Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы: «Тилди үйрөтүүдө чек койбош керек»

Президент Алмазбек Атамбаевдин «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашырууда быйыл ордо калаадагы мектептер тил саясатына өзгөчө маани бурушту. Бишкек шаарындагы 95 мектептин ичинен 11 мектепте окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлсө, 52 мектеп аралаш жана 32 мектеп орус тилинде билим берет. Айрым окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн статустуу мектептердин базасында окутуу кыргыз тилинде бирден биринчи класстар ачылган. Жыл жыйынтыгы, таалим-тарбия, көп тилдүүлүктүн мааниси тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы С.Мейрманова маек куруп берди.

– Сауле Жаксылыковна, 2015-2016-окуу жылын жыйынтыктап жатып, шаардык мектептерге киргизилген саамалыктар жана анын ишке ашырылганы тууралуу кеп баштасаңыз?

Шаардык айрым статустуу мектептерде инновациялык технологияларды пайдалануу боюнча бир топ иш-аракеттер бар. Маселен, Билим берүү жана илим министрлигинин “100 инновациялык мектеп” долбооруна шаардын беш мектеби кирди. Ресурстук борборлор, аянтчалар да жок эмес. Ал эми ачык инновация мектептери Октябрь районунан №20, Свердлов районунан №67 ОТК, Ленин районунан №68 гимназия жана 1-Май районунан №6 АОТК. Ушул мектептердин базаларында бардык жаңы идеялар, долбоорлор апробациядан өтөт жана аны мугалимдер, директордун орун басарлары, директорлор жалпыга көрсөтүп, тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Президент Алмазбек Атамбаевдин «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашырууда окутуу орус тилиндеги мектептерде кыргыз тилин, ал эми окутуу кыргыз тилиндеги мектептерде орус тилин окутуу боюнча үзүрлүү иштеп жатабыз. Бул проект боюнча эки аянтча жана үч мектеп иш алып барууда. Ошондой эле шаардагы №28, №82 мектептер ресурстук мектеп катары саналат. Мындан сырткары коңшу Казакстандын мектептеринен мугалимдер бизге келишсе, биз аларга барып мамлекеттик тилди окутуу боюнча тажрыйба алмаштык. Учурда бул маселе боюнча материалдар ирээтке келтирилип жатат, буюрса ал ишке киргизилет жана бардык мектептерге сунушталат. Эстониянын эне тилди окутуудагы тажрыйбасын иликтеп көрдүк, бул боюнча да бир топ кызыктуу материалдар бар. Негизинен биздин алдыбызда кантип кадрларды даярдоо жана мектептерди окуу-методикалык пособиелер менен кантип камсыз кылуу керек деген маселелер биринчи орунда турат.

Кыргыз жана орус тилдерин окутууда ата-энелердин мүдөө-талаптарын Билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү академиясы, новатор-мугалимдер менен бирдикте аткарып жатабыз. Борбор калаадагы 16 мектепте кытай жана корей тилдери да окутулуп жатат. Бул окуу жайлар Ж.Баласагын атындагы КУУ жана БГУнун алдындагы Конфуций институту менен тыгыз кызматташып келатышат.

Менимче, кошумча билим берүүгө өзгөчө маани буруу зарыл. Анткени балдардын бош убактыларын текке кетирбөө керек. Так ушул кошумча билим берүү аркылуу балдарды ар кандай ийримдерге киргизүү менен алардын нравалык, эстетикалык, мекенчилдик ж.б.у.с. сапаттарын, таалим-тарбиясын бир нукка салса болот. «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамда кошумча билим берүү кызматын көрсөтүү болоору белгиленген. Бул жагынан дагы жакшы иштер бар.

– Мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча кандай конкреттүү иштерди аткардыңыздар? Окутуу кыргыз тилиндеги мектептердин өнүгүп-өсүшүнө эмне иштер жасалып жатат?

Бишкек шаарындагы 95 мектептин ичинен 11 мектепте окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. 52 мектеп аралаш жана 32 мектеп орус тилинде билим берет. Жакында биз мектептерди кыдырып, кыргыз жана орус тилчи мугалимдердин иштерин текшердик. Ооба, кемчиликтери менен катар сөзгө алаарлык иштери да бар экен. Мейли кыргыз, мейли орус тилинде болсун шаардык балдардын жөнөкөй тилде сүйлөй алгандарына күбө болдук. Маселен, бала бакчада балдар эки тилде сүйлөй билүүсү абзел. Себеби тилди бөбөктөр бат кабыл алышат. Айтып коюу керек, бала бакчаларда балдардын саны абдан көп. Мектепте деле ошондой. Анткени ички миграция толкуну борбор калааны эбак эле каптап, ар бир үйдө жок дегенде эле төрттөн мектеп жашындагы балдар бар. Ошондуктан совет мезгилиндегидей балдардын тилди бат кабыл алышына топко бөлүп окутуу керек. Бизде топко бөлүп окутуу болбой жатат, балдардын көптүгүнөн имарат, класстар жетишпейт. Баса, шаардык кеңештин чечими менен мектептерде мамлекеттик тил боюнча директордун орун басар штаты ачылган. Анын иши чачынан көп. Анткени мектептеги бардык иш кагаздарды кыргыз тилине которуу анын мойнунда. Адистер жетишпейт. Биз орус тилин же кыргыз тилин гана окутуу керек деп чек койбошубуз керек. Менимче, эки тилде, керек болсо балдар үч тилде эркин сүйлөгөнгө бардык шарттарды түзүп беришибиз зарыл. Маселен, эгерде англис тили мугалими кыргыз жана орус тилдерин жакшы билсе, эмне үчүн сабакта үч тилде сүйлөгөнгө болбойт. Окуучулар, бала бакчадагы балдар эки же үч тилди күнүгө угуп турушса, сабактарды кабыл алуусу жеңил болот.

