Айдарбек Сарманбетов. “Чыңгызхан”

(повесть)

“Каргыш – жебеден курч, укум-тукумга жете көзөп өтөт”.
Монгол ылакабы.

Каргыш

– Уу, наалаты сага, Темучин! – деп, мүшкүл-күйүттөн өзөгү түтөгөн аялдын ачуу чаңырыгынан Чыңгызхан алкынган ак боз атынын чылбырын булка тартып аярлай калды. Аны дүрбөй коштой чаап, каңырсыган кан жытынан делөөрүп алышкан нойон, жансакчылары да чаң ызгыта дүргүй токтошту. Күмөнсүп келген жеңишти ойдо жок ит уруш салган тапкычтыгы менен жаңы эле өзүнө оодарып, эзелки касы болуп келген меркиттер качып, эми аларды биротоло баш көтөргүс кыла тукум курут кылмакка артынан сая түшүп баратканын да саамга эсинен чыгарып койгонсуду.

– Бу, байкуш балдарымда эмне айып?! Же сага каршы курал көтөрүшпөсө, эмнеге аларды жаштайында жайрадың?! Балдарыңдын арманын тартып кал, мендей кан кусуп! Эзели тукумуң жарыбасын! Уу, карышкырдай улуп калгыр! Бейкүнөө баламдын жанын алсаң да, боюнда бар келинимди аябайсыңбы, канкускур! Өзүң да, балдарың да аялдан армандап калгыла! Тукумуң узарбасын!.. Наалат сага, Темучин! Каргыш!!! – Карыган дарактын кабыгындай териси сөөгүнө катып калган кемпир, каржайган денесин көтөрө албай кайгысынан бүк түшүп, жер тыта зар какшап жатты.

Теңирден маңдайына теңдешсиз жаангердик ырыскысы жазылып, ага өзүнүн өткүр жүрөгү, акылмандыгы да шыпаа болгон жеңишчилдигинен Жеңгисхан – Чыңгызхан аталып, ал, ашынган атагына дөөгүрсүп турган каган ошол саам өз энесинин зарлуу үнүн уккандай капыстан жүрөксүп, ачуу каргыш айтылып жаткан тарапты элтейе карап калды. Армандуу азага буюгуп, жашоодон кече жаздап, бирде көкүрөгүн курч кылыч тең жара чапкан кыл мурут уулун, бир туруп турнадай суналган мойнуна жебе кадалган курсагы төмпөйгөн кош бойлуу келинин алмак-салмак кучактап жин ургандай боздоп, буурул чачы шамалга сапырылган кемпирди көрүп Чыңгызхан нес боло түштү. Чөк түшүп, келининин курсагын кучактай зар какшап жаткан кемпир дал ошогезде селт эте башын көтөрө калды да, элтеңдей эки жагын каранып, жанында кан жошолоп жаткан баласынын белинен бир карыш канжарды шап сууруп ала койду. Бу неси, жандан аша кечип кеткениби, кургурдун?! Же акылынан айнып калдыбы? Карбаластаган кемпир келиндин курсагын канжар менен шашыла тилгилеп жиберди эле, жумурткадай аппак денеден кызарган кан сызыла берди! Али жаны чыгалек курган келиндин жарылган курсагына кемпир карбаластай колдорун сойлотуп, каканактай cуу толгон жатынды сууруп чыкты да аны этегине сала коюп канжар менен жарып жиберди. Жатындан сары cуусу этегине, андан жерге көлкүлдөп жайыла берди. Колу-буту тарбаңдаган кызыл эт наристенин бети-башын шашыла аарчып, оозу-мурдунан үйлөп жиберер замат:

– Ба-а! – деп барылдаган баланын ыйы обого жаңырды. Кырчылдашып, биринин жанын бири кылычтап, кан салгылаш салып жаткан гөрпенделердин ал үндү эшиткендери өз-каска карабай текши кулак түрө саамга дымый түшүштү. Баё үндөн баарынын каны дүргүдү. Далайдын чымын жанын чыркыраткан апаат-согуш саатында дүйнөгө жаңы адам келип жаткан! Улуу чындык – тирүүлүк дагы да өкүмдөндү!

Бар дүйнөнү силкинте баркыраган кызыл эт небересинин жаңы эле ажал тапкан энесинен али ажырай элек киндигин чубалта башынан өйдө көтөргөн кемпир:

– О, Теңирим, өзүң күбөсүң, туула элек бейкүнөө неберемди томолой жетим кылган таш боор мыкаачыны жазалай көр! Каргыш сага, Темучин! Көрүңдө жай албай улуп калгын! Уу-у!..– деп озондоп жиберди.

Алеки заматта болуп өткөн окуядан акыл-эсине келе элек каган:

– Алжыган кемпир! Эч андай болбойт! – деп, тиштене ызырынып алды да аргымагына ачуу камчы басып, акыл-эсин чылк ээлеп алган улуу максатына элөөрүй умтулуп душмандарынын артынан сая кубуп кете берди. Аттиң, ал айтылган каргыштын кайсыл бир мезгилде өз башына да, качанкы бир укум-тукумунан да кайрылып, чабыла тийген камчыдай ачуу тиерин элес албай калды.

Бекер кылган экен, ошондо…

 

Каган менен калемчи

Кеч күүгүмдө балбылдап алгач жанчу Койчуман жылдыз асманда жалгызсырайт. Чоң-кичине казанбактуу тамдарга жыш калаа түнгө оогону менен али ойгоо. Шаарды бекем кур сымал курчаган калың сепилдин ар жүз кулачында кытай топусундай шоңшойгон чатырлуу кароолканаларында от жалындап, түн күзөтчү жоокерлер тамагын даярдап, айрымдары кечки насибине олтуруп калган кез. Айрым тамдардын алакандай терезелеринен али алсыз жарык жанып турат. Демек, элдин көбү ойгоо.

Кечки калааны, аны кучагына ала баштаган көк мунарык асмандагы бир тилим дарбыздын кабыгындай иймейип, алтындай жаркыраган айды Жувайни тар терезесинен кыйлага тиктеп, ойго тунуп турду. Ай бечара жаңырган тура. Ага кимдер умсуна тигилбеген да, алдында не деген нечен муундар өмүр-өлүмүн баштан кечирип, келип-кетишпеген. Канчалаган хан-жаангерлердин эрдик менен эссиздиктерине күбө болбогон. Ай алдында аламан дүйнө канча мертебе азага батып толгонуп, салтанат саатын курбаган… Эгерде ал түн чырагынын тили болгондо не бир заман-тагдырлардын чын сыры ачылбайт беле! Өкүнүчтүүсү – айтып берээрге Айдын тили жок. Аларды – өткөн да, өз да заманын Жувайнидей жазмакерлер гана Кудай ыроологон дараметине жараша тамгага салып, күнү-түнү жапага батып жазып кетишет. Ал – билгенге милдет, билбеске азап, же атак алуунун жолу. Бу дүйнөдө түбөлүктүү эч нерсе жок. Баары убактылуу, жада калса ошол эле Ай, Күн, Жер дагы. Ал эми асман алды менен жер үстүндө тирүүлүк жашап турганда бир гана тарых узак. Ал адамдарга абадай керек. Өткөн өтмүшүн билмейин алгалоо жок. Адамзатынын тирүүлүк мөөнөтү ага тике байланыштуу. Демек, анын узун учугун улап, кийинки замандарга жазып калтыруу милдет. Ооба, аны сөзсүз жазуу керек.

Санаачылдыгынанбы, же мезгилинен эртелеп акылы карый баштаганбы сакал-мурутун ак аралай баштаган Жувайни ой туткунунан чыгып, май чырактын бүлбүлдөгөн алсыз жарыгында агарган кагаздарына жай басып келди. Мына, тектеш элдер Жеңгисхан, тили буруулар Чыңгызхан атаган атактуу кагандын тушунда анын татаал тагдыр жолунан тартып улуу иштерин, дүйнөлүк жортуулун, анын улануусун улуу хандын эки жүздөн ашуун бакма балдарынын бири – татардын зээндүү жетими, кийин дүйнөдө теңдеши жок зор Хан Ордонун Жогорку Сотунун башчысы да болгон калемчи Шиги Кутуху баштап, анын көзү өткөн соң улуу кагандын чөбүрөсү Кубулайдын буйругу менен Рашид-ад-Дин улап жазган жылнаама. Эми ал «Монголдор улуу баянын» улантып жазуу парзы Жувайниге тийип отурат. Жылнааманын мурда жазылгандарын жаңы гана бир дем менен окуп бүттү. Улуу каган тарыхынын катаал да, татаал да зор дүбүртү. Монгол талааларынан башталган улуу дүбүрт бүтүндөй дүйнөнү, адамзатынын акылын солкулдатып мекен, эл, эркин жашоо кымбаттыгын дагы бир мертебе эске салып кеткен экен. Бейпил жашоо бактысын улуу каган ашкере акылгөйлүгү, анан албарс кылычы аркылуу сездирген. Адамзатынын акыл-эсине ачуу камчысын чаап сабак кылган. Дүйнөгө түркүк болуп келген далайлаган эски дөөлөттөргө кайрадан саресеп салууга, жаңыларын жаратууга себепкер болгон. Атаңгөрү, ошондо бу дүйнө дагы бир силкине, чочуп ойгонуп алган экен…

Ошол Жеңгисхан дүйнө кезгенден бери жарым кылымдай мезгил өттү. Азбы, көппү? Тепилдеп, чарчоону билбеген монгол аттарынын такасыз ачуу туягы алдында мекени аёосуз тепселип, эзели кунсуз эркиндигинен ажырап, эрксиз эзилүү алдында калышкан элдер үчүн, албетте, узак-убайлуу, ал эми атак-жеңишине мас-маашырланган жеңүүчүлөр үчүн ачылып алган напсиси тойгус азганакай гана мезгил мерчеми. Ушундай, эки ачалуу жарым кылым ичинде эмне өзгөрдү да, эмнеси ошол эле бойдон, ордунда. Аалам-асман, Жердин огу, элүү жылда эл жаңы демекчи, бири кетип, жаңысы жарала берген уламалуу тирүүчүлүк-пендекана, жарык жашоого жандими жанталашуу, байлык-бийликке тойбос сугалактык, адамзатынын түйшүктүү өмүрү, анын аяр, аздыгы, арманы менен азыноолак бактысы… өзгөргөн жок. Муундар алмашкан менен жеке баштын тагдырында баягы эле, баштагы көртурмуш, арман… Анда эмне, Жер үстүндө дүпүрөгөн түркүн элди монголдорго бийлетип, баарыга бакубаттуу бир каганат курам деген улуу кагандын умтулуусу да бекер белем?..

Ушундай уңгулуу да, убайымдуу да ойлорун, Батыйдан баштап азыркы Кубулай каганга чейинки өтмө катар татаал, арманы ат башындай аламан доорду ак кагазга кандай түшүрө алат, Жувайни? Тайсалдабай так, татаалын талдап айтуу колунан келер бекен? Бир Батыйдын баштан кечирген арманы эле канча? Тун уулу Сартак менен көкүрөк күчүгү Барактыкычы?! Алардын жоокерчилик жоболоңун, чапкын-чалалыгын, өзгөлөрдү жеңгени менен өз эле кандаштарынын кастык, так талаш-кутумчулуктарынан куругандарын айтпаганда да аларды тагдырынан тайдырган пенделик махабат-армандары эле не деген узак сөз?!.

Тобо деп таң калбаска арга канча?! Тээ, алмустактан уламалуу ушул узак заманга чейин эч бир адам пендеси жеңе албаган түптүү, элдүү да, айрымы ажырымдыгынан алсыз, кай бири карт тарыхынан талаадай кенен, мухиттей терең рухий кенч жыйнай алганы менен терең тамырлуу да дүр-дүйнөнүн жарымынан көбүн чаап, жүздөгөн чоң-кичине, намыс-нарктуу, баатыр-өжөр элдерди алдына амалсыз тизе бүктүрүп, пенде жарыктыктын оюна келип-келбес бийликке жетип, каалаганын бир жаңдоо менен кыңк эттирбей аткарткан төбөлдүн да арманы болот тура! Дос-душмандары Жердеги Теңири, өздөрү алгач атагандай «асмандан жиберилген» адам аттуудан теңдешсиз Темучиндин, көзү өтө электе эле Жеңгисхан-Чыңгызхан аталган «жердеги кудайдын» канчалык жандалбас кылганы менен ат башындай ачуу арманы ичинде кетет деп ким ойлоптур?! Анын биринчи өкүтү– Сары деңизден тартып, батыштагы Акыркы мухитке чейинки зор дүйнөнү өзүнө каратып, бир муштумдай эл, бирдиктүү мамлекет курууга жетишпей калганы. Ал үчүн, албетте, узак өмүр керек эле. Жетимишке такаган бир адамдын өтөлгөлүү өмүрү ага аздык кылган экен. Өмүрүнүн көбү өз эле туугандары аны атасыз жетим санап жерип, журтка таштай көчө кетип калганда чычкан уулап, сарымсак, чөп тамырын казып жеп жансактаган жакырчылыктан чыгып, анан тайчыгуттарда кулдукта, акырында борбою катып, ата бийлигин кайрып алып, аны күн-түнү башын канжыгага байлана түптөп, Керөлөң, Онон, Туул даркан талааларында чачырап, өз ара кагылышып, бийлик-байлык талашкан моңгол элин бириктирүүгө кетпедиби, арман! Гур-хан, Таян хан, Он хан деген ар кокту уруулардын мыкчыгерлерин, баарыдан да башында кан досу, бара-бара кайышкан касына айланган Жамука канча өмүр-саатын жеп кетти. Эгер ошол жаштык доору өздөн чыккан жаттарын каратууга садага чабылбаганда эңсегенине жетер белем? Аттиң, аруу максатынын туу сересине чыга албай, түбөлүк өлбөс боло албады! Атургай көзү өткөн соң кадыресе пенде сыңары, тукуму тооп кылып турар томуктай көрү да калбады… Буюрбаптыр…

Ошентсе да ал Улуу Каган аталып, тарыхта алиге боло элек Еке Монгол Улус – Улуу Монгол эли аталган мухиттей чалкыган мамлекетти куруп, талаа-түздөн чыга албаган алакандай элинин атагын дүйнөнү дүңгүрөтө чыгарып, карт тарыхка өчпөс кылып жаздырды. Ал үчүн эрезеге жетип эр тартканда мага атаандашат деп аталаш агасы Бектерди он жашка оңдуу толо элек Темүрчин жатындаш иниси Кайсарды көндүрүп жаа менен атып салышкан. Ошондо ойронун жемелеген энеси Бөртө:

Ой балакет баскыр!

Ысык бооруман төрөлгөндө

Алаканыңда бир тоголок кан бар эле,

Өз күчүгүн өзү жеген

Кутурган ит экенсиң!..- деп какшанган экен. Көрсө, болор бала богунан болот тура. Чексиз бийликке, түбөлүк атакка жолду Темүрчин ошентип бир тууганынын канын төгүү менен баштаган…

Эми, дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн кагандын өмүрү бүтө алдан тайып, о дүйнө салары акыры көзүнө көрүнгөндө жан арга издеп, уккан-билген, алыс-жакын дарыгер, тамырчыларды алдырып, өмүрүн узартуу айла-амалдарын сурады. Эч кимиси ажалына аралжы болуп, даба бере алган жок. Алдамчы, көңүл жубаткан көз боёмочу далайлардын башы кетти… Акырында, атагы таш жарган кытай монахы, акылман Чан Чунду да алыстан алдырып, ал акылман: «Бу дүйнөдө бир Кудай улук. Анын өктөм өкүмүн эч ким өзгөртө албайт. Менде ага тете кубат-касиет жок… анын ажалдуу пендеси ганамын… Ичээр сууң түгөнөйүн деп калган экен, улуу каган. Кетээриңе камынгын. Каргышка калган экенсиң», – деген эле, туюк. Ошондо гана карт каган оомалуу-төкмөлүү өмүр жолун түрө ойлоп-ойлоп, таштактуу тагдырын саресеп сала салаалап олтуруп тээ, Акыркы деңизге чейинки жортуулунун башындагы меркит кемпир, анын каргышы эсинде жаңырган… «Аттиң! Аны неге кезинде жандырбагам?!» – деп, кабыргасы кайыша ичинен сыза бир армандап алган эле, ичтен. Эгерде ал ошондо да башындагы каргыш-сырын өзү менен аркы дүйнөгө ала кетпей аялдарына же кашындагы кытай акылманына ачык айтканында алар калабалуу каргышты жандырып салганда, укум-тукумуна уу ал забын өтпөй калар беле?.. Көрсө, катуу каргыш жанбайт тура!..

Кезинде атасы Йесукей баатыр меркит Йеке Чиледудан гүл чырайлуу Өлүн Ужинди журтуна алып келе жаткан жеринен катындыкка тартып алган болучу. Эми ошол кегин кууган кексе меркиттер нечен жылдар өтүп, жетимдик тартып жабыгып турган баатырдын уулу Темүчиндин эптеп кураган азыноолак журтун “козулар чоңойду, балапандар канат какты!” деп чочулап, капыстан журтун басып, күлүн көккө сапыра чаап, таламан кылып, атасы кудалайм деп барып татарлардын уусунан ажалын тапкан, эр тартканда издеп алган акылгөй катыны Бөртөнү олжолоп кетишет. Ошондон бир жыл чамалай аяшатасы Тогрулхан менен бала кезден анда-кандосу, түп атасы Дорбун-мергендин уулу Бууданчаардан тараган жадаран Жамуканын колдоосу менен кайра алардын дал өзүлөрүндөй кызыл кыргын салып Бөртөнү куткарып алганы болбосо каган калган үч катынынын азабын көргөн жок. Кудайга шүгүр, так талашкан татарлардын катыгын берип, арабанын кырынан башы бийик эркектерин түгөл кырып, биротоло баш көтөргүс кылган соң кыйды татарлар кийин дагы эрегиштик жасашпасын деген амал менен алардын Йесүй, Йесуген деген эже-сиңди ханбийкелерин катындыкка алган. Ал зайыптары айрыкча тың чыгышты. Адашканда акыл кошуп, өрт кечкен кезде өбөк да болуп, өмүр соңуна дейре өз болушту. Алардан кийинки көрөр көз Кулан-хатуну да жоболоңдуу жоочабышта болсун, бейкут турмушунда болсун ажал алганча жанынан чыкпады. Демек, каргыштын күчү кайткан, анчейин забын кыла албады, бирото кутулупмун деп кушубак тарткан эле, ошондо Жеңгисхан. Көрсө, катуу жаңылган экен… Өткөнүнө байкоос салса: кулдуктан качып чыкканда кишенден бошотуп, өз башын гана эмес, аялы, эки уул, кызынын өмүрүн тобокелге сала үйүндөгү койлордун жүнү арасына катып кутулткан сулдус Суркан Ширанын кызы Кадагандын өмүр бою арзытып-күткөнүн кезинде элес албай, аны кеч ынатып, макулдугун алалбай, армандап жетпей калды… Өкүттүү өз өмүрүнө кайыл болгон ал, тагдыры өз кезинде жалгашып калганында аялуу ашыктыгы, камкор мамилеси менен кагандын өмүрүн сөзсүз узартмак… Көрсө, кара күчтүн күйдүргүч уюлу-каргыш ошентип буктурмада аста бугуп, ажыдаардай аңдып, айбат заарын чогултуп жаткан тура!

Ичээр суусу бүтүп, жаны чыгаар – чын дүйнөгө аяк салар акыркы сапары алдында улуу кагандын бет маңдайына баягы меркит кемпир тартылды. Ал, кан тамчылаган кызыл жоолугун самсаалата, азалуу жамынып, “бу, жалган жарыкка адам пендеси бар болгону сыноодон өтмөккө келээрин, төрт дүйнөнүн тоодой байлыгын жыйнасаң да акыры жайдак алакан, армандуу кетээриңди неге тирүүңдө акылыңа албадың? Бир Теңирден башканын алууга акысы жок ыйык, алман адамдардын жанын кыйган сен эми эзели чыкпас тозокко түшкөйсүң…” дегенсип шибегедей теше, жекире карап, жетимдеп турган меркит кемпирди жанында аял-жакындары жарданып турган менен бир кагандан бөлөк эч бири көрбөдү да, туйган жок…

Улуу жолду аркалаган адам актыкка баш ийди…

Кай бирлер шертине турбаган таңгуттарды жазалоого бараткан 1227-каман жылга оогон кышта каган Гоби чөлүнүн түштүгүндөгү жапайы жылкыларга аңчылык кылып, алардын артынан кубуп баратып суурдун ийинине буту кирип жыгылган атынын алдында калып, душмандарын чапкан менен жүлүнүнө кеткен забындан каза тааптыр дешсе, кээлери кан суюлтуу үчүн коюнуна салынып берчү кыздардын бири – меркит сулуусу ата кегин алмакка катып кирген жылаанга төшөгүндө чактырып өлтүргөн дешти. Дагы бирлери жүлүнү үзүлгөн кагандын өлгөнүн Есуй катыны баштаган жакындары жыл бою жашырып, “сөөгүмдү мени сактап калган Онон дайрасынын нугунун алдына көмгүлө, алтын, күмүш аралаштырбагыла, алар элге кызмат кылсын” деген керээзине ылайык Онон дайрасынын алдына көмүшкөн дешсе, айрымдар жылан уусунан шишип, тез бузулган өлүктү кыпчак талаасына эле көөмп, мүрзөсүн жер менен тегиздеп салышкан деп айтышат. Чын-төгүнү кайсыл, ким билсин. Кандай болгон күндө да жер дүңгүрөтүп, дүйнө тарыхын титиреткен улуу адам акыркы жайы да белгисиз, ат туягынан чыккан чаң сымал бир паста жок болду да калды…

 

Жоочу

Жоочуну энеси Бөртө туткундан – меркиттерден боюнда ала келген делип кандаштары тургай кагандын кийинки кичүү балдары да канчалык жерип, жектеген менен Темучин аны тун уулум деп өзүнө өзгөлөрдөн жакын тутту, дем да, бел да кылды. Жоболоңдуу жоолорум күчөп турганда көз ачып көргөн тунум, астанамда айыгышкан жоому ойрондоп, тилегимди кабыл кылганда тапкан балам деп ырымдап, атын да жоо чабар – Жоочу деп койгон эле. Анын аңсаганы орундалып, тун уулу тунук акыл, жаангер чыкты. Ошентсе да каган Жоочуну: «Өз канымдан чыккан балабы же меркиттенби» – деп күмөнсүп, өлөр-өлгүчө убайым тартып өткөн. Бирок анын улуулугу ошондо, ал сырын сыртка чыгармак тургай эч жан аттууга шек-шыпаа да бербеди. Жаза тайып ал арам сөздү айткандарды өз-жакынына карабай катуу жазалады. Чыңгызхандын башынан эле балдарынын ичинен көз сала көздөп, тактысына татыктуу санап, ага даярдап жүргөн мураскору Жоочу боло турган. Ал, чынында эле калган бир туугандарынан зирек, алысты көрө билген көсөмү да эле. Чачылган моңгол тайпаларын бир саадакка чогулткан жебелердей күчтөп бириктирүүдө атасынын алгач аткан жебеси, кеңешсе кеменгери, таянса тоодой жөлөгү боло алды. Андай ашкере сый албетте, кагандын калган балдарынын, инилеринин ичин күйдүрдү, көралбастык менен кекселикке түрттү. Бирок, андай арамы барлары ичинен тап, атасынан ажалындай көргөн атасынын тирүү турганында ачыкка чыгалышпады…

Улуу Каган өзү жолдогон соодагер-элчилерин кырып салган Хорезм шах Мухаммедди аёсуз жазалоо шылтоосу менен батышка жоболоңдуу жортуулун баштаар алдында астанасындагы кыргыз-буруттарга элчиликке жиберип, ал, “токой жолборсторунун” ыңалчындарын көндүрүп, боорго тартып, босогону ачып, алдыдагы алгачкы капкандан кутулткан да Жоочу болгон. Чыңгызхандын күтүрөгөн күчүнө тең келе албастыгын, моңголдор кирген дайрадай жайпап кетээрин даана билишкен менен эзелки атак, каада-кайратынан тайбай сес көрсөтө Жоочуну эки түмөн жасактары менен үч күн күттүрүп, коноктоп, ийри олтуруп түз кеңешип, буруттар кошулабыз да, колдойбуз деген оң жообун беришет. Балким каган менен кеменгер эл бири-бирин дилинде өз санашкандыр?.. “Эр жүрөк эл менен чабышпай, улуу жортуулга жолум ачылган экен”,- деп кубанган Чыңгызхан ошондо Жоочу менен бирге эки түмөнүн баштап келишкен эки кыргыз ыңалчынды өз кыздарына үйлөгөн эле. Эң ишенимдүү, эзели сатпас баатыр эл менен кагандын башы ошентип бириккен.

