Токтобек Үсөнов. “Кайтуу”

(аңгеме)

Ойлосом, буга чейин өзүм кимдир бирөөнө алданып,  жалгандын ачуу даамын эч качан татпаптырмын. Быша элек экенмин да көрсө. Адамдарды таанып, биле элек экенмин да…

Жаным жер тартып, кулагым тунуп, өзүмдү-өзүм сезбей, көздөрүм караңгылашып кетти, алгач укканымда. Болгондо да өз оозуңуздан, эч нерсе болбогондой, абалкыдай эле жылмайып туруп: “Баарын унут,  сен эми башка жол менен кетишиң керек.  Мени унут”, – деп айтып жаттыңыз. А мен укканыма ишенбей, “Чындык” деген бийик зоодон ылдыйды көздөй зуулдап, кулап бара жаттым. Адам ушунчалык оозунан «Алласы» түшүп таң калганда же катуу сокку жеп жүрөгү ооруганда, эч нерсе сезбей дендароо болуп калат экен… Мен да ошондой, эс-мас абалда турдум. Жүрөгүм ооруп, сызылып ыйлап жатты…

* * *

Кичинекей спорттук сомкеме керектүү деп ойлогон буюмдарымдын баарын салып коюп, керебетимде саамга отура кеттим. Бүгүн баары бүтүшү керек же  кайрадан уланат. Бир аз демимди басып отурган соң, башыма ар кандай ойлор келе баштады. Буга чейин уктабаган түндөрүмдө, пландап жүргөн ишим эми кайра кереги жоктой сезилип кетти заматта. Макул, аткардым дейли. Анан эмне болот? Деген ойлор мээмди экиге бөлө баштады. Бир заматта өзүм экиге бөлүнүп, бир тарабым бир тарабыма каршы чыгып, талашып-тартышып жатты:

– Токтот! Сен эстүү жигитсиң. Эмне, ушул аял менен эле ишиң бүтөбү? – деди биринчи  туюмум.  Экинчи туюмум  буга такыр каршы чыкты:

– Жок! Эч качан! Сен деген жигитсиңби? Сен ушундай мамилеге татыктуу белең?! Сен сүйгөн аял, сени сүйгөн  аял сөзсүз сеники гана болушу керек! Өч ал! Сенин канчалаган аруу тилектериң, артыңдан калбай, көлөкөдөй эрчигениң, мунун баары үчүн өч ал!

-Жок, сабыр кылгының! Бир аз чыдасаң, мезгил баарын унуткарып, өз жолуна коет. Аны дагы түшүнүшүң керек. Эмне, ушунча жыл эри менен чогуу жашап жүрүп, заматта  баарына кол шилтеп, сени эрчип басып кеткени ага оңой бекен?!

– Сүйүүсүүз жашоо  – тирүүлүктүн тозогу дебеди беле?! Ал күйөөсүн сүйбөйт! Унуттуңбу?

– Ооба, ал сөздүн баары айтылган. Ошол учурда мамилеңер ушунчалыкка ырбап кетерин ал ойлогон эмес. Керек болсо, ансыз жашай албай калам деп сен дагы ойлогон эмессиң, ыраспы?

– Жок, ал сени алдады! Болбосо, акыры  ушундай болорун билсе, мурдатан айтпайт  беле?!

– Түшүнчү, сүйүү деген башка, жашоо деген башка нерсе. Экөөнү бирдей алып жүрүү өтө оор. Андай бакыт чанда гана адамдын шыбагасына тийет. Ошондо да адам үчүн ошол бакытын сактап калышы кыйынга турат. “Сабырдын түбү сары алтын” дейт. Сабыр кыл.

– Токтобо, укпа аны! Дүйнөдө аялдын баары ушундай шуркуя, бузуку жаралган! Алардын канына бычак малуу күнөө эмес. Билесиңби, динде да күйөөсүнөн башкага көз салган  аялды бул дүйнөдө да, тигил дүйнөдө да жазасын катуу бериш керек деп айтылган. Ал күйөөсү  турсун, сени да алдады. Сенин ордуңда башка эркек болгондо ойлонбой туруп, азыр барып жайламак. Орто жолго жеткенде кетенчиктебей эркек бол!

