Дүйшеке Дөкөнбаев. «Кумайык»

(повесть)

Алыскы сырт өрөөнүндө жайгашкан бул жайытты Туюк-Төр деп аташат. Анча деле чоң эмес, туш тарабын аркайган аска-зоолор курчап узуну ат чабым, ортосу түзөң тартып жайык, майда мал жайылып, тойсо жуушап жатканга ылайык, андан да ээлерине ит-куштан саксактап кез – кези көз салып турганга оңтойлуу. Башында ушуларды эске алып курушканбы ар кырдын түшө калышында бирден таш короо, алардын маңдайында ушу тегеректеги эле карагай-талдардан сомдом салынган бир ооз үй, башка көзгө урунар курулуш деле жок.

Өрөөн корум ташка жабыша өскөн арча, карагай, талдарга басылган, жон кырлар төөкуйрукка жыш, кирип кетишсе козу-улак көрүнбөй бир четинен уурданып малга кол салган жырткычтарга оңдой берди болуп опурталдуу.

«Кароосуз мал карышкыр менен ууруга жем» – деп бекеринен айтышпайт да, кандай болгон күндө да аларды ээн калтыруу коркунучтуу.

Анткен менен жыбыт-жылгалардан майда суулар агып түшүп, тулаңы белден бурап жакадан арып-ачып келген мал тез эле эт алып оңолуп кетишет. Кыштын узак айларында тоңгон карга басылып жатса да жылт этип күн жылыры менен дүркүрөп көтөрүлүп, алардын тез жетилиши да, отунун күчтүүлүгү да кыязы жер кыртышынын семиздигинен улам болсо керек. Антпесе кайдан. Же, соконун мизи тийип айдалып коңторулбаса, же өскөн чөбүн тыкырайтып жыл сайын оруп салбаса, андан да ошончо жайылган малдын бок-сийдиги не деген табылгыс семирткич болуп текши чачылып жерге сиңип, жанагы агрономдор саймедиреген агро-техникалык шарт-талаптар толугу менен аткарылып, өздөрү эле ишке ашып жатса… өрөөндүн кыртышы сөзсүз зор кубатка ээ болот да!

Булак, майда суулар кошула берип жайыкты этектей келгенде өзөнгө агып кирип, андан ары чоңоюп мөөндөй ичке капыгайды жиреп отурат.

Бул тарапты сырткы дүйнө менен байланыштырган бирден бир жол дагы өзөндү бойлоп ушу капчыгай аркалуу. Бирде жар боорлоп, кайра төмөн түшүп жыландай ийрелеңдеп күргүштөгөн сууну бир канча ирет тепчип өтүп акыры белге барып такалат. Жердин эңкейиши ошондойбу өзөн солго бурулуп кетет, башка өзөнгө кошулабы тээ, төмөн тараптан атайы эле ат, өгүз агызган дайра болуп түзөңгө түшүп аягында көлгө барып куят.

Түштүк тарап чек ара, ал деле анча алыс эмес окшойт, кээ бир убактарда куралдардын дүңкүлдөгөн дабыштары угулуп, вертолёт учуп калат күр-шар этип. Ээн жайылган мал, жапайы кайберен, жырткыч айбанаттар бир ирет үркүп да алышат, чочуган болушуп. Калган убакта өрөөн ичи тынч эле, малчылар ээн эркин өздөрү менен өздөрү болуп жайлоонун кызыгына батып жата беришет.

Мындан бир топ жыл илгери бул өрөөнгө он чакты короо кой кыштай турган. Керектүү жем-чөбүн дайындап, короо-күпкөлөрүнүн үстү-тегеректерин жылуулап, кышкы азык-түлүктөрүн камдап алышчу да малдарын кар жукпас күңгөй беттерге жайып жиберип кышты өткөрүшчү, бу жакта калган малчылар.

Кыш ортолоп калган мезгилде эки жерге ара конуп аттуу-жөөлүү болуп чарбанын адистери каттап кетишчү, мал-жандын амандыгын сурашып.

Кийинки жылдары жакада тоют арбын даярдалып, короо-сарайлар жетиштүү курулуп алыскы тоо арасына кышкысын мал кармоо анча зарыл болбой калды. Анын үстүнө эти толгон субай малды кыштата баккандан көрө күзүндө жүнүн кыркып алып этке өткөрүп жиберүү алда-канча пайдалуу да эле. Ошондон бери бул өрөөндөгү короо жайларга көңүл бурулбай калган. Жылдагыдай ремонт жок, таш дубалдар жарым-жартылай урап, кээ биринин үстү түшүп, чириген түркүктөрү көрксүз сороёт.

Нечен жылдардан бери туяк менен ныкталган короо бети гана мисирейип күнү бүгүнкүдөй, бир тал чөп жок – мал кыгынын күчтүүлүгүнөн го…

Быйыл жай жаанчыл болду. Өзгөчө күзгө жуук жаандын аягы карга айлан- ып, тоо баштарын калыңдап ак чалды. Суук да мурдагыдай эмес, чөлчүктөр каймактап, ой кырды кыроо басып, коюн-кончко кирип, бети-колду кайр ып өтө эле күч. «Кар эрте түшөт, кыш катуу болот» деп жоромолдошту билермандар. «Бел бекий электе көчүш керек. Жакага эртелеп кабар берелик, көчкөнгө унаа жиберишсин!»

Малдарды ары бери удургутуп санактан өткөрүп, оорусун өзүнчө бөлүп, аксактарынын туяктарын жонуп тазалап таңышты, кеч туулган козу-улак, музоолорду унаага салмак болушту, жол алыс өздөрү басып жеталышпайт. Эми өрөөн ичи маараган кой, мөөрөгөн уйлардын үндөрүнө толуп уу-дуу. Мал-жан дебей бүлүк түшүп көчүүнүн камында.

Көп өтпөй малдын алды айдала баштады. Көч көчүргөнгө деп эки машине бөлүнгөн экен, башынын бери келаткан тартип боюнча малчылардын эмеректери менен кышка деп даярдап алышкан чегедек отундарын жүктөп бир четинен ташыганга киришти.

– Таң ата малды айдайбыз! – чабан алты жашар уулу Нурланга кайрылды. – Тиги бооз канчыкты байлап кал, жолдо кыйналып калат. Анын үстүнө апаң экөөңө да караан. Эмеректер менен машинеге салып алгыла!

Нурлан өзүнчө нааразы:

– Эмне үчүн бизге мурун келбейт?! Эң аягында калып.

Жүктөрүн жыйыштырып жаткан апасы аны жооткоткон болот.

– Былтыр эсиңдеби, биз мурун көчкөнбүз. Быйылкы кезек төмөнкү сайдагылардыкы. Бир эмес эки машине келет, аркы колоттогу Талып абаңдардын жүктөрү да бар эмеспи, алар менен чогуу кетебиз, ээрчишип.

Жерге жарык түшүп-түшпөй акыркы эки короонун малдары айдалды, ызы-чуу болуп. Өрөөн ичи аңгырап эми биротола ээн калды. Ар кайсы журттан булаган суйдаң түтүн.

Нурландын эрмеги эми жол. Эмеректерин жыйнаштырып бүталбай жаткан апасынын жанына барып бир аз турат да кайрадан маңдай тараптагы дөбөнү көздөй чу коёт. Алыстан боз үй кебетеленген анча чоң эмес бул дөбөдөн тээ төмөндө ийрилип жаткан терең капчыгайдын кыйла жери алаканга салгандай даана көрүнөт. Өтө деле жазы эмес, таштуу жол. Бирде суу жээктесе, бирде жар боорлоп басмайылдай бел баскактарга артылып кыйла жерге чейин созулуп кетет. Өрөөнгө жете бербей төө мойнундай буралган ийри тумшуктун далдоосуна кирип саам өтпөй кайрадан сууга такалат.

Качандыр бир кездерде ушул эле тегеректеги карагайларды жыгып, чала-була сомдоп эптеп аштап салган көпүрө. Анын да эскилиги жетип бүткөн. Андан ары тик жар. Эшилген кыя.

Машинелерден дайын жок.

Түш оой майда жамгыр башталды. Түнөргөн булуттар улам коюуланып отуруп асман бети жылчыксыз. Жел да жүрбөй дыбыраган бир калыптагы жаандын дабышы. Короо менен дөбөнүн ортосун кайра-кайра баса берип Нурландын буту ооруду, үстү да шөлбүрөп суу.

– Ээ апа, машине келбей калса кантебиз?

– Келет, айланайын.

– А келбесечи?

– Бүгүн келбесе эртең келет.

Бул сөз Нурланга жакпайт. Анын самаганы айыл, тезирээк эле кыштакка жетип аны аралагысы, өзүнүн достору менен жолугуп алар менен ойногусу келет. Көптөн бери жакада боло элек, кандай өзгөрүүлөр болду, кимиси кайда барды, кандай жаңы оюнчуктарды сатып алды деген ойлор тынчын алат. Өзүнүн билген-көргөндөрүн айтып, атасы атып келген аркардын чүкөлөрүн мактанып көрсөткүсү келет аларга. Балдардын эч биринде мындай сака жок, бирөө эмес экөө.

Күн бешим болуп калган кезде үстүнө мүшөк жамынып аркы коктудагы короодон коңшу чабандын аялы келди.

– Машинеси бүгүн келбей калган го. Жүктөрдү жыйыштырып таңып койдум эле, анын үстүнө жалгыз жата ала турган эмесмин.

– Ботом, мында эле жатып ал. Жүгүңө ким тиймек эле? – Нурландын апасы чайдын камын көрүп дасторкон жайды.

– Жаш музоо бар. Анын үстүнө эт-аштын жытына түн ичинде ит-куш келип жүктөрдү тытып кетеби деп чочуп жатам.

Эки аял сүйлөшүп отуруп акыры Кумайыкты тиги короого байлап келүүнү чечишти.

– Карышкыр эле келип калбаса башкасын жолотпойт. Өтө сак. Бул дагы ай-күнүнө жетип калды көрүнөт, курсагы эле салаңдап байкуштун… – Нурландын апасы боору ооругандай итине карап койду.

Көп убакыт өткөн жок, Кумайыкты Нурлан менен тиги аял жетелеп барып коңшу короого байлап келишти.

Жаан бирде себелеп кайра басылып дымып калат. Сур булуттар салаңдап эми белге чейин түшүп келген, аздан кийин жер бетин чулгап биротола басып калчудай, уюп. Көзү көрүнбөй ансыз да кеч чыгып эрте баткан күн калың булутка жылчыксыз капталып өрөөн ичи түнөрүп көлөкө. Улам кеч кирген сайын тоо башынан соккон муздак сыдырым күчөп, түрмөктөшкөн булуттардын тынчы кетип орун которуштуруп, батыш тараптан дабышсыз жылып келатышты. Кардай турган.

Шоңшойгон калпагынан тартып тиги эле багелегине чейин сыгып алма суу болгон Нурлан дөбөгө жетип – жетпей кайра чуркады.

– Келата-ат ! Маши – инее… Ура – а.

Жаңы гана жайланышып чайга отурган аялдар чыныларын жерге коюп орундарынан атып турушту.

– Кокуй жеңе, мен барайын.

– Бар! Бар.. Мен да камынайын.

Аялдар шашыла туруп, гөлөштөрүн кийип сыртка чыкканча машиненин алдыңкысы «гүр – р!» этип короого кирип келди. Саам өтпөй экинчиси да аркы короону көздөй бурулду.

– Эрте эле чыккан элек тиги машине бузулуп калып ошону оңдоп жаттык, жолдо. Болбосо. – Шофёр актангандай жүктөргө көз жүгүртүп алды, чай ичүүгө ынанган жок.

– Тезирээк жүктөп жолго чыгалык, күн биротола бузулчудай. Кар калыңдай электе белден өтүп кетпесек болбойт. – Машиненин бортун ачып алгачы чегедек отундарды анан үй эмеректерди сала башташты. Майда барат болуп жатып жүк бир топ эле экен. Канча кылган менен үч-төрт ай айыл ападан алыс сырт өрөөнүндө жашоо жетишээрлик камылганы талап кылары белгилүү го.

– Апа, мен чуркап барып Кумайыкты ээрчитип келе коёюнбу? – деген Нурландын суроосуна эмеректерди шашыла жүктөп салып жаткан апасы ынанган жок.

– Кумайыкты кудай албайт! Коё берсе өзү эле жетип келет. Андан көрө кабинага кирип шүк отур, суу болбой..

Жүктөр салынып үстүн палатке менен жаап арчындап таңа башташты, ансыз да суу болду отун, эмеректер. Малчыныкы дайыма ушундай, эч нерсе эмес, жакадагы кашарга жетишсе ал жер кенен, күн жылуу али, жайып кургатып алышат да.

Нурландын эки көзү ортодогу өгүз белиндей жапыз жондо, канчалык тигилсе да Кумайыктан дарек жок. Эмне болду? Коё жибергенде эмдигиче келип калмак. Байлануу го? Агытышпаса керек…

Жогортодон жылжып агып келген киргил суулар бир-бирине кошулуп, улам көбөйүп тиги төмөнкү сайга жеткенче таш-кесек аралашкан ылайларды агызып, борпоң топурактуу жерлерди жеп, жаңы нук салып кадимки эле чоң өзөнгө айланып жатты. Машине ордунан козголду.

– Апа, Кумайыкты ала кетелик, бурулуп барып.

Суу болгон жоолугун чечип кайра балап жатып апасы да эңкейип жон тарапты карап алды. Ал дагы иттин кечиккенине кабатыр болду көрүнөт.

– Каап алат деп чочулап агыталбай коюшкан го, болбосо эмдигиче жетип келет эле. Бурулуп барып ала кетелик!

Машине ылайды туш-тушка чачыратып сыйгаланып барып коңшу короону көздөй бурулуп бараткан. Алды тараптан экинчи машине да көрүнүп калды.

– Ой, итти эмне кылдыңар?

Шопур баш багып кол шилтеди.

– Салдык, салдык. Жөнөй бергиле!

Машине кайра бурулуп, чимирилген дөңгөлөктөр артына терең из калтырып эңкейишти көздөй жөнөп калды. Экинчиси анын артынан ээрчиди.

Байлоодогу Кумайык тынчсызданган жок. Ал Нурланды күттү. Сөзсүз келет, шоңшойгон калпагын кийип алып, адатынча чыбыгын колунан түшүрбөй жолдун четиндеги сербейген куурай-чөптөрдү кыя чаап жондун ары жагынан чыга келет да эркелетип өзүнчө кобурап, сылап-сыйпап кулагынын түптөрүн кашыйт. Анан жибинен бошотуп алып үйгө ээрчитип кетет деп үмүттөндү ит. Эки көзү жондо, кулактарын силкип дабыш тыңшайт.

Жүк салып бүлүк түшүп жаткандар менен анын иши жок, күткөнү Нурлан.

Машиненин үстүнө чыгып салынган эмеректерди таңып жаткан шопурга карап аял алаканын шак чаап бир нерселерди айтып сарайдын алдын көрсөтүп калды. Айткандарына түшүнбөсө да сөз өзү жөнүндө болуп жатканын баамдап Кумайык ордунан турду. Нурлан келбей калды окшойт. Агытып жиберишсе эле желе басып саам өтпөй жетип барат өз короосуна. Бирок ал күткөндөй болгон жок.. Дөңдүн ары жагындагы коңшу короону ошо турган жеринен көрө койчудай моюн созуп карап алып шопур машиненин үстүнөн секирип түштү. Жаңы гана кабинага кирип бараткан аялга колун шилтеп бир нерселерди айтып, эзилген баткакты былчылдата басып итти көздөй жөнөдү.

Кумайык дээринен жоош, көрүнгөнгө ыгы жок арсылдап үрүп, эч себепсиз эле бучкактап ээрчип алуу дегенди да билбейт. Бул сапар да үн чыгарган жок, антсе да кооптонуу менен өзүн карай жакындап келаткан бейтааныш адамга көз салып аяр турду. А балким ал аны бошоткону келаткандыр. Жөн эле чочулап жатпасын?.. Өзүн жооткотуп, бейкапар экенин далилдегендей эки жакты караган болуп чочоюп отура берди.

Итке көз токтотуп карап койбой дыбыраган жаандан ичиркене ылдам басып келип эңкейип жипти чечип алды да үн катпастан машинени көздөй сүйрөп жөнөдү. Кумайык ошондо гана өзүн бошотпосун сезе койду, а түгүл машинеге салып белгисиз жакка алып кетчүдөй. Болгон күчү менен тырмышып, төрт аяктап артка кетенчиктеди. Колдойгон жип муундурганына да караган жок, эзилген чыла менен дыргаяктатып сүйрөп келип, алгачы өзү машиненин үстүнө элпек көтөрүлүп анан Кумайыкты жепжеңил гана тартып алды. Ызасы келип, сүр көрсөтүп ыркыраганына да көңүл бөлбөй таар алдынан сороюп чыгып турган тулганын бутуна кыска күрмөй салып төмөн түшүп кетти.

Кумайык өз өмүрүндө машинеге түшүп көргөн эмес. Жайлоого көчкөндө да же кайра жаканы көздөй кайтканда да ээсине жардам берип чогуу кой айдашып, түнөп-конуп, күн-түн дебей мал менен бирге болчу.

Машиненин улам бир жагына чайпалып, дембе-дем солкулдап ага кошул-ташыл болгон коркунучтуу добуш сестентип, жүрөгүнүн үшүн алып алгачы аны кыймылсыз жатууга аргасыз кылды. Өзүнө катар байланган жаш музоо бышылдайт, ал дагы коркуп жатканбы көздөрүн чылк жуумп төрт аягын катып алыптыр, бүрүшүп. Машине капысынан токтой калып, күркүрө – гөн добуш арасынан адамдардын үндөрү угулду. Кумайык ордунан атып турду. Үстүнө кар аралашкан суу куюлганына да караган жок – Нурлан апасы экөө аны бошотуп алганы келишсе керек деген ниетте болду ит.

Тырмышып бортко асылды: «Мен мындамын! Байлап коюшту, болбосо өзүм эле. Мени бошотуп алгылачы!»

Суудан улам чыйралган жип мойнунан өтүп муундуруп жатканына карабай болгон үнү менен кыңшылап жиберди: «Алып калгылачы мени. Башка жакка алып кеткени жатышат! Бошоткулачы мени…» Күркүрөгөн добуштан анын ыйламсырап кыңшылаганын эч ким уккан жок, шалпайган кулактарын силкип, мойнун созуп үндөр чыккан тарапка карамак болду. Эптеп алардын көзүнө көрүнсө балким Нурлан чуркап келип аны бошотуп алаар. Ошол досу эле көрсө болду, ал сөзсүз аны алып калат! Иттин ишеними чоң болучу, бирок ал күткөндөй болгон жок, машине кайрадан ордунан жылып кетти, солк-солк этип.

Эми эле чыккан тааныш үндөр басылып, аны салган машине атайы эле өтө тез ылдамдыкта алардан узап бараткандай сезилди итке. Этинин ооруганына карабай муундура сүйрөп келип машинеге салган ниети бузук таш боор адамдар өз ээлеринен ажыратып, аны белгисиз тарапка алып кетип баратышат, демек кандай болсо да алардан кутулушу керек! Эч качан алар менен бирге болбойт! Кумайык бошонуунун жолун издеди, мына бу тынымсыз солкулдаган каргыш тийген машинеден эптеп түшүп калгысы келди.

Эми чындап анын тынчы кетип, отуруп тура калып бошонуунун айласын таппай кыңшылап, мына бу зымдай катып калган жипти үзүп алууну көздөп артка чиренди. Күч менен тартканга көтөрмө кыйла чоюлду, бирок үзүлгөн жок. Жүктөр менен бекем басылган тулга да кыймылсыз. Артка тарткандан пайда жок экен, жип мойнун оорутуп муундуруп жиберди, аба жетпей деми кысылып ансыз да үстүнө куюлуп жаткан муздак тамчыларга кошулуп көздөрүнөн мөлтүлдөп жаштар акты. Муундары бошоп ал-кубаттан тайый түштү бир паста.

Машине болсо өңгүл-дөңгүлдө тынчы жок секирип, бир оңго, кайра солго сыйгаланат. Эмерек, отундар да кычырап, орундарынан козголуп алды-артка кетип, катуурак силкинсе эле бириндеп түшүп калчудай, чытырата таңган аркан гана кармап турган шекилдүү. Машине ылдамдыгын күчөтпөсө бастай турган эмес.

Жаан болсо мурдагыдан катуулап куюп келди. Ызылдап шамал да күч, кар аралашкан тамчыларды учуруп көз ачырбайт. Айлана түнөрүп караңгылык улам коюуланып келет.

Аргасы түгөнгөн ит бошонуудан дале үмүтүн үзбөй чиренип, болгон күчүн жумшап булкунган болот, жини кайнап жипке асылып аны кырча-кырча чайнап салгысы бар. Жаан суусуна чыйралган аркан колдоюп бекем, тиши да өтө турган эмес.

Машине бурулуштагы кыяга жетип алдыңкысынын түшүп кетүүсүн күттүбү саамга токтой калды. Эмерек, отундар да кырчылдабай, өз-өз орундарында. Бирде тура калып, кайра сүрдүгүп жатып келаткан музоо да тынч, бышылдаган эле дабышы чыгат.

Кумайык аларга көңүл бурган жок, анын болгон аракети мына бу каргыш тийген жиптен бошонуу, кайрылып өз короосуна баруу. Кенедейинен бери аны баккан, асырап өстүргөн ээлерин табуу, башка ой-максаты жок. Өз ээлерин эстегенде эми эле муунуп, аба жетпей кыйналганы эсинен чыгып болгон күчү менен артка жулкунат, алдыңкы колу менен шилеп жипти мойнунан шыпырып салгысы бар. Жыгылып кайра туруп, башын силкип-силкип алып, бир алга, кайра артка сыйгаланат. Ошентип жатып колдойгон аркан мойнун биротола кысып калган экен, дем алалбай жан талашып колу менен чымырканып шиледи эле кудай жалгап жиптин бир өрүмү мукур тырмагына илине калды. Аба жетпей мүргүп, мүлдө ал-күчүнөн кетип калган. Эми бир аз болгондо муунган боюнча кулап түшөт беле, жарыкчылык менен биротола кош айтышып. Ичээр суусу, көрөр күнү али түгөнө элекпи акыркы күчүн жумшап мойнундагы байланган жипти шыпырып салды.

Чынында эле алдан тайый түшкөн экен, ордунан дароо туруп кеталган жок, дене боюна жан жыргаткан ширин аба кирип көз ирмемге болсо да колу-буттары майышып, бүтүндөй түлкусу жайылып-жазылып шалдырап жатып калды.

Машине аярлык менен кыя ылдый түшүп бараткан. Эң төмөнкү ылдамдыкка салса да самындай эзилген жолдо дөңгөлөктөр муз үстүндө бараткандай сыйгаланат, тормоздогонго боло турган эмес. Бир аз кылт этсе эле шыр-р этип капталдагы тик жарга кирип кетчүдөй.

Бул кезде жаан биротола карга айланып, теребел түбү түшкөндөй үңүрөйүп караңгы. Тоо да, адыр-жондор да көзгө көрүнбөйт. Демейки деңгелинен эки-үч эсе ашып, эски нугуна батпай күр-шар түшкөн өзөндүн дабышы. Шамалдын ызылдаганы да угулбайт. Кар гана тынымсыз бапалактап жатты.

Машине таш короодон кыйла узап кеткен экен. Анын издерин баткак менен аралашкан кар басып сары каймак болуп жолдун кайда экени билинбейт. Ой да, кыр да түстөрүн өзгөртүп эми боз ала.

Кумайык жол тандап отурган жок. Бул өрөөндөгү мал баскан кыйма-чийме бир аяк жолдор ага башынан тааныш эле. Жылыга көчүп келген сайын канча ирет алар менен жүрбөдү, ээси менен уй, кой айдашып. Адашпай калсын, кыска жолго салып түз эле өз короосуна багыт алды.

Аяктарын шашыла шилтеп короого жеткенге ашыгып баратты.

Ошентсе да жарым саат мурдагы кыйналганы, акыл-эстен танып ой-санаасынын буй түшкөнү өз таасирин тийгизбей жөн гана өтүп кеткен жок көрүнөт, убакыттын өтүшү менен белинин ооруганын, өзүнүн да ал-кубаты кайтып негедир чаалыгып чарчап баратканын улам күчөп сезе баштады.

Акыры короого да жетти. Кирген жок, кулак мурун кескендей дымыраган тынчтык негедир кооптуу сезилип, бут шилтөөдөн да чочулап, отуруп калды орто жолдо. Балким кандайдыр бир шек чыгып калаар. Эки көзү короодо. Баш көтөрүп жыт искеп кулак төшөйт. Эч кыймыл урунган жок көзүнө. Демейде чуру-чуу түшүп, кулак мээни жеп жаагы басылбаган койлор да дайынсыз. Тааныш жыт да искелбейт. Кайда? Эмне болушту? Нурлан апасы экөө бул жерде эмес беле, алар кайда кетип калышты?

Кумайык дароо эле палатке тигилип турган жерге барды. Өз көзүнө өзү ишенген жок, аңгырап ал жер да бош экен, а түгүл толгон үй эмеректеринин бири да көрүнбөйт. Бардыгы мынабу бапактап жааган карга басылып калгандай. Эч нерсеге түшүнгөн жок, ит.

Илкий басып дымыраган короого кирди. Топураган койлор жок, козу-улактар камалган күпкө да бош. Короо четине байланып турчу уйлар да көрүнбөйт. Итти кооптуу оор сезим каптап өзүнүн алы кетип турганына карабай, дале болсо да үмүтүн үзбөй тигиндейрээк жалгыз ооз үйгө жетип барды. Мындан он чакты жылдар мурун таш короо менен чабанга делип жыгачтан сомдоп салынган бул үйгө жайкысын эч ким турчу эмес, жем-чар, болор-болбос эмерек жабдыктар киргизилип, жайынча гана кампа катары пайдаланчу. Жаан жаап, шашылыш болуп калган учурда мал да союлуп калчу. Эт-аш, башка азык-түлүктөр да ушул үйдүн бир бурчунда сактала турган. Эшик кыңайып чала жабылган көрүнөт, саамга ылдыйдан коомайсынып карап турду да тепкичтерди аяр басып өйдө көтөрүлдү. Иттерди бул үйгө жолотушчу эмес, ээлери. Кумайык да кирген эмес. Тумшук сойлотуп ичке көз жиберди, көзгө сайса көрүнбөгөн караңгылык басып турса дагы бул жерде кыймыл каккан тирүү жан жогуна дароо эле ишенди. Эт, тамак-аштын жыты болгону…

Ал ушуну менен чектелип калган жок, үмүт деген кыйын, дале болсо да өзүнүн жалгыз калганына ынана албай таш короого барып анын булуң-бурчтарын бир паста шимшилеп чыкты. Ээн. Бардыгы тең бош,

Ит ошондо гана кандайдыр бир жамандыктын жышаанын сезип, кимдир бирөөлөргө арыздангандай өзүнчө эле кыңшылаган үн чыгарып алды, демек үй ээлери кетип калышкан экен да, аны жалгыз калтырып. Ээн тоонун арасында жалгыз өзү. Эмне кылар айласын таппай асманды карап улуп жиберди: кайдасыңар менин ээлерим? Мени эмне үчүн жалгыз таштап кеттиңер?.. Алиги күр-шар эткен машинеде Нурлан менен апасы отурушса керек. Үн салып балким өзүн чакырышкандыр, издешкендир… ошентишти го… Башкасы болбосо да Нурлан аны сөзсүз издеп, чакырмак. Кумайык эми өзүн кармай албай калды. Кулак түрүп тынымга баш көтөрдү, машинелер анча узап кетишпесе алардын үндөрү угулаар күркүрөп. Жок. Бапактап жааган кар, шамал да басылып калыптыр. Баары бир алар анча алыс кетишкен жок. Жакын эле жерде болуш керек. Эч болбогондо мал айдап кеткендер, өзүнүн дөбөтү баш болгон тукумдаштары жолдо бара жатышкандыр. Барар жагы бир гана жол, андан деги адашпайт. Жетиш керек! Чымырканса тез эле кууп жетет.

Ит кыйла жерге соёлонуп барды. Жол белчеден ылай, кар да күчөп. Кумайык кыяга да жете алган жок. Капысынан эле үч кошкону түшө калып, омуртка сөөктөрү өз-өзүнчө бөлүнүп ажырап кетчүдөй зыркырап, ооруган- ына чыдай албай буттары бүгүлүп бүрүшүп отура калды, айла-амалы түгөнүп. Козголууга дарманы келбей башы тегеренип көздөрү мунарыктайт, бир аз мурун эле өзү узап чыккан короо эми өтө алыстай сезилип кайра ага жетүүнү самады. Жылуурак бир булуң-бурчту таап, курсагындагы тынчы кетип сыртка чыгууга жулунуп жатышкан күчүктөрүнөн бошонуп алса гана, атаганат. Анда анык кубаныч болбойт беле, ал үчүн.

