Чынчылдыгы менен терең

1970-жылдын жай айларынын биринде, Советтер Союзунун гүлдөп турган чагында, Франциянын чыгаан сүрөткери, коомдук ишмер Пабло Пикассонун сүрөт көргөзмөсү борборубуздагы искусство музейинде ачылып, кыргызстандыктардын көңүлүн өзгөчө бурган. Көрүүчүлөр сүрөткердин сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө бурулуш жасаган жаңычылдыгына, тапкычтыгына суктанган. Көргөзмөнүн маанайын дүйнө тынчтыгын коргоп, жер шарын айлана учуп келип, кыргыз деңизинин жээгинен конуш алгандай, табийгый турпаттагы Ак көгүчкөн огобетер жаркыткан.

2011-жылы жазуучу Айдарбек Сарманбетовдун “Мекенсиз” аттуу аңгемелер жана эсселер жыйнагы колума тийип калды. Буга чейин да автордун чыгармачылыгынан кабардар элем. Республикалык жана эл аралык сынактарга катышып, алдыңкы орундарды ээлегенин укчумун. “Мекенсиз” жыйнагын окуган соң Айдарбектин тымызын толкуп-ташып, тымызын изденип, чоң максатта жашаган жазуучу экенин тааныдым. Чыгармачылыктагы эрки, изденүүсү ак кар, көк музга оронуп, шыргалаң бороону сыбызгыган ашууну, урпактарын сакташ үчүн, баш тартпай ашкан бабаларыбызды элестетти.

Жазуучунун баамчыл, сыпаа мүнөзү, сөздү кунуна чыгара, чаташтырбай ордун таап койгон чеберчилиги чыгармаларынан айкын байкалат. Ушундай эле жан дүйнө элегинен өткөрүп, тандап алган темасын алашемсиз бышырган кыраакылыгы, калеминин ийкемдүүлүгү роман жанрын жаратуга даяр экенин тастыктайт. Сөздү бышыктоо үчүн “Чыңгыс хан. Жазылбай калган каргыш”, “Кара шаршемби”, “Жазмыш,” “Мекенсиз” темаларында жазылган чыгармаларын атасак жетиштүү. Бул чыгармаларды өзгөчө жаштар окуса, каармандардын оң-терс образдары аркылуу коомдогу ордун билип, турмуштук чоң мектептен өткөндөй тажрыйба топтошоор эле. Анткени, жаш адам буга чейин чөйрөсүндөгү кубулуштарды этибарга албаган болсо, чыгармадагы замандаштарынын оош-кыйыш көз карашын талдоо менен өзүн сынга алат. Ар кандай татаал кырдаалдарда артка кетенчиктебей, кайраттулук жана чечкиндүлүк менен алдыга кадам шилтейт. Таза жашоого кумарданат. Окурманды бооруна тарткан мындай бийиктик жазуучунун жеңиши. Баса, белгилей кетчү нерсе Айдарбек дээрлик баардык чыгармаларында кашкайган чындыкты жымсалдабай бутага алат. Ушул батылдыгы менен эл байлыгына айланган көркөм адабияттын тамыры терең, өрүшү кенен экенин айтат.

Жазуучу чыгармаларында ачкөздүк менен жеңилдиктин кесепети адамды жакшылыктан алакчылаарын да ынанымдуу чечмелейт. Маңдайындагы балбылдаган бакытты тааныбай, чачылган киши жаздым басып, жарга такалганда ага бабасынын жыты сиңген Ата-Журту гана жөлөк болоорун, ак=каранын алкагында жеткиликтүү сүрөттөйт. Кайталай айтканда окурман чыгарманын өзөгүнөн түбөлүктүүлүктү өз мекенинин тузу белек этээрин айгине түшүнөт. Ушуну менен бирге эмгекти баалап, эмгектенүүгө шыктанат. Бул багытта автор адам, жаратылыш, эмгек үчөө алакалаш экенин дааналайт. Жаратылыштын ноюбаган берешендигин, адамдардын жашаган коомуна болгон оң-терс көз караштарын, ачуу-таттуу чындыктарын алаканга салат. Курч чечмелейт. Окурманды ойлонтот. Кайгыртат. Сүйүнтөт. Тазаланууга мажбурлайт.

Бул чакан пикирде жыйнакты окуганымды айкындаш үчүн ар бир чыгармадагы оң-терс каармандардын атын атап, сюжет кубалоону туура көрбөдүм. Себеби, окурман автордун чыгармаларын экинчи бирөөнүн баяндамасы боюнча чөп башылабай, кайсы чыгармасы болбосун таап, боюна сиңире окуса деген ниеттебиз. Бул жагдай окурманды изденүүгө шыктандырып, эмгектин зоболосун бийиктетет. Эмгектин даамын сезген адам Ата-Журтун аздектейт. Калкын сүйөт. Калкы менен бирге мөмөлөйт.

Ооба, Айдарбектин чыгармаларынын жугумдуулугу – алардын өзөгүн нагыз турмуштан жасалмасыз алынгандыгында. Ошондой эле адамдын абийири коомдук мүчүлүштөрдүн курмандыгы сымал тебеленбей, чыйралышын, курчушун биринчи планга койгондугунда. Жыйынтыктай айтканда, мээнеттен жаралган эмгектин уютмасы алтын сымал. Алтынга чаң да, көө да жукпагандай эле Айдарбектин чыгармалары да тамырын кенен жайып, Пикассонун Ак көгүчкөнүндөй адамдарга сүйүү чачаары бышык. Анткени, көркөм адабияттын аброюна көлөкө түшүрбөй, көрөңгөсүнө көрөңгө кошкон чынчылдыгы, жаңычылдыгы менен баалуу да терең.

Токтош АБДИЕВА, 08.07.12.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.