Шайыр РЫСКУЛОВА: “Рамиске токол алып берем деп айтып калам…”

Эркекти падыша кылган аял, акынды да акын кылган аялзаты. Чыгармачыл адамдардын кулк мүнөзүнө чыдап, алардын чыгармачылыгына эргүү берген жубайлар көп. Залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун жубайына арнаган жакшы эскерүүсү бар. Ал эскерүүсүндө: “Жубайым зайып эне болду. Үй-бүлөмдү кыйратып бага албадым. Оорунун азабын тартып далай жыл жаттым. Ийрелеңдеп мени да, балдарымды да багып, кара жанын карч уруп күндөп-түндөп иштеди. Жарытылуу кийинбеди. Бирок баш көтөрүп бир катуу сөзүн айтпады. Жубайым мага зайып эне болду…” дейт. Анын сыңарындай эл акыны Рамис РЫСКУЛОВдун жубайы Шайыр Рыскулова эже да акынды ушул күнгө чейин бөпөлөп багып келет. Экөө бирге 45 жыл чогуу өмүр сүрүшүптүр. Бүгүн да аппак көйнөк, кычыраган костюм шым кийген акын менен жубайы Шайыр эже редакцияга келишиптир. Акындын жубайына кызыккан суроолорубузду узатып жаттык.

Өткөндө бир акын кызыбыз «Жазыш менин тагдырым болсо, мени чыгармачылыкта инсан катары, чыгармачыл эркин адам катары кабыл алыш анын тагдыры. Ал менин тагдырлашым» дейт өмүрлүк түгөйү жөнүндө. Сиз да тагдырлашыңыз гений акын Рамис аганын жубайы болдуңуз, өкүнүчүңүз жокпу?

– Бул киши менен бирге жашаганыма 45 жылдын жүзү болуп калды. Турмуш деген турмуш экен. Ар кандай кыйынчылыктар болду. Баары өтүп кеткенден кийин оор же кыйын деп айтыш туура эмес. Жашоо бирде ачуу, бирде таттуу болот экен. Күрөштүк, жеңдик, жеңилдик. Рамисти жалпы эл билет. Чыгармачыл чөйрө андан жакшы билет. Ракем чыгармачылыгы менен алектенип, эринсе сүрөт тартат. Чарчап кетсе редакцияларды түгөлдөп, жакшы тааныштарына барып, ошолор менен көрүшүп келет. Мен болсо таланттуу акындын жубайы, тагдырлашы болгондон кийин, үйдүн очогу, энеси болуп өз милдетимди өтөп жатам. Чарчадым, чаалыктым дебей, майда-чүйдө нерсеге чейин көңүл бөлүп турушуң керек. Жашоого нааразы боло берүү да жакпайт. Жакшы нерсени да айтыш керек. Рамиске турмушка чыккандан бери отун алган жокмун, от жаккан жокмун. Абышкамдын аркасы менен жылуу үй, жылуу турмушта жашап келем. Эл айткандай батирден батирге көчкөнүм жок. Тагдырыма ыраазымын. Мен бактылуу аялмын.

– Канча балаңыздар бар. Неберелер чоңоюп жатабы?

– Эки кызыбыз бар. Бирөөсү 50 жашка, бири 40 жашка чыгып калды. Кудайга шүгүр, неберелер чоңоюп жатат. Улуу кызыбыз турмуштан жолу болбой азыр колубузда. Анын эки уулу бар. Чоңураак неберем жакшы сүрөт тартат. Пластилинден түркүн жандыктарды аябай жакшы жасайт. Кадимкидей курак кылып, жээктеп, түркүн өң менен кооздоп келтирет. Талантын байкап сүрөт ийримдерине бергенбиз. Азыр айнекке, кездемеге сүрөт тартат.

– Калемдештер, достор менен чай ичишип турасыздарбы?

– Рамистин көп эле калемдештери менен мамилеси жакшы. Баарына көңүлү түз. Баарын жакшы көрөт. Бирөөнүн бир жерден итчилиги кетсе, бир жеринен жакшылыгы жууп кетет. Көпчүлүгүнө барып жамандык-жакшылыктарына катышып турабыз. Далай залкарлардын көзү өтүп кетти. Аларды эскерип кейийбиз. Айтор жашоо ушундай.

– Рамис ага, сиз айтыңызчы, Шайыр эже сиз үчүн кандай жубай болду? Ага арнап жазган ырларыңыз барбы?

– Отуз эки жашыма чейин бойдок болуп, бойдокчулуктун азабын тартып жүргөндө тапкан жарым Шайыра. Бир армия солдатты тизип койсоң да мени Шайырадай эч ким колдой албайт. Шайыра менин колдоочум. Мени колдогон, чыгармачылыгымды түшүнгөн жан. Телохранителим, спутнигим, маягым.

Биз экөөбүз бирге чуркап алдыны көздөй умтулган деңизбиз. Чоң дайрабыз.

– Шайыр эже, эмне деген өрт таланттардын тагдыры тайкы болду. Бул жагынан алганда Ыр акебиз сизге жолугуп бактылуу экен…

– Рамис экөөбүздүн жашообуз бир тасмадай тагдыр. Адамдын баары ыр жазбайт. Сүрөт тартпайт. Баарыбыз эмнеге шартылдата комуз чертпейбиз. Сыбызгыган шумдук музыкаларды ойной албайбыз. Алардын арасынан кээ бирлер кубулжута обон созсо, кээ бири карганын каркылдагындай болуп калам деп ырдабай коет. Ошонун ичинен иргелген, бөлүнгөн жылдыздай жаркыраган таланттар бар. Анын бири менин абышкам Рамис эмеспи. Аларды колдош керек.

Жашоо өзү Рамис айткандай көйкөлгөн көк чөп эмес. Бирок баарына сабырдуулук, чыдамдуулук керек.

Үй-бүлөнүн казынасын бөлүштүрүү өзүңүздүн колуңузда болсо керек?

– Чындыгында акчасынын баарын өзүм кармайм. Үйдө башкы бухгалтер өзүммүн. Баарын өзүм жайгаштырып бөлүштүрөм. «Шайыранын чөнтөгү барса келбес казактын бетпак талаасы» дейт. Абышкам жакшы пенсия алат. Бирок оокат-