– Статустуу мектептерде кыргыз класстары ачылды эле. Алардын тагдыры эмне болуп жатат?

Шаардагы беш мектепте: №№6, 65, 12, 15, 19 кыргыз класстары ачылган эле. Дагы эле бирден биринчи класстарды ачууну сунуш жатабыз. Ошол эле кезде ата-энелерден сурамжылоо жүргүзсөк көптөгөн айылдан көчүп келген ата-энелер балдарын окутуу орус тилиндеги мектептерге бергиси келет. Азыр №26 мектепте дагы бир кыргыз классын ачууну сунуштап жатабыз. Бирок былтыр №12 мектепте кыргыз классын ачканда бир топ кыйынчылыктарга такалганбыз. Ата-энелер кыргыз класска киргизгени менен кайра орус класстарга которууну талап кылышкан.

– Сауле Жаксылыковна, жыл сайын эле 1-класска кирүү, бала бакчага орноштуруу шаарда абдан татаал. Электрондук кезекке тургузуу тажрыйбасын айрым мектептер колдонуп жатышат. Ушул туура чечимби, же балдардын укугу бузулуп жатабы?

Электрондук кезекке тургузууда жетекчинин эрки күчтүү болуш керек. Маселен, ушундай ыкманы шаардагы №67, №61 мектептер пайдаланып жатышат. Керек болсо микроучастокто жашаган балдар мектепке кире албай калышууда. Анткени орун жок. Караңызчы 73000 бала билим алчу мектептерде азыр 1 млн.127 миң бала окуп жатат. Эгерде мектепке балдарды албай койсок, канча деген бала билимсиз калмак? Ошондуктан шаардагы статустуу мектептерде 1 класста 40тан ашык балдар отурушат. Мен ата-энелерге айтып жатам, балдарды жакынкы мектептерге эле киргизүү керек. Анткени ар бир мектепте мыкты мугалимдер бар. Эң башкысы башталгыч класста балдарды жакынкы мектептерде окутуп, кийин жогорку класстарда башка мектепке котортуп окутса болот. Быйыл Дордой жаңы конушунда №94 мектеп ачылды, Калыс-Ордодо, Жалда жаңы мектептер курулуп, буюрса жаңы окуу жылында ишке киргени турат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча быйыл дагы беш мектеп курулганы турат. Айтмакчы, экс-мэр К.Кулматовдун демилгеси менен №93 мектептин базасында Самсунг корпорациясы менен бирдикте «Акылдуу класс» ачылган эле. Ал жерде окуучулар дагы, мугалимдер дагы ыраазы. Бардык шарттар түзүлгөн.

– Акыркы коңгуроо, бүтүрүү кечеси жакындап келатат. Быйыл бул иш-чаралар кандай өткөрүлөт?

– Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, мектеп алкагында салтанаттуу иш-чара өтөт. Кафелерде, ресторандарда өткөрүүгө тыюу салынган. Ошол эле кезде айрым ата-энелер өз укуктарын айтып, бизге баш беришпейт. Ошон үчүн бул күндөрү укук коргоо органдары менен бирдикте иштейбиз.

– «Тарых жана маданият жылына» карата дагы бир топ сөзгө алаарлык иш-аракеттерге күбө болуп жатабыз…

– Ооба, бул жагынан шаардык мектептерде жогорку деңгээлде иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Маселен, «Эр жигит» шаардык сынак болуп өттү. Окуучулардын мекенчилдикке тарбиялоодо «Өлбөс полк» акциясына быйыл болуп көрбөгөндөй активдүү катышышты. Дегеле балдарды тарбиялоодо көбүрөөк иш-чараларды өткөрүп, аларды катыштырсак ар кандай тартипсиз иш-аракеттерден алыстатабыз. Ошол эле компьютердик оюндардан, рэкетчиликтен ж.б.у.с. терс таалим-тарбиядан алыс болушат. Жакында эле форум-театрларга күбө болдук. Таланттуу окуучулар абдан көп. Семинар, тренинг, конференциялар өтүп жатат. КВН кыймылын популярдаштырып жатабыз. Мына жакында балдардын жайкы эс алуусу башталат. Мектептер алдында бир топ эс алуу лагерлери ачылат.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим», 18.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.