Не кылаар айламды билбей турдум. Эгерде эле ушул колумдан келип кетсе, анда менин тагдырым толук бойдон талкаланат. Мен каалаган жашоону жашабай калам анда. Канчалаган кыялдарым кыял бойдон гана кала берет. Ойлогонумду жасабай койсом, жүрөктөгү  арман, ыза менен кек  жанымды жеп, өлтүрүп тынчудай болот. Айласыз отурдум. Буга чейинки күндөрүмдү такыр эстегим келбей жатты. Бирок, ойлорум өзүмө баш бербей, үтүрөйгөн бөлмөмдөн учуп чыгып, өткөн-кеткен күндөрдү көздөй сызып бара жатты…

* * *

Сиз менен ажырашкандан кийин үч күн төшөктөн турбай жатып калдым.  “Мага эми жолукпа, биз  бир тууган катары, сый мамиледе гана калуубуз керек”, – деген сөзүңүз  мени башка чапкандай, тура алгыс кылып  жыкты.  А менин сизден күткөнүм башка эле. Баарын таштап, мени менен жердин жети түбүнө болсо да кетип калчу күндү күтүп жүргөмүн!..

Апам жанымда болсо, балким, башыма суу айлантып, азабымдан арачалап калат беле?… Ижарага алган кичинекей бөлмөмдө башымды көтөрө албай жалгыз жата бердим. Тамак да иче алган жокмун. Эч нерсеге көңүл чаппай, жашоо бир заматта кызыгынан ажырады. Ооба, ажырашуубузга менин да «салымым» чоң эле. Дардактап көөп кеткем. Антсе да, сиз менен жолуккан, сизди көргөн  учурларым  мен үчүн бакыттын туу чокусу болчу. Жолугуп, жагымдуу үнүңүздү угуп отурганда мага башка эч нерсенин  кереги жок болуп калаар эле.  Бирок, коштошуунун  убактысы да өчөшкөнсүп, ылдам эле келип алчу да,  үйүнүзгө узатууга мажбур болчумун.  Бул мен үчүн абдан оор  учур эле. Өзүмдүн сүйгөн адамымды өз  колум менен башка бирөөгө тапшырып, булгатып туруп  эртеси кайра тосуп  алып жаткандай туюлчу. Үйүмө келгенимде да бир топко чейин кызганычтан жаным жай таппай, урунаарга тоо, урушаарга жоо таппай калчумун. Анан бузуку ойлор башымды тешип киришчү: “Балким азыр күйөсү экөө «жыргап» жаткандыр… А балким экөө кучакташып… А балким… А балким…” – деген сансыз ойлор таң агаргыча уктатпай чыгар эле.  Ал эми эртеси  сизге жолугарым  менен  мээңизди жеп кирчүмүн.  Адатымча митайым көздөрүм менен тигиле карап  турчумун да, суроо берчүмүн:

– Кечинде эмне кылдыңар?

– Эч нерсе. Тамак жасадым, үй жыйнадым, – дечүсүз.  Сиз менин эмнени сурап жатканымды, эмнеден шектенип, кызганып жатканымды түшүнчүсүз.  А менин кызганычым  ансайын күчөп,  кайра эле башынан түшүп сурай берер элем. Күн сайын ушул нерсе кайталана берип, акыры тажасаңыз керек. Аз-аздан  муз болуп катый баштадыңыз. А мен ого бетер күчөдүм. Ортобуз ошентип алыстады. Бул учурда мен сизге, сизсиз деле жыргап жашай ала тургандыгымды тастыктап бергим келип, жулунуп жүрдүм. Ага-буга урунуп, сизден жаш, сизден сулуу кыз-келиндерди издедим. Бир эмес, бир канчасын таптым. Бирок, эч кимиси сизге окшобой, ансайын сагынычым күчөп, сизден башка аял аттуунун баарын жек көрүп, акылымдан айнып жүрдүм. Антсе да, баары бир сизсиз  деле  жашай алат экенимди далилдегим келе берди.

