Байыркы апалардын сырлары, ыйлары, ырлары катылган оймолор – шырдак

«Табигат менен үндөш кооздук» басылмалар сериясынын алкагында жарык көргөн «Кыргыз шырдагы» аттуу китебинин бет ачаар аземи өткөрүлдү. 360 беттен турган түстүү китеп кылымдарды карыткан кыргыз шырдагы жөнүндө калктын калың катмарына баяндоо менен бирге, кыргыз элинин улуу маданий мурасын дүйнөлүк коомчулукка жеткирүү максатын көздөп, үч тилде жарык көрдү.

Китепте кыргыз шырдагынын эң мыкты үлгүлөрү, жартылыштын ажайып кооз көрүнүштөрү шайкештик менен чагылдырылган. Шырдактын оймолорунда катылган жашоонун миң түркүн сырлары чеберлерге ааламдан аян болуп келгенсийт, ошондой эле бул китепте кыргыз шырдагын сактап жана өнүктүрүү боюнча ар кайсы коомдук уюмдардан жана жеке инсандардын жасап жаткан иш-аракеттери жөнүндө да баяндалган. Шырдак өнөрүнүн көркөмдүгү менен баалуулугун, кооздугу менен көп түрдүүлүгүн терең ачып көрсөтүү үчүн, китептин үстүндө иштөөгө ар кыл кесиптин ээлери тартылган. Китепти жаратууда дизайнерлер, сүрөтчүлөр, акындар, материалдык эмес маданий мурастын эксперттери, этнографтар жана кол өнөрчүлөр өз салымдарын кошушкан.

 

Динара ЧООЧУНБАЕВА, басманын демилгечиси:

shyrdak1– Мен бүгүн катылган сырымды ачып берейин. Кыргыз шырдагы тууралуу, анын көз тайгылдырган көркөмдүгүн чагылдырган китеп чыгарсам деген идея менде cоюз убагында, 1970-жылдары эле пайда болгон. Мына ошол кыялдар бүгүн ишке ашып отурат. Ошол 70-жылдары эле сонун шырдактардын үлгүлөрү бар эле, азыр баары жоголуп кетти. Жылдан жылга апаларыбыздан муундан-муунга калган кол өнөрчүлүктүн баалуу мурастары жоголуп барат. Көркөм мурасты сактап калып келечек муунга калтыруу. Экинчиден, биздин баалуу мурастарыбызды дүйнө жүзүнө таанытуу эле. Китепке кирген материалдардын көпчүлүгү 1980-жылдардан берки, анын ичинде 2009-2011-жылдарында изилдөөлөрдүн негизинде чогултулган. Бул өзгөчө басылма калктын калың катмарына тамыры тереңге кеткен кыргыз шырдагы жөнүндө баяндайт. Китепте кыргыздын белгилүү шырдакчылары жана шырдак жасоо ыкмалары кеңири көрсөтүлгөн.

 

Эркин БОЛЖУРОВ, сүрөтчү

shyrdak2– Биз фотографтар ары-бери кыдырып, эл аралап жүрүп көп сүрөттөрдү тартабыз. Айылда шырдактардын түрү көп, жасалуу технологиялары да ар кандай. Көз жоосун алган кооздуктарды көргөндө сөз жок, бир «чырк» эттирип алмайым бар. Айылдагы апалардын чанда кезиккен нукура шырдактарын көрүп өзүмдүн архивим үчүн чогултуп жүргөм. Негизи шырдактар көпчүлүгү бири-бирине окшош эле. Ошолордун арасынан өзгөчөлөнгөнүн, айырмаланганын бул китепке тандап алышты. Мен өзүмдүн кесибиме байланыштуу кол өнөрчүлөрүбүзгө көп эле аралашып жүрөм. Кол өнөрчүлүк, кийиздер, шырдактар дүйнөсү өзүнчө бир керемет аалам. Байыркы керемет мурасыбыз. «Кыргыз шырдагы» китеби кийинки муун үчүн абдан сонун эстелик болду.

 

Шырдакчылар

shyrdak3Көпкө тигилесиң. Көз эмес, жүрөктөн өткөрөсүң. Кубанасың. Улуу ойлорго жетеленесиң. Шырдакка түшкөн сүрөттөрдүн, оюмдардын ичинде өзүнчө бир байыркы апалардын сырлары, ыйлары менен ырлары катылып жаткандай сезилет.

