Баатырдык, атак-даңк, сыйлык-наам, Сүймөнкул, Шербет жана ден соолук тууралуу кеп

sh_duisheev_til1

Баатырдык жөнүндө кеп кылардан мурун төмөндөгү фактыны эске түшүрүп алалы: “Советтер Союзунун Баатыры-мамлекет алдындагы эрдиги үчүн берилчү жогорку даражадагы ардактуу наам. СССР БАКтын 1934-жылы 16-апрелдеги токтому менен бекитилген… Бул наам биринчи жолу 1934-жылы “Челюскин” кемесинин экипажын сактап калган советтик учкучтар- М.В.Водопьяновго, И.В.Доронинге, Н.П.Каманинге, С.А.Леваневскийге, А.В.Ляпидевскийге, В.С.Молоковго жана М.Т.Слепневго берилген” (КСЭ,5-том, 344-бет). Экинчи факт: “Социалисттик Эмгектин Баатыры -СССРде чарбалык жана маданий курулушта өзгөчө жетишкендиги үчүн ыйгарылчу эң жогорку наам. А СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1938-жылы 27-декабрдагы указы менен белгиленген” (КСЭ, 5-том, 4о1-бет).

Советтер Союзунун Баатыры наамы белгилегенден кийин ал накта баатырдык наамды эмгектин күжүрмөндөрүнө берүүгө болбойт деген тыянакка келгенден кийин “Социалисттик Эмгектин Баатыры” деген наам белгиленип жатпайбы. Чыныгы баатыр менен эмгек баатырынын асман менен жердей айырмачылыгын Совет мамлекети чек коюп туптуура бөлгөн.

Кыргыз мамлекети эркин мамлекет болуп жашай баштагандан кийин мамлекеттик эң жогорку сыйлык деп “Кыргыз Эл баатыры” деген наамды белгилеген. Ошондон бери бир дагы чыныгы баатырыбыз жок, жалаң гана эмгек күжүрмөндөрү, ооба, баатыр эмес, күжүрмөндөр, аталган сыйлык менен сыйланып келе жатат. Туура дечи, “Эл баатыры” деген наамды алгандар жөнөкөй эле адамдардан эмес, мамлекетине эмгек сиңирген абройлуу адамдар, бирок, аларды “баатыр” деп түз мааниде айтууга болбойт. “Баатыр” дегендин өзү мамлекет үчүн, эл үчүн кандайдыр бир эрдикти жасаш керек, жанын оозуна тиштеп алып, өлүм коштой жүргөн эрдикти жасаш керек эмеспи. Мисалы, Мекенин коргогон жоокерлер, кылмышкерди кармаган милийсалар ж.б. Ал эми жылуу бөлмөдө олтуруп алып ыр жазып, роман жазып, пьеса жазып, нота жазып жаткандарга “баатыр” деген наамды чылгый бойдон берүүгө кайдан болмок?!Маселен, алардын короосуна кашкарайганда баш кесер эмес, жөн эле адашкан мас кирип келсе да байбичесинин дамбалына кире качар…Баатыр десек жанына тыпырайтып туруп “эмгек” деген сөздү кошуп коюшубуз керектир, ооба сөзсүз керек. Баатыр дегенде адегенде эле Манастын элеси келет, Чубак, Сыргагы бар… анан Балбай, Төрөгелди дегендер, кийинкиден Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкул Шопоков, Дайыр Асанов, Ташмамат Жумабаев дегендердин тизмеси кетет. Дагы кийинкиден “баатыр” наамын бергибиз келсе, революцияга катышкандарга бериш керек. Бирок, кийин “мен революцияга катышкам” деген адыраңбай “баатырлар” да толуп кетти.

Өткөндө Сазыкбай иним телефон чалат “Шайлообек менен Анатай байкелерди баатырдыкка көрсөтүп жатам” деп. Мен ага каршымын дедим. Акын-жазуучуларга, дегеле эмгек адамдарына түз эле “баатыр” деген наамды берүүгө болбойт. Маселен, Шайлоо көчөдө келатса, анан капталдан бир ит чыгып “арс” этсе, Шакем бакырган бойдон өтүп бараткан катындын аркасына жашына калса эмне болот” деп тамашаладым… Шайлоо экөөбүз бул маселе боюнча, тээ мурун эле, ошол “баатыр” наамы бекигенден, акын-жазуучулар ала баштагандан эле каршыбыз. Бир-эки ирет ал жөнүндө жазганым да бар. Ошентип, бул маселеге мамилең кандай деп, анын мамилесин билсем деле Шакем менен маектештим. Кепти ошондон улайлы…

– Шаке, кыргызда үйүнө жатып алып баатыр болгондор көбөйдү. Баатыр дегениң “эл четинде, жоо бетинде” болуп, анан ошол “баатыр” деген наам алчу эле?

