1916-жыл: 100 жыл мурдагы кыргыздар жана орустар

“Азаттык” үналгысы Кыргызстандагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата XX кылымдын башында тартылган архивдик сүрөттөрдү жарыялоону улантат.

1916-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Орусия падышалыгына каршы тайманбай чыккан кыргыздардын улуттук боштондук көтөрүлүшү кандуу жазаланган соң, калайыктын жүз миңдеген бөлүгүнүн Кытайдын батышына качууга аргасыз болушу тарыхта “Улуу Үркүн” деп аталып калган. Көтөрүлүштүн чыгышына 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектерди согуш жүрүп жаткан аймактардагы ооруктук жумуштарга тартуу тууралуу падышалык жарлык шыкак болгон. Жаңы басылып алынган Борбордук Азия аймагынын жергиликтүү калкы, анын ичинде ала-тоолук кыргыздар үчүн орусиялык падышалык режим дагы эле баскынчы, чоочун, өгөй мамлекеттин бийлиги катары кабыл алынган.

Сарыбагыш болуштугунун манабы К.Шабданов, Атекен болуштугунун манабы Б.Бөрүнбаев, Чепасыл аттуу кыргыз жигити жана болуштуктун катчысы В.Карпов. Болжолу 1915-жылдары тартылган сүрөт.
Сарыбагыш болуштугунун манабы К.Шабданов, Атекен болуштугунун манабы Б.Бөрүнбаев, Чепасыл аттуу кыргыз жигити жана болуштуктун катчысы В.Карпов. Болжолу 1915-жылдары тартылган сүрөт.

 

Каракол шаарынан чыккан ат араба.
Каракол шаарынан чыккан ат араба.

 

Кыргыздарга башкалар көчүп келип, отурукташа турган жерлерди көрсөтүү учуру.
Кыргыздарга башкалар көчүп келип, отурукташа турган жерлерди көрсөтүү учуру.

 

Жер которуп келген орустар, Кара-Балта шаары.
Жер которуп келген орустар, Кара-Балта шаары.

 

Приморье облусунан көчүрүлүп келген орустар.
Приморье облусунан көчүрүлүп келген орустар.

 

Түшкү тамактануу. 1910-жыл
Түшкү тамактануу. 1910-жыл

 

Көчүп келип, отурукташкан орустар.
Көчүп келип, отурукташкан орустар.

 

Кыргыздар.
Кыргыздар.

 

Орус аскерлеринин Орто Азияга жасаган жүрүшүнүн картасы.
Орус аскерлеринин Орто Азияга жасаган жүрүшүнүн картасы.

 

Жети-Өгүз облусундагы Покровка айылынын 1916-жылдагы көтөрүлүштөн кийинки көрүнүшү.
Жети-Өгүз облусундагы Покровка айылынын 1916-жылдагы көтөрүлүштөн кийинки көрүнүшү.

 

Бедел ашуусу аркылуу кеткен жол.
Бедел ашуусу аркылуу кеткен жол.

 

Көч.
Көч.

 

Түркистан генерал-губернаторлугунун аскерлери. Каракол шаары, 1899-жыл
Түркистан генерал-губернаторлугунун аскерлери. Каракол шаары, 1899-жыл

 

Сүрөтчү С.Чуйковдун "1916-жылдагы кыргыз элинин көтөрүлүшү" аттуу эмгеги. 1931-жылы тартылган.
Сүрөтчү С.Чуйковдун “1916-жылдагы кыргыз элинин көтөрүлүшү” аттуу эмгеги. 1931-жылы тартылган.

 

Азаттык, 28.03.2016-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.