Эми элеги өз ээлери, аларды кандай болсо да кууп жетүү, аларга кошулуу жөнүндөгү ой-санаасы унутулуп бул учурда анын болгон эси дарты тиги короого баруу, эптеп көз жарып алуу.. Канчадан бери боору менен тең болуп, кан-жанынан жаралган перзентери ал үчүн баарынан кымбат, эч нерсеге теңдештиргис асыл жандар эле.

Тушарга чыгып калган карды малтып, бирде бүк түшүп отура калып, кайра туруп эптеп аяк шилтеп жатып тээ кыйлада өз короосуна кайтып келүүгө мажбур болду, Кумайык. Башка ылаажысы жок болучу…

 

* * *

Түнү бою жааган кар эртеси түш оой басылды.

Кечөө эле коңур күз, жылга-жыбытка быкырап мал толуп, кой-эчкилер маарап, уйлар мөөрөп, иитердин үргөнү, адамдардын «айт-уйт!» деп чыгарган үндөрү аралашып таң эртеден баштап азан-казан түшкөн өрөөн ичи эми дымырап тынч. Үлпүлдөгөн аппак карга ошо жайнаган жаныбар- лардын баарысы текши басылып, как этип карга учпай, кыбыр-сыбыр этип жандык баспай, өрөөндүн тиричилиги биротола токтоп калгандай.

Мемиреген тынчтык, ой да, кыр да эбегейсиз шейшеп жамынып алгансып бирдей ак. Сур булуттар тоо аркасына жай сүрүлүп, асман бети көгөрүп четинен ачылып келатты. Жел да басылыптыр, дымырап.

Уузга тойгон күчүктөр энесинин койнунда, дүйнө капар. Биринин тулку бою капкара, боркок тагынып алгансып төшү гана ак. Мурун түшкөнбү, беркисине караганда саал кырдуураак экен. Маңдайында жарым тилик узун кашкасы бар, эки кулагынын учтары көмүрдөй кара экинчиси энесинин желининен тумшугун албайт. Ымтырап жүдөө да көрүндү. Үчүнчү күчүгү нараакта жатат, өлүү түшүптүр. Энеси канчалык жалап-жуктаса да эч козголбой, дабыш да чыгарбай түшкөн жеринде зыңкыйып катып калыптыр. Чагымда кечөөкү машинедеги муунуп кыйналганданбы же борттон гүү менен секирип түшкөндө жерге катуу урунганданбы айтор неси болсо да ал күчүгүнүн өлүмүнө ошол опурталдуу учурлар өз таасирин тийгизишкен көрүнөт.

Ит кыйлада барып баш көтөрдү. Жүндөрү батташып баткак, толук кургай элек экен. Денеси коргошундай уюп, козголууга кенедей дарманы жок, жаны жер тартып, буту-колун тарталбайт, кыймылдабай эле жаткысы келет.

Каны катып суусап турганын сезди. Курсагы да ач, кечөөтөн бери оозуна наар алалек.

Кумайык кечөө кечинде өзүнө ылайыктуу орун издеп таш короонун кыдырбаган булуңдарын калтырган эмес. Далайга жылуу, кургак кыкка басылган тамдын түптөрүн казып убара тартты. Түнкүсүн жаш музоо, козуларды кийрип койчу күпкөгө да баш багып көрдү, бирок анын үстү түшүп астына суу толуп калыптыр, аргасыз кайра тартты. Короо ичинен ылайыктуу орун табалбай жүрүп акыры жалгыз ооз үйгө бет алган.

Тегереги чылпылдаган суу, из жок, жалгыз көз терезеси тунарып, демейдеги тез-тез ачылып-жабылып кишилер кирип чыгып турган эшиги кыңайганы менен үстүңкү илмегине чырпык сайылып жабык экен. Күчкө салса ача алат беле, ага чамасы келген жок.

Ичке эптеп кирип алса бир бурчун ээлемек, канча кылган үй да, суу тамбай кургак да, шамал тийбей жылуу да эле, анын баамында.

Аргасы түгөнгөндө, ансыз да бел көчүгү зыркырап ооруп толгоосу кайра башталып калган, жапыз тепкичтин алдына баш багып андан ары үйдүн жер төлөсүнө көз жүгүртсө өзү баткандай жеңдей тешик бар экен ойлонуп отурбай ичке кирип кетти. Каңылжаар жарган чычкандардын жытына толуп туруптур, ага көңүл да бурган жок ит, баарынан өзүнө жакканы эч жактан жел аргы урбай мелмилдеп жылуулуктун сезилгени болду. Кургак да, кенен да экен. Эң башкысы коопсуз, башка ит-куш оңой менен баш да багалбайт. Болгон күч-аракетин жумшап бир бурчка жетип-жетпей борпоң топуракты казып кирген. Атайы жасалган уя болбогондон кийин күчүктөрүнүн жаткан жери аз да болсо чуңкур болгону дурус, өзүнө да ыңгайлуу. Көздөрүн ачып, басып торолгончо алардын бир жерде чогуу жатышы коопсуз болмок.

Кумайык ордунан оор козголуп дене боюн жазган болду, колу-бутун чоюп.

Мурда ушинтип күчүктөгөндө үй ээлери анын алдына өз идишине тамак алып келип беришчү, сугалактанып тап койгон башка иттерди жолотушчу эмес. Жаткан жерин жылуулап, өзүнчө бөлүп, күчүктөрүн кармалап көрүп ар сөздөрдү айтып эркелетипше турган. Курсагы тоюп, күчүктөрүн ракаттана эмизип, ооруксунган жерлери басылып, дене боюна кубат кирип абдан тың- ыганча ордунда жата берчү. Ачкалык эмне экенин да билчү эмес. Ошентип ал өзү ээлерине, ээлери өзүнө ыраазы болуп, күчүктөө ага эч кандай кошумча түйшүктөрдү алып келүүчү эмес. Азыр болсо анын бири жок… Айылдан да, өзүнүн сүйкүмдүү ээлеринен да алыс, эс эңгиреткен ээн тоонун арасында жалгыз, эмчектен башка эч нерсе менен иштери жок ымыркай күчүктөрү. Эмне кылат? Кантип күчүктөрүн багат? Ит өзүнүн ал абалын талдоого, кандайдыр бир жыйынтыкка келип, иштиктүү чечим кабыл алууга жөндөсүз болучу, ошентсе да өз башына ушул учурга чейин болуп көрбөгөндөй оор мүшкүл түшүп, ишенээр ээлери, караан тутаар тукумдаштары жок экенин билип да, бүткүл дили менен туюп да турду. Болгону көөдөнүн тээп, көңүлүн эзген ачуу өкүнүчтөн кутулуунун айласы кылып терең күрсүнүп алды. Башка аргасы канча эле…

Каны катып суусаганы тынчын алып, сүйрөлүп эптеп сыртка карай бет алды. Караңгылыктан чыккангабы же ачып-арып кыйналып тургангабы сырткы жарыктан көздөрү тумандап, башы тегеренип аз жерден жыгылып кеткен жок, теңселип ордунда отуруп калды.

Күн бата элек экен. Түндө жааган кардын какаарыбы зырылдаган муздак жел аргы тоо башнан согуп дене ичиркентет. Дымыраган тынчтык, эч дабыш угулбайт. Суу түбүнө түшүп кеткендей мындай кунарсыз бейгамдыкка Кумайык көнгөн эмес, мал же кишилердин дооштору же эч болбогондо башка иттердин жөндөн жок жерден ырылдашып талаша кеткендери кайдан болсо да угулуп, айлана-чөйрөсүндө жандыктардын бар экени дайыма сезилип турчу да ал эч нерседен мынчалык кооптонучу эмес. Эч кандай маани бербей, дайыма ушундай деп сезген бир калыптагы жашоо ыргагы минтип күтүлбөгөн жерден токтоп, астын-үстүн болуп аласалып кеткендей ал жашап, өмүрүн өткөрүп келаткан дүйнө бир заматта өзгөрүп калаарын Кумайык билчү да эмес.

Чыгып эле тепкичтин алдындагы сарыгып чөөт болуп калган суудан шалпылдатып ичип кирди. Не деген ширин суу?! Эзели мындай сууну татып көрбөгөнсүп канааттана жаланып алып, чөөттөн чөөткө өттү. Кындай болуп жабышкан капталдары бөрсөйгөндөй болду. Каныкты көрүнөт, анан бир кыйлада тигиндейрээк барып, үй түбүндөгү кургакка көчүк басты.

Дале болсо да айлана-тегерекке үмүткөр тигилип, малбы, жанбы көзүнө урунаар караан издейт, керээли кечке тобунан ажырабаган кой-эчкилерди көрө койчудай адыр-жондорго телмирет. Чачылган чүкөдөй иретсиз жаткан корум таштарды аралап каалгый баскан бодо малдардын, сырактап оюн салып жүргөн музоо-торпоктордун бири да жок. Азыр эле аркы бурулуштан дүбүрттөтүп кимдир бирөө чаап чыгып, көнгөн адаттары менен ойдо бугуп жаткан иттер тозуп алып өрөөн ичин жаңыртып ажылдашчудай сезилип далайга күтүп отурду. Ар кайсы жылга-колоттордон булаган түтүн, каңылжаар жарган тамак жыты, тегеректеги иттерди сүрү менен коркуткан карышкыр чалыш дөбөтү, ээси ууга аттанса карыш жанынан чыкпай ээрчип жүрчү ыркыйган машке… бардыгы, баарысы көз алдында, бирок алардан эми дайын жок, караандары да көрүнбөйт.

Антсе да айлана-тегерекке көз жиберип, ийне учундай шектүү чекитке да телмире тигилет, дале болсо да алыскы тоонун арасындагы ушул ээн калган журтта кызыл эт күчүктөрү менен өзү, жападан жалгыз өзү калган- ына ишенгиси келбейт. Кантип ээлери аны жалгыз таштап кетишити? Эмне үчүн кетээр күнү аны башка короого байлап коюшту? Нурлан неге аны издеп келген жок? Ой жүгүртүп сарсанаага батканды билбесе да мурун-кийин байкалбаган ачуу сезим көкүрөгүн өйүп, андан кутулуунун аргасын издегендей күрсүнө дем чыгарат. Аргасыздан көздөрү жашылданып, туш тарабы мунарыктайт. Эт жүрөгү эзилип, миң-сандаган көрүнбөгөн ийнелер сайгылап жаткансып ичтейи ачышып, кара жанын коёрго жер таппай кетет.

Үмүт деген кимдин болсо да жанын жай алдырбаган өжөр сезим эмеспи, андан оңой менен кутула албайт. Ал малга да, жанга да бирдей, ага терең ишенип, акыл-эске салалбаган күндө да боолголоп эртеңкисин күтүп өмүр өткөрөт, ар кимиси. А эртеңкиси – жакшылык, өзү каалаган, эңсеген бейгам – бейпил күндөр!.. Атаганат, ошол күнгө жете алаар бекен?..

Башын жерге салып күчүктөрүнө жөнөйт ит.

Ошентип күндөр өтө берди.

Кумайыкты эч ким издеп келген жок. Демек анын кимдир бирөөлөргө кереги жок, учурунда аны жөн ганан эркелетип, тамак-аш берип көңүл үчүн гана асырашып жүрүшкөн экен да. Антпесе аттуу – жөөлүү болуп келип аны эбак алып кетишет эле го. Кайда-ан… Жолдун алысын Кумайык абдан жакшы билет, өзгөчө бел-ашуу, азыр кеч күздө эмес айрым убакта жай ортосунда деле кадимкидей кар борошолоп, эч бир унаа өталбагандай калың касаба басып күрткү уруп салуучу. Азыр болсо ашуунун эки тарабы тең карга басылган чыгаар. Ата-а, мынабу күчүктөр жок, субай-салтаң болгон күндө жолдун оор-жеңилине, күн-түнгө карабай көнгөн короосу- на салып уруп жетип барбайт беле? Күчүктөрү, ичтен чыккан перзентери… аларды кантип таштап кеталат? Деги эле ойго келчү ниетпи? Кандай-андай болгон күндө аларды көз жарып алды, боюнан бошонду. Алар жарык дүйнөгө келишти. Бул эң башкысы! Эми ал күчүктөр жашоого, ушул жарык дүйнөдө өмүрлөрүн өткөрүүгө тийиш. А өзү болсо алдыда аны күтүп турган кыйынылыктарга карабай, баарына чыдап, өзүнүн соңку демине чейин болгон күч-аракетин жумшап аларды багып, өстүрүүгө милдеттүү. Ал ошон үчүн эне! Касиеттүү жаратылыш бул ыйык парзды энелерге гана ыроологон. Жанын сактап, өзүнүн жыргалчылыгын гана көздөп, кан-жанынан жаралышып, жатынын жарып жарыкчылыкка келишкен күчүктөрүн ээн талаага таштап, артын карабай басып кеткенге деги дити барабы?!..

Ошентип, колу бутунан жипсиз байланып, башына болуп көрбөгөндөй мүшкүл түшүп, эптеп өз тиричилигин өткөрүүгө мажбур болду, ит.

Ал турган короо күңгөй тарапка жайгашып, өгүңкү жааган кар эки күн өтпөй эрип кеткен. Өрөөн ичи эми бүтүндөй кара, али катуу суукка кабылалек чөптөр серейип баш көтөрүп, булуң-бурчтун оттору жайкы эле бойдон, аларды оттогонго мал гана жок. Түнкүсүн зыркыраган суук жүрүп, суу бети жылтырап тоңуп калат да түш оой барып эрип кетет. Тоо башылап суук күчөгөндөн улам болсо керек жайкы колот-жылгалардан жылжып

аккан майда суулар жокко эсе, бул дагы ызгардуу мезгилдин жакындап келатканынын бир белгиси го.

Кантсе да өрөөн ичи баарына кайыл болуп, эртелеп этек-жеңин жыйып, эртең эле кычырап кирип келүүчү кышты күтүп калгандай.

Кумайык алгачы өз короосунан алыстай алган жок. Көз жаргандан бери бир топ убакыт өтсө дагы анча тыңый албай бир аз басса эле көздөрү тунарып башы айланып кетет. Буттарынын да кубаты качып чалыштап оңдуу аяк шилтей албайт, басканынан чочоюп отуруп же а түгүл алы куруп шалдырап жатып калганы арбын. Бир билген жери эле сарайдын алды, кемегенин тегереги, чатыр тигилип турган жер.

Алда качаңкы төгүлгөн тамак-аштын жытын искеп, ошол жерден изденгени жайнап чыга калчудай алынын жетишинче тытмалап казганга кирет. Улам бир жерди шимшилеп, кайра-кайра айланчыктап тамак издөө менен кечке алек. Бар дарты тишине урунуп, тилине илинээр жегенге жарактуу бир нерсе табуу, өзөөргөн өзөгүн толтуруу. Аз да болсо курсагын тойгузуп, анан жер төлөгө кирип суналып күчүктөрүнө жатып берүү. Ошолордун тоюшу, тезирээк ирденип, боор көтөрүп аяк шилтеп басып кетиши. Ниет кылып күткөнү да, самаганы ошо.

Канча кылган менен мал турган, адамдар жашаган короо жай эмеспи сөөк-саак, көгөрүп катыган нан, терилердин үзүндүлөрү, эски-уску бут кийимдер кыскасы кулкундан өтүп курсакка кирсе курсакка жук болумдуу нерселер табылып, ошого ыраазы болуп каниет кылды. Бир кездерде карап өтпөгөн омурулган туяк, каркайган мүйүздөр, бодо малдын жиликтери эми Кумайык үчүн табылбаган олжо, атайы эле жугумдуу аш. Жатып алып кереээли кечке кемирип эрмектегени ошолор. Тиштеринин ооруганына да, жаактарынын талыганына да кайыл, эптеп өзөк жалгаса болду.

Мына ушинтип жедеп колдон берген даяр тамакка көнгөн канчыкты ачкачылык тез эле кандай болсо да курсагын тойгузуп өз тирлигин улап кетүүгө а түгүл ач калтырбай күчүктөрүн багып алууга мажбур кылды.

Дегинкиси, бул жарыкчылыкта өмүр сүрүү өзүнүн ушундай катаалдыгы менен кызык болсо керек.

Негизи, малчылардын иттери байлоодо болбой ээн эркин жүрүшөт да айылдагы өз тукумдаштарына караганда эттери толук, өздөрү да токпейил тартып анча сугалактанышпайт, көбүн эсе колдон берген тамакка көнүшкөн. Канча кылган менен кез-кези мал союлуп, алардын кандары, арткан-үрткөн эттери, сорпо-шилеңдери аларга тийчү, курсак ачуу маселеси да анча кыйначу эмес. Ошого жараша алардын мойнуна жүктөлгөн милдеттери да башка эле: ээн жайлоодо же айылдан обочороок кашарларда болушуп мал-салды көзөмөлдөө, өз короосуна бөтөн бирөөлөрдү жолотпоо дегендей.

Эми ошолордун баарысы жай жатып жакшы көргөн түштөй алыс калды, эске түшө калса көңүл көтөрүп саамга болсо да алагды кылат, дене бою жибип өзүнчө түйшөлүп алат, Кумайык.

Күн болсо улам кыскарып, кеч чыгып эрте батып, өрөөндө сөөккө жеткен муздак шамал ызылдайт. Уюлгуган булуттар каптап кээде бургуйлап кар тозоңун учурат, тоо башына калыңдап жаабаса түзөңдө сагызган изи, а түгүл майда тулаң чөп басылалек. Субай малга кыштоо. Жылкы баласы го канчалык калың түшпөсүн кар тээп оттой берет, ач калбайт. Бул аймакты туруктуу мекен кылган кайберендер гана эми коркуп-үркпөй кенен-чонон жайылып өз тиричиликтерин улоодо, сандары көбөйүүдө. Ээн эркин басып төмөнгө түшүп, ошентсе да мал-жан турган короо жайларга жакындашпай кооптоно алыстан көз жиберишет.

Бир жума өтпөй Кумайык ийин которду, оозго жакын, анын үстүнө сырттагы шамалдын эпкини келип суук тартып калган, мурдагысы. Тереңдеп төр жактагы ар кайсы бурчка барып, жел аргы урбайбы ооз жактан деген тейде байкаштырып көрүп көңүлүнө төп келди окшойт таштан тизилген пайдубалга жетпей бир жерди ылайыктады, акыры. Жер төлөнүн алдындагы борпоң топурак аны кыйнаган жок, тырмактары менен тытмалап тез эле чуңкурайтып оюп жиберди да күчүктөрү менен кенен баткандай ийин казды. Ээлери болгондо балким, астына калыңдап чөп-чар төшөп эски-уску кийиз да салып беришет беле, Кумайык эми борпураган топуракка күчүктөрүн алып келүүгө аргасыз болду, ал деле жумшак, жылуу.

Анткен менен полдун алды көк чычкандардын ордосу экен, чый-чуй этип жандары тынбайт. Жаңы коңшу келгенге мурдагыдан да бүлүк түшүп калышты. Ит сырттан киргенде, чоочуркашабы атайы эле үн чыгарышпай дымып, таруудай көздөрүн жылтыратып аны абайлап карап турушат да анан саам өтпөй бир бурчтан экинчи бурчка тыз коюшуп, кээ бирлери арткы буттарына тура калып моюн созуп, күчүктөрүн койнуна катып көшүп жаткан итке назар салышат. Аларга да кызык көрүнсө керек. Баарынан да өздөрүнө тийбегени оңдой берди болуп, бара бара иттин кирип чыкканына да көңүл бурбай калышты, кайра үйүр тартып жакындап келишип а түгүл ал сырттан тиштей келген сөөктөргө асылышып, улам бир жумшак жерин таап кемиришип тартынбай бир биринен талаша кетишет.

Кошунанын айкөлдүгү абдан жакты көрүнөт, аларга. Анткен менен сак, ит башын көтөрсө дүр-р этип ийиндерине кире качышат. Кумайыктын алар менен анча иши жок, мурун-кийин аралашып көрбөгөн соң алардын өздөрүнчө дүрбөп жүргөндөрүнө көңүл деле бурбай, тескерисинче жандары тынбай ары бери чуркагандарына көз кырын жиберип эрмек кылып жата берет. Бир гана ирет ордунан атып туруп «ар-р!» этип чычкандарды качырды: тигиндейрээкте жаткан өлүү күчүгүнүн үстүнө чыгып алышып эки-үчөө тытмалап жатышыптыр. «Ичтен чыккан ийри жылан» – аяр тиштеп ийнине кийрип алды.

Күчүктөр көздөрүн ачыша элек. Алар үчүн күнбү-түнбү баары бир, жарык менен да иштери жок, ымтырап уйкуда, көбүн эсе. Билгендери – энесинин эмчеги, кандай гана уйкуда жатышпасын тааныш жыт искелип, жумшак дабыш эшитилгенде өздөрүнчө бүлүк түшүп орундарынан шаша-буша туруп бирин-бири жөөлөп, буттары менен жумшак топуракты тытмалашып өйдө, энесине карай тырмыша башташат. Болгон аракеттери эптеп эмчекке жетүү! Кыңшылашып, жан алакетке түшүп түрткүлөшүп кантип болсо да энесинин тезирээк келип желинин жайып жатып берүүсүн талап кылшат. А энеси токпу же кынжйып ачкабы, аны менен кыпындай да иштери жок, бар билгени эмчек, сүт чыгабы же чыкпайбы баары бир, улам башка үрпүн таап, талаша кактаганга киришишет.

Аргасы канча, өзүнүн өзөгү үзө тартып, оозунан кара суу келип ач болуп турганына карабастан эмчектеринин зыркырап ооруганына чыдап маал-маалы менен келип күчүктөрүн эмизет. Антпей коюшка аргасы барбы?..

 

* * *

Кумайык шашпай басып жонго көтөрүлдү.

Көз жаргандан бери алгачкы ирет короодон алыстаганы. Жанга баткан ачкалык жаткырбай калсын. Ушул күндөрү өз короосунун ал шимшилеп, колу буту жеткен жерлерди тытмалап, тырмалап аңтарып-теңтерип тамак издебеген булуң-бурчу калган жок көрүнөт. Дагы жакшы, кар баспай короонун тегереги кара, тоң да түшө элек. Бир жолу оңдой берди болуп үйдүн эшигин эптеп ачып алды, илмегине жөн гана чырпык сайып койгон экен, шашып жатып. Бир канча ирет аракет кылып көрүп ачалган эмес, мурун. Ичтен болсо тамак-аштын жыты келип, кандай болсо да үйгө кирүүнү чечти. Жедеп желип эскилиги жеткен эшик бош эле көрүнгөн, алгачы колун анан тумшугун сойлотуп, аягында күчкө салып кысылып жатып ичке кирген. Аракетине жараша күткөнүдөй эле жаанда тик боордон учуп өлгөн тайдын териси жайылып жатыптыр полдо, туздап коюп унутуп кетишкен көрүнөт. Бул да Кумайык үчүн табылбаган тамак эле, узунан түшүп дароо эле үзүп-жулкуп жегенге киришти. Демейде аны карап да өтмөк эмес. Канча кылган менен эт-аш, жем-чар сакталган кампа эле да учурунда, бир жумача убактысынын көпчүлүгүн ушул жалгыз ооз үйдө өткөрдү. Эт-майдын кесинди-үзүндүлөрү, полго чачылган жара тартманын, ун-акшактын калдыктары – баарысы азыркы шартта тамак, эптеп курсакка барса болду. Алардын даамы, жыты, чирип-иригени аны эбак эле кызыктырбай калган, кеп анын аш болумдуулугунда.

Кумайык коңшу короону көздөй бет алды. Дал көчөөр күнү кечке жуук Нурлан аны жетелеп келип байлап кеткен короо. Ошо күнү бул жакка алып келбегенде балким, ээлеринен ажырап эсин эңгиреткен ээн тоонун арасында жалгыз калбай, өз тукумдаштары менен көнгөн тиричилигин өткөрүп жүрө бербейт беле, жакада. Атаганат десең, эсине түшө калса ит өкүнгөндөй демн ичине тартат. Ким билет? Туз-даам буйруп койгон жерден буйтап өтүп кетүүгө мүмкүн эмес дешет тура…

Жонго көтөрүлө берип кылчактап улам артына кылча-кылчак карайт Кумайык, эси дарты күчүктөрүндө. Бөлөк-бөтөн ит-куш келип калган жокпу? Аманбы деги? Бир аз эле алыстаса аларга кимдир бирөөлөр кол салчудай, а түгүл өлтүрүп же көтөрүп кетчүдөй сезет. Ишене турган, аларды караган ээлери жок, жаңы гана көздөрүн ачып, эми-эми боорлорун көтөрүп келе жатышат. Сак болбосо болбойт.

Ит атайы эле бурулуп капчыгай ичине көз жүгүртүп алды, бийик жондон алаканга салгандай даана көрүнөт экен: өткөндөгү машинелердин ийрелеңдеген издери, көпүрө, бурулуштар.. Ага андан ары тиги эле жакага чейинки жолдор өйдө-ылдыйышы менен маалим. Көрүнбөсө да жакадагы үй, кашар көз алдына тартылат. Алар эми алыс, өтө алыста. Ошентсе да..

Шилекейин улам жутуп, капчыгай аягына күрсүнө карайт. Бир паста ойго түшүп, өзү нечен ирет басып өткөн жол менен салып уруп жаканы көздөй азыр эле жөнөп кетчүдөй ордунан обдула берет, ачкалыгын да унутуп санаасы бузулат. Жол көзүнөн өтөт, алаксытып өзүнө тартат.

Айласы канча? Эмне кылышы керек?

Жашоо-турмушундагы тагдыр деген кыйчалыш учур аны аркан-жипсиз байлап койбодубу, ушул ээн тоонун арасына. Ошо таш боор тагдырдын катаал шартына баш ийбеске, көнбөскө эми анын аргасы жок…

Кумайык эки жакты абайлап карап алып жыла басып короого кирди. Канча кылган менен башка короо жай, ээлери да, иттери да бөлөк. Дароо эле шимшилеп тастайган короону кыдырып кеткенге даабады.

Өз короосунан эч деле айырмасы жок, мунун да дубалдары таштан тургузулган, оозду тозгон кашаа да бирдей, жалгыз үй а түгүл тепкичи да окшош. Бу короо жай да ээн, былк эткен кыймыл көзгө урунуп, шырп эткен дабыш эшитилбейт. Дымырап кулак-мурун кескендей.

Сарайдын алды, өзүн байлап койгон түркүк. Кумайык акырын басып келип искеди эле жаан жууп кеткенби эч жыт сезалган жок. Жалгыз ооз үй. Эмнегедир анын эшиги жабылбаптыр, машине келип шашып калган аял үлгүргөн эмес көрүнөт. Ит тээ, бир кыйлада барып ичке баш бакты. Кирип кирбей жатып эттин жыты урунду тумшугуна. Бекер келбептир, бурчта ара туулган козунун өлүгү жатыптыр. Андан тышкары жем-чардын, эт-аштын калдыктары, оролуп шири болуп каткан тери.

Кумайыктын көптөн бери эки кат болуп кабышкан курсагы томпоюп чыгып, күчүктөрүнө жеткенче шашты, бу сапар.

Калың булут чулгап күндүн көзү көрүнгөн жок. Анан кардап кирди, алгачы тынч жаап, түш жарым өтпөй ой-кырды мелтиреген аппак кар басты. Түнүндө шамал башталып, ошол бойдон ыркырап басылган жок, бапактаган кардын бүртүкчөлөрүн бир беткей учуруп, кокту колотторго, арча-карагайлардын арасына солоп, өрөөн ичи эми чаң-тозоң. Кадам жер көрүнбөйт, көз учунан кетпеген тоо кайда, баш калкалап маанек кылган короо кайда дайын жок, алай-дүлөй түшкөн ушул будуң-чаңда баарысы аралашып кеткендей.

Борондун илеби жертөлөнүн алдына да келип жатты. Шекердей куюлган кардын бүртүкчөлөрү көрүнбөгөн жылчыктардан жыландай сойлоп кирип булуң-бурчка шыкалат, дене бойду ичиркенткен муздак жел аргы бул жерде да ойноп турду. Сырттагы бир калыптагы күркүрөгөн бороондун добушу кулака да сиңип, тоо ичи, демейде мемиреген өрөөн тээ башынан бери эле ушундай алааматка басылып калгандай сезилет. Күн-түн тыным деген болбоду, көөрүктүн оозу эзели жабылбай жай-кыш дебей ушинтип улана берчүдөй.

Эки күн катары менен сыртка чыккан жок Кумайык.