– Буга чейин “баатыр” наамы барлардын баары элибиздин маданияты үчүн опол тоодой эмгек кылгандар. Булардын бири калбай биздин сый-урматыбыздан өксү болбой өтө турган, бизден кийинки муундар ардактап жүрө турган адамдар. Бирок, сен экөөбүз башынан эле маданият ишмерлерине, өнөр кишилерине “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наамдын берилгени туура эмес, бул деген мурдагы совет доорунан калган көрүнүш, “эмне үчүн анда өз өлкөсүн гүлдөтүп жаткан немистер “Герман эл Баатыры”, япондор “Япон эл Баатыры”, кытайлар “Кытай эл Баатыры” болуп алышпайт?” деп каршы болуп жүргөндөрдөн эмес белек, Баратбай?

– Шаке, эми ошол “баатыр” дегендин маанисин чечмелечи?

– “Баатыр” деп өз эли-жерин басып кирген душмандан коргогон, Энени баладан айырып, кыз-келиндеринин абийирин төккөн, аялзатын кордогон каракчылардын өтүн тилип, көзүнөн кан алган эрендерди атаган. Аларды ырга, күүгө салып, өмүр бою жомоктоп, даңазалап келген. Буга Манас күбө.

Кыргызда “Баатыр алтоо, бай төртөө, бий жалгыз, кедей сегиз, кул тогуз” деген сөз бар. Эмне үчүн көбү “кул” менен “кедей?”. Көрсө, “кул” деп жоо колунан туткунга түшүп кул болгондорду эмес, өз жеринде, өз элинде кул болуп, кулдук сезим менен кедей-кембагалдыктан кутулалбай келаткан көпчүлүк элди айткан экен.

“Бий жалгыз” дегени мындай. Илгери кыргызда соттун милдетин “бий” аткарган. Калыс бий оңун да, солун да карабай туруп калыс чечим чыгарган. Сыягы бийлер Кудайдан корксо керек. Ошондуктан “Бий жалгыз” болгон. Ошондуктан элибиз “Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деген.

– “Бай төртөө” дегеничи?

– “Бай төртөө” дегени: Биринчи-Чоң Бай деп аталып, баскан-турганы мырза, бир топ эле март, анча-мынчага ажаат ачкандарды айткан экен. Таза кийинип, таза жүргөн дейт. Кыз-уулдарын кедей-кембагалдын балдарына такыр жолотпоптур. Кара жумушка да аралаштырбаптыр. Бул өңдүү Чоң Байлар мансаптуу, даражалуу, таасирдүү адамдар менен дос, тамыр болушкан. Дал ушул байлардын балдары кийин мансап, бийлик талашып чыккан, шайланып эл башкарып турган. Кедейлерди теңине албай, аларды керек болгондо гана эстеген.

Экинчи-Сараң бай, колунан бирдеме чыкса өзөгү өрттөнүп, өлүп кете жаздаган. Жеткен кексе, барып турган зыкым болгон. Бөлөк-бөтөн тургай, жакын тууган сөөк-тамыр дегендерине да чык татырбаган. Өзүнүн минген атын аяп, кедейдин жалгыз атын сурап минген. Кездемеден пулун аяп, дамбалсыз шым кийген. Малынын туягын санап жүрүп көзү өткөн.

Үчүнчү-Сасык Бай же Кокуй Бай, миңдеген кою туруп согумга бир кой союп жебей тырышып, кокус арасынан бирөө өлүп калса ошонун этин жеген. Жакшы кийингенди жактырбаган. Үйүңө “конок келатат” дегенди укканда, “жок” деп койгула деп жашына калган, кокус кирип келсе “ооруп жатам” деп башын жоолук менен таңып, төшөккө жата калган.

