“Жаңылыпмын, үшүптүрмүн, түшүпмүн…”

Динара Бейшеналиеванын жаңы ырларынан

 

ҮЧ

Жалынса сатып ийсең – амал мессиң
Өз этиң өзүң жесең – аман мессиң.
Ырларың алдап ийсең – адам мессиң.

 

ЭРК

Ааламдын агындысы агып келип,
Тирилик – тири укмуш үнү менен.
Жүрөктөн кайра ааламга кетет агып…

 

ЭЙ, БУЛУТТАР…

Бетиң аппак, көзүң күчтүү, басып өт,
Берметтериң, жакуттарың чачып өт.
Куш болоюн, куш болоюн атып өт..

 

БИЛБЕЙМИН

Кээде туруп, өз өзүмдөн кирдеймин,
Хан сарайым капас болуп… Түндөймүн…
Сен эле эмес, кимдигимди билбеймин…

 

КАР МЕНЕН ОТ

Кар байкуш неге мынча эрте жаады…
Отунум темир меште дүрт-дүрт этет.
Жүрөгүм, көөдөнүмдө дирт-дирт этет….

 

БАЙКУШ КӨПӨЛӨК

Катуу куюн, кайнатып, ташты кумду,
Айлантып алып кетти көпөлөктү.
Байкуш аа-ай…

 

ЖАКШЫЛЫК

Дарак гүлдөп, гүлү да түшөт бүрү,
Үмүт деле үзүлөт кээде чыны,
Үзүлбөгөн бир жип бар- жүрөктөгү…

 

МЕН АЯЛ

Кагылам сенден, сыр айта көрбө жанымда
Калчанып-нетип, каадамды төгүп албайын
Кадырың калбай, калбасын анан сенин да…….

 

ТҮН МЕНЕН АЙ

Теребел уктап жатыры
Терезе карап отурмун,
Ай карап барат акырын…

 

ЖАРЫК КАЯКТА

Бир күндөр- ыраакпы,
Бүт өмүр чыракпы…
От ошо – туракпы…

 

БҮГҮН НЕГЕДИР

Шамал муздак
Адам муздак,
Кадам муздак бүгүн негедир.

 

ЭХ…

Эх дүнүйө, мынча кызык оюнуң
Сунам мобу, шуру, сулуу моюнум
Мынча муздак, мынча ысык коюнуң….

 

КЕТКИЛЕ

Кагазым, катар-катар учкулачы
Каткыргым келип туру бүгүн менин.
Бүт баары өлүп туру бүгүн деги…

 

СЕН

Кечтерим кертип кетпечи
Түндөрүм түртүп өтпөчү
Күндөрүм үзүп…Жетпечи…

 

СЫНДЫРБА

Менин ырым – тып-тып баскан издер
Менин ырым – дүк-дүк соккон бу жүрөк
Менин сырым – үлбүрөйт да үлбүрөйт…

 

КЫЛЫМДАР

Таңдар мынча тез тез атышат.
Терезеден кечтер кулашып,
Жыл мунарлар чийдей урашат.

 

ТӨРТ

Төрт мезгилиң – сап ыр дешти
Төрт тарап ушул, шыр дешти.
Төрт эле ооз – сыр дешти….

 

ТАЗАРСЫН

Ыйлабагам. Көөнүм кирдеди.
Ыйласамбы бүгүн үн катып?
Жуунайын, анда түн катып.

 

БОЗ ТАЛАА

Жылып-жылып, жылым үйүлдү
Бекер кеткен, бекер учушкан.
Кандай чечем ушул түйүндү….

 

ЖОК

Кышта тоңуп калбайын деп ыр ичтим
Күздө үзүлүп түшпөйүн деп ыр үздүм
Жаңылыпмын, үшүптүрмүн,түшүпмүн…

 

ҮЙ КУТУ

Ал – кубатта, кыз-уулума жалбардым
Абийир делдим, адамга бир арналдым.
Очок дешти, түбөлүккө өчпөөчү.
От жылааны, ороп турду, кармандым

Оттон алыс, узап, улам кетпедим,
Жетсе да үнүм, ай астынан өтпөдүм.
Аалам көзөп, жылдыз ырын тизмекке
Алып учкан, жүрөгүмдү тек дедим.

Жалган дедим, жалтыракты жектедим,
Бирок, Күнүм чындай чыкты көктөгү
Кара жерди жарып ийип, кыпкызыл,
Гүлдөр чыкты, сүйкүм өңү өчпөөчү…

“Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.