Элдик казынадан (Элде айтат)

КЫРГЫЗДАР ЖЕТИ ЖЕТИМДИ АЙТЫШАТ:

1. Чөп чыкпаган жер жетим.

2. Элинен азган эр жетим.

3. Башчысы жок эл жетим.

4. Тыңшалбаган сөз жетим.

5. Эр албаган кыз жетим.

6. Кемпири жок чал жетим.

7. Багылбаган мал жетим.

 

ҮЙҮҢДӨ ҮЧ ДӨӨ БАР

1. Улагадагы уулуң дөө.

2. Керегеңде келиниң дөө.

3. Капшытыңда катының дөө.

 

КУЛАК ЖӨНҮНДӨ (Сөздү ким укпайт?)

1. Ташкулак укпайт сөздү.

2. Кум кулак сөздү кармабайт.

3. Акма кулактан сөз агып калат.

4. Куйма кулак сөздү сактап калат. Кыргыздар минтип айтышат: «Сөз уккандан үмүт кыл,  Сөз укпагандан ыраак жүр».

 

АДАМДАГЫ ТӨРТ САПАТ ЖӨНҮНДӨ

1 — сапат. Калыстыктан тайбагандык.

2 — сапат. Чынчылдыктан жазбагандык.

3 — сапат. Өзүңдөгү жана ишиңдеги тазалык.

4 — сапат. Ажатчылдык, адамгерчилик.

 

АДАМДАГЫ ТӨРТ КЕСЕПЕТ ЖӨНҮНДӨ

1. Калыстыктан тайыгандык, кыйшык иш.

2. Калпычылык, уурулук, ушакчылык.

3. Өз боюңа, ишиңдеги балиттик.

4. Кыянатчылык, акты карага күбөлүк.

 

АДАМДА ТӨРТ КЕСЕЛ БАР

1.Жатактык, жалкоолук, бекерчилик.

2. Уурулук, калпычылык.

3. Убадага турбай, айныгандык.

4. Аялың жаман болсо.

 

ҮЙ-БҮЛӨДӨ ТӨРТ СЫПАТ БАР

1. Уул жакшысы урмат.

2. Келин жакшысы кенч.

3. Кыз жакшысы күл азык.

4. Аял жакшысы артык.

 

ҮЙ-БҮЛӨДӨ ТӨРТ КЕСЕЛ БАР

1.Уулуң жаман болсо урматың кетет.

2. Кызың жаман болсо, кылыгың кетет.

3. Келиниң жаман болсо уятың кетет.

4. Аялың жаман болсо жыйганың кетет.

 

БИР ЖЫЛДЫН МЕЗГИЛИНЕ КОЮЛГАН АТТАР

18.VI. Үркөрдүн чыгышы.

40.VI. Жайчилденин түшкөнү.

15.1Х. Кыргыйектин өтүшү.

7.10.1Х. Каркыранын өтүшү.

17.Х. Бугунун ооз чайкары. Үшүк.

6.7.Х. Кыш кыроосу. 25.Х11.

Чилденин түшүшү. 20.11.

Чилденин чыгышы.

5.Ш. Суурдун чыгышы.

10.111. Аюунун которулушу.

15.111. Кемпирдин кейиши.

20.111. Токсондун чыгышы.

15.1.Х11. Ар ардасы, тогоол.

30.1У. Күкүк чакырык.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.