Төртүнчү-Мерез Бай, дайыма жалгыз конуп, жалгыз үй жашаганды жактырган. Жанына коңшу болом деп бирөөлөр келатат десе, түнү менен башка жакка көчө качкан. Эч кимге эч нерсесин ыраа көрбөгөн, бар болуп турса да оозунан “жок” дегенден башка сөз чыкпаган, үйүнө эч качан конок чакырып, конок тоспогон, бирок бирөөлөрдүкүнө конок болгондон эч качан качкан эмес. Кокус казактан дос-тааныштарын конокко чакырып келсе өзүнүкүнө эмес, өзүн жакшы көргөн бирөөнүкүнө тостуруп сыйлатып, кийин өзүм коноктогом деп мартаңдаган. Ичи тар, көралбас болгон. Жакын санаалаштырынын жакшылыгын көрсө өлүп кете жаздаган. Билбегендерге кадыр-барктуу көрүнгөн менен калп жүрүп, жалган жашаган.

– Аппали, дал ушундай байлар азыр “иттин кара капталынан” болду. Ии, анан?

– Эми баатырларга келели. Кайнаган өрттөн, каптаган селден селт этип серпилбеген, жаналгыч жоодон жалтанбаган, миң сандаган колдон коркпой кармашкан баатырдын баатырын-“Баатырдын шери” деп атаган. Буга биздин Манасыбыз далил.

Экинчиси-кармашта колу сынса мойнуна, буту сынса канжыгасына таңып алып кармашкан, башы-көзүнөн кан акса аарчып алып согуша берген баатырды “Көкжал баатыр” деген. Буга Кошой абабыз менен Чубакты айтсак жарашар.

Үчүнчүсү-согуштун ыгын да, сырын да мыкты билген, жоону жазгырып туруп жайлаган, кээде калп качымыш болуп буктурмадагы жоокерлердин колуна салып берген баатырларды “Илекор Баатыр” деген. Буга Алмамбет менен Сыргакты айтсак болор.

Төртүнчүсү-жоого жанына жолдош албастан жеке барып кол салган баатырларды “Жеке баатыр” деген. Буга Манастын ар бир чоросун мисал кылсак болот.

Бешинчиси-жоокерлер менен жоого чогуу кирип, бирок согушкандан коркуп, ичинен качып кетейин деп жанындагы жоро-жолдошторунан уялып, эптеп урушуп жүргөндөрдү “Ээрчиме баатыр” атаган.

Алтынчысы-“жоо келди” деп дүрбөп чапкандар менен кошо кетип, “Манастан менин эмнем кем?” деп куру намыска жетеленип барып айласы куруган, эптеп кара башын калкалап жүрүп аман-соо келгендерди “Арсыз баатыр” деген. “Арсыз баатыр чочкого чабат” деген сөз ошондон калган. Чет жактан келген душманын эмес, өз элин чаап, өз элин курутуп, жылкы уурдап келгендерди да “Арсыз баатыр” атаптыр. Өз элин талап-тоноп, жеп-ичип келаткан “арсыз баатырлар” бүгүн деле көп эмеспи.

– Эми Шаке, Сазыкбай деген ини досуң, мага чалып, сага да “баатыр” наамын бериш керек деп чыгып атпайбы, баатыр болууга кандайсың?

– Жакшы ниети үчүн курбум Сазыкбай баатырга ыракмат дейинчи, бирок, ал досумдун супсунун суутуп койгону калдым окшойм деп турам. Атаганат де, ким эле баатыр болгусу келбесин. Анын үстүнө Советтер Союзунун эки, Социалисттик Эмгектин жети баатыры чыккан Ат-Башылык болгондугумданбы, бала чагымда “канткенде баатыр болом?” деп элеп-желеп болуп, энем жапкан жуурканды айра тээп, түнү менен уктабай чыкчу элем. Бирок, кашайып, канча аракет кылсам да ушу менден бир жолу да баатыр чыкпай койбодубу. Ошол алданемедей ал-күчкө толуп турган жаш чагымда баатыр чыкпаган менден эми пайгамбар жашына келгенде баатыр чыкмак беле? Армияда орус солдаттардын “дуй” деген жагына жапырылып “дуй” болуп жүрүп, эптеп эки жылымды өтөп, Ат-Башыма аман-эсен кайттым эле. Мага баатырлыкты “Өлүп калбай өз Мекенине аман-эсен кайтып келгендиги үчүн” деп ошондо берсе болот беле, болот эле. Бирок анда берген жок. Бир де?

