Жаналиев: топоздун кардында он эки саат уктайм

Кыргызстанда жаш активист Үркүн-Улуттук боштондук кыймылынын жүз жылдыгына карата топоздун ичинде 12 саат уктап көрүүгө белсенүүдө. Ал бул идеяны жакында эле жарык көргөн “Аман калган адам” деген кинодон алган. Анткен менен кыргыздарда буга чейин эле малдын кардына уктап көрүү ар кандай жагымсыз кырдаалдарда колдонулуп келген дешет байкоочулар.

Би-Би-Си: Азамат, сиз баштап келаткан “Улуу кыргыз изи” долбоорунун Үркүндүн 100 жылдыгына арналган этабы кандай негизде өткөнү жатат?

Азамат Жаналиев: Туура айтасыз, “Улуу кыргыз изинин” эң чоң этаптарынын бири Үркүнгө арналып отурат. Ага ылайык, ата-бабаларыбыз басып өткөн жолду мен да басып көрөйүн деп жатам. Алгачкы маршрут катары Барскоон – Бедел ашуусун өтөм. Андан соң элдин жүз жыл мурда Алайдан да өткөнү айтылууда, ал такталса Алайдан да басып өтөм. Мен атаган “Үркүн 100” этабын ишке ашыруу үчүн көп эмгек жумшалышы керек. Андыктан мен жакында Кытайдагы кыргыздарга барганы жатам. Аларда да көптөгөн маалыматтар, кызыктар бар, билгим келет.

Би-Би-Си: “Үркүн 100” деп атаган долбооруңузда элдин Кытайга качкан жолун жалгыз басып өтөсүзбү же чоң бир команда куралып жатабы?

Топоздун курсагын жарып жатуу менен, Леонардо Ди Каприого чакырык таштайм. Анын 2016-жылкы “Көчмөндөр оюнуна” келүүсү күтүлүп жатат эмеспи. Өз кезегинде башкаларга Кыргызстанды таанытып, туризмге салым кошобуз”.
Азамат Жаналиев

Азамат Жаналиев: Бул он төрт күндүк жол болот. Барскоон – Бедел ашуусунда азыр түнкүсүн -40 градус суук, кар жаап турат. Жалгыз барууну пландап жаткам, бирок Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлиги мени колдоп, коопсуздук маселесин көзөмөлдөөчү бир унаа кошуп бергени жатат. Мен жөө жүрөм, жанымда оператор болот. Басып өткөн 14 күндүн ар бир күнүн кызыктуу сериал кино кылып жараталы деп турабыз. Андан сырткары ошол он төрт күндүн бир түнүндө топоздун курсагын жарып, ал жерде уктайын деп жатам.

Би-Би-Си: Бул жөн эле кызыктуу жаңылык болуш үчүнбү же топоздун ичине уктоонун өзгөчө мааниси барбы?

Азамат Жаналиев: 14 күндүн ичинде 14 башка тематиканы карманайын дегем. Түрдүү изилдөөлөрдү да жасап көрөм. Маселен, ата-бабаларыбыз колунда эч нерсе жок койду таш менен кесип, терисин музга жаап өткөн деген сөздөр айтылат. Ошол сыяктуу эле топоздун ичине оронуп жатып көрөм. Жөн эле жолду басып өтүү оңой иш, андыктан 14 күн он төрт башка эксперимент кылып көрөм.

Би-Би-Си: Курал-жарак албай, 14 күн амал таап жашайт турбайсызбы?

Азамат Жаналиев: Ооба, эч бир куралсыз кетем. Кандай учурга туш болбоюн жашап кетишим керек. Айтса кетчү нерсе, жакында эле жарык көргөн “Аман калган адам” тасмасында Леонардо Ди Каприо жылкынын ичинде жатат. Топоздун курсагын жарып жатуу менен, Леого чакырык таштайм. Анын 2016-жылкы “Көчмөндөр оюнуна” келүүсү күтүлүп жатат эмеспи. Өз кезегинде башкаларга Кыргызстанды таанытып, туризмге салым кошобуз.

Би-Би-Си: Топоздун ичинде уктоо абдан кызык болуп жатат. Курсактын температурасы кандай болот, ден-соолукка зыян-пайдасын изилдеп чыктыңызбы?

Азамат Жаналиев: Суук болот, албетте, ага деген атайын жасалган кийимдер керек болот. Бирок кандай суук болсо да, күн баткандан таң атканча жатып көрүүгө чыдаймын.

«ВВС»нин Кыргыз кызматы, 14.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.