Алардын бири-бирин өз санашканы – кагандын онунчу бабасы Дорбун-мерген жоо колунан каза болгондон кийин анын айдай ажайып зайыбы Алан Гува-сулуу «түндүктөн түшкөн сыйкырлуу нурдан» үч бала төрөйт. Алар монголдорго түк окшобогон кызыл жүздүү, сары чач, көк көздүү колго түшкөн динлинь (кыргыз) жылкычысына куюп койгондой окшош эле. Өзү ошол нурдан бүткөн үч уулдун кичүүсү Бууданчаардын тукуму экенин Темучин жакшы билип, ачык айтпаган менен купуя ой бакчу. Анткени өзүнүн да, балдарынын да каратору моңголдорго окшобогон чачтары сары, жүлжүйгөн көздөрү көк, жүзү кызыл чийкил болучу… Дорбун мергенден тууган Бүгүнүтей менен Белгүнетей энесинин эрсиз төрөгөн үч баласынын кимден экенине баш оорутуп, ачык айталбай ар кимден шекшигенде сезимтал Алан-сулуу аларга:

– Ар күнү кечте аксаргыл киши түндүктөн же босогонун маңдайкы жылчыгынан шоола сымал сызылып кирип, курсагымды жумшак сылайт Анын сыйкыр нуру денеме сиңет. Акыры таң сүзүлүп, кетээринде ал сары ит сымал каалгадан аста жөргөлөп чыгып кетет. Анын шекшингендей эмнеси бар экен? Бул балдар ошентип Теңирдин шапааты менен жаралса керек.

Аларды кара букара көрбөгүлө,
Бир күнү улуу Хакан болгондо
Атпай эл түшүнөөр!- деген экен. Анысы чын чыкты! Эми минтип сыйкыр нурдун урпагы улуу каган болуп, өз тегин ачык айтпаса да эр мүнөз элдин жолун ачып бергенине кушубак тарта Жоочуга “эр жүрөк эл менен чабышпай” деп, купуялуу сөз кыйытканы да ошондон улам.

Акыры меркит кемпирдин каргышынын капшабы тийбей койбоду көрүнөт, Жоочунун катындан жолу болбоду. «Аял жакшы – эр жакшы, обозгер жакшы – хан жакшы» деген нуска кеп тегин жеринен айтылбаган чыгар. Жоочуга акыл кошор аялзаты буюрбады. Ондогон катынынан оңдуусу чыккан жок. Эгерим бир катыны билги чыгып, билермандык кылганда Жоочу жаштайынан бейажал таппайт беле… Жаангерлик менен аңчылыкка жанотун берген Жоочунун жүрөгү да, көңүлү да катын затына түк ийибей койду…

Чыңгызхандын тогуз куйруктуу кара туусун желбиретип, Улуу Кагандын оң колу, сунулган найзасынын учу болгон каратамандан чыккан кайраттуу Субудай баатыр менен Орто Азия, Хорезм, Кавказды тизелетип бүткөн күндөрдүн биринде Иран менен Туран жалгашкан өрөөндөгү калың камыштын арасынан жолборс уулап жүргөн Жоочунун бели сындырылган денеси табылды. Оозун балыктай ачкан менен жан алгычынын атын, керээз кебин анык айта албай, жайнаган көздөрүн жалдыратып, ачуу армандап кете берди. Кай бирлер анын улам айбаты күчөп, айтканын аткарбай баратканынан кооптонгон атасы эле өлтүртүп койду дешсе, жок, атасы андайга эч бармак эмес, Жоочунун алаар тактысына көз арткан жакын-жаттары эле кутумдук кылып коюшту деген сөз да таркады. Аныгын ким билет? Чындык чыкпай калды. Эми аны эзели эч жан анык айта албайт. Каргыш кайтпады…

Ошондо улуу кагандын ичтен сыза катуу күйүт тартканы чын. Эч бир атага, душман болсо да баласынын күйүтүн бербесин! Андан ашкан ачуу арман жок. Канча баласы өлүп, турмушунан жаза тайыса – ата да ошончо ирет өлөт, өчөт. Кагандын биринчи мураскору ошентип, сырлуу өлүм тапты. Тарых тайды… эгер Жоочу каган болгондо дүйнө тагдыры кандай болмок?..

 

Батый хандын арманы

Ошондой, ойдо жок жерден атасы набыт кетип, ооматтуу чоң атасы Жеңгисхан жетип-жетпеген жерди, чаап-каратпаган Батыш элдерин багынтуу зор ишеними артылган жаангер небере-мураскорунун, чоң атасынан да артык аймак, самсыган элге, андан да чексиз бийликке ээ хан Батыйды да бул жалгандан армандап өтөт деп ким ойлоптур, айтса ага ким ишенет?! «Армансыз адам болбос», «Жаралдың – калдың балаага» деген ата-бабалардын угуттуу сөзү чын тура! Бу, жапакеч жарык дүйнөгө келүүнүн өзү эле чоң арман турбайбы! Келгендин кетмеги акыры турулуу экен. Актын карасы бардай эле жарык өмүрдүн акыры көр-өлүм менен бүтөрү ачуу чындык. Аны эзели эсине терең албай, өзүн өмүрдөн өтпөс, түбөлүктүүдөй сезип жашоого жандими жанталашкан адам пендесине таң бербей койбойсуң! Чоң атасы Темучин сыңары жанга дабагер табып, дарыгерлерди Рим, орус, Шибер, хорваттардан тартып дүйнөнү түрө издетип, эзели элдешкис касы Кытайдан бери да алдыртып, канчалык жандалбас кылганы менен адам пендесин баары бир, акыры түбү ажал алып тынат экен го. Акырында бу, арабдан чыккан ак табып ачуу чындыкты Батыйга ачык эле: «Каныңыз коюуланып кетиптир, ханым, эми канча жашооңуз калды, аны айта албаймын, бир Кудай өзү билет» – деп, ченемсиз эрдик кылган. Антип айтууга мурда-кийин пенде аттуунун тили бурулган эмес. Демек, Батыйдын өмүр соңу келген экен. Түбөлүктүү пенде болбойт, жок. Ажал – улук. Жарык жашоонун керемети, чиеленген улуу сыры ошондо!..

 

* * *

Акылы бышып, ата-бабаларынын каны менен дүргүй келген күч-кубатына эми даана толуп, эр ортону элүүгө жаңы гана келип, тактап айтканда, элүү эки гана жаш курагында Батый хан өзү салдырып жаткан Алтын-Ордосунан окчундагы жапыз дөбөдө ушундай сапырылган санааларга тунуп олтурду. Кийинки кездери көп келчү болгон, бул, тебетейдей дөбөгө. Анын жалгыз сырдашы, муңдашы да ушул ээн жер, сокудай көк таш. Өзүнөн жападан-жалгыз улуу-устаты санап, теңдешсиз жаангер атаган чоң атасынын өмүр-тарыхын санаасында нечен мерте сыдыргыга сала сыдыра ойлоп, не бир ширин, не азгырмалуу адам өмүрүнүн шунча кыскалыгына гана катуу өкүт кылганы болбосо, минтип, күндөрдүн бир күнүндө өзөгүнөн өрттөнө ачуу армандап, дегенин дегендей жапырыла аткарган миң сан букара элинин ичинде азага чөгүп, ага аралжы болор адамы жок коколой жалгыз каламын деп түк ойлогон эмес! Жараткан баарын таразалап, бакытка кайгыны, күлкүгө ыйды, бийликке кулдукту, баатырлыкка коркоктукту, күч-кубатка алсыздыкты, өмүргө өлүмдү… махабатка арманды жуптап, теңдеп койгон турбайбы! Эч бир пенде канчалык ашынып кеткен акылман, не бир ченемден чыккан мыкчыгер болбосун ал, улуу теңдик мыйзамын аттап, эзели буза албайт.

Көптүн бири сыңары хан Батый менен да ушундай болду. Чыгышы учу-кыйырсыз кыпчак талааларынан башталып, батышы Жер ортосундагы деңизге чейин таманы алдында жайылып жаткан Алтын Ордо аталган эбегейсиз ээлигиндеги чексиз бийлигине тете эсепсиз байлыгына карабастан Улуу Теңири алдында анын кадыресе гана бир жандык, жер үстүндө жамырап жүргөн кадимки өлүмтүк пенделердин бири экени айдан ачык ырасталып калды. Бардыгы капилет келди. Өзү түгүл алыскы Керөлөң, андан соң Орхон дайраларынын жээгинде чоң атасы кылыч мизинде, жебе учунда жүрүп түптөп берген, анын ордуна келген үчүнчү уулу Өгөдөйдүн да көзү өткөн соң, акыры, азыр мансаптын кулу, мурдунун учунан алысты көрө албаган анын уулу, аталаш агасы Күйүк бийлеп жаткан Каракорумга көчүрүлгөн Хан Ордодогу чоң шамандар да кумурска кыбырынан бери тыңшаганды билген менен алыстан канчалык акмалашпасын мындай балээнин алдын ала алышпады. Анан «бала» Батый эмне? Канеткен менен ал да тирүү жан-сезимдердин туткуну эмеспи. Дүйнөнү дүңгүрөткөн хандардын ханы капилет бир көз ирмемде армандуу махабаттын кулу болду да калды. Мындай болот деп ким ойлоптур?!.

Хандыктын таасын белгиси болгон үлпүлдөгөн кара жылтыр кундуз кыюуланган куйруктуу кызыл малакайын баса кийип, далай кандуу айкаштарда аскерлерине дем-кубат берип жеңиштерге үндөгөн алтын чопкуту алыстан жалтыраган Батый хан дөбөдө ээгин таянып ушундай учу-кыйырсыз ойлорго тунуп олтурду. Окчунда төрткө толо элек уулу Барак да кызгылт чапанын туудай желпилдетип ойноп жүрөт. Ал сүймөнчүгү акыркы ашыгы хорват катынынан. Аттиң! Ал катынынын перидей сулуу, жумурткадай ак, маралдай керилген керемет денеси эмдигиче сыз жер алдында курт-кумурскалардан куруду го?!.

Түпсүз көк асманда канаттарын калдайта жайган бүркүт каалгый учат…

 

* * *

Ошондо, хорваттардын бир өжөр шаарынын ташын талкан кылып, жеңишине эрдемсип шатыра-шатман келатканында токой четинен ал асылзатын капыстан көзү чалып калбады беле. Көрбөй эле көзүнө көр топурак толуп калса эмне ошондо! Ал, асылын да, өзүн да мындай арылгыс ачуу арманга салбайт эле го! Узун, кызгылт-сары алтын чачы не бир аруу суналган, турна моюн, кымча бел кызды кантип байкабай калсын да, канетип ага арбалбай калмак?! Түпкүлүгү катын жандуу эркектана эмеспи. Аруу кыздын акылычы?! Суу перисиндей керемет сулуулугуна жараша акылы да артыкча жан тура!

Ошол, кырк жетинин кырына чыгып, кылычтай жалаңдап турган курч курагында эзели жеңилбес Батый ханды жалган жашоодон, болгондо да секелек хорват кызынан эркек, пенде катары быт-чыты чыга жеңилет деп эч ким ойлогон эмес.

Атасы Жоочу 1227-жылы о дүйнө салганында анын жыйырма жаштагы экинчи уулу Батый хандык тактыга олтуруп, андан көп узабай, 1235-жылдагы Улуу Курултайда мен деген биринен бири кыйынчыкма Жеңгисхандын уул-неберелеринин арасынан бабаларынын эр жүрөктүгүн энчилеген жыйырма сегиз жаштагы Батыйга чоң атасынын ат башындай арман-аманаты болгон Батыштын элин чабуу ишенип берилип, эми, ушул азыр, жыйырма жылга да жетип-жетпей, акылга сыйгыс ата керээзинин өтөсүнө чыга жаздап, жеңиштерине дөөгүрсүп турган чагында, даңкына ал мас болбогондо ким делөөрүмөк? Ал өзүн жердеги Кудай сезип келатпады беле, ошол күнү. Жеңиштин жеңилүүсү бар демекчи, аны дал ошол күнү акыры жеңилүү, эзели эрибес арманы күтүп жаткан тура!

Ханынын шибегедей өткүр жүлжүк көзүнүн ар бир кыйытмасын илгиртпей баамдаган дилгир минган, ягундары топоздой топоңдогону менен чыдамкайлыгы тоодой аттарын атырылтып, жандай сала топурап, жаңы жеңишине маашырлана келатышкан болчу. Алар канчалык шайдоот, дуулдап келатышпасын бу жолу да жаангеринин токой ичиндеги жайыктын четинде ак кайыңдын кабыгынан токулган торбосуна толтура козу карын терип алып жай бараткан көк көйнөкчөн алтын көкүл кызга көз кыйыгын саал токтото калганын байкай коюшту. Бу закым Теңирден эмес беле? Жеңилгистиктин жеңилүү теңчилдиги сакталсын деген амиридир… Бул жалганда жөн жеринен эч нерсе боло койбос…

Бараткан багыты кыз тарапта болгондон улам хан жоон топ коштоочулары менен жер дүпүлдөтө ага ыкчам жакындай беришти. Кермаралдай керилген шыңга бою солкулдап, кындырдай кымча бели тал чыбыктай бурала басса, жаңы түйүлгөн чымыр көкүрөгү да, эми бышкан соорусу да билинер-билинбес былкылдап кумарлуу көйнөк тебет. Я, тобо, бу, асмандан түшкөн периштеби же азгырмалуу кайыппы?! Ушундай да перизаты болот экен ээ?..

– Ханым, жолоочунуку жолдо, олжолуу аңчыга ажалдуу кийик өзү жолугат дейт, Теңирим сизге ыроолоп тургандыр, ыракым этиңиз, жолдон берген олжону бөктөрө кетелик?..– үзөңгүлөш келаткан Бөрү нойон кыз жакка кыйды каш серпе ханына жасакерлене шыбырады.

Ошондо опсуз олжого да, миң сан элдин биринен бири ажарлуу кыздарына да карк болуп турган Батый хорваттын бир кызын көптүн бири катары өз токоюнда калтырып жандай салып, же кол башчыларынын бирине белектеп коюп кете берсе деле болмок. Антпеди. Анте албады. Алтын жалатылгандай жалтыр сары, жер чийген олоң чачы жайыла төгүлгөн көгүлтүр көйнөгүн чубалта баскан пери кыздан бөлөк көзүнө эч нерсе көрүнбөй, ал азгырык бүтүндөй жандүйнөсүн ээлеп алган эле. Каршылашкан калаасын тыйпыл чаап, жаза катары адаттагысындай элин кызылдай кырып келаткан монгол ханынан, анын жалаңдаган жасоолдорунан башкаларчылап алаңдай коркуп, этегине чалынып жаналекеттене качмак түгүл айбыга көз багып карап да койбой сунала баскан кыз өз жолу менен жай кете берди. Огеле өзүнөн бөтөн эч ким жок, эч нерсе болбогондой. Ажалың алдоо, бийлигиң бир тыйындай. Анын бу тоотпос кылыгы намыскөй, жеңишчил Батыйдын жан-дилин кызылжошо таарып жиберди. Аруулукка арбала түштү. Тобурчак атын сооруга ачуу чаап, алкынта кыз артынан жете барды. Ошондо гана ал, ай чырай апакай жүздүү, карлыгач каш, көлдөй көгүлтүр көздүү кыз аны жалт бир карап алды. Өктөм да, баш ийбес эркин да, ошол эле учурда терең мухиттей акылгөй да көз караштан Батый жалтана түшүп, ат оозун тарта токтоду. Мындай сүр болбогондо ал не кылар эле, белгисиз… «И, бийлигиңе маашыр хан, күчкө салып кара башымды алсаң аларсың, аргам канча, бирок менин эрким менен жүрөгүмдү эзели жеңе албассың! Аларга жалгыз гана мен ээликмин, мени гана угушат, билип алгын!» дегенсиди кыз көзү. Эселек кыздын мындай күтүлбөс айбаты хандын айласын кетирип, эсинен акылын, оозунан сөзүн түшүрүп койду. Бул тоотпостук кыздын кемакыл кенебестиги эмес, баатыр жүрөктүүлүгү болчу. Аны сезимтал хан даана туя койду. Урматтады. Өткүрлүгүнүн мизи кайта түштү. Билинбеген бир өктөм көз караш дал жүрөгүнө жете жебедей сайылып, жараланган азоодой туйлатып, ансыз да кызуу канын шакардай кайнатып жиберди.

Батый кандай ат ызгытып келсе, кайра ошондой чаап кете албай эрки майтарылып турду. Сулуу кыздын бир гана көз карашы аны ылаажысыз матап, кулу кылып салды. Үн салууга дарамети жетпей үр кызды жандай бастырды. Амалы куруп алапайын таппады. Биринчи ирет алсыз, сырттан жөлөк болбой жалгыз калды. Ханынын жосунсуз жоругунан дабдаарый түшкөн кол башчылары котолошо ат оозун тартып артта кала беришти. Мындай кыйчалышта андан оолак болбосоң алтын башың алмадай ыргып кетиши мүмкүн. Кемчиликти кечирбес, ачуусу чукул Батыйдын каарын бардыгы жакшы билишет. «Канчалык жакын болсоң, төбөлүңдөн ошончолук оолак болгун» – дейт, моңгол осуяты.

Ошол оожалышта Батый бу кыздын жүрөгүнөн түнөк таба алса өмүр бою өзгө жанга чыгарбай аста аңсап келген кыялына куп татыктуу түгөйүн акыры таап, анык бактысына жетээрин эзели алдабас жүрөгү менен түпөйүл туйду. Баатырга тең баатыр жүрөк зат экен. Экөө бириксе эгерим жеңилбес. Анын арзуусуна татыса армансыз өтөр. Канчалаган кара калктарды чаап, хандарынын каны таза кыздарын катындыкка алса да мындай аруузатты жолуктурган эмес. Касиети караанынан оргуп турат. Экөөнөн перзент жаралса атасынын тургай бабаларынын да атагын арттыраар анык айкөл чыкпай койбойт. Бу кызды зордоп жеңе албасын, татыктуу теңи катары өз эрки менен гана ак арзуусуна ээ болуп, өмүрлүк жар кыла алаарын даана туйган Батыйдын акылы арга таппай адашып, жүрөгү жипсиз маталып турду, айбаты кайтты. Дүйнөнү чапкан жаангер бир катындан өз эрки менен жеңилди, антет деп ким ойлоптур! Жеңилбеске аргасы канча?! Адамдын жүрөгүнө, жүрөктүн арзуусуна даба жок. Батый өзүнүн өзгөлөрдөй эле кадыресе бир эркектана экенин туйду.

 

* * *

Атынан айбаты сүрдүү Батыйдын жаңы гана толукшуп чыккан айдай ажары ачыла баштаган кызын жандап, атын жай бастырып келе жатканын көргөн бабаларынан бери балчы ата-энесинин жандары оозуна тыгылып, чекелери жер сүзө жүгүнүштү. Алда кандай алаамат күн болуп кетти?! Эми аягы не болмок?! Минтип, көрөркөз кызын каалагандай маскаралап салып кете бербей, тирүү калтыруунун өзү эле ойдо жок ырайым эмеспи! Болгондо да хандын өзү, кандуу кылычын булгалап кырып-жойбой, жай басып, алтургай коштой келип жатса… болду-болбоду, кызына көзү түшкөн анын. Зордук менен алгысы келсе минтип жай келмек беле, небак эле улактай чаңыртып, атына артынып кете бермек. Демек… О Кудайым, ыракым эте көр… колун сурап жатканы го?! Мындай болот деп ким ойлогон?! Эгерим анте турган болсо мейли, дайыма жарым ачка, коогалуу коркунуч, жапайы турмушта жапа тартып өткүчөктү хан сарайында сайрандап өткөнү бакыт эмеспи. «Күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин» деген бар. Бу да болсо Кудайымдын берген белеги деп чагылгандай санаа чаргыткан ата-энеге Батый аттан түшө келип, сол колун бооруна ала саал баш ийе жүгүнүп (!) жете келген тилмечинен кызынын колун суратканда аларга жер огунан чыгып, астын-үстүн, айланкөчөк түшүп кеткендей, эс-акылдан айрылып кете жаздашты. Не деген бакыт, урмат-сый?! Ким көргөн мындайды!

Ата-энесинин жер сүзө жыгылган бойдон баш көтөрүүгө чама-чаркы жетпей, жооп бермек түгүл тилинен ажырап коёндой бүжүрөп жаткандарына кыз намысы кызылдай сынып турду. Чымындай жан ушунчалык да таттуу болорбу?! Коркуудан ашкан пастык болбостур!

Кыздын кыялын туя койдубу, Батый анын көздөрүнө жалжылдай тике карады. Анысы «эми эрк сенде, арзытканым, кандай чечесиң, бир өзүңдөн» дегени эле. Аны айттырбай даана түшүнгөн сезимтал кыз да ага жалтанбай тике, чын сырыңбы, же алдамчы амалыңбы дегендей сынай карады. Хандын бир жолку эле көз караштан жан дилинин түпкүрүндөгү сырын уга билип, туура туйганына, ата-энесин ызааттаган алгачкы ишарасына ыраазы болгонсуду. Балким, батыл хандын беттегенин бербестигин, мынчалыкка баргандан кийин канетсе да алып кетээрин туюк туюп, каарына калбайын, ата-энем менен токой байырлаган элимдин канына забын болбоюн дегенидир… Же Батыйдын баатыр, чынчыл көздөрүнөн аруу жылуулук көрүп, каниет таптыбы, кыз ата-энесин колтуктай тургузуп коңур үнү менен аларды өз тилинде жубаткансыды. Балким, баштарына кутулгус балээ алып келгени үчүн ата-энесинен кечирим сурагандыр, же аны алып келген да, эми арылтаар да мен, кара башыма түшкөнүн көрөрмүн, капаланбагыла, болору болду, эми мага батаңарды бергиле деди бекен? Ата-энеси кызын шашыла чокундуруп, асманга жүз бура алкап жиберишти. Алтын көкүлүн жерге төгүлтө кыз аларга таазим кыла жүгүндү да ханга бурулуп, эми сенин эркиңдемин, эмне кылсаң мен даяр дегендей аста башын ийди. Батый баарын түшүндү. Тилеги кабыл болду! Башына тепкен бакыттан жаш кезиндей каны кайнап, тобурчак атына ыргып минди да, сунган билегине кыздын колу илинер замат жулка тартып артына учкаштырып Алтын Ордону көздөй атын чуратты!..

