Өз тилибизди билбей, өзгө тилде сүйлөп калбайлы…

Бизге эң көп келген эмгек мигранттары, инвесторлор бул кытайлар. Ошондуктан, эмгек квота менен келгендерге экзамен киргизиш керек деген маселени көтөрдүм. Орустар бизге келсе расмий тилде сүйлөшө берет, бирок, кытай жарандары биздин алфавитти дагы билбейт. Алар эң жөнөкөй деңгээлде кыргызча сүйлөшө алганды билиш керек. Бул маселе азыр өтпөшү мүмкүн, бирок, бул көтөрүлүүгө тийиш. Антпесек, он жылдан кийин элдин саны көбөйүп кетсе, биз алардын тилин үйрөнүп калабыз. Мамлекеттик кызматкерлердин дагы бир кадрлар жетишпейт деген шылтоосу бар. Бүгүнкү күндө кайсы гана тармакты албайлы, мамлекеттик тилде жакшы сүйлөгөн кадрлар жетиштүү. Буга саясий эрк керек, – дейт эл өкүлү Кенжебек Бокоев.

“Улут уюткусу” уктуруусунда өзүбүз билбеген тилди өзгөлөр үйрөнөбү? Кыргызстанда кыргыз тилине канчалык деңгээлде зарылчылык бар? ушул жана машка мамлекеттик тилге байланышкан маселелерди талкууладык. Талкууга Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев, КРнын Президентине караштуу Малекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аида Ишеналиева, “Ак-Санат-Лингво” маданий агартуу борборунун жетекчиси Ленара Ниязбекова катышты.

 

Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдар дээрлик аткарылган жок

Кенжебек Бокоев: – Тил маселеси чечилмейинче дайыма парламентте эле эмес, бардык бийлик бутактарында көтөрүлүп турушу керек. Мени өкүндүргөн нерсе – ушул күнгө чейин биздин өкмөттө премьер-министр тарабынан ушул маселе коюлуп, мыйзам кандай деңгээлде аткарылып атат, эмне үчүн былтыркы жылы тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн акча толук сарпталбай калган? Бизде атайын кабыл алынган малекеттик тил жөнүндө КРнын мыйзамы бар. Ушул мыйзамдын аткарылышын биринчи комитетте, андан кийин парламентте кароону мен сунуштадым. Анткени парламенттин эки негизги функциясы бар: биринчиси – жаңы мыйзамдарды кабыл алуу, экинчиси – кабыл алган мыйзамдардын аткарылышы. Бүгүнкү күндө, мен ойлойм, биздин мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдар дээрлик аткарылган жок.

Тил жөнүндөгү мыйзамдарда Президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, Жогорку Соттун төрагасы ж.б кызмат адамдары кыргыз тилин билиш керек деп так жазылган. Бирок, президент мыйзамдуу түрдө билиш керек болсо, анын адимистрациясы милдеттүү түрдө билбеш керекпи? Кечээ жакында Бишкектин мэри шайланды, ал мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырды. Мэрияда иштеген калган кызматкерлерчи?.. Бул мыйзамды дагы андан ары өнүктүрүү, күчөтүүгө мүмкүнчүлүк болсо, депутаттар, өкмөт карап чыгышыбыз керек.
Биз учурда унитардык мамлекетпиз, федеративдүү деген мамлекет деген Орусияда, Америкада орусчаны, англисчени түшүнө албаган, сүйлөй албаган адамдар министр боло албайт. Ал эми биздин өлкөдө малекеттик тилде сүйлөмөк турсун, түшүнбөгөн адамдар бүгүнкү күндө дагы, буга чейин дагы премьер- министр болуп келишкен. Демек, бул мыйзамдын аткарылбагандыгы. Ушул эле мыйзамдын 7-беренесинде «КРда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргадарында, башка уюм же мекемелердин иши мамлекеттик тилде, ал эми зарыл учурларда расмий тилде жүргүзүлүш керек» деп так жазылып турат. Өтө өкүндүрчү жөнөкөй эле мисал, эгер айылдан бир жаран келсе, ооруканага барабы, же соода түйүнүнө барып кайрылса, ал жерден орусча сүйлөгөн кызматкер жооп берет. Ошондо ким уялат? Орусча жооп берген чиновник, врач уялбайт, тескерисинче, айылдан келген биздин бир карыя уялат. Мына ушул бүгүнкү күндө 25 жылдан бери биздин менталитетке айланып бараткан нерсе. Биз эң жөнөкөй эне тилибизди кыргыздар сүйлөп, “киргиздер” дагы деле үйрөнө албай жүрөт. Ошондуктан биз башка улуттарга дагы эч нерсе деп айта албай атабыз.

