Токтосун Самудинов: “Байчечекейдин” таалим-тарбиялык таасири чоң”

baychechekey

СССР заманын көрүп калган адамдар балалыгын эстегенде көздүн жоосун алган “Байчечекей” журналын сөзсүз эстейт. Азыркы акын, жазуучу, журналисттердин да чыгармачылык тушоосун бир кезде ушул журнал кессе керек. Бир кезде жүз миңдеген кыргызстандыктар да ушул журналга жазылып, аны зарыга күтүп окушкан. 38 жыл бою “Байчечекейге” баш редакторлук кылып, кырчындай жаштыгын, өмүрүн, эмгегин ошол журналга арнап, чачы агарса да журналдын атын өчүрбөй чыгарып келаткан Кыргыз эл акыны Токтосун Самудинов агайды кепке тарттык.

– Токтосун агай, бала кезден баарыбыз “Байчечекей” журналы менен чоңойдук. Ошондон азыркыга чейин журнал чыгып келатат. “Байчечекей” эмес башкасы талкаланган заманда журнал кантип жанын сактап калды?

– Союз кезинде “Байчечекей” журналын күтүп окуган балдардын алды азыр чоң ата болушуп, алардын неберелери “Байчечекейди” окуп жатышат. Башкача айтканда, муундан муунга өтүп келаткан бөбөктөрдүн журналы чыгып келатканына быйыл туура 38 жыл болду. Ошол 38 жыл ичинде журналдын таптакыр чыкпай калган учуру болгон жок. Болгону совет заманы кулаганда бир-эки жылдай эки айда, үч айда бир чыгып калды. Ошол кезде Чыңгышев баштаган кыргыз өкмөтүндөгүлөр “килейген завод-фабрикалар талкаланып жатканда, кичинекей “Байчечекей” эмне болуп калыптыр, чыкпаса чыкпай калар” деп түс үйрүштү. Ошондо Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында да балдар басылмалары үзгүлтүксүз чыгып, балдар үчүн уктуруу, көрсөтүүлөр токтотулбаганын айткам. Ошентип жүрүп бирөө тепсеп кеткенде жалпайып калып, кайра жамгыр жаап, күн тийгенде бажырайып ачылган байчечекей гүлүндөй болуп журнал кайра тирилди.

Акыркы эки-үч жылдан бери журналга жазылгандардын саны өсүп, ай сайын 6, кээде 7 миң нуска менен чыгып жатабыз. Албетте, 6 миң нуска өтө аз. Бирок бир үйдө аз болгондо экиден бала болгонун эске алсак, “Байчечекейди” 12 миң бала окуп жатат. Чынын айтканда азыр алыскы айыл жериндегилердин журналга жазылуусу “Байчечекейдин” өмүрүн узартып жатат. Башка гезит-журналдардай бул журналды күркөлөргө таратып, көчөлөргө алып чыгып да сата албайт экенбиз. Ошондуктан ар бир бөбөк илгеркидей почта аркылуу өзүнүн журналына жазылып, аны ар айдын онуна чейин колуна алганы бизге да, бөбөктөрдүн ата-энелерине да чоң олжо. Жазылгандар негизинен айылдыктар болгондуктан жазылуу баасын деле кымбат кылган жокпуз.

– Элүү жылда эл жаңы дегендей, илгерки “Байчечекейден” азыркы журнал биртоп айырмаланса керек?

