“Нооруз” майрамынын маңызы кандай?

“Нооруз” майрамы мусулман өлкөлөрүндө жаңы жыл майрамы катарында кеңири белгиленип келет. “Нооруз” деген сөз иран тилинен алынган, «навруз» («нав» – жаңы, «руз» – күн) “жаңы күн” деген маанини билдирет. Кыргызстанда бул майрам 21-март күнү белгиленет. Дал ушул күнү жылдар тогошот. Элибизге кеңири белгилүү болгон мүчөл сүрүү эсеби да дал ушул күнгө туш келет. Бул күнү аптап таразага жетип, күн менен түндүн сааттык өлчөмү бирдей болот. Аптап таразага жеткенден тартып жер бетинде жаңы күн, жаңы тирилик уланат, табият таттуу уйкусунан ойгонуп, өсүмдүктөр, бак-дарактар бүчүр байлай башташат.

Бул мезгил 22-марттан 21-апрелге чейинки аралыкты камтыйт. Илгери нооруз күнү кош өгүзгө соко кошуп, жер бетине алгачкы борозду салышчу. Бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ кишилер этектерине топураган үрөндүк буудайдан кочуштап чачышып, жаз майрамына, токчулук-молчулукка, ырыскыга байланыштуу ырларды ырдашкан. Ар бир үйбүлө сый тамак жасап, жаш-кары дебей баары чогулуп, улуттук оюндарды ойношкон.

Кыргызда эски жыл аяктап, эртең жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү салты «жыл ажыраш» деп аталган. Ал «эски жыл ажырады, жаңы жыл жалгады» деген мааниде айтылган. Бул маалда кыргыздар арча, чекенде, адырашман күйгүзүп үйбүлөнү, малды жана үйлөрдүн ичин аласташкан, ошондой эле жаңырган жылда мал-жандын, эл-журттун аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгиндин берекелүү болушун тилеп Кудайга жалынышкан.

Арпадан, буудайдан көжө жасап, сүмөлөк кайнатып, аны үйбүлө мүчөлөрү айыл-ападагылар менен чогуу ичишкен. Нооруз токчулуктун, берекенин, ырыскынын тилеги катары белгиленген. Майрам 6 күнгө созулган. Анын ичинен 5 күнүн жалпы эл майрамдаган. Бул күндөрү күн сайын ак шумкар учурушкан. Майрамды баштоо үчүн жаңы сүт ичишип, жаңы нан, жаңы сыр жешкен. Атайын жети даамдан турган 3 дасторкон жазышкан. Ар бир адам абалына, кызматына карабай, экинчи адамга, анын табитине жана каалоосуна жараша, белек берген. Эмнени кааласа, ошону алып бергенге милдеттүү болгон. Атайын даярдалган отундардан от жагылган. Андан кийин түнү бою ырдап, бийлешкен. Кыздар эртеси чогулуп, гүл терип, суу чачышып ойношкон. Келаткан жылдын түшүмдүү болор-болбосун идиштерге эгин өстүрүп аныкташкан. Майрамдык жөрөлгөлөрдүн атрибуту болуп от, суу, ак түс эсептелген. Ошондуктан, от жагылып, белекке күмүш тыйын, кант, кокос жаңгагы жана башка ак түстөгү буюмдар берилген, короолорго суу себилип, бири-бирине суу чачуу жөрөлгөсү колдонулган.

Перс тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдө көпчүлүк үй иштери, майрамдык тамак, боорсок, заңзаң ошол саат башталганга чейин бышырылып бүтүшү керек. Бул учурда балдар сыртта болуп, боёлгон жумурткаларды ойношуп, кыздар селкинчек тээп, ар түрдүү оюндарды ойношот. Үйлөрдү тазалоо да ушул убакта бүтүшү керек. Андан кийин аялдар жаңы кийимдерин кийишип, үйгө киришетда, үйдүн ичин алманын жана анардын жаш бутактары менен кооздошот.