Күн ачыкта кыдырып, ар кай жактан тиштей келип чогулткан сөөк-саак, туяк, мүйүз, эски-уску бут кийимдер толо эле полдун алды, улам бирин азууга салып кажылап, үзүп-жулкуп жалмалап эптеп курсак толтуруунун айласын кылат. Болгон эрмеги да, аткарган иши да ушул. Ошону менен кечти кийрип, кыштын узун таңын атырат. Суусаганда гана туруп барып жылчыктардан эленип түшкөн карды жалайт, эптеп өзөк жалгап, аз да болсо күчүктөрүнө азык камдоо болгон аракети.

Аларга энесинин жылуу койну, сүт толгон эмчеги керек, курсактары тойсо болду. Кечигип болсо да ирденишип басып-туруп, анча-мынча бири бири менен алышып ойногонго деги жарап калышты, энесинин тамак издеп, көрүнгөн жерди шимшилеп азап чегип кыйналганы менен эмне иштери бар, ал жөнүндө түшүнүктөрү да жок али.

Деги эле жаныбардын туулгандан тартып тирденип өз алдынча тамагын таап, жандарын багып кетүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрү ар кыл кылып койгон тура, жаратылыш. Короодогу кой-эчкилердин козу-улактары энелеринин сүтүн ээмп ирденгенден кийин тез эле отугуп, өз алдынча оттоп курсактарын тойгузуп кетишет, энелери бара-бара алар үчүн караан гана болуп калат. Ал эми тоодогу элик-кийиктердин улактары үй жаныбарларынын тукумдарына караганда да алда-канча тез жетилишет. А түгүл көз жарып жарыкка чыгышаары менен өз алдынча жашоо-тиричилигин улап кеткен жандыктар да жок эмес го, жер бетинде. Мында таңкалаарлык эч сыр деле болбосо керек, анткени касиеттүү жаратылыш өз койнундагы жанжаныбарлардын жарык дүйнөгө келип өсүп-өнүгүп, тукумдаш-аштарына кошулуп андан ары өз өмүр жолдорун улап кетүүсүнө башынан эле ар кыл шарт түзүп койгон тура. Ким эми табийгаттын жазылбаган ал мыйзамын өзгөртө алат?! Кумайык да андай шартка көнүүгө аргасыз.

Өрөөнгө эми кыш биротола түшүп, белге чыккан калың карды бети-колду каарыган муздак аяз ээрчий келди. Былкылдаган жерди тоң басып, жылтылдаган көлчүк сууларды көгөргөн муздар каптады. Түзөңдөрдөн анда-мында серейген куурайлар, чийлер көрүнөт, топ-тобу менен уюлгуган төө куйруктар эми кар алдында. Тик өскөн арчалар гана зыңгырап, шамал карын үйлөп салган жашыл бүрлөрүн жайып каз-катар тизилишип өздөрүнчө менменсинишет.

Кумайыктын барар жери да тарыды. Жон, кырлар болбосо ой-буйткалар белчеден калың кар, аларды малтып кечип өткөнгө да күч-кубат керек.

Бир кездердеги касабаларды буркурата бузуп атырылган ал жок эми, анда. Өз тулкусун зорго көтөрүп, таш байлап койгонсуп буттарын күч менен шилтейт. Өз башы өзүнө оор, тумшугу төмөн салаңдап, уясына чөгүп кеткен көздөрү алсыз жылтырап, үмүтүн үзбөй дале жерден жегенге жарай турган нерселерди издейт. Тоңгон коргоолдорду илеп тартып чайнап көрдү, даамы да, жыты да башка экен, аш болчудай эмес. Сарай астына барып кичине эле жыт келип, шектүү көрүнгөн жерлерди улам кайталап шимшилеп, тумшугу менен түрткүлөп тырмактап үңүй берет. Тапталган кык оңой менен казыла койбойт, ошентсе да үмүт үзбөй болгон аракетин жумшайт. Дагы жакшы, эгер ошо жерден сөөк-саак же башка тилине даамы келген аш болумдуу нерсе чыгып калса.

Кол – аякты каарыган аяз да күч. Бир жакшы жери, кыктуу жерди бир аз казгандан кийин астынан кадимкидей буу көтөрүлүп жан жыргаткан жылуулук каптайт денесин. Сууктан калтырап титиреген Кумайык мындай убакта өзүн кармай албай буттары өздөрүнөн өздөрү бүгүлүп аргасыздан мүргүп кулап түшөт, өзү тытмалап кеңейтип алган жерине. Саамга болсо да ачкалыгын унутуп, алды жактан келип жаткан жылуулукка магдырап көздөрү илипип кетет.

Жылуулуктун да демге дем кошкон өз касиети бар эмеспи, акыры.

 

* * *

Күн али чыга элек. Көк асманга тирелип ак кар баскан чокулар алыстан шаңкаят. Демейдеги самсыган булуттар жок, түрмөктөшүп түрүлүп эми көрүнбөгөн бир буйткада басылып уюп жаткандай. Аба чытырап муздак, коюн-кончко кирип дене бойду каарыган ызгаар. Өрөөн бүтүндөй акка көмүлүп, дүпүйгөн арча-карагайлардын бүрлөрүн калың бубак каптап, эми алар күмүштүн буусуна кармап койгондой жылтырайт. Мындай көрүнүш эртелеп болбосо түшкө жетпей күн илеби менен тыным албаган жел аргынын таасиринен жабышкан кар бүртүкчөлөрү учуп-эрип жоголуп кайрадан жашыл ыраң өңдөрүнө ээ, кечке.

Ачкалык Кумайыкты жылуу ийинде көпкө жаткырган жок, өзөгү каарылып алы кетип турса да бир бирине ыкташып жуурулушуп жатышкан күчүктөрүн калтырып сыртка чыгууга аргасыз болду. Жай жаткандан пайда жок, андан курсак тойбосун ал жакшы билет. Кар түшкөндөн бери бир ай чамасында убакыт өтүп, бул мезгилдин ичинде айлана-тегеректен жегиликтүү тамак табуу чексиз азапка айланды. Ал барбаган короо-сарайлар, баспаган өрөөн ичинде жол-чыйырлар калган жок. Жалгыз ооз үйлөрдүн баарына кирип андагы аш болумдуу деп эсептеген тамак калдыктарынын кыпынын да калтырбай кайра-кайра жалап-жуктап чыкты.

Кумайык кыйлада жонго көтөрүлдү. Ызгаар күч алып турган экен, төмөн карай соккон муздак сыдырымдын илеби менен кардын көзгө илешпеген майда бүртүкчөлөрү денеге сары тикендей сайылат. Ансыз да үрпөйүп бириндеген жүндөрдүн арасына шыкалып, жылаңач териге желимдей жабышып дем менен эрип эми тулкусу текши музга айланган. Каш-кирпиктерин калың бубак басып, ит эми буурул. Улам-улам силкингенине карабай жүндөрүнө жабышкан муз оңой менен күбүлө турган эмес.

Ит желе басып саам өтпөй таш короонун үстүнөн чыкты. Касаба уруп дубал менен тең. Өрөөндөгү четки короо, тик жардын түбүндө. Мындан бир жумача мурун эки-үч курдай келип каалашынча аңтарып-теңтерип, эптеп бир нерселерди жалмалап кеткен эле. Башкалардан бул короонун өзгөчөлүгү төр тарап аяк-учуна чейин бүтүндөй жабылып асты мелтиреп кара, борпурап кыгы да анча басылбаптыр. Кургак. Бул сарай алдына ар кыл куш, башка жандыктар көбүрөөк келээрин нечен иреет байкаган, таң эртелеп жол тартканы да ошондон.

Жылтыраган капкара тумшугун созуп алды жактан жыт искеди, шалпайган кулактары кыймылга келип дабыш тыңшап, дем токтотту. Өлүмсүк тынчтыкка көмүлгөн таш короонун ичинен бир нерселерди көрө койчудай бубак баскан кирпиктерин ирмебей тигилип калды. Көз кыры түшө турган жылчык таап аяр ичке карады.

Өзүнүн жаңылышпаганын туюп Кумайык элпек кыймыл менен төмөн түштү да дубал бойлоп ичке киргенге тешик издеди. Эч болбосо жапызыраак жери байкалса эле. Эмелеги калтыраганы басылып, көздөрү чачырайт. Бир кездерде мал жөөлөп тизген таштары урап калган жерин таап тамдын кырынан ичке көз жиберди.

Тоок, жайнаган тооктор!

Кумайыктын таңданганы артып сарай алдында бейкапар жайылып жүрүшкөн жандыктарга тигилип калды. Булар кайдан жүрүшөт, бул жерде? Негедир көңүлүнө жакын сезилип аларга саамга карап турду. Жок, айылдагы тоокторго окшобойт, булар бир аз кичирээк, анын үстүнө өтө шамдагай, тез-тез кыймылдашып абдан илбериңки экен. Үндөрү да башка, өңдөрү да бөлөк, кандайдыр боз чаар. Арасында короздору да жүрүшөт, кызыл-тазыл болуп. Өзгөчө сындуу.

Кумайык дымып калды. Жакада экенинде тооктор менен аралашып, алар аягына келип анын ашына тумшук салышса ыркырап кууп жиберчү, жанына да жолотучу эмес. Алардын тиричилиги башка эле да, ит үчүн ал жандыктар барбы, жокпу баары бир болучу. Кызыкчу да эмес.

Күн али чыга элек, бирок анын нурлары асман бетине текши чачырап айлана айнекке салып койгондой тунук. Түштүктү каратып салган сарайдын булуң-бурчуна чейин даана көрүнөт. Жел да жүрбөй мемиреп жылуу да, куштардын келип ээн эркин жайылып жем издешип, курсактарын тойгузуша турган ыңгайлуу жайларынын бири көрүнөт.

Тиги жандыктар болсо эч нерсе менен иштери жок, ары бери жайылып борпураган кыктын арасынан бир нерселерди чокулашып, а түгүл бири бири менен үрпөңдөшүп талаша да кетип жатышты. Нары четте мойнун созуп туш тарабына кооптуу көз жиберип бирөө койкоёт, кароолдо турган шекилдүү, канча кылган менен жапайы жандыктар эмеспи.

Ачкалыктын каарынан азап чеккен Кумайыктын көздөрү чачырап кетти. Ушул учурга чейин тирүү жандыктарга сугу өтүп, аларга кол салып да көргөн эмес, ошондон уламбы мындай иш ага чоочун сезилип, өз туюмунда аны кечиримсиз жорук катары баалоочу.

Бирок, жапайы жашоонун шарттары не деген жосундарды жасоого аргасыз кылбайт?! Өзүн сактоо, өзгөчө кан-жаны менен тең көргөн күчүктөрүн аман-эсен өстүрүү милдети баарынан жогору турары башка түшкөндө гана билинет тура.

Алда качанкы те, түпкү ата-бабасынан тартып укумдан-тукумга өтүп бирок, жашоо шартына ылайык көмүскөдө сакталып келаткан бир кездеги жырткычтык сезим кайрадан ойгонуп, жапайы дүйнөнүн жазылбаган катаал мыйзамы өзүнө баш ийдирип, акырындап эркин бийлеп алганын ал өзү да билген жок. Тамак үчүн ал эми бардыгына даяр болучу, Аёо деген жок, алсыздар алдууларга жем болушу керек. Жашагың келеби – качыр, бас, тиште! Алардын даамдуу эти, ысык каны сенин жаның, сенин өмүрүң.

Жапайы дүйнөнүн заңы мына ушундай!

Мына тамак! Жаңы эт, жылуу кан! Ал эңсеген түн уйкусун бузуп, күн тынымынан кетип, чарк айланып издеп таппай жүргөн тамак мына, бар болгону бир секирим жерде эч апарсыз жайылып жүрөт. Болгону бир аттам, бар күчүн жумшап бир секирүү менен жетчү аралык…

Кумайык эми өзүн кармай албай калды, анын ичке, арык денеси жаадай ийилип, жапыз дубалдан көзгө илешпеген ылдамдык менен короого учуп түштү. Алга сунулган буттары жумшак кыкка тийип-тийбей кайрадан абага көтөрүлүп, өзүнөн саал нарыраакта ичке тумшугу менен улам бир жерди чокулап, камарабай оттоп жүргөн жандыкты көздөй атырылды.

Күтүлбөгөн жерден ачуу үн жаңырып, сарайдын алдында бейгам жүргөн жандыктар жер силкингендей «дүр-р» этип, көз ирмемде сырты көздөй умтулушту. Бир тобу куркурап маңдай тараптагы жарды көздөй учуп, бир кылкасы абага көтөрүлбөй эле зымырап сарайдын тиги учуна жетип капталдагы калың караганга житип кетишти.

Кумайык аларга көңүл да бурган жок, баш көтөрүп карап да койбоду. Анын сунулган эки колунун алдында канаттарын жайып кекилигиби же чилиби неси болсо да бир бараңдуу жандык жаткан…

Ушул күндөн тартып ит өз алдынча аң улоого өттү. Мындай иш менен мурда алектенип көрбөгөндөн кийин ар дайым эле жолу болгон жок, сереңдеп качкан коёндор көп эле жүрүшөт, бирок алар жандарына жакын жолото турган эмес, жерге анда-мында бир тийип. Ал эми байкатпай аңдып барып баса калуу өзгөчө чеберчиликти. баарынан да өтө шамдагай- лыкты талап кылат экен. Кумайыктын жашы өтүп, карылыкка моюн сунуп калган чагы эле, анын үстүнө арып-ачып, кара жанын зорго кармап жүрсө… Ошентсе да ар кандай айла-амалдарга салып, эртелеп короо-сарайларды кыдырып эптеп курсак тойгузуп жүрдү.

Кийинчерээк жегенининен арттырып күчүктөрүнө да тиштей келе баштады, алар дагы жетилип келатышкан.

 

* * *

Күчүктөр кыйла торолуп калышты. Мурдагыдай моюн алышып кечке ымтырап уктап жатыш жок, эми. Курсактары төмпөйсө болду, кибиреп туруп алышат да оюнга киришет, бир бири менен алышып-тиштешип. Чуңкурчадан чыга да алышпай айланып-тегеренип анын ичинде болуша турган. Кум аралаш борпураган топурак менен кошо жылмышып кечке убара тартышчу, эми чуңкур экөөнө буюм эмес. Бирин бири жулмалап, аттап-буттап чыгып алышып, куушуп жер төлөнүн астын заматта чаңызгытып төбөлөрүнө үч көтөрөт.

Күчүктүн бири, мурун түшкөнбү беркисине караганда саал ири, төшү агыш, аны энеси Актөш деп билет. Беркисинин атайы боёп койгондой эки кулагы тең капкара – Каракулак. Анткен менен өтө шок, тиштеп ага болбосо тумшугу менен түрткүлөп Актөштүн жанын койбойт. Оюнду да биринчи баштайт.

Бул сапар да ордунан жаңы туруп келаткан Актөштү Каракулак атайы жөөлөп кетти эле саал эткелирээк жатындашы кетенчиктеп барып көчүгү менен отуруп калды. Ушу гана жетиштүү болду көрүнөт, Актөш атырылып барып ийиндин кырына чыгып калган Каракулакты толорсуктан алды. Күч менен тартып айра түшүрүп, анын будаланып калганынан пайдаланып андан мурда сыртка качырды. Берки да калышкан жок, топуракты буркуратып артынан кууп жөнөдү. Ошентип түгөнбөгөн оюн айрадан башталды. Жедеп чарчап, эстери оогондо тынч алышат. Кээде энеси кирип келет, шып этип. Куру келбей сөзсүз оозуна бир нерсе тиштей келет. Алгачы көңүл бурушчу эмес, энеси эмне үчүн аларды алып келип жатат, кимге кереги бар ал жөнүндө түшүнүктөрү да жок эле.

Күн кыйла көтөрүлүп калган кезде гана жеңдей тешиктен кирген жарык жер төлөнүн алдын бир аз бозомук кылып күүгүмдөтөт. Булуң-бурчту текши желе каптап, чет-четте чычкандар тээп чыккан дөмпөйгөн майда топурак, жыгачтын алда-качанкы таарындысы, анан энеси алып келген жайнаган сөөк-саактар. Пол да бүтүн эмес, тактайлардын эскилиги жетип майышып, алды тарабы жыттанып борсуй баштаган, ортолору шынаа ургандай салаа-салаа болуп ажырап кеткен. Туурасынан коюлган устундар гана кармап тургандай, аларды да катмарланган көк каптап, катуурак басып койсо карс-карс этип сынып кетчүдөй.

Күчүктөрдүн эч нерсе менен иштри жок, тамак жөнүндө болгон түшүнүктөрү энесинин эмчектери гана болучу. Анын жатып алып кытыратып кечке сөөк мүлжүгөнүн алгачы таңдана карап, эмне үчүн антип жатканын да түшүнүшчү эмес. Буттарына урунуп, куушканда тоскоол болчу кагыраган катуу нерселердин баары арга кеткенде же өгүнкүдөй күн-түнү менен көз ачырбаган алай-дүлөй болуп сыртка чыгалбай калганда энеси үчүн эптеп өзөк жалгоонун бирден бир амалы экенин алар кайдан билишсин? Убакыттын өтүшү менен алар да боор көтөрүп ирдене башташты, түшүнүктөрү артып, ошо катыган сөөктөрдү жалмалап көрүшүп алардан кандайдыр жагымдуу даамдарды сезишти. Энеси бекеринен аларды кажылап жатпаптыр.

Анын үстүнө ал дагы байып, күчүктөр көнгөн эмчектерден мурдагыдай сүт да чыкпай калган. Акыры Актөш менен Каракулак энеси сырттан тиштей келген аш болумдуу нерселерди талашып-тартышып мүлжүгөнгө да өтүштү.

Алар тышка чыгыша элек. Полдун алды экөөнө бүтүндөй дүйнө эле, ушул жерде төрөлүштү, көздөрүн ачып алгачкы көрүшкөнү да ушул жертөлө. Сырт жөнүндө мүлдө түшүнүктөрү да жок. Энеси кирип чыккан жеңдей тешик гана аларга табышмак: ошол жактан жарык келет жылтырап, дене ичиркенткен суук шамал согот, кээде буркурап кар тозоңу чаңызгыйт. Курсактары ачканда кыңшылашып, улам бир-бирине сүйкөнүшүп, моюндашып туруп, кайра жатып тиктегендери да ошол тешик. Сырдуу да, оңурайып кооптуу да, даап жакын барышкандан чочулашат.

Өткөн жолу дал оозго жакындап эми башбагалы деп жатышканда сырттан энеси шарт кирип келип экөөнүн тең эттерин оорута катуу тиштеп койгон. Демек анын уруксаты болмоюнча ал тарапка баш коюу деген жок экен, эми ал жерди экөө айланып өтүшөт. Канча кылган менен сестенишет.

Күн түштөн ооп калган. Дал ушул тапта жеңдей тешиктен жер төлөнүн алдына жарык көбүрөөк келип боз чаңгыл тартып, өзгөчө ооз тарап бир башкача жаркырап турду. Экөөнүн тең көздөрүнө кызык көрүндү.

«Сен башта! Жо, сен башта!» дегенсишип күчүктөр бири-бирин карашып саамга туруп калышты.

«Мен чыгам!» – акырында шогураак Каракулак аяр сыртка баш бакты эле күчтүү жарыктан көздөрү уялып, көрүнбөгөн майда ийнелер сайылгандай ачышып жаштары мөлт-мөлт төмөн кулады. Чыдай албай кайра качты. Мындай жарыкка чыгып көргөн эмес. Андан да коркунучтуу сезилди, сырт. Алигиден бери түгөйүн карап турган Актөш эч нерсеге түшүнбөй акырын басып келип ооздон тышка көз жиберди. Ага да кызык сезилип, кандай болсо да өзү байкап көрүүнү чечти.

Энеси күн сайын үч-төрт ирет кирип чыгат, баскан издери түшүп, а түгүл жол болуп тапталып да калыптыр. «Эч деле коркунучтуу болбосо керек. Кокус, шектүү бир нерсе билинсе кайра кире качса деле болот да..»

Актөш дале жер тиктеп отурган түгөйүнө карап койду: «Чыкпайлыбы!» – деген ниетте. Балбанга түшчүдөй колу-бутун керип, созула дене боюн жазды. Анан жерден бир нерселерди шимшилеген болуп акырын оозду карай кадам шилтеди да анча жете бербей тумшугун көтөрүп алды тараптан жыт искеди. Кичине чоңуна карабай канга сиңген адат, жыт алуу менен ар кандай кокустуктардын алдын алат, иттер. Шектүү эч нерсе билинбейт, демек чочулай турганга эч себеп жок.

«Эй, мен чыктым! Жүр..» деген тейде өзүн кызыга карап калган Каракулакка көз жиберип алып сыртка баш бакты.

Алды тараптан күн тийип жылуу илеп келип туруптур. Тынч, эч дабыш угулбайт. Шектүү деле эч нерсе билинген жок. Актөш кадам шилтеп энеси нин изи менен алдыга жөнөдү. Эки тарабы калың касаба, агарган кардан башка эч нерсе көрүнбөйт, антсе да алды жак өзүнө тартып кызыгуусун арттырды. Ичке жол сарай алдына барат экен, андан ары кайда кеткени билинбейт, балким ошо карарган жерде болуп жүрбөсүн, энеси? Актөш башын кыйшайтып бир азга карап турду. Жакын арадан анын жыты сезилбейт, демек алыста, башка жакка кетип калса керек.

Ушул кезде жумшак карды буркуратып арттан Каракулак да жетип келип андан озо чыкты.

Экөө мындай көрүнүшкө алгачкы ирет туш болуп, таңкалуулары артып, кызыгууларына чек жок: калың касаба кар, сарайдын капкара алды, ныкталган кык, алыстан заңкайган тоолор, көз уялткан күн, самсыган булуттар…

Тумшуктары тийгендерин текши тиштеп, тили менен жалап көрүшөт: жегөө болбоу, даам, жыттары кандай? Майпая басып экөө эки тарапта кыдырып жүрүштү. Таруудай чачылып жаткан майда коргоолдор, дөмпөйгөн жампа, жип – шуунун үзүндүлрү, чырпыктын кесиндилери баарысы жегенге жараксыз экен. Жыттары да ар кыл, бир-бирине окшошпойт, тамак даамы жок.

Калган жердин баарын катыган аппак кар басып калыптыр.

Актөш башка тарапка салды, чыпалактай ичке куйругун чычайта көтөрүп алып ишенимдүү алга кадам шилтейт, басканы да тың. Төргө жетип жакында эле үстү жактан куюлуп түшкөн кар аралаш чириген самандын арасынан алда-качанкы теринин бир бучкагын таап алды. Тиштегилеп көрсө даамы татыды тилине. Бул ага чоң олжо эле. Эми ал Каракулакка караган жок, ал сарайдын тиги башында жүргөн өз алдынча бир нерселерди шимшилеп, бучкакты бурдай тиштеп алып түз эле жер төлөнү көздөй жөнөдү. Тааныш эмес чоочун чөйрөгө анча ишене берген жок, кимдир бирөө жетип келип оозунан жулуп кетчүдөй сезди. Өзү көнгөн полдун алды ал үчүн бекем чеп, эч бир жандык ага даап кире албайт, энеси гана кирип чыгат деген түшүнүктө болучу ал. Көнгөн ийинге кирип, жайма-жай жатып алып, тиштеп-жулкуп тиштеринин кычуусун кандырууну самады. Жаза басып, улам мүдүрүлүп жыгылып-туруп жатып кыйлада жер төлөгө кирди.

Каракулак шашылбай өз сапарын уланта берди. Каалаганча тааныш эмес жерлерди шимшилеп, ар кандай жыттарды искеп, карап көрүп өз алдынча болуунун өзү ал үчүн абдан чоң рахат эле. Күн да сарай алдына таамай тийип муздак жел сокпой жылуу да болучу. Чыркылдашып куштар да жүрүшөт, учуп-конуп, алар дагы кары жок, тынчыраак жерге качырышат өңдүү. Ар кайсы булуң-бурчта пол алдындагыдай эскирген майда топурактар үйүлүп жатат, көк жыттанып. Чычкандар бул жерде да арбын окшойт.

Эч нерсе менен иши жок күчүк сарайдын ооз тарабына жетип калган. Анын тумшугуна даамы бар аш болумдуу бир деңке урунган жок, бирок Каракулак ал жөнүндө кенедей да тынчсызданбады. Анын сыртка чыгып ушуинтип өз алдынча кыдырып жүрүшү эле чоң ийгилик болучу. Ал эми эртең да чыгат, балким курсагы тоё тургандай тамак да таап алат.

Дал ушул учурда эбелектей жылт этип узун куйрук кызгылт тарткан неме лып секирип келип анын маңдайына тура калды. Асмандан түштүбү же жер алдынан чыга калдыбы күчүк ажыраталган жок. Буга чейин мындай жандыкты көргөн эмес, ушуга окшогон жаныбар бар экени жөнүндө түшүнүгү да жок болучу. Жүрөгү болк этип коркуп кетти күчүк алгачы, ошентсе да тиги тумшугу шиштийген немеге кооптуу да, кызыга да карады. Ошол эле замат тигинин учкун чачырап атып жиберчүдөй тигилген көздөрүнөн жалтанып Каракулак аргасыз башын жерге салды, өтө эле коркунучтуу көрүнүп заматта дене бою калтырап кетти.

Тиги жука ээрдин жыйрып тишин ырсайтты: «Ээй, сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң, ия?» Күчүк артка кетенчиктеди, бир аз андан алыстаса чымын-куюн болуп өз уяларына качып кирип кетет эле. Ал жакка теги кире албайт, бул.

Бирок ал ойлогондой болгон жок, тиги дароо эле анын алдын тозду.

«Сен балакай, менден качып кутулам деп ойлобо! Билем силердин тукумуңарды, баарың тең мага өчсүңөр, мени жек көрөсүңөр. Кууп жеткен жерден дароо эле жара тартасыңар. Бул сапар кезек меники! Мен эми силерден өчүмдү алам» – тиги аны тооруй басты, көздөрүн ойноктотуп. Андан эч жакшылык болчудай эмес, аяганды да билбеген неме окшойт. Дени өлүп күчүк алдастай түштү, алы куруп буттарын шилтей албай бир ууч болуп бөгүп калды, кулактарын жапырып. Коңур сасык жыт искелип, ыркыраган коркунучтуу үн коштоп арсайган курч тиштер улам жакындап келатты. Кайда качып, кантип мына бу желмогуздан кутулаарын билген жок, күчүк.

Энесинин жанында болуп калбаганына гана өкүнүп, аянычтуу кыңшылаган үнүн чыгарып, андан кутулуунун өзү билген эң акыркы айласын жасады – башын мойнуна катып, көздөрүн бек жумуп алды…

Түлкүдө айоо деген сезим жок, анын максаты кандай гана болбосун эптеп курсак тойгузуу, ошентип жанын багуу эле, ал эми мына бу жаш күчүктүн жумшак таттуу эти менен ысык каны ушундай кычыраган кыштын суук күнү ал үчүн табылбаган азык эле. Түлкү шашыла ишке киришти. Дагы бирөөлөр келип кала электе жалмап салууну көздөдү.

Ал бул сарайга чычкан аңдып келген, көрсө борсойгон татынакай күчүк күтүп турган тура…

Кийинки күндөрү Кумайык сыртка чыккан жок.

Каракулагынан айрылганын алгачы билген эмес, ийинге кирип, күндөгүсүндөй эле оңтойлонуп жаткан. Анча деле көп убакыт өткөн жок, Каракулагынын жытын искей албай кандайдыр бир жамандыкты сезип, эки жагын карап алып ордунан атып турду. Дароо эле көзгө сайса көрүнбөгөн полдун алдын бир паста шимшилеп чыкты. Жок. Алда кимге ачуусу келгендей өзүнчө ыркырап алып сыртты карай жөнөдү. Жыт улап, из кууп сарай алдына жетип барды. Мына күчүктөрүнүн жыттары, анча деле тарай элек экен, издери даана байкалып жатты.

Сарайдын баш тарабына барып жерге тамган канды, сапырылган майда жүндөрдү искегилеп Кумайык отура калып тумшугун асманга созуп каргылданган үн менен муңкана улуп жиберди, жер тытып:

«Оо, шорум.. Айланайын Каракулагым, чын эле сенден айрылып калдымбы? Не деген азап менен багып келаттым эле? Апаңды неге укпадың, тентегим? Каралдым – ай, өмүрүң ушунчалык кыска беле?..» – Канчыктын боздоп улуганын башкача түшүнүүгө мүмкүн эмес эле.

Өкүнүч-ачуусун Актөштөн да чыгарып алды, аны жулмалап тиштеп.