– Ооба, 38 жыл мурун мен отуздан жаңы эле ашкан жигит элем. Ал кезде “Ленинчил жаш” жаштар гезитинде редактордун орунбасары болуп иштеп, балдар үчүн деле көп жазчу эмесмин. Тагдырдын буйругубу, 1977-жылы мага комсомолдун Борбордук Комитетине караштуу “Байчечекей” журналына баш редактор болууну тапшырышты. Алгачкы чыкканда эле журнал күн желесиндей ачык, түстүү сүрөттөрү жана жатык тил менен жазылган ыр, жомок, табышмактары менен жарык көргөндүктөн мугалимдер менен ата-энелер да активдүү жазылышкан. Биринчи чыкканда 75 миң нуска менен чыгып, кийин 85 миңге жеткен. Ал кезде комсомол комитетинин жергиликтүү комитеттери жазылуу жагынан көп жардам кылышчу. Кийин заман өзгөрүп кетип нускабыз азайып кетти. Азыр ойлосом ошол кезде азыркы Жаштар министрлигинин ролун комсомолдун Борбордук Комитети аткарчу экен. Комитет бөбөктөрдөн тартып, жумушчу, студент, аскер кызматындагы жаштарды тарбиялоону өз мойнуна алган өтө таасирлүү чоң уюм болчу. Тарбия демекчи, азыр бөбөктөрдү, өспүрүмдөрдү, жаштарды тарбиялоону талаага таштап койгондугубуздан улам алар Батыштын, Европанын таасирине бат, оңой берилип кетип жатышат. Көчөттү ийри отургузуп, жакшы карабаса кийин ал ийри, тарбайган даракка айланат. Көчөттү туура отургузуп, көрктүү бак кылган багбан сыяктуу “Байчечекейдин” бөбөктөрдү туура тарбиялоодо таалим-тарбиялык касиети, ролу да чоң. Журналдын негизи максаты да башынан эле бөбөктөргө туура таалим-тарбия берүү болгон. Башкасын айтпаганда да, союз маалында “Байчечекейдин” бала бакча балдарын мектепке даярдоого кошкон салымы аз эмес эле. Азыр да бөбөктөргө тамга таанытып, тилин жатыктырууда, жазууга, сүрөт тартууга кызыктырууда журналдын кызматы чоң. Себеби журналда балдар өздөрү боей турган, кесип алып бир нерсе жасай турган сүрөттөр бар. Бала бат жаттап ала турган кыска жомоктор, ырлар, табышмактар журналдын ар санында үзбөй жарыяланат.

– Коңшу өлкөлөрдө да “Байчечекей” сыяктуу журналдар чыкса керек?

– “Байчечекей” журналы Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстандын балдар журналдарынан он, он беш жыл кеч чыккан. Азыр казактардын “Балдырган”, өзбектердин “Гунча”, тажиктердин “Чашма”, түркмөндөрдүн “Көрпө” деген балдар журналдары чыгып жатат. Биз анда-санда “Байчечекейде” мейманда деп алардын ырларын, жомокторун, табышмактарын журналга басып калабыз.

– Журнал редакциясында канча адам эмгектенет, журналды чыгарууга өкмөт акча бөлөбү?

– Бир кезде редакцияда 10 адам иштечү. Азыр финансыга байланыштуу 5 эле адам эмгектенебиз. Мен башкы редактормун. Жооптуу катчы белгилүү акын Байтемир Асаналиев болсо, бөлүм редакторубуз балдар жазуучусу Нургазы Ахмедулин. Мындан сырткары сырттагы авторлорубуз да бар. Албетте жылыга балдар бакчаларына, башталгыч класстарга миллионго жакын бөбөктөр барып жатканда 6 миң нуска өтө аз. Ошону эске алып, биз үч-төрт жылда бир “Байчечекейдеги” материалдардын тандалмаларынан турган “Байчечекей балдарга” деген калың китепче чыгарып жатабыз. Бул ата-энелерге, бала бакча тарбиячыларына өтө керектүү тарбия куралы болуп калууда. Бирок каражаттын тартыштыгына байланыштуу миң нусканын тегерегинде эле чыгып жатат. “Байчечекей” өкмөттүк журнал болгондуктан бизге каражат бөлүнөт. Бирок ал сумма журналдын үч-төрт санын чыгарганга гана жетет. Өкмөттүн мунусуна да ыракмат дешибиз керек. Калган 9 санын биз сатуудан, жазылуудан түшкөн акчанын эсебинен чыгарабыз. Эгер биз өкмөттүн акчасына эле кварталына бир чыгарып коюп отура берсек “Байчечекейдин” мезгилдүүлүгү жоголуп, балдар аны унута баштайт. Ошону эске алып, акыркы он беш жыл ичинде биз журналды үзбөй ай сайын чыгарып келатабыз.

– Азыркы чыккан “Байчечекейдин” сүрөттөрүн карап отурсак союз маалындагы сүрөттөрдөн кем калышпайт экен. Буларды бир эле автор тартабы же бир нече автордун эмгегиби?

