Алыкулдун каармандары

Алыкул Осмонов «Кудайга миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айта албайм» деп жазган. Акындын ар бир ырынын тарыхы, чындыгы болгонун замандаштары эскерип калышат. Анын «Бүкөнтай», «Жеңишкан» аттуу ырларынын каармандары азыр ак чачтуу, сары тиштүү байбиче болуп калышкан.

АЛЫКУЛДУН БУЧУК МУРУН БҮКӨНТАЙЫ АЗЫР 75 ЖАШТА

bukentayБүкөнтай бучук мурун үч жашар кыз,
Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз.
Аз ыйлайт, борс-борс күлөт, көп да күлбөйт,
Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт…

Өмүр бою жадымда калган жугумдуу саптар. Бул ырды 5-класста жаттаганбыз. Жалпак тил менен жазылган ырдын каарманы Бүкөн апа азыр 75 жашта.

– Бүкөн апа, саламатсызбы? «Алыкул ыр арнаган Бүкөнтаймын» дейсиз, далилдер барбы?

– Жакшыбыз, рахмат. Албетте, бар. Мен 1941-жылы туулгам. Азыркы Түп району илгери Талды-Суу району болчу. Ошол райондогу Ичке-Суу айылында төрөлгөм. Атам Талип 1942-жылы согушка кетиптир. Үйдө чоң энем, мен, апам үчөөбүз эле калыптырбыз. Атамдын карындашы Жамаш 16-17 жаштагы кыз экен. Согуштан майып болуп келип, башкармалыкта иштеп жаткан Асанбай деген киши Жамаш эжемдин колун сурап келсе, чоң энем берип коёт. Асанбай жездебиз ошол учурда 50лөр чамасында окшойт. Алыкул Осмонов мага арнап ыр чыгарганын ошол Жамаш эжем узун кеп кылып айтып берер эле.

Айылыбызда Абылкасым деген карыя бар экен. Анын ырга жакын жээни менен Алыкул Осмонов Абылкасым атабыздыкына келип, жарым айдай жүрүп калат. Чапанын желбегей жамынып алып айылдын четиндеги чоң суунун жанына барып кагаз чиймелеп бир топко отурчу экен. Аны айылдын өспүрүмдөрү ташка жашынып алып баскан-турганына кызыгып аңдый беришкенин да кеп кылышчу.

Бир күнү Абылкасым атаныкына келген конокторду, аларга кошуп энем экөөбүздү да Асанбай жездем менен Жамаш эжем конокко чакырышат. Ал кезде мен 3 жаштан ашып калган тили таттуу кыз экем. Асанбай жездем «Бүкөн, конокторго ырдап берчи» деп мени чакырып алат. Атакем тирүү келсе экен, согуш эртерээк бүтсө экен деп ырдап бериптирмин. Жамаш эжем «Бул ырыңды кошуна-колоң, айыл-ападагылар беш колундай жатка билишчү. Сен ырдаганда көздөрүнөн аккан жашты сүртүп, тунжурап отуруп калышчу. Чынында тилиң таттуу, анан адамга сүймөнчүк тоголок кыз элең» деп калчу.

Ырымды айтып берип ойногону ары чуркап кеткенимде отургандардын бири Алыкулга «мунун атасы согушта каза болгон» деп айтып калыптыр. Бирок атамдын каза болгонуна чоң энем таптакыр ишенчү эмес дешет. Атамдын өлгөнү туурасында кара кагаз келет. Чоң энем «менин балам өлгөн жок, жаман жорукту баштабагыла, эч нерсе айтпагыла» деп угузалы деп келген элди короого киргизбей, кара кийбей коюптур. Эненин жүрөгү сезет деген чын, айтканындай эле атам согуш бүткөндөн кийин 1946-жылы үйгө кайтып келиптир. Атам 1985-жылы 84 жашында кайтыш болду.

– Ырдын сизге арналганын кайдан билдиңиз?