 

* * *

Тиги, окчунда, кызыл кымкапчан, көк чыбыкты ат кылып минип ойноп жүргөн сары чач кенже уулу Барак ошол хорват аялынан. Ал, айжаркын, акылгөй жан ушул уулун жарык дүйнөгө жаратты да өзү бала бактысын татпай армандап кете берди. Өмүрү кыска экен, асылдын. Жок, аны кыска кылган адамдар! Батый кийин билбедиби, көз жарган соң өзүнүн эле күнүлөш катындары эмчи аялга алтын, жибек берип, баланын тонун түшүргөндө киндиктен төмөн карай эмес, дем алдырбай көкүрөктөн ылдый сүрүп жатып тумчуктуруп өлтүрткөнүн. Жинди болуп кете жаздады го, ошондо! Никелеш да, никесиз да эч бир аялын, дегеле адамзатынын бирин да мынчалык татты сүйгөн эместир! Аскерлери боо-боо түшүп кырылганда да мынчалык кайгырган эмес! Батыйдын жүрөгүндөгү көк муз сыңары эзели эрибес бир арманы ошол! Экөө эңсешкендей эриш-аркак түгөй болуп узак жашай алышпады. Рас, дили да, ага жараша тили да өзгө элдерден экендигинен улам экөө дароо эле оттой ысык ымала түзүп кетишкен жок. Экөөнүн турку бөлөк эли, жараткандан ажырым жан-дүйнөлөрү, салт-санаа, дүйнөкабылы эки айры болучу. Бири жеңүүчү, үстөмчүл, экинчиси жеңилген, кордолгон элден эле. Бул да болсо хорват кызын ичтен зилдетип, сыздатпай койбоду. Атургай сыйынган кудайлары да ар башка болчу. Ал да, сөзсүз, ортого түшкөн опсуз жараңка эле. Күнүгө, ар көз ирмемде ар башка бааланган мамиле, түшүнүп кечиришүү окшогон майда-бараттар да өз жигин салбай койбоду. Ошондон улам кыз бир канча жолу Алтын Ордодон качмак болуп кармалып, ал тургай уу ичип жан кыйганга чейин да барды. Бирок каардуу ханынын катуу тапшырмасын так аткара билген хан сарайдын көзөмөлчүлөрү андай бейажалга жол беришкен жок. Батый болсо ата тегинен бүткөн батылдыгына салып, кыз жүрөгүн ийитип, жеңе алды. Ким туруштук бере алмак, анын калайман чабуулуна! Андай жан жарала элек! Эркектаналыгына салып күчтөп нике кыйдырбады, зорлоп коюнуна кирбеди. Бул анын кезектеги жаңы жаангерлиги эле. Ай араласа да арманга батып, арзытканынын көз жашын көлдөткөнүн көрүп түтө албай аяп, бир чети сынамакка эгерим эсиңден кеткис эркектанаң бар болсо кете бергин, эшик ачык дегенге чейин айкөлдүккө да барды. Кыз кетпеди. Арзытканы жок болсо керек, ээн токойдо өзүнө татыктуу тең таба албагандыр, балким, балакаттыгынан жаңы эле арылган неме ага үлгүрбөсө да керек. Сырдана карап, ичтен сызып жүрө берди. Акылгөй жан экен. Эгерим кетип калса эрегишип, шагы сынган хан кегин алмакка элин кызылдай кырып да жиберет дедиби. Балким, ал Батыйды астейдил арзытып калгандыр… Аялзатынын амал-сыры эзели жангыс түйүн эмеспи!

Жыл чамалап, кезектеги жоболоңдуу жортуулунан акырегине жебе жеп, аман келгенинде алдынан утурлай чуркап чыгып, өзү кучагына боюн урганча хан кызды толук эркине койду. Бир өлүмдөн башкасына. Жүрөгүндө тоңгон музду эркектин эңгезер деми эриткен белем! Акыры экөө ортодогу ажырымды жеңишти! Сүйүү – кудайдан да, боору бирге эли менен бөтөн дүйнөтаанымдан да күчтүү экен. Сүйүү – сокур деген ошондон калса керек.

Батыйдын баамы чын чыкты. Алына элек капкалуу калааны алаар көсөм жеңиштүү жолду таба билген сыңары хорват кыздын жүрөк кулпусунун ачкычын да айныбай таба алды. Кыз казынасы айтып бүткүс мол чыкты! Аруулугу күнүгө жаңы ачылган назик гүлдөй керемет болсо, акылгөйлүгү түпсүз мухиттей терең чыкты. Батыйды жанга жагымдуу наздыгы менен аптаптуу мээримине ар убак бөпөлөп бөлөгөнү бир тең да, канчалаган калабалуу, ылаажысыз кезеңдерде кеменгер кеңешчилдиги, теңдешсиз эле. Чыныгы жаншерик болчу! Адам бактысы – баш айланткан байлыкта да, дүйнө түгөл баш ийген бийликте да эмес, арзытканынын албуут махабатында турбайбы. Чыныгы бакытка тунган Батый бардык жыйган мүлкүнө, кылычтап жеңген бийлигине толук кол шилтеди, аларга башын сайып жүрүп өмүрүнүн сая кетип келгенин туйду, эми гана жашоого көзү даана ачылды… ал тургай чоң атасынын керээзин да жериди! Ал, Көкө-Теңир алдындагы башкы вазийпасы санаган жаангерлигинен да Махабатка мас болду… айныды…

Аттиң, алардын алешем бакыты көпкө созулбады, арман. Бакыт балы канчалык таттуу болсо ошончолук опсуз ачуу да болот тура! Кудай чын эле бар болсо неге мынча калыссыз, мерес?! Же эрдин чыныгы эрдигин сыноо үчүн улам бир сынак, жүк артып турабы? Батыйдын баатырлыгы эзели эч ким жеңбеген Батышты басып алууга аттанып чыкканында эле, жаны жаа учунда учкан далайкы теңдешсиз согуштарда, бир акылман, айкөл, бир карасаң кытайдай кыйдылыгында, ойдо жок ырайымдары менен канкорлугунда, адамдыкты хандыктан жогору туткан бийиктигинде… ырасталган эмес беле?! Анын баары аз сынообу?! Эми минтип эзели кутулгус арманга салып… жашоодон жадатып…

Ошол учурда баланын жанарга издеп аянычтуу чыр эткени угулду. Батый селт этти. Чыккан үндү жаземдебей тааныды, ал – Барактыкы болучу!!! Не мүшкүл болуп кетти?! Чыңырык чыккан тарапка хан башын шарт буруп, калдайган кара бүркүттүн кызыл шайы чапанчан баласын жонунан апчый көтөрүп, канаттарын калдактата шашыла күүлөп алыстап баратканын көрдү! О, Теңири, көзүң көргүлүк кылбасын, мындай азапты!!! Анын бир канча күндөн бери төбөдө айланып жүргөн тааныш бүркүт экенин Батый жаземдебей тааныды. Көргөн көзүнө ишене албай ок жеген жолборстой ойдолоктоп заманасы куурулуп кетти! Бүркүт уулуу чеңгелиндеги олжосун таштабады. Барак болсо үнү кудайга жете аталай ачуу чыңырып, куш тырмагында тыбырчылап барат. Батый айгайлай артынан чуркады. Мындай амалсыздыкты эч бир атага бергилик кылбасын! Айла жок, жердеги Батый капканга чабылган карышкырдай канчалык жанбалас кылбасын асманга колу, билектеги бийлиги кайдан жетмек?! Не арга жасап, колунан эмне келмек?!

Калдактаган канатын улам күүлөгөн кара бүркүт тоо беттей сабалап караан үзүп кете берди. Барактын аталаган адам чыдагыс аялуу үнү да алыстап барып акыры угулбай калды. «Я, Кудай, ушундай да болобу?! Бул не жазаң?! Акыркы, ашыгыман калган жалгыз туяк-аманатты неге ыраа көрбөдүң?! Өзүн эртелеп жулуп кеттиң эле, эми бейкүнөө балабызда не жазык?!»

Сыздаган Батый бүркүттүн артынан алда неден үмүт кыла алактап чуркаган менен канаттууга кайдан жетмек. Жер чапчый армандап кала берди. Жайнаган нөкөрлөрүнүн, бирөөсүнүн колунан жулуп ала коюп өзү да кериле тартып аткан жаанын жебелеринен эч майнап чыккан жок. Бири да таш боор бүркүткө жетпеди, анын жүрөк-жүлүнүн жара сайылбады. Жерде кудайга тете, дүйнөнү дүңгүрөткөн хан, асманда алсыз эле…

Ошол ойдо жок, опаасыз күндөн тартып, Батыйдын жашоо жалыны өчө баштады. Жалгыздап, эч нерсеге табити тартпай, эртеден кечке салбырап дөбөдө ойго батып олтурганы олтурган. Апакай жүзү, алтын чачтуу ажары куюп койгондой айжаркын энесин тарткан Баракты күтөт, Теңири жалгап аман-эсен келип калабы деген үмүт багат. Баласын көрүп, асылын элестеп каниет алчу эле го! Эми аларсыз жашоонун кажети канча?! Барактын баёо көгүлтүр көздөрүн, боор этин бүркүт улам чокуп, чыркырата үзүп алып сугалак балапанына сугунтуп жатканын эстегенде Батыйдын башына кан тээп, ичи ириңдеп, зилдеп кетет. Жанын коёрго жер таппай алактайт. Каны кайнайт, амалы жок. Же кызылга тап бүркүттүн көздөрүн кызыктырган чапан тигип бергени үчүн бар жаалын тикмечиден чыгарып, ооз-көзүнө ысык коргошун куюп, тирүүлөй терисин сыйрып салсабы?! Эми андан эмне пайда, баласы кайрылбаса… Балким, аталаш болсо да бийлик-байлыгына көз артып, артынан аңдыган Күйүк кандын акыры катыгын берип, ызасын бассабы? Асыл жары, алтындай баласы кайра кайрылбаган соң алыс-жакын адамдарды кайгыга салгандан не майнап? Не, чоң атасынын керээзинин соңуна чыгып, Акыркы мухитке чейин салбурун салып, баарын чаап, жексендеп келсеби? Эми болору болуп, боёсу канган соң агылган кан, азалуу ыйга забын болуунун кажети канчалык. Андайдын далайын башынан кечирип, көзү тойгондой эле болду го. Тапканы эмне болду алардан? Тартып алган жеринин талпактан айырмасы болдубу, көрүнгөндүн көзүн кызарткандан башка. Азып-тозгон эл, тоодой байлык топук болуп бердиби асылзатын ажал алып, наристесин бүркүт жула качканда?! Жок. Анда күнүлөштүгүн кылып асыл жарын өлтүрткөн катын-токолдорун түгөл кырып салсабы? Төрт баласы кантет? Өз башындагы арманды өзү жараткан балдарына оодарып жексур ата болмокпу. Антип, арманынан арыла албас, арттыргандан башка. Анда кантип өрттөнгөн өзөгүн суутуп, ачуу арманынан акыры кутула алат?! Кантип?!.

Канчалык карайлаган кыйчалыш кармаштар болсун, чиеленген учуксуз кыйды-кытмырлык болсун батыл чечим, баатыр жүрүшү менен дайыма жеңип келген Батый жандүйнөсүнүн алдында алсыз болуп калды. Ичинен иритип, өзөгүн өрттөгөн арман-кайгысынан арылуунун жолун таба албай катуу жапага батты. Эч ким, эч нерсе – миң-миллион сандуу букаралары да, коштой чаап же котур ташы койнундагы котолошкон жек-жаат, нойон-нөкөрлөрү да, батмандап жыйган байлыгы… алтургай көкө Теңирге тете чоң атасынын арбагы да Батыйды колдоп, кайгысынан арылта алган жок. Буга чейинки жандими умтулуп, өмүр бою өнтөлөй салбырын салып келген дөөлөт дегендеринин баары куру бекер, жел ой гана белем?! Анын баарын адам баласы өзүн алдап, жарык жашоого азгырылуу үчүн гана ойдон таап алат көрүнбөйбү. Башы байланып, маңдайына чийилген тагдыр-жазмышын кечирүү ар адамдын өз мүшкүлү гана турбайбы. Андан эч ким, эч нерсе куткара албайт. Баары Кудайдан тура! Бул чыңырган чындык Батыйдын көзүн ачты. Жашоо жалынын өчүрдү. Өмүр кечирүүнүн акыры түбү күнүмдүк экени, кунарсыздыгы көңүлүн кайт кылды. Көрсө, бардык тапканы – жалган кумар, текке кеткен жел өмүрү гана экен. Топурактан жуурулган адам пендесинин акыры топуракка кетмеги эртеби-кечпи турулуу тура. Жоктон келип, жок болуу… Ал арада жөнөкөй, колдогу ырыскысына топук кылып, акыл тегереткен терең өмүр кечирип гана бу жарыкчылыктан каниет таба алат турбайбы. Ошол, дене жашоосунда дененин, сезимдердин ыракаты үчүн жашоого келет окшобойбу. Анан, албетте, улуулардын учугун улап, тукумун калтыруу үчүн. Андан болсо Батыйдын көңүлү жай – Сартак, Токтохан, Аюхан, Улакчы деген биринен бири алгыр, бой тирешкен сободой уулдары бар. Бешинчиси, Барак тирүү болгондо беш манжа толук болбойт беле, арман! Ошентсе да уучу куру эмес, калганына өмүр берсин, шүгүр дейли. Каракорумдагы курултайга кеткен Сартагы да келип калар. Келсе жанынан чыгарбай жарык өмүрүндө жыйган акыл-насаатын айтып бербесе…

Ушундай убайлуу күндөрдүн биринде Батый адаттагысындай дөбө чокусундагы казандай кара ташта ойго тунуп, санаага батып олтурган эле. Үстүнөн капыс чыккан коогалуу катуу шуулдактан Батый селт эте асманга башын көтөрдү. Баягы кара бүркүт Баракты акыры кайра алып келип үстүнө таштап жүрбөсүн?! Андайларды укканы бар…

Түпсүз көк мейкинден кара таштай кулаган караан дал төбөсүнө тийчүдөй тике келип кайый берди да калдактай кайра жогору атылды. Таң калгандан эсин жыйганга үлгүрбөй Батый алда качанкы өз бүркүтүн тааный койду! Ооба, анын каруусунда чубалган жибек боосун, андагы сөөмдөй алтын балдакты да өзү таккан. Боого чыланган кызыл так – кан… Барактын каны! Баласын көтөрө качкан бүркүт дал ушул, өзүнүн кырааны турбайбы! Жаш түлөк кезинен тартып таптап, жан бирге адамындай ардактап баккан эле го?.. Бир жолкуда ал кырааны карышкыр алып, Батый жетип баргычакты ичин жарып, боор-жүрөгүн жеп жибербеди беле. Андай, ээсинен мурда олжого кол салып жиберген ээнбаштыгы үчүн Батый жылан жон камчысы менен жонуна тартып-тартып жибергенде бүркүтү таарынып, калдактай учуп качып кеткен. Ошондон бери кайрылганы ушул. Демек, ал кек сактап, эми ошол өчүн алып жаткан турбайбы!

Анысы ал, бу жолкусу неси, балаңды жеп, эзелки кегимди акыры алдым деп табалаганыбы же… Аңгыча болбой асманга атылган бүркүт тээ, бийиктен кайра кайрылып, жебедей зуулап Батыйга тике атырылды. Жамандыкты түпөйүл туйган Батый кылычын кынынан сууруп ала коюп аткан октой бир закымда жете келген бүркүткө шилтеп калды. Ысык кан хандын бетине жаба чачырай берди. Оң канаты мүрүнөн кыйылган бүркүт жаны ачына бир «шаңк!» этип кулак түбүнөн шамал ызгыта жандай өтүп барып, жер сая будаланды. Ошондо да жалгыз канатын сабай тоголонуп, асманына кайгып чыга албай армандаган бүркүт акыры сол канатына таяна калып башын көтөрдү. Ээси экөө тиктеше түштү. Колунан келсе бирин бири жалмап жиберчүдөй. Ага экөө тең алсыз, дармандары жок эле. Түбүнөн кыйылган канатынан атылган кызыл жошо канга чыланган бүркүт адам баласынан алып ала албай калган кегин кектеп, акыркы айбатын кылды. Жердин сырттаны менен асмандын кырааны тике тиктешти. Өчөгүштөн өзөктөрү өрттөнгөн экөөнүн тең кан тепкен көздөрү кыпкызыл. Ичтеринде буюккан кек. Акыры берендер бетме-бет кездешти. Бир кездеги жан бирге достор эми бири-биринин канын төгүүдөн кайра тартпас каска айланып тирмие тиктешип турушту. Экөө тең акыркы сокку урууга алсыз. Өзөгүн өрттөгөн кош армандан каруусу кайтып, каны коюлган Батыйдын соңку ирет кылыч чабууга дарманы жетпеди. Бүркүттүн кан толгон кызыл көздөрү Барагын эстетип, жүрөгү жарылып кетчүдөй көкүрөгүн тебе катуу түрсүлдөп, аптыга жуткан менен аба жетпей деми кыстыга кыйылган камыштай жерге шалак эте жыгылып кетти. Ошол бойдон турган жок.

Тил-ооздон да, акыл-эсинен да калып, алыстан уккан атынан эле Азия менен Европа титиреген каардуу хан эртеси эле дүйнөдөн өтүп кетти. Күнүлөштүк менен кектин түбү ушул болду. Атактуу адамды гөрпенделик, ичитарлык жеп тынды. Ал, 1259-кой жылы эле… Жакындары жабыгып, душмандары табалап дуулады. Жолдун алыстыгынан Батый хандын сөөгү улуу хандын башка урпактары сымал өз мекенине жетпей калды. Балким, аны кастары каалашпаган чыгар. Жакындары өз жандарын арачалагандыр… Эрдиги менен ээлигин арттырган элине таберик катары табытка салынган жеңишчил курал-жарагы гана аттарга артылып атажуртуна кетти. Өзү болсо өлгөндүн өз шору болуп, Эдилдин жээгиндеги белгисиз бир токойдун арасындагы дөңсөөгө жашыруун көмүлдү да… үстүнөн жүздөгөн аттарга таптатылып, бир да адам билгис кылып тегизделип, жер менен жексен кылынды. Токой жаап калсын деп көчөттөр тигилди. Ал амалды аткарган амалсыздардын баарынын баштары түгөл алынып салынды. Жада калса кылым кыйырларында эстелип, урпактары урматтап турууга моло таш да коюлбады. Бара-бара анын кабырын кастарлашкан достору, жаны бирге жакындары да таппай калышты. Кастарынын кара ниеттиги күч эле.

 

Атак – арман…

Акыл-эсинде учу-кыйырсыз удургуган ушундай ой-санаалардын учун таба албай убайга баткан Жувайни учтап алган каздын канатын кара сыяга дагы бир кезек малып алды да, ак кагазга шурудай тизмектеп жаза баштады. Айрымдарына өзү күбө болуп, аралашып калган, кай бирлерин калптан алыс адамдарынан кайталай уккан орчундуу окуялардан жылнаамасын баштоону чечти. Жүрөгүн укту, ага баш ийди. Акыл алдаса да, жүрөк калп айтпайт…

«Бу жазмыштын жазуусу катуу белем! Жеңгисхан да, анын улуу уулу Жоочу да, анын Батыйы, эми алардын урпагы Сартак да аялзатынын азабын тартып армандашканында бир мандем-сыр бар! Өмүргө өлүмдү, акка караны, жарыкка караңгылыкты… каршы койгондой эле атак менен арманды Жараткан теңдей жаратып койгон беле?!. Баарынан да эки дүйнөнү дүңгүрөткөн Батый хандын эртелеп өлгөнү, Кудай өзүң кечире көр!.. ырас эле болгон көрүнөт. Эгерде өзүн тарткан өрт жүрөк улуу уулу Сартактын дал өзүндөй улуу махабаттан ачуу армандап, болгондо да атасы Батыйдын аталаш, энеси бөлөк иниси Беркенин берген уусунан кырчындай кезинде жан таслим болгонун билсе жүрөгү жарылып кетмек! Акылман аялы Баракчындын башын алдырган да ошол Берке болбодубу! Бир адамдын башына мынчалык кайгы бергилик кылбасын деп Теңири да аны аяп эрте алып кеткендир! Анда кеп, кезеги менен болсун…

Ошол, Батый өлгөн жылы кайгы менен салтанат эриш-аркак жүргөндөй эле Сартак Алтын Ордого хан дайындалганынын урматына опаасыз чоң той өткөрдү. Ал салтанатка бирдиктүү мемлекети талкаланып, көз каранды майда хандыктарга чачырап кетишкен кыпчак, булгар, кавказ, крым, саксон, хорезм төбөлдөрү менен катар айрым жеңилген да, али өз алдынча шерикке айланган орус княздары да чакырылып, мурдагы кас, кийинки букаралар бир дасторкондо сайран курушту. Чүйгүн төө, кара кайберен, сүттөй ак куудан тартып миң дүйүм балык, табылгыс улар, бөдөнөнүн эт-жумурткасына чейин табактап тартылып, кымыздын тундурмасы менен бал арагынан баштап миң түркүн жүзүмдүн шербетине чейин суудай гана акты го! Түркүн элдин түмөн күүсүн чалган камыш, чопо-чоорлор сыздап, найза бойлуу керней-сурнайлар Ордону жаңырта дапылдап, кыл кыяктын түрлөрү кыял козгоп, биринен бири керемет кыздар түркүн түс кийимдери менен чимирик атып, жылаңач курсак-жамбаштарын сүлкүлдөтө элөөрүтүп, балбандар бакырып, жамбашка сала чабышып, найзалашып, кылычташып… той топурунун аягы качан, не менен бүткөнү эч кимдин эсинде жок. Бир гана хан Батыйды эстеп, ичинен армандагандар аз болду…

Тойдон көп өтпөй чабуулдаган чабармандар орустун ооматтуу князы Александр Невскийдин Сартакты конокко чакырыгын алып келишти. Кезинде аларды Батый хан атасы дос кылган эле. Дал ошондо бабаларынан келаткан балээ кумурадан чыккан жин сымал Жеңгисхан тукумун кайрадан кара тумандай чулгады. Моңголчо «аньда» дей турган баатыр кан досунун жайыл дасторконунда ойдо жок, сыйга карк олтурган жеринен кыпчактар айтмакчы «өзү шекер, өзү бал, өзү кайың, өзү тал» Натальяны Сартактын көзү чалып калса болобу! Ал байыркы князь тукумунан эле. Жүрөккө жүрөк тартышат деген чын. Азиялыктардагы чексиз бийликтин белгиси болгон бутунан төбөсүнө чейин чылкый кызыл кийинип, бийлиги менен гана эмес, бүтүндөй турпаты, адамдык алгыр акыл, тубаса касиети менен эркектерде сейрек кездешчү өзгөлөрдөн өөдөлүгү, учкаяк акыл калчап батыл чечкен өткүрлүгү күч, баарыга сыйлуу Сартакты бойго жетип, эркектерге сынаакы да, сырдана да көз салып калган селки да мурда эле баамдап калган. Эч бир жанга сыр алдырбас жүлжүк көзүнүн кыйыгы менен жан досу Александрга да шек билдирбей Батыйдын өзүн кыя караганын кыраакы кыз да илгиртпей байкады. Аңсаган аялзатынын бакыты ошол, көңүлү түшкөн эркегинин чын ынатканы эмеспи! Ал, алкымы ачылган арзытканынын сук көз агытуусун жөн гана эмес, бүтүндөй жандүйнөсү, жон териси менен сезди да бүт турпаты ымыр-чымыр боло түштү. Муз суусу капыс чачылгандай ичиркенип да, ошол эле кезде көшүлө балкып да кетти. Бүтүндөй турпаты менен эркектин кубаттуу көңүл-күдөрүн эстен тана күсөп, зарлап-зарыга тилеп турган ууздай денеси аптаптуу, дуулдаган ысык илепти даана сезди. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Оттуу көздөр! Табышкан махабат! Алтын жиптер менен саймаланган ак жибек сарафанынын ичинде толукшуган сымбаттуу мүчөсү жумуруланган, турна моюн, бото көз, ак куудай керилген сулуу ак арзууңду түшүндүм да чын ыкласымдан кабыл алдым дегенсип күлмүң эте кызыл шарап куюлган кесесин Сартакка аста сунуп, карматты да, көзүн сүзө жер карай ийиле кетенчиктеп кете берди. Артымдан келсең келгин, күтөмүн дегенсиди, селкинин бүткүл турпаты. Мелжеген кайберенин куткарбас жолборстой чапчаң Сартак ордунан атып туруп, кылак эте кыз кирип кеткен эшикке атырылды. Анын сырын бир гана кыраакы Александр байкады. Нечен күн-түн тынбай шимирген кымыз арак менен ачытылган шараптан алагүү тартып калган калгандардын жамбаштай жаткан хандын неге ыргып туруп, кайда баратканы менен бөлөк эч кимдин иши болгон жок. Албетте, дубал жандай жарданып турган жансакчылары артынан ээрчимекке умтулганда Сартак аларды чечкиндүү кол жаңдай токтотту.

