Базарбү Медетова, акын: «Ушул күз жан дүйнөмдү жаркытты…»

Өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягында кыргыз кыздар поэзиясына түркүн түстүү шурудай болгон ажайып бир таланттуу кыздар толкуну келишкен. Фатима Абдалова, Бурулкан Сарыгулова, Бурулкан Карагулова жана башкалар. Мына ошол кыздардын катарында табигаттын өзүндөй жөнөкөй, баёо, бирок ошол жөнөкөйлүгү менен күчтүү саптарды жазган Базарбү Медетова эжебиз да бар эле. Аялзаты канчалык таланттуу болбосун, үй-бүлө, турмуш-тиричилик деп кээде эў сонун талантын да садага чапканга кайыл белем. Базарбү эже учурда куттуу коломтонун ээси, сүйгөн жар, мыкты эне.

– Базарбү эже, жаңылбасам 70-80-жылдары кыргыз кыздар поэзиясына жарк эткен бир толкун келген. Ал толкундун ичинде сиз да барсыз. Учурда кайдасыз, кандайсыз?

– Мен учурда Токтогулдамын. Турмуш-тиричилик, бала-чака дегендей баары жакшы. Бир гана поэзия дарыясында жакшы сүзө албай жатам. Бул эми ортодогу узак тыныгуудан болсо керек. Мен финансистмин. Университеттин журналистикасында окуп, турмуш шартка байланыштуу бүтпөй калгам. Төрт уул, бир кыз, төрт неберем бар. Жолдошум Мурат бизнес менен алектенет. Өзүм дүкөндө соода кылам.

– Жаш чагыңызды, андагы акын кыз-келин курбуларыңызды эстейсизби? Кандай пейилдери, мүнөздөрү, ырлары эсиңизде?

– Ооба, топураган кыз-келиндер жарышып ыр жазчу элек. Бурулкан Карагулова, Бурулкан Сарыгулова, Фатима Абдалова, Бактыгүл Чотурова, Гүлжамийла Шакировалар эң сонун акындар, эң сонун адамдар болчу. Ал күндөрдү сагынуу менен эстеймин.

– Ошол убакта поэзиядан алыстайм деп ойлодуңуз беле?Канча китебиңиз чыкты?

– Поэзиядан алыстайм деп ойлогон эмесмин. Мени поэзиядан алаксыткан катар келген төрт себеп болду. Биринчиси, декретке чыгып ашказанымдан катуу оорудум. Экинчиси, Токтогулда катуу жер титиреп тамыбыз талкаланып, талаада калдык десем да болот. Үчүнчүсү, өзүбүздүн совет өкмөтүбүз талкаланып баарыбыздын башыбыз катып нан табуу айласын таппай калдык. Төртүнчүсү, жолдошумдун кызганчаактыгы, чыгармачылыкты түшүнбөстүгү болду. Эми болсо ага моюн бербей калгам (тамаша).

– Эми да болсо улантуу ниетиңиз барбы? Ыр такыр жазбай калбасаңыз керек?

– Менин мурун «Не жөнүндө ырлары жалбырактын?» аттуу китепчем чыккан. Азыр дагы бир жыйнак чыгарайын деп аракет кылып жатам. Ыр жазууну улантуудамын.

– Ошол сиз жогоруда айткан акын курбуларыңыздын көпчүлүгү азыр элге-журтка белгилүү калемгерлерден болушту. Алар менен байланышыңыз барбы?

– Ооба, алардын айрымдары менен байланышып турам. Кайда болушса да аман болушсун.

– Эже, ыр жазчу сонун курактар артта калды деп кээде кайгырбайсызбы? Ушул күз сизге кандай сезимдерди тартуулады?

– Эгерде мага жашоо кайра берилсе кайра эле дал ушундай жашамакмын. Себеби, бул турмуш мени көп нерсеге окутту. Ооба, ыр жазчу жалын курактар артта калды… Ушул күз мага жакшы адамдардын көп экендигин айгинелеп, жан дүйнөмдү жаркытты.

– Азыркы жаштар поэзиясына да көз саласызбы?

– Ооба, жаштар поэзиясына да көз салып турам. Өзгөчө Москвада иштеп, окуп жүргөн кыздар Нарсулуу Гургубаева, Нуриза Өмүрбаева, Музфира Мамытовна деген кыздардын ырларын окуп отуруп аябай кубанам да келечекте ушул кыздар кыргыз поэзиясын бир тепкичке көтөрөт деп ишенем.

ЭНЕ БАКТЫСЫ

Айтаар жомок, ырымдын сапталышы,
Менден түшкөн изимдин башталышы.
“Эне” болуу бактысы көктөн түшүп,
“Туубайт” – деген сөздөрдүн ач калышы.

Кабыргасы саналып чийдей эле,
Көйнөк түгүл башкасын кийбей эле
Курсактан да башка бир жашоо барын,
Келип калды баркырап билбей эле…

Балам, жаным… Жүрөгүм ырда, айтта,
Көңүл тойду, эбактан жүргөн ачка…
Бүт тамырым эзилип балкылдаймын,
Каймак төгүп койгондой жалаякка.

Ыйлаганың ыр – күүдөй болгонунан,
Мен садага быйтыйган колдоруңан.
Сенден чыккан нур мени жаркыратты,
Базарбүнүн баласы болгонуңан…

Назгүл Осмонова, «Де-факто», 18.11.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.