Башка эмне кылат, булар эч нерсени түшүнбөгөн ушундай макоолор да. Чыдай албай аны тумшугу менен түртүп, кайра түтпөй эркелетип моюн-башынан жыттап жалай кетет. Пол алдынан чыкпай да калды. Күндөгүсүндөй короо-сарайларды аралап кетсе эле бирөөлөр кирип келип Актөшүн жара чайнап кетчүдөй сезет, коруганы да, чочулаганы да эми ошонусу. Эки күн-түнү күчүгүнүн жанында болуп буга чейин нечен кайталап кемирилген сөөктөрдү кайра башынан кажылап чыкты, тишинин ооруганына да, жаагынын талыганына да кайыл, эптеп эле өзөккө бир нерсе барса болду. Жедеп чарчап, алы кеткенде күчүгүнүн катарына келип кыйшаят.

Энесинин эмчектеринен эч нерсе чыкпай калганын Актөш билет, антсе да аргасы канча улам бирин оозуна салып соргонго кирет. Анан туруп алып энесин туурап бир сөөктү ары бери тиштеп мүлжүй баштайт. Болор-болбос даамынан башка тишине урунуп, тилине тийген ийне учундай эт болсочу, кажылаган гана убарасы.

Каракулак жок, эми ал жалгызсырай баштады. Кайда кетти жатындашы, эмне үчүн келбей жатат, Актөштүн түшүнүгү жок, болгону жеңдей тешикти карап коёт, шып этип ал кирип келчүдөй. Убакыттын өтүшү менен анын келишинен түңүлүп калды.

Кандай болгон күндө да курсакка жук болоор азык таап жан багуу керек эле, айласы мүлдө түгөнгөн Кумайык акыры сыртка чыгууга мажбур болду. Короодон анча узап кеталбай, бир аз жерге барып, кайрылып кайра келет, күчүгү аманбы, ордундабы, башка бөлөк жандык кирип кеткен жокпу? Алда-кимден шектененип караганы эле сарайдын алды, күчүгүн жайлап кеткен жер. Мурун-кийин кездешип жүрбөгөн соң Каракулагын түлкүнүн тамактап кеткенин Кумайык билген жок, бирок ал жандыктын коңур сасык жытын эстеп калды. Мүмкүн анын да бир учуру келип калгысы бардыр…

Ушундай күндөрдүн биринде күн жаңы гана тоо артынан көтөрүлүп кел- аткан экен, сыртка чыкса сарай алдында эч капарсыз жайнаган куштар жайылып жүрүшптүр, аларды мурун деле көрүп жүрчү бирок, жакадагы тооктордой сезилип өз короосундагыларга тийчү эмес.

Ачкалыктын жаагы катуу, ага кабылгандарды кандай гана кадамдарды жасоого аргасыз кылбайт.

Жыт алдырбоого аракет кылып дароо эле короонун сыртына багыт алды, Кумайык. Өткөндөгү кекиликти тамдан секирип түшүп басып жыгылган болчу, бул сапар да ошол ыкмага салууну чечти. Ал дубалдын жапыз жерлерин биле турган, нечен ирет андан ашып түшкөн учурлары да болгон.

Кекилик-чилдерге караганда бул куштар алда-канча кичине экен, Кумайык ага көңүл бурган жок, оозуна томуктай эт барса эле ошого ыраазы болмок. Баарынан да пол алдында күчүгү күтүп отурбайбы, аны.

Там кырынан байкатпай шыкаалап турду да ээн жайкын жайылып өз алдына туштап келгенде секирип барып бүт тулкусу менен куштардын тобун баса жыгылды. Жаман болгон жок, үч-төртөө пырпырап колдору менен денесинин астында калышты.

Мына ушу күндөн баштап Кумайыктын куштарга болгон аң улоосу тынган жок. Өтө тоюшпаса да курсактарына бир аздан жаш эт барып, күчүгү экөө тең саал тыңып калышты. Бирок мындай учур да төлүй эмес, куштар короого көп келишпейт, чочуп калган немелер Кумайыкты алыстан байкап калышса эле «дүр-р» этип учуп жоголушат. Башка короолордо да ушундай. Кээде жолу болуп да калат.

Ошентип эптеп күндөр өтүп жатты.

Аба ырайы бузулуп, көптөн бери күндүн көзү көрүнбөй, алай-дүлөй түш- көн шамал түнү бою улуп чыкса, өрөөндү биротола мелт-калт кылып толтуруп таштачудай кар үстөккө босток бапалактайт. Суук да мурдагыдан күчөп, түндөсү чатырап карс-карс жарылып чыгат карагай, талдар.

Ар кайсы тешиктен ура берип полдун кыйла жери да карга толгон. Өзгөчө үстү жактан эленип түшкөн кар узатасынан кыр-кыр болуп үйүлүп жатат. Анткен менен үйдүн тегерегин калың касаба уруп демейде туш тараптан соккон муздак жел аргынын илеби пас.

Бул мезгилдин ичинде Кумайык дагы бир ирет ийин которду. Актөш чоңоюп экөө баштагыдай бир уяга сыйбай калышкан, анын үстүнө каптал жактан урган шамал күч эле. Караңгы болсо да батыш тараптагы бурч жылуу көрүндү.

Мындай борондуу күндөрү сыртка чыгып аң улоо деген жок, экөөнүн жарыша кемиргендери да, бар билгендери да пол алдындагы кагыраган сөөк-саактар.

Түгөйүнөн ажырагандан бери Актөштүн эрмеги эми чычкандар, мурда аларга анча көңүл бурчу эмес. Энеси жокто аларды атайын караан тутуп, улам жакындап башын кыйшайтып, алардын зымырылып ары-бери чуркагандарын карап отура берет. Убакыттын өтүшү менен тигилер да чый-буйга түшүп үркпөй калышты. Алыстан болсо да жылтыраган таруудай көздөрүн жиберишип алар да күчүккө кызыга карап калышат, анткен менен жакындоо деген жок, кооптоно алыстан айланып өтүшөт.

Бир ирет белгисиз себеп менен дал эле жанынан өтүп бараткан чычканды колу менен шилтеп калды, күчүк. Ойногусу келдиби аны менен же кармап алууну чечтиби, ким билет эмнеси болсо да безилдеп бараткан чычкан тоголонуп кетти. Өтө эле алсыз неме экен, кыбырап кайра турмакчы болду эле Актөш аны өзүнө шиледи, анын туруп алып кетип калуусун каалабады. Тиги эмнегедир кыймылсыз, ордунан козголгон да жок.

Күчүк тумшугун созуп жыттап көрсө көңүл жипкирткен жаман жыт каңылжаарын өрдөп, бышкырып башын чулгуп алды.

Иренжип кетенчиктей берди, бирок алыстап басып кеткен жок, былк этпей жаткан чычкан дале анын көңүлүн буруп алды. Эмне үчүн качпайт? Аны жегенге болобу? Эңкейип тилин сунуп акырын жалап көрдү. Жылуу кандын даамы татып дароо эле тиш салды, териси да үлбүрөп жумшак экен күчүк эми аны аземдеп карап отурган жок, барч-барч чайнап сугунуп жиберди. Ал деле тирүү жан, чымчым болсо да тамакка пайда.

 

* * *

Тоо ичинде күн кыска. Өзгөчө Туюк-Төрдө. Аркайган зооканын арты нан жылт этип көрүнөт да азууга окшогон чокуларды аркан бою бийикте кыдырып отуруп, кеч бешимге жетпей алардын артына чөгүп кетет. Антсе да караңгы түшпөйт дароо, асман бети көпкө чейин жарык болуп тура берет, тунуп.

Алиден бери сарай алдында күнөстөп жаткан Кумайык шарт башын көтөрдү. Кандайдыр дабыш уктубу саамга кулак түрүп калды. Каракулагынан айрылгандан бери алыскы короолорго барбай, көпчүлүк убагын ушу тегеректе өткөрүп, аңды да жакынкы сарайлардан улайт. Куштардын кыныгын алып, алардын кайсы убакта учуп кетип кайра качан келишээрин да баамдап билет. Бул кезде күн түштөн ооп, муздак сыдырым да бастап калган. Кокусунан эле ордунан атып туруп жалгыз ооз үйдү көздөй атырылып жөнөдү. Чытыраган карларды буркуратып заматта оозго жетип барды.

Сөөмдөй куйругун чычайтып, бул кезде Актөш ичтен бери чыгып калган экен. Бейкапар, кумдай шыркыраган кумга батып кетип кайра турат, кылчайып баскан издерине карап коёт, кызык көрүнсө керек. Эч нерсе менен иши жок, күн сайын эле чыгып жүрүп көнүп калгансып мыйтыйган буттарын кере таштап пол алдына кирген тешиктен кыйла узап калган. Дабыш деле угулган эмес, күтүлбөгөн жерден үстү-башына кар чачыратып дал эле маңдайынан энеси чыга калды.

Актөш бир чети чочуп да, энесин көрүп кубанып да кетти, бирок үн чыгарганга үлгүргөн жок. Жетип келип жүрөк түшүрө «ар-р!» этип аны баса калды. Башы-көзүнө карабай тиштегилеп, карга будалап эбактан бери өчү бардай аны талап кирди. Эч бир аяган жок. Кыңшылап чырылдаганына да назар салбады. Улам бир капталын оорута тиштеп, өзү да арс-арс үрүп, улам кайра качырып ошону менен бөйдө жерден бир күчүгүнөн ажырап, ичине толгон кайгы-капасын, кимдир бирөөгө болгон бук-ызасын эми ушул тирүү калган күчүгүнөн чыгарып жатты көрүнөт. Акырында өзү да чарчадыбы же көпкө эми эсинде калат, ушу таяк жегени эле жетишет дедиби ансыз да кынжыйып бир ууч болгон күчүгүн кароодон айбыккандай тетир карап сыртты көздөй жөнөдү.

Талаарын талап коюп балким өзүнүн да ичи ооруп калгандыр. Ким билет?

Эмнеси болсо да Актөш экинчи сыртка баш бакканды койду. Энесинин бөйдө жерден талаганы ага таасирдүү сабак болду окшойт.

Демейдеги ызгаар тымып, күн мемиреп тийип турду. Асман чаңкайып ачык. Айлананы курчаган тоолор гана бой кере зыңгырап, койнундагы жан-жаныбарлардын тиричилигине, алардын тарткан азап-тозогуна тээ, бийиктен көз жиберип, ичтен тынып ойлуу жаткан шекилдүү. Эч жактан үн да чыкпай, дымыраган тынчтык. Жалгыз гана Кумайыктын баскан доошу, тоңгон кардын кычыраганы. Аппак каймакка түшкөн коңуздай кыбыраган анын карааны.

Кабыргалары бирден саналып, тал чыбыктай иймейген буттарын иретсиз шилтеп, ийрелеңдеп зорго келатат.

Бир кездерде сан булчуңдары толук, кабырга эмес жону билинбей дүгдүйүп жүндөрү жылтылдап турчу эле, азыр ал көрүнүштөн дайын жок. Үч кошкондун ар мүчөсү өз-өзүнчө бөлүнүп, кабырга, омурткалары оркойуп чыгып, катуураак силкинип койсо үстүнө эптеп жаап койгон шөлбүрөгөн териси бош мүшөктөй шыпырылып түшүп калчудай сезилет. Көздөрү чүңүрөйүп уясына батып кеткен, баш көтөрүп туш тарабына кароо да оор.

Суук күчөгөнү аңгек-чөңгөктөгү карлар тоңуп, Кумайыктын басканына кыйла жеңил болду. Жон кырларды күн-түн тынбаган шамал эбак эле жалап–жуктап тазалап, эми муздай каткан жука карга басылып көп жерлери кара. Баса турган жолунун жеңилдеши Кумайыкка оңдой берди болду, шөлп-шөлп желип четки короону көздөй келатты.

Бул тарапка көптөн бери каттай элек эле.

Кийинки кездери күңгөй беттерди кыдырып, кар токтобогон жылаңач зоока-дөбөлөрдүн түптөрүнөн майда-чүйдө катыган жандыктарды таап өзөк жалгап жүрдү. Дагы бир ирет борчук таштын далдоосунан зыңкыйып тоңуп калган коёндун тарпын таап кайткан. Мындай табылга күчүгү экөөнө эки-үч күнгө жетээрлик азык болучу. Бир жаман жери болгон күч-аракетин жумшап канчалык кыдырса да кийин мындай бай олжону эч жолуктура алган жок.

Аргасы кеткенде көнгөн короолорду кыдырууга өткөн.

Кумайык тык токтоду, тумшугун жерге салып тегергинен жыт искеди. Из. Жаңы эле өткөн көрүнөт, жогортон ийрелеңдеп агып келген сууну бойлоп тиги эле жар тараптан келген экен. Эбак эле үстү күзгү болуп тоңуп, а түгүл айрым жерлери карга басылып калса да нугу кадимкидей билинип жаткан жеңдей булак жайылып отуруп дал эле таш короонун капталынан өтөт.

Аяр кадам шилтеп, изди дагы искеди. Ооба, бул тааныш жыт, из дагы ошонуку. Көңүлүнүн тереңиндеги өкүнүчкө жуурулушкан ыза-ачуусу козголуп Кумайык өзүнчө ыркырап алды, ансыз да эзелтеден келаткан алардын ортосундагы элдешкис кастыгы ого бетер күчөп, эми эле ага жетип барып, кокосун сууруп алып канын суудай чачууну көздөдү. Өзүнүн Каракулагын жайлап кеткен шүмшүк түлкү ушул эле болуш керек.

Канчалык ачууга жеңдирип турса да Кумайык тике качырып барган жок, саамга тумшук көтөрүп жыт искеп, жел аргыны баамдады. Дароо эле ойго салды, суук шамал тоо ылдый согуп турган экен. Дабыш чыгарбай бурчка жетип, там кырынан ичке көз жиберди.

Ээн тоонун арасында жалгыз аңчылык кылуу кийинки кездери ага көп нерселерди үйрөттү: жыт алуу, кол сала турган аңдын өзүңө оңтойлуу учурун тандоо, анын качып кутулуп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк калтырбоо мунун баары толук болбосо да күнүмдүк жашоосуна эң керектүү ыкмалар экен. Жай турмушунда анын оюна да, а түгүл мүнөзүнө да туура келбеген мындай жорук-жосундар эми өмүр сүрүүнүн бирден бир ишенимдүү каражат-булагы болуп калды. Ансыз болбойт экен. Ошентсе да Кумайык али көп нерселерди терең өздөштүрө элек экен…

Короо ага дайын, күздөн бери канча жолу келип, канча ирет аны баштан аяк кыдырбады. Башкаларга караганда түркүк менен устундарынын көбү чирип үстү дээрлик түшүп калган. Быйыл кар оор болгонго дагы далай жери аңырайып ачылып, төбөдөн күн көрүнөт.

Түлкү куйругун булайтып бейкапар, тамдын төрүндө бурчту тиктеп отурат, кыязы чычкан аңдып жаткан көрүнөт. Эч нерсе менен иши жок, ээн сарайды жалгыз ээлеп, өзүнүн коопсуздугуна мүлдө ишенип алганбы сырт тарабына ныпым көңүл бурбай, бирде тура калып артка кетенчиктеп, кайра тамдын түбүн жыттап алып, тытмалап казганга кирет.

Аңгыча чычкан качты окшойт, куйругу булак этип ордунан секирип кетти. Тарбалаңдап там бойлой кууп жөнөдү.

Кумайык артка болуп бөгүп калды, түлкү түз эле өзүн көздөй келаткан. Жок, кайра бурулду. Кууганынына жетти окшойт, тырмагы менен илип алып серпип жиберди. Чычкан болсо колго тийди, шашылыштын кереги жок, эми бир аз ойноп алса деле болот да, чала жан немени ары бери ыргытып, кайра тозуп алып, эрмек кылганга өттү. Кумайык күтүп отурган жок, дагы бир жолу секирип өзүнө жакындай калганда жапыз тамдын учуп барып, түлкүнү «ар-р!» этип баса калды.

Буга чейин тирүү жырткычтар менен кармашып көргөн эмес ит, анын бар билгени азууларын арсайтып, туш келди тиштеп жулкуп кансырата талап жиберүү эле. Дароо алкымга асылып кекиртектеп, алы жетсе кокону жулуп алып, ошону менен душманынын айла-амалын кетирип, демин бууп акыры аны ажалга дуушар кылуу Кумайык үчүн белгисиз жол-жобо болучу. Айылда жүргөндө көп эле жолу чоочун иттер менен талаша кеткен учурлары болгон, канчалык ачуусу ашып-ташып, алышканын жеп-жутуп жибергиси келип турса дагы анын түз эле алкымына асылуу деген өнөрү жок болучу, тек гана тиши урунган жерин алынын жетишинче тиш теп, жулкуп-тартып кан жалатып жиберчү. Каршылашканынын акырында каңшылап, жыгылып-туруп качып жөнөшү ал үчүн өз мөрөйүнүн колуна тийгени деп эсептеп ошого өзү ыраазы болуп калаар эле.

Бул сапар да Кумайык алынын жетишинче түлкүнү өлөрчө талап салууну чечти, анын башы-көзүнө караган жок, тишине кайсы жери урунса ошол жерин аёосуз тиштеп, а түгүл үзүп-жулкуп, заматта тигинин кулактары, жүндөрү жулунуп оозуна толуп кетти, бирок түлкү башка иттердей болуп каңшылап жан соогалаган жок, кайра тиштерин ырсайтып ага сүр көрсөтүп, эптеп андан бошонуунун аракетинде болду. Ит аны оңой менен коё берчүдөй эмес, түлкүнүн башы-көзү тытылып бүтүндөй кан, ошентсе да ары бери ооналактап, жан талашып тумшук, башын качырат.

Кумайыктын алы кетип улам барган сайын анча матыра тиштей албай жөн гана будалап калды. Эти толук бултулдаган түлкү иттин бул абалын сездиби болгон күчү менен ордунан аласалып кетти. Жер тытмалап тура качканга кубаты жетмек эмес, канча кылган менен ит ага караганда алда-канча чоң да, тартайып колу-буту узун эле, баары бир аны коё бермек эмес. Түлкүнүн оодарылганы бир себептен Кумайыкка оңдой берди болду окшойт, кокусунан эле анын жумшак алкымы тумшугуна урунуп каары кайнап «ар-р!» этип кекиртегин аткый тиштеди. Бул түлкү үчүн өтө опурталдуу кол салуу эле, анткени иттин күч-кубаты жеткенде кокону жулуп же эч болбогондо бычырата кырча чайнап салганда ошо замат эле түлкүнүн ичер суусу түгөнүп, көрөр күнү батып калмак. Алиден бери аёосуз таланып, айла-амалы түгөнүп не кыларын билбей жатса да үн чыгарган эмес, кандай болсо да анын тиштеп-жулкканына чыдап эптеп бошонууну көздөгөн, а бирок аяёолуу алкымына иттин тиштери бата түшкөндө жаны көзүнө көрүнгөндөй «ча-йй!» этип ачуу үн чыгарды да денеси тарамыштай түйүлүп ордунан атып турду. Алы куруп калган иттин азуусунан алкымын оңой эле бошотуп алды да бир секирүү менен таш дубалдан аттап өтүп, жел учургандай анда-мында жерге бир тийип заматта сарайдан узап кетти.

Неси болсо да бир ажалдан калганына ишене албай баратты көрүнөт.

Бул түн башкалардан эч айырмаланбаган кыштын узак түндөрүнүн бири болучу. Түш оой башталган кар алигиче басылалек, сампарлап бир калыпта. Түндүн бир оокуму болуп, Кумайык күчүгү менен кызуу уйкуда жаткан. Демейдегидей бороон-шамал күркүрөбөй дымырап тынч эле. Полдун алды көрдөй караңгы, чычкандар да чый-пыйга түшпөй алар дагы мемиреген таттуу уйкуга киришкен окшойт. Болгону Актөштүн бир калыптагы дем алганы.

Кумайык кокусунан баш көтөрүп сыртка кулак түрдү. Дабыш тыңшады.

Уюган караңгылктан уйкулуу көздөрүнө эч нерсе көрүнгөн жок, шалпайган кулактары болор-болбос кыймылга келип, ушул дымыраган тынчтыктан кандайдыр бир шектүү дабыштын угулганын баамдады. Демин ичине алып, моюн буруп туш тарабына көз жүгүрткөн болот. Тынч эле, ич да, сырт да эч өзгөрүүсүз, шектене турган ачык үн чыккан жери жок. Мүмкүн зоокалар дан көчкү көчүп, таштар кулагандыр. Көк зеңкер болуп тоңуп калган кыртыш аркалуу ар кандай дабыш алда-кайда угулат эмеспи. А балким…

Анда таң атып калган маал эле. Бүгүнкүдөй тынбай жааган кардан тиги эле жалама көк зоокадан тартып ой-кырдын баары акка көмүлүп, демейдегидей ышкырган бороон сокпой өрөөн ичи дене каарыган аязга толуп турган.

Дыбыраган майда добуш алгачы алыстан угулуп анан акырындап жакындап отуруп акыры короого кирип келишкен. Полдун алдынан аяр баш баккан Кумайык алгачы эч нерсе көрө алган эмес, антсе да бөтөн жыт искелип, башкача дабыштар чыгып короо ичинде кандайдыр жандыктардын жүргө- нүн туйган. Кимдер? Кандай немелер?

Жеңдей тешиктен дабышсыз чыгып, короонун четине жеткенде нары жакта жаткан чоң таштын үстүндө каркайган мүйүздөрү менен муздак абаны челип, биротола катырып койгонсуп килейген теке күзөттө туруптур. Мындай жаныбарды көргөн эмес Кумайык, мүйүздөрү тарбайып өтө эле чоң, турган турпаты да башка экен. Таңдануусу артып баш көтөрүп карап калды. Ошол замат тиги да аны байкай койду көрүнөт, кокусунан эле катуу бышкыргандай үн чыгарып секирген бойдон аттап-буттап бир паста көздөн кайым болду. Сарай алдына эбак эле чубап кирип, үстү жактан куюлуп түшкөн кар аралаш саманды тегеректеп алып жайбаракат оттоп жатышкан эчки-чебичтерди ит байкаган эмес экен, тиги текенин турган ордуна шимшилеп чуркап баратып, аз жерден короо ичинен үркүп чыгышкан кайберендердин туяк алдында кала жаздап, ойт берип зорго кутулган.

Мындай жандыктар мурун келишчү эмес бул тарапка, бийик беттердин карын шамал учуруп кетип, от жетиштүү болуп кыш бою тоо башында жүрө биришчү, кыясы быйыл ой-кырдын баарын текши калың кар басып, тоют издеп өрөөндөгү жабык короо-сарайларга чейин түшүп келүүгө кайбрендер аргасыз болушкан көрүнөт. Жан багуу кайсы жандыкка болбосун парз го.

Өзү ээлик кылган короо жайга ээнбаштанып кирип келишкен жандыктарды кууган болуп өрөөн ичин жаңыртып ара – арс үрүп кала берген, Кумайык. Болгону алардын издерин жыттап, баскан жерлерин шимшилеп чыкты, мурун-кийин көрбөгөн бөлөк жандыктар экен, жыттары да башка.

Алар экинчи кайрылып келишкен жок, биротола коркуп калышкан окшошот, иттен.

Кенедей күчүгү менен ээн тоонун арасында өткөргөн жашоосу мурунку турмушунан кескин айырмаланып, аны бул күндөрү не деген сыноолорго дуушар кылбады. Кичине эле шектүү дабыш угулса уйкусу умачтай ачылып дароо баш көтөрөт, көзүнө эч нерсе көрүнбөсө да телмире тиктеп, кулак түрөт. Кээде айлана-чөйрө, уюган караңгылык да ага кооптуу сезилип, койнуна кандайдыр бир белгисиз коркунучту катып, эми ыңгайлуу учурду гана күтүп тургандай туюлуп кетет. Бейжай соккон шамалдын уйгу-туйгу түшүп ырылдаган доошу болсун же чытыраган катуу аязга чыдабай көк тиреп менменсинген карагай-талдардын чарт-чарт жарылган үндөрү болсун, а түгүл алыстан болсо да карышкыр-чөөлөрдүн улуганыбы мындай учурда Кумайык үчүн баары кооптуу, кандай уйкуда жатса да селт башын көтөрүп, денеси таштай түйүлүп дабыш тыңшап, кирпик какпай тирмийип отуруп таң атырат. Жан деген таттуу го, аны сактап, жок дегенде кандай күтүлбөгөн коркунучка туш келбесин мүмкүн болушунча анын алдын алып калуу үчүн ар бир тирүү жандыктыктын эркинен тышкары жасаган аргасыз аракети болот тура.

Бир четинен анын өтө сактыгы айрым учурда күчүгү экөөнө пайда да алып келип жатты.

Түндүн кай мезгили экени белгисиз, бир маалда жалгыз ооз үйдү кандайдыр бир жандыктар айлана тегеренип жүргөндөй дабыш чыгып калды.

Чала уйкуда жаткан Кумайык дароо эле тышка атып чыгып көзүнө эч нерсе урунбаса да болгон үнү менен арсылдап үрүп жиберди.

Дегинкиси коркунучтуу учурдабы же жайынча бөлөк жанжаныбарларды өзү саксактаган жерден куугандабы кандай убак болбосун иттердин бирден бир ишенген куралы – бул үнүн катуу чыгарып үрүү, күч-кубаты жетсе а түгүл кууп барып тиш салуу, алкып-жулкуп үзүп алуу.

Бирок бул сапар Кумайык кызык абалда калды.

Толгон ай чатырап тийип турган. Тоо таш, ой-чуңкурлар караган көзгө айкын көрүнөт. Мелтиреген аппак кар ай нуруна чагылышып теребел куду күндүзгүдөй.

Ооздон жаңы гана узай берген Кумайыктын дал алдынан бир бозмук тарткан жандык карпа-курп чыга калып, көзгө илешпеген ылдамдык менен четке каргыды. Кандай неме экенин баамдаганча анын артынан кууп келаткан башка бир жаныбар күтүлбөгөн жерден иттин үрүп жибергенинен чочуп кайра арка секирип бир паста тоону көздөй узап кетти.

Кумайык анын түлкү экенинен жаземдеген жок.

Ал шумпай кимди кууп келди? Андан качып келген кандай жандык?

Сарай алдына жетип-жетпей ит токтоп калды, алды тарабына көз жүгүртүп. Аяк шилтегенге алы келбей калганбы узун кулактарын шалпайтып былк этпей коён жатыптыр. Саам өткөн жок, кокусунан эле ал дирт-дирт этип кыймылга келип ичинен бир нерсеси үзүлүп кеткендей тыбырап, арткы буттары менен абаны тарс-тарс тепкилеп алды да анан көп өтпөй биротола суналып кыймыл какпай жатып калды.

Кумайык эч нерсеге түшүнбөй аны кыйлага карап турду.

Түлкүдөн качып келатып аз жерден итке урунуп ала жаздап ошентип кокусунан туш келген кош коркунучтан байкуш коёндун жүрөгү жарылып кеткенин ал кайдан билсин.

Буйуруп койсо аш ушинтип алдыңа өзү эле келип калат тура. Актөш экөөнө бул күндөрү чыныгы той болду.

Деги эле бейпилдик эмне экенин Кумайык өз учурунда сезген эмес экен. Не деген коопсуз жашоо эле ал кез?! Кечинде атайын идишке куюп берген ашка курсагын кампайтып алып короо бурчундагы үйүлгөн кыктын бир капталын оюп жиберип, жылуу жумшак жатып алчу. Кокус дабыш чыгып, бөлөк-бөтөн жыт искелип, короого малбы, жанбы жакындап келгенде алгачы уйкусу жок чыканактай болгон кандек үрүп чыкчу безилдеп. Андан кийин дөбөт ордунан турчу, зоңк-зоңк этип. Кумайык баш көтөрүп эки жакты байкап карап туруп анан үн чыгарчу, болбосо анда ажылдап абалап, отко-сууга түшүп артынан сая кууп алуу деген жок эле, кез-кезинде гана тигилерге дем берип жаткандай борс-борс үрүп койчу, жаткан жеринен козголбой. Демитип короо жайга кирип келбегенден кийин же атайылап коркунуч туудурбаса өз жолу менен өтүп бараткандарга ыгы жок асылып мазесин алуунун кажети не? Андан көрө жылуу ордун суутпай, мемиреп жата берүү алда-канча артык эмеспи.

Минтитп, ээн тоонун арасында, эл-журттан алыс жаш күчүгү менен жалгыз калып, өз тамагын өзү таап, ар кандай коркунучтан сактанып, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп, өмүр сүрүү мүшкүлү мына бу караңгы түндөй бир паста басып калаарын ким билиптир? Кимдин оюна келиптир? Атаганат десең…

Муздак абадан кере тартып Кумайык өзүнчө күрсүнүп алды.

Таш боор тагдырдын дагы кандай катаал сыноолору алдыда күтүп турат? Аларга туруштук бере алаар бекен?..