Ээн, жашыл малахиттүү бөлмөнүн төрдөгү бурчунда тордогу тотудай жанагы сулуу турган экен. Сартакты жалт көрө салып кол суна умтулду. Экөө үнсүз ысык кучакташа кетишти. Бирин бири катуу арзытканын айттырбай түшүнүштү. Кумарлуу кучак, диртилдеген денелер! Экөө тең акылдан айныгандай албуут сезимдерине ээ боло алышпай узакка ысык аймалашты. Эркек колдур үнү менен жалынып-жалбарып, кыз алдан тая кыңкыстап жатты. Бакыттын туу чокусу!

– Мен сени катындыкка аламын! Азыр алып кетемин, – деди Сартак оттуу.

Кыз кубаттуу монголдун тилин билбесе да дилин түшүнүп:

– Ооба, жаным! Мен сендикмин! Сени мурдатан эле угуп, аңсап келгемин…– десе болобу, жалындуу.

Сартак да анын айткандарын жүрөгү менен түшүндү.

– Мен Сартакмын, сенин атың ким? Азыр эле Александр досумдан башыңды ачып алайын.

Ашыгынын өз атын атап жатканын боолгой койгон акылы зирек кыз:

– Наталья, мен На-та-льямын, – деп, тилине жат ысымды арзытканы жадында бекем түйүп алсын дегендей ысмын кайталай да, ажырата да айтты. Үнү да жылаажындай назик, наристеникиндей таза экен.

– На-талья, кандай керемет ысым! Сен ушул жерде жылбай туруп тургун, мен азыр эле досумдан сени сурап келейин, антпесе менден сыр жашырдың деп таарынып калар…

Албууттанган сезимдерине такоол бере албай, ашыгын азыр эле алып кетмекке ашыккан Сартак:

– Сен ушул жерде күтүп тургун, Наталья! Мен азыр…– деп, кыздын ысык кучагынан амалсыз бошонду да, айтканын ашыгына жеткирүү үчүн колдору менен кызуу жаңсап, баарын илгиртпей түшүнгөн кызды ийининен кыса жылбай күткүн дегенсип дубалга такады да жана кирген эшигинен атып чыгып кетти.

Конокторунун салтын сыйлап, кат-кат салдырган мамыкта жамбаштай куш жаздыкты чыканактаган Александрга Сартак аттап-буттай шашыла жете барып:

– Аньда, мага Натальяны белекке бер. Мен аны катындыкка аламын! – деди оттуу дем менен. Бул, бир чети төбөлдүн буйругу эле. Бирок Сартак канчалык жеңүүчү, айтканын айткандай, дегенин дегендей баарын букараларына аткарткан хан болсо да адамгерчилигинен тайбай, досуна сый-ызаатын көрсөтүп жатканы эле. Аны кыраакы орус князы дароо түшүндү.

Денесинин зорлугуна карабай Александр ордунан шамдагай тура калып, көшөкөрлөнгөн тилмечин кол жаңсай артка түртө токтотту да Сартакты эки ийнинен кыса кармап күлүмсүрөй:

– О-о, достум, алгыр көзүң накта калтарды тандаган экен! Наталья түбүнөн ак сөөктөрдүн, чыныгы княздардын тукумунан. Аны сенден аямак белем, досум! Өзүң жакшы билесиң, меникинин баары сеники. Бирок бардык ишибизди кудайга жагарлык кылсак дейм. Билем, сен да, кейрет энең да христиансыңар.

– Анда кандай тоскоолдук, эмнеге сөздү созуп жатасың, ток этерин айткын!

Александр жооп бергенге ашыкпай, ашыктык отунан жалындап турган Сартакты далыдан аяр кучактап төрдөгү коңшу столго алып барды да, алтындалган кымкап, не бир асыл таштар менен шөкөттөлгөн таажы кийген текебер, сөөктүү епископко:

– Азиз ата, монголдордун улуу ханы, менин кан досум Сартак княздарыбыздын бир бийкечин арзытып калган экен. Ыракым этсеңиз алкап коёлук…– деп шыбырады.

Кырктын кырына чыга элек Александрдын атагы артып, чиркөөнүн, анын аркасында өзүнүн да аброю артка сүрүлүп баратканына ич күптү болуп жүргөн епископ бапсайган ак сакалын экчей, ыңгайлуу учурду кантип өз пайдасына оодарып калууну көз ачып-жумганча ойлоно койду. Чанда келүүчү мындай, кудай жалгап бере койгон учурду текке кетирүүгө түк болбойт эле. Анын, мурдагы динчилдердин бардыгынын да башкы мүдөөсү – чиркөө бийликтен, мейли канчалык акылман падыша, чыгаан жаангер болсо да бийик туруусу шарт. Тилекке каршы, эл да мал окшоп мыкты чыкмаларды ээрчий берет тура. Ага жол берүүгө эч болбойт! Крестчен католиктерди 1240-жылы Нева дайрасынын боюнда талкалап, андан көп өтпөй кышында катылган швед кресттүүлөрүн Чуд көлүнө чөгөрүп, орустарда мурда болбогондой атак-даңкка ээ болгон Александрдын ооздугун ушундайында тартып койбосо болбойт. Ал үчүн ысык ынагы, чыгаан Батый хан достоштуруп кеткен жаш монгол ханы экөөнү чагыштырып, ортолоруна жик салып коюу жөн. Епископ кытмыр көздөрүн кыбыңдата жанындагы санаалаштарын сыдыра уурдана карап, дайыма кулагы сак, көздөрү көрөгөч алардын да Александрды тымызын сындырып коюуну колдой турганын сезе коюп улуу княздын жанында терисине батпай ашыгып турган Сартакка карап:

– Ооба, Сартак ханым, сен бизге кымбатсың, бирок христиан динибиз сенден да кымбат…– деп жыландын башын чыгарып келатканда махабаттан башы маң тартып турган Сартак:

– Эй, чал, сен эмне деп турасың? Буйтактатпай чындыкты тике айткын! – деп кызуулана кыйкырып жиберди.

Мындай олдоксондуктан улам кандайдыр бир кытмыр-кыйдылыкты алдын ала боолгоп турган Александр «аттиң!» деп санын ачуу мыжыса, епископтун чырагына май тама түштү. Анткени акыйкатчыл Александрдын алдында епископ үчүн айныксыз шылтоо табылды. Мындай оңдой берди болорбу?! Эч убакта, эч качан, мейли өзбү, жатпы, падыша түгүл отузга келип оолуккан Сартак хан болобу христиан динин кордоого эч акысы жок. Айрыкча, монголдордой баскынчы, кас-душмандар үчүн.

– Урматтуу ханым, сиздин жана энеңиздин биз менен бирге – диндеш экенибизге өтө курсантпыз. Волга дайрасынын төмөнкү куймасындагы Сумеркент шаарына да жолборс жылы чиркөө салдырып Кудайды ыраазы кылдыңыз. Бирок… – Жаш хандын каны кайнап, чыдамы бүтө ойдолоктоп баратканын байкаган карт кыйды сөздү создуктуруп жиберсе алда кандай кооганын чыгып кетээрин боолгой чочулап, оюнун ток этерине өттү. – Энеңиз деле сизге айтса керек, христиандар үчүн бир гана никеге уруксат берилерин. Ал эми диндин эне оозу менен айтылуусу баласы үчүн эзели бузулгус ыйык мыйзам. Алты катыныңызга талак берип кетирген учурда гана…

Епископтун андан аркы сөздөрү Сартактын кулагына кирбей, каны кайнап, акылы тумандап кетти. Акыры тапкан бактысынан айрып жаткан эпископтун башын томолото чапмакка обдулду эле Александрдын карылуу колдору анын кылычын кынынан суурутпай кыса кармап токтотуп калды. Кылыч суурулду дегиче ошо замат эки жаатташып чабышуу, анын артынан алаамат согуш башталып кетмек. Түккө турбас текебер абышканын мындай күтүлгүс каршылыгынан каны шакардай кайнап чыккан Сартак албууттанган алгыр көздөрү менен досуна эмне, сен да мага каршысыңбы дегендей жалт карады. Ынагынын акылгөй көздөрүнөн жок, достум, сабыр кылгын, бир айласын табарбыз дегенди көрүп, ачуусун араң басып, колтуктай алып келген ордуна олтурду. Канткен менен хан тукуму эмеспи, тез эле эсин жыя койду. Епископ экөөнүн тирешин бал аракка акылын алдырып, каны кызып олтурган нойон, түмөнбашылары көрүп калды дегиче кызыл кыргын чыгып кетмек. Андай болгондо улуу бабасы Чыңгызхан менен теңдешсиз жаангер атасы Батыйдын армандап кеткен – акыркы деңизге чейин чабуу керээзин ал, аткара албай калмак. Аскербашылары ырас эле байкабай калышкан экен. Азыркы атасынан айрылып, өзүнүн бир тууган Чыңгыз тукумдарынын эле хандык тактыны тартып алуу кутумдугу күчөп, ынтымагы ыдыраган Хан Ордо солкулдап, анын айынан аскерлери ич ара ирип турган учурда жеңишчил Александр менен согушуу өтө опурталдуу болучу. Кыпчак, Хорезм, Кавказ, Хорасан, Крымдын жеңилген хандары, ошол эле хорват, орустар кылт эткен кыймылыңды аңдып, жаа, кылычын белендеп турушат. Тактыга олтура элек жатып он тараптан курчаган оттун ортосунда калуу опурталдуу эмей эмне. Анда эле тактыдан айрылдың дей бер! Ошондой ойронго жол бербей токтотуп калган Александрга ыракмат.

Сартак ар бири күч-кубаттуу ар элдин куну, ынтымак-биримдигинин белгиси катары келген алты катынын кыя алмак эмес, анүстүнө алардан бакандай балдары да бар эмеспи. Катындарына талак берсе калың колунун өзөгүн түзгөн алты элден ажырап, ата-бабалардын керээзин, өзүнүн өтөлгөлүү ой-максаттарын орундоо мүмкүн эмес. Бирок Наталья да жүрөгүнүн толтосун козгоп салбадыбы, ансыз жан оту саат санай жабыгып барат. Кийин Александрга кеңешип епископко таза күмүштөн ээр, үстүнө кымбат кундуздан ичик жаап, кочушун толтура алтын да берип көрдү.

– Ханым, бул бергендериңизди чиркөөгө кошкон кошумчаңыз катары кабыл аламын жана чоң ыраазычылыгымды билдиремин. Бирок, динибизди аттасам мени кудайдын каргышы урбайбы, – деп көгөрдү карт эчки.

Сартактын амалы кетти. Шылтоо таап епископту жан таслим кылсамбы, же тымызын уу бердиртип кан чыгартпай арам өлтүртүп өчүмдү алсамбы деген да ой бакты. Бирок дини бирге ал кургурду курутканы билинип калса динбезер аталып, энесинин арбагын таарынтып, чын эле Кудайдын каргышына каламынбы деп чочулайт. Алтын Ордонун атыккан ханы туруп алсыздыгына намыстангандан Натальясына да бара албайт. Жашырынып баргыдай ууру да эмес. Антташкан Александр аньдасы болбогондо экиленген эпископту небак эле күм-жам кылып салбайт беле! Шертиңди бузсаң шерлигиң кайсы?!

Ушундай убайымдуу күндөрдүн биринде топтой томолонгон семиз ордо башчы энтелеңдей келип алдына жер сүзө жыгылып калды:

– Ханым, атаңыз Батыйдын иниси Беркенин ордосунан бир жоокер качып келиптир, – деди ал сөзүн жута аптыгып.

Сартак ой бага түштү: Беркенин хан тактысына небактан көз артып, котур ташын койнуна катып келатканы анык дечи, ал эми чоң атасынын «Жасак» мыйзамы боюнча дароо башы алынып, сөөгү иттерге ыргытыла турган чыккынчы-качкынды сүйүнчүлө­гөнүндө кеп бар. Демек, сабыр кылып, сыр тартып көрөйүн деп:

– Келсе эмине кылайын?! Же мени барып сендей жер сүзө жыгылгын дегени турасыңбы? – деди өктөм.

Ханынын заардуу сөздөрүнөн дене-бою үркүп кеткен ордо башчы ого бетер шашкалактады:

– О, ж-жок ханым, ал ж-журтбезер сизден айланып кетсин, биз да а-ал арамды дароо аркы дүйнөгө узатып салалы дедик эле, б-бир…мм… б-б…

– И, эмне токтолуп калдың? Же…

– А-ал т-татар бир орус кызы тууралуу с-сизге айтар к-кебим бар дейт…

– Ыя?! Анда эмне турасың?! Дароо алып келгин аны! – Орус кызы дегенде Сартактын жүрөгү кооптуу болк этип алды. Ордунан кантип атып туруп, ок тийген жолборстой ойдолоп кеткенин да байкабай калды. – Бол! Тез!

Эки жасоолу эдиреңдете сүйрөп келип тери тон, суур малакайчан кодогой татар жоокерди алдына көмөлөтө түрттү. Жер сүзө жыгылган ал хандын бир сөзү же билинбес жаңсоосунан эле чымындай жаны чыркырап кетээрин даана туюп турган эле. Не өлүүсү, не тирүүсү билинбей кыймылсыз жатып калган татардын жанына жийиркене басып барган Сартак аны тонунун жакасынан булка тартып мышыктыкындай сары көздөрүнө тике карап:

– Ысмың ким? Миңганың кайсы? – деди кекээрдүү.

Хандын чаары чыгып, жаалы кайнап турган көк көздөрүнө тике карай албай:

– А-атым Сырмак. М-м… ми-мин…– деп, жаш татардын тили күрмөөгө келбей калды.

Чоң атасы сыяктуу эле чыккынчылыкты, суу жүрөктүктү башынан жек көргөн Сартактын ого бетер итатайы тутулуп, чыдамы кете жоокерди жакадан ала башы жулунуп кеткиче жулкулдатып:

– Эй, сары иттин тукуму, кара жаның кымбат болсо жашырбай айткын! Эмне демексиң? – деп бакырып жиберди.

– У-урмат-туу ханым…

– Эй, ит, ток этер кебиңди айткын! Сандырак мактооңдун мага кереги жок.

– К-куп болот… Б-берке хан к-катын алды, т-токолдук-ка… орус к-кызын…

– Алса эмне кылайын?! Куттук айтып барсын дейсиңби мени, ал карыган эчкиге?! Аты ким экен ал кыздын? Ошону айт!

Сартактын санаасы жамандыкка бурулуп, самандай сапырылып кетти. Суук кабар укпагай элем деп түпөйүл жүрөксүдү. Ылайым андай болбогой эле…

Татар жоокер кандай кара баскыр балээге калганын эми анык туюп, сыр жашырса да, кара жолтой кабарды айтса да башы алынарына даана көзү жетип булдуруктап калды.

– А-аты… а-а…

Туулгандан эле кулагы сак, кыйды келген татарлардын биринин тили күрмөөгө келбей байланып жатканынан эле кыраакы Сартак жаман кабарды боолгоп, ошентсе да аныгын угайын деди:

– Айткын, азыр тилиңди кесип ала электе! Ал орус кыздын аты ким?!

– Н… н-нат-талья э-экен…

– Ыя?!. – деп Сартак ок жеген аюудай бакырып жиберди, – жаңылыш уккан жоксуңбу, жексур?!

– Ж-ж-жок… ө-өз-зүм ук-ктум…

«О, Жараткан! Бу не кылганың?! Ат түгүндөй жайнаган кыз-кыркындын ичинен Натальямды көрүп калдыңбы?! Көзүңө көр топурак эле тыгылып калсачы!» Күйүттөн түтөгөн Сартак Кудайга да наалаты айтып жиберди. Анан кантсин?! Араң тапкан аруужанын чандайган сасык чал кордоп жатса! Кутумчулдугунан арамдыгы башына зилдеп кеткен Беркени азыр барып мууздап салгысы келди. Ал амалкөй да Ордо жоокерлеринин көбүнүн жортуулда экенинен пайдаланып калууну күсөп, алдын-ала камынып алса керек. Балким, шылтоосуна шыноо издеп Сартактын биринчи катылышын көздөп, Натальяны атайын токолдукка алгандыр? Ооба, ооба, так ошондой. Анда эмне, Александрды жардамга чакырсабы? Болбойт. Жооң менен жасаган жортуулуң курусун. Досу болсо жеке башыныкы, элдики эмес.

Айласы алты кетип капастагы жолборстой чамынган Сартак акыры эси эңгиреп тактысына шалдая олтура кетти. Кара тумандай калдайып кыйлага үнсүз түнөрүп олтурду. Чатыр ичи кулак кескендей жымжырт, чымындын учканы угулат. Ашыгын ажыратып алар айла табылбайт. Ошентсе да… баса, епископ эмне кылды экен? Ал кантип макул боло койду?! Ушундай уулуу ойлордон Сартак эсине келе калып дагы эле тагдырынын кандай чечилээрин чыдамсыз күтүп жаткан татар жоокерге кайрылды:

– Берке мусулман туруп, христиан кызын кантип алды экен?

Ханынын жай суроосунан улам санаасы саал тына түшкөн тигинин эми тили буулбай шыр кетти.

– Натальяны уурдап келишип, көк чыбык менен чыркырата сабап жатып мусулмандыкка киргизишти…

Бул сөздөрдөн Сартак дагы ойдолоктоп тактысынан ыргып турду. «Карыган эчки! Шашпагын! А эмнеге, эмнеге мен антпедим?! Эмнеге епископ көп аял алууга жол берген мусулман динине экөөң тең өтүп алгыла, жолуңар ачылат деп мага айткан эмес? Александрчы? Анын да акылы жеткен эмеспи? Ит Беркенин жеткен акылына экөөбүздүкү биригип жеткен жокпу?!» Эми ага епископтун арамдыгы ачык болду. Ашыгынын башын аччу жолду атайын айткан эмес. Көргүлүктү көрсөтөт ага! Досуна коёр доо таба алган жок.

Сартактын ансыз да жүлжүк көздөрү ого бетер кектүү бүтүйүп, илбирстикиндей сары от боло жалындап чыкты. Жаак тарамыштары түйүлө тишин кычырата кыжынып, кыйлага наркы-терки аттай басты. Акыры амалы кетти белем, жоошугансып:

– А сен мага эмнеге буларды айтып келдиң? Же Берке жибердиби?! – деп көздөрүнүн чаарын чыгара качкын татарга бурулду.

– Ж-жок, х-ханым, – Сартактын көздөрү эми муздак көгүш от бүркө шибегедей сайыла өзүн тиктеп турганын көк желкеси менен сезген татар кайрадан тилин жутуп калды, – О-орус кызы менен с-сиздин… баары билет… а-айтып жүрүшөт…

– У-у! Канкускур!!! – Сартактын оозунан көк түтүн чыга кылычын кынынан шарт сууруп алды. Баары өң алаттан кете бүжүрөп калышты. – Билип туруп жасаган экен да, ар-рам чөө! Көргөзөмүн мен ага, с-сени элеби, Берке!.. – Сартак кыйлага чейин кылычын кынына салбай улам бир тарапка атырылып, албууттанып жатты. Эгерде Сырмак татар таякелеринен болбогондо башын дарбыздай томолото чаап, адатынча кан төгүп, шакардай кайнаган жинин небак чыгарып алмак беле…

Канчалык кекээрленсе да акылы зирек Сартак аскерлеринин көбү жортуулда жүргөн кезде, күчүнүн аздыгынан улам Эдил дайрасынын жээгинде, Сары-Кумдун үстүнө куруп алган Беркенин ордосун чаппады. Канчалык оор болгону менен кезеги келгенче сабыр этти. Аны албетте, айлакерлиги менен арамдыгы ашынган Берке да билип, укту. Эгерим Европага кеткен түмөндөрү кайта турган болсо Сартактын акыры келип кегин албай койбосун ачык сезген Берке андан озунуунун ыңгайын издеп жүрдү. Акыры ал да келди.

Сартак Каракорумдагы Улуу Курултайдан келаткан. Ордо талашы ал жакта да күчөп кеткен экен. Улуу Кагандын хан-урпактарынын дээрлик баары чар-тарапта жортуулда жүргөнүнөн улам каганаттагы чыныгы бийлик алардын катындарына небак өткөн эле. Каракорумда калган Өгөдөй да, Күйүк да чексиз мансабын көтөрө алышпай арактан күйүп өлүшкөн. Шапар тепкенден башканы билбеген алардын айынан Ордо бийлиги бошоп, катындардын кароосунда калган эле. Ошондо да Жеңгисхандын эссиз тукумдары өз энчилерине ыраазы болушпай биринин бийлиги менен байлыгына көз артышып тымызын да, ачык да так талашууга өтүшкөн. Чоң атасы курган зор империя жалпысынан Каракорумдагы бир Улуу ханга караган менен иш жүзүндө толук баш ийбеген өз-өзүнчө үч ордого бөлүнүп, алардын ар бири ич ара ондогон майда хандыктарга чачырап турган. Бардык хандар Улуу кагандын урпактары болгондуктан өздөрүн өзгөлөрдөн улук, такка татыктуу санап, ар бири жанындагы кандаш хандарды түркүн айла-амал менен өзүнө тартып, же ачык эле басып алып, күч топтоп алган соң Каракорумдагы башкы тактыны басып алууну самашчу. Ошентип, Улуу кагандын жалпы дүйнөдө бир мамлекет куруп, бирдиктүү да, бакубат да жашоо орнотуу ак тилеги ишке ашпай, орто жолдо чандырынан чабылып турган учур эле…

Узак жолдо ушундай убайга батып келаткан Сартакты Берке жолдо кубалап жетип:

– Улуу ханыбыз сапардан чарчап-чаалыгып келаткан экенсиң, даам сызып, масилеттешип алалык, – деп, жалпак тилге салып, ат жалына дасторкон жайып калат. Кеги ичинде болгон менен Алтын Ордосунун артын ойлогон хан сыртынан сыпаа сала, ачык душманымды азайта турайын деген ойдо аттан түшүп, даам ооз тиет.

– Ие, улуу хан болсоң да инимсиң, Жоочу чоң атаңдын уулдарынан жалгыз, Батый атаңдын инилеринен мен эле калдым. Жаныбыз башка болгон менен каныбыз бир. Бир тууган табылбайт. Эмнеге кийинки кездери мендей жалгыз агаңдан алыстап, учурашпай кеттиң? – деп, Берке жылан башын кылтыйта кекээрлеп да алат.

