“Даанышман, көсөм, ойчул акын”

Туяк ырчы тууралуу КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргыз эл акыны Эгемберди ЭРМАТОВ менен маек.

– Эгемберди агай, эгер атактуу акындарыбыз: Жоомарт Бөкөнбаев Токтогулдун, ал эми Түмөнбай Байзаков болсо Барпынын далай мыкты ырларын өз учурунда эл оозунан чогултуп калбаганда, азыркы улуттук адабиятыбыздын бир капшыты кем болмок. Кай себептен Туяк сындуу ак таңдай акындын чыгармаларын эл оозунан топтоо иши кечирээк колго алынды?

– Бул иш, албетте, эртерээк колго алынганда Туяктын мурастары мындан да толук болмок. Тилекке каршы, андай болбоду. Өткөн кылымдын 30-40-жылдары КМУнун жана Илимдер Академиясынын фольклордук-этнографиялык изилдөө топтору барып, көп материалдарды топтогон экен. Ал кезде Туяктын ырларын билген карылардын көзү тирүү. Анан кантип эле ал кишинин чыгармалары жазылып калбасын? Бирок, азырынча, “кол жазмалар кай себептен сакталып калбады?” деген суроого так жооп жок. Балким, алар ИАнын кол жазмалар фондунда катылып жаткандыр. Кыскасы, муну колго алып, казып чыгар, дилгир адамдар жок. Баарынан өкүнүчтүүсү – бизде Туяк сындуу изилденбей, эл оозунда аты айтылган менен, чыгармалары унутта калып кеткен канчалаган таланттар бар.

Ал эми өзүм болсо алыста, Москвада окуп, көбүнесе борбордо чыгармачылык менен алаксып жүрүп, Туяктын мурастарын жыйнап-чыгарууга кеч киришип калдым. Айылыбызды Туяктын ырларын эл оозунан топтоп жазып калган, убагында мени окуткан Каразак ажы Жоошев,  Мааткалык Дүйшеев сыяктуу агайларым жыйнап-топтоп жүргөндөрүн мага беришкен. Ошолордун баарын 2005-жылы китеп кылып чыгарып, алардын ким тарабынан, качан, кимден жазылып калганын толук камтыганбыз. Андан тышкары Беккелди Жоробаев деген акыныбыз Ош облустук гезитине бир катар макалаларды жазып, Туяктын мурастарын жайылтууга чоң салым кошту. Б.Жоробаев аксакал Барпыны Барпы кылган Түмөнбай Байзаков менен бирге окуган, согушта да бирге болгон, кийин бир топ жыл чогуу иштептир. Ушул кишилер убагында киришип, Туяктын баа жеткис бир топ ырларын эл оозунан өз учурунда жазып калбаганда Туяк ырчы бизге белгисиз бойдон кала бермек.

2005-жылы чыгарган китебибиз болгону миң нуска менен чыгып, эл арасына кеңири таралбай калды. Ошондуктан Туяк ырчыны Баткен чөлкөмү гана билип, ошо жактагы анча-мынча илимпоз-окумуштуулар үч-төрт илимий макалаларды жарыялаптыр. Ошол макалаларды топтоп, бүгүн жарык көргөн “Туяк ырчы” аттуу жаңы китебине берип жатабыз.

– Совет доорунда, өзгөчө 30-40-жылдары заманачы акындарыбызды реакциячыл деп жерип турган кез эле го. Туяк ырчынын мурастарына убагында көңүл бурулбай калганына ошо советтик идеологиянын таасири тийген эмеспи?

– Эгер анын замана тууралуу ырлары чыгып, анан басылып калса, ошо учурдагы саясаттын таасири болду деп ойлосок болмок. Тилекке каршы, андай болгон жок да. Балким, анын ырлары убагында жазылып калган болсо, Илимдер академиясынын бир архивинде чаң басып жаткан чыгар. Менин оюмча, ошо биздин чөлкөмдөн бул ишти колго алган адабиятчы-илимпоздордун чыкпагандыгы ушундай өксүктү жаратты көрүнөт.

– Туяк ырчынын 160 жылдык маарекесинин шарапаты менен акындын мурда биз билбеген ырлары эл ичине кеңири тарап, угулуп, ошого удаа Түштүк жергесинде Туяк ырчы сыяктуу дагы жети-сегиз ырчы-апыздардын аты айтылып жатат. Ошолорду да көтөрүп чыгуу, мурастарын иликтөө иштери колго алынабы?

– Бул багытта биз убакытка уттуруп койдук. Ооба, ошондой алты-жети атактуу ырчылардын аттары эл оозунда аңыз катары жашап келатат. Бирок, алардын чыгармаларын билген адамдардын көптөрүнүн көзү өтүп кетти. Эгер алардын ырлары укум-тукуму же элдик адабиятка кызыккан бирөө-жарымдар тарабынан жазылып калган болсо, алар акыры сөзсүз чыгат. Эгер, жазылбай калса, анда айла жок. Бирок, менде Илимдер академиясынын фольклордук экспедициялары тарабынан алардын бирди-жарымдарынын эмгектери жазылып, сакталып калса керек деген үмүт чоң. Мен Ош мамлекеттик университети, Кыргыз илимдер академиясы жана башка бир катар мекемелердин илимпоз кызматкерлери менен ошол ичкилик акындарынын мурастарын изилдөө боюнча демилге көтөрүп чыктым. Эгер ошол оюбуз ишке ашып калса, алар да Туяк ырчы сыяктуу эл-журтуна кайтып келет деп ишенем. Биз бала чакта аш-тойлордо эки-үч саат куюлуштура төгүп ырдаган Назар ырчы деген бар эле. Убагында маани берип, ырларын жазып калбагандыктан ал киши да унутта калып олтурат.

