Акылбек Мамадалиев

1980-жылы 19-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында туулган. 2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин журналистика факультетин аяктаган

КР Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Т. Эргешов атындагы Республикалык адабий сыйлыгынын лауреаты.

“Кусалык”, “Махабат, “Аманат”, “Таазим” ыр жыйнактарынын автору.

Үй-бүлөлүү. Бир кыз, бир уулдун атасы. 2007-жылдан тартып Москва шаарында жашайт.

 

Ырлар

АТА-ЖУРТ

Мезгилсиз артып алып ала куржун,
Мен сенден ыраак кеттим Ата-Журтум.
Өзүмчө ойго батам кээ күндөрү,
Өмүрдө уу да жуттум, бал да жуттум.

Кейип эх, сенде өтпөгөн жаштыгыма,
Кермек жаш тоголонот жаздыгыма.
Өзөккө өрт тутанды Ата-Журтум,
Өкүнүч жазылгандай тагдырыма.

Сагындым Ата-Журтум тоо ташыңды,
Сагындым тоодо өскөн жоогазынды.
Өчсө экен дилимдеги кусалыгым,
Өтсө экен ушул күндөр коога сындуу.

Мезгилсиз артып алып ала куржун,
Мен сенден ыраак кеттим Ата-Журтум.
Өзүмчө ойго батам кээ күндөрү,
Өмүрдө уу да жуттум, бал да жуттум.

 

КАРА-ДАРЫЯ

Эсенсиңби, мен төрөлүп өскөн жер,
Эчен ирет карегимен көчкөн жер.
Көктөйүмөн ата энемен ажырап,
Көз жашымды көнөктөтүп төккөн жер.

Амансыңбы, арзуу даамын таткан жер,
Аймончоктой асыл жарды тапкан жер.
Көпөлөктөй көкөлөгөн сезимди,
Көкүрөккө тумар кылып таккан жер.

Кымбатсың го топурагы алтын жер,
Кышы жылуу, саратаны салкын жер.
Кылымдардан кылымдарды карыткан,
Кыргыздарга энчиленген жаркын жер.

Көңүлүмдө кайыкпаган ынак жер,
Өмүрүмө жарык чачкан чырак жер.
Тирүүлүктө, кездешели кайрадан,
Теңир мага узун өмүр чыдам бер!

 

ЖАРАТКАНГА КАЙРЫЛУУ

Кыйынчылык желкеден ныгырганда,
Кыйноо тартып жүрөгүм сыгылганда.
Кыянаттык жасашып көңдөй мээлер,
Кыялдарым тал өңдүү кыйылганда.
“Акылга акыл, сабырга сабыр кош!”- деп,
Адат тапкам Теңирге сыйынга!..

Кайран башым азапка малынганда,
Кайран жашым дайрадай агылганда.
Каалашынча кадырды тепселеген,
Кара мүртөз жандарга кабылганда.
“Туура жолго багытта жашоомду!”- деп,
Туура келет Кудайга жалынганга!..

Арамзанын айтканына алданганда,
Акыйкаттык жалганга айланганда.
Көр пенделер дилими оорутушуп,
Көөдөй ойлор көңүлгө байланганда.
“Кабагыма кар жаабай күлөйүн!”- деп,
Кайрыламын кайрадан Жаратканга!..

 

ЖАН ТЕҢИМ

Жалбырттайт уяң сезим алоолонуп,
Жакамда желбиреген жагоо болуп.
Көркөмүң көз талдырып татынакай,
Көксөймүн көкүрөккө каалоо толуп.

Күбүлүп жаркын ырлар барактарга,
Күткөнүм бакыт белем ар ак таңда.
Билинбей агып кирдиң жүрөгүмө,
Миң ирет ыраазымын Жаратканга.

Жан теңим Акберметим, көрөр көзүм,
Жасайлы махабаттын жөрөлгөсүн.
Өмүрдү ажарлантып жүрө бергин,
Өчүрбөй Акылбектин көрөңгөсүн!..

 

КӨЗ МОНЧОК

Өмүрүм шаң, телегейим теп-тегиз,
Көңүлүм шат, теребелим көк деңиз.
Кудум жашоом түштөгүдөй туюлуп,
Кубулжута сайрап турат көктө куш.

Кубанганда жан-дилими муңайтпай,
Кудуңдасам кирпиктен жаш кулатпай.
Асыл курбум ич күйдүлүк ордуна,
Акыреттик дос катары кучак жай.

Аянычтуу! Кубаттаган кош колдоп,
Арабызда Кудай кошкон достор жок.
Көз артпагын куру бекер бактыма,
Көкүрөккө тагып койгом көз мончок.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.