Аткарылбаган мыйзамдар үчүн Премьер-министр жооп берет

Мамлекеттик жөнүндө мыйзамдын 32-беренесинде “КРнын мамлекеттик тилди сактоо, коргоо жана иштетүүнү КРнын Президенти, Жогорку Кеңеши, Өкмөтү, жергиликтүү башкаруу органдарынын администрация башчылары жүргүзүш керек” деп так жазылган. Негизи эле каржы жагын ж.б нерселерди чече турган аткаруу бийлиги – бул кыргыз өкмөтү.

Тиешелүү жетекчилер мыйзамдарды так сактоого ант берет. Ошондуктан, мыйзамдын аткарылышына дагы премьер-министр өзүнүн өкмөтү менен эмне себептен иш жүрбөй жаткандыгын ЖКда жооп бериш керек. Азыркы учурда мамлекеттик тилдин деңгээли ыйлап өкүрө тургандай эле абалда турат.

Бүгүнкү күндө президенттин администрациясынын кызматкерлери 100 пайыз билет деп ким айта алат. Жогоруда мен айткан 32-беренеде сап башында КРнын Президенти турат. Демек, президент өзүнүн администрациясы менен жана Улуттук комиссия бийлик органдары менен көзөмөл кылып, иштетиш керек. Анткени бул улуттук маселе. Эмне үчүн тил комиссиясын өкмөттөн жогору коюп койгон. Себеби, өкмөттөн жогору турган органдар бар. Мисалы, БШК, Акыйкатчы, Башкы прокуратура, УКМК ж.б органдар. Ошон үчүн Президенттин астындагы тил комиссисына укук берилген. Тил комиссиясынын дагы жумушу көрүнүп турат. Бирок биз эртең парламенттен алардан дагы мыйзамдын эмнеге аткарылбай жаткандыгын сурайбыз. Эмне үчүн 25 жыл өтсө дагы бүгүнкү күнгө чейин бул маселе чечилбей келет. Ушул бойдон тура берсек бул маселе дагы бир топко чейин чечилбейт.

