Жашоо сабактары

«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан»

 jashoo_sabaktary_14032014

Жазылбаган чындык, айтылбаган акыйкат

Мамлекеттин дарты

Мамлекеттин дарты – кубаттан таюу, кара күчкө алдыруу, бузукулук, бут чалуу, ажофнун тайыздыгы, билгилердин ажырымы жана ыркы жоктугу, бөтөн акылга баш ийүүсү, келечекти көрө билбестиги, тактын тайышы ж.б.у.с. негиздер.

Мындай учур адамга, коомго, мамлекетке дайым оорчулук алып келет.

Бул учурда коомдо, мамлекетте, адамда зордук-зомбулук, кыжырлануу, нааразычылык көбөйөт. Адамдын тазалыгына доо кетет. Адамдын муктаждыгы көбөйөт.

Бул учур адам үчүн чоң сыноо. Адамдын пастоосунун көрсөткүчү. Адам үчүн бул сыноо анын кубатына, көтөрүмдүүлүгүнө, дүнүйө менен адам ортосундагы, Кудайдын алдында жана урпактын алдындагы мамилесине.

Бул сыноодо адамдын төмөндүгү ачык-айкын көрүнөт.

 

Кыргыздагы кесепет

Азыркы учурда кыргызда эң чоң кесепеттин бири, бул – кайдыгерлик. Кайдыгерлик үчкө бөлүнөт:

1) Келечекке кайдыгерлик;

2) Учурга кайдыгерлик;

3) Мамилеге кайдыгерлик.

Келечекке кайдыгерлик – бул: жасалган иш, айтылган сөз же жасалбаган иш, айтылбаган сөз эмне тыянакка, кандай жагдайга, кандай таасирин тийгизээрине кызыкпагандык, аңдоо салбагандык жана баардыгына кайдыгер болгондук. Ушундан улам, адамдын, элдин, улуттун кемүүсүн, жоголушун, бузулушун алып келет. Бул өзгөрүү орду толбос өзгөрүүлөрдүн бири болушу мүмкүн.

Учурга кайдыгерлик – бул: кубатты, таасирди, касиетти, негизди жоготууга, кемитүүгө, бузууга өбөлгө болот. Ушундан улам табият, адам, коом, топ, жан-жаныбарлар өзүнүн илгертен келаткан ыргагын жоготуп, өзгөрүүгө дуушар болот. Бул өзгөрүү орду толгус жоготуулар менен жана негиздүү кемүүлөр менен орун алат.

Мамилеге кайдыгерлик . Жашоодо адам менен табияттын, ата менен баланын, эл менен инсандын, улуу менен кичүүнүн, аял менен эркектин, эне менен балдардын, билги менен элдин, ажо менен мамлекеттин, ажо менен элдин, эл менен бийликтин, бийлик менен элдин мамилелери болот. Эгер ошол мамилелер туура шартта, салттуу болсо, анда өнүгүү, өсүү болот. Эгерде бул мамилелердин шарты, адеби бузулса, анын кесепеттери өзүнүн деңгээлине жараша таасирин берет. Ушундан улам табияттын бузулушу, табияттын жазасы, өзгөрүүсү болот. Анын кесепети бир эле муунга эмес, келечек муунга да таасирин тийгизет.

Адам ортосундагы мамиле бузулса, коом өзгөрөт. Бийликтин мамилеси бузулса элге, коомго, адамга өз кесепетин бербей койбойт. Мындан улам зордук-зомбулук, көз боемочулук, эл менен бийликтин ортосундагы карама-каршылык, сүйбөстүк орун алат. Ажо менен элдин мамилеси бузулганда кан төгүү болот. Бул жазылбаган чындык, бул айтылбаган акыйкат. Негизи кесепетти жашоо шарт бузулгандан тааныйт. Ошол кесепетти иликтеп, алардан арылуунун жолун тапкан, эл башы болуп, элге акыл айтчу даанышаныбыз барбы?