Буттарын алдына катып бүк түшкөн калыбында башын ийиндин кырына жөлөдү, ыңгайсыз болсо да мындай абал жыт искеп, дабыш тыңшап сак жатууга ага мүмкүнчүлүк берчү, жашоонун ар кыл шарттары аны нелерге гана үйрөтпөдү. Мемиреген тынчтык кайрадан өкүм сүрүп, көздөрү чырмалышып бараткан, таң алдындагы уйкуга не жетсин, курсагың ток болуп, жаткан жериң жылуу болсо. Өгүңкү коёндун эти Актөш экөөнө бир топ эле дем берди, тоюнуп, аз да болсо кубат кошуп, ал ортодо Кумайык куштарга аңчылык кылып баскан тургандары да кыйла тыңып калды.

Эбепке себеп деп бекер жерден айтылбаса керек.

Кумайык кайрадан баш көтөрдү. Уйкусу биротола тарап, ордунан аяр турду. Уюган дене бою чыйрыгып, турган жеринде чоюла керилип, колу бутун жазды. Актөш уйкуда. Энесинин ордунан турганын да туйган жок, тек гана жылуу жаткан капталы коолдой түшкөнгө уйку-соонун араснда жатып денесин жыйрып кымырылган болду.

Күчүгүн аттап өтүп дабышсыз аяр басып, оозго жакындап барды, ит.

Түңкү жааган калың кар менен ооз жылчыксыз бүтөлсө да сырттан келген сууктун илеби күч. Шамал көтөрүлүп калган көрүнөт. Кумайык дымып калды. Жаңылган эмес экен, дыбыраган майда дабыш эми даана угулду. Бир эле жандыктыкы эмес, тоңгон жерди түрс-түрс басып, кар жиреп тобу менен келатышкандай. Токтоп калышабы саамга дымый түшөт да кайрадан дүрбөп ат койгондой катуулап чыгат. Булар кимдер? Эмне деген жандыктар? Демейде кой-эчкилер үрккөндө же козу-улактары жамырап короону көздөй чуркашканда ушундай дабыш чыкчу, дабырап.

Кумайыктын шалпайган кулактары теңселип кетти, кыймылга келип. А балким жакадан малдар келе жатышкандыр?! Ээси алардын артында, каадасынча аттын оюна коюп, бир тарабына кыйшая минип жай бастырып келатып жүрбөсүн?!. Иттин жүрөгү дүк-дүк уруп, оозду тозгон касабаны жиреп сыртка атып чыкчудай ыкыс берип, зорго кармалып турду. Кайрадан кулак түрдү, дымып. Жок, бул кой-эчкилердин дабышы эмес. Бөлөк, жыттары да башка. Анткен менен жакындап калышты көрүнөт. Муздак абага алгачы иретсиз баскан сандаган туяктардын дабырты тарап, саал өтпөй үзүл-кесил кор-кор эткен үндөр кошулуп, ызы-чуу түшүп, топураган жандыктар күргүштөгөн бойдон короого кирип келишти. Мурдатан бери келип, өздөрү ээ болуп жай кылып жүрүшкөндөй туш-тушка тарап, таш короонун төрүнө чейин жайылып кетишти. Кургакка киргенге куушуп ойной башташтыбы дүпүрөшүп ары бери чуркап, оюн салышып кээ бирлери ок тийгендей катуу чаңырып, кайра басылып, эми элегии дымыраган теребелди чууга толтуруп, короонун ичин бир паста чаң тополоңун чыгарып жиберишти.

Кумайык эми өзүн кармай алган жок, кожоюндары жокто бул короо жайга өзү ээ, аларды кайтаруу милдети ага жүктөлгөн. Демек бөтөн адам да, башка жаныбарлар да ал турганда бул жакка келбеши да, кирбеши да керек. Укумдан тукумга өтүп, туулгандан канына сиңип калган бул ыйык сезим эмелеги сестендиргенин унуттуруп, күч кошуп, дем берип ооздогу касабаны жарып сыртка атып чыгууга аргасыз кылды.

Коркулдап, чый-чуй эткен үндөр кулак-мээсин жеп, кыжыры кайнап жаалданган Кумайык сарайдын алдын карай атырылды. Кар калың болучу бирок, ага буйдалбастан каргый секирип, тиш-тишине тийбей ыркыраган бойдон арс-арс үрүп сарай алдына кирип барды.

Бул жапайы чочколор эле. Буга чейин калың токойлуу башка өрөөндү жай кылып, ошол жерге тукумдап андагы өскөн өсүмдүктөрдүн тамырлары, мөмө-чөмөлөрү менен тамактанышып кышты өткөрүп келишкен. Тоо ичине быйыл кар оор түштү. Суук да катуу болуп карагай, арча, башка жемиштүү дарактардын түптөрү зыңкыйып тоңуп, кыртышка тиш бакпай калды.

Шамалдын эпкини менен учуп түшкөн тообурчак, башка урук-мөмөлөр калың кар астына басылып, аргасы кеткен каман үйүрүн ээрчитип алып адыр-бөксөлөрдү ашып, суу жээктеп, жылуу булактар жайылып аккан жерлерди байырлап, эптеп курсак тойгузуунун аракетинде болушту.

Канткен күндө да жан багуу керек го, эчен жылдар бою жашаган өрөөнүн таштап, кыш ортолоп калган кезде минтип жер которууга аргасыз болду. Ээн калган короолор алар үчүн жан сактоонун акыркы мүмкүнчүлүгү эле: канча кылган менен мал кыгына басылып тоң деген жок, аз да болсо жем-чөптүн калдыктары, сөөк-саак, малдардын тарптары, чөп-чардын тамырла- ры табылап эптеп өзөк жалгоого, тиричиликтерин улантууга болот эле. Салып-уруп отуруп, акыры ушул өрөөнгө келип жетишип андан жакын көрүнгөн короону көздөй үйрүн ээрчиткен, каман.

Ачыккан торопойлор, аларды ээрчиген мегилжиндер ай-буйга келбей короого атырылып киришти. Баштап келген каман гана аларды туураган жок, көнгөн адаты менен четтей берип ураган дубалды таканчыктап, туш тарбына көз салып тура калды. ким билет, канча кылган менен башка жер, мурун-кийин көрбөгөн короо. Сактыкта кордук жок деген. Алгачы торопойлор тоюнушсун, ошолор ирденишсин, анан алардан калганы деле жетет, ага.

Күтүлбөгөн жерден мелтиреп уюп жаткан карды буркурата жиреп, оозун арандай ачып арс-арс үн чыгарып чубалган узун жандыктын өздөрүн көздөй качырып келатканын көргөн торопой-мегилжиндер алгачы турган-турган жерлеринде селейип-селейип катып калышты. Жаштары ушул кезге чейин итти көрүшкөн эмес, кантсе да карышкыр деп ойлошту.

Көз ирмемге эч бири кыймыл какпай туруп калышты да анан күзөттө турган камандын жүрөк түшүрө «корк!» эткен дабышы улай заматта баары жан алакетке түшүп, чуу көтөрүп оозду карай дыр беришти. Бири бирин жөөлөп, алдуусу, чоңураактары алсыз майдаларын тебелеп, ар кимиси өз-өздөрүнчө жанталашып эптеп короо ичинен чыгуунун аракетинде. Сыртка чыккандары туш келди безип, жыгылып тебеленгендерди эч кимиси караган жок. Алардын артынан короо оозуна жетип калган Кумайык тоголонуп туралбай жаткан торопойду бурдап өттү, оозуна кыл толуп, четтей берип кайра имерилди. Короо бошоп калган экен, эми эле ызы-чуу түшүп күтүрөгөн жапайы чочкорлордон дайын жок, шамал учургандай караңгыга житип кетишиптир.

Кумайык кайрылып кайра качырганда эти ооруксунган торопой ордунан атып туруп оозду көздөй умтулду, эми жетип аны дагы бир ирет бурдап же баса калаарында дал тике маңдайынан күрсүйгөн чоң каман атып чыкты. Торопоюн жанынан өткөрүп жиберип, калың кар буюм болбой эңгезердей күржүйгөн денеси дүгдүйүп, аркайган азуусун жалаңдатып, итти качырып калды. Ачууга буулуккан Кумайык алгачы байкаган эмес экен, ортодогу аралыктары аттамга жетпей, учкун чачыраган көздөрү теше тигилип, өзүн карай атылып келаткан каманды көрө коюп, ошондо гана өлүм коркунучун сезип болгон күч кубатын үрөп четтке буйтады. Алы кете түшкөн ит калың карга буйдалып анча каргый алган жок, болгону мурдагы багытын өзгөрттү. Анткен менен бул аракети аны нака өлүмдөн сактап калды. Зоока кулагандай күркүрөгөн добуш улап, камандын иймейген курч азуусу иттин каржайып бирден саналган кабыргаларын тиер-тийбес аралыкта сыдырып өттү.

Башы тулкусу менен бир бүтүн камандын имерилип ийкем бурула албаганы гана себеп болду көрүнөт бу сапар, антпегенде Кумайыктын кабыргалары бирден сөгүлүп, ичек-карды үзүлгөн аркандай чубалып тигинин азуусуна кетмек. Бирок, коркунуч али узап кетелек болучу.

Эпкин учурган буруксуган кар үстүнө жаба берип, ит силкинип кайра баш көтөргөндө салмактуу денесин токтото албай катуу күүлөнгөн бойдон каман тиги эле сарай оозуна жетип калыптыр. «Күр-р!» этип кайра бурулуп, тумшугун көтөрүп итти карап алды.

Кумайык эми бардыгын унутуп койду. Болгону чымындай жаны кылга илинип турганын, ушул жарык дүйнөдөгү жашоо-тиричилиги, ачпы-токпу өмүр сүрүүсү тиги жаналгычтын кайрылып жетип келүүчү көз ирмемчелик убакыт менен гана чектелип калганын даана туйду.

Күрткү баскан калың карда андан буйтап же ага жеткирбей качып кутулуп кетүүгө мүмкүн эмес…

Бул кезде күн чайттай ачылып, көптөн бери өрөөндү каптап жаткан үзүк төй коюу булуттар кырларды ашып кетип, эми асман бетинде кумуш тыйындай жылтылдаган майда жылдыздар. Ай жаң эле батканбы чартарап бозомук жарык.

Таң да атып келаткан шекилдүү, чыгыш тарап мала буурул тартып.

Борон көөрүктөй үйлөп турган кезде дубалдын түбүнө кар токтобой уюлгуп чаң ызгыта учуруп, сарай бойлото бийик касабага айландырып салчу. Бирок бул сапар шамал сокпой тынч жаап, эми сарайдын үстү да, тегереги да кебездей жумшак карга басылып, мурдагы касаба кайсы, ачык жер кайсы билинбейт. Таш дубал, анда-мында соройгон түркүктөр боолголонуп, андан ары тик жар карарат.

Кумайык сарайды жаңы гана айланып, жаан-чачында жаш козу-музоолорду камап койчу күпкөгө баш урду. Зымырылган бойдон барып пол алдына кире качпаса да тепкич астына жашынса болмок, ага деле үлгүрмөк, бирок ушул опурталдуу коркунучтуу ирмемде ал өзүн эмес, жалгыз күчүгүн сактап калгысы келди, анын аман калышы баарынан кымбат эле, ошондуктан үй тарапка атайы эле багыт алган жок, тескерисинче тиги желмогузду алаксытып, кандай болсо да жалгыз ооз үйдөн алыстатууну көздөдү. Эми дагы бир-эки ирет каргыганда күпкөгө жетип аны айланып кетмек, бирок ал ойлогондой болгон жок. Күркүрөгөн коркунучтуу дабыш куйрук улай угулуп, буйтаганга үлгүртпөй эбегейсиз күч көз ачып жумганча аны четке серпип жиберди.

Кумайык өзүн бүтүндөй жоготуп, эмне болуп кеткенин да билген жок жем баштыктай учуп барып калың карга чөгүп кетти.

Каман кайрылган жок, күүсү менен сарай четине жетип жар түбүнөн зорго айланды да өрөөнгө чыгып коркулдап жатып чачырап кеткен үйрүн жыйнап кийинки короону көздөй багыт алды.

Ар бир короо жайды бирден ит кайтарбас деген ойдо болду көрүнөт.

Кумайык кыйлада көзүн ачты. Сол жамбашы орду түбү менен жулунуп кеткендей какшап, көздөрүнөн от чагылып ооруп жатыптыр. Үч бүктөлүп жатып зорго жетип тили менен жалаганга өттү, ооруган жерин. Камандын курч азуусу сандын сөөктөрүнүн бырын – чырынын чыгарып, тарамыштарын тып-тыйпыл кыркып кеткен көрүнөт. Дагы оңдой берди болуптур, азуу саал өйдөөрөккө туура келгенде Кумайыктын чымындай жаны чырылдап бая эле жаннатка сапар тартмак экен.

Кечке дейре ордунан козголо алган жок, кыймылдай да албады. Болгону баш көтөрүп эки жагын карап коёт, эптеп ордунан жылып пол алдына жетсем десе эки көзү төрт. Ал жерде эч нерсе менен иши жок, эриккенде чычкандар менен оюн куруп күчүгү Актөш күтүп отурат. Энесинин азап тартып, айласы мүлдө кетип жатканын кайдан билсин? Эси-дарты тамакта да. Анткен менен ирденип бой тартып калды.

Кар болсо терең, андан да суурулуп чыгышы керек.

Күн жылымчы тартып, түш оой үстү жактан тып этип тамчы таамп калып жатты. Болор-болбос жылуулуктун илеби келет, тыш тараптан. Күн да узарып калганбы жер төлөнүн астына кирген жарык да кыйлага созулуп, жаздын жакындап келатканы байкалат. Антсе да эртели кеч аяз мурдагыдай эле катуу, кээде бороон башталып калса таң атканча тынбай улуп чыгат.

Акыры Кумайык эшикке чыкты, сүйрөлүп.

Тепкичти каптап жаткан касаба кар эрип, анын астын жылтырап муз каптап калыптыр. Короо ичи, айлана-тегерек, ой-кырлар да башкача көрүндү көзүнө. Каман чалгандан бери канча күндөр өттү, онбу, бир айбы эсебин кайдан билсин, мемиреп тийген күндүн нуруна кактанып, үч буттап отуруп сарай алдына эптеп жетти да дене боюн жазып жата кетти.

Деги, жарыкчылыктын өзү эле эмне деген керемет?!

Күндүн касиетин, анын баркын караңгылык – туңгуюктун туткунунда көпкө калган жан гана айныксыз билет. Ал-кубаттан мүлдө ажыраган денеге күн нуру да шыпаа белем.

Энесин ээрчип Актөш да чыккан сыртка. Дале чочулап өзүн андан оолак кармап, жаркырап тийген күн нурунан көздөрү уялып тепкичтин алдында кыйлага отуруп калды. Жер төлөнүн алдына караганда тыш алда-канча жылуу сезилди. Аба да, айлана да башка, жыты да бөлөк. Куштар жүрөт учуп-конуп, зорго ордунан жылган энеси аларды кууп барып кармай албай калсын. Өзүнүн колунан келеби? Карматышабы? Башын кыйшайтып көпкө аларды карап отурду да акырын жакындап барды эле баары дүр этип учуп кетишти. Жолотуша турган эмес. Те, асманда бир топ айланып жүрүшүп кайра келишет, бырпырашып. Эми анын эрмеги куштар болуп, эч болбогондо бирөөн кармап алсам дегенде эки көзү төрт. Бара-бара энеси менен да анча иши болбой, сарайдын ичи-сыртына чыгып өзүнө тамак издөө менен алек. Үзүлгөн куйрук-канатпы, башка жегенге жараган нерсеби ал үчүн олжо, энесинен тамак күтпөйт, анын абалын боолголоп болсо оор экенин сезген сыңары…

Кумайык эртеден кечке короодо. Алыс баралбайт, жамбаш сөөгү ооруксунуп жабыла учуп келип жайыла конгон куштарга да кол салабайт. Шилекейин кайра-кайра жутуп коюп жата берет. Антсе да сүйрөлүп короону нечен ирет кыдырып шимшилеп жүрүп, бактысына жараша жегиликтүү нерселер да табылып калат. Акырындап жаракаты бүтө баштады көрүнөт, үч буттап сорок-сорок секирип коңшу короого, андан өйдө көтөрүлүп карагай, калың арча, караган өскөн беттерди кыдырып, алардан ит-куш жеп калтырып кеткен жандыктардын алда-качанкы тарптары, канаттуулардын канат-куйруктары, жумуртка-кабыктары, а кээде алардын тоңуп калган бүтүндөй тулкулары кездешп калат.

Тоо ичи ээн болгон менен анда жашаган жандыктардын өлүк-сөөктөрү, ашкан-арткан калдыктары бар экен, алардын баарысы Кумайык менен анын күчүгүнө жан сактаар азык, атайы эле тамак. Эптеп жалмалап өзөк жалгашат.

Бир жолу күн түшкө жакындап калган учурда Кумайык тышты көздөй багыт алды, короодон чыгып. Буга чейин сыртка чыгалек болучу. Сарайдын төрүндө жаткан Актөш дароо эле ордунан туруп анын жанына жетип келди. Оюнда энеси менен чогуу болууну ойлогон, бул короодон башка тарап ага да кызык көрүнгөн. Бирок ал күткөндөй болгон жок, энеси кабагын карыш салып аны ачуулу карап турду да жакындап келгенде «Ар–р!» этип кадимкидей эле каап алды. Мындайды күтпөгөн күчүк эти ачынып каңшылап алып кайра качкан. Энеси болсо ага караган жок, үч буттап илээлеп басып короодон узап кеткен эле. Эмне үчүн өзүн ээрчипей жалгыз кетип калганына түшүнбөсө да, ага короодон узап сыртка чыгууга болбосун Актөш көңүлүнө бекем түйүп калды Аны бекер жерден жазалабайт, демек, ага баш ийиш гана керек!

Канча убактан бери ушул ээн өрөөндө өмүр өткөрүп келатышса да алар баштарнан өткөрүшө элек дагы кандай коркунучтар бар экенин экөө тең толук билише элек экен. Эс тартайын деп калган күчүк аны энесинин алабалын көрүп сезди.

Бир жолу эртелеп сыртка чыгып кеткен энеси түн ортолоп калган кезде үстү бүтүндөй кар-муз болуп сырттан сүйрөлүп отуруп зорго кирип, ийинге жетпей ортого жатып калган. Көрсө ошондо каманга чалдырып, жамбашын талкалатып алган экен. Ошо бойдон тышка чыгалбай, ордунан да өйдө туралбай колу менен жакын жаткан сөөктөрдү тартып алып аларды мүлжүгөн болот, там түбүнө эптеп сойлоп жетип кар-муздарды жалмалайт. Түн болобу, күн болобу эрикпей жалаганы жамбашы, салбырап кыймылдан ажыраган арткы буту. Анысына эмне болгон, эмне үчүн туруп мурдагысындай басып кетпейт? Актөш түшүнбөйт. Айрым убакта акырын жакындап энесинин жанына барат.

Мүмкүн анын жардамы керек болуп жүрбөсүн? Ал дагы жалап көрбөйбү, жамбашын? Бирок энеси ага ачуусу келе карап ыркырап койгон. Демек, анын жардамы кереги жок экен.

Актөштүн бирден бир эрмеги чычкандар: арсылдап үрүп кууп ойнойт, бирди жарымы колуна тийип калса сугунуп алат. Ал дагы тамак, өзөк жалгаса азык.

Алардан тажаганда энесине да тап берип калат, ойногусу келип.

Канчык кантсин, ал дагы күчүгүнүн абалын түшүнөт да, оюнга тойбой турган убагы, анын эрки менен болуп, жанынын кыйналып, этинин ооруганына чыдап тумшугу менен секин түртүп, «аф-аф!» этип кайра тап берип тигинин ойнун улайт, кулак-куйрук, моюн-башынан тиштегилеп, бучук мурдун жалап-жуктап эркелеткен болот. Анан кантсин, караганы да, караан тутканы да ушу күчүгү эмеспи. Ушунун айынан ээлеринен ажырап, ээн калган журтта өлбөстүн күнүн өткөрүп жүрбөйбү. Дагы жакшы, эптеп бой тартып, боор көтөрүп келатат. Ушуга да тобо!

Не кылган менен тагдырдын тандап койгон жолун кыйгап өтүш мүмкүн эмес тура…

 

* * *

Кумайык четки короодон ортодогу өгүз белиндей дүгдүйгөн жонду ашып калган. Кийинки коктуда өз короосу, бул жерден даана көрүнөт. Суук кайтпай жондогу кар али катуу экен, басканга кыйла жеңил, ага.

Кык арасынан чала мүлжүлгөн койдун жото жилигин таап алып, аны туурасынан тиштеп бирде тынып, кайра үч буттап сорок-сорок секирип бейгам келаткан. Каман чалгандан бери кыйла убакыт өтүп өзү да үч буттап басканга көнүп калган эле. Ал кубаты аз, мурдагыдай салып-уруп желип-жортуп кетүү деген жок, дем тарталбай күйүгүп кетет.

Капысынан эле төмөн жактан чыга келген көк карышкыр туурадан аны качырып сала берди. Артында чоңоюп калган бөлтүрүгү да бар экен. Ээрчишип жортуулдан келатышкан түрлөрү бар. Энесинен калышпай ал дагы атырылып алдын торой чыкты. Кулактары тикчийип, саргарган көздөрүнөн учкун чачырап тоңгон карды буркурата чаң ызгытат – ал күчкө толуп, боор көтөрүп эми кармашарга жандык гана табалбай турган чагы көрүнөт.

Кумайык өз өмүрүндө карышкыр менен тикеме-тике беттеше элек болучу.

Тоо ичин туман басып, уюган караңгы түндөрү уурданып койго тийгени келген карышкырды башка иттерге кошулуп, үй ээлери менен чогуу куушканы гана болбосо анын өзүн деле тик багып өңү башын көргөн эмес. Кайсы бир жылы кошуна малчы тоодон бөрүнү атып алып, короосуна артынып келип тери син сыйырып жатканда обочолоп качып жүрүшкөн иттерге кошулуп ал дагы көпкө жаткан жайына келалбай жүргөн. Карышкырдын каңырсыган жыты гана жүрөктөрүн опколжутуп коркутуп салчу, анда.

Күрсүйгөн желкесинин кылкандары сеңселип, эки аттап карышкыр анын жанына жетип келди. Көздөрү күйүп от, капкара таноосунан ысык деми буркурайт. Алыстан келатышканбы, шыйбылчактан тартып чандыр жүндөрүнө чейин муздар тоңгон, өздөрүнүн да демиккени байкалат. Керилген сындуу денеси сүрөткө тартып койгондой созулуп, ал ушул тапта жер жүзүндөгү эч ырайымсыз, эң каардуу жырткыч эмес эле өз алдынча жөн-жай жүргөн зыяны жок катардагы жаныбарга окшоп кетти.

Кумайык өз өмүрүнүн соңку сааты согуп, жашоосунун акыркы көз ирмемдери өтүп жатканынан шек кылган жок, тирүүлүктөн биротола үмүтүн үзүп койду. Болгон аракет, айла-амалы өз короо жайына көз жиберип ал жерде эч нерсе менен иши жок, бейгам жүргөн күчүгүн көрүп калууну самады, бирок кудурети жетип баш да көтөрө алган жок. Кичине эле кыймыл этсе жаналгычтай жакындап келген карышкыр, андан калса аркы бөлтүрүгү ирмемге келбей жеткирбей баса калып кийиздей тытып кетчүдөй сезди. Тиштеп келаткан сөөгү оозунан түшүп, Кумайыктын алгачы арткы жалгыз буту майышып, тигилердин жакындашы менен жели чыккан резина топтой улам кичирейип, бүгүлүп-бүрүшүп, муун-жүүндөн биротола ажырап, акыры бир ууч болуп бөгүп калды. Тырп этерге дарманы жок, үнү да чыкпай, деми токтоп калгандй. Карышкырдын жанган көздөрүнөн жалтанып тике карай албайт, жанын коёрго жер таппай бүтүндөй тулкусу калч-калч.

Карышкыр казыктай түз, балбан буттары менен тоңгон карды күрт-күрт басып, бир паста анын жанына жетип келип, жүрөк түшүрө «Ар–р!» этип тумшук созду.

Кумайыктын бүтүндөй дени өлүп, көздөрүн жумду, аны менен кармашууга, кайрылып ага каршылык көрсөтүүгө дарманы жок, качып деги кутула албайт.

Тагдырдын жазганына моюн сунду, аргасыз. Болгону ушул акыркы демде өзүнүн күчүгү көз алдына тартылып, соңку ирет жалынып-жалбарып, дилиндеги ага арнаган эң таттуу, өзгөчө ширин сөздөрүн, муң-кайгысын айтып жаткандай көмөкөйүнөн сызылган аянычтуу үнүн чыгарды.

«Алда, каралдым – ай… ушинтип менден айрылып калат экенсиң ээ… Эми көрөр күнүң эмне болот? Кантип жан сактаар экенсиң. Берекем – ай, мени күтөсүң го, качан келет деп… Жол карайсың го, үмүтүңдү үзбөй… Кантейин, аргам болгондо… Оо, каралдым… күчүгүм… Кош, берекем…»

Арсайган азуулар иттин желкесине матырылып, эбегейсиз зор күч көз ирмемде аны буйдалтай четке серпип жиберди. Бөз баштыктай учуп барып, энесинин ар-бир кыймылын тикийип карап турган бөлтүрүктүн алдына күп этип кулап түштү, Кумайык. Катыган кар оюлуп, иттин денеси бүтүндөй чөгүп кетти. Жан талашып тура калганга ынтылды эле кубаты жеткен жок, буттарын да тарта албады. Эмне кылып жатканын өзү да билбей, кескелдириктин кесилген куйругундай ар мүчөсү өзүнчө кыймылга келип, кар оюгунда будалана берди. Анын бул кыймылы бөлтүрүккө кызык көрүндү окшойт, буттарын талтайтып, башын кыйшайтып дал маңдайына карап турду. Мурун-кийин итти көргөн эмес, энесинин жетегинде болуп, ар кандай жортуулдарга катышып, ар кыл жандыктарга кол салуунун, аны жайлап анын эти менен тамактанып, ошентип жан сактоонун ар кыл жол-жобосун үйрөнүп жүргөн бөлтүрүк иттин эч бир каршылык көрсөтпөй, качууга да аракет кылбай дал эле бутунун алдында алсыз кыбырап жатышы аны чыны таңдандырды, бир эсе кызыгуусун да арттырды. Буга чейинки жолуккан жандыктардын баарысы, чоң-кичинеси дебей аларды көрөрү менен жин упгандай качып, кууп жетип колго түшүргөндө да тепкилеп, тыткылап эптп бошонууга аракет кылышчу. А түгүл анын жаштыгынан, өзгөчө тажрыйбасы жоктугунан пайдаланып кутулуп кеткендер да болуша турган. Андайлардын арасында өзүнүн алы жетпеген күчтүүлөрү, абдан шамдагайлары да бар эле.

А бул болсо алардын бирине да окшобогон башкача жандык экен.

Карышкыр бөлтүрүгүнүн кыймылсыз турганын жактырбады окшойт, шалбыраган жамажайын кескин артка тартып, азууларын көрсөтүп ырылдап койду.

«Рр-р!». Эмне турасың?! Бол, тезирээк жайла!»

Өзү тигиндей барып сунала жата кетти, нааразы болгондой тетири карап. Энесине бир көз жүгүртүп алып шашып калды, бөлтүрүк: демек, колго түшкөн жандыкты көпкө карап турууга болбойт экен. Күтүүнүн кереги жок, качырып барып алкымдан алып көтөрүп уруп, балжа-булжа кылып жайлап салуу керек, бир паста. Ыкчамдык, көзгө илешпеген шамдагайлык талап кылынып, канчалык тез, ылдам болсо ошончо жакшы. Аёо деген жок, мындай жандыктардын баарысы алар үчүн, аларга жем болуп, алардын өмүр сүрүп жашоосу үчүн жаралган. Жапайы дүйнөнүн жазылбаган заңы мына ушундай, аны аткарбай коюуга эч бир жырткычтын акысы жок. Карышкырлар да ушул мыйзам менен жашашат. Мындан башкача болууга мүмкүн эмес.

Кызыгуусу тарабай турса да каары кайнап итти качырып сала берди, бөлтүрүк.

Кардын катыган кеберин таканчык кылып жаңы гана ордунан туруп келаткан канчыкты дароо эле алкымданан алууну көздөдү, анткени кекиртеги кырча чайналып, кызыл өңгөч, кокосу үзүлгөн жаныбар экинчи ордунан турбайт, турган күндө да эч каршылык көрсөтө албай кайрадан бүк түшүп аргасыздан жем болуп берерин энеси ага нечен курдай көрсөтүп үйрөткөн, аны бөлтүрүк өзү да билип калган.