Анан студент кезимде Бишкектин кайсыл ышпанасы бир күнү башка чаап кетет деп, сенин көлөкөңдү ээрчип жүрүп КМУну эптеп бүтүрдүм эле. “Өңчөй хулигандардын окуу жайы болгон филфакты өлбөй бүтүргөндүгү үчүн” деп баатырлыкты ошондо берсе болбойт беле, болот эле, мында берген жок. Эки де?

Анан эптеп аял алып, бала-чакалуу болуп, калжайып карып, анда-санда Зейне чоң кыйкырып койсо дүкөндүн артына жашына калган, бир жакка чыгарда досум Нуралыны чакыртып, ал машинасын дарбазага такап токтотору менен ичине кире качып жумушка барып-келип жүргөн менден баатыр чыгабы? Ошентип, сен деле билесиң, балким баатыр чыгып калбасын деп бир ирет группама ыстарыста да болуп көрдүм, бирок канча аракет кылсам да менден баатыр чыкпай койбодубу.

– Деги сенден эмне чыкты анан?

– Манасты менден жакшы билесиң. Чоролорунун баары эле баатыр болуп кетсе Манастын эрдигин ким даңктап, ким ырдап, ким бизге жеткизет эле? Ошол кырк чоронун баары баатыр болбой калганына кудайга тобо дейли. Ырамандын Ырчы уулу менен Жайсаң болбогондо балким биз Манасы жок калат белек, ким билет. Муну айтып атканым, бизде көркөм өнөрдүн “баатырлары” үчүн бериле турган “Эл акыны”, “Эл жазуучусу”, “Эл артисти” деген ардактуу наамдар бар. “Жаштар сыйлыгы”, “Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы” деген кадыр-барктуу сыйлыктары бар. Төштү кооздой турган орден, медалдары бар. Мындан сырткары ар бир мекеме-ишкананын өздөрүнүн жасап алган толгон-токой төш белгилери, ызначок-мызначоктору бар. Жетет да ошол. Ошонун баарын көтөрүп жүрүштүн өзү эле баатырдык эмеспи. Ошондуктан мындан ары өнөр адамдары үчүн “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наам бергенди токтотсок деп, акылга салып иш кылсак деп айтайын деп атпаймбы.

Анан “күйүттүү катын кошокчу” дегендей, баатыр болбой калганымдын күйүтүн аябагандай катуу тарткан экемин, баатыр чыкпаган менден акыры акын, жазуучу чыкпадыбы. Акын, жазуучу болуш, о-уу, баатырлыктан да сонун экен. Кокус “Эл акыны” же “Эл артисти” болуп алсаң, өлгөндөн кийин түз эле “Ала-Арча” көрүстөнүнө барып жатат экенсиң.

– О, кудай урган, жөн сүйлөчү?

– Бул эми тамаша, Баке. Англиялык Адисон Джозеф деген жазуучу айткан экен: “Өлгөндөр өз мүрзөлөрүндөгү аларды даңктап-мактаган жазууларды окуй алышса кайрадан экинчи ирет өлүшмөк” деп. Табияттын төрт мезгили сыяктуу эле адамдын Жазы, Жайы, Күзү, Кышы болот тура. Сен экөөбүз азыр Күзүн аяктап кычыраган Кышын көздөй бараткан кезибиз. Жаштардын баары эле карыгысы келбейт, бирок баары эле узак жашагысы келет. Узак жашаган киши акыры карыйт да, туурабы?. Жаштык деген жалаң Мээнеттен турса, мээнет менен келген карылык жалаң Дөөлөттөн турарын билдик го.

Өткөндө кыргыздын мыкты уулу, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, художник жана актер Сүймөнкул Чокморовго куран окутканы бардык. Эл шаардан, андан-мындан агылып аябай көп келди. Биз Жали, Нуралы болуп сүйлөшүп, Сүкөбүздү эстеп турдук. Жали айтып калды:

– Сүймөнкул ооруп Москвада жаткан эле. Көрүп келейин деп атайлап учуп бардым. Агасы Эсен аке палатанын оозунда башын жерге салып олтурган экен. “Алы кандай?-десем: “Болбой калды окшойт. Бөйрөгүмдү берейин десем, “эми анын кереги жок, өзүңүз да бир бөйрөксүз каласыз. Бөйрөк сала турган стадиядан өтүп кетти, акыркы сааттарын жашап жатат” деди врачтар, сен муну Сүймөнкулга айта көрбө,-деди акырын.