– Ырчынын чыгармаларын элдин кеңири катмарына жеткирүү багытында кандай аракеттер болуп жатат?

– Быйылкы, Тарых жана маданият жылынын алкагында Туяк ырчынын 160 жылдык маарекесин өткөрүү өкмөттүк деңгээлдеги иш-чаралар катарына кирип олтурушу – анын чыгармаларын кеңири жайылтууга зор мүмкүндүк түзүүдө. Биз 2005-жылы чыккан китебин кайрадан толуктап, 2000 нускада чыгардык. Албетте, бул деле аздык кылат. Андан тышкары, интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу да анын бир топ ырларын окурмандарга сунуштадык. Жакшынакай пикирлер айтылып, ооздон оозго өтүп жайыла баштады. Айрыкча, “Бир Алла”, “Не болосуң замана?”, “Дүнүйө” сыяктуу ырларын окугандардын “Туяк ырчы келечекти таасын көрө билген олуя акын турбайбы” деп таңданганын жашырышпады. Чындыгында эле, ал кишини биздин чөлкөмдө азыркыга чейин “Туяк ырчы, олуя акын” деп айтышат. “Акыр заман болордо, уулуң кетет Урумга, кызың кетет Крымга. Мингениң темир ат болот, окуганың кат болот” деп таамай айтып салган. Жогорудагы ырларын окуп олтуруп, анын даанышман, көрөгөч, философиясы терең ойчул акын болгонуна ынанасың. “Акыр заман болордо, темирди жиптей өрөсүң, ааламды үйдө көрөсүң”  деп айтып жатат. Ал киши 1912-жылы дүйнөдөн өтүп жатса, ал кезде радио-телевизор тууралуу түшүнүк да жок эле да. Тилекке каршы, акындын аз сандагы ырлары гана сакталып калды. А бирок, ошол аз ырын окуп чыгып эле анын дүйнө-таанымы, социалдык абалы тууралуу кеңири маалымат алууга болот. Айрыкча, дин тууралуу “Бир Алла” деген ырында Ахмед Яссави, Жалалидин Руми, Молдо Нияз сыяктуу сопучулук агымдын насааттарын толугу менен камтый алган. Бул ыр ошонусу менен азыркы күндө дагы маанилүү. Мен “Мукамбет пайгамбар” аттуу поэма жазганымда ушул “Бир Алла” деген ырын кайра-кайра окуп, анын керемет саптарынан таасир алар элем.

– Туяк ырчы, кеч да болсо талант катары таанылууда. Анын 160 жылдык маарекесинин өткөрүлүп жатышынын өзү эле муну айкын далилдеп турат. Маарекени кимдер демилгеледи? Кандай иш-чаралар белгиленген? Анан маарекенин башкы максаты кандай? Уюштуруу тобунун жетекчиси катары ушуларга кыскача токтоло кетсеңиз…

– Маарекенин демилгечилери – ошол чөлкөмдүн эли болду. Бул демилге мындан 10 жыл илгери, 2005-жылы эле башталган. Алар мага кайрылып, акындын 150 жылдыгын өткөрүүнү сунушташкан. Бирок, ал учурда буга тиешелүү көңүл бөлүнбөстөн кала берди. Эми, минтип Тарых жана маданият жылында бул иштин Өкмөт тарабынан колдоого алынып жатышы, албетте, кубанычтуу көрүнүш.

Өкмөт бул ишти уюштурууну биздин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга тапшырган. Уюштуруучу топтун ичинде облустун, райондун, шаардын, бир топ министрликтердин жетекчилери, ММКнын өкүлдөрү кирди. Менимче, маареке өз жемишин берет деп ойлойм. Анткени, Туяк өңдүү даанышман, олуя ырчынын маарекесин өткөрүү менен биз өзүбүздүн рухий башатыбызды таанууга мүмкүндүк алмакчыбыз. Анын тарбиялык мааниси зор чыгармалары элибизге жетсе, жаштарыбызга руханий азык, рухий өрнөк болот деп ишенем.

Маарекенин алкагында Кадамжай социалдык-педагогикалык институтунун базасында Туяк ырчынын чыгармачылыгына арналган республикалык илимий конференция өтмөкчү. Анын материалдарын өзүнчө жыйнак кылып чыгаруу мерчеми бар. Андан тышкары, ушул иш-чаранын аркасы менен Туяк сыяктуу ошо чөлкөмдүн унутта калган адабий, маданий, тарыхый инсандарын изилдеп, эл-журтуна кайтаруу дагы колго алынмакчы.

Капар Токтошов, “Мамтил”, 16.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.