Биздин ар бир мамлекеттик кызматкердин кыргыз тилинде сүйлөп калышына жоопкерчилик ала албайм, ага мүмкүнчүлүгүм жок. Мен бул маселени атайын парлентте карап, атайын күн тартибине киргизгенге аракет кылам. Мен ушул маселени чечүүнүн эки жолун көрөм. Биринчиси, биздин мамлекеттик бийлик органдары. Экинчиден, мамлекеттен айлык алып иштеп жаткан ар бир мамлекеттик кызматкер жөнөкөй жаранга кыргыз тилинде кызмат көрсөтүп, жооп бере албаса, анда ал кызматка келбеш керек. Ошондой талап болсо, ар бир кызматкерлерге окутуп үйрөтүүнүн кереги жок, алар өзүлөрү кууп жүрүп үйрөнүшөт. Зарылчылык пайда кылышыбыз керек. Биздин Кыргызстанда 50 жылдан бери жашаган биздин жарандар, ушул жерде туулуп, өсүп, ушуга чейин жашап, кыргыз тилинин жөнөкөй сүйлөшүү деңгээлин билбей келишет. Бул башкаларды таң калтыра турган, өтө кейиштүү нерсе. Башка тилди сыйлайлы, бирок, өзүбүз биринчиден мамлекеттик тилибизди билип, сыйлашыбыз керек. Буга эң негизгиси саясий эрк болушу зарыл. Ошондой эле парламентте мигранттар маселесин көтөрдүм. Себеби, Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 996 Кытай жаранына биздин малекетте жашоо укугу мыйзамсыз берилген. Демек, ал жерде чоң коррупция орун алган. Бизге эң көп келген эмгек мигранттары, инвесторлор бул кытайлар. Ошондуктан, эмгек квота менен келгендерге экзамен киргизиш керек деген маселени көтөрдүм. Орустар бизге келсе расмий тилде сүйлөшө берет, бирок, кытай жарандары биздин алфавитти дагы билбейт. Эң жөнөкөй деңгээлде кыргызча сүйлөшө алганды билиш керек. Бул маселени азыр өтпөшү мүмкүн, бирок, бул көтөрүлүүгө тийиш. Антпесек, он жылдан кийин элдин саны көбөйүп кетсе, биз алардын тилин үйрөнүп калабыз. Себеби, биз башка тилди тез үйрөнүү жөндөмүбүз бар. Мамлекеттик кызматкерлердин дагы бир кадрлар жетишпейт деген шылтоосу бар. Бүгүнкү күндө кайсы гана тармакты албайлы, мамлекеттик тилде жакшы сүйлөгөн кадрлар жетиштүү. Буга саясий эрк керек. Ал эми чарбалык деңгээлде сүйлөй албай жаткандыгыбыздын себеби, өзүбүздүн жарандардын ички ар намысы көтөрүлбөй жатат. Кыргыз тилин билбесең мамлекеттик кызматка отура албайсың деген талапты койсок эле бул маселе өзүнөн өзү чечилет.

 

Мыйзамды аткарбагандарга чара көрүүгө тил комиссиясынын колу кыска

Аида Ишеналиева: – Бул дайыма айтылчу, коомчулук тараптан сынга алынчу көйгөйлөрдүн бири. Буга дайыма суроо-талап болуп, депутаттар тараптан көтөрүлүп туруш керек. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 1998-жылда ишке киришкен. Андан бери мамлекеттик тил боюнча бир топ эле иштерди аткарып келебиз. Балким ал кээ бир адамдарга билинбестир. Бирок биздин кылып жаткан аракеттерибиз күч. Анын ичинде мамлекттик иш кагаздарды жүргүзүү боюнча иштерди аткарып келүүдөбүз. Биздеги 14 кызматкердин ичинен экөө жетекчи, 12 кызматкердин аймактардагы мекемелерге дагы бөлүнгөн. Биз дайыма көзөмөлдөп, маалыматтарды алып, кандайдыр бир маселе болсо чечкенге аракет кылабыз. Ар бир иш кагаз мамлекеттик тилде жүргүзүлүш керек деп мыйзамда жазылган. Мекемеге кайсы тилде кат келсе, кайра ошол тилде жооп берилиш керек. Ага карабай айрым кызматкерлер расмий тилде жооп берген учурлар бар. Бул жерде айрым ченемдик укуктук актылардын бири-бирине дал келбегендиги маселе жаратып атат. Андан сырткары биз сөздүктөр, иш кагаздарын жүргүзүү боюнча бир топ китептер менен дагы камсыз кылып келебиз. 2-3 жылдан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге акысыз окууларды жүргүзүп жатабыз. Кээ бир муниципалдык кызматкерлер тил комиссиясынын алдындагы окуу-маалымат борбору менен келишимдин негизинде төлөп окугандар бар. Мындан тышкары эл аралык уюмдар менен биргелешип долбоорлорду түзүп, ошонун негизинде китептерди чыгарып, окутуп атабыз. Дагы бир жакшы нерсе 2015-жылы мамлекттик кызмат жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Анда ар бир кызматкер өзүнүн адистигине жараша тиешелүү деңгээлде мамлекеттик тилди билиш керек. Бул мурда мыйзамда бар болчу, аны алып салышкан. Демек, ар бир мамлекеттик иште иштеген кызматкер өзүнө тиешелүү кызматына жараша мамлекеттик тилди билиш керек. Аттестациядан өткөндө дагы бул маселе катуу каралат.

Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзбөгөн мекемелерге биз чара көрө алабыз. КРнын өкмөтү тарабынан №958 токтом чыккан. Ага ылайык ар бир мекеме, уюмда мамлекеттик тил саясатын жүргүзгөн жооптуу адам болушу керек. Буга акча каражаты каралбай калгандыктан, жоюлуп, же кыскарып кеткен. Ошол себептен мамлекеттик тилдин артка тартылгандыгынын себеби дагы ушундан. Бирок, ошол эле ИИМде мамлекеттик тил боюнча атайын башкармалык бар. Облустарда дагы каралган.

Эгерде бизге жарандардан кандайдыр бир маселе түшсө дароо эле ошол мекемеге кайрылабыз же барып текшеребиз.

Бирок биздин кандайдыр бир жетекчини жумуштан алып салганга, же чара көрүү боюнча укугубуз каралбагандыктан, мындай маселелер чечилбей келет. Балким алтынчы чакырыштын депутаттары мамлекеттик тил боюнча жаңы долбоорлорду киргизип, мыйзамга толуктоолорду киргизип, биздин укугубузду кеңейтип беришсе, муну келечекте ишке ашырууга болот. Бирок буга чейин жазуу жүзүндө кайрылып жүрөбүз.

Жогоруда айтылган Улуттук программа алты жылга белгиленген. Анын негизинде атайын индикаторлор иштелип чыккан. Мисалга, тейлөө кызматтарында 3 тилде мыкты сүйлөгөн адис отурушу керек. Биз ушуну колго алып жатабыз. 2018-жылдан баштап, ар бир мамлекеттик жана жеке жактардын кызматкерлери кыргыз тест системасынын негизинде тил билүү деңгээлин аныктап, атайын тастыктамага ээ болуп анан ишке киришип баштайт. Ал эми чет жактан келген жарандар кыргыз тесттин негизинде А1 А2 деңгээлинде билиши керек. Бул эң жөнөкөй деңгээли. Азыркы учурда бардык каалоочу мамлекеттик кызматкерлер сынамык түрдө кыргыз тесттен өтүп жатышат. Мамлекеттик тилде сүйлөбөй жатат деген маселе Чүй облусунда жана Бишкек шаарында гана бар. Аймактарда болсо, башка улуттагы мамлекеттик кызматкерлерге тил үйрөтүүгө Улуттук программанын негизинде акча бөлүнгөн, окутуп атабыз. Ошол эле учурда бардык кызматкерлер кыргыз тест системасынын негизинде гана окутууга болот.

 

Өзүбүз сыйлабаган тилди башкаларга үйрөнгүлө деп айтууга биздин моралдык укугубуз жок