Мен палатага кирип Сүкөмдүн колун кармап учурашып, жанына олтурдум.

Машинканын редакциялардагы саргыч бозомтук кагазына окшоп өңү өчүп бараткан атактуу Сүймөнкул чалкасынан жаткан калыбында сүйлөп жатты:”Ыракмат! Убара болуп алыс жерден келбей деле койсоң болмок. Жыйган байлыгың да, дүңгүрөгөн атак-даңкың да, алган сыйлык-наамың да ден соолуктун алдында бир тыйынга татыбайт экен. Ушул оорукананын короосуна таңатпай дворниктер келет. Жыргап тамашалашат. Анан шыпыргыларын алып шыпырып кирет. Аларды карап туруп ушунчалык суктанам. Тим эле көзүм чачырап кетет. Кудай мага: “Сүймөнкул, ден соолугуңду кайрып берейин, атак-даңкыңдын, алган наамыңдын баарын таштап салып туалет тазалайсыңбы?”дечү болсо, билесиңби, Жали, ушул оорукананын туалетин таңдан кечке дейре тазалайт элем, тазалаганда да, бир жерине да кымындай кир калтырбай, жалтыратып, мелтиретип тазалайт элем!”-дебатпайбы.

Сүймөнкул Чокморовдун үй-бүлөсү жөнүндө кезинде “Семья” деген кино тартып, анысын дүйнөнүн 27 өлкөсү сатып алган, бирок эмнегедир өзүбүздө көрсөтүлбөй келаткан документалдуу фильмдин автору, белгилүү кинорежиссер, Кыргыз эл артисти Жали Сооданбектин бул сөзү жандүйнөмдү аңтарып жиберди, Баратбай. Алыкул айткандай адам деген бечара болот турбайбы, көрсө. Өлгөндө көргө сени менен кошо кете турган жалгыз көлөкөң болот экен. Ал эми сыйлык, наам дегендериң сен кеткенде сени менен кошо кетпейт экен. Бирок, мына ушул сыйлык, наам үчүн чуркагандар жакшы деген адамдарды жаман кылгысы келип, сыйлык-наам үчүн жанын жеп калп сүйлөп, жаман атты кылгандан, жалаа жапкандан кайра тартпай, көзүн, көкүрөгүн көөлөп алып жалган сүйлөп жалактап калат турбайбы. Жокту бар деп жалаа жапкан адам “кишинин этин жеген менен барабар” деп Куранда айтылат деп уккан элем.

Жалиден кийин Сүймөнкул агабызды Нуралы эскерди:

– 90-жылдары го, агезде “Ленинчил жаш” гезитинде иштеп жүргөн кезим. Сүймөнкул байке мага көп келчү болгон. Ооруканага барып жата калып, гемодиализден туруп эле бизге жөнөчү окшойт. Билбейм, эмнегедир анын ошо кездери өз катарындагы аттуу-баштуу адамдар менен сүйлөшкөндөн тажаган жанга окшоп, карапайым, жөнөкөй адамдар менен сүйлөшкөндү жактырып калганын сездим. Ошондой күндөрдүн биринде ал мага арык, шадылуу манжаларын көрсөтүп: “Нуралы, эртели-кеч комуз чертчү элем. Азыр черте албай калдым. Манжаларым комуздун кылын басканда эчтекени сезбей, жансыз болуп калчу болду. Жан өчө баштаганда баары өчө баштайт окшойт”-деди.

Бир таң калыштуусу Сүймөнкул байке ушул сөзүн кейибестен, өкүнбөстөн, жөн эле келди-кетти нерсени сүйлөп аткансып сүйлөп олтурду. Мен Мукан Рыскулбековдун сөзүн эстедим: “Эй, бака! Сүймөнкул волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасында ойноп жүргөндөчү, сеткадан белине чейин чыга калып 1-линияга чапкандачы, анын тобун желмогуз да тосо алчу эмес! Ме сага!”дечү эле.