Сартак хан болсо да пенделик чама-чаркына шылтай жайкап, даамынан сыпаа ооз тийип, кези келген кезде бардык кегимди алармын карыган теке деп ичинен ызырынып, бирок сыртынан сыр алдырбай аттанып кете берет. Анан эле жолдон көңүлү айнып, окшуй кусуп, өзүн жаман сезе баштайт. Эч ким ага жардам бере албай, дарыгерин өзү менен сапарга албай койгонуна катуу өкүнөт. Берке арамдын тамагына кошуп берген уусунанбы, же белгисиз дарттанбы, себеби даана билинбей эки күн жөөлүп жатып Батыштын жарымын чапкан улуу жаангер Батыйдын тун уулу да жаштайында жайрап, акыркы сапарына кете берди… Тагдырын тайыткан Беркеден кегин ала албай, армандап, өксүгүн ичине жутуп кетти… Анын ордуна Алтын Ордого хан болгон кичүү иниси Улакчы да жарым жыл айланбай кийин өнөкөткө өтүп кеткен ким бирөөнүн уусунан каза тапты… Ата-бабаларынын керээзин аткара албай кан кусуп калды…. Алардын өмүрү антип эрте үзүлбөгөндө Европанын тагдыры кандай болор эле?.. Монгол аттарынын туягы акыркы деңиздин толкундарын кечип калар беле…

Акыры Берке хан болду… Батый хан көрүндө нечен толгонсо керек…

 

* * *

Жувайни таң куланөөк салганда гана эсине келип, каламын кагаз үстүнө таштады. Кулак кескендей жымжырт. Таң ата намазга чакырган азанчылар тургай улам бири созолончу короздор да али ойгоно элек экен. Жандуудан май чырагынын билиги гана жалгыз үлпүлдөйт. Терезедеги ай орто толуп калган экен.

Канча түн, канча күн олтурду Жувайни, эсинде жок. Өкүттүүсү, ушунча күн-түндүк убара менен ушаланып жазгандары эсинде улам электенип жазмакердин купулуна толбой турду. Нечен күндүк азаптуу аракетине ичи чыкпады. Жок, улуу кагандын урпактары тууралуу Улуу Баянды мындай майдалап жазууга болбойт. Махабат – дүйнөнүн жарымын чапкан чыгаан жаангерлердин өмүр өтөлгөсүнүн болор-болбос бир өңүрү гана. Каргыштын анык-жалганы белгисиз. Алар жаангерлик бийик атакты пастап салат. Ал, алтын сарайдын ичин кулпу жылчыгынан шыкаалагандай эле тар иш. Улуулукка умтулуп, уңгулуу иштерди улаган бийик инсандардын жоболоңдуу жортуулдарын, аларды тарыхта калууга татыткан акыл-амалдары менен өзгөчө өлүмтүгүн, кайда болсо көлөкөдөй ээрчиген жан бирге жакындары менен капсалаңдуу кастарын, айкөлдүгүнөн аман калган элдер менен кылычтан кырылган калктарды, жер менен жексен болгон шаарлар менен жаңыдан жаралган калааларды, нечен дабан, тоо ашып түшүнө кирбес ажайып жерлер менен кук эткен кузгунсуз какыраган талааларды багындырганын, эр көкүрөк нойондору менен аты белгисиз жоокерлеринин эрдиктери жана пастыктарын… анан гана керт башын бакытка балкыткан, же кекээрин салган махабатын, каргыштын чабыла тийген кара күчүн жазуу керек. Анткени ал ар кимдин керт башыныкы…

Ушундай ойлорго тунган Жувайни быжыгыр сакалын сылай мелтейип, чай кайнамдай жаздык чыканактап жатты. Күнү-түнү кыймылсыз олтургандан бүт денеси ноюп, талыкшып калыптыр. Акыл-ою чарчап, чаташкан. Мындай азаптан көрө мээ сергитип, жанга даба берчү отунчулук менен алпурушуу, же талаа менен тагдырлашкан дыйканчылык артык. Ошентсе да ар кимдин жарыкчылыкка жаралган өз жазмышын артып, милдетин аткармагы бар.

Дээринен ойчул Жувайни өткөндөгү Улуу доордун жаңырыгынан али бирото суурулуп чыга албай, кытайдын жука кагаздарына шурудай тизмектеп жазып чыккан жазууларынын улам бирин шуудурата колуна алып, жарыкка тосо, сыдыргыга сала окуп жатты. Эки-үч курдай тура калып, каламын ала оңдоп, кошумчалаган да болду. Акыры бүттү, бир тутам барактардын баары окулуп бүттү. Ошондо гана Жувайни чечкиндүү тура калып, жазгандарын чогулта ороп, ничке тасма менен кабаттай байлады да четке коюп, жаңы барактын бирин алдына жайды. Ал, Улуу Тарыхты жазууга эми чындап белсенди. Анын жолун анык тапты. Буга чейинки жазгандары жарабайт. Кылымдарды карытар Улуу Тарыхты жазуу менен өзү да анын барактарында түбөлүк калууга аттанып жатканын али сезген жок. Ал – жазуучулук вазийпасын ак аткарууну гана ойлоп жатты…

Адам пендесинин бири дүйнө менен тарыхты кылычтап жеңсе, дагы бири орошон ой, калеми менен багынтат. Экинчисиники ак, адилет!

 

Мекенсиз

Белортосунан көпкөк суу мелт-калт толгон кууш капчыгайды бойлой кеткен кан жолдо жалтыраган кара “мерседес” зуулап келатты. Жайдын толуп турган маалы болгону менен капчыгай ичи салкын. Өрөөндү өрдөй чубалган Токтогул суу сактагычынан улам болсо керек. Саргарган тоо жонунда карайган кесек таштар менен анда-мында сейрек бадалдардан башка көзгө такоол эчтеме жок. Төбөдөгү көк асмандын тереңинде жалгыз бүркүтпү, кулаалыбы канатын калдайта жайып жай каалгыйт. Аң издеп жатса керек. Тоо боорундагы жазгы жашыл бетеге саргарып, күйүп кеткен.

Зыпылдаган машина эңкейиш жолго өтүп, жайыкка чыга бере жол четине чыга токтоду. Арткы эшигинен сеңселген суюк ак чачтуу, курсагы салаңдаган эркек ыңгырай жерге бут таштады. Мойнундагы чаңкайган кызыл галстугун сыдырым желге булактата жол четине чыгып токтогон ал, эки бөйрөгүн таянып, машинадан чыгып жанына жете келген шыңга бойлуу жигитке көңүл буруп койбостон суу бетин саал тиктеп алды да, аста, сууну беттей ойлуу басты. Бу жер капчыгайдын эң жайык тушу болгон менен бардык суу тегереги көгөргөн тик аска. Ошондон улам эркек канчалык жакындагысы келип, жол издеген менен сууга жете албай, төмөндөгү борчукка жетип токтоду. Көгөрө чалкып жаткан суудан көз албайт. Ойлуу. Мынчалык неге жайдак суу бетин теше тиктейт? Же ойкуган бир ак чардак, кайыгынан кайырмак салган балыкчы болбосо…

Ал, Керез болчу. Ооба, мындан кырк жылдай мурда Орусиянын Куйбышев шаарына кеткен жигит. Окуйм деп…

Анын эсине он жылдай илгери Москванын көчөсүнөн жолуктурган ак калпакчан кыргыз түштү. Алтымыштан өтүп калган арык, жүдөө кишинин Ала-Тоо сымал ак калпагын алыстан, көп ичинен көрүп эле кыргыз экенин билип салам берген. Көрсө ал Токмоктогу эт комбинатынан ири акча жеп, “Матросская тишинага” он эки жылга кесилип, эми бошоп чыгып мекенине кайтып бараткан кески экен. Жакшы иш таап берейин, мага караан бол, Кыргызстанга барганда эмне кыласың, аякта иш жок, түрмөдөн чыкты деп сени ким жарытылуу жумушка алмак эле, азыр жаңы телчигип келаткан ажерде ач, кайгуул заман дегенинде тиги “жок, кыйла жыл түрмөдө камыгып жатып ден соолугум кетти, эми өлөөрүм эле калды, өз элиме, мекениме барып өлүшүм керек, көңүлүм ток” дегенде ага таң калган. Адам үчүн кайда өлөөрү баары бир эмеспи. Өз жеринде өлгөндөн кантип көңүлү ток болуп калсын деп. Аэропортко чейин узатып барган Керезге бейтааныш жердеши коштошуп жатып “сен да эртеби-кечпи баары бир мекениңе барасың, эл-жер деген кыйын, адамдын жаны менен бирге, атажурту акыры тартпай койбойт” деген эле, сырдуу. Анын айтканы чын чыкты…

Ким билсин, андан да он жылдан ашуун мурда ойдо жок опаасыз бир чоң окуя болбогондо Керездин тагдыры кандай болмок… Азыркысынан алда канча артык, топуктуу, толук болор беле…

Ошондо, узун жылан сымал ийрелеңдеп, капчыгайды өрдөй аккан дайранын жээгиндеги түйдөктөй айыл­ды тирукмуш кабар аралай баштаган. Капчыгайды төмөнтөн тосуп, сууну бууп, өрөөндү капортосуна чейин сууга толтурат экен. Ондон ашык айылдардын элин туш тарапка көчүрүп, суу сактагыч салынат экен, Москвадан чечилип, биздин бийлик ага куп деп кулдугун уруптур деген. Деги, элдин кулагы уганак. Айтканы дайыма чын чыгат. Чынында эле бу жолу да ошондой болду! Москвадан чечилгенден кийин бүттү да, аткарбаска арга канча.

Көп өтпөй өрөөндөгү нечен айыл там-короосу, бак-шагы, көчө-жолу менен көлкүгөн тилсиз суу алдында кала берди. Там-ташы курусун, баарынан да эзелки ата-бабаларынын сөөктөрү жаткан көрүстөндөрүнүн сууга көмүлүп кеткени элдин жанына катуу батты! Тили болгондо байкуш суу ылаажы койбой нугун бурган бузукуларды да, адамдардын убалына амалсыз калганын не бир зарлап, зар какшай каргап, кошоктоп айтаар беле?! Адам пендесинин абалтан ажатын ачып, тирүүлүгүнүн булагы болуп ыйык саналып келген суу бу жолу сумсайып, алмустактан эриш-аркак келген адамынын суук колу менен арам, таш боор аталып, жараткандан тилинен ажыраган суу анте албады. Үнсүз мелтиреп, кылымдап конуш алган айылдарды амалсыз, түбөлүк жайпай берди.

Адам баласы эстутуму менен өлүмдү жеңип жашайт тура. Өтмүштөгү, көздөрүн көрбөгөн да, кечээ эле ийиндеш жашап өткөн маркум жакындары менен бу жалган, тиги, чын жашоодо жаноттору өтмө катар ширелишип жашайт турбайбы. Буйрукчул өкүм бийликтин өктөмү менен туш-тушка таруудай чачырап кетсе да, капчыгайга суу толтурулуп жаткан экен деген чагылгандай ачуу кабарды угары менен агылып келген эл жаңы көлдүн түштүк жээгиндеги кырда зымга конгон чымчыктардай кыркаар тизилип, күнүгө келип алыстан байкоос салып турушту. Али ишене бербеген алар качан гана боор эти менен тең айылынын улам бирин күн өтө мелтиреген суу баса баштаганда чуру-чуу түшүп, бакырып ыйлаган менен анчейин акылдан айрылышкан эмес. Качан гана дөбөдөгү көрүстөн сууга четинен чөгө баштаганда жинди болуп кете жаздашты, акылынан айнып, албууттанып, жин ургандай жулунушуп… Кемшийген кемпирлер түгүл кечээки эле келин-кыздар кошок кошушпадыбы, ошондо, беттерин кызыл-жаян тытып. Анан кантишсин! Ар кимисинин кымбат адамдарынын, о дүйнө салган жакындарынын асыл арбактары суу алдына түбөлүк көмүлүп, бирото айрылып жатса! Түбүң түшкүр бийлик, акылсыздык!..

Керез да ата-энесинин жанашкан күмбөздөрүн суу жайпай баштаганда жан дүйнөсүнө жарык чачкан белгисиз кубаттан, өткөн өмүр-жашоосунан түбөлүк кол жууп жатканын сезип, акылынан айнып кете жаздады. Тамагы айрылганча эне-аталап бакырып, жулунганы эс-мас эсинде. Колдорунан жулка тартып, жерге баса жыгылган топ милийсалар болбогондо ата-апасынын күмбөзү менен кошо сууга бой урат беле… Көрсө, адам пендеси кымбат адамдарынан айрылган менен алардын акыркы жайын көргөндөн каниет алып, топук-тооба кылып жашайт тура. Эстутуму менен өлүмдөн улук турбайбы!..

Керез жалгыз бала болучу. Ошондон улам анын атын бизден да, ата-бабаларынан да жалгыз – Керез деп ырымдап коюшкан окшобойбу. Балким, ата-энеси алда-неден аян алып, бирок, аны акырына чейин толук аңдай алышпай, өз армандары менен чектелип калышса керек. Эми ал, бүтүндөй бир тукумдан тургай, азыр набыт кеткен бир айылдан да жалгыз керез болуп, моло таштай соксоюп турбайбы!

… Согуштун капортосу ченде жарадар болуп келген атасы үйлөнгөндөн он жылдай өтүп, бала көрбөй, үмүтү үзүлө жаздаганда гана перзенттүү болгондо мураскерлүү болдум, тукумум улантар керездүү болдум деп, жерге батпай барпалаңдап сүйүнүп, эзели кыйгыс жалгыз чобур атын союп, бүт айылды кой, кайын-журтун, коңшу элдерди да чакырып той берген деп калчу эле энеси. Ачарчылык, жокчулук, бир пендени да соо калтырбай кайгы кайыштырган агезде андай той берүү кайда?! Улуу, кан кечкен согушка бозбаш бойдок бойдон барган атасы чымындай боо түшүп кырылган кишилерди көрүп, өзүнүн да ажалы жанында көлөкө­дөй дайыма ээрчип жүр­гөнүн даана туюп артымда тукумум калбай, байыртан уланып келген бабалардын байсалдуу тукумун үзүп аламбы деп корккон окшобойбу. Эгер жаратынан жабыгып жүрүп кырк бир жашында дүйнө салып кете бербегенде, азыр сексенден аз эле ашмак экен. Андан кары абышкалар деле жүрбөйбү. Аттиң, десең. Кан күйгөн согуштан өлбөй, аман келген атасынын эми минтип, акыркы турагы болгон мүрзөсү да жок калды. Болгондо да өз атажуртунда!

Чолпондой энеси да жарыкчылыктан эрте кетет деп эч күткөн эмес. Жан адамга арызданбай, оорудум-соорудум дебестен, тилин тиштей муңайым жүрүп эле Керези мектепке бара баштаган жылдын кышында төшөгүнөн турбай жатып алды. Абышкасынын күйүтүнөн эле күйүп кетти дешет. Экөө жаштайынан катуу арзышкан экен. Өзөктөн алган күйүт жаман тура! Отуз жаштан ашып-ашпай чүнчүп, карайып, ширидей катып кетти.

Керез коңшу айылдагы таята-таенесинин колунда чоңойду. Атасы да жалгыз эле… өз тууганы жок… Табият мыйзамы татаал, сырдуу экен го. Эми Керездин өзүнүн баласы да жалгыз…

Ошол, айылы суу алдында көмүлүп калган жылы Керез мектепти бүтүп Фрунзеге келди да политехке тапшырып, андан Куйбышев институтуна тандалып алынды да кете берди… Эми, ошол бойдон келгени мына. Жок, биринчи курсту бүткөндөн кийинки жайда келген…

Таятасы каза болгондон кийин бели бекчейген таенеси кызынын колунда эле. “Байкуш, Айнашымдан калган көрөр көзүм” деп, жетине албай кемшиңдей жашып, чекесинен өөп, Керезге… апасын эске салган. Экөөнүн окшоштугу көп болчу. Баарынан да көздөрү, сыйда кыймылдаганы… Ошондон уламбы, жашоосундагы жалгыз караан тутканы да таенеси эле. Эми ал да жок. Кайда көмүлдү, билбейт. Эч ким ага кабар айтып, куш тилиндей телеграмма берип койгонго жарабады. Ошол келишинде ата-энесин сагынып, жок дегенде көзгө тааныш, жанга жакын мүрзөлөрүнө барып, топурагын козгоп, куран окуй албаганына күйгөнүчү! Мүрзө да болсо караан, каниет экен го, тирүү жанга. Мезгилинен адашкан маңкурттай үч-төрт күн каңгып жүрдү да, таенеси менен коштошуп, акыркы көздөш­көнү экенин сезбестен Керез кете берген. Ошондон бери келгени ушул. Кимге келмек эле? Эбиреп-жебиреп, көз көрүнөө жактырбай силкилдеген таежесине, же аялына алдырып койгон койдон момун таажездесине келмекпи? Тели-теңтуш, тааныш айылдаштарынын баары из таптырбай туш тарапка таруудай чачырап кетишкен. Ар кимиси өз турмушу менен алек эмеспи. Өлбөгөн жанга оокат керек тура. Керез ошол, окууга кеткен бойдон эч бирин кездештирген жок. Баарынын башын кошкон айылы жок болсо ошол да. Айылдаштарын тимеле жер жутуп кеткендей. Жылан сыйпагандай тирүү жан калбай, үй-көчөлөрү каңгырап ээн калса да ар бир там-ташы, тал-тереги тааныш, карааны сүйкүм айылы аман болсо эмне? Кокту-колоттору, алардагы таш, чөптөрүнө чейин белгилүү, кымбат эмес беле. Жок дегенде көбү тааныш көрүстөнү жер үстүндө калса не!..

Казандай таш үстүнө көчүк басып, төмөндө эриген коргошундай мелтиреген суу бетинен көз албай моло ташка окшоп тунжураган Керез:

– Ата, кетпейлиби, кеч болуп баратат. – деп, жанатан улам кайталап айтканын укпаганынан улам ийнине аста колун койгон баласынын күтүүсүз үнүнөн селт эте эсине келди.

Чын эле, бир топ олтурган экен, күн тоо таянып калыптыр. Чаңдуу батыш очоктой кызарып чыгыптыр. «Демек, эртең күн ысык болот…» Капчыгай ичи иңирт теп, карая баштаган.

– Азыр, балам, азыр, дагы бир аз…

Керездин эч кеткиси жок. Жипсиз байланып турду. Кантип кетет? Кайсыл бир көрүнбөс сыр аны бутунан … жүрөгүнөн матап алгандай. Суу алдында тунуп жатса да айылы арбап, кое бербей жатты. Кетмек түгүл өөдө тура албайт. Телмире тиктеген суу бетинен, анын көгөргөн түпкүрүнөн кер мурут атасы, айжаркын, ачык мүнөз, баарыга бактылуу төгүлө күлө баккан энеси экөө аны жанаша тиктеп турушкансыйт. Чатырсыз, балык жон, жакыр болсо да жарык, ичи да, элеси да дайым жылуу үйү али урабай, аны күтүп жаткандай. Азыркыдай маалда, кечки бададан кайткан мал көчө чаңдата маарап, мөөрөп, этек-жеңи калдактап шашкан энелери кыз-балдарына кыйкырып, мал тосуп жатышкандай. Дүрбөгөн айылы дагы эле суу алдында, Керезсиз жашап жаткан сымал. Бир туруп өзү да чоң көчөдөн өткөн бададан бөлүп алган уюн өкүрөңдөтө үйүн көздөй тызылдата айдап бараткан бала сымал… Бакыт деген ошол беле? Чын эле анын баары жок болдубу? Ал, асыл мезгил эми эч качан, түбөлүк кайрылбайбы?!

Бою шыргыйдай узун, аккөңүл агайы Асангазы, да­йыма май, кересин жыттанып жүрчү олбурлуу, баладай бае тракторчу Карымшак, саргыч-кызыл жүздүү, тепкедей почточу Бейшеке, аксаргыл, ууртунан күлкү кетпес саанчы Анипа эже, мулуңдаган, ачуу­су чукул, бирок боорукер мугалими Сагындык, айыл четине коюн жайып коюп бала-бакыраны тегерегине жыйнап алып жомок, санжырасы түгөнбөс Шарше, баарыга бапыраңдап, айрыкча балдарды чакырып алып чөнтөк-бучкагынан кант, момпосуй сунган сарычийкил оттуу Сакиш апа… баары суу алдында калышты. Арбактары тумчугуп, азапка батып жатышпасын?! Аман кезинде ардактай албай, жок дегенде сөөктөрүн жер алдында сактап, коргогонго жарабай артындагы урпактары эзели актай алгыс күнөөгө баттык белек?! Жок дегенде жалгыздап же айыл-апа түрүлө барып куран окуп турар мүрзөлөрү калса эмне. Арман!..

Баса, Жамалы кайда болду экен? Кайсыл айыл, же шаарда? Ал да Керезчилеп айылын сагынып, айланчыктап жүрдү бекен? Эмгиче очор-бачар байбиче болгон чыгар. Анын жибектей созулган жайдары мүнөзү, маңдайы жарык акылгөйлүгү менен алаканынын ачыктыгы «ак көрпө жайыл» аял чыгарынан кабарлап, келечегинин байманалуу да, барктуу да болорун айтып турчу… Керезден эки жаш улуу болчу. Экөө кошуна эле, бала кезинен бирге, ынак чоңоюшту. Керез тогузду бүтүп жайкы чөп чабыктан келе жатып көчөсүнө бурула бергенде, он чыкты кадам алдында кыска, жалтылдаган көк шайы көйнөк, тырсылдаган шиштака кийген бейтааныш кыз кетип бараткан экен. Колунда чакан чемодан. Бу ким? Артынан тааныбады. Бирок, элеси негедир көзгө тааныш. Экөө ээрчишип кете беришти. Алдыга ашып кетүүгө кыздан уялып, биресе бу чоочун кыз кайда, кимдин үйүнө барат болду экен, билип алайын деп кызыккан Керез артынан көлөкөдөй ээрчип баса берди. Качан гана ал сымбаттуу кыз тааныш үйгө бурулуп, короосуна кире берээрде:

– Жамал?! – деп, айран таң калганынан өзү кыйкырып жиберип жатпайбы! Ошондо осолдугунан уялганы ай! Жалт бурула караган кызды жандай өтүп, Керез үйүнө чуркаган бойдон кирип кеткен. Бүттү. Ошол бойдон экөө бетмаңдай сүйлөшүп, же арзуусун айтып сыр чечишкен жок. Жамалдын оюн ким билсин, бирок Керезге алгачкы, аяр, уяң сүйүү ошондо келген экен. Кийин ал канчалык күнү-түнү убайга батып кат жазып, инисинен Фрунзедеги дарегин алган менен каттарынын бирин да салган жок. Батынбады. Балалык баео, алгачкы ууз махабаты тура! Рас, анын эртеси, кийин, кышкы каникулга келгенинде да, алыстан көздөрү уруна калган учурда Жамал сырдуу күлмүңдөп калчу. Балким ал да… ай, кайдан?! Керез болсо не бир чоң уурулугун карматып алган сымал андайда кулагына чейин кызарып, көздөн далдаа болгончо шашчу. Соң­ку, Керездин Фрунзеге кетип баратканында Жамал терезесинин пардасын кыңайтып аны артынан уурдана карап турган экен. Анда да күлүмсүрөп туруптур… Керез ага арзуусун ачканда эмне болмок? Тагдырларычы?..

– Ата, кеч болуп кетти. Кайтпайлыбы эми?

