23-февралда «Кыргыз Жолу» этномаданий долбоорунун бет ачары болот

tursunkulov

23-февраль күнү саат 11:00 дө Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрында өтө турган «Кыргыз Жолу» этномаданий долбоорунун бет ачары болот.

Программада:

1. «Манас күчү-биримдик» аттуу драмалык композиция;
2. Салттуу музыканын концерти;
3. Улуттук кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү.

Кирүү акысыз.

Сурап билүү телефондору: 0555288339, 0707228391, 0772159786

Манас күчү-биримдик!

“Кыргыз жолу” биргелешкен коомунун жол багыты

КЫРГЫЗ ЖОЛУ – КЫРГЫЗ БҮТҮНДҮГҮ

  1. ЭЛ БИРИМДИГИ: Кыргыз – нарктуу эл! “Ырыс алды – ынтымак”; “Карысы бардын ырысы бар”, “Улууга урмат- кичүүгө ызат”, “Бөлүнгөндү – бөрү жейт..; “Бир жеңден кол, бир жакадан баш”; “Элиң менен бийиксиң”; “Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок”; Салттуулукту жана мыйзамдуулукту тең карманалы. Биз башка улуттарга үлгү бололу! Керек учурда башкалардан үйрөнөлү!Бакыбаттуулук – эмгекке жараша, “Көч бара-бара түзөлөт”..
  2. ЖЕР БҮТҮНДҮГҮ: “Туулган жердин топурагы – алтын!”; Чек ара бекемдиги – бүтүндүк белгиси. Кен казмай, жер сатмай – эртеңкиге көр казмай!Жер эне жана  кырк чачы улуу кыргыз кызы – ыйык жана кол тийгис! Мекениң – эч нерсеге алмашкыс дөөлөт.
  3. МАМЛЕКЕТ КУБАТТУУЛУГУ: Элге таянган бийлик гана мамлекеттүүлүктүчыңдай алат. Бийлик эл көзөмөлүндө болсо,адилеттүүлүк орноп, өнүгүү ырааттуу жолго түшөт. Бийлик күчү – эл ишениминде. Мамлекет мыйзам уйуткусу. Мыйзам сыйлаган коомдо гана башкаруу адилет болот. Мамлекеттин табиятында –­­ каар жана мээрим бирдей. Мыйзам – бул абийир, акыл-эс, адеп-ахлак жана жашоо эрежеси,  мамлекеттүүлүк жөрөлгөсү.Үй-бүлө– кичи мамлекет жана инсанат бешиги. Жарандын мекенчил сезими – мамлекеттин кубаттуулугунун көрсөткүчү. Саясат менен руханият эриш-аркак жүргөн жерде, тең салмактуу өнүгүү болот.
  4. УЛУТТУНӨЗҮН-ӨЗҮ ТААНУУСУ:Кыргыз өз тегин, дүйнөтаанымын, тарыхын, тилин, каада-салттарын, касиетин, руханий дөөлөттөрүн таануу аркылуу күчүнө кирет.Өзүн-өзү улут катары тааныган кыргыз эли глобалдашуунун жана чоң мамлекуттардын экспанциясынын коркунучунан сактана алат жана өз коопсуздугун камсыздайт. Көөнө тарыхы бар кыргыз эли, дүйнө цивилизациясына жана руханий маданиятына кошкон салымы менен татыктуу орунга ээ.
  5. ДИЛ БИРИМДИГИ: Жараткандын Улуу Кудуретинин мыйзамына ылайык жашап, анын мээримине балкып, бир тилекти, жалпы ишенимди карманып, Кыргыз Улуу Эгрегорун (тилектештик чөйрөсүн) түзөлү. Ак Дил менен адал жашоо  – Ойдун, Сөздүн жанаИштин кыймылын түздөйт. Манастуулук Диларымы (менталитети) айкөлдүккө, аруулукка багыттайт.Демек, улуттук Дилбагыт (идеология) кыргыз элинин жалпы биримдикке умтулуу касиетин аныктайт.Кыргыз элинин энергиясы, ооматы, куту, жана унутулуп бара жаткан касиеттери кайра ордуна келет жана күчөйт.
  6. ТАБИЯТКА ШАЙКЕШТИК: Тегинен табият менен тамырлаш жашаган кыргыз эли отту, сууну, абаны, жерди, өзүнөн бөлүп карабай, жандуу кабыл алып, алар менен бир бүтүндүктө өмүр сүрүп келген. Табият – жарык жашоо үлгүсү, өмүр булагы жана нурлуу акыл-эс уйуткусу. Табият мыйзамын аярлык менен тутунуу – парз. Адам – Ааламдын кичи кейипкери. Туура жашоо – табият мыйзамын сыйлоо деген сөз.Табиятка жасаган мамиле жана анын сулуулугун баалай билүү – адамдын билиминин жана руханий деңгээлинин көрсөткүчү.
  7. ДҮЙНӨЛҮКӨНҮГҮҮ МЕНЕН БИРГЕ БҮТҮНДӨЛҮҮ: Азыр бүткүл дүйнө бүтүндөлүү арымына кирди. Ушул дүйнөнүн өнүгүүсүнөн сырткалууга мүмкүн эмес. Дүйнө элин зор өзгөртүүгө дуушар кылып жаткан заманды туура кабылдап, аны менен шайкеш бүтүндөлүү жолун жаңылбастан тандап алуу абзел. Жер планетасы жана анын үстүндө жашаган адамзат бир бүтүндүккө багыт алды. Ааламдык өнүгүүнүн агымы менен жарык дүйнө элдери бирдей өнүүгү мыйзамына туш болууда. Бул мыйзам – биригүү, бүтүндөлүүмыйзамы. Кыргыз эли да, ошол табигый агымга кошуулууда жана өзүн дүйнөгө таанытуу менен,жаңы доордун мүнөз-талаптарын өзүнө сиңирүүгө көкүрөгүн ачты. Кыргыз өнүгөөр жолго түшкөндө, дүйнө бизди түшүнүнүп, кабылдайт.
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.