Жылдызбек Турсунбаев: “Сүйүү – үй-бүлө очогун жылыткан улуу от”

j_tursunbaev_gul

14-февраль – ашыктардын майрамы. Бул күндү белгилөө керек, керек эмес деген талаштарды мындай кое туруп, сүйүүдөн адамзатынын тукуму уланарын эске алып, бул ыйык сезимди ырларында даңазалап келген акындарга кеп кезегин берүүнү чечтик. Бүгүнкү биздин “Сүйүү төрдүн” мейманы, жаш акын, тамада Жылдызбек Турсунбаев болмокчу.

– Жылдызбек мырза, сүйүүгө кандай карайсың жана сүйгөнүңө жеттиң беле? Сүйүүнү канткенде таза сактап калууга болот?

– Сүйүүнүн мааниси абдан көп жана мен аныктама бере ала турганчалык жөнөкөй бир түшүнүк эмес. Антсе да сүйүп көргөн инсан катары кыз-жигиттин ортосундагы сүйүүнү айта турган болсом, ал менин оюмча алоолоп жанган чоң от болуш керек. Туура мамиле кылганды билсең сезимиңе от тутандырып жүрөгүңдү жылыта аласың. Үй- бүлөнүн очогун да мына ошол жаркын оттун илеби менен жарык кыла аласың. Ал эми терс мамиле жасасаң анда сөзсүз түрдө тагдырыңды, өмүрүңдү, керт башыңды ал эле эмес, сүйгөн адамыңды да турушу менен өрттөп жиберишиң мүмкүн. Андыктан махабат азабына малынып, жан дүйнөсү сүйүүнүн дартынан чычаладай күйбөй, суу кашектей быкшып сыздаган жандын образын эч бир адам баласына каалабайм. Сүйүү бар – биз барбыз, сүйүү бар – түбөлүк жашоо бар! Жубайым менен 5 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, кыргыздын салты менен сөйкө салып, баш кошуп, түтүн булатып, учурда бала жытын искеп сүйгөнүнө жеткен жигит катары: “МЕН СЕНИ СҮЙӨМ – СҮЙҮҮ!” демекчимин.

Тɵмɵндɵ сиздерге Жылдызбек Турсунбаев кыргызчалаган сүйүү саптарынан сунуштайбыз…

 

Махабат тууралуу учкул саптар…

* * *

Сенин канатың болгум келет, мен болбостон учпагын деп, сенин жазың болгум келет мен болбостон ачылбагын деп…..

 

* * *

Сүйүүлөрдүн эң мыктысы сени сүйүү, сагынуунун эң таттуусу сени сагынуу. Жашоонун даамы таң эрте турганда сенин бар экениңе куштар болуу.

 

* * *

Күндү муз каптаган кезде жаркыраган бир алоо көрсөң, жалгыз сен үчүн күйгөн менин жүрөгүм деп бил.

 

* * *

Сүйүү бул розаны тикени менен кармап алганга окшош. Колдоруң канга боёлот, бирок тикендин өчүн розадан ала албайсың.

 

* * *

Көздөрүңөн тамган бир тамчы жаш болууну каалайт элем. Көздөрүңдө туулуп, жаагың ылдый агып түшүп, эриндериңде өлүш үчүн…

 

* * *

Ашыгым: «Асмандан бир жылдыз танда. Сен өңдүү сулуу, жаркырак болсун. Мен үчүн да бир жылдыз танда, жаркырабаса да сага жакын болсун.»

 

* * *

Жашоо сагынычсыз, сагыныч сүйүүсүз, сүйүү сенсиз боло албайт. Унутпагын, сүйүү – дайыма бирге болуу эмес, сен жокто да сен менен болуу демек.

 

* * *

Эгер асман бир бүктөм кагаз, деңиз бир шише сыя болгондо, баары бир сага болгон сезимдеримди жазганга жетпейт эле. Сени ушунчалык катуу сүйөм дейсиң….

 

* * *

Жаңырган ар бир күндүн таңында көңүлүмдө көздөрүңдү көрө билүү ашыгуусу болбосо, ишен, жашоом эч бир нерсеге арзыбай калат.

 

* * *

Сага карай бир сүйүү көпөлөгүн учурдум, тоолорду, деңиздерди ашты, сени тапты, акырын жүзүңдөн сүйдү. Сездиңби жаным?

 

* * *

Сен Сахара чөлүндөгү гүл болсоң сени соолутпоо үчүн көз жаштарым менен сугарат элем сени.

 

* * *

Көгүш кийинип булутуң болом, жапжашыл кийинип жазың болом, көрөсүң бир күн, апакай кийинип сеники болом!

 

* * *

Көздөрүң дайра, кирпиктериң көпүрө болсо, мен көпүрө үстүнөн өтүп баратканда кыйрап жыгылса жана кулаган жерим эриндериң болсо… Сүйүү күнүндө бир өбүш карызсың мага…

 

* * *

Жети башка өлкөдөн жети башка аары келсе, жети башка аары, жети башка климаттагы жети башка бакчага кирсе, жети башка бакчадагы жети башка гүлгө консо, жети башка гүлдөн жети башка шире топтосо жана аларды аралаштырып бир бал жасаса баары бир сенчелик таттуу боло албайт. Мен сени сүйөм!