Бул сапар да ошондой ыкмага салып, мына бу үлдүрөгөн макулукту буйдамга келтирбей ары бери жайлап салууга умтулду, кармашып, күч сынашып алышканга арзый турган неме көрүнбөйт, ага убакыт коротуп отурабы..

Тикирейип жаңы өсүп келаткан курч азуулар тамагына карай көзөлүп келатканын байкаган ит тиштерин ырсайта ыркырап, мойнун буруп бүгүлө калды. Эми бир аз жакындаса эле чап атылып барып, кайра анын алкымына асылууну көздөп ыкыс берип ыңгайлуу учур күттү. Тигинин эрки менен болуп, жөн гана жатып бергиси келген жок. Кандай болгон күндө да соңку демин, болгон күчүн жумшап, кармашып жатып өлүүнү чечти, Кумайык.

Иттин сүрүн көрүп бөлтүрүк дароо эле кол сала алган жок, оңой неме көрүнбөйт итирейип алып, караганы да коркунучтуу экен, ал аргасыз кетенчиктеп, эми башкача аракет кылууну көздөдү. Көзүнүн үстү менен тикие карап айлана басып тооруганга өттү. Өзүнө ыңгайлуу ыгын келтирип туруп анан көз ирмемде жебедей атылып барып баса калуу да сыналган ыкма, болгондо да кармаша турган курмамандык күтпөгөндөй болсун.

Экөөнүн көздөрү бир биринен өтүп, арбашкандай от жанат. Ит коргонууда, кандай болсо да өзүнө кол салуунун мизин кайтарып, ошону менен жанын сактап, аман калуу. Аны күчүгү күтүп жатат, бошонуп алып ага жетип барса кана, атаганат…

А бөлтүрүктүн мынабу үтүрөйгөн неменин этине кызыгып турган жери жок, анын курсагы ток болучу, ал азыр жөн гана кезектеги машыгуунун үстүндө, кандай жаныбар болбосун ага кол салуунун ыңгайлуу, эң натыйжалуу жол-жобосун өздөштүрүү, үйрөнүү.

Качырып барып баса калып азууларын матырып, ыркыйган неменин колун кол, санын сан боюнча жулуп алып, канын суудай чачса, атаңдын көрү. Бул ага оюн, кезектеги убакытты иштиктүү өткөрүү болучу. Анын келечектеги өмүр сүрүүсү, тиричилиги жалаң кармашуу менен өтмөк, ансыз жашоого мүмкүн эмес. Ошон үчүн энеси тоону тоо дебей, нечендеген ой-кырларды ашып, өзөн-сууларды кечип жер таанытып, жолунан кездешкен канчалаган түркүн жандыктарды ага салып берип, баш тоголотуп үйрөтүп келаткан жери жок да. Буйурса мындайлардын далайы жолугат, алардын баары энеси экөөнө жем, керектүү азык, жашоо-тирликтерин улантуу болуп саналмакчы.

А мынабу итирейген неме ошолордун бири, учуру келип ажалы жеткен курмандык. Ичээр суусу түгөнүп, көрөр күнү бүтүп баратканын сезип турса да андан кутулуунун айла-амалын издеп, чымындай жанын сактоо үчүн өзү билген бүткүл аракетин жасоодо, ал дагы. Эптеп эле башын коргоп калуу анын максаты, тагдыры таразаланып турса дагы дале жашоодон үмүтүн үзбөй, жансогалап көздөрү жайнап алачакмактайт. Ким ага жардам бере алат, ушу кооптуу айкашта? Андай сыйкыр барбы, деги?

Аркайган аска, түнөргөн беттерден эмне ылаажы болсун, койнундагы жан жаныбарлардын өлүмү менен өмүрүрүнүн түбөлүк күбөсү болуп созулуп жаткан өрөөн да, менменсинип асман тиреген зоокалар да бардыгы тең кайдигер, ар кимиси өз-өзүнчө мелтирейт, иштери да жок.

Тигиндейректе, эне карышкыр. Бөлтүрүгүнүн тез эле тиги өлөсөлүү немени ары-бери жайлап, жесе жеп, жебесе бир жаңсыл кылып салышын күтөт.

Ошо өлөсөлүү канчык да өзү сыяктуу эле эне, анын да мына бу бөлтүрүкө окшогон күчүгү бар экенин, эгер азыр мерт болуп кетсе жарыкчылыкты жакшы тааный элек, өз тамагын өзү таап жанын багып кетүүгө кудурети жетелек наристе перзенти кароосуз калаарын ал кайдан билсин?!

Атаганат, адилетсиз дүйнө деген ушу белем.

Бирөөнүн өлүмү экинчисинин ичээр суусу экен да, ансыз алардын тиричи- лиги өтпөйт тура.

Жапайы дүйнөнүн жашоо шарты башынан эле ушундай болуп түзүлүп калыптыр, ким аны өзгөртө алат? Андай күч жок да.

Бөлтүрүк кайра качырды. Алсыз итти баса калып денесине туш келди тиштерин матырып-матырып алды. Буйдалбай үстүнөн ары бери секирип моокусу кана бурдап өтөт. Оозу толо кыл, тиштеринин арасында Кумайыктын үзүм-үзүм эттери, териси. Айланага кызыл-ала болуп кандар чачырап, жел учурган жулунган жүндөр. Барган сайын бөлтүрүктүн каны кызып, көздөрү чычаладай жанып кумары ашып, иттин айласын кетирип улам бир жеринен тиштеп алып көкбөрүдөй сүйрөп жүрдү. Иттин салмагы жокко эсе эле, андан да мазесин алып каршылык кылбайт, анда эмне үчүн аны менен каалашынча ойноого болбосун. Энеси болсо катуу уйкуга кирген окшойт, мейли жата берсин.

Мындай ыңгайлуу оюнчук күндө эле табыла бербейт. Ошентип бөлтүрүк эриккенин жазып, ой – боюнча итти эрмектеп жатты.

Кумайыктын бар аракети эле тигини алкымы менен чандырга жолотпоо, аны алаксытып, улам тулкусун качырып сүр көрсөтүп ыркырап, алынын келишинче коргонуп жатты. Улам барган сайын күч кубаттан тайып, эми мурдагыдай эмес кыймылы кашаң, зорго бурулат. Көздөрү да тумандап, бөлтүрүк бирде алыстан бүлбүлдөсө кайра дал маңдайына келип серектейт.

Ызага буулуп ал эми күчкө салып омуроолоп кайрадан качырды, энеси кокус баш көтөрүп байкап калса аны оңдурбашы турган иш. Чындап киришип биротола жайлап салууну чечти. Неге аны менен мынча эзилишет?

Алиден бери талпактай сүйрөп жүрүп ойну деле кангандай болду окшойт.

Ушул учурда Кумайыкка оңдой берди болуп, ыгы келе калдыбы, бөлтүрүктүн алкымына тиштери батып кетти. Итке караганда тиги алда-канча күчтүү эле анын тиштегенин чымын чакканча көрбөй алдыга жулунуп өзү менен кошо итти сүйрөп, түзөңгө тура калып башын кескин чулгуп-чулгуп алды. Ач кенедей жабышкан немени бир-эки силкүү менен тигиндей серпип жибергиси келди, бирок ал ойлогондой болгон жок. Чаң баскан терини күбүп жаткандай иттин чубалган денеси жерге күп-күп чабылып, кар бетинде киргил издер калып жатты, бирок бөлтүрүк кекиртегин анын тишинен бошото алган жок, сүйрөлүп жүрө берди.

Тамагынын улам кысылып, дем алуусу оорлоп баратканын сезип бөлтүрүк мурдагысынан да албууттанып, жини кайнап, эми кыймылы да ыкчам, кескин, мына бу өлөрман немеден тезирээк кутулуунун аракетинде. Отура-тура калып ары-бери жулкунат, бошой түшсө тиши тийген жерин кырча чайнап, бүтүндөй жеп жутуп жибергиси бар. А ит болсо жаактары карышып калгандай тигинин алкымын коё бере турган түрү жок, колуңан келсе дене-тулкумдун каалаган жерин тиштей бер дегенсип жаны жоктой сүйрөлөт.

Аба жетпей демигип, бөлтүрүктүн буттары да күчүн жоготуп алсыз, денеси оор тартып коргошундай уюп барат. Ыркырап же каңшылап энесин да жардамга чакыра албайт. Акыры башын төмөн салып кыймыл какпай туруп калды. Бу өлөрман немеден канткенде кутулаарын билбей, чында эле айласы кетип турду, бөлтүрүктүн.

Анткен менен бул абал Кумайыкка кыйла дем берди, алиден бери демиккени бастап, тулку боюна текши кан чуркап муундары кубаттана түштү, бир паста. Эң башкысы, теребел мурдагыдай тумандабай ачык, өрөөндү курчап турган тоо-таш, анда-мында соройгон карагай-тал, арча-кайың, жарым жартылай басылган короо-сарайлар кадимкидей даана көрүнүп жатты.

Өрөөндө эч кыймыл байкалбайт, мемиреген муздак тынчтык. Демдерин ичине алышып бул коркунучтуу кармашуу кимдин пайдасына чечилип, кандай жыйынтык менен аяктарын баары ичтеринен күтүп тургандай сезилет.

Акыркы демин алып жаткандай аздыр-көптүр өмүр өткөргөн өрөөн ичине, тоо арасына, өз короо жайына муңайым тигилет, Кумайык. Бардыгы тең көзүнө да, көңүлүнө да жакын сезилип, аларды карагандан талбайт. Ачпы, мүргүп басалбаган алсызбы ага карабай, баарына кайыл болуп ушу учурга чейин ээн-эркин аралап жүрбөдү беле. Эми, мына бу желмогуздар кайдан чыга калышты? Анын өмүрүнө чек коюп, жашоо-тирлигин кан буугандай токтотушабы, булар? Ага эми ким болушуп, ким бул жаналгычтардан арачалап калат аны?

Кумайыктын жашылданган көздөрүнө кайрадан жалгыз ооз үй, короо жайга урунуп, кокусунан эле ток тийгендей бүт тулкусу менен «дирт» этин силкинип кетти.

Актөш! Өзүнүн күчүгү…

Эч нерседен капары жок, сөөмдөй куйругун чычайта көтөрүп алып жертөлө алдынан короого чыгып келгенин даана байкады. Аралык бир топ алыс, атайлап үңүлө карабаса оңой менен көзгө деле урунбайт, анча байкалбайт.

Ошентсе да Кумайык сактанды, чочулады. Ээ, жараткан жамандыгыңды алыс кыла көр деген ниетте болуп, мына бу желмогуздардын назарларына урунба- са, өзү эмне болсо да күчүгү аман-эсен калып, тирүү жүрсө экен деп тиледи. А Актөштүн эч нерсе менен иши жок, кийинки учурлары жылуулук издеп күндүн чыгышын утурлап, сыртка чыгууну адат кылып алган. Шашпай басып сарай алдын көздөй жөнөдү.

Жел тийбеген бир бурчка барып күнөстөгөнчө энесин күтөт эми. Жол карайт. Анын куру келбесин билет, улам шилекейин жутуп коюп ооз тарапка көз жиберип коюп жата берет. Кечигип баратса чаңкылдап үрө баштайт, коркуу, сактануу менен иши да жок.

Күтүлбөгөн жерден Кумайык ордунан атып турду.

Оозуна бөлтүрүктүн кыл аралаш жылуу каны толо түшкөн экен, кылк эттирип жутуп алып, бүткүл күчү менен арыш керип жон ылдый салды.

Ушу тапта ал өз короосунан мүмкүн болушунча алыс узап кеткенге ашыгып, теңирден тескери тарапты бет алып, өрөөндүн төрүн карай жөнөдү. Тоңгон карга иймейген буттары тийсе тийип, анын шамдай болгон арык денеси бирде мөөндөй узарып, кайра жыйрылып, алды жактан белгисиз күч оп тартып бараткандай эми элеги таланган жерден кыйла алыстап кетти.

Бөлтүрүк эч нерсеге түшүнгөн жок, алгачы. Кысылган кекиртеги бошоп, кеңий түшкөн көкүрөгүнө агылып жан жыргаткан жагымдуу аба кирип, ар бир дем тартышы менен муун-жүүнү чыңалып, денесине күч толду. Эмелеги алы куруп, кыйналганы унутулуп, тиги төмөн карай сербелеңдеп качып бататкан итке тигилди. Көз ачып жумганча бир секирүү менен ага жетип барып баса калып соо жерин калтырбай үзүп-жулкуп бир паста бөлүп жарып чайнап салгысы келди.

Кайда качып кутулат, шордуу?!.

Ыркыраган коркунучтуу добуш чыгарып иттин артынан сая түштү.

Карышкыр баш көтөрүп куушуп бараткан тиги экөөнө көңүлсүз көз жүгүртүп койду. Эмнеге мынча көпкө илешет же ойну канбай жатабы? Антсе да анын кыраакы көзүнө бөлтүрүгүнүн томполоңдоп чуркашы кандайдыр кооптуу көрүндү. Тиги кексе канчык байкатпай анын талуу жеринен тиштеп койгонбу, шилекейине чачагансып жөткүрүп арышы сээлдей түшүп анан кайра күүлөнүп жөнөйт. Соо эмес.

А ийрелеңдеген ит тиги эле ойго түшүп кетиптир. Жок, бул чуркашы менен ага жете ала турган эмес, аралыктары улам узарып барат.

Карышкыр туруп итти кууп жетүүнү чечти. Буту-колун чайнап, өзүн чала жан кылып анан салып бербесе бөлтүрүгүн болбогон жердерден мертинтип алышы да мүмкүн. Талый түшкөн буту-колун чоюп, ордунан козголо берип көнгөн адаты менен тумшук көтөрүп аба искегенче тынымга тура калды. Тикчийген кулактары тынымсыз зырп-зырп этип дабыш тыңшайт: жакын тегеректе шектүү кыймыл пайда болуп, башка жанжаныбар келе калган жокпу, тынчпы?

Кыймыл какпаган ээн өрөөн, кулак-мурун кескендей мемирейт, муздак аба. Эч жактан жыт келбей, бардыгы зыңкыйып катып калган.

Карышкыр салмак менен алдыга каргыды, алдыңкы буттары жерге тийип-тийбей, созулган көрктүү денеси толкуган сууда сүзүп бараткандай бирде абада каалгып, кайра ылдыйлап дабышсыз алга сызууда. Ал бөлтүрүгүнүн артынан тик ылдый салган жок, алдыңкы буттары кыска болгондуктан эңкейиш карай чуркоо ага оордук кылат. Ошондуктан жонду кесип капталдай салып, жанталашып өрөөндүн төрүн карай кетип бараткан иттин алдын тороп тозуп чыгууну көздөдү.

Кумайык тез эле чаалыгып калды. Канчалык күчкө салып, болгон аракетин үрөсө да арышы кыскарып, жүрүшү сээлбий берди. Көкүрөгүнө аба жетпей муундары улам бошоп барат. Антсе да бар кубатын жыйнап, сарай алдындагы күнөстөп жаткан күчүгү элестеп ансайын чымыркана кайрадан аяк керет. Эптеп эле короодон алыстоо, бири артынан сая түшүп, экинчиси капталдан алдын тозуп келаткан тиги бөрүлөрдү азгырып, ошону менен күчүгүн аман алып калуу көздөгөнү. Канчалык узап кетишсе ошончолук жакшы, Актөштүн коопсуздугу ошончолук бекем болмокчу. Бир кадам, бир укум болсо да короодон алыстоо.

Ит өз жанын ойлогон жок, бул сапар өлүм кезеги аны кыйгап өтпөсүнө көзү жетип, бүткүл дене бою, болгон турпаты менен сезип да, туюп да турган. Лөкүйгөн энеси болбогондо бу макоо бөлтүрүккө оңой менен алдыра койбосуна Кумайытын көзү жетип эле турду. Көп болсо өзүнүн күчүгү менен куракташ, тең чамалаш чыгаар, бирок анын күрсүйүп ал-күчкө толуп турганы ичип жеген тамагынан эле, буга окшоп күнүгө жаш эт жеп, жаңы кан ичип турганда Актөш деле мындан кем болмок эмес.

Ар бир жандын тагдыры ар кыл болот тура.

Ар кайсы жеринде куурайы сербейген өрөөндүн кары текши катпаптыр. Кыр болуп созулуп жаткан дөңсөө-жондордогу карлар катуу, ал эми ойдуң-бөксөлөр үлпүлдөп жумшак экен, муздак шамалдын эпкини азыраак тийген көрүнөт.

Алгачкы эле ойго туш келген Кумайык күрткүгө очорулуп барып батып калды. Канчалык ыкчынса да кайра тура албады, ага да күч керек эле. Ансыз да артта келаткан бөлтүрүк жетип келип «ар–р» этип бурдап өтүп кайра качырды. Ызасы келип калган неме итти аяган жок, туш келди жерден тиштеп, үзүп-жулкуп талаганга кирди. Канчалык качырып келип ансыз да калың карга будаланган иттин улам бир жерине азууларын матырып-матырып алганы менен анын алкымына кол сала алган жок, бу өлөрман неме кайра өзүнө чап жабыша калабы деп чочулады көрүнөт.

Кумайыктын денесинде тамтык жок, бир жерине тиштер батып кетсе, жондору менен капталдарынын терилери сыйрылап, агарып сөөктөрү көрүнүп жүрөт. Каны шүшүндөп тамчылап тегеректин баары кызыл ала.

Жан деген кыйын го..

Тирүүлүктөн дале үмүтүн үзбөй соңку деми тартылып турса дагы ит акыркы күч-кубатын жумшап коргонуп жатты. Таканчыктап тик турганга алы келбей, болгону тиштерин ырсайтып сүр көрсөтүп, алкымын, чандырын кор-гоп качырат. Тигини жакындатпоо болгон-койгон амалы.

Иттин турбай калышынан пайдаланып бөлтүрүк бултулдап секирип, бирде аны дыргаяктатып куйругунан сүйрөсө, кайра качырып келип бурдап кетет, желке тумшугунан. Убакыттын өтүшү менен өз башы өзүнө оор болуп, зорго буруп Кумайык күч менен кыймыл кагып калды. Дагы бир аз, эми бир дем чыда дегендей өзүнө өзү кайрат берип, ушул акыркы көз ирмемде кандайдыр бир сыйкыр күткөндөй дале коргонуп жатты.

Карышкыр желе басып келип бая эле тигиндейрээктен орун алган. Бөлтүрүгүнүн ит менен кармашканы да ага кызык эле, ар бир кыймыл аракети, кол салуусу, ошол эле убакта өзүн коопсуздугун сактай билүүсү жапайы жашоодо эң манилүү, аны ар бир жырткыч так билүүсү абзел. Ансыз болбогон жерден мертинип алууга мүмкүн.

«Жайлап сал тезирээк! Кечке эрмектей бересиңби?! Бол».

Карышкыр бөлтүрүгүнө нааразы болгондой карап алды. Тиги иттин өзүнө жакындатпай жатканын байкап ордунан туруп барып баса калып томуктай башын бачыратып чайнап салууну да ойлоду.

«Эмнеге аны менен алпурушат? Бүтүрбөйбү, тезирээк..»

Кокусунан эле кулактары тикчийип кандайдыр дабыш тыңшап карышкыр башын көтөрдү. Саам өткөн жок, денеси жыйрылып түйүлө калды. Анын кескин кыймылынан басып турган жери «күрт» этип оюлуп, буттары карга батып кетти. Алга карай каргып бара жатып кыймылсыз жатып калган итти басып алып талап жаткан бөлтүрүгүнө баш буруп коркунучтуу «Рр-р!» эткен дабыш чыгарды. Ошо бойдон токтогон жок, арышын керген бойдон каптал тараптагы арчалуу бетти багыт алып атырылып жөнөдү.

Бөлтүрүк эч нерсеге түшүнгөн жок. Иттин сүр көргөзгөнүнөн жазганып саал артка боло берип акыркы ирет болгон каарын төгүп чабуулга өткөн.

Канткен күндө да алкымды бурдай тиштеп, анча болбогондо кекиртекти түп орду менен жулуп алмак. Бирок ал оюн ишке ашыра албай энесинин артынан зыр койгонго аргасыз болду.

Бөрүлөр черге жете электе эле асман бүтүндөй күр-шар түшүп чек ара тараптан учуп келаткан вертолёт көрүндү. Кантсе да карышкыр анын үнүн алыстан уккан окшойт.

Түшкө жакындап күн эми чокулардан кыйла бийик. Анын өткүр нурлары өрөөн ичине текши төгүлүп, күңгөй беттердин жука карлары астынан эрий баштаган. Жел да жүрбөй айлана мемиреп тынч. Капчыгай тараптан өзөндүн шары угулат, суу көбөйүп калган экен.

Кумайык кыймылсыз. Башы төмөн карап буттары иретсиз жайылып, жүндөрү саксайып, куйругу булайып тамтыксыз таланып, бөлтүрүк акыркы ирет алкымдаган жерде сулк жатты.

Уясына терең баткан көздөрү жумулган. Үстү-башынын бүтүн жери жок, дале канталап үзүк -үзүк терилери самсаалайт, жулунган жүндөрү бириндеп учуп тегерек толо кыл-кыбыр.

Вертолёттун учуп өткөнүн ал көргөн да, билген да жок, тоо жаңырткан анын үнүн да эшитпеди.

Тээ, көөдөнүнүн тереңиндеги жүрөгү гана элдир-селдир согуп, ач чеңгелин арбайтып алууга келген өлүмдүн мизин кайтарып, анын дагы бир жолу чыныгы ажалдан кутулганын айланага айгинелеп жатты.

Караңгы түшүп, түн жарымынан ооган кезде гана эптеп сүйрөлүп отуруп күчүгүнүн жанына жетти, Кумайык.

Таттуу уйкуга кирген Актөш энесинин келгенин туйган да жок.

 

* * *

Ошентип, эне бала болуп, ээрчишип алып тоо, кырларды, ээн калган короо сарайларды кыдырып чыга турган да күн келди. Алар эми дайыма бирге, кайда барышпасын бир биринен ажырашпай чогуу.

Энеси ордунан козголгондо, кайсы убак болбосун Актөш анын артынан тура жөнөйт. Бирде ага жакындап куйрук улаш, кээде жолунан өзүнө кызык көрүнгөн нерселерге алаксып артта калса да тыз коюп заматта ага жетип барат. Алар барбаган короо сарайлар калган жок. Эртең менен чыгып кетишет да керээли кечке кыдырып тиштерине урунуп, өзөктөрүнө эм болор тамак-аш издеп жүрүшүп күүгүм кире кайра кайтышат.

Актөш кыйла өскөн, бою да бийик тартайып. Көзү ачылып, көп нерселерди түшүнүп, өзү жашаган караңгы жертөлөнүн алдынан башка да учу-кыйры кенен дүйнө бар экенин сезди. Анда бирде жаркырап күн тийип жылуу, айлана мемиреп, бардыгы койнун ачып аларды эч коркунучсуз кыдырып чыгууга болоорун, а кээде карыш жер көрүнбөй дене каарыган суук күчөп сыртка баш багалбаган ызгардуу бороон күн-түн дебей тынымсыз согуп турарын билди.

Энеси экөө күндө кыдыра беришип эми ага барар жери, басар жолу да белгилүү болучу. Куйругун чагарак кылып алдыга түшүп алып жол баштайт. Энеси аны эркине коёт, үч буттап сороңдоп артынан келе берет. Майда барат бир нерселерди жалмалашып экөөнүн тең аракети курсак тойгузууда.

Канча кылган менен ушу зыңкыйп тоңуп калган аска, адыр-кырларды аралап жандыктар, куштар жүргөн экен, бир учурларда. Тирүү жан болгон жерде сөзсүз из, кандайдыр арткан-ашкан калдыктар калат. Алардын көбү аш болумдуу нерселер, өзөккө жетсе болду, алар ошого да ыраазы.

Күн өткөн сайын карлар көпшөк тартып калды.

Мурдагыдай эмес, айрым жерлери күрт этип түшүп кетип басуу кыйын. Актөшкө эч нерсе эмес, төрт аягы бүтүн, канча тереңге түшсө да оңой эле секирип чыгып кетет. Кыйналган жалгыз Кумайык, секирип чыкканга алы жок, андан да жалгыз бутуна таканчык кылуу оор. Аргасыздан карарган жерлерди тандап, калың карларды айланып өтөт.

Короого, кийинки кездери учуп келип конгон куштар да көбөйүп калды. Кайдан-жайдан экени белгисиз, балким келгин куштарбы, карарган жерлерге топ-тобу менен жайыла конушат, кыязы былтыркы чөп-куурайлардын дандарын терип жешет окшойт.

Куштардын көбөйүшү экөөнө да оңдой берди болду, өзгөчө Актөш туш келгенин качырып барып баса калып жеп, курсак тойгузуунун үстүндө. Кээде энесинен бөлүнүп өзүнчө да кетип калат.

А Кумайыкка үч буттап куштарга кол салуу оор машакат, качырганына оңой менен жете албай канча ирет өкүттө калды. Ага да күч-кубат, шамдагайлык керек экен.

Бул сапар экөө короодон чыгышканда күн али тоо артында эле, анын нурлары гана асман бетине бозомук тартып жайылып келаткан. Кумайык коңшу короону көздөй багыт алды. Күндө эмнегедир карарган жондорду, кары кеткен беттерди аралап кетишип бул тарапка көптөн бери катташа элек болучу. Багыт өзгөртүү экөөнө тең кызык көрүндү белем, басыктары ылдам, биринен бири оозуп тез эле таш короого жетип келишти.

Ансыз да жапыз дубалдын бою менен тең касаба, дарбаза жак гана ачык, кары жука, муз. Күндүзү эрип көлкүлдөгөн суу басып жатса керек.

Алды жакта келаткан Кумайык токтой калды, тумшугун көтөрүп. Кандайдыр жыт искелди көрүнөт алды тараптан, күчүгүнө карабай акырын жылып тамдын түбүнө багыт алды.

Муздак жел аргы өйдөтөн уруп турган, Кумайык дароо эле багытын өзгөртүп дубалды айланып кетти. Актөш аны ээрчген жок. Кийинки кездери аң улоодо энесинин артынан чуркап ага жолтоо болгусу келбегендей ордунда отура берчү же башка тарапка кетип калчу.

Атайын келе жаткандан кийин киргиси келдиби ооз жакка багыт алды. Короо кенен, там жапыз, демек каалаган жак менен кирип барса болот, сарайга.

Жыт алуусу Кумайыкты алдабаптыр!

Там кырынан ичке көз жүгүртсө тамдын түбүн шимшилеп түлкү жүрөт. Бейкапар. Узун куйругун булайтып бирде токтоп там түбүн жыттап, кайра алга жылат, акырын. Чычкан аңдып жүргөн кейпи бар. Эки жак менен иши жок, көптөн бери келе берип, бул ээн короону биротола менчиктеп алган шекилдүү.

Бир маалда чычкан качты окшойт, чочугандай куйругун булак эттирип ордунан секирип кетти. Мына эми ага чыныгы эрмек, накта рахат табылды белем түлкү дардалаңдап аны кубалап, бирде анын алдына чыга калып тосуп, кайра качырып, асман-аяк секирип эрмектеп жатты.

Эч жакка көңүл да бурбайт. Колуна тийгенин кулк жутуп жиберип кайрадан тамдын түптөрүн шимшилөөгө өттү, эртең мененки тамактын камын көрүп жүргөн көрүнөт. Ага да курсак тойгузуу керек да.

Кумайык дымып калды. Ээн тоонун арасында жашоо ага мурун анча этибарга албаган из кубалоо, аңдуу, жыт алдырбай канча болсо бугуп жатып анан ыгы келе калганда гана кол салуу окшогон көп ыкмаларды үйрөнүүгө, болгондо да жаза кетирбей аларды пайдаланып калууга аргасыз кылды. Өз убагында тамагын берип, анын амандыгына көз салып алпештеп баккан ээлери жок, бул жакта. Алар алыста. Тамак табуу, өз жаның үчүн кам көрүү эми анын баары өзүңдүн гана ишиң. Дагы жакшы Актөшү бой тартып келатат, анча кол карабай.

Түлкү сарайдын төрүнө жетип кайра тартты, чычкан таппады көрүнөт. Жерден тумшугун албай там түбүн шимшилеп улам жакындап келатты. Кумайык саал артка болуп тымып турду да тигинин туштап келгенин болжоп тамдан алыс каргыды.

Мындай кол салууну күтпөгөн түлкү «чай-й!» эткен ачуу үн чыгарып көзгө илешпеген кыймыл менен артка боло берди. Ит аны шилиден чала тиштеп калган экен, түлкү андан көз ирмемде бошонуп алып жан талашып түркүктү айлана качты. Кумайык да калышпай, анын артынан сая түштү.