Ленара Ниязбекова: – 25 жылдан бери тил маселесине чекит коюлбай келет. Менимче мунун орчундуу себеби бар деп ойлойм. Бул биринчиден, жогоруда эл өкүлдөрү айтып аткандай, биздин мыйзамдардын так, таамай иштебегендиги, ал мыйзамдарды биздин жарандарыбыздын сыйлабагандыгы. Анткени, ошол эле бийлик жетекчилери дагы биздин жарандарга кирет. Экинчиси, мамлекеттик тил комиссиясыны өзүнүн укуктарын так аткара албай жаткандыгы, алардын колунун кыска болуп аткандыгы. Үчүнчүдөн, мамлекеттик тил менен кыргыз тилинин ортосундагы кандайдыр бир чекти мамлекеттик кызматта иштеген, мамлекеттик тил боюнча адистердин өзүлөрүнүн билбегендиги өкүттүү нерсе. Себеби, маянанын аздыгынан ошол адистикке кокустан келип калган кызматкерлер бар десек жаңылышпайбыз. Албетте, арасында мыктылары бар, бирок, малекеттик тил боюнча кызматкерлердин жарандык дагы, кызматтык дагы абалы өкүнүчтүү. Алар эненин өгөй балдарындай. Алар чын чынына келгенде административдик түзүмдүн мамлекеттик тил саясаты боюнча оң колу болуш керек. Ушундай өкүттүү көрүнүштөрдөн улам, биз кантип мамлекеттик тилди турмушка ашыра алабыз деген нерсе эрксизден оюңа келет. Төртүнчү бир тоскоолдук – бул оокатка байланган кайдыгерлик. Советтерден калган кулдук психологиядан чыга албай жатабыз десем аша чапкандык болбойт. Анткени ар бир мамлекет өзүнүн тилин көзүнүн карегиндей сактамайын өз алдынчамын деп айта албайт. Чындыгында тил биздин өкмөт менен карапайым элибизди байланыштырып турган чоң курал. Тилекке каршы кыргыз тилибиздин жолго түшпөй жаткандыгынан улам, ар кандай пикир келишпестиктер , чечилбеген көйгөйлөрдүн алкагында калып атабыз. Анан айрым бир мыйзамдар чындап эле бири-бирине абдан карама-каршы. Мыйзамдардын өзүнүн системасында кандайдыр бир ыргак байкалбайт. Катардагы эл жогорку дистанциядагыларды карап түздөнөт. Эгерде Президентибиз баш болуп, Өкмөтүбүз төш болуп, депутаттарыбыз каш болуп, өзүлөрүнүн жоопкерчилигин сезип, мамлекеттик тилдин күндөлүк тиричиликтеги түрү менен эмес, классикалык түрү менен сүйлөп турса, карапайым эл дагы ыйбаа кылып, башка улуттун өкүлдөрү дагы бизди сыйлайт. Тил жөнүндө кеп кылып атканда, улуттук идеологияны калыптантмайын, президенттин астында атайын бир бөлүмдү түзмөйүн, ар бир жаранга жеткиликтүү кылып аны иштеп чыкмайын биз мамлекеттик тилибиздин келечеги кең деп айта албайбыз. Канча китеп чыгарбайлы, канча окутпайлы, өйдөдөгүлөр элге өрнөк көрсөтмөйүн тил маселеси чечилбейт.

Өзүбүз үйрөнө албай, сыйлабай жаткан тилди башка улуттун өкүлдөрүнө үйрөнгүлө деп айтууга биздин моралдык укугубуз жок. Буга чейин акча каржатын шылтоолоп келгенбиз. Бүгүнкү күндө акча каражаты бөлүндү, айрым мыйзамдар жолго коюлду, бирок, кайра эле мыйзамдар аткарылган жок да. Ага кыргыздын ар бир жараны жана бийликте турган кыргыздын жакшылары күнөөлүү. Анткени алар мамлекеттик тилди шайлоо болгондо гана колдонуп калышат. Ошондуктан, мыйзам, жоопкерчилик, уят-сыйыт, кадыр-барк, өзүбүздү өз алдынча мамлекет катары сезип, ошол нерсеге барыбыз умтулмайынча кыргыз тилинин тагдыры бүгүн, эртең чечилип кетет деп айтуу абдан оор болуп атат. Чындыкка биз тике карашыбыз керек. Жогоруда айтылган тейлөө кызматтарында иштегендер үч тилди билиш керек деген нерсе биздин тилге болгон дагы бир барьер болуп саналат. Бизде ансыз деле расмий тил деген шылтоо бар. Мамлекеттик тилге болгон муктаждык биздин өлкөдө жок. Айтуу, жарнамалоо менен бул ишке ашпайт. Мунун чечкиндүү практикалык жагын турмушка ашырышыбыз керек. Бишкек шаарындагы көрнөк жарнактарга карап эле биздин мамлекеттик тилдин абалын аныктап койсок болот. Албетте 25 жылдын ичинде көп нерселер аткарылды. Бирок, биздин эң чоң катачылыгыбыз дагы деле чечкиндүү кадамдарга бара албай, онтоп, кылчактап, ар кимди карап атабыз.

Каныкей Бозгунова, «Марал ФМ», 14.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.