– “Байчечекей” жаңы чыга баштаганда текст жазган, сүрөт тарткан авторлорго өкмөт атайын калем акы төлөчү. Акчасы жакшы болгондуктан биз менен көп авторлор кызматташчу. Совет заманы кулаганда калем акы эмес журналдын чыгышына жарытылуу акча бөлүнбөй калды. Азыр бизде калем акы төлөй турган фонд жок. Ошого карабастан биздин журналды жакшы көргөндөр, бир кезде биз менен иштешкен кыл калемдер үзүл-кесил болсо да иштешип жатышат. Баса белгилей кетсем, көп жылдар бою журналдын көркөм редактору болгон Гүлияна Абдыралиеванын жана анын жолдошу, Кыргыз эл сүрөтчүсү Султанбек Макашевдин “Байчечекейде” эмгектери эбегейсиз. А негизинен сүрөттөрдү өзүбүздүн сүрөтчүбүз тартат. Мурда 16 беттен турган журналдын бардык бети түстүү болуп чыкса, азыр анын сегиз бети боелбогон (ак, кара) сүрөттөр менен чыгат. Анткени бөбөктөр андай сүрөттөрдү өздөрү карандаш, боектор менен боеп сүрөт тартканга үйрөнүшөт. Ошентип бир ок менен эки коен атып жатабыз десек болот.

– Союз мезгилинде “Байчечекейге” окуучулар сүрөт, ыр, табышмактарды жөнөтүшүп, алар журналга чыкчу. Жөнөткөн ыр, сүрөт, жомоктору журналга чыкпай калгандарга редакциядан атайын кооз жооп кат келчү. Азыр ошондой байланыш барбы?

– Албетте, союз мезгилиндеги байланышты эстегенде ич ачышат. Бирок азыр да өлкөнүн ар башка облустарынан каттар келип турат. Келген сүрөттөрдү, ырларды, жомокторду үзбөй журналга басып жатабыз. Акыркы жылдарда журналдын нускасынын өсүп жатканы да ошол байланыштын жакшырганын айтып турат. Ал үчүн ата-энелерге, мугалимдерге ыракмат айтабыз.

– Туура эки жылдан соң “Байчечекей” кыркка чыгат экен. Алдыда кандай максаттар бар?

– Буга чейин журналдын 20, 25, 30 жылдыктары белгиленип, юбилейлик калың журналдар чыгарылган. Аманчылык болсо эки жылдан соң “Кырк жыл бою кырда өскөн “Байчечекей” дегендей журналдын энциклопедиясын же альманахын чыгарсакпы деп турабыз. Албетте ага журналдын күйөрман ага-эжелери каражат жагынан жардам кылса жакшы болот эле. Түшүнгөн адамга “Байчечекейдин” 40 жылдыгы – чоң майрам. Анткени союз мезгилинде эмне деген гана сонун гезит-журналдар чыккан. Өкүнүчтүүсү кийин алардын айрымдары аттарын өзгөртсө, көбү кыргыз мамлекети эгемендүү өлкө болгондон тарта таптакыр эле чыкпай калды. Бир гана “Байчечекей” журналы атын да, затын да өзгөртпөй 38 жыл бою чыгып келатканына шүгүр дейли. 1977-жылы журнал жаңы чыкканда Кыргыз эл акыны Аалы Токомбаев “Байчечекей”, бешик бооң бек болсун!” деп батасын берген. Бир жыл өткөндөн кийин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов “Байчечекей” журналы келечекте тарбия-таалим маселесине чоң жардам бере турган курал катары көп жылдар бою чыга берерине ишенем” деп ак батасын арнаган. Ошол эки касиеттүү инсандын батасы тийип журнал ушул кезге чейин жашап келатат. Ушунча мезгил бою чыккан “Байчечекей” кийинки муундагы “Алиппе” жана 1-2-3-4-класстардын окуу китептерине базалык милдет аткарды. Анткени журналда азыркы заманга ылайыкталган оюн ырлар, кроссворддор, аңгеме, жомоктор, макал-ылакаптар үзбөй жарыяланып жатат. Демек, “Байчечекей” журналы бөбөктөрдү мектепке даярдоого жана мектептеги сабактарын өздөштүрүүгө пайдалуу кошумча колдонмо курал дешке толук арзыйт.

Мелис СОВЕТ уулу, «Жаңы агым» («Кыргз гезиттер айылы»), 09.01.2015

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.