Дал ушул учурда анын тике маңдайынан Актөш чыга калбаганда өткөндөгүдөй балким кутулуп да кетет беле, аз жерден күчүккө бетме-бет урунуп ала жаздап шаштысы кетип калган түлкү каптал тарапка каргыды. Бошоң тартып калган калың күрткүдөн кайра тура калганга үлгүргөн жок, күүлөнүп келаткан ит «Ар–р!» этип баса жыгылды.

«Колго түшкөн коёнду коё берген оңорбу» – дегендей экөө аны эки жагынан тытмалап кирди.

Үзүмчүлүк учурда түлкүнүн эти күчүгү экөөнө үч-төрт күнгө атайы эле азык болду, жаш эт жеп, жылуу кан ичишип экөөнүн тең курсактары тоюп, ооздорунун тегерегине жуккан кандарды эрине жалап, эми баскан тургандары тың, кыймылдары ийкем, эзели курсактары ачпагандай…

Күн кыйла узарып, мурдагыдан эрте чыгып, кеч батат. Сууктун да илеби кайтып, күңгөй беттеги карлар дээрлик кетип, ой-чуңкурлар менен карагай, калың карагандардын арасы гана ала телек. Бет ылдый шыркыраган киргил суулар. Анткен менен тескейдин карынын чети оюла элек, тиги эле жайдын кап ортосуна чейин барчудай. Негизинен муздак жел аргы ошол тараптан согот. Түнкүсүн дене ичиркенткен суук эле, суулар тоңуп.

Бул күнү алар эрте кайтышты. Адаттагыдай Кумайык короого кайрылган жок, түз эле төмөн тараптагы капчыгайды көздөй салды.

Асты эрип калган карды кечип бирде жогору чыгып, андан кайра ойго түшүп акыры көпүрөдөн өтүп кетти. Кандайдыр бир белгисиз күч жетелеп алгансып токтоо, отуруп эс алуу деген жок, сорок-сорок этип уч буттап баратса да жүрүшү тың, ылдам.

Кайда баратат? Эмнеге?

Актөш эч нерсеге түшүнбөй артынан илелөөдө.

Бир аздан кийин ийрелеңдеген жол терең капчыгайга кирет. Анын кайда барары күчүккө белгисиз, алар бул тарапка келише элек болучу.

Кумайык токтогон жок. Капчыгай ичи уюган айрандай калың карга басылып жаткан экен, бирок ал жолдун нугунан жаземдеген жок. Күрткүнү айланып өтүп, жар боорлоп отуруп кийинки бурулуштан жонго көтөрүлдү. Кар жокко эсе, Шамал айдап, калганы эрип кеткенби ылай аралаш шагыл баскан жол кара. А түгүл те, күздөгү малчыларды көчүрүп кеткен машине- лердин издери өчпөптүр. Күнү бүгүнкүдөй, оймо-чиймелери даана байкалып, бул жерден алар бир аз мурда эле күркүрөшүп өтүп кетишкендей. Туяктардын издери, жаңы кургай баштаган койлордун корголдору…

Кумайык тумшугун жерден алган жок, ээлеринин кеткенинен бери канча убакыт өтсө да ага кечөө өтүшкөндөй шимшилеп жыт искеди, ширенкнин кутусун таап аны жалап да көрдү. Чегилген папиростун куйруктары. Эмнегедир аларды өзүнө жакын көрүп, ары бери өкчөңдөп бирин таштап экинчисине өтөт.

Малды жаканы көздөй айдап чыгышканда айдагандар жол башы деп ушул жонго токтошо турган. Дасторкон жайып: «Жолубуз шыдыр, жолдошубуз Кызыр болсун. Малыбыз түгөл, өзүбүз эсен бололук!» – деп бата кылышып анан жүз граммдан серпип алышып, күжүлдөшүп жол тартышчу. Иттер да алар менен чогуу болуп, ээлерин күтүп тигиндейректе жатышчу, күтүп.

Жол четинде былтыркы тамактын калдыктары да бар экен, ээси өз колу менен салып бергенсип Кумайык боортоктоп жата калып сөөктөрдү мүлжүдү. Деги эле алгачкы ирет тамактанып жаткансып эбак куурап кагырап калган сөөктөрдү улам шимип, мооку канбай кайра-кайра кемирет.

Күчүгүнө карап да койбоду, анын курсагы ток, энесинчилеп жондун үстүн шимшилеген жери жок. Тетир карап чете отурат.

Түбөлүккө катып калгандай менменсиген тоолор, бийик аскалар. Мунарыктаган терең капчыгай, жол жакага ушу тоо арасы менен суу бойлоп төмөн карай кетет. Өткөн жылы да ушул жол менен кетишти го, анын жакын адамдары, өзүнүн дөбөтү баш болгон үйрү. Аба жетпей жаткансып созо дем тартып оор күрсүндү. Шилекейи түгөнүп, тамагы кургап баратканын сезди. Аргасы түгөнүп, кимдир бирөөлөрдөн жардам сурагандай асманды тиктеп алып улуп жиберди. Буулугуп, дене бою тарамыш болуп түйүлүп, анын жүрөк титиреткен муңдуу добушу бирде сызыла үзүлүп, бирде кыл кыяктын үнүндөй уңулдап, эриккен аска-зоокалар коштоп, ар түркүн болуп жаңырып алда-кайда тарап жатты.

Көкүрөгүндөгү сары зилдей уюган муң-кайгысын, башынан өткөргөн азап-тозогун, баарынан да өзүнүн жакын адамдарына болгон кусалыгын ушул улушу менен көөдөнүнөн чыгарып жаткандай сезилип, ошондон улам аз да болсо жеңилдик алган шеклдүү. Көпкө басылган жок, өзүн өзү токтото албай өчүккөндөй улуй берди.

Күчүк энесине жакындай алган жок, анын басылбай улуганына эмнегедир өзүн күнөөлүдөй сезип, башын төмөн салып тигиндейрээкте. Анда-санда көз кыйыгын жиберип астыртадан аны карап коёт.

«Болбодубу, эми. Кечке эле улуй береби?» – деген тейде.

Анын эмнеге улуп жатканы менен эмне иши бар…

Алар короого жылдыз толгондо гана кайтып келишти. Актөш мурдагыдай энесине жакындай алган жок, анын кабак-кашы, отуруп турганы да таптакыр башкача болуп өзгөрүп кетиптир.

 

* * *

Кийинки окуялар Актөш күткөндөй болгон жок.

Алар сыртка чыкканда али караңгы экен, бирок куштар короого бая эле учуп келишкен окшойт, чыркылдашкан үндөрү угулат.

«Акырын! Тигилерди чочутуп алба!» – деген тейде тышка баш бага берип Кумайык күчүгүнө кайрылып карап койду. Энесинин бул ишараты ага маалим, тепкичтин алдынан чыкпай кородо жайылып жүргөн куштарга көз жиберди. Жаңы ачылган кар алдынан көтөрүлгөн өсүмдүктөрдүн чириген дандарына караганда короо ичинен табылган кургак жем аралаш азыктар кыйла даамдуубу куштар бул жерге келишкенин токтотуша элек.

Кумайык шып этип там айланып кетти. Актөш анын артынан ээрчиген жок, башын кылтыйтып энесинин кол салуусун күтүп турду. Мындай ыкмага жакындан бери өтүшкөн, мына азыр энеси дубалдан артылып түшүп топтошкон куштарды качырат, даяр турган Актөш атып чыгып дал маңдайдан кол салат. Учканга үлгүрбөй, кайда качышаарын билбей бир бирине урунуп, ошону менен бирге экөөнүн соккусуна кабылышып кулап түшкөн куштар экөөнүн эртең мененки тамагы.

Ачкалык ар кандай жол менен курсак тойгузууга аргасыз кылат тура.

Күн жаңы гана тоо артынан көтөрүлүп калган кезде экөө ээрчишип кородон чыгышты. Айрылышка жетип Кумайык капчыгайды көздөй бурулду. Чоң жолго түшөөрү менен кадамы ылдамдап, эбелектей серең-серең этип тез эле узап кетти. Токтоп артына кылчайган да жок. Күчүк таштын түбүнө келип көчүк басты.

Демейде курсактары тоюп, башка жактан кайтышканда энеси түз эле өз короосун көздөй жөнөчү да сарай алдына жетип узунунан түшүп уйкуга кирчү. Ушу жарым-жартылай карга басылган таш короо. жалгыз ооз үй, анын караңгы асты башкаларга алмаштргыс өзгөчө жай катары сезилүүчү экөөнө тең. Эмне себептен күн болобу же айсыз караңгы түнбү, мейли тоодон, же өрөөндөгү ушуга окшогон башка короо-сарайдан кайтышпасын сөзсүз ушу жерге келишет. Эмне үчүн? Бөлөк жайлардан кандай айырмасы же өзгөчөлүгү бар?

Анын маанисин тереңдеп билбесе да башынан бери өздөрү жашаган жертөлө, өзүлөрүнүн короосу, демек тамак издебеген убактан башка учурда сөзсүз ушул жайга гана келиш керек деп түшүнүчү Актөш.

Түндө сагызган изи кар жааптыр. Айлана тегерек бүтүндөй ак, кечөөкү карарып жаткан жол карга басылып, төмөн карай кеткен издер көрүнбөйт.

Энесинин улам узап кетип баратышы Актөшкө жаккан жок, көңүлсүз ордунан турду. Кечөөкү жерге барып дагы улуйт тура деген ниетте башын шылкыйтып энеси кеткен тарапка бет алды. Чуркаган жок, тек гана баары бир жетем деген тейде эки жакка карап коюп жаңы түшкөн анын изин улап жүрө берди. Энесинин катуу кеткени билинип турат, демейдегидей чубалжып сүйрөлбөй, ар бир аягынын баскан издери бири биринен алыс, жука да болсо кар чачырап калыптыр.

Кайда шашып баратат? Эмнеге аны күтпөйт? Түшүнгөн жери жок.

Илкий басып отуруп күчүк кыйлада бурулушка жетти. Энеси көрүнбөйт, издери жатат. Алыстап кеткен экен. Алды тарапта дагы бир бурулуштан кийин кечөөкү жон, энеси ошол жерде аны күтүп отургандыр.

Эч нерсе эмес, азыр жетет. Эмне үчүн кечөөкүдөй улубайт? Актөш кадамын улай берди. Курсак тойгондон кийин жылуу жерге жатып алып уктаганга не жетсин, ичинен энесинин жоругуна кыжыры кайнайт.

Дайыма эле бир нерселерди ойлоп таба берет..

Капчыгай ичине күн нуру тие элек, кар да калың. Төмөндө өзөн күр-шар түшпөй, үстүн муз басып тынч, азыр кирелек кези, күн ысып тоолордогу карлар эрип, мөңгүлөрдүн сууларына кошулганда тиги эски нугуна батпай ошондо чындап таш агызат. Кулун тай эмес жылкы, уйлар түшүп кетсе алардын кайра чыгышы да күмөн.

Илээлеп белге чыгып келсе ал жерде эч ким жок экен, из да токтобой түз эле өтүп кеткени байкалат. Күчүк дабыш тыңшап саамга тура калды, жок, дымырап тынч. Энеси узап кетиптир.

Окуянын мындай болоорун күтпөгөн күчүк сестене эки жагын карады.

Типтик болуп асман тиреген аскалар, мурун кийин аралап көрбөгөн дүгдүйгөн караган-черлер, кар жамынган карагай, арча эмнегедир кооптуу, кандайдыр сүрдүү көрүндү көзүнө. Алардын арасынан кимдир бирөөлөп атып чыгып өзүнө кол салчудай сезилип, элеңдеп эки жагын карап коркконунан кыңшылаган боюнча алга карай жөнөдү.

Алыстан тоо ичи жылаңач көрүнгөнү менен кардын чети оюлбаптыр.

Ар кайсы жердеги үйдөй таштар үстү-үстүлөрүнө карлар жаай берип алар да эми ар түркүн кейипте: бири ак элечекгин кийип жүн тытып бүкчүйүп отурган кемпирди элестетсе, оозунан ак көбүгүн чачыратып, бакырып обдула берген буурага окшоп кетет, кээ бири. Жол бетиндеги калың кар дагы муздай мелтиреп катуу экен. Шамалы басылбаган капчыгай ичи али суук болучу.

Актөш аны сезген жок, тескерисинче бар күчүн жумшап тынбай чуркагандан денеси нымшып, жүндөрү сууланып тердеп чыкты, Коркконунан күйүккөнүн да, колу-бутунун талыгынын да сезген жок, тескерисинче денеси жеңил тартып, муздак аязда бир калыпта чуркоо ага кызык көрүндү.

Капчыгай улам тереңдеп, зоокалардын учтары те, алда-кайдан мелжип, туманга басылып көз жетпейт. Дале болсо күндүн нурлары тарабай, төмөндөгөн сайын көлөкө калыңдап барат.

Күчүк энесине кыйлада жетти. Атайы күтүп отурган окшойт, жол четине көчүк басып. Үч буттап тынбай сороңдоп желе басуу да оор болсо керек, чарчап калган түрү бар. Анткен менен көз карашы башка, көңүлү көтөрүлүп алда нерсеге өзүнчө эле сүйүнүп тургандай, жакындап келаткан күчүгүнө жайдары, жакшы маанай менен көз жүгүртүп алды.

«Ии, корктуңбу? Буттарың ооруган жокпу? Эми биз ушинтип кете беребиз. Баса турган жолубуз алыс. Чыда!»

Жанына келип жата кеткен күчүгүн эркелеткендей тумшук-башынан жалап койду. Актөштүн энесине болгон таарынычы тарап, чарчаганын да сезбей калды.

Ээрчишип алып кайрадан жол улашты. Отуруп бир аз эс алганга Кумайык сергий түшкөн экен басканы мурдагыдан тың, ылдам. Улам баш көтөрүп алды жактан кандайдыр бир жыттарды искеп, бирөөлөрдү көрө койчудай алды тарапка үңүлө тигилет. Мүмкүн өзүнө тааныш жайыктарды издейби мал жайылып, аларды айдаган малчылар отуруп эс алган жерлерге кайрыла калып кар басып жатса да бир паста шимшилеп чыгат. Эсине бир нерселер түшөбү терең дем тартып күрсүнүп алып кайрадан жолун улайт. Өзүнөн калышпай куйрук улаш келаткан күчүгүнө дем бергендей кез-кези атайы кайрылып көз жиберет, мындай алыс жолго чыкпаган неме чарчаган жокпу, ооруксунбайбы деген ниетте. Ээрчитип алып тоо-таш, ой-кырларды кыдыртып жакшы эле такшалтты го, кийинки айлары, жакага кыйналбай эле жетүүгө тийиш.

Кумайыктын тынчсызданганы – баягы эле тамак. Эптеп жегенге ылайык бир нерселерди табуу, өзөк жалгоо. Өзү болсо чыдаар. Канча кылган менен ээлерине, өз короо жайына бара жатпайбы. Күчүгүнүн кыйналары турган иш, жол болсо алыс, бийик ашуу дагы бар ортодо. Мал айдаганда белдин түбүнө келип бир конуп, өрүү кылып, анан жол улашчу эле.

Алар токтошкон жок, бир жакка ашыгып жатышкансып ылдамдыктарын да басаңдатышпады. Энесинин сербелеңдеп өйдө-ылдыйдан да иргилбей кетип баратышы Актөштүн гана кыжырын келтирип жатты. Калып калгандан коркот, мурда келип аралап жүрбөгөндөн кийин тааныш эмес капчыгай ичи өтө эле кооптуу сезилет.

Жол өр тартып, күңгөй бет бүтүндөй кара экен.

Күн эбак эле түштөн ооп кеткен. Муздак жел аргы дене ичиркентет. Бирок алар суукту сезишкен жок. Экөөнүн тең курсактары ач, тынбай катуу келгенге кыйла чаалагып да калышкан.

Кумайык токтоп демин басып алып анан жолдун четтерин шимшилегенге кирди. Кыясы былтыр күздө койлорду бетке жайып жиберип ушул жерге эс алышкан көрүнөт, малчылар. Карын шамал учуруп кетип, бет көптөн бери ачык болгонбу топурак, чөптөрү кургап чаңы чыгып калыптыр.

Актөш да шимшилеп өзүнчө тамак издеп жүрдү. Дасторкон жайып тегеректеп отурган жер болсо керек нандын калдыктары, мүлжүлгөн сөөктөр бар экен, экөө аларды жалмалаганга киришти. Тегеректи жыттап, шимшилешип дагы бир азга жүрүшкөндөн кийин Кумайык жол четине кыйшайып бүк түштү, эс алгысы келди көрүнөт. Тиги өрөөндө жүрүшкөндө да энеси ушин- тип жатып уктап алчу. Бул сапар да ошентет, анан туруп алып короого кайта кетбиз деп ойлоду Актөш.

Бул жерде деле жарытылуу тамак жок экен, эмне үчүн бул жакка келдик?

Эч нерсеге түшүнгөн жок, энесин туурап жол четине жата кетти да чарчап калган экен, кирпиктери жабышып дароо эле уйкуга кирди.

Кумайык анча көпкө жаткан жок, эрте жарыкта белден өтүп кетиш керек эле, ордунан турду. Ыркыраган добуш чыгарып күчүгүнө карап коюп, узай берди.

«Тур. кеттик! Эртелебесек болбойт, ашуу бийик…»

Актөш ыңгыранып баш көтөрдү, энеси бир топ жерге барып калыптыр.

«Кайда баратабыз? Ал жакта дагы эмне бар?» – деген тейде көңүлсүнбөй анын артынан ээрчиди.

Кумайык ойлогондой болгон жок.

Ашуудан өтүп алышса жол жарымын басышкан болушат эле, бирок сырт өрөөнүнө быйыл кар оор түшүп капчыгай ичинин көп жеринде жазга жакын көчкү көчкөн экен. Бири те, бийиктен көчсө, айрымдары ылдыйдан көчүп жолдун бир далай жерин алып кетиптир. Машине эмес жөө адам басып өталбайт.

Белге али көп бар. Кумайык аргасыз токтоду, алдыда жол жок. Анын ордунда тик жар, ар кай жерде түбү менен жулунган караган, арчалар. Бир узун карагай төмөндө көпүрө болуп асылып турат. Учу сынып, бутак-чегедектери бүтүндөй шыпырылыптыр, бийиктен көчкөн көрүнөт.

Демейде жол минтип үзүлчү эмес, бирде жар боорлоп, кайра төмөн түшүп өзөн бойлоп, кээ жери жазы тартып, айрым гана бөлүктөрү ичкерип, бирок минтип жоголуп кетпей тиги эле жакага чейин уланып кете берчү. Мал да, аларды айдаган кишилер менен иттер да токтолушчу эмес.

Кумайыктын таңдануусунда чек жок, башын буруп өйдө-ылдый карайт.

Актөш жакындап келип алдыдагы жарга кызыга көз жүгүрттү.

Ушуну көргөнү келгенбиз го, эми кайра кайтабыз өз корообузга, мындан ары жол жок экен деген ниетте. Эч нерсеге түшүнбөсө да башын кыйшайтып энесин туурап өйдө-төмөн карайт. Буга окшогон ураган-кулаган жерлердин далайын эле көрүп жүрбөйбү, анын эмнеси кызык? Бирок ал күткөндөй болгон жок, сыйгаланып бирде жыгылып, кайра туруп энеси жар боорлоп өкчөңдөп ылдый түшө баштады. Кээ бир жердин кары жука экен басып баратып бүт тулкусу менен чөгүп да кетип жатты. Тырмышып жатып кайта чыгат, кайрыла турган түрү жок. Кыйналып, аягын тарталбай ал кубаттан кетип турса да токтоп көчүк баспай жашылданган көздөрүн ирмебей алдыга карайт. Белгисиз күч аны өзүнө тартып, арбап азгырып жаткандай.

Бийиктен түшкөн көчкү кабат үйдөй дүңкүйүп өзүнчө эле тоо, үстү эрип, таш-топурактары чыгып, жулунган арча, карагандар көрксүз тарбаят. Тик чыгып баралган жок Кумайык, асты тарабы күрткү, ал дагы жумшап бошоп калган экен, аны кечип өйдөлөй албады. Айланып бир капталана өттү эле үстү жактын эриген кары ылдый ага берип тиги эле өзөнгө дейре көк жыл- гаяк муз болуп калыптыр. Башка тараптан өтүүгө ылайыктуу жер байкалбайт. Кумайык арсар болуп туруп калды. Эгер төрт аягы аман болгондо эч тартынмак эмес, канчалык кенен муз болбосун аттап-буттап өтүп кетмек.

Актөш келип анын катарына тура калды, алды жакта дагы бир кызыктуу нерсе бардай сезилди, ага. Көгөргөн көк муз, тиги эле бийиктен бери созулуп жатат. Күчүк өзүнчө таң, мунун эмнесин карайт? Керээли кечке жүрүп отуруп ушуну көргөнү келдикпи?

Анын оюнун баары эле өрөөндөгү таш короо, кайра кайтуу, кеч да кирип баратат деп чыйпалактайт. Башын буруп энесин карап анын көздөрүнө тигилип кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү издейт.

Кумайык акыры тобокелге салды. Артка кайрылууну ойлогон да жок. Эптеп бул жерден өтүп алышса ашууга чейин анча деле алыс эмес, токтолбостон жолдорун улай беришсе да болот, жол болсо эңкейиш, басканага да жеңил, түнгө карап отурушабы. Шашылыш керек!

Болгону эки-үч кадам шилтеди, Кумайык. Муз өтө эле сыйгалак экен, алдыңкы буттарынын тырмактарын батырып, алардын жардамы менен эптеп алдыга жылган. Арткы бутуна эми гана күч келип таканчыктай бергенде ал эңкейишти көздөй тайып кетти. Кайра тура калганга үлгүргөн жок, көчүгү менен буралып барып музга чабыла түштү. Бар аракетин жумшап жанталашып тырмышып-тытынганына карабай сыйгаланып барып көлкүлдөгөн күбүргө чөгүп кетти.

Актөш болсо муздан буйдалган жок, чала-була тайгаланса да оңой эле өтүп алды аркы четке. Энесинин зырылдаган бойдон төмөн кетип баратканын көрүп таңдана карап, эч нерсеге түшүнбөй башын кыйшайтып күтүп турду. Бийиктен көчүп түшкөн көчкүнүн алды алгачы өзөндүн кап ортосуна чейин жетип, анын бир топ жерин бөгөп, анан күн жылып убакыттын өтүшү менен эригени эрип, калгандарын суу агызып кетип жакында эле жарым-жартылай ачылган көрүнөт. Жээктин бир аз жери тозулуп, суу шар акпай уюлгуп ирим тартып калган экен. Кесек муздар аралашкан дал ошо сууга кулап түшкөн ит бирде чумуп, кайра көрүнүп, тырмалап өйдө чыгалбай жатты. Жээктин музу жумшарып эрийин деп калган экен, тырмалап асылганы менен тырмактары баткан жерлери омурулуп, көөлгүгөн шыргалаң сууга кайрадан чөгүп кетет.

«Эмне эле болуп жатат? Эмне үчүн сууга түшөт?»

Бирде баш багып, кайра суу алдына кирип кетип көрүнбөй калган энесинин соо эмес экенинен шек алган күчүк чынында эле коркуп кетти. Эмне кылаар айласын табалбай кыңшылап жээкте ары бери чуркап, муз арасынан энеси нин тумшугу көрүнө калса сүйүнүп, аба жаңыртып арсылдап үрүп жиберет.

«Чыкпайсыңбы эми! Бол, чыкчы! Кетели.»

Жээктеги муз биротола омурулуп бүттү көрүнөт, тоңгон жерди тытмалап жатып Кумайык акыры сыртка чыкты. Муз аралашкан суу үстүнөн шорголойт. Силкингенге да алы келген жок, сүйрөлүп барып корум таштын түбүнө жата кетти.

Бул кезде күн бая эле батып, капчыгай ичине караңгы түшүп калган.

Алар кайра жолго чыкканда кар башталып калыптыр. Шамал жок, аппак күкүмдөр асмандан жай гана себеленип кечөөкү карарган жерлердин барысын текши жаап жатты. Күн эбак эле чыккан көрүнөт, бирок кайсы убак экени билинбейт, тоо башын чулгаган булуттар калың.

Кумайык кечээгидей эмес, желип-жортпой илэлеп зорго буттарын шилтейт. Канча кылган менен кечиндеги шыргалаң суу өпкө-боору, ичек-кардына өтүп шайманын биротола оодарып койгон окшойт.

Алар кечөө түн ортосунан өтүп калганда гана сууга кулап түшкөн жерден туруп алып эптеп жылып отуруп ашуунун түбүнө келишкен. Бурулушка жетпей чоң карьер бар эле, жол салганда казылган. Ары бери көчкөндө малдарын бүтүн ошо жерге кийрип салып, өздөрү бир кездерде жол куруучулар атайы оюп жасаган үңкүргө кирип жатып алышчу. Жаан, шамал тийбей ыктоо да, үч-төрт киши батып ыңгайлуу да эле ичи. Калтырап-титиреген Кумайык сүйрөлүп отуруп ошо үңкүргө жткен. Сыртка караганда алдына чөп-чар төшөлүп кыйла жылуу болучу. Андан калса тамак-аштын да калдыктары кенен экен. Анын үстүнө үңкүрдүн ар кайсы бурчун шимшилеп жүрүп Актөш качандыр бир кезде өлүп калган коёндун тарпын да таап келди. Экөөнө кенен жетип, өзгөчө алы куруп турган энесине табылгыс азык болду окшойт.

Жатып, биротола тыңып алып жол тартса деле болмок Кумайык, анткен жок. Дене бою коргошун болуп салмактанып, жаны жер тартып башын зорго көтөрөт, демейдеги илбериңки кыймылынан мүлдө ажыраган, ага деле караган жок. Бир жакшы жери курсагы ток, жеген эттин демиби анда-санда бел тарапка көз жүгүртүп коюп алга жыла берди. Балким кар басылып калаар, күн ачылып кетсе белди ашып кетүү анча деле кыйын болбос. Бул ашууну аркы-берки тарабынан далай эле жолу басып өтпөдү беле. Ырас, анда жолдун алыс жакыны билинчү да эмес.

Көч учурунда ээлери менен мал айдашып, кежейип артта калган койлорду жамбаштан тиштеген болуп чочутуп тез эле ашууну ашып кетишчү. Ооруп басалбай калган кой-козуларды атка өңөрүп алышар эле, ээлери. Арткы буту аман болгондо эми деле эч кыйналбай, сууга да кулап түшпөй желген бойдон белден өтүп кетмек, күчүгүн ээрчитип алып. Андан ары жол ылдыйлап, басканга да жеңил, мөөндөй ичке капчыгайды аралап отуруп тез эле жетип бармак, өз кашарына. Ээлерин, Нурланды, өзүнүн дөбөтүн, үйрүндөгү башка иттерди көрөт эле…

Кой-эчкилер жүрүшсө керек, жаактары басылбай ызылдашып. Баарынан да кашар абдан жылуу, ал жерде өзүнүн жатып жүргөн уясы, а түгүл төлүй тамак ичкен идиши да бар. Күчүгүн ээрчитип алып эптеп жетип алса, Актөшү да ал жердегилерди көрүп, аралашып кетсе..

Кумайык өзүнчө күрсүнүп коёт.

Бардык убакта эле бирдей боло бербейт тура, аба ырайы. Кээде эзели ачылбастай күн бүркөлүп, таптакыр эле басып калчудай кар жаай берет. Андайда жылуу коңул таап алып баш көтөрбөй жан жыргатып жата эле бергиң келет. Уктап уйку кандыр, эс ал. Тамакты болсо ээлери даярдап беришет, өздөрү чакырышат убагы келгенде. Сенин милдетиң короо жайды кайтаруу, андагы малдын амандыгы. Жайытка чыкса койлорду айдашуу, аларга ит куш жолотпоо, өз ээсине караан болуу… Ал үчүн бул рахат эмей эмне? Ушинтип өткөрүп келбеди беле, буга чейин.

Кумайык башынан өткөргөн өз турмушун элестетип, аргасы кеткенде өзүн өзү алаксыткан болот. Башка аргасы кайсы?

Качандыр бир кездерде бийик тоонун капталын бульдозёр, экскаватор менен оюп, акырындап кеңейтип салган жантайма жол анча тик эмес эле, машине-тракторлор, а түгүл араба сүйрөгөн аттар деле кыйналбай көтөрүлүп кетише турган. Аягы менен баскан жандыкка жолдун өйдө-ылдыйы билинбейт дечи, ал эми мал артынан ээрчишкен иттерге го бул белдин бар же жогу сезилчү да эмес.

