Кайыргүл Сартбаеванын операдагы доору

Кыргыз элинин тарыхында опера өнөрү эч качан болгон эмес – бул кимге да болсо белгилүү.

Бирок ар нерсеге ышкыбоз жана жаңы нерсени ар дайым жакындан кабыл алган кыргыз эли 20-кылымда музыка өнөрүндөгү эң эле элитардык деп эсептелген опера өнөрүн өтө тез өздөштүрдү, өздөштүрмөк түгүл маданияттын бул тармагында чоң жетишкендиктерге жетти, өз жылдыздарын дүйнөлүк чоң аренага чыгарды.

Алардын аттарын санап отурбайлы – бир эле Болот Миңжылкыевдин атын атасак жетиштүү го. Баарыдан да өткөн кылымда өзүбүздүн улуттук опера жаралды. “Манас” менен “Айчүрөк” баштаган кыргыз операларын аткарган эң бир сонун ырчыларыбыз чыкты.

Бирок кыздар арасында операнын чырайын чыгарып, менмин деген дүйнөлүк атак-даңкы бар ырчылар ырдап чыккан ариялар менен партияларды сахнага алып чыккан бирден-бир ырчыбыз тоо булагында тунук үнү менен маданиятыбыздын тарыхына кирген Кайыргүл Сартбаева эмей ким эле. Кайыргүл эже – кыргыз операсынын жаркын жылдызы экендиги талашсыз чындык, ошону менен бирге улуттук операбыздагы бүтүндөй доорду жасаган сахна чебери.

Верди жана Пуччини, Григ жана Чайковский, Россини жана Бойто, Гуно менен Мусоргский, Глинка менен Бородин… Санай берсек, Кайыргүл эже чыгармачылык жолунун ар кайсы мезгилинде алпурушкан опера өнөрүнүн алптары ондоп саналат. Бирок ошол музыка генийлеринин чыгармаларын кыргыз сахнасына алып чыккан, андагы аялзатка таандык негизги партияларды, атагы ар бир маданияттуу адамга маалым арияларды эң сонун кылып аткарган тоонун тунук булагындай шыңгыр үндүү Кайыргүл Сартбаева экени элдин баарына дайын.

Кайыргүл эженин музыкадагы тагдыры жалаң жакшы адамдар, талантка таазим эткен камкор инсандар менен байланыштуу болуптур. Маселен, Кемин районунда карапайым үй-бүлөдө өсүп-чоңойгон, атайын музыкалык билими жок Кайыргүлдүн ырга шыктуулугун республикалык ыр майрамында Төрөбай Кулатов, Абдыкайыр Казакбаев жана Күлүйпа Кондучалова сыяктуу мамлекеттик жетекчилер байкап, ошолордун жардамы менен болочок ырчы Москвага жол алган экен. Адегенде Москва консерваториясынын алдындагы музыкалык окуу жайды 1957-жылы бүтүрүп, ошол эле жылы атактуу Чайковский атындагы консерваторияга вокалдык бөлүмгө кирген. Деле Москвадагы жылдар ырчынын руханий жактан байышына, инсан катары калыптанышына, профессионалдык жактан жетилишине зор роль ойноду десек болот.

Москвадан кийин Сартбаеванын ырчы катары нака чыгармачылык чыйыры башталды. Ал чыйыр борбор калаабыздагы опера жана балет театрында учук алып, кийин кайра эле ошол Москвада, болгондо да атактуу Чоң театрда, кийин дүйнөнүн бир катар маанилүү сахналарында, анын ичинде Жапониянын Токио шаарындагы опера сахнасында уланды. Пуччининин “Мадам Баттерфляй” операсы боюнча мезгил-мезгили менен өткөрүлүп келаткан “Чио-Чио-Сан” конкурсуна катышып, дипломант болду, америкалык офицерди сүйүп калып, андан калган кичинекей наристеси менен жалгыз калган татынакай Чионун образын түзүп, партиясын келиштире аткаргандыгы үчүн дүйнөдөгү үч Баттерфляйдын (кыргызчага которгондо – көпөлөк деген маанини билдирет) бири деп таанылды.