 

Кыргыз элинин азыркы учуру, көз карашы, өзгөрүүсү

Акылдуу адам азыркы жагдайга баа берсе:

Элдин мүдөөсүн аткарчу, элге кубат берчү, таламын талашчу, аны коргоочу, үмүт берчү белдүү эрлери жок, кубаттуу бийлиги жок, көрөрман көсөмү жок.

Бийликте чындык жок, ирет жок, тартип жок.

Элдин таянаар тоосу жок, коргоноор алы жок, жашынаар жери жок, акыл берээр акылманы жок.

Эл удургуп ары урунуп, бери урунуп, каражат таппай, запкы тартып, көбү алданып, күйүп, улам барып бир өңчөй калыпка салынып, такшалып, каражат табууда.

Турмуштун айынан көп адамдар сыртка кетип, ал жактан өзүнүн жашоосун улантууда.

Карызга белчесинен баткан өкмөт ишти оңдуу алып кете албай, улам бир негизсиз аракеттерди жасоодо.

Баарын түгөл, тегиз ойлогон башчылар жок.

Баарына бирдей мамиле жасаган, бийиктен сынды туура айткан сынчылар жок.

Эгер туура сын айтылса, ошол сынга баа берип, кулак төшөгөн адам жок.

Баары турмуштун түмөн түйшүгүн тартып, өз көмөчүнө гүл тартып алектенген заман.

 

«Тазаланып бийиктейли!» деген үн ар бир адамдын көкүрөгүнө келип, тууралыкка жол баштайлы деген чечим ар бир адамдын көңүлүнөн орун алсын.

Бул жашоодо көңүлү толгондой иш кылып, элдин астында, Кудайдын астында таза, так өтөйүн деген жаңы илеп, жаңы агым башталсын.

Бул ой-толгоо кыргыздын белдүү эрлеринде болсо, ошондон улам алгылыктуу иш-чаралар башталат беле, ардуу, намыстуу эрлер эл арасынан суурулуп чыга келет беле?..

14.08.2012ж

Акылдын тунуктугун билгиң келсе
Акылдын бийиктигин сезгиң келсе
Ар дайым жашоо шартты оңдой билгин
Ар дайым көкүрөктү бийиктеткин
Жашоодо өйдө болот ылдый болот
Жашоодо бийиктикте турган болот
Жашоодо кубат күчкө толгон болот
Жашоодо төгөрөктү туйган болот
Мезгилдин алып учкан сааты болот
Мезгилди туйбай турган учур болот
Мезгилден акыл алган учур болот
Мезгилде мээрим төккөн учур болот
Мында адам бийиктикти таанып турсун
Учурбай бакыт кушун кармап турсун
Акыйкат ак жашоону таанып турсун
Акыйкат тууралыкты сүйүп турсун
Акыйкат тууралыкты баалап турсун
Мезгилдин өтпөй турган күнү болот
Жылдызды адам санап турган болот
Адамдын жашоо шарты өзгөрүлбөй
Адамда күтүү, санаа көп топтолот
Мезгилден жаңылыкты улам күтүп
Адамда мөөнөт өтпөй турган болот
Жатканда ушул түндөн өтсөм деген
Турганда ушул күнүм өтсө деген
Мезгилдин убак саатын күтө берет
Ансайын мезгил жылбай тура берет
Бул мезгил азап берген мезгил дегин
Бул мезгил кубат кеткен учур дегин
Бул мезгил өтө кыйын учур дегин
Мындайда адам өксүйт көп кыйналат
Мындайда адам өзү көп буйдалат
Мындайда бакыт кушу качкан учур
Мындайда адам өксүп турган учур
Бакыттын кушу келсин десең кайра
Тиленип Кудай дегин кайра-кайра
Тиленип жардам сура сен Кудайдан
Өксүктөн чыгамын деп ишенгин сен
Акылдын тереңине жеткиң келсе
Акылды акыл кылып алгың келсе
Токтоткун сен өзүңдү акыл менен
Башкаргын сен өзүңдү акыл менен
Өстүргүн сен өзүңдү акыл менен.

«Бакдѳѳлѳт» коомунун байланышуу телефондору: 0771 144-820; 0552 853-555

«Көк асаба», 14.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.