Улам өйдөлөгөн сайын кар калыңдап, маңдай тараптан соккон шамал да күчөй баштады. Суук да катуу сезилип жатты. Баары бир токтоо деген жок, Кумайык болгон деми менен иргилбей кадам шилтейт. Каман чалган алгачкы айларда күчтүн баары арткы жалгыз бутуна келип, көп убактарга чарчап-чаалыгып кала турган да аргасыздан токтоп же жамбаштап жатып эс алгандан кийин жол улачу. Кийинчерээк кубат ала баштады көрүнөт, канча басса да мурдагыдай ортого токтобой аяк шилтеп кете берчү.

Кечээги күбүргө түшүп кеткенинин кесепетиби тулкусу оор тартып, арткы шыйрагын күч менен шилтеп келатты.

Актөш кайтып өздөрүнүн короосуна барбасына эми анык көзү жетти. Энеси аны кайда ээрчитип баратат, дагы кайсы жерге барып токтошот аны менен иши жок, анын артынан илээлей басып жүрө берди. Баары бир андан алыстабайт, энеси эч качан аны жалгыз калтырбайт, дайыма экөө чогуу болушуп, биргелешип адыр-бөксөлөрдү кыдырып тамак таап, курсактарын тойгузуп жүрө беришет. Бирок мына бу кетип баратышканы ага таптакыр жаккан жок.

Кайда, эмнеге баратышат? Актөш түщүнгөн жери жок.

Бет маңдайдан улам күчөп урган бороон көз ачырбай, каш-кирпигине муз аралашкан карлар тоңуп, сууктан үшүп чыкты. Ал дагы терең карга батып кетет, бирок каргып чыгып алдыга карай жол улашы энесине караганда бир топ жеңил, ошентсе да бороондон буюгуп аргасы кеткенде энесине жетип анын денесине ыктайт. Тулкулары бир бирине тие түшсө экөө тең болор-болбос жылуулуктун илебин сезип саамга тура калышат. Аргасыздан ыкташып басканга өтүштү. Туруп калышса бургуйлаган кар заматта экөөнү көөмп салчудай, кыймылдабаса боло турган эмес.

Калың карды жиреп алга жүрүү Кумайыкка өзгөчө оор болду, же секирип каргый албайт, сууга чөмүп калгандай жумшак карга бүтүндөй тулкусу батып, ары-бери силкинип, күйшөлүп жатып кыйлада зорго чыгат. Суук да ызылдап дене бойду каарыйт. Ышкырган шамал учурган кардын бүртүкчөлөрү ийнедей сайылып көз ачырбай асты тарап көрүнбөйт. Чоң жол менен туура баратышабы же башка тарапка бурулуп кетиштиби билинбей эптеп эле алга жылуунун аракетиеде. Токтоп, бир бирине ыктап туруп калышса анда эле биротола кар астында көмүлүп, бараткан жакка жетпей калышмак.

Кумайык чымырканды, мына аз калды, азыр белге ашуунун кырына жетебиз, андан ары ылдый, балким кар дагы анча калың эмеситир, бороон да басылып калаар деген ниетте болду. Көз алдына элестеген ээлери, короо-жай, өз үйрү демине дем, күчүнө күч кошуп, мурда сезилбеген өжөрлүк менен алга карай жүткүнөт, эрегишкендей бурганактаган кардуу бороонго моюн бербей ашуунун белин ашып кетүүгө ашыгат. Мурдагы көчтөрдө ушундай алааматка дуушар болду беле же жокпу ал жөнүндө ойлогонго чамасы келбеди. Күчүгү денесине баштагысынан да катуу ыктап, ал дагы болгон күчү менен кадам шилтеп келет, минтип жанашып бирге кар жирөө экөөнө тең бир аздан жеңилдик бергенсийт. Кадамдарын улай беришти, бурганакка чөмүлүп. Алды тараптан дайын жок будуң-чаң түшүп. Кумайыктын баамында туура эле баратышкандай, жолдун өйдөлөшү да сезилип жатты, анын үстүнө канчалык катуу дем тартса да аба жетпей муунганы күчөп барат.

Мурда мындай алай-дүлөйгө туш келбеген күчүк улам токтоп, жардам сурагандай кыңшылап, үшүгөнүнө чыдабай бүрүшүп жата калат да энесинин денесинен ажырап калуу мурдагыдан да суук экенин туюп ылдам жетип келип кайра ага жабышат.

Канча жүрүштү, качан белге жетип аны кантип ашышат, баарынан да көз ачырбаган борон-чапкын кайсы убакта басылат белгисиз, көзү-башы, бүтүндөй тулкусу карга оронгон ит күчүгү экөө өлөрмандык менен алга карай жылып келатышкан. Ушинтип эле кете берсек эптеп ашуудан өтүп кетээрбиз деген ойдо эле Кумайык, бирок андай болгон жок. Аз жүрүштүбү же көпкө жүрүштүбү аны эч кимиси болжой албады, туш тарабын бургуйлаган бороон чулгап, көз ачырбайт, кай жерге келгендерин аныктоого мүмкүн эмес. Таман алды катуу сезилип музбу же суук аяздан тоңуп калган кардын калың кебериби аңдаганга үлгүрбөй кокусунан эле күр этип төмөн карай кулап кетишти. Аз өтпй бүтүндөй тоо кулагандай күркүрөгөн добуш кулак тундуруп те, кыйлада басылды.

Дегеле, тоо арасында кардын көчүшү көп эле учурайт. Өзгөчө кар калың түшүп, тик беттерге чогулган анын катмарлары өз салмагынын таасири астында төмөн карай жылмышып, улам көбөйүп чоңоюп отуруп, жолундагы карагай, караган же таш кесектери болобу бардыгын өзү менен кошо ала кетет. Эбегейсиз ылдамдык менен бийиктен түшкөн алардын массасы жүздөгөн, миңдеген тонналарга жетип, ага кабылуу же туш болуу өтө опурталдуу да коркунучтуу. Нечендеген адамдар набыт болуп, канчалаган короо жай, турак үйлөр, унаа-малдар күтүүсүз жерден ошондой көчкүнүн астында калышкан учурлар арбын эле.

Тоо арасынын дагы бир кооптуу өзгөчөлүгү мына ушунда. Байкабаса, абайлабаса болбойт, «Сактансаң – сактаармын!» деп бекер айтылбайт го эл ичинде.

Бактыларына жараша экөөнүн али алдыда көрө турган күндөрү бар экен, бул сапар тиги эле ашуу белинен көчкөн көчкүдөн кандайдыр бир сыйкыр менен гана аман калышты.

Мүмкүн, ыңгай-шарты туура келип калдыбы, а балким жараткандын боору оорудубу аларга, айтор жол четиндеги Кумайык менен Актөш экөө адашып келип баскан тоңгон кар кыйла жерге чейин төмөн учуп барып, аягында кыян жеген аңгекке кулап түшүштү, күрс этип. Башка беттен көчкүнүн көчүшүнө ошол үн себеп болдубу же башка күч таасир эттиби айтор капчыгай ичи дароо эле дүңгүрөп калды, замбирек атылгандай. Аңгек толтура кар экен, колу-буттарынын ооруганын деле сезишпеди, чөккөн жерлеринен будаланып жатып чыгып алышты да ээрчишип ылдый карай жөнөштү.

Белдеги буй кылган алаамат жок, күркүрөгөн добулдун да доошу угулбай жай гана кар майдалап жаап жатыптыр төмөндө. Суук да анча эместей. Жүрө-жүрө кар да басылып, карарган жолго чыгышты. Бул тарапка жаз эбак эле келген экен, жылуу да, кургак да.

Түндүн кай убагы экени билинбейт, асманда сандаган жылдыздар жымыңдашат. Ай да көрүнбөйт.

Караңгыга карабай илээлеп жолун улады Кумайык, жатып эс алуу да оюна келген жок.

Алды тараптын тартуу күчү чарчаганын да, ачкалыгын да биротола унуттуруп салгандай…

Алар эки чатка жеткенде күн али чыгалек болучу.

Буттарын зорго шилтеп очорулуп араң келаткан Кумайык кыйлада жонго көтөрүлдү. Токтобой төмөн арай шар түшүп кетүүгө кудурети жеткен жок, башы тегеренип жыгылып кетүүдөн сактанып, алдыңкы буттарын талтая чиренип аргасыз көчүк басты. Кыт куйгандай башы салмактанып төмөн тартат, көздөрү тумандап алды тарабын да оңдуу боолголой албады. Күн жылуу болсо да денесин калтырак басып, энтиге кош ийни менен оор дем алат. Күрс-күрс жөткүрүп улам алы кетип баратты.

Түн ортолоп калган кезде жолдун буруусундагы «Четки түнөк» деп аталган тик жардын түбүнө келип жетишкен, иттер. Ал жерди кыйгап өтүп кеталган жок Кумайык. Ары бери көчкөндө бул жерге токтоп бир конуп кетишет, мал айдагандар. Мындан ары белге чейин дагы жарым күндүк жол, аны жарыкта ашып алышса аркы түшө калышта малдарына даяр короо-карьер, өздөрүнө үй-үңкүр бар. Жатаар жери, басаар жолу дайын болсо жолоочунун бактысы го, адашып көрүнгөн чыйырга түшүп, кыйналып коноорго жай издегендин өзү эле эмне деген азап, алыс жолдо. Ал эми алыска мал айдоо да өзүнчө бир чоң түйшүк, ага да көнүү, анын да ыгын билүү керек. Жаз бир, күз бир көчүп мал айдап жүргөндөргө бул көндүм иш катары, аттарын тушап, уй койлорду жар түбүнө ийрип салып, өздөрү бөктөрүнүп жүрүшкөн сайма алачыктарын тигип, жардын түбүндөгү качандыр бир кезде таштан тизилген даяр очокко чай кайнатышып, сорпо-шилеңдерин ысытып ичишип, анан эс алганга киришчү.

Курсактары ток, ачкалык деген эмне экенин билишпеген иттер бири бири менен ыркырашып, бирөөлөргө тийишүүгө, алышып күч сынашканга шылтоо гана таба алышпай ызы-чуу түшүп, түндүн бир далайына дейре дүргүп жүрүшөр эле.

Кумайык сүйрөлүп отуруп эптеп очокко жетти. Чала күйгөн көмүр, көсөөлөнүп калган чегедек, тигиндейрээк коңулга жыйылган куурай, кургак чырпык, чачылган сөөктөр. Өткөн күздө жаканы карай баратышып конуп кетишкен экен, күл анча эскирбептир, баскан издер даана. Мына ушулардын баарысына көз жиберип, ит теңселип турду, жарымы күлгө көмүлүп ыш баскан таштар, калың куурай төшөлгөн жардын түбү, оттун табы тийип чөп өспөй калган очоктун тегереги анын көзүнө өтө жылуу, өзгөчө жакын көрүндү. Сорок-сорок секирип, аларды биринен сала бирин жыттады: адамдардын буларга колу тийген, ошолор отурган жер, алар баскан издер…

Кимдир бирөөлөргө эркелеп, өзүнүн кусалык-сагынычын билдирип жаткандай үнүн аяр чыгарып кыңшылап да, тили тийген жерин жалап, жыттап, аларды көрүп, аралашып бирге жүргөндөй. Көзүнөн учту го сүйүктүү ээлеринин карааны. Качан жетээр экен, аларга?..

Актөш бул жердегилердин эч бирине көңүл бурган жок, сөөктөрдүн улам бирин кемирип, ары бери шимшилеп жегенге ылайык азыктарды таап өзүнүн курсагын тойгузуунун камында болду.

Кумайык бул жерде көпкө чыдап жаталган жок, дене бою жазылып аз болсо да эс алып, уйкусу канып, көздөрү чырмалды көрүнөт. Оозуна урунган сөөк-саактарды жалмалаган болуп, өзөгөк жалгады. Түндүн кай убак экени- не да карабады, өзүн саал жеңил сезип калган экен кайрадан ордунан турду.

Колу бутун сунуп жиберип кыймылсыз жаткан күчүгүнө кылчайып карап койду, ал дагы абдан чарчаган көрүнөт. Саамга күтүп тура калды. Бир аздан кийин Актөш баш көтөрдү, кантсе да энесинин жыты, анын кыймылынын дабыш-дооштору сезимине биротола сиңип, жанынан алыстаганын кызуу уйкуда жатса да туюп калган көрүнөт.

Андан да жапайы жашоо шарттары өтө сактыкты талап кылат эмеспи.

Кумайык эми бир жерге да токтогон жок. Канча жол басты, эмне деген кыйналууларды башынан өткөрүп, не деген азап-тозокторду тартты, мына эми алардын баары артка калып, ошол эңсеп келаткан жерине үрсө үнү угула турган аралык калыптыр, ага боору менен жылса да жетиши керек.

Аз калды!

Аягынын ар бир шилтениши менен ошол аралык улам кыскарып, бара турган короосу бир кадам болсо да жакындай берерин ичтен туюп, бул ага зор кубанычты алып келип көңүлүн көтөрдү, демине дем кайрат-күч кошту.

Аз калды!

Эмдиги бурулуш, андан кийинкиси, анан капчыгай бүтөт акыры. Андан аркы жол Кумайыкка дайын, ал анчалык алыс эмес, ошол туштан өз короосу көзгө урунат.

Кайрылып жол жээгиндеги шылдырап агып жаткан суудан шалп-шалп ичип, көңүлдүү маанай менен Актөшкө карап коёт:

«Аз калды! Жетип калдык биздин бара турган жерге. Чыда, күчүгүм!» Энесинин жылуу көз карашына толук түшүнбөсө да алды тарапта кандайдыр бир жакшылыктын жышааны күтүп турганын боолголоп жакындап келип ага сүйкөнө кетет, Актөш.

Акыры капчыгайдан да чыгышты. Жол эми бозоргон адырларды этектеп түзөңгө түшкөндө ойку-кайкы. Өзөн да алыстап тиги эле мелтиреген ээн талааны аралап отуруп, те алыста көгөрүп жаткан көл тарапты көздөй кетет, жыландай ийрелеңдеп. Жакага жаз эбак эле келип, көк көтөрүлүп мал тоюп калган учур экен. Эгин-тегин айдалып сыртка мал көчүрүүнүн маалы да жакындап калгандай. Быйыл сыртка кар оор түшүп жолдун көп жеринен бузулганы жакадагыларга маалим болсо керек, көпчүлүк эмеспи жабыла барып оңдоп алышар.

Кумайык жолдон бурулуп биринин этегин бири басып тизмектешкен жондорду көздөй салды. Түз кете берсе деле айланып барып өз короосуна жетмек, бирок бир топ алыс, мындай барса кашардын дал үстүнөн чыгат, жакын да. Мындан ары тапталган атайы жол жок, топ-топ болгон калың төө куйрук. Аларды айланып өтүү да кыйынга турду, көңүлү караңгылап саамга токтой калып кайра турат. Чийдей ичке буттарын кыбыратып илээлеп алга жылган болот.

Анын кумары канбай искегени көң түтүнүн, ага кошул-ташыл болуп малдардын деги эле бүтүндөй жаканын жагымдуу жыттары, каңылжаарын өрдөп алы кетип, кыйналып турса да алардан кандайдыр бир кубат алып аргасыз аяк шилтейт. Канчадан бери эңсеп келаткан короо жай, ээлери, өз үйрү баарысы тең өзү бараткан жондун түшө калышындагы ойдо, дагы бир жолу катуураак ынтылса эле жетип барат, жаадырап-жайнап.

«Э-эй! Мына мен келдим! Силерди абдан сагындым, менин эң кымбаттуу ээлерим! Жалгыз эмес күчүгүмдү ээрчите келатам, ал дагы силерге кызмат кылып берет. Мен силерге кандай берилген болсом ал дагы ошондой ишенимдүү мүчөңөр болот. Кабыл алгыла, бизди, менин сүйүктүү ээлерим!» – Балким сөз айтаарга кудурети болгондо жондун үстүнө туруп алып ушинтип кубана үн салат беле? Ээсинин бутуна башын жөлөп жалап-жуктап, көз жашын төгүп башынан өткөн азап-тозогун бирин калтырбай айтып да берет беле, бирин калтырбай. Анте албады, болгону көздөрү жалжылдап, акыркы күндөрү үлдүрөп, такыр эле өчүп калган учкундары жылт-жылт этип кайра жанып теребелге эбегейсиз кубануу менен карайт. Ооба. Бул жерлерди убагында далай эле аралап жүргөн, баары тааныш, көңүлүнө жакын. Жаркын маанай менен кайрылып күчүгүнө карап коёт: мына жетип калдык, өз жерибизге!

Короого жеткенде кантээр экен? Алигиче кишилерди, башка иттерди көрө элек, качып алардан коркоор бекен, макоо десе? Эч нерсе эмес, көнүгүшүп кетет. Чыныгы ээлерин, досторун, тукумдаштарын тез эле таанып, ошолор гана аны чоочун иттерден, бөлөк адамдардан коргоп, сактап алаарын билип алат. Тамактан да кыйналбайт эми. Өз милдетин да өздөштүрүп алаарына эч шек жок.

Баарынан да чыныгы өз мекенине келгенин билет болду бекен?!

Актөш эч нерсе менен иши жок, ошентсе да аны курчап турган теребел өзү өсүп-өнгөн тоо ичине караганда башка, жыты да, көрүнүшү да бөлөк, кандайдыр сырдуу, ошол эле убакта өтө кызыктай туюлду. Туш тарабынан көздөрүн албай, булт этип маңдайынан белгисиз жандык чыга калчудай өзүнчө чочулап да баратты. Мурун кийин көрбөгөн жер, чоочун чөйрө.

Энеси аны кайда ээрчитип баратат? Түшүнгөн жери жок.

Күн али чыга элек болучу, бирок анын өткүр нурлары алыстагы тик чокуларды күмүш менен жалаткандай жаркыратып, тунук асман бетин бүт-үндөй ээлеп алган. Алы-ыс жактан көрүнгөн күңгөй тоолор, андан бери учу кыйрына көз жетпеген кенен талаа, суйдаң туманга басылган тээ, түздөгү калың бактуу кыштак, андан чыккан ийме-чийме жолдор ушул тапта эбегейсиз чоң полотного ачык, кооз боёктор менен тартып койгон сүрөттөй көрүнөт. Көз ирмебей карап эле тургуң келет, ушу ажайып көрүнүштү!

Кумайыкты эми теребел кызыктырган жок, эмнегедир жүрөгү опколжуп, өзүнчө эле апкаарып келатты, короого жакындаган сайын. Чүңүрөйүп уясына терең батып кеткен көздөрүнө алыс тарап туманга басылып калгандай мунарыктап анча даана көрүнгөн жок, анткен менен жондун кырына жетип төмөн жактагы кашарды, андагы малдарды, үйдү, анын айланасында жүрүшкөн иттерди айкын байкады. Баарынан да бакжайган ээсине көзү урунду, жетелеп келип атын жаңы эле токунуп жаткан экен, эшик алдында.

Иттердин үргөндөрүнөн улам колун көзүнө серепчилеп саамга карап калды жон тарапты.

– Кайдагы ит, тетиги?

Алда немеден шексингендей үңүлүп көз жүгүртүп алды да үнүн баарынча бакырып жиберди.

– Ой, бу.. баягы.. биздин ит.. Кумайык го?!

Атын таштай салып антаңдай жонду көздөй басты, колун жайып.

– Кумайы – ык!! Келдиңби?!.. Оо, байкушум.

Бу кезде уйун саап болуп чакасын көтөрүп короодон аялы жаң гана чыгып келаткан. Күйөөсүнүн дарылаган үнү чочуттубу же сүйүнүп кеттиби чакасын жерге коё салып ал дагы үнүнүн баарынча сүйлөнүп калды.

– Эмне-ее?! Кумайык дейсиңби? Чын эле ошо бекен? Атаны, байкушум – ай – е, эптеп келген экен ээ.

Күйөөсүнүн артынан ылдамдай басып бараткан анан эсине бир нерсе түшө калды көрүнөт, кайрылып үйдү көздөй чуркады. Үнүн бардыгынча кыйкырып уулун ойготту.

– Нурла-ан! Тур, тезирээк! Кумайык… Кумайыгың келди! Бол!

Кумайык бул кезде ордунан жылууга шайманы келбей бүткүл денеси калч-калч этип өзүн зорго кармап турган. Көк талдай буттары майышып, алдыга сүрдүгө түштү, ошентсе да күч менен башын көтөрүп энтиге жетип келген ээсинине көз жиберип алды.

– Алда байкушум – ай… Келдиңби?!

Ээси тизелеп отура калып анын башын көтөрүп тумшугун сылады, итинин абалын көрүп көздөрү жашылданып кетти.

– Такыр куруп калган тура, шордуу. Кумайыгым, күчүгүм.. Деги кантип келдиң, ошончо алыстан бери?

Аңгыча чала-була кийинген Нурлан да жетип келип итти баса жыгылды. Толук кийингенге үлгүргөн эмес экен.

– Кумайык… Кумайыгым. Келдиңби? Кыйналдыңбы? Жолдон коркпой жалгыз кантип келдиң?

Бул кезде чоң кашыкка омурулган сары май көтөрүп энеси да келип калды.

– Ата шордуум – ай… сөөгү эле калган тура, каркайып.. Деги кантип келди, ошончо алыстан бери.

– Ий, апа карачы, аябай арыктаптыр. Биз кеткенден бери тамак ичкен эмес окшойт. Берчи, алдагы майыңды апа! Кумайык, оозуңду ач! Сары май! Жеп ал.

Оозун ачканга да алы келбей, болгону өзүн тегеректеген ээлерине жал-жал карайт, айтайын десе тили жок, кыңшылап үнүн чыгарган болот. Ээси отура калып кош колдоп анын жаактарын аяр ачты. Ит каршылык көрсөткөн жок, салбырап узун тили чыга түштү.

– Ии, кана майың, сал. Шору калың экен мунун дагы, ошончо жерден бери жалгыз.

Аял анын оозуна кашыгын сойлотту эле ансыз да эрийин деп калган сары май жамажайынан куюлуп кетти.

– Алда айланайын – ай, май жутканга да алы келбей калган тура.

Чыдай албай кетти көрүнөт, аял тетир карап жоолугунун учу менен көзүн сүрттү.

– Акылдуу.. жакшы ит эле…

Кантсе да нечен жылдардан бери бакма баласындай өзү менен бирге туруп, бирге жүргөн итинин ушул аянычтуу абалы ээсинин да каңырыгын түтөтүп турды окшойт.

– Акылы жетиктигинен ошончо алыстыктан өз ээлерин, үйрүн короо жайын издеп келди да, бу шордуу.

– Апа, эми турабы? Айыгабы? Майдан дагы береличи – Алиден бери Кумайыктын башын кучактап отурган Нурлан жалооруй карады, апасына.

Атасы ордунан тура берип иттер тегеректеп турган чоочун күчүктү көрө койду.

– Ой, бу Кумайык күчүгүн ээрчите келген го?! Тиги кайдагы күчүк?

Бул учурда чоң-кичине иттердин ортосунда калып же алардан качып кеталбай, же кишилер тегеректеп алган энесине жеталбай Актөш куйругун бекем кыпчып бүрүшүп турган.

Баарынын оозу ачылып иттер тарапка карап калышты.

– Чын эле, чоочун күчүк го…

– Ой – ий, татынакай күчүк экен! Төшүн карагылачы, ап – аппак. Актөш деп коёбуз атын, ээ ата?! Актөш! Кел, мага! Күчү, күчү..

– Ушундай акылдуу ит да! Аз – замат, Кумайыгым.. Ошент, уулум. Актөш деген да жакшы ат! Энесиндей эстүү ит болсун!

Ээлеринен бошоп Кумайык чымырканып жатып зорго башын көтөрдү. Анын мүнөзүндө ажаандык да, тырышкан өжөрдүк да жок болучу. Жаш кезинде табышып, жанашкан дөбөтү менен тукум улап, жыл сайын күчүктөп, ошол эле учурда ээсине ак кызматын өтөп, жөн жай гана өз тирлигин өткөрүп келаткан. Алдын ала ушундай болуп кетет деп ким болжоп коюптур, көрсө тагдыр-жазмыштын жолу күтүүсүз, тез өзгөрүлмө болот тура, эркинен тыш ээлеринен ажырап ээн тоонун арасында бөлүнүп калбадыбы, күчүгү менен. Эми анын баарын айтып да, айтпай да не. Нечен ирет өлүм менен өмүрдүн тыткынында болуп, канчалык азаптуу кыйын учурларды башынан кечирип, не деген жолду басып, азып-тозуп жүрүп, өз ээлерине, өз үйрүнө келди го, акыры. Кандай-андай дебе, бир жакшы жери эми ошонун баары кайрылгыс болуп артта калды. Өттү, кетти. Бүттү баары! Ылайым андай тагдырды мындан ары эч бир жанга жазбасын да ал басып өткөн жолду эч кимге буюрбасын, жараткан.

Кумайыктын башкалардан өзгөчөлөнгөн сыйкыры же керт башына тийиштүү олуттуу окуяны алдын ала биле койгон кандайдыр бир касиети да жок болучу. Ошентсе да ой-тоону аралап, шыргалаң сууга кулап, көз ачырбаган кар бороондуу дабан ашып, кыйналып, илээлеп зорго басып өткөн аралыктарынын гана эмес, ушул учурда өз өмүр жолунун да эң аякы ченемине келип жеткенин, мына бу дем тартышы эң акыркы экенин Кумайык сезип да, айкын-ачык да билип турду.

Болгону ушул көз ирмемде өзүнүн кан жанынан жаралган күчүгүн соңку ирет, акыркы жолу көрүп калууну самады окшойт, кантсе да эт жүрөгү тилинип, өзөгү өрттөнүп аны кыялбай жатты көрүнөт.

Бул кезде өзүнөн мурун жетип келишип, талаганы талап, калгандары кызыга карап тегеректеп калышкан иттерди кууп жиберип дөбөт Актөштүн тумшук-башын жыттап анын ким, кайдан келген күчүк экенин байкаштырып жаткан шекилдүү анын жанында турган. Кумайыктын көздөрү бири-бирин жытташып турушкан күчүгү менен дөбөтүнө урунуп, ыраазы болгондой башын жерге койду, аяр. Анан созула кенен дем тартты, ыш аралаш жагымдуу жыт каңылжаарын өрдөп, өпкөсүнө агылып кирди. Эңсеп келген өз жеринин абасы ушул тапта ага эч нерсеге теңдештиргис атырдан да артыктай сезилди. Үстүндөгү эбегейсиз оор жүгүнөн эми гана биротола бошонгондой колу-бутун сунуп жиберип, көөдөнүндөгү демин чыгарды да ошо бойдон кыймыл какпай суналып жатып калды.

Ал өз ээлеринин Актөштү карай баратышканын да көргөн жок, аны күчү-күчүлөп чакырышкан үндөрүн да укпады.

Ошентип, Кумайык бул түйшүгү түмөн жарыкчылык дүйнө менен кош айтышып, түбөлүк бейгам жайына узап кетти.

Анын сөөгүн Нурлан атасы экөө бийик жардын түбүнө алып барып, бут баспаган жерди тандап каза башташты.

Энесинин жытын улап Актөш да келген. Канчалык ынтылып турса да даап жакындап келип, мүшөк ичиндеги энесин жыттай алган жок – кишилерден жазганды. Тигилердин эмнеге жер казып жатканына түшүнбөй, алардын ар бир кыймылына көз жиберип тигиндейректе отура берди. Балким энесинин мүшөк ичинен суурулуп чыга келишин күттүбү, бирок аны чуңкурга түшүрүп, үстүнө топурак ыргытып көмө баштаганда ордунан атып тура калып алгачы кыңшылап анан үнүн бардыгынча арсылдап үрүп жиберди:

«Менин энемди эмнеге жерге көөмп жатасыңар?!» – деген тейде.

– Ата – а байкушай – е, билип атканын кара.

Дөмпөйгөн топуракка казык орнотуп, ага ичке тактай кагып анын жылма бетине бадырайта чоң тамгалар менен «КУМАЙЫК» деп жазып коюшту.

– Жакшы ит эле… – деди атасы улутунуп. – Дагы азамат, өз жерине келип түбөлүк жатаар жайын тапты.

– Баарынан да күчүгүн ээрчите келгени жакшы болду, ээ ата. Уулунун сөзүн коштоп башын ийкеди, атасы.

– Кептин баары ошо күчүгүндө да. Өзү жалгыз болгондо былтыр эле артыбыздан жетип келмек. Анткен жок, аны эптеп чоңойтуп, эрезеге жеткирип туруп, акырында өз үйрүнө алып келип кошту дагы, ит болсо да өзүнүн энелик ыйык милдетин аткарып анан бу дүйнөдөн кете бербедиби, байкуш. Анысына чоң рахмат! Жаткан жери жайлуу болсун, Кумайыгымдын.

Актөш энеси көмүлгөн жерди айланчыктап турду да саамдан кийин башын төмөн салып тигилердин артынан ээрчиди…

Аягы.

 

Дүйшеке Дөкөнбаевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.