А сиз өзүңүзгө бекинип, мурдагыдай болбой бар туруп, жанымда жок боло баштадыңыз. Акыры баары талкаланып жок болду! « Баары бир унутам, баары бир  ал меники эмес, мен да өз жолумду табышым керек!» – дедим. Бирок, сизге болгон сагынычым жүрөккө ийне болуп сайылып туруп алды. Мээримиңизге, жакшы сөздөрүңүзгө,  ойноок кыялдарыңызга ушунчалык  муктаж экенимди сезип жаттым. Аларсыз  жашоодо  тек гана бир жүргөн көлөкө болуп, маани-маңызсыз жашап каларымды  түшүндүм. Анткен менен, эркектик намысым кечирим сурап барууга жол бербей жатты. Сиз дагы мага өчөшүп чалбай жатат деп ойлодум. Ошентип, азаптуу күндөр өтө берди.

Көп өтпөй, тагдыр бизди күтүүсүз  кайра да жолугуштурду. Адатыңызча жаркырап күлүп, эч нерсе болбогондой учураштыңыз. Буга чейин жолугушуубузду башкача элестетип, көргөн жерден сизди: “Барсыңбы? Баары жакшыбы? Эмнеге кабарлашпай кеттиң?” – деп  ыйлап  жиберет  го деп ойлочумун. Анын ордуна эч нерсе болбогондой,  тек гана алыс тааныштардай, күптүн бириндей гана  жылмайып, салкын  учурашып койгонуңузга ишене албай турдум. Анткени, мен ойлогондой «башкача»  жолугушууга даярданып алган элем да. Экинчи капа кылбасымды айтып, кечирим сурамакмын. Менин да уйку көрбөгөн азаптуу түндөрүмдү айтмакмын!…

Жүрөгүм кагуудан кала, үнсүз бырчаланып турдум.  Көрсө, баары башкача экен. Мен ошентип кыйналып жатканымда, сиз  көп деле кыйналбаптырсыз. Тескерисинче, бактылуураак болуп кетиптирсиз. Күйөңүздүн кадырын кеч түшүнүп, аны сыйлап, көзүнүн кыры менен тең айланып калыптырсыз. Менден кутулганыңызга сүйүнүп жүргөндөйсүз. Бул, мен үчүн экинчи көтөрө алгыс сокку эле. Чыдай албай калды жаным. Баарына ичим күйүп жатты. Өзүмө-өзүмдүн боорум ачып, ыйлай бердим. Буга чейинки  жаркылдаган мамилеңиз  эске түшө берди: “Сенин көздөрүңдүн тереңинде кандайдыр  улуу дүйнө, тазалык  бар,» – деп көп айтчусуз.

Кантип эми, ошонун баарын унутуп, нерсе болбогондой гана жашап жүрөсүз? Ушул суроого жооп таба албай, башым катты. Ушундан кийин… эмнегедир  сиз мен үчүн дүйнөдөгү эң кир, ыпылас адамга айлана  баштадыңыз! Сизди бул дүйнөдөн жок кылуу эркектик милдетимдей сезилди!  Дүйнөдөгү бардык эркектердин атынан, бардык аялзатынын күнөөсү үчүн мен сизден өч алышым керек эле! Көп күн уктаган жокмун. Өч алуунун миңдеген жолдорун карап чыктым. Акыры: «Же меники болот, же эч кимдики болбойт!» – деп чечтим.

* * *

Ошентип,  керебетимден шарт турдум дагы,  түз эле  сиздин үйүңүздү көздөй жөнөдүм. Жолдо катар бара жатканымды телефон аркылуу кабарладым. Балким, ошондо сиз  менин эмне деген  ой менен келе жатканымды туйдуңуз бекен? Же тек гана баарын акыл менен, мээрим  менен жайгарайын  дедиңизби, же жөн эле мейман катары күтүп алдыңызбы, айтор, адатыңызча эле  жадырап тосуп алдыңыз. Мени күтүп, а түгүл тамак ичпей отурганыңарды да айттыңыз. А мен.. .. .. ..ызам канчалык кайнап, бардыгын бар же жок кылганга канчалык  камданып барсам да,  бир заматта алсыздана түштүм.

