Өчпөс жылдыз, боорукер инсан Токон Эшбаев

Кыргыз маданиятына опол тоодой салым кошуп, көптөгөн күйөрмандарынын кол жеткис жылдызына айланган КРнын Эл артисти Токон Эшбаевдин арабыздан өтүп кеткенине бир жылдын жүзү болуп олтурат. Өзү өлсө да жан дүйнөсүнөн чыккан керемет ырлары өлбөй, оболоп келе жаткан обончуну жакындары менен эскердик.

Инабат, жубайы: «Азыркыга чейин күйүттөн арыла албай келебиз»

– Эже, Токон агайдын бул дүйнөдөн өткөнүнөбилинбей эле бир жыл болду, күйүттүн күүсү кайтып калдыбы?

tokon_eshaev_inabat– Токон 2-август күнү дүйнөдөн өткөн, 1-август күнү жылдык ашын берели деп азыр даярдык көрүп жаткан учурум. Токонду жоготуу мен үчүн өтө кыйын болду, баарын көтөрдүм (ыйлап). Анын өлүмүн эстебеске аракет кылам. Экөөбүз 44 жыл бирге жашап бир туугандай жакын болуп калганбыз, өлгөнүнө дале ишене албай эшиктен кирип келчүдөй күтүп жүрөм. Катуу ооруп төшөктө жатып бизге бактырган жок да, капысынан эле өтүп кетти. Эгерде ооруп төшөктө жатып калганда да психологиялык жактан даяр болуп калат белек. Анын күтүүсүз өлүмү бизди абдан шок кылды, азыркыга чейин күйүттөн арыла албай келебиз.

– Агайдын ден соолугу кандай эле?

– Өзү көп убакыттан бери кант диабети менен ооруп жүрчү. Кант диабети оорусунун күчтүү дарылары боорго зыян келтирет экен. Токон өзү да: «Менин ден соолугум жакшы, ташты да аш кылам», – деп тамакты мүнөздөбөй жей берчү. Бир табак ашты алдына коюп койсоң өзү жеп коёр эле. Ошентип, ден соолугуна күч келтире берип боору жабыркаптыр. 1996-1997-жылдары ооруканага жатканында дарыгер мени чакырып: «Боорунда инфекция бар окшойт», – деди, анализ тапшырсак гепатит С болуп ооруп калыптыр. Дароо эле дарыланып жакшы болуп калды. Бишкекке барып да дарыланып келип жүрдүк. Бирок боор деген бир жабыркагандан кийин оңой менен айыкпайт экен. Анан эле мурдагы жылы кышында дагы ооруканага көрүнгөнү Бишкекке барсак дарыгер мага Токондун анализи начар чыкканын айтты. Өзүнө угузган жокпуз, дарыгер жөн гана: «Байке, аккордеон көтөрбөңүз, ырдабаңыз, сизге оор көтөргөнгө, берилип ырдаганга болбойт. Тамак жесеңиз дагы, ачуулансаңыз дагы, кыйкырсаңыз дагы баары боор аркылуу кетет. Жашайм десеңиз, ырды таштаңыз», – деди. Кудай берген талант болсо кантип таштасын, ырдагысы эле келип турчу, ырды таштай алган жок. Биз аккордеонду көтөртпөй, ырларынын музыкасын жаздырып берип аттык, ошону менен концерттерге барып ырдачу. Бирок эл аккордеон менен ырдаганын суранышат экен да, кайра аккордеон менен ырдап жүрдү. Кийин боору катып циррозго айланып кетиптир. Ошондо гана диетага олтурду, бирок анда кеч болуп калган.

– Ошондо агай басып жүрүп эле кете бердиби?

– Ооруканага өзү басып барды, жаттык. Эки күн тамак жеп ийне сайдырып жакшы эле жатты. Анан үчүнчү күнү эрте менен: «Бүгүн ыраңым кандай?» – деди. Жакшынакай эле турганын айтсам, «мен ооруганда үчүнчү күн дегенде жүгүрүп кетчүмүн. Бул жолу өзүмдү өтө начар сезип атам», – деп дарыгерди чакыртты. Дарыгер келип жакшы болуп каларын айтканда: «Башым айланып жатат», – деди да, мага балдарды чакырышымды буюрду. Балдарым бат эле жетип келишти. Дарыгерлер да топтолуп Токонду карап калышты. Ал он беш мүнөттө өзүн таштап жиберди. Балдарына: «Апаңарды карагыла», – деп жатканда кайнежем келип мен эшикке чыгып кеткем. Балдар «атам чакырып атат» дешкенинен барып калдым. «Эмне болду?» – десем, «балдарыңды жакшы карап багып ал», – дегенге араң жарады да, тескери карап кетти. Ошол бойдон кете берди. Мени аядыбы, кыйналганын такыр билдирген жок.

 

Эшбаева Адалат, карындашы: «Токон акем атамдардан абдан тил уккан»

tokon_eshaev_adalat– Токон акем менден эки жаш улуу болгондуктан экөөбүз чогуу чоңойдук. Ал боорукер, жумшак бала эле. Эсимде, Токон акем 1-класста окучу, мен беш жашта болчумун. Ата-энебиз экөөбүздү үйгө таштап коюп пахта тергени кетишкен. Кошуна абам короосуна дарбыз экчү, ошол учурда дарбыздар чоңоюп калган учур эле. Ал абамдын биз менен тең балдары, Токон акем экөөбүз болуп колубузга бычак алып дарбызга кирдик. Кирип алып Токон акемдер ар бир дарбызды бычак менен тешип көрүп «ии, бул кызара элек экен», «мунусу эми кызарыптыр» деп бышканын издеп жүрүшөт. Кызаргандарын ортого коюп алып жейбиз. Ошентип жүрүп дарбыздардын баарын тешип койдук. Кайра коркконубуздан тешик жактарын жерге каратып коюп чыгып кеттик. Эртеси күнү абам ачууланып атама баарын көрсөтүп чыгыптыр. Токон акем атамдардан абдан тил уккан.