Атактуу художниктин Саякбайды тарткан манжаларын, атактуу актердун күргүңтөп кирип турган дайрада “Сүлүк кара!” деп көз жашын көлдөтүп ыйлап жаткандагы кара ташты кучактап турган манжаларын кайрадан кунт коюп карадым. Карасам, кайран кишинин манжалары каны качып кумсарып, чапкан чөптөй соолуп бараткан экен…” Ушинтип айтты Нуралы.

Жали, Нуралы болуп Сүкөмөн келатып Байтиктин Бас Бөлтөгүнө кайрылып, аердеги маркумдарга куран окуп өткөн элек. Ошол бейиши болгурлардын бири Шербет Келдибекова менен сүйлөшкөнүм оюма түштү.

Шербет эже келатканда жердин денесин оорутуп албайын дегенсип аяп басып, сүйлөгөндө да көңүлүңдү оорутуп албайын дегенсип акырын, жумшак сүйлөчү эмес беле. Бир жолу Алыке менен бара калып, эмне үчүн ушинтип басып, ушинтип сүйлөп калганын сурай кеттим: “Шайлоо анын сырын билбейсиңер. Силердин жүрөгүңөр бекем жерде болсо, мен жүрөгүмдү күн сайын эки алаканыма салып алып көтөрүп жүрөм. Анан таш же көң эмес, жүрөк көтөрүп келаткан соң кокус түшүрүп албайын деп акырын басып, акырын сүйлөп атпаймбы. Жүрөгүнөн операция болгон адамдын баары ушинтип, бирөөлөрдүн жүрөгүн оорутмак түгүл, кара жердин этин оорутуп албайын деп акырын басып, акырын сүйлөп калат. Менин жүрөгүм алаканымда, өзүм болсо Кудайдын колундамын”-деген эле.

Сүймөнкулга куран окуткандан кийин ушуларды эстедим, Баратбай. Сен экөөбүз жамандыр-жакшыдыр аксакал болдук. Мындайларды артыбыздан келаткан жаштарга айта жүрүш керек экен. Айтпай-дебей койсок, чындыкты дудук кылып койсок калпка тил бүтүп, көрүнгөн кагазды гөтачы кылган жерден тура калып сайрап кирет экен. Калпка калк чыдабаган менен кагаз байкуш чыдай берет эмеспи. Анан кагаздагылар чогулуп олтуруп коомдук пикир дегенди түзөт экен. Ал эми коомдук пикир дегениң өзүн эч кимге зордуктаткысы келбеген албуут катындарга окшогон неме болот турбайбы. Карыган кезде карөзгөй болбой, карыган кезде кайышчыл, арызчыл болбой жакшы карый билүүнүн өзү да чоң искусство болот окшобойбу. Атак-даңктын артынан сен чуркабай, атак-даңк сенин артыңдан өзү чуркап турса, эл алдында жүзүң да жарык, өзүң да баладай таза болот эмессиңби, Баке?

– Эми маегибизге чекит коюп баратып, бир суроо бергим келип турат. Азыр эмне кылып атасың?

– Баягы “Эки дөөнүн күрөшүн” толуктап, кайрадан иштеп чыктым. Мурдагыдан да мыкты болду. Кытайдын Ороңгу катынын көтөрүп чапкан Кыргыздын Таркы кыз балбаны кирди. Кирмек тургай “Жолойго мени сал” деп жулунуп, абасы Бакайга келди. Кол жазманы көтөрүп алып жайында Каркырага барып окуп, баягы берендерге белин тепсетип жаткан Кошой дөө оонап тура калганда жарыктык Каркыра оодарылып барып ордуна келген жери бар эмеспи, ошол жерине келгенде “О-о!” деп кыйкырып жиберипмин, “мен эми касиеттүү Каркыранын так ошол оодарылып барып ордуна келген жерин тартам” деп, сүрөтүн Кыргыз эл сүрөтчүсү Таалай Курманов тартып аткан кези. Эмдиги жылы буюрса дөөлөрдүн күрөшүн китеп кылып, жөн китеп эмес, китеп-альбом кылып чыгарсакпы деп турабыз.

– Кебиң баш-аягына чейин мыкты болду Шаке. Далай адамдын кыжырына да тийдиң окшойт. Сооп болот! Мага ошол керек болчу. Аман бол, Шаке!

Баратбай Аракеев, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.