Чогуу тамак ичип жаттык. Үчөөбүз  – күйөөңүз, мен, сиз. Мына сага, тагдырдын тамашасы! Кызганыч ого бетер канымда ойноп, жиним ушунчалык  келип турду.  Бирок, ошол убакта  ушул уяны, ушул жашоону  бузуп салуу менен эч нерсе өзгөрбөсүн түшүндүм. Жашоо деген мен ойлогондон да  татаал экенине ынанып, башымды ийип, макул болуп турдум.  Көздөрүңүз…  сиздин мен сүйгөн көздөрүңүз  менин “Өч алуу” деген максатымды алсыздантып,  артка кайтуума аргасыз  кылып баратты. Менин жандүйнөмдүн, жашоомдун эң аялуу, эң сулуу байлыгы деп эсептеген, анан да мени сүйө караган көздөрдүн бир заматта көз жашка жуулушун, жок болушун каалабай кеттим…  Анткени, мен аларды жок кылуу менен, мен өзүмдү-өзүм, өзүмдүн жандүйнөмдү талкаламак экемин! Өч алуу деген макста жеткеним менен, мен аларсыз өмүр бою өксүк менен, бактысыз болуп өтмөкмүн… Ооба, капысынан эле мен ушунча күн  алдыга койгон пландарымдын  ката экенин, аны менен эч кимге, эч нерсе тастыктап бере албайт экенимди сездим…  Сиздин үйдөгү эне катары, жубай катары үй-бүлөңүзгө болгон мамилеңиз, мээримиңиз, анан да мага жароокер, аяр, аяй караганыңыз  жандүйнөмдү кайра баштан жагымдуулукка, жылуулукка ороп баратты… Балким, же ошондо Кудай сабыр берсе керек жаныма. Кудайга жалынып, жаман ойлорум үчүн кечирим сурап ийдим ичимден.

Айылдагы апамдар эске түштү. Алар такыр эсимден чыгып кетишкен экен. Силердин төрүңөрдө отуруп, мен аларга керек экенимди сездим. Өзүмдү-өзүм жектеп, урушуп жаттым. Силер менен коштошуп чыктым. Түз эле ижарага кайтып келдим да, айылга кетүүгө кам көрүп, жатаарда гана  сизге кетээримди айтып, коштошкон смс жаздым. Сиз каршы эч нерсе айткан жоксуз. Мунуңуз да жанымды кыйнап жиберди.  Балким, мурдараак ушинтип смс  жазсам: “Сен борбордо жашооң керек, сенден күчтүү хирург чыгат. Сенин медицинада  кудуретиң күчтүү!” – демексиз. Азыр эми:  «Мейлиң, кетсең кет», – дегендей түр көрсөтүп турганыңызды карабайсыңбы?! Чынында сизден “кетпе” дегенди уккум келген. Суранып, жалынбасаңыз да, бир ооз: «Эмнеге кетмек элең?»  – деген сөзүңүзгө зар элем. Бирок, тилекке каршы антип да айткан жоксуз. Тек гана: «Макул, Кудай жол берсин!» – деп коштоштуңуз да, кетээрде жолугуп кетүүмдү өтүндүңүз.

Эртеси эски бекетте мени күтүп туруптурсуз. Таң атканча уйку көрбөй ыйлагангабы, көздөрүңүз шишип, кызарып калыптыр. Мурдагыдай мен дагы үзүлүп-түшүп, абалыңызды сурабадым. Эртерээк эле  сиз  менен коштошуп, унуткарып, ушул азаптан кутулуп, жаңы жашоо баштагым келип турду. Сиз да эч нерсе дебедиңиз. Колуңуздагы бир бүктөм кагазды сундуңуз да, адатыңызчача маңдайымдан өөп,  көзүңүздөгү жашыңызды токтото албай ары карап басып кеттиңиз. Жүрөгүм кабынан чыга кагып, артыңыздан жетип баргым келип араң турганым менен, акылым баары бүткөнүн эскертип, ордумда кармап турду…

 

* * *

Чубалжыган узун жолдо, терезеден одур-бодур тоолорду  тигиле карап келе жатам. Алгач катты окугум келген эмес. Эгер аны окусам, кайрадан шаарда калып каламбы деп корктум. Бирок, акыркы сөзүңүздү угушум керек эле. Төш чөнтөгүмдө сиздин көз жашыңызга жуулуп, ара жолдо жолуккан махабатымдын чекити коюлган, денемдин ысыгы өтүп, жылый түшкөн бир бүктөм каттыңызды  аяр ачып, качандыр бир сизди көздөй алып келген асфальт жолдо окуп келе жаттым. Катыңыз төмөндөгүдөй экен:

“Мени кечир?..