 

* * *

Бир жүрөк кай жерге чейин чыдаса, бир жан бир жанды канчалык сүйсө, бир тамырдан канчалык көп кан өтсө, жашоо өлүм үчүн канчалык баалуу болсо, сен мен үчүн да ошончолук баалуусуң.

 

* * *

Бүгүн көк булуттарды кочушуңузга, бакытты баш учуңузга, сүйүүмдү да аста жүрөгүңүзгө коюудамын. Күн жалгыз сиз үчүн чыксын, сизди сүйөм.

 

* * *

Таң эрте сени көрүп келүү үчүн бир периште жөнөттүм артыңдан. Бирок мен ойлогондон да эрте кайтып келди. «Эмне болду?»,-деп сурадым. «Бир пери бир перини эч убакта көрө албайт!»,-деди жаным.

 

* * *

Жашоодо эки сокурду тааныйм: биринчиси сенден башканы көрбөгөн мен, экинчиси менден башканы көрбөгөн сен…

 

* * *

Бир күн тозокто жолугушарбыз. Сен жүрөк уурусу болгонуң үчүн, мен болсо Кудайды тааныбай сага сыйынганым үчүн…

 

* * *

Дүйнөдөгү эң сулуу нерсени сага бергим келет, бирок сени сага бере албайм да..?

 

* * *

Адамдар кыпкызыл розалардын артынан чуркап жүрүшүп, тамандарынын астында калган каакымдарды баамдабай да калышат.

 

* * *

Бир жиндинин сизди өбүүсүнө уруксат бериңиз, бирок ар бир өбүштүн сизди жинди кылуусуна эч качан.

 

* * *

Сүйүүбүздүн сууга түшөрүн билгенимде балык болуп кетмекмин.

 

* * *

Түнгө өчөшүп күн чыгууда, даракка өчөшүп бутак көбөйүүдө, өлүмгө өчөшүп адамдар арбууда, мен болсо сага өчөшүп сени сүйүүдөмүн, ооба, өчөшүү бул, өчөшүп түбөлүккө сүйө бермекчимин…

 

* * *

Кулаган кезде турууну, өрткө жакындаганда күйүүнү, азап тартып сүйүүнү, ажайып сүйүлүүнү үйрөндүм. Бары-жогун үйрөндүм, бирок сени унутууну үйрөнө албадым!

 

* * *

Бир роза гүлү болгум келет. Сабагымдан сынган кезде жалгыз сен үчүн сынып жана жалгыз сенин колдоруңда соолуш үчүн жалгызым…

 

* * *

Сүйүүдөн жол болбогон соң дос бойдон калалы дешти. Кызык, бирок, роза гүлүнө башка бир ат берсек башкача жыттанар болду бекен???

 

* * *

Мен акынмын. Сүйүү акыны. Андыктан калемимди алып сындырышса да, сени сүйгөндүгүмдү каным менен жазат элем.

 

* * *

Сага бир нерсе айтам, бирок капаланба: Кечээ доктурга бардым, бөйрөгүмдөн таш, жүрөгүмдөн сени табышты!!!

 

* * *

Жүрөгүмө үч гүл өстүрдүм: Сүйүү, сүйүлүү жана күтүү. Сен булардан экөөнү үзүп алдың. Мага бар болгону бирөө калды: Күтүү, күтүү, күтүү…

 

* * *

Көздөрүң талыса сени сагынганым деп бил, кулагыңа бир нерселер жаңырса сени эстегеним деп бил, түн уйкуң онго бөлүнсө, сүрөтүңдү боорума кысып өпкөнүм деп бил, көздөрүңдөн ачуу жаш тамса сенсиз өлгөнүм деп бил…

 

* * *

Терезеге ургулаган ар тамчыда жалгыз сен барсың. Эмне каалоодомун, билесиңби? Ар күнү жамгыр жаасын!

 

* * *

Колумда деңиз түбүнөн алынган бир акак бар. Деңизден өтө узак, кадимки сени менен мендей. Бирок, ортодо жалгыз айырма бар: Акак деңизге, сен мага таандыксың.

 

* * *

Сезимибиз шекерден, сүйүүбүз туздан, үйүбүз оттон… Бир күнү эмне болду билесиңби?… Жамгыр жаады…

 

* * *

Бир телефон шыңгырын күтүүдөмүн, «сүйгөнүм» деп башталган, «сени сүйөм» деп бүткөн. Бир телефон шыңгырын күтүүдөмүн, кечээ чалыныш керек болгон, бирок али бүгүн чалынбаган.

 

* * *

Кудайым, жанымды алсаң кеч күздө ал, себеби туруксуз адамым мага алып келгенге бир гүл да таба албасын…

 

* * *

Сүйүү күнөө болсо, ал күнөөнү өзүм кылайын, жалгыз күнөөм сүйүү болсо мени кечир, Кудайым!

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.