Кайыргүл Сартбаева – адамдык жактан да, чыгармачылык жактан да бактылуу өмүр сүргөн адам десек туура болот го. Анткени билимди Москвадагы атактуу Чайковский атындагы консерваториядан алды, болгондо да профессор В. Рождественскаянын классында вокалдык өнөрдүн сырларын үйрөндү, улуу ырчы Ирина Архипованын жакын көргөн шакирттеринин бири болду Юрий Мазурок, Вячеслав Пиявко сыяктуу опера жылдыздары менен сахнада чогуу ырдады. Ал эми Жапониядагы конкурста легендарлуу Мария Каллас, Жоан Сазерленд, Мария Биешу сыяктуу ырчылар ырдаган атактуу арияны эң сонун аткарып, мактоого татыганын жогоруда айтып өттүк. Чын-чынында бул мактоо кыргыз ырчысы Кайыргүлдүн эле эмес, бүткүл кыргыз маданиятынын, анын ичинде опера өнөрүнүн чоң жетишкендиги эле.

Ырас, ырчы эжебиз Пуччини менен Вердиден башка да нечен дүйнөлүк музыкалык классиканы сахнага чыгарды, бирок ошондой болсо да Жузеппе Вердинин “Трубадур” операсындагы Леноранын партиясы, айрыкча Леноранын каватинасы жана ошондой эле норвегиялык гениалдуу композитор Эдвард Григдин “Пер Гюнт” полотносундагы Сольвейгдин ыры – ырчы эжебиздин чыгармачылык таажысындагы жаркыраган алмаздар десек адилеттик болоор эле.

Кайыргүл эжебиздин чыгармачылыгына кайрылып калганыбыздын өзүнчө олуттуу себеби бар: жакын аранын ичинде атактуу ырчынын 80 жылдык мааракеси белгиленет. Албетте, мезгил деген камчылаган күлүктөй ээ-жаа бербеген нерсе, аны токтотууга, аз да да болсо кечиктирүүгө эч кимдин күчү да, кудурети да келбейт го. Бирок кыргыз композиторлору эле эмес, дүйнө музыкасынын алптары Жузеппе Верди менен Жиакомо Пуччиниден баштап Эдвард Григ, Петр Чайковский, Франц Шуберт жана Шарль Гуного чейинки композиторлордун мыкты деген арияларын, ырларын ырдап чыккан Кайыргүл эжени эч бир 80 жашка ыраа көргүң келбейт. Анан калса миңдеген дисктерге, пластинкаларга, кассеталарга жазылып калган Сартбаеванын ырлары ошол эле калыбында азыр да эфирден жаңырууда, кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталууда. Айрыкча Кайыргүл эженин жамы журтка таанымал шыңгыр үнү, Калый Молдобасанов айткандай, алтынга бергис күмүш тембри, назик лирика менен оргуштаган драматизмдин ширөөсүнөн бүткөн кайталангыс сопраносу кыргыз музыкалык маданиятынын маанилүү барактарынын бири десек эч бир аша чаппас элек.

Кайыргүл Сартбаева – кыргыз вокалынын да таанымал чебери экенин баса белгилешибиз керек. Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, Жүмамүдүн Шералиев, Султан Юсупов, Кубанычбек Осмонов, Муратбек Бегалиев сыяктуу кыргыз композиторлорунун опералык арияларын да, ырларын да чырайына чыгара ырдаган сейрек ырчылардын бири, албетте, Кайыргүл эже. Ырас, ушул бай репертуардын ичинен кайсы бирин баарынан жогору коюу, эң мыктысы деп айтуу жаңылыштык болор эле. Ошондой болсо да Калый Молдобасановдун “Саманчынын жолу” балет-ораториясындагы Толгонайдын вокализин Кайыргүл Сартбаевадай чебер аткаруу чынында да кыйын иш болсо керек.

Кайыргүл эженин чыгармачыл бейнесин тартып отуруп, анын коомдук ишмер катары да жасаган чоң кызматын айтпай кетүүгө болбос. Эжебиз Искусство институтунун, азыркы улуттук консерваториянын алгачкы ректору болду, улуттук консерваторияда ушу күнгө чейин профессорлук кызматты аткарууда, өзү сыяктуу сахна чеберлерин тарбиялоодо талыкпай эмгек кылууда.

Демек, Кайыргүл Сартбаеванын кыргыз маданиятынын ири ишмери катары да, педагог катары да, өз элинин патриоту катары да аткара турган иштери азыр да толтура сыяктанат. СССРдин Эл артисти, Кыргызстандын эл артисти, “Манас” орденинин ээси, профессор Кайыргүл Сартбаева эжебизди 80 жылдык кутман курагы менен чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, кажыбас кайрат каалагыбыз келет.

Осмонакун Ибраимов, “Азаттык”, 14.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.