Мени чыккынчы катары көрүп жатсаң  керек? Баарын түшүнөм…  Балким, экөөбүз эртерээк  жолуксак, баары башкача болмоктур.. .. .. .. Эч качан бири-бирибизден ажырабай, бул турмуштун ачуусун да, таттуусун да бирге татып, бала-чакалуу болуп,  балким, бул жашоо менен да  бир күндө, чогуу  кош айтышмактырбыз… Аттиң  десең,, жашоо биз ойлогондой болсо кана! Адам баласы көп учурда  Кудайдын жазганын көрүп, чийген чийининен чыга албайт  тура.  Болбосо, колумдан келсе,  бул өмүрдө, бир гана сендик болуп жашар элем. Сенин гана менчигиң, сенин гана бактың  болуп алмакмын. А мүмкүн анда биз, сүйүүбүздүн баркын сезе албай калат белек?  Көр турмуштун шарданы менен аруу сезимдерди кирдетип алмактырбыз?  Бири-бирибизге капыс ачуу сөздөрдү айтып, аруу  дүйнөлөрдү оорутуп, азапка салат белек. 

Мунун баарын тек гана көңүл жубатыш үчүн айтып жатат деп ойлобо.  Сүйүү  ушунусу  – бири-бирине жетпей калуусу менен ыйык  деп ойлойм. Кеч болсо да, мени  сага жолуктарган Кудайга  миң мертебе ыраазымын. Сенден да ушундай каниетти сурайм. Себеби, мындай бакыт, мындай аруу махабатка чанда гана адамдар жолугат.  Биз ошол бактылуулардын катарын толуктап турганыбызга ыраазы болушубуз керек. Менде сен жөнүндө жалаң  гана жакшы сезимдер, унутулгус элес калды. Көзүмдө карааның, кулагымда жагымдуу каткырыгың, жакшы сөздөрүң, жүрөгүмдө аруу махабатың  калды.  Алар менин мындан аркы жашоомду жарык кылып, дүйнөдөн өтөөрүмдө да жанымда болуп, ууртума жылмаюу  тартуулап турушар… 

Менин капыс чечимим үчүн, бат өзгөргөнүм үчүн өзүңдү күнөөлөбөшүңдү сураймын. Ага сенин эч кандай тиешең жок. Болгону, бир аз гана туура эмес кырдаалда жолуктук. Балким, сен жашоого бир аз эртерээк жаралып калганыңда,  баары башкача болмок. Сен дүйнөгө кеч келип, мени издеп тапканыңча,  мен  аруулугумду башкага арнап,  бир эмес эки баланын энеси болуп калгамын да.  Кадамыма – кадам коюп, сен  артымдан адашпай таап келээриңди билгенимде, кара далы болуп жалгыз жүрсөм да сени күтпөйт белем.  Аттиң десең?!..  Кеч, тагдырыма башымды ийип, эки жагымды каранып көңүлүмдөгүнү издебей, жазылган жазуума моюн сунуп калганымда таап келбедиңби. Бир жанымды экиге бөлүп, азаптанып да, бактылуу болуп да жашай баштабадымбы анан! Баарынан да,  сенин барган сайын кыйналууң  мага оор тийди..  Күн сайын мени ойлоп, мени кызганып,  уйку көрбөй таң атырган адатың жүрөгүмө бычак болуп  сайылчу. Жаштыгыңдын шапатын көрүп, өзүң  теңдүү кыздар менен эч нерсе билбей ойноп жүрчү убагыңда, менин (кимдир бирөөнүн аялынын) азабын тартып, жанчылып жүрбөшүң  керек болчу. Теңиңди таап, өзүңдү да, ата-энеңди да бактылуу кылышың  керек эле. Баарына тоскоол болуп, Кудайдын да, сенин да, баарынын  алдында күнөөлүү болуудан корко баштадым!  Кантсе да, түбөлүк маңдайыма жазылган күйөөмдүн кадырына жетишим керек экен. Ошентип,  канчалык оор болсо да, баары-баары дагы улам татаалдашып кеткичекти, мен сени менен таптакыр кол үзүүнү, сени өзүмдөн алыстатууну  чечтим!  Акырындап жүрөгүмдү көндүрүп, азганакай бактымды түбөлүк азык кылып, жашоого бел байладым. Кечир, ошол учурда сага айтып түшүндүрүп койбой, азапка салганым үчүн кечир? Бара-бара баарын  өзүң түшүнүп алаарсың. Мени кечир,  сүйүүм менин…