 

Эшбаева Акзыйнат, кызы: «Атам жанымда кезде абдан бактылуу болчумун»

tokon_eshaev_kyzy– Атам балдарга абдан карамдуу, боорукер, баласаак адам болчу. Биздин көзүбүздүн кареги менен тең айланып турчу. Бул дүйнөдөн жакшы адамдар эрте кетет турбайбы, атам эрте каза болуп калды. Атам менен апам ажырашып, атам Ошто, мен апам менен Бишкекте жашачумун. Ошондуктан атам Бишкекке келгенде мен үчүн чоң майрам болчу. Мени ээрчитип алып ойнотуп, каалаганымды аткарып абдан кубандырчу. Техникага абдан жакын адам болчу, үйгө келсе эле бизди унутуп, бузулган буюмдарды оңдоп-түзөп эле жүрө берчү. Атам жанымда кезде абдан бактылуу болчумун, анын кайра Ошко кеткени мен үчүн абдан оор болчу. Атам кетип жатканда дайыма ээрчип ыйлачумун. Ал жоругум 8-9-класстарга келип калганымда араң калган.

 

Абдылда Иманкулов, куудул: «Инабат эжеге «Токон акем 60 жашка чыкканда баарын айтып берем» деп жатып араң кутулгам»

tokon_eshaev_dosu– Токон аке менен отуз жылга жакын ага-ини болуп үй-бүлөлүк катнашта жүрдүм. Чогуу көп жакшы күндөрдү өткөрдүк. Ал адам көңүлү жумшак, калп айтпаган, айтайын десе да окшоштура албаган адам эле. Чоң киши болсо да кыял-жоругу, жан дүйнөсү баланыкындай таза болчу. Чубак Сатаев каза болгон жылы мен жайлоодо болуп укпай калып, кийин уккам. Ал учурда Токон аке филармонияда директор, мен анын колунда иштейм. Анан экөөбүз эс алуу өргүүсүн алып Чубактын кыркына барабыз деп Оштон чыктык. Токон акенин күркүрөп турган убагы болчу, ар ким бизди конокко чакыра берип күн сайын конокто болуп үй-бүлөбүзгө телефон чалбай жүрө бердик. Ысык-Көлдө бир совхоздун директору Токон акени бала кезинен бери кумир тутуп досторуна: «Токон Эшбаевге жолуксам костюм-шым кийгизем», – деп жүрчү экен. Достору «Эшбаевтин костюм-шымын кийгиздиңби?» деп тамаша кылып жүрүшүптүр. Баягы директор ушуларды айтып, бизди үйүнө чакырып тай союп коноктоду, айтканындай эле костюм-шымын кийгизди. Совхозго концерт да койдук. Ошентип жүрүп туура бир ай болгондо колубузда бир сом акчабыз жок кайра Ошко барганбыз. Анда менин аялым жаш, Инабат эженин бир топ жашка барып калган учуру болчу да, «бир ай эмне кылып, кайда жүрдүңөр?» – деп сурайт. Токон аке унчукпайт, мен болсо баягы тайды, союлган койлорду, ар жерде конок болгонду айтам. Инабат эже болсо: «Эй, сен жеген тамагыңды эле айта бересиңби? Башка дагы эмне иш болду, айт», – деп урушат. Мен: «Жаш баламын, эт жегенден кийин уктап калчумун», – деп коём. Ошентип атып Инабат эжеге: «Токон акем 60 жашка чыкканда баарын айтып берем», – деп жатып араң кутулгам. Мындан 3-4 жыл мурун 60 жылдыгын өткөрдүк, ошондо сахнадан Инабат эжеге: «60 жылдыгында айтам дечү элем, 60 жаш эрте эле экен. 80 жылдыгында баарын айтам», – дегем, Токон акем 80 жашка чыкпай калбадыбы…

 

Эшбаев Талантбек, баласы: «Атам менен кара чемоданын абдан сагынам»

tokon_eshaev_balasy– Ата эркек балага чоң тирек, тоо болот экен. Атаны жоготуш кандай кыйын экенин жон терим менен сезип турам. “Күндөр өтүп унутулат, күйүттөн арыласың” деген кеп бекер кеп экен. Тескерисинче, күн өткөн сайын сагынып, жытын искеп, сөзүн уккуң келип, атаңдыкына окшош үн уксаң жалт карап кыйналат экенсиң. Атам өзү да өзгөчө баласаак адам эле. Биз бала кезде атам чет өлкөгө гастролго көп кетер эле. Дайыма колуна кара чемодан көтөрүп жүрчү. Атам келгенде ал чемодан бош келчү эмес, ошондуктан биз кара чемоданды абдан күтчүбүз. Атам күнү келеби, түнү келеби, тосуп турчубуз. Кирип келип: «Мына, балдарым», – деп бизге карматчу, ичинде кийим, оюнчук, таттуулар болор эле. Атам менен ошол кара чемоданын абдан сагынам. Атам мени 21 жашында көргөн, мен 16 жашка толгондон тартып мага: «Менин атам өтүп кеткен, ошондуктан сен атамсың», – деп мени «ата» деп койчу. Жумуштан келсем балдарым «аталап» алдымдан чыкса, атам да жаш баладай алар менен мени кошо талашчу. Мүнөзү жаш баладай эле.

Динара ЧОКОЕВА, “Леди.КГ”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.