– Билимдүү Сакиш деген абам бар эле. Ошол киши «Алыкулдун «Бүкөнтай» деген ыры сага арналган» деп айтып калды. Ал эми Жамаш эжем «сен акын болушуң керек, Алыкул Осмоновдун алдына отуруп эт жеп, шорпо ичкенсиң» дей берер эле. Кайдан, менде андай талант жок экен, бир сап да ыр чыгара алган жокмун. Өмүр бою колхоздун чөбүн чаап, жыйнап, туурап иштедим. Азыр Тоң районунун Көл-Төр айылында турам. 7 кыз, 3 уулдун энесимин, 1 жыл мурун абышкамдын көзү өтүп кетти.

 

Жеңишкан Курманбай кызы: «АЛЫКУЛ ОСМОНОВ МЕНИ ЖЕТЕЛЕП АЛЫП СЕЙИЛДЕЧҮ»

jenishkanЫрыс берип ырааттуу иштин аркасы,
Таш майдалап астында аттын такасы.
Айсыз түндө үзөңгүсү жаркылдап,
Тизгин каккан Жеңишкандын атасы.

Бул ырды көпчүлүк биле бербесе керек. Аталган ыр акын Чолпон-Атада санаторийде дарыланып жүргөн кезде 5 жашар Жеңишканга арнап жазылган. Алп акынды көрүп, ага аз да болсо эрмек болуп, ырынын каарманына айланган Жеңишкан апа Кочкор районунун Дөң-Алыш айылына турмушка чыгып, 7 перзентти тарбиялаган. Андан Алыкул Осмонов тууралуу сураганыбызда узун кеп кылып берген эле. Тилекке каршы, каарманыбыздын акын тууралуу баяндоосу жарыкка чыккыча өзү дагы бул дүйнөдөн узап кетти.

«АКЫН МАГА КАНТТЫ МАЙДАЛАП БЕРЧҮ»

– Биздин үй Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы санаторийдин жанында болчу. Ага Алыкул Осмонов кургак учук оорусун дарылатканы көп барчу экен. Оорусу жугат деп айылдагы көпчүлүк адамдар жолошчу эмес экен. Апамдын каршы болгонуна көнбөй атам үйгө ээрчитип келип, бээ саадырып саамал ичирип, жакшы мамиледе болгонун эс тартканда уккам. Ал биздин үйгө келген учурда мен 5 жашта экенмин. Анын кандай адам экенин, кантип ыр жазып, эмне жөнүндө айткандарын билбесем да, мени жетелеп сейилдегени азыр да көз алдыма тартылат. Алыкул Осмонов үйгө келген сайын пальтосун желбегей жамынып мени жетелеп алып айылыбыздагы бийик дөңгө чыгып сейилдеп келер эле. Үйгө кайтып келген соң кант жечүбүз. Үйүбүздө жыгач сандыкта дайыма чоңдугу муштумдай болгон кант турчу. Жарыктык кишинин «Айжекен-күнжекен, ат тишти алып кел, кант майдалап жейбиз» деп кантты бөлүп бергени эсимде калыптыр. Мен 7 бир туугандын кенжесимин. Менден улуу ага-эжелерим акын тууралуу жакшы билишчү. Азыр баарынын көзү өтүп кетти. 

«АПАМ АНЫ КҮРСҮЛДӨК ДЕЧҮ»

– Күрсүлдөп жөтөлө бергенинен апам Алыкул Осмоновду «Күрсүлдөк» деп тергечү. «Күрсүлдөк көк чаарды жакшы көрөт» деп балык кууруп берер эле. Акын менен жашташ Батый деген эжем бар болчу. Алыкул Осмонов эжемди алам деп бул тууралуу атам экөө сүйлөшүшкөн экен, бирок акындын оорусунан улам апам макул болбой коюптур. Биздин айыл Бирлик совхозуна карачу, акын айылда жүрүп элдин турмушу менен жакындан таанышып, совхоздун жетекчилеринин терс жактарын ырында ачык жазганы үчүн жетекчилер «андай акынды эмнеге үйүңдө жүргүзөсүң?!» деп атамды убагында кысымга алганын көп эскерчү. Акындын көзү өткөндөн кийин биздин үйдөн акын-жазуучулар кол жазмаларын алып кетишкен. Атамдан акындын кол жазмаларын Кеңеш Жусупов да алып, жарыкка чыгарган.

Султан Төрөбеков, Сүйүн Кулматова, «Супер-инфо», №710 10-июнь-16-июнь, 2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.