* * *

Катыңызды алгандан бери жаным жай таппай, кыйнала бердим. Айылга келип, ата-энем менен жолугушуп, көңүлүм ачылганы менен бары бир сизди унута албай кыйналчу болдум. Ошондо менден эмнеге алыстап кеткениңизди билгенден кийин, ого бетер жанчылдым. А мен сизди… тек гана менин сезимим менен ойногон алдамчы, чыккынчы деп, сизди жек көрүп  жүргөнүм үчүн уялдым! Сагынычым күчөп, бир орунга тура албай буулугуп жаттым. Учуп жетип баргым келди. Бирок, антүүм менен сизди дагы азапка салат элем. Балким, азыр күйөңүз менен бактылуу  күндөрдү башыңыздан кечирип жаткан чыгарсыз?  Анын барын бузууга акым жок экенин билем. Ошондуктан, мен дагы сиз ойлогондой, аз да болсо бүтүндөй өмүрлөргө жетчү, ичимдеги «бактымды» таза бойдон сактап, өзүмдүн гана эч ким билбес тарыхым кылып, керек учурда  ошондон тоодой кубат алып, башка адамдардай эле жашай беришим керек экенин түшүндүм. Жашоодо ким эле бактысына жетип жатыптыр? Мага окшоп сырын ичине катып, ичтеги армандуу сүйүүсү  менен жашаган адамдар миңдеп саналса керек? Тулку боюңду, денеңди башкаларга курмандыкка чалып берсең да, жүрөктүн эң түпкүрүндөгү махабат эч качан өчпөй жашай берери чын белем…

Айылдаштарым чет элдик бир долбоордун алкагында айылыбыздагы эски  медпункту  жаңыртып,  мен ал жерде кесибим боюнча  иштеп жатам. Сизди кубантыш үчүн  айтып коёрум, ишиме эл да, атам да абдан  ыраазы. Ал мени шаарда калып калат деп ойлосо керек. Апам болсо, бир кездерде жакшы мамиледе болгон парталаш класташ кызыма куда түшөлү деп кам көрүп, жыргап жүрөт. Оюмча, ал кыз  деле каршы эмес, мага көңүлү бардай. Анан да… жакында үйлөнгөнү жатам (Бул сизге кандай жаңылык болорун билбейм. Бирок, “Сен жакшы кызга жолугуп, сөзсүз бактылуу болушун керек” дечүсүз). Өткөндө аны менен биринчи жолу жолугуп, сейилдеп келдим. Сейилдеп жүрүп сизди эстеп жаттым. Аны сизге окшоштуктарын таптым. Кээ бир кылык-жоругу, күлгөнү сизге абдан окшош экен. Кудай буюрса, баары жакшы болот деп ойлойм. Анан да үйлөнүп кыздуу болсом, кызыма сиздин атыңызды ыйгарайын деп атам. Катыңызга жооп жазып отурганымдын себеби да ушул. Анан да менин ошондо сиздин кичинекей жүрөгүңүздү азапка салганым үчүн кечирим сурайм. Мен да сизди сүйөм! А бирок, биздин тагдырлар кошулбас дайрадай эки бөлөк агып жатса кантмекмин?  Антсе да, сиз дайыма жүрөгүмдө, канымда бирге айланып, түбөлүк мени мененсиз…

 

t_usonovТоктобек Үсөновдун башка чыгармалары

 

Соц тармактар:

One thought on “Токтобек Үсөнов. “Кайтуу”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.