Керез баласынын күтүүсүз үнүнөн дагы чочуп кетти. Анын аруу да, не бир таттуу да кыялын чорт бузганынабы же… Керез күтүүсүз жарылып кетти:

– Эмне?! Чыдап тура албайсыңбы? Же өлүп баратасыңбы? Энең экөөңө баары эле силердин каалаганыңардай боло берсе! – деп, кагына ордунан тура калды, – Эмне, менин жок дегенде бир күнү өз алдымча жашаганга акым жокпу? Ансыз да силер деп жүрүп өмүрүм өтүп кетти…

Кийинки кездери, айрыкча, кызматынан бошоп калган эки жылдан бери ачуусу чукул тартып кеткен атасынын дагы бир кырс этмеси кармады да деп түшүнгөн баласы да андан тартынбай ороңдоду:

– Кайтпайлыбы. Жетишет да. Же ушул жерде таң атыралыкпы? Ай-талаада олтурат эле, олтурат…

Керездин ачуудан тили буулуп, кекечтене туттугуп кетти:

– Эй, эй, акмак! С-сен билесиңби? Бул ай-талаа эмес. Менин айлым, мекеним! Ата-энемдин, бабаларымдын сөөгү ушул жерде! Алар сенин да чоң ата, чоң энелериң, сенин да мекениң ушул жер! Дөдөй…

Атасынын айбатынан чочуп калмак түгүл капилет ороңдогонуна тырчый түшкөн баласы аны кайра уруп жиберчүдөй бурула калып, орусча тил кайырды:

– Сиздин туулган жериңиз ушул болсо менин мекеним Самара. Бул, какыраган ай-талаа сиздики эле боло берсин, бердим! Бесплатно!..

Мындай, күтүлбөс керооздуктан Керез не дээрин билбей шаштысы кете дел боло түштү. Баласынан мындай кемсинтүүнү, түркөйлүктү эч күткөн эмес эле. Жаноту кызылдай өрттөнүп, оготөтөн каны шакардай кайнап кетти:

– Сен, сен эмне деп жатканыңды билесиңби, деги, айбан?! Менин, өзүңдүн өткөнүңдү, экөөбүздү жарык дүйнөгө жараткан ыйык ата-бабаларыңды жерип, алардын арбактарын кордоп жатасың! Алар болбосо экөөбүз тең жок болмокпуз!..

– Ой, боже мой… Тойдум! Эмне, алардын артынан өлүп кетейинби? Мекен, милдет деген кооз сөздөрдү койсоңузчу…

– Тү-ү, ит!.. Ныпым акылы жок турбайбы. Энең экөөңө менин акчам болсо гана болду… Мындай түркөйлүгүңөр менен акчам болбосо мени үйдөн небак айбандай айдап салмак экенсиңер да…

– Давай, көп сөздү токтотолу. Түн кирип кетти, кетесиңби? Же, “мекениңде” каласыңбы?..

– Бар! Кете бер!

Каккы жегенине арданган баласы шарт бурулуп, машинасын от алдырды да, жарыгын жандырып, коюу чаңды буркурата дуу эттире ызгытып кетти.

Керез ташка кайрадан көчүк басты. Мууну калчылдап турду. Карыганда өз баласынан ушундай сөлтүк сөз укмак беле?! “Ал минтип жаткан соң башкалар эмне дейт? Демек, алар деле мени мекенсиз жолбун ит санап, ичтеринен келекелеп келишкен экен да! Тү-ү!.. Акмак болуптурмун! Өмүрүм сая кеткен тура!..”

Баласынын орусча сүйлөгөнү оготөтөн кучунашына тийди. Канетсин анан, кыргызчаны түк билбесе. Ага Керездин өзү күнөөлүү, эне тилин үйрөтпөгөн. Кезинде терең маани берген эмес тура… Чынында эле “эне тили” деп тегин жеринен аталбаса керек, энеси жаттын тили да, дили да жат болуп калат окшобойбу. Эзелтен эриш-аркак экөө эненин сүтү менен көкүрөктө уютулат тура. Ошон үчүн ал эли тургай өз атасын да түшүнө албай жатат. Жат. Анан атажуртун кайдан кабылдамак…

Кеч чынында эле кирип калган. Тоо небак калдая карарып, бетинде Ай чыйыры үзүл-кесил жылт-жулт эткен менен караңгылыкка төнүп кеткен көл да туюк карайып, капчыгайга караганда асман жарык, көгөрүп. Жылдыздар жымыңдай баштаган. Айылдын асманы кандай тунук да, жылдыздары не бир жарык! Айрыкча, асманга жакын, тоолуу Токтогулда.

Керездин оюн аялынын элеси кызыл сызыктай тепчип өттү. Ак жүздүү, али да ажарлуу орус. Рас, жашында күйүп-жанып алган менен азыр ал оттуу сезим жок. Баарыбир канын тартат дегендей, оокат-байлыкка ач энесинин эле өзү болуп калды. Алтургай чочкодой семиздиги да. Эси-дарты дайыма оокат, акча, кызмат… Анын айдагында жүрүп, минтип жарым кылымдай атажуртуна да келе алган жок. Жолбун иттей мекенсиз калды. Байманалуу кызмат, сапырылган акча, алтургай үй-бүлө, баласы да туулган жер, өз элиңдин алдында түккө арзыбай калат турбайбы! Мына, ачуу чындык. “Өз элимде өмүр кечиргенимде азыркы ачуу арман башыма түшпөйт эле го?! “Өзгө жердин султаны болгуча, өз элиңдин ултаны бол” деген накылдын орошон сыры шол тура. “Өз агасын агалай албаган, өзгөнүн эшигин сагалайт” болупмун. Өмүр бою өзгө жерде каңгып жүрүп эмне таптым? Эч нерсе. Миллиондорумдун, наам, шагыраган ордендеримдин кереги эмине? Алардын жарыгы элиме канчалык? Түкчөлүк. Аларды билбесе, кубанбаса, кадыр-пайдасы жакындарыңа, эл-журтуңа тийбесе кереги эмне? Жалгыз башың эч качан каниет албайт тура, эч нерседен. Мекенсиз жашооң курусун! Байкуш, цыган, уйгур, күрд, кыпчактар ошону үчүн жүз, миң жылдап мекен деп зар какшап жүрүшкөн турбайбы! Армандары аттын башындай экен.

Эми мен кайда барам да, керегим кимге?! Ким мени батырып, карыганда кам көрөт? Бир да жакын адамым жок. Жада калса арман-күйүтүмдү бакыра айтып, ыйлап алар ата-энемдин мүрзөлөрү да жок. Мен – мекенсизмин!!!”

Керез кыжына ордунан турду. Чыйрыгып калыптыр. Астында мелт-калт болуп бир боор айылын, ата-энесин, туулган үйүн, баарынан кымбат балалык доорун, өткөн эси-дартын көлкүлдөгөн коргошундай алдына тумчуктура басып, коогалуу карайган сууга бой таштагысы келип кетти. Жалгыз баш, жаныңда бир түшүнөр адамың жок жашоонун кереги канчалык. Ошол эле кезде кайсыл бирөөлөргө муздак жарык, жерине суу беремин деп миңдеген адамдарды киндик каны тамган кымбат жеринен айырып, жанотун жарыктан, жүрөгүн ысык демден айырып койгон доорду, анын кемакыл төбөлдөрүн ичинен ачына каргап турду. Эми мындан нары эмне кыларын, кайсыл жерди баарлап, кайда барарын, кимге батаарын билбей калды. Туш тарабы туюк. Жан дүйнөсү жабыгып, туз куйгандай ачышты. Ушинтип, пайгамбар жашына келип калганда ай-ааламда боор толгоор жакыны жок жападан жалгыз калмак беле?! Жабыкканда кимдин ийнине таянып, башын көкүрөгүнө коюп, кайсыл жерди кучактайт? Керездин кимге кереги бар? Эч кимге керексиз турбайбы! Жадагалса жалгыз баласы да танып кетти. Эми кайда барат? Кайран өмүр!..

Аңгыча, алда недей сырдуу да, коогалуу да карайган өрөөндү жебедей курч кош жарыгы менен жиреген машинанын жарыгы жакындай зуулап келип, жолго токтоду. Андан көзгө тааныш баласынын карааны көрүнүп, жакындай басты.

– Ата, жүрүңүз. Жакын эле жерде вагон бар экен, конуп кеткенге макулдашып койдум. Бир ачууңузду бериңиз эми, – деп, жогортон колун сунду жанына жете келип. Кыйган эмес экен. Канткен менен боор этинен чыккан баласы да.

– Кете бер, өзүң. – Керез баласынын колун албай, тултуя бурк этип жандай өтө берди. Жана өзү түшүп келген төтө жол менен өрмөлөй жолго чыкты да, унаа көрүнүп калабы дегенсип, жол башын карады. Жок. Көйнөгүнүн жакасын кымтылана уулунан жүз үйүрдү.

– Ата, кечирип койчу, эмне болуп кеткенимди өзүм да билбейм, ачууга алдырып коюптурмун. Жүрү, жүрүңүз эми, мен баары бир сиздин эси жок балаңыз эмесминби…

Баласынын эсине келип, айыптуу үн менен «сиз» деп сүйлөгөнү атанын жүрөгүн ийитти. Акыл тегереткен экен. Канеткен менен Керез баласын кыя алмакпы, ичтен чыккан ийри жылан эмеспи. Саал сыр көргөзө тултуюп, кыйылган болду да, өз балама таарынып ит болмокмунбу, ушул ээн талаада түбөлүк тура бермек белем, андан көрөк тез арада бул жакка көчүп келип, көлдүн жээгине там салып, жашоого кам урганым оң деген ойдон каниет алып, өзүн-өзү жубатып, баласын ээрчий барып машинеге олтурду.

Алар көп деле жүрүшкөн жок. Арткы орундукта тунжураган Керездин ачуусу таркагыча болбой, зуул- даган мерседес капчыгайдан өөдө чыга берип, жол жээ­гине чыгып токтоду. Машиненин жарыгынан үч-төрт үй-вагондун үрүл карааны көрүндү. Баласы машинеден чыгып, терезесинен жарык төгүлүп турган вагондун бирине кирип, тез эле кайра чыкты.

– Жүрүңүз. Сүйлөштүм. – деди ал, машиненин эшигин ачып.

Вагондун ичи жарык экен. Тамак ичкенге ылайыкташкан төрт-беш стол, аларды тегерете коюлган орундуктардан улам анын ашкана экени көрүнүп турат. Жупуну болсо да таза. Түрлүү бөтөлкөлөр, тамекилер, жалтыр-жултур таттуулар кыдыракей тизилген текчеси бар сол тарапта орто жаштагы эки эркек, ак халат кийген аял менен жай сүйлөшүп турушкан экен, чоочун кишилерди көрүп алар дароо кош айтышып чыга жөнөштү. Олтурган эч ким жок. Тоо арасында түн каткан жолоо­чулар сейрек болот эмеспи.

– Тамак ичип алалы,– деди уулу, төр жакка кол жаңсап, – анан эс алалык. Шаар алыс дейт…

Керез үндөбөй, уулу көрсөткөн столдун кашындагы орундукка көңүлсүз олтура кетти. Баласын кыйбады, керелден кечке бирге жүрүп ачка болсо керек. Жаш эмеспи, тамакка тойбой турган учуру. Ал эми өзү үчүн кайда конуштун баары бир эле. Тескерисинче, өз айлына тушташ бул жер көңүлүнө жакын болучу. Салкын абасы да, тоолору да тааныш. Балалыгы жыттанат. Керез кичи мекенин али кыйып кете албай жаткан. Күн бою жолдо жүрүп денеси да талыкшып калган экен, сабыры суз олтурду. Анүстүнө, жанагы “каары” да толук кайта элек болчу.

– Куш келиңиздер… – деп, кулак түбүнөн угулган үндөн улам башын көтөрүп караса ак халатчан ашпоз аял кагаз, калемин жазууга дайындап жанында туруптур. – Эмне тамак ичесиздер?..

Экөө тиктеше түштү. Керезге аялдын акжуумал өңү, жагымдуу, жумшак үнү негедир тааныштай сезилди. Кайдандыр, качандыр бир кезде көрүп, уккандай. Бейтааныш өңү, көзү да… Качан, каяктан көрдү эле?.. “Ай, кайдан! «Шектүү – шекшинет» болуп жатсам керек. Кырк жылдай каңгып жүрүп, эми араң темселеп кайрылып жатсам… Анда неге аял да мени бүшүркөй карап калды? Койсоңчу, балким мага ошондой көрүнгөндүр…”

Өзү кесме ичээрин, баласы Кыргызстанга келгени жактырып калган лагман, манту жээрин айтып, экөө тең өз-өзүнчө ойго тунушту. Баласы качан кетээрине санааркап, ээн, какыраган көңүлсүз тоолор менен тезирээк эле кол үзүшөр күнүн самап жатты. Ал үчүн жөөлөшүп-түртүшкөн, ызы-чуулуу, тели-теңтуштары көп, убакыттын кандай өткөнү менен иши жок өз шаары, шашылма турмушу жакшы эле.

Керез үндөбөй тамагынан ууртады. Ысык экен, даамы дал энесинин кесмесиндей. Качанкы балалыгы, айжаркын апасы эске түштү. Керелден кечке ойноп, же жеңил-желпи иш менен кечинде үйгө келгенде апасы ушундай бир аяк кесмени алдына коер эле. Дайы­ма ысык боло турган. Жаны жер тарта уйкусу келип, эптеп эле жуурканга жетсем дегенде эки көзү төрт Керез кесмеден чоң ууртап алып оозун далай күйгүзгөн.

– Шашпа, кагылайын, шашпа. Үйлөп-үйлөп ич,– дечү апасы не бир мээрим менен, маңдайында чайынан жай ууртап жатып. Керезге тамак берип жатканында ал дайыма ушинтип уулуна алдыртан көз багып коюп, маңдайында чай ууртап олтурчу. Балким, эртелеп айрылышарын ичинен боолгоп, ага чейин көз кумарын кандыра баласын карап алайын десе керек…

Негедир тигил акжуумал, сыры кетсе да, жаштык кезиндеги сулуулугунун сыны али кайта элек аял да аны уурдана, аста-секин карап коюп жатканын Керез байкап олтурду. Эки-үч курдай көздөрү да чагылыша түштү. Экөө тең көздөрүн ала качканча шашышты. Эмнеге?..

Керез ансайын бушайман: “Кайдан, кайдан көрдүм эле, бул көздөрдү? Негедир тааныш… Жөн жерден эмес… Бул ким?..” Таккесе жооп таба албай анын башы маң. Дүйнөсү дүрбөлөң түшүп калды. Балким эли-журтуна куса болуп калган ага бардык кыргыз аялдарындай эле жакын, тааныш көрүнүп жаткандыр…

Качан экөө тамагын ичип бүтүп, уулу жанагыл текчелерди тоскон тосмонун артында алда нелер менен убараланып жаткан ашпоз аялга басып барды да, тамактын акчасын эсептешип, жатаар жерин макулдашып жаткандай болду. Керез аларды жандай өтө берди. Аял сурадыбы, уулунан кош паспортту алып, бирин ача коюп эле:

– Керез?!. Сен Керезсиңби? О, кудай, тирүү белең?! – деп, күтүүсүз кыйкырып, жанындагы орундукка шалдая олтура кетти. Колундагы дептер, калеми жерге чачылды.– Мени тааныбай калдыңбы?!

Кыжалат, жоопсуз ой-санаага алдырып сыртка чыгып бараткан Керез атын атап капыс чакырган үндөн селт эте, артына кылчая карады. “Бул ким? Мени кайдан тааный койду?..” Ал, бейтааныш аялды канчалык бүшүркөй караган менен дароо эстей алган жок. Бир кездеги айылдашым болсо керек деп боолгоду. Андай болсо ал ким?… Аял тез эле эсин жыйып, ордунан тура нес болгондой колдорун ага сунуп жакындай берди.

– Керез! Мен, мен… Жамал эмесминби…

– Жамал?! Кайсыл Жамал? – деп алып, Керез өзү­нүн бир гана Жамал аттуу ууз сүйүүсү болгонун, жок, жүрөк түпкүрүндө азыр да бар экендигин эстей коюп: – Жамал! Бул сенсиңби?! Сен белең? – деп шашыла утурлай басты. Экөө ысык кучакташа кетишти. Кусалуу, оттуу, армандуу кучакташты! Экөө бири-бирин, ушул учурду өмүр бою зарыгып күтүшпөдү беле! Эч жанга, жада калса бири-бирине да ачык билгизбей, көңүл түпкүрүндө катып, аялуу, ууз сүйүшпөдү беле! Керез өзүнүн атын не бир сагыныч, миң түрлүү наздык менен жалындуу кайталап жаткан Жамалдын шорлуу жаш чайыган көздөрүнөн, албырган бетинен, али кумары кайта элек ысык эрининен туш келди өпкүлөп жатты. Жамалы да…

Экөөнө ушул учурда дүйнө бир тең, өзүлөрү бир тең эле… Баарын – чоочун аялды туш келди оттуу өпкүлөп жаткан атасына айран таң кала караган баласын да, нечен жыл адашып калган ачуу тагдырларын, ууз да, улуу да бири-бирине али ачык айтыша элек махабатын да… алтургай өзүлөрүн да унутуп коюшту…

Ошол түнү алар Керездин уулун жаткырып коюп коңшу вагондо түн күзөтө таң атканча сүйлөшүп чыгышты. Ата-бабаларынын аруу жыты сиңген асыл айы­лын, кары-жаш тааныштарын, мектептеги не бир кызык учурларын, анан… акыркы, Жамалдын чемоданын көтөрүп алып шиштака кийип окуусунан келгенин, Керездин тааныбай калганын… – баарын эстешти. Кечээ эле болуп өткөндөй. Чиркин! Өмүр өтсө да сезимдер, адам көңүлү эч эскирбейт тура. Ошенткен менен жандүйнөлөрү алай-дүлөй алачапкында калган деңиз сымал албууттанып, толкуп-ташып, бири-бирине төгүлө жаздап турушкан менен көңүл түбүндө кыттай уюган арзууларын ачык айта алышкан жок. Чыныгы, улуу махабат ошондой аялуу болот тура! Экөө тең бири-биринин терең арзуусун ачык эле туюп турушкандары менен дит багып, айтууга ооздору барбады. Батынышпады. Алардын махабаты ушунчалык аяр, назик эле! Дирт эткен желден чочуп уча качкан сезимтал көпөлөктөй кол жууп калабызбы дегендей, баягы эле бала сезим… Жүрөк карыбайт экен!

Анан албетте, суу алдында калган айылын эстеп өкүткө тунбай кое алышкан жок. Ал, экөөнүн тең айык­пас, жаралуу армандары эле. Ооба, таруудай туш келди чачырап кетишкен айылдаштарын Жамал айтып олтурса ачуу армандабай кое албайсың. Акыры байырлап, эртеби-кечпи кайрылып келе турган киндик кан тамган түпкү журтуң, тагдырлары тааныш, өмүрүң эриш-аркак өткөн жакындарың, айылдаштарың жок болсо ушул тура, жолбун иттей ар кайсыл жерде каңгып… Ошол, айланып турар очогунун жоктугунан улам дээрлик көбү Кыргызстанын кой, Казакстанга, Россия­га, алтургай Европага чейин жер кезип кетишиптир. Армандары аттын башындай болсо да алардын көбү ыйык ата жерин, айылдаштарынын көңүл көксөткөн караанына зар болуп, издеп, келип-кетип турушат экен. Албетте, ага азыркы замандын өксүк оомал-төкмөлү да себепкер дечи, бирок көбүнчөсү бакыбат турмушка жетишкен менен орун алар түбөлүктүү очогунун жоктугунан бир жерге байырлай албай, жер кездирип жатат дешет экен. Ал чын. Адамга адам, атажурту керек, кымбат.

– Эсиңде бекен, өткөн жайда мени менен окуган Сулайман келип-кетти. Кызыл-чийкил, чачы кирпиникиндей тикчийген бала бар эле го?..– деп калды Жамал бир кезде.

– Ооба, ооба, эстедим…

– Ошол Сулайман Венгрияда чоң компания ачып, көптөн бери иштетет экен. Өзүнчө чоң бут кийим фабрикам, супермаркеттерим бар дейт. Миллионер болуптур. Бирок, өзүмдү эч бактылуу сезе албаймын, арманым ошол – жарык дүйнөгө келген айылымдын, туулган жеримдин жоктугу деп түтөйт. Суу сактагычтын тушунан райондук акимчилик менен бир топ жерди макулдашып кетти. Айылымды кайрадан түптөймүн дейт. Мен ага аябай кубанып, чоң канат байлап калдым. Уккандар да сүйүнүп жатышат. Буюрса, ал ою ишке ашып калса баарыбызга жакшы болор эле. Тилеги кабыл болсун!

– Жакшы болгон экен… – Керездин да көңүлү жибип, теңтуштары “сары быштак” деп койчу Сулайманды эстеди. Мыкты чыккан экен. Ал башынан эле урунуп-беринген аракетчил эле. Экөөнүн да уй-койлоруна жайыт талашып, кызылчеке урушканы бар. Беттегенин бербеген өжөр болчу. Ошол окуя эсине түшүп, балалык-чалалыгына мыйыгынан жылмайып алды.

– Ошол жерге сен да көчүп келбейсиңби?– деди Жамал күтүүсүз. Анын көз карашы үмүттүү да, сырдуу да эле. Анын чын ыкласынан айтып жатканы көрүнүп турду.

– Менби? Эмнеси бар экен, келсе келем.

– Ой-ий! Анда укмуш болбойт беле! Классташтар, айылдыктар чогулуп алып… бир сонун жашайт элек!

Жана, Сулаймандын жерге макулдашып кеткенин укканда эле Керезге да ушундай ой кылт эткен болчу. Деги аялдар сезимтал келишет, эркектин ойун илгиртпей сезип, көбүнесе алдын алып коюшат.

– Келсем эмне кылышым керек?

– Акимчилик Сулайманга жерди го беребиз, мындай арыздар көп, мурдатан эле түшүп келген. Кеп, ошол аймакка электр, суу тармактарын тарттырып, жол салып, кыскасы элге керектүү шарттарды түзгөнгө каражат табуу керек, анан пландап беребиз, каалагандай жайгаша бергиле дептир. Өзүлөрүндө азыр акча жок экен. Мамлекетибиз өнүгө албай жатпайбы. Сулайман ошолордун баарын пландап, эсептеп, каражатын таап анан келем деп кетиптир. Эгерде сен да колуңан келсе жолунбу, суусунбу, кайсыл бир жагын чоюп, көчүп келсең жакшы болбойт беле. Эми өсөрүбүз калган жок…

Керездин көңүлүндө бул сөздөр чындап уюп калды. Каражаты го жетет. Аны башына урмак беле, көрүнө ала кетпейт. Баласына ондон бирин берсе эле өмүр бою сайрандап жашай алат. Кеп башкада…

– Жамал, эгер келсем сен мага турмушка чыгасыңбы? – Керездин көңүл түпкүрүндөгү бул сөздөр кантип оозунан чыгып кеткенин өзү да байкабай калды. Ал, айтаарын айтып алып сестене түштү. Жок десе не кылмак? Анда эле бул жакка жол чорт кесилди дей бер! Бирок, анын жана окуу, диссертация деп жүрүп жашы өтүп калганда чын сүйбөгөн адамга аргасыз турмуш курганын, канчалык күчкө салган менен оттору күйүшпөй үч жылдан кийин ажырашып кеткенин, ошондон бери жалгыз бойлугун укканда ушундай үмүт бага түшкөн эле. Эми..

– Сагабы?! – Жамал анын көздөрүнө тик карап, узун кирпиктүү көздөрүнөн от чачыратты. Анда күтүүсүз чоң кубаныч да, ишене албаган олку-солку күмөнсүү, ачуу арман да мелт-калт толуп-ташып турган эле. Керездин чындап айтканына көзү жетти көрүнөт, – Аял, бала… үй-бүлөңчү?

– Ажырашам. – Керез ишенимдүү кесе айтты. Ушундай суроону күткөн белем. Мурдатан ой багып жүргөн окшобойбу. – Аялым келбейт. Баламдан болсо кол үзбөйм…

– Сенин турмушуң да болбой калган белем… – деп койду Жамал өкүттүү.

