголуп бараткан. Улуттук кийимдерди кийүүгө тыюу салынган. Азыр менин мойнумдагы милдет, элдин унутта калган маданиятын тутандыруу жана аны кайтарып берүү.

Көбүнчө кайсы тилде жазасыз?

– Алтай жана орус тилдеринде жазам. Бардык түрк элдеринин тилдерин билем. Түрколог, акынмын. Ошол элдердин өзгөчөлүктөрүн өз чыгармачылыгымда чагылдырам. Жазуучу бул бүтүндөй бир дүйнө. Мен жашоодо эмне көрсөм, эмне уксам, жүрөгүм эмне сезсе жаза берем. Акыркы учурларда көбүнчө алтай элинин руханий маданиятын калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатам.

Мунара Кадырдин кызы, “Полит клиника”, 26.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.