Сулайман Рысбаев. «Акбардын дарагы»

(аңгеме)

Эрте жаз эле.  Акбар жаш чырпыктан сындырып алып, ат кылып минип ойноп келатты. Бир чырпыкты камчы кылып алган. Арыктын жээгин бойлоп тамдын артына келсе, чоң атасы бир нерсе менен алектенип жүрүптүр. Байкаса, лом темир менен жерди чукуп, бактын бутактарын жерге сайып жатат. Чоң атанын колундагы бактын бутагы өзү ат кылып минип жүргөн чырпыкка окшош экен. Аны көрүп, чоң атасы дагы бактан сындырып алып ат кылып ойноп жүргөндөй көрүндү. Анан мындай деп сурады:

– Чоң ата, бул чырпыктарды сиз дагы ат кылып минип ойнодуңузбу?

Небересинин бул сөзү күлкүсүн келтирди.

– Жок, – деди чоң атасы. – Мен сага окшогон тентектер сындырып кетпесин деп, чырпыктарды бул жерге сайып отургузуп жатам.

– А булар эмне болот анан?

– Булар тетиги бактардай болуп, көкөлөп өсөт. Үйүбүздүн айланасына көрк берет. Ага булбулдар конуп сайрайт.

– А менин бул чырпыгымды өстүрсөм болобу? Ал дагы ошентип өсөбү?

– Ооба, ананчы, – деди да, чоң ата Акбар ат кылып минип жана  камчыланып келген эки чырпыкты жерге сайып койду. Түбүн бекемдеп бекитти.

– Эми күнүгө арыкка суу жүргүзүп тур – деп эскертти чоң атасы,– арыкты көрсөтүп.–Антпесең куурап калат. Эчкилерден, улактардан корго. Алар кемирип кетет. Уктуңбу? Анан чоңоюп көкөлөп өскөндө «Акбардын дарагы» деп элдин баары сени мактап айтышат.

Акбар жаңы сайган чырпыкка «Менин да көкөлөп өскөн дарагым» болот деп сыймык менен карады.

Арадан күндөр өттү. Чырпык татынакай болуп бүрдөдү. Келерки жылы андан да көрктөнүп өстү. Көк тиреген дарактар кенедей эле чырпыктан өсүп чыгарын түшүнүп, Акбар таң калды.

Жылдар өтүп, баягы дарактар таң кечке булбул сайраган дүпүйгөн бакка айланарын, элдин баары ал жерге келип көлөкөлөп эс алып, аны «Акбардын дарактары» деп атап, суктанарын кыялданып турду.

 

s_rysbaev111mС.Рысбаевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.