Анын дагы эле угуп жаткан сөздөрүнө ишенер-коерун билбей, урунттуу бир чечимге келе албай жатканы көздөрүн ала качып, калп эле столдун үстүн алаканы менен аарчылай баштаганынан байкалып турду. Же… балким себеп башкада болуп жүрбөсүн? Керезди… ал ойлогондой сүйбөстүр?

Бар дүйнөсү астын-үстү түшүп, чаташып, тагдыры таккесе чечилер учур ушул экенин сезген Керез өзүнө ээ боло албай оюндагысын ачык айтып жиберди:

– Эмне, мени сүйбөйсүңбү?

Жамал күтүүсүздөн таш жара шаңкылдай каткырып жиберди!

– Я?! Койсоңчу, карыганыңда деле сүйүү дей бересиңби? Ой боорум ай! Бирөө укса уят.

– Эмнеге уят. Чыныңды айтчы, угайын…

Жамал кандай күтүүсүз күлсө ошондой тып басылып:

– А өзүңчү? Сен биринчи айтпайсыңбы? – деп жароо­керленди.

– Мен… мен сени небактан эле… бала кезимден… айылда эле сүйүп калгам… эч унута албай койдум… чын…

Керез алда кандай жооп болуп кетет деп санааркап, көзүн жерден көтөрө албай кысталып жатып ушул үзүл-кесил сөздөрдү араң айтты. Мынчалык кыйынчылык болбостур! Нечен, узак жылдар бою көңүлүндө жан адамга билгизбей бекем катып, ичинен далай кайталап келген аялуу сыры, арзуусу ушинтип супсак, ушундай жерде айтылмак беле?

Аңгыча Жамалдын ысык алакандары анын эки жаа­гынан сылай кысып, башынан аяр көтөрдү. Керездин дал маңдайында сүйгөнүнүн жаш толгон сүйкүм көздөрү жалжылдай тиктеп туруптур.

– Сенин ушул… сөздөрүңдү канча күттүм дейсиң! – деди ал не бир ысык, армандуу үн менен. – Мурдатан айтканыңда эмне… минтип экөөбүз эки жерде армандап, турмушубуз бузулбайт эле го…

– Айтат элем. Айылыбыз жок болуп, адашып калбадыкпы. – деди Керез актангансып, бирок бул ачуу чындык эле да.

– Ооба. Айылыбыз аман болгондо чын эле бирге өмүр сүрөт белек… эмгиче үй-жай куруп…

– Азыр деле кеч эмес… же… эмне?.. – Керез чочуп кетти. – Жер алып, үй сала коюш бат эле. Каражатым жетишет. Алтургай айылды да өзүм эле жалгыз курам.

– Чын элеби? Ой, анда укмуш болот эле го! – Жамал баягы, секелек кезиндеги ойноок кызга окшоп кетти. Сүйүнгөнүн айтпа! Алаканын да чапкылап жиберди.

– Чын. Бүгүн акимиңерге жолугуп, баарын тактап кетемин да, келерки жаздан баштап айылды түптөй баштайм. Мен да тентиген иттей турмуштан тажап бүттүм. Көрсө адам киндик каны тамган жерди кыйып кете албайт тура. Тагдыры айрылгыс болот экен. – деди Керез чечкиндүү. – Андан көрөк өзүңдү айтчы, үй салсам барасыңбы?

Жамал кыз кезиндей ага шоктоно карап:

– Барбай койсомчу? Эмне кылып аласың? – деп кылыктана кетти. Анын макул экени эми айкын эле! Төбөсү көккө жете сүйүнгөн Керез:

– Анда алакачып кетемин, моминтип! – деп, Жамалды белинен имере тартты.

– Койсоңчу, бирөө көрүп калса уят, карыганда булар алжыган экен дешпейби. Же, сен чынеле карып калдыңбы? – деп назданды Жамал, жаагын анын жаагына такап. Көздөрү баягыдай эле жалжылдап шойкомдуу учкунун чачып турду.

Керездин санаасы тынып, көңүлү желектей желбиреп чыкты. Анын үстүнө Жамалдын тааныш, ажайып жыты да делебесин катуу козгоп жиберди. Заматта жашара түшкөндөй. Алдында чоң жашоо, бакыбат келечеги күткөн адам анан кандай болмок эле. Ал да шоктонду:

– Жапшаш элемин! Эмне, көрсөтөйүнбү?..

– Чүш-ш! Балаң угуп калат.

– Укса түшүнөт да, чоңойду да…

Керез эми өзүнө-өзү ээ боло албай калды! Бул күндү, ушул, бактысы жанган учурду канча күттү эле! Жүзү да ачылып алган соң… Жамалды катуу кучактап жалжылдаган көздөрүнөн, азгырыктуу алкымынан, албырган эрдинен ысык өпкүлөп кирди. Жамал да ийип, анын кучагына боюн таштады…

Чын эле, ооба, эмки жылы сөзсүз көчүп келемин, – деп баратты, эртеси таң эрте жолго чыккан Керез машинеде. Ал, райондун акимине бараткан болучу. «Биротоло кеткис болуп үй салып, чачылып кеткен айылдаштарымды чогултуп, айылды кайрадан түптөп, ажалым келгичекти эч кайда кетпей жашаймын. Өлгөндө сөөгүм ата-энемдин жанында болбосо да ага жакын, туулган жериме коюлушу керек. Бөтөн эл, жат жерде жалдырап жатмак белем?! Мекенсиз мен уюктуу кумурскадан да кем, эч ким эмес турбаймынбы! Жалгыздыктан азабын жетишерлик эле сездим го! Жада калса өз балама да керегим жок экен. Жан этимден жаралган менен тагдырларыбыз ачакей болот турбайбы. Атажуртума сөзсүз көчүп келемин!» деген биресе күйүттүү, бир чети акыры тагдырлары жалгашкан Жамалынан улам жаралган бекем үмүт, ишеним акыл түпкүрүндө улам жаңырыктап жатты… «Эми деле кеч эмес, амалсыз карылык али келе элек, жашоом эми жаңыдан башталат» деген ой-тилек ага ысык дем-кубат берип жатты.

Өмүрүнүн капорто ашуусунан ашып калган курагында арзытканы менен түтүн булатып, акыры, чыныгы бактысын табаарын нечен убай-санаага батып тилеген менен минтип күтүүсүз жерден оңунан чечилерин ал күттү беле? Албетте, жок.

Алдында не тагдыр күтүп жатканын адам пендеси кайдан билмек…

 

Дөбө

Өлүү болсок бир чуңкурда
Тирүү болсок бир дөбөдө бололук.
Элдик чакырык

Тагдырдын тамашасына таң бербей койбойсуң. Нечен жылдап, алтургай бүтүндөй өмүр коротуп артынан сая түшүп, салбыраң салып саргара жорткон менен жалган закымдай караан үзүп, жер кезген жел сымал жетпей жүргөн тилегиңдин сааты чыккан алеки заматта, бир көз ирмемге жетпей капыстан астын-үстүн калайман түшүп, өзү эле өтөсүнө чыгып калат тура. Адам тагдыры да аалам сыңары татаал, түпсүз белем…

Бишкектин түштүк ныптасында быгып, тоо этектей чубалган бактуу айылдын мектебинде иштейм. Жогорку класстарга тарыхтан сабак берем. Орто жашка келип калдым. Өзүм туулуп өскөн айылым. Самаган кесибим. Сыйлашкан жубайым, акыл-эстүү балдарым аман, заман тынч, менден бактылуу адам жок. Таң азандан кечке дейре кыйып кете албай машакат тартып, мектептемин. Кенен жашоого жаңы кадам таштап жаткан жаш адамдардын эл-жеринин, аламан дүйнө тарыхынан терең, канык билим алуусуна аз да болсо шыпаа боло алсам дейм. Ал, милдет-тилегимди дурус эле орундап жатсам керек: кесиптештерим да, мурда-кийинки окуучуларым да сыйлап турушат…

– Сизди директор тезирээк келсин деп чакырып жатат.- деп калды бир күнү түш ооп калганда, эшиктен башын салган арык, бүтүк көз секретарь кыз капыстан.

– Неге?- мен түшүнбөй ага элейе карап суроо узаттым эле, ал:

– Билалбадым. Директорго чет элдик эки мейман келди. Кыязы ошого байланыштуу го.- деп, тырсылдай сүйлөп, шашыла караанын үзүп кетти.

Санаам саал тынчый түштү. Сабагыман кынтык таап, же мен класс жетекчилик кылган бүтүрүү­чү­лөрүмүн арасынан бирди-жарымы тентектик кылып жибердиби деген коогалуу ой-санаа кеткен эле. Анын үстүнө баштыгыбыз аял киши. Богогу салаңдаган, көзү бүтүк, семиз аял. Кыялы чатак, бетке чапма, туруп-туруп эле чагылгандай чартылдап кетет. Улуу, кичүүнү карабайт. Ошондон улам андан дайыма чочулап турабыз. Менден он жаштан ашык улуу.

Директорго салам айтып шашыла кирип барсам ал, иш столунун капталындагы диванда мен курактуу каратору эркек, андан берирээкте огеле апакай жүздүү сулуу аял менен чай ичип, жай масилеттешип олтурган экен. Мени көрө коюп тигилерге безилдей кетти:

– Аа, кел, кел, мына биздин тарых мугалимибиз, – деп, анан мага кайрылды, – Касым Капашевич, бу меймандар алыскы Түркиядан келишиптир. Кыргыз-түрк элдеринин байыркы тарыхын, карым-катышынын эл ичине канчалык сиңгенин, анын биздин санжыра, уламыштарыбызда айтылышын изилдеп жүрүшкөн экен. Аны сиз жакшы билет эмессизби. Меймандарыбызга жакшылап айтып берсеңиз.

Мен тигилерге жүз бурганда эркеги:

– Насылсыңыз? Бенин исмым Орхан Инанды.- деп, анан жанындагы аялга кол жаңсап,- Назлы ханум,- деп, элпек учурашып мага колун сунду. Ажарлуу аял мени көздөрү жана жалжылдай карап турган эле, ал да күлө багып мага:

– Орхан бей саламатсызбы деп сиз менен учурашып, таанышып жатат. Мен котормочумун.- деди коңгуроодой үнү менен.

– Түшүндүм, түшүндүм, тилибиз окшош эле турбайбы,- деп мен түрк адамдарын, айрыкча аялзатын жакындан алгач көрүп, өмүрүмдө биринчи ирет бетмаңдай сүйлөшүп жаткандан улам сүрдөп кеттим. Аял мага карагаттай мөлмүлдөгөн көздөрү менен дагы сырдуу, сүйкүмдүү жылмайып:

– Ошентсе да которуп берип турайын.- деп койду. Кыргызчаны суудай билет экен. Таңданып алдым.

Аныкы чын экен, таанышканда түркчөнү түшүнгөнсүп, оңой көрүндү эле, чоң сөзгө киргенде чала бучук жалпы түшүнүк болгон менен бардык кепти канык түшүнүү кыйын болуп калды. Анадолу университетинен келишиптир. Мындан нары казак, хакас, тува дагы-дагы көп жерлерди кыдырышат экен. Назлы ханум ортобузда которуп, мен жетекчиси эмес, аны менен сүйлөшкөндөй кысылып, сүрдөп жаттым.

Аздан соң меймандарды сыртка, таза абага чакырдым. Мектебибиздин тегереги мырза теректер менен курчалып, короодогу арча, мажүрүм талдардын көлөкө салып калган кези болчу. Май айынын аягы болгондуктан жайдын ысык илеби келип, бөлмөдө олтуруу оорлой баштаган. Анүстүнө деректирдин тике көзү алдында болуу мен үчүн кыйноо эле. Ар бир сөзүмө кулак түрүп, саксактап жаткан, кылдан кыйкым таап, кийин мени жемеге алары турган иш да.

Короодо көлөкөлөй басып, жөн-жай сурашып, четтеги шактары чубала төгүлгөн мажүрүм талдын көлөкөсүндөгү орундукка олтура кеттик. Балдар да бул жерде чуркабай, чуудан алыс. Менден эркин сөз күтүп, эки элдин алакасына, боордоштугуна байланыштуу эл арасындагы кептер, деги эле өзүм билген, уккан окуялар керек экенин билген соң өзүбүздүн Жусуп Баласагын, Махмуд Барскоондук-Кашкарий сыяктуу байыркы аалым-бабаларыбыздан баяндама берип келип сөзүмдү алыстан баштадым. Анүстүнө көптөн бери көкүрөгүмдү өйүтүп жүргөн эле, бул баян…

Мен бала кезде, мындан жарым кылымдай илгери, айлыбызда узун бойлуу, каратору Мустафа деген ширидей кара, арык түрк абышка бар эле. Башында жайы-кышы эч түшпөс ак, кийиз топу, коңкогой мурун, капкара, курч көздүү, ээгинин алды кырылган чокчо сакал, бирок биздин абышкалардыкындай муруту жок болчу. Бизден ончакты үй төмөн жашачу. Өтө тамашакөй. Жаш-кары дебей оюндагысын уялбай ачык айтып, азилдеп, күлкүгө чала сүйлөйт. Өзү да кошо карсылдай күлүп, өз сөзүнө өзү маашырлана жымыңдап, жыргап калат. Аябай сөзмөр. Көптү билет. Жанындагыларды түк зериктирбейт. Ошондон улам анын айланасында дайыма кишилер тополоп, кайда болсо коштой жүрөт. Эч кимге орой мамиле, жамандык жасабай, сылык, нускалуулугунан эл ичинде сыйлуу. Анын улуту башка экени эч кимдин оюна да келбейт. Өз. Качан, кантип айылга келип калганын ким билсин.

Мустафа менен бизге кошуна Шаршемби аксакал өтө ынак. Жашташ. Жайкалган ак сакалдуу, кырдач мурун, мээрман сурма көздүү, тартайган Шаршемби аксакалдын өзү айтканына караганда түрк ынагынан үч жаштай эле улуу экен. Бирок аны өзүлөрү эске деле алышпагандай, ысык теңтуш катары тамашалаша беришет. Айыл этегиндеги дөбөгө келип, экөө кошулду дегиче бүттү, кыраан-каткы, узак кеп. Немистер менен согушка да бирге барышкан экен. Андагы окуя-жоруктарынан айтып олтурса биринен-бири кызык, күлкүлүү. Улам бири сөз баштаса экинчиси аны коштой чаап, жиреп турат. Кээде шекшип калам, кантип эле кан кечкен согушта ошончолук обу жок, күлкүлүү окуялар көп болсун деп. Анын үстүнө сөз кызыганда экөө башкаларга байкатпай шектүү, күлмүңдөй тиктеше калышат. Кийин ойлосом чын эле биздей бозбаш балдарды, талаа-түздөгү иштен, күндөлүк оокат-түйшүктөн чарчап, күлкү күтүп келген улуу-кичилерди ыраазы кылыш үчүн ошондой ойдо жок окуяларды улам бири ойлоп таап, экинчиси сүрөөнгө алып, көпчүлүктүн көңүлүн көтөрүшчү окшойт го.

Эки ынак абышка таң эртелеп күнүгө айыл четиндеги көк дөбөгө келишет. Алгач мен уюбузду беш-алты кой менен айдап чыгам. Анан менин үйдөн чыгышымды күтүп көчө четинде оттотуп жаткан койлорун Шаршемби аксакал биздикине кошуп коюп, өзү да алдыга түшүп төмөн жөнөй берет. Жолдон кара, куйруктуу койлорун айдаган тестиер небереси (Азербайжандагы уулунун кызы, карыганда бизге жөлөк болсун деп алып алышкан) менен Мустафа кошулат да секелек кыз экөөбүз малды айдап, эки чал дөбө үстүндө кала беришет. Түнү менен ачыгып калышкан уй, койлор көк чөптөн бурдай сугунуп, саал токпейил тарта түшкөндө биз да дөбөгө умтулабыз.

Дөбөдөгү абышкалардын кептери кызык. Кээде алар калбаат олтуруп, санжыра-уламыш, аттары тааныш-чоочун байыркы баатырлардын башынан өткөргөн не бир укмуштуу окуяларды, жоочалыш, каардуу замандардан кеп айтып калышат. Аны көбүнесе дайыма сөөлөттүү, токтоо Шаршемби аксакал баштайт. Курчай олтурган көпчүлүк мемиреп, тынч угат.

– Ээ, Муке, жакында эле бир жакшы жаңылык уктум. Шумдук! Мурда укпаптырмын.- дегени эсимде бир күнү,- Билесиң го, менин тарыхчы баламды, ошол айтты, китептен окудум деп. Сурасам аны эмкиде шаарынан ала келмек болду, өзүңө окуп берем. Ошол китепте биздин атактуу Шабдан баатыр жүз жыл мурун ажылыкка Меккеге бараткан жеринен, жолдо, силердин бир шаарыңарда күтүрөгөн эл темир жол салып, каржалып жатканын көрүп, кошумча-жардамым болсун деп эки миң алтын дилде берген экен! Өзүң билесиң, агезде бир дилдеге 30-40 кой же ончакты жылкы келчү дейт. Ойлоп көр, күнү-түнү иштеп жаткан элге канчалык тамак, жардам бергенин. Муну менен эмне айтмакчымын: илгертен эле биздин бир тууган элдерден экендигибиз. Тилибиз, дилибиз бир деген ошондон калган турбайбы. Болбосо ажылыкка өзү азып-тозуп бараткан Шабдан баатыр чоочун, же жат адамга неге мындай чоң жардам кылмак? Бир боор эл деп боор толгогон тура!

– Ие, мен да боор толгоп өзүңдүн жаныңда жүрбөймүнбү,- деди адатынча коштой чаап, күлкүсү көзүндө шоктоно күйүп турган Мустафа,- Мен да уккам: Түрк атамдын сөөгү Ысыккөлгө коюлган деп. Ошол бабамдын жанына жатайын деп жүрөм да, эмне, сени сагынып келди дейсиңби, тээ, алыстан?- шойкомдуу, бизге көз кысып, сүйкөнө сүйлөдү.

– Эй, арам, Назым Хикметтей коммунистсиң деп куу­гунтуктаганынан качып келдим дечү эмес белең?- Шаршемби чунаңдап алды,- Же коммунисттер кулагандан кийин эле даана түрк боло калгансыңбы?

– Сендей, айкөл Манастын алакөөдөгүн алдап койгомун да… А чынында түбү бир эл экенибиз экөөбүздөн эле көрүнүп турбайбы, муштумдай мурдубуз да, аткан асмайыбыздын түкүрүгү да окшош…

– Эк, ата-а, дагы тетири кеттиңби…

– Чындап эле айтып жатамын. Түркиянын Изник деген шаарында кыргыз көрүстөнү бар…

– Э, койчу, ал, жердин түбүнө кыргыз кайдан барып калсын?!

– Ошентип эле барган. Сен дейсиңби, кемпиринин этегин карыганда деле бучкактап, үйүнөн чыкпаган?- Мустафа чындап кетти, чунаңдап, бу кызык эле,- Ошол, ончакты күмбөздүн үстүнө мечит салынган. Алдында сөөктөр көп дешет. “Братская могила”. Ушул кезге чейин үстүнө килем жабылып, эл карап, дайыма куран окулуп, ардакталып турат. Бизге жеткен кепке караганда мындан миң жылдай илгери Изникти византиялыктардан бошотууда, тигилер ичине бекинип алып чыкпай коюшат. Осман жоокерлери (түрктөр агезде ошондой аталчу) канчалык кайта-кайта өжөрлөнө чабуул коюп алалбай, тажаганда ачкасынан, же ичээрге суусу жок калганда айласыз багынып беришет деп чылк курчап алып, жарым жылдай жатышкан менен византиялыктар багынып бербей, шаар дарбазасын ачпай коюшат. Айла куруп, эми кандай айла кылабыз, шаарды алалбай кеткенибиз жеңилгенибизге тете, күтүп жаткандан аскерлерибиз да, ат-унааларыбыз да азайып, алсырап барат, мынча аскерди багып, казынабыз да куруп кетет го деп амалдары куруп турганда алыстагы кабар жиберген кыргыз туугандардан жардамга жоокерлер келип калган экен. Түгөл атчан, бир-экиден коштоп да алышкан, жаа, найза, кылыч, жеңил калканчан. Соот-чопкуттары деле жупуну. Алар ал-ахывалды сурап, өргүп алышкан соң бир жума өтпөй кыргыздардын кошуун башчысы осман пашасына келип, эртең чак түштө шаардын капкасы ачылат, ошол замат силер дароо жабыла чабуул койгула дейт. Паша айран таң калат: жүз миңге чукул аскерлерим ала албай койгон шаарды бир ууч кыргыздар кантип алат деп.

Эртеси чын эле күн так төбөгө көтөрүлгөндө калаанын капкасы ичкериден калдырап ачылат! Аны көргөн паша да, жайнаган аскерлери да айран таң калышат. Ким, кантип ачты, айлап алынбай жаткан шаардын дарбазасын?! Бир ууч кыргыздардын не амалы бар эле? Же алар Жебирейил менен сүйлөшкөн немелер беле?

Паша колун буйра шилтеп, аскерлери агылып кирип, шаарды ээлеп алышат. Туш тарабынан курчоого алынып, айыгышкан кармаш менен дарбазаны ачкан кыргыздар ошондо боо түшүп, түгөл кырылат, жүзгө жетпегени гана калыптыр. Көрсө алар кылдат байкоос салып, шаардын багынып бербей, күч-кубат алып жаткан жер алдындагы суу түтүгүн таап, аны буушуп, ошол аркылуу шаарга сойлоп кирип, кызыл кыргын салып, дарбазаны ачып беришкен тура! Мына, аскерий амал, өлүмдөн кайра тартпас эр жүрөктүк! Баарынан да, бир туугандыкты туу тутуу! Аларды алыстан алып келген да, ажалдан кайра тартпай жардамга үндөгөн да ошол, туугандык сезим эмеспи!- Мустафа эргип кеткенинен буулугуп, үндөбөй калды…

Ар бир сөзүмдү кунт кое угуп олтурган Орхан бей да толкуп кетти белем, оозума такаган диктофонун өчүрүп:

– Ырас, ырас. Ал – чындык!- деп жиберди.- Ал, кыргыз көрүстөнү азыр да бар, Изник шаарында…

– Демек, Мустафа аксакал чын айткан турбайбы?!- дедим мен айран таң калып. Ал абышка болжолдоп эле “согуп” койсо керек деп кебине анчейин ишене бербей жүрчүмүн.

Ушинтип, бир саамга тыныгып, кобурашып алган соң сөзүбүздүн нугу саны аз болсо да эр жүрөк, опурталдуу тарыхый окуялардын дээрлик көбүнө катышкан, жөн гана катышпастан ага өзүнүн орчундуу издерин сала алган кыргыз эли туурасында бурулуп кетти. Мындайда байыркы бабаларымдын каны дүргүп кетеби, оолугуп кетмейим бар эле. Мен, кыргыздын тарыхий китептеринде, эл оозунда айтылган орус-француз согушун, ага орустар менен аралаш жашаган бай татарлардын балдарынын, жакындарынын ордуна зордоп, алдап жиберилип, дүйнөлүк тарыхий согушка катышкан кыргыз атчан жоокерлери туурасында да айтып бердим. Алар дайыма алдыда болуп, Парижге да алгачкылардан ат салып киришкен экен. Ошондо тарыхчы, илимпоздор кыргыз атчандарынын курал жарагын, кийген кийимдерин көрүп, азыркы жыл саноого чейин эле Европаны бүлгүнгө салып, кыдыра чапкан айтылуу гунндардын (Күн уулдары дегенден болсо керек) жаангери Адыл ханды (европалыктар аны Атилла деп аташкан), француз энциклопедиясындагы кыргыздарга дал окшош сүрөттөрдү, жазууларды эстеп: “Атилланын ач арстандары келди!” деп, шаштысы кетишкен тура. Көрсө, аты чуулуу Атилланын аскерлеринин курал-жарагы, минген аттары, кийими Парижге ат салып кирген кыргыздардыкына куюп койгондой окшош тура! Атилла менен анын гунндары жөнүндө эки томдугун жазган Амедей Тьерри Адилди “Кырк уруулуу көчмөн элден чыккан падыша” деп нечен кайталап айткан экен. Мына чындык, мына эрдик! Миңдеген жылдардан кийин да таанылып жатпайбы! Ал боюнча эки жүз жыл мурда француздардын атактуу акыны Пьер Жан Беранже да “Кыргыз ырын” таңданып-армандап жазган экен. Аны орусчадан кыргызчага

“Дөгүрсүгөн үнүмөн тааный койду,
Баш иемин сага деп Адил уулу,
Азынагын, күлүгүм, силккин жалды,
Бопурата тепсеп өт падша, ханды…” деген оттуу сөздөр менен кыргыз адабиятынын алп жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков которгон. Ал да Орозобек Айтымбет деген тарыхчы-жазуучубуздун “Кара кыргыз” деген беш томдук китебинде барлыгын баян эттим. “Кырк уруулуу эл” дегени “кырк огуз уулдары” же кыргыз болуш керек деген автордун да, өз да божомолумду кошуп койдум.

Орхан бейдин бул, угуп-биле элек фактыга кызыгуусу ашынып, ал китепти сөзсүз таап, толук окуп чыкмай болду. Мен андан эл ичиндеги сөздөргө неге мынчалык ышкысы артып, сая түшө иликтеп калганын сурадым. Ал:

– Жөн жерден эмес. Билсеңиз дүйнөдөгү ири, кубаттуу мамлекеттер кичине, экономикасы чабал өлкөлөрдү өзүнө сиңирип, оп тартып алууга өтүп, ааламдашуу деген балакет башталып калбадыбы. Аны жакшы билесиздер, сиздердин кеменгер жазуучу Чынгыз Айтматов дайыма өзгөчө кооптонуу менен сөз козгоп жүрбөйбү. Демек, түпкү тарыхий тагдыры, руху бир элдер жакындашып, биргеликте ааламдашууга каршы турбаса болбойт. Аман калуунун жолдорун издөө керек. Майда түркий элдерден, мамлекеттерибизден ажырап калышыбыз мүмкүн. Экономикалык көз карандылык аркылуу баскынчы саясаттар жүрүп жатат. Алсыз өлкөлөр кумга сиңген тамчыдай чоң мамлекеттерге сиңип кете берет. Айрым ири делгендер да алдын ала сактанбаса ар кандай себептер менен алсызданып, чачырап кетүүсү мүмкүн. Ал эми, ар бир улуттун орду толгус, кымбат. Кайра кайыруу мүмкүн болбой калат…

Түшүнүктүү. Ак максат. Азияны аласалдырып, каганатын кайра-кайра түптөп, Бейжинге чейин чаап, Улуу Кытай сепилин салууга аргасыз кылган эң байыркы, жаангер гунндар, алардын урпагы болгон кыргыз эли эми эле кантип жок болуп кетсин?! Нечендеген дүйнөлүк ири диндерди, философияларды камтып, өзүнө сиңирип, өз дүйнөтаанымын жараткан салт-санаалуу кыргыз улуту оңой менен жоголо койбос! Бирок, баарыбир алааматтын алдын албаса болбос. Ал үчүн тектеш элдер биригүү керек… Ушундай кооптуу кеп менен ал күнкү сөзүбүз да бүттү.

Кептин кызыгына кирип кеткен экенбиз, эсибизге келгенде айлана күүгүм тартып калыптыр. Мен, меймандос элибиздин салтын тутунуп коноктордун үйүмө конуп кетүүсүн өтүндүм. Экөө бир аз сүйлөшүп, макулдашып алган соң таң эрте иштери бар Орхан бей түшкө жакын сөзсүз келүүгө убада берип шаарга кетти. Назлы ханум андан адептүү, сылык, бирок өтө өтүнүп жатып кетпей калды. Экөө түркчөнү өздөрүнчө шашып сүйлөшкөндүктөн мен алардын кебин так түшүнө албай калдым. Кай бир тааныш сөздөрдөн, үнүнөн гана боолголодум. Аял эмнеге калууга мынчалык дилгирленди, билбейм.

Орхан бей күтүп турган машинасына түшүп караан үзгүчө болбой биз төмөн, менин үйүм тарапка шашпай бет алдык. Алдыбыздан чыккан аял-эркек, жаш-карылар бейтааныш аял менен келаткан мени таңыркай карашып, сыйда учурашып өтүп кетип жатышты. Мейман жолдугата унчукпады. Алда кандай терең санаага тунуп, мени негедир улам сырдуу жалт карап коет. Түшүнбөдүм. Ал, аябай ажарлуу эле: жаңы туулган айдай ничке каштары карлыгачтын канатындай кайрылып, узун кирпиктүү карагаттай кара көздөрүн сурмасы кайгып не бир кумарлуу да түпсүз эле. Жумурткадай аппак, назик, ошол эле кезде жашы мен чамалаш болгону менен бетинин кызыл оту али кете элек экен. Баарынан да жытычы! Тим эле делебени титирете козгоп, кыздардыкынан бетер ышкылуу буркурайт. Узун бойлуу денеси сымбаттуу, чымыр, али эти бошобогон. Кыскасы, мезгил өктөмүнө алдырбай жакшы сакталыптыр. Бул, аргасыз келе калган кыйды ойлоруман ыңгайсызданып, кармалган уурудай уялып кеттим. Жана, жылмая бергендеги сол ууртундагы сыйкырлуу чуңкурчасы… токто, токто! Аны, бул аялды кайдан, качан көрдүм эле?! Ага уурдана көз кырымды салдым. Негедир тааныш. Баары – көмүрдөй кара, жалтыраган тармал чачы, турна мойну… көзгө сүйкүм. Катуу кыжалат тарткан менен бул бейтааныш аялды дароо эстей албадым. Бирок көргөм! Кайдандыр… бир кезде… Көрүү эстутумум мыкты эле. Бир көргөн адамымды он жылдап болсо да түк унутчу эмесмин. Анда.. Ай, кайдан, балким бирөөгө окшоштуруп жаткандырмын. Түркиядан келген кишилерди биринчи жолу жакындан көрүп жатсам…

Биздин четки көчөгө чыгып, оңго, менин он чакты кадамдай эле калган үйүмө бурула берерде Назлы айым:

– Төмөн, айыл четине чейин басып келбейлиби? Азыр эрте эле го…- деп калды муңайым.

Өтүнүч ушунчалык чын жүрөктөн, ысык жалыныч менен айтылгандыктан мен жок дей албадым. Баарынан да анын жалооруган көздөрүнө чыдап туруу мүмкүн эмес болучу. Аялдын ушул жерде күтүп туруусун суранып, үйгө кабар айтып коюу үчүн ашыга бастым. Аным, конок каадасын кыла бергиле деп аялыма айтып коюу аракети болчу. Үйдөн тез эле чыктым. Назлы ылдыйда, Мустафа чалдын үйү тушунда аны сумсая карап туруптур. Мен жете келгенде ал:

– Жана, сиз айткан түрк абышканын үйү ушул беле?- деди.

Мен айран таң калганымдан жыгыла жаздап:

– Ооба. Ушул. Оңдолуп, жаңыртылган. Азыр башка кишилер жашайт. Мустафа менен кемпири небак эле каза болуп калышкан. Сиз үйдү кайдан билесиз?- дегенге араң жарадым.

– Жай гана… божомолдодум.- деп коюп сапарын улантты, Назлы.

Жок, жок. Мында бир шек бар. Анда кандай сыр? Эмнеге айтпайт аны? Кантип билсем?.. Аялды баштан аяк канчалык шектене карасам да эч бир шыпаа билинбеди. Ой-санаам удургуп, бүлүк түшүп жатты. Бу ким? Өңү, көздөрү эмнеге мынчалык тааныш, жагымдуу? Ууртундагы чуңкурчасычы? Кайдан көрдүм эле? Качан?!

Байкалбай эле каш карайып калды. Батыш чаңдап, күн батайын деп турду. Айыл четине келгенде Назлы коюу көк асмандын фонунда карайган дөбөнү беттей басты. Ал, кайрадан түнөрүп унчукпай калды. Анын акжуумал өңү, карагат көздөрү даана көрүнбөсө да буркураган жыты тоо тараптан келген кечки салкын жел менен мени жаба уруп, жандүйнөмдү козгоп турду. “Бул аял ким? Кайдан, качан көрдүм эле? Карылык келе баштаганбы, мага, унутчаак тартып?..”

Назлы дөбөнүн этегине жете келгенде көк асманда карайган төбөсүн бир саам карап турду да:

– Мустафа менен Шаршемби аксакалдар көрүнбөйт го?- деп койду, умсунуп.

Мен унчуккан жокмун. Ал өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай. Кээде адамдарда андай да болот эмеспи, санаага катуу бастырганда. Бул сөздөрү менен аял шектүүлүгүн дагы күчөттү. Анын сырын билүүгө кумарым ашынып барат. Бирок, кашайып эч бир учук урунбай койду эсиме.

Чынында эле азыр дөбөгө карыялар баштагыдай күнүгө келбей калышкан. Мен эле, колум бош болгондо бир келип кетпесем көңүлүм толбойт. Карылар да базар заманында майдаланып кетиштиби, баары эле акчаны, сооданы, көр оокатты сүйлөшөт. Мурдагыдай каадалуу, нарк-насилдүүлөрү сейрек. Карт тарыхтан, таалим-тарбыялуу окуялардан кеп кылгандары жокко эсе. Алар да дөбөгө бир жылда бир-эки эле келер, болбосо жок. Келсе да карта ойношуп, кымбатчылыкты, кимдин эмне буюм, оокат алганын, той-топурду узун сабак кеп кылышат. Бүгүн да бош дөбө, жайдак тартып, кунары качып тургандай.

Назлы дөбөнү айлана басты. Алда нени издегендей. Мен эки-үч кадамдай артынан ээрчип бараттым. Деги эмне болуп жатат, бу аял? Ким, бу?!

Аял дөбөнүн талаага жайылган капталын айлана берип, саал аярлай тиктеп турду да, нарыраакта, дөбөнүн этегинде, күүгүмдө карайып турган кош күмбөзгө шашыла басты. Четкисине жете берип:

– Бул кимдики?- деди үнү кардыгып.

– Шаршемби аксакалдыкы…

– Ыйманы саламат болсун…- аял наркы күмбөзгө жетип эле дубалын аялуу сылай:

– Чоң ата, мен келдим, жакшы жатасызбы?..- деп күбүрөнө баштады.- Кечириңиз, келе албай жүрдүм…

Тобо! Бул, бул…

– Назгүл?! Сен Назгүл белең?!

Мен кыйкырып жибердим! Кантип чыдап, кантип токтонуп турмак элем? Ал, баягы, биз бала кезде эгиздей ээрчишип, күнүгө бирге кой жайып, дөбөнүн этегинде куурчак ойногон Назгүл болчу! Өз аты, түркчө Назлы турбайбы. Ооба, ал, баягы, онунчу классты бүткөндөн кийин атасы Бакудан окутамын деп алып кеткен Назгүл. Бир саамда катуу чимирилген кинонун тасмасындагы сүрөттөрдөй болуп, кой артынан чуркаган текилдеген тестиер кыз, анан бара-бара акжуумал селкиге айланып, тогузунчу, айрыкча онунчу класста айылдагы жигиттердин баарынын көзүн кызарткан апакай сулуу Назгүл, атасы алып кетип жатканда коштошуп келген коңшуларды, салтына катуу чоң ата, чоң энесин – баарын айран таң калтырып, батынбай четте кыйылып турган мага чуркап келип “кош бол, сөзсүз кайрылып келемин!” деп, бетимен ысык өөп коштошкон Назгүлдүн элестери көз ирмемде чагылгандай эсимде жаңырып өттү. Ал, ошол бойдон келген эмес. Кат жазып турду. Алгач катуу жоктоп, кусага батып, алтургай ансыз жалгыз жашагым келбей өлгүм да келчү! Мени Назгүлдүн айлыбызга, мага деген ысык сагынычка толгон, сөзсүз келем деп катуу ишендирген каттары гана акыркы кадамга баргызбай кармап жүрдү. Армияда жүргөнүмдө да сүрөт алышып, жазыштык. Сүрөттөрү Индиянын кино жылдыздарындай сүйкүм, куурчактай татына эле!

Мезгил баарын дарылайт деген чын белем, акыры каттарыбыз сээлдеп, бара-бара кабарлашпай, качанкы бир таттуу түш сыңары жылуу сезимдерди багып, өз тагдырыбызды улап кете бердик. Балким ал кат жазгандыр. Кийин, СССР таркаганда айылыбыздын да, районубуздун да аты өзгөрүп кетпедиби. Ошо менен бүттү. Жок, кийин ойлосом Назгүл менин алгачкы, ууз, балалык улуу махабатым экен. Кийин нечен кыздар менен таанышып, сүйлөшүп, сүйүү отуна чалдыккан менен Назгүл дайыма жүрөгүмдүн түпкүрүндө, кол тийгис ыйык тумардай аяр катылып жатчу. Кайрылып кездешпей, кол кармашып бирге жашап, ысык түгөй болбой калганыбызга катуу өкүнчүмүн. Эстегенде качан болбосун жүрөгүм аачышып, ызалуу өкүткө батып алчу элем. Бирок, арга жок болчу. Эми ошол, ошол, ачуу арманым, ак махабатым Назгүл мына! Акыры кездештик! Кудай чын эле бар экен…

Күтүүсүздүктөн алгач эс-учумду жыя албай Назгүлгө катуу умтулган менен анын чоңатасынын күмбөзүнө кучагын жая ыктап, жаагын сүйөп, өзүнчө күбүрөнүп жатканын көрүп аярлап калдым. Ичинде жыйылган бугу чыгып, кусалыгы таркап алсын дедим. Анүстүнө мага жүз бурган да жок. Бир боор, ата каны баарынан артык, күчтүү белем. Мен ушунча узак жыл унутулбаган көкүрөк күйүтүнө чалдыккан менен ал мага балким кайдыгердир. Өз түгөйүн, арзытканын тапкандыр. Болбосо эмдигиче бир келет эле го, мени издеп. Анда кетээринде мени неге өптү эле, ошончо элдин көзүнчө, кыздын катуу салтын аттап? Демек… ай, ким билет. Учу-чети жок удургуган санаа, ойго тунуп не кыларымды билбей дөбөнүн этегине олтура кеттим. Жымжырт. Чегирткенин тынымсыз чырылдагы, кээде айыл иттеринин арсылдап үргөнү гана болбосо. Тунук асманда Ай бөтөнчө жаркырай каалгып, үнсүз асылып калды. Алыста жымыңдаган жылдыздар…

Бир кезде Назгүл жаныма жай басып келди. Мен тура калып анын колдорун кош колдой алып, алаканынан ысык өптүм. Кебездей жумшак, ысык да экен.

– Назгүл?! Акыры келдиңби? Ушунча жыл кайда жүрдүң?

– Кел, андан көрөк куурчак ойнойлу!- Назгүл суроолорума жооп бербей бир кездеги ойноок мүнөзүн карматты. Өткөнүн эстегиси келбеген сымал. Мен тырчыя түштүм.

– Кайдагы куурчак? Жоголду да баары небак…

– Эмнеге? Эми өзүбүз куурчакпыз да…

Ойлонуп калдым. Чын эле, биз турмуштун куурчагы экенбиз да, каалагандай калчаган.

– Кел, олтур.- Назгүл баягы, биз бала кезде үй кылган казандай ак таш жакка жетеледи. Ал эски таш айга чагылышып, агарып турган эле.- Мен шаардан сага конокко келдим. Сен эмне кыласың?

– Кел, кел. Үйгө кирип чай ичкин…- Мен көңүлүм чаппаса да Назгүлдүн шагын сындыргым келбей кургак унчуктум. Кайдагы оюн, санаанын баары сапырылып турса!

– Эмне, сен менин конокко келгенимди сүйбөй турасыңбы?

Аялзаты сезимтал келет эмеспи, менин ахыбалымды туюп койду. Мен шашып кетип:

– Жок, жок. Сүйүп эле турам…- деп жибердим.

Ой, бали! Байкуш эркектананы аялзаты дагы бир жолу мыш кылып, тутуп алды! Ичимдеги аялуу сырымды айттырып албадыбы!

– Чын элеби?- деди Назгүл жүрөк кылдарымды титирете не бир назик үн менен.

– Чын! Чыпчын!- дедим ишенимдүү, эми чегингенге аргам жок эле.

Мен не кылып жатканымды аңдап түшүнө албай сыңар тизелей олтурган Назгүлдү белинен имере тартып, эрининен ысык өөп калдым. Ал да каршылык көрсөтүүгө дарманы жетпей, шалдырай түштү. Денеси оорлоп, жерге олтуруп, анан дөбөгө чалкасынан жантая берди. Ал да мени ушунча узак жыл бою самап, сагынгандай. Ичибизде океандай буулугуп, сыртка чыга албай буулган сезимдер, тосмосун жиреп кеткенсип ээ-жаа бербей бууракандап кетти. Аны токтотуп, тосуу мүмкүн эмес эле…

– Алтыным!.. Назгүлүм!.. Махабатым!..- Мен өзүмдү башкара албай, эс-учумду жоготуп койдум. Гүлдөй назик ургаачынын кумарлуу денесине, азгырмалуу буркураган жытына кайсыл эркек туруштук бере алмак?!

– Касымым!.. Ардагым!..- Назгүл да алсыз кыңылдап, аарыдай жабышып алкымынан, көздөрүнөн, оттуу эриндеринен аймалай өөп жаткан мени чачымдан уйпалай, далымдан кенен кучактап өзүнө тумчуктура тартып жатты. Ал да акылынан адашты… Турна моюн алкымынан, сурмалуу сулуу көздөрүнөн кайталай ысык өөп баратып, анын ыйлап жатканын сезе койдум. Эрдиме урунган ысык жаш ачуу, туздуу эле. Эсиме келе түштүм. Кумарлуу эрдинен баштагыдай оттуу эмес, сыйда, дагы бир сыйра кайталай өөп-өөп алып, Назгүлдүн жанына чалкаман шалак эттим. Назгүл кыймылдаган да, үндөгөн да жок. Ал да эсин жыйып тунарган көзү ачылгандай…

Ачык асманда ай жаркырап, жылдыздар майда жыбырап турду. Мен бала кезде эле ушундай болчу, алар. Эч өзгөрбөптүр. Миллиондогон жылдардан бери ушундай таризде. Алдындагы адамдар гана бири келип, бири кетип, жаңыланып турат тура. Адылхан, Махмуд Кашгари, Шаршемби менен Мустафа… эми мен, Назгүл… Учу-кыйырсыз асмандын, убакыттын адамдар менен эч иши жоктой. Назгүл экөөбүз менен да. Анткени, аалам түбөлүктүү. Канчалык армандуу жаштыгыбызды, жарым өмүрүбүздү өткөрүп жиберсек да бир жылдыз кебелип койбойт. Ушинтип жүрүп биз да өтөрбүз бир күнү. Ай, жылдыздар адатынча жаркырап кала беришет…

Назгүл да үндөбөй түпсүз карайган асманга жүз буруп жатты. Катуу демигет. Эмнени сүйлөшмөк элек, сүйлөгөндө эмне, жүрөктөрүбүз үнсүз түшүнүшүп жатса. Анын ышкы отун кайтарып койдумбу? Куранда да жазылган дейт го, аялдын эңсөөсүн кандырбаса күнөө деп. Же ал бирөөнүн сандырагыбы? Бирок биз, адам баласы, абийирибизди нике буюрган жарыбыздын, балдарыбыздын, эли-журтубуздун, Кудайдын алдында таза сактап өтүү үчүн жарык дүйнөгө келет окшобойбузбу. Азгырык, сыноо көп, алардан татыктуу өтүү менен кимдин кимдиги аныкталат тура. Ал үчүн күрөшүү, өзүңдүн напсиңди жеңүү керек.

– Касым, Шаршемби аксакал менен чоңатам “өлсөк бир дөбөдө, жатсак бир чуңкурда бололу” деп калышчу эле го, эмнеге алар дөбөнүн үстүнө жатышпай этегине жайлашып алышкан?- Назгүл күтүүсүз сурап калды.

– Себеби, Шаршемби аксакал көзү өтөөрүндө балдарын чакырып, “мени айыл четиндеги көрүстөнгө эмес, дөбөнүн этегине койгула, чокусуна кийинки карыялар олтуруп кеп салышсын, мен тыңшап жатайын” деген экен. Кийин Мустафа аксакал да ошентти… Экөө жаны бирге достор тура… Аркы дүйнөдө да айрылышпайлык дешсе керек…

– Бизчи, биз ушул дөбөдө жанаша жатабызбы?..- Назгүл армандуу сумсайды. Анын али да ыйлап жатканы билинип турду. Демек, ал мени сүйөт!

Экөөбүз тең кайрадан үндөбөй калдык. Бул дүйнөдө эми экөөбүздүн эч качан бүлө куруп, бирге жашай албасыбыз анык. Кеч болуп калды. Арман! Анткени, үй-бүлөбүздү керт башыбыздын кызыгы үчүн кыйып сала албайбыз. Ал, күнөө. Никелүү жар, ортодо жараткан балдарыбыздын тагдырын кантип курмандык чалабыз? Эч качан. Демек, тагдырыбыз айрылыш. Ай, арман ай!

Ойлорубуз окшош көрүнөт. Сезип турдум. Эми мындан кийин көрүшүп турсак эле болду.

– Назгүл, кайра качан кайтасыңар? Үйүң кайда?

– Эртең. Стамбулда жашайм…

Демек, кайрадан айрылышат экенбиз. Тагдырдын алдында алсыз турбайбы, адамдар. Бирок, акыры жолугушканыбызга да каниет. Арзытканың алыста болсо да анын амандыгын, жарык жашоодо күн кечирип жатканын, сени ойлоорун билүү эле бакыт тура… Ошенткен менен сейрек болсо да жолугушуп, көз көрүшүп турганга не жетсин, бу жарыкчылыкта. Назгүл эми келер бекен, же жаралуу жүрөгүн улам ооруткусу келбей, караан үзөбү?..

– Келип турам, эми, жылыга…сага… дөбөгө…- Назгүл дагы оюмду таап, аста үн катып койду. Каниет эттим.

Төбөбүздө жаңы туулган ай жаркырап, жымыңдашкан жылдыздар. Мунарыктуу чубалган Саманчынын жолу. Эзели ордунан жылбай жалтыраган Алтын Казык. Адам өлгөндө жаны жылдыз болуп көккө учуп кетет дешчү эле. Шаршемби менен Мустафа аксакалдын жандары кайсыл жылдыз болду экен? Тирүүсүндөгүдөй да, өлгөндөн кийинкидей да бирге болушту бекен?.. Бизчи? Жупташкан жаңы жылдыз болуп жанабызбы, же турмуштагы ачуу тагдырыбыздай бири-бирибизден адашып, айрылышып кала беребизби? Жанагы, ааламдашуу деген алаамат кантээр экен бизди? Элибиз аман болсо болду. Эли болсо адам да болот, бактылуу…

Эгерде мен сүрөтчү болсом көпкөк асмандын чамгарагы алдындагы жашыл майсаңдуу дөбөдө байыркы тарыхтан улуу кеп куруп олтурушкан карыяларды, аларды тегеректей олтурушкан жаш-карыларды, анан, дөбөнүн этегинде куурчак ойноп олтурушкан бактылуу кыз менен баланы не бир жүрөктүн кылдарын черткидей кылып кереметтеп, түбөлүктүү боектор менен тартаар элем…

2008-жыл.

 

a_sarmanbetovА.Сарманбетовдун башка чыгармалары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.