Кыргыз адабиятына ода

Kыргыз жазма адабияты жаралганына көп болсо бир кылымдан ашуун убакыт өтүптүр.

Эгер тагыраак айтсак, эң алгачкы адабий китеп атактуу Молдо Кылыч бабабыздын 1911-жылы Уфа шаарынан чыккан «Кысса-и-Зилзала» аттуу чыгармасы экен. Ошондон бери болгону бир кылым тогошуптур. Оозеки эмес, жазуу жүзүндө, китеп түрүндө пайда болгон адабиятка көп болсо узак жашаган бир адамдын өмүрүндөй өмүр өтөптүр. Ошондуктан ким болсо да жакшы ойлоп тааптыр дешибиз керек – 12-декабрды, башкача айтканда, Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келип, Алыкул Осмонов дүйнөдөн өткөн күндү төрт жылдан бери Кыргыз адабиятынын күнү деп белгилеп келатабыз.

Бул чынында да атайылап белгилей турган күн. Анткени биздин төл адабиятыбыз – кыргыз улутунун эч бир түгөнгүс руханий казынасы. Биздин оозеки адабиятыбыз, «Манас» баштаган учу-кыйыры жок улуу дастандарыбыз, төкмөлөр төгүп кеткен поэзия берметтери, ХХ жүз жылдыктагы китептер дүйнөсү – бул эч бир апыртмасы жок опол тоодой руханий мурас. Бул мурас укумдан-тукумга кала турган, кыргыз элинин тарыхын, башынан өткөн нечен доорлорун биздин тилибизде, эне тилибизде чагылдырып кеткен өлбөс-өчпөс байлык десек эч качан жаңылбайбыз.

Биздин адабиятыбыз тууралуу кенен сөз кылсак, оңой менен сөздүн аягына чыкпайбыз, ошондуктан эмне үчүн биз кыргыз көркөм сөз өнөрү менен жан-дилибизден сыймыктансак болот деген маселеге келели. Кептин ток этерин айтсак, ага эң кеминде беш себеп бар.

Эң биринчиси, биздин жазма адабиятыбыз – бул тырнактайдан жыйналып, кагаз бетине түшүрүлүп, тартипке келтирилген, эл-журт кандай колдонсо, кудум ошондой кылып сактап койгон жандуу сөз казынасы. Ырас, жазуучуларыбыздын баары эле Түгөлбай Сыдыкбеков же Төлөгөн Касымбековдой сөз зергерлери эмес, ар кандайы болгон, бирок баары чогулуп келип, кыргыз тилинин тирүү ыргагын, жандуу интонациясын, бай образдык каражаттарын, даамы менен ширесин төкпөй-чачпай кагазга түшүрүп коюшту. Ал эми кагазга түшүрүлүп, китеп болуп чыккан нерсени жок кылыш, кумга сиңирип же шамалга чачып жибериш эч бир мүмкүн эмес. Чыңгыз Айтматов айткандай, адам баласы өсүп-өөрчүп, акыл-эс, ой менен парасат жашап турганда, ошол ой менен санааны жүгүрткөн тил өлбөйт, сөз өлбөйт эмеспи.

Биз кыргыз адабияты менен мактана, сыймыктана турган экинчи себеп – биздин улуттук тарыхты, айрыкча оомалуу-төкмөлүү ХХ кылымды, андан мурунку тарыхый доорлорду дал ушул жазуучулар том-том кылып жазып коюшту. Маселен, келерки жылы 100 жылдыгын белгилей турган Үркүндү Мукай Элебаевдин «Узак жолу», болбосо Касымаалы Баялиновдун «Ажары», Аалы Токомбаевдин «Кандуу жылдар» романы жок кантип көз алдыга келтирет элек? Ал эми Кокон хандыгынын доорундагы кыргыз элинин улуу күрөшүн, ойлогон ою менен тарткан санаасын Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылычы» болбосо кантип элестетмекпиз? Ал эми ХХ жүз жылдыктагы кыргыз эли баскан татаал да, улуу да жолду Чыңгыз Айтматовдун гениалдуу чыгармаларысыз көзгө элестете алабызбы? Албетте, жок.

Кыргыз адабиятындагы сыймыктана турган үчүнчү олуттуу себеп – биздин жазуучуларыбыз менен акындарыбыздын чыгармалары, элдик оозеки адабият жалпы эле кыргыз маданиятынын локомотиви, жүк тарткан кербени, темалар менен идеялар берген түгөнгүс казынасы болду. Музыкабы, театрбы, кинобу, операбы, балетпи – айтор, бардык жанрлар менен формалар ошол адабияттан азык алды, адабияттан өнүп чыкты. Башкача айтканда, биздин адабият кеңирсип жаткан кең талаа болсо, биз жогоруда санап өткөн жанрлар жана көркөм формалар ошол талаадан өнүп чыккан жемиштер болду.

Кыргыз жазуучуларына биз ыраазы боло турган төртүнчү себеп мындайча: бир кезде илим деле, билим деле, караган-тиктеген телевизорубуз деле, массалык маалымат каражаттары деле, ал тургай үй ичинде отуруп сүйлөшкөн тилибиз деле орусча болуп, атабыз менен энебизди «папа», «мама» деп, маңкуртташып бараткан кезибизде ушул жазуучулар чаалыкпай отуруп, кыргыз тилинде роман жазып, ырлар менен поэмаларды китеп кылып чыгарып, дүйнө классикасынын каймактарын кыргыз тилине оодарып, мактай турган эмес, мактана турган улуу адабиятты түзүп коюшту. Мына эми кыргыз адабиятынын тарыхын жазуу үчүн,­ анын ар кыл проблемаларын изилдөө үчүн бүтүндөй коллективдер, университеттердин професорлору, ондогон тилчилер менен адабиятчылар иштеп жатат, Улуттук илимдер академиясында атайын илим-изилдөө институту бар.

Акырында баса белгилеп кете турган дагы бир нерсе – бул улуттук эстутум маселеси, улуттук нарк-насилди сактоо маселеси, кыргыз баласын кыргыз кылып тарбиялоо маселеси. Келечекте биздин руханий салттарыбызды улантып, мамлекетибизди сактап, анын керегесин бекемдей турган муундарды тарбиялаш үчүн бир гана түгөнгүс казына бар, ал – кыргыз адабияты. Тактап айтсак, «Манас» баштаган эпостор, Токтогул баштаган элдик акындардын мурасы, Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаев түптөп кеткен жазма адабият, элдик оозеки чыгармачылык. Кыргыз адабияты – азыркы ааламдашкан заманда эле эмес, качан да болсо кыргызмын деген ар бир адамга түгөнгүс гүлазык боло турган өчпөс да өлбөс руханий казына.

Биз кыргыз адабиятын мактап эмес, мактана турган негизги беш себеп мына ушулар.

Осмонакун Ибраимов, “Азаттык”, 14.12.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.