 

«Апамдын көпөлөк шырдактары дүйнө жүзүнө тараган»

– Менин апам Жаңыл Алыбековадан шырдак жасоонун ыкмаларын үйрөнүү үчүн кыргыз чеберлери эле эмес, чет өлкөлүк адистер дагы келишчү. Ошондо апамдын кийизине таң калып, кагаздай жука, темирдей катуу шырдак болооруна көрбөсөк ишенбейт элек» дегендери эсимде. Апамдын көзү өтүп кетсе да, колунан чыккан «көпөлөк» шырдактар дүйнө жүзүнө тарап, элдин жүрөгүнөн түнөк таап келе жатат,- дейт кызы Роза Шейшеналиева.

 

«Үпүкан апам кыйын сүрөтчү болмок»

Үпүкан Жунушова апам өзү жөнүндө бирде «Мен сүрөтчү болсом кыйын сүрөтчү болмок экем десе, бирде сөз өзгөчөлүгүнө баа берип, сабатым болсо атактуу жазуучу болмок экенмин» деп тамашалап калаар эле. Кол өнөрчүлүгү менен таңдан кечке алектенип, өмүр бою кыялынан жаралган шырдактарынан ырахат алчу, — дейт уулу Каныбек.

 

Шырдакчы мырза Шаухат

shyrdak4Шырдакчы апаларыбыз эле эмес, эл оозуна алынган жигиттерибиз да бар экен. Шырдакчы жигит Шаухат Равхатулин:

– Менин апам Токтосунова Кенже Ысык-Көлдө эл оозуна алынган белгилүү шырдакчы. Бала кезимден апама жардамдашып жүрүп бүткүл жан дүйнөм менен бул өнөргө кызыгып кеттим. Атам башкыр улутунан. Ошондуктан менин аты-жөнүмдү укканда эле чет өлкөдөн келгенби дегендей башкача көз менен карап калышат. Мен азыр көбүнчө шырдактын кийиздерин жасап берем. «Ардак» аттуу шырдакчылардын ишканасын ачканбыз. Азыркы учурда 20-30дай шырдакчылар менен иштеп жатабыз, — дейт.

 

Үч кыздын үзүрлүү эмгеги

shyrdak5Эскерте кетсек, 2012-жылдын декабрь айында ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында «Материалдык эмес маданий мурас» боюнча өткөрүлгөн мамлекеттер аралык комитетинин 7-сессиясында ала кийиз жана шырдак жасоо боюнча кыргыз элинин салттуу өнөрү ЮНЕСКОнун жоголуп кетүүгө дуушар болуп жана тез арада сактоого муктаж болуп турган баалуулуктар тизмесине киргизилген.

Ушинтип биздин шырдак, ала кийиздерибиз ЮНЕСКОГО кирип катталышына, атайын «Шырдак» фестивалдары өткөрүлүп, шырдакчыларыбыздын эмгектери дүйнө жүзүнө таралышына биздин мекенчил кыздарыбыз кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча эксперт, басманын демилгечиси Динара Чоочунбаеванын, кыргыз элинин маданияты жана материалдык эмес мурастары боюнча эксперттери Жеңишгүл Өзүбекова менен Азиза Океевалардын салымы чоң. 360 беттен турган керемет китептин жаралышы үч кызыбыздын талыкпаган эмгеги. Учурда мекенчил кыргыздын уулу демөөрчү болгон «Табигат менен үндөш» басылмалар сериясынын негизинде «Боз үй», «Манас» аттуу китептери басмага даярдалып жатат.

 

Кылым карыткан кыргыз шырдактары

Кыргыздын күнүмдүк турмушта колдонгон кийиз буюмдары – бул улуттун көөнөрбөс мурасы. Көчмөндүк доордо ал боз үйдүн ичине көрк берсе, кийин отурукташкан заманда үйдүн ар бир бөлмөсүндө жерге салынып, төрдү көркүнө чыгарчу. Көз майын жеп, көп эмгекти талап кылган бул буюмга ак саамай апаларыбыз, эже-карындаштарыбыз жаратылыштан үйрөнгөн түрдүү түстөрдү, ата-бабаларыбыз таанып билген оюм-чийимдерди түшүрүү менен, ага терең ой-кыялды, аруу тилектерди батырган. Ошон үчүн ал барктуу, баалуу да эле. Анан калса, экологиялык жактан таптаза, бышыктыгы менен да айырмаланчу.

Кийин илим менен техника өнүккөн заманда баарыбыз даяр оокатка качырып, фабрикадан чыгарылган килемдерге басылдык.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА, «Жаңы Агым», 30.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.