«Нооруз» майрамына карата жасалуучу жөрөлгөлөр:

  1. Кызыл кийимчен аксакал абышка барабанда ойноп, канча күндөн кийин «Нооруз» келерин жар салуу.
  2. Боорукерлик, кайрымдуулук иштерин жасоо.
  3. Үйдү тазалоо.
  4. Жаңы буюм сатып алуу.
  5. Сүмөлөк жасоо.
  6. Эски жылдын акыркы шаршембиси күнү кечинде эшиктерди черткилешип, кант, момпосуй жана башка белектерди алышат. Ушинтип бир топко чейин белек таратылат.
  7. Көрүстөнгө барып, куран окуу.
  8. Жарашуу, араздашкан адамдар Ноорузга чейин жарашышат.
  9. Жаңы жылды тосуу.
  10. Бирин-бири куттуктоо.
  11. Балдарга майрамдык белек берүү.
  12. Суу чачышып босогону, короону шыпыруу.
  13. Жаңы кийимдерди кийүү.
  14. Майрамдык жолугушуулар, конокко баруу.
  15. Дин кызматкерлерине жолугуп, маектешүү.
  16. Ооруп жаткандарды зыярат кылып, ал абалын сурап, көңүлүн жубатуу. Айыккандарды куттуктоо.

Үйдү тазалап жыйноо, урушкан адамдардын жарашуусу, идиш-аяктарды жууп тазалоо, босогону, короону шыпыруу, суу чачуу, жумуртка боёо, түрдүү тамак жасоо жана башка жөрөлгөлөрдүн түпкү, алгачкы маанилери азырга чейин жоголо элек.

Нооруз түрк элдеринде «Султан Нооруз» деп аталат. Туркияда чыгыш жана түштүк чыгыш областарда майрамдалат. Жалпы жонунан 21-22-23 март майрам күн деп эсептелинет. Бирок, жайгашкан ордуна карата жылдырылышы мүмкүн. Нооруз майрамында даярдыктар бир ай мурун башталат. Нооруз күнү эл эртең менен күн чыкканга чейин турушуп, таза сууга жуунушуп, таза суудан ичишет. Ал эмес жаныбарларга да таза суудан беришет.

Боёлгон жумурткаларды бир жума мурда жибитилген арпа менен идишке салып коюшат. Күрүч, башка тамактар жана таттуулардын жети түрүнөн чоң дасторкон жасалат. Бөлмөлөргө гүл жыттуу суюктук чачышат. Үй бүлөөнүн баардыгы жаңы кийим кийишет. Майрамдык маанайда тамактанышат.

Кыргыздар байыркы убакта жыл майрамы Улустун улуу күнүн майрамдашкан. Бул күнү жети даамды кошуп, чоң көжө жасашкан. Кийин Иран маданиятынын келиши менен бул салт Ноорузга ооп калган. Кыргызстандын түштүгүндө 7 даамды кошуп сүмөлөк жасашат. Түнү боюу кайнатып, эртеси күнү жешет. Бул сүмөлөк жөнүндө көптөгөн аңыз кеп, уламыштар айтылып жүрөт. Алардын бири Эл арасында төмөнкүдөй формада айтылып келет; «Илгери-илгери заманда бир кембагал кемпир болгон экен. Анын көп небереси болуптур. Жокчулуктун айынан ал балдарга тамак таап бере албай аябай кыйналат. Неберелери курсактары ачкандан чырылдап ыйлашат. Неберелерине «Мен силерге сонун кылып сүмөлөк жасап берем» дейт. Мындайды укпаган балдар сүйүнүп карап калышат. Аларды аяган эне байкуш казан асып анан бош кампасына кирет. Кампада чычкан тешкен каптын түбүндө төгүлгөн бир ууч буудай табат, аны салат мурдараак жерге төгүлүп калып өнө баштаган буудай бар экен аны салат, тапкан нерселерин бүт салат да кайната баштайт. Балдар карап отура беришет. Кемпир байкуш кайната берет. Азайса суу куюп, улам кайнатат. Кеч кирет, балдар быштыбы деп сураса кемпирдин «азыры» түгөнбөйт. Түн ооп балдардын тең жарымы уйкуга ачка бойдон кирет. Калган балдарды уктатыш үчүн эми эртең даяр болот деп казанын демдеп коёт да, жатып алышат. Эртеси кемпир балдары суранганынан казанды ачса сүмөлөккө айлантып калган болот». Бирок бул уламыш бир нече вариантта айтылат. Барчылыктан улам өрүк, мейиз, бал кошуп кайнатып жүрүшөт. А негизгиси сүмөлөк уламыштагыдай тек гана өндүрүлгөн буудайдан жасалат. Эч нерсе кошулбай эле таттуу да даамдуу да болот. Ашыкча түйшүктү көтөрүүдөн качпасаңыз, биздин рецепт боюнча кайнатып көрүңүз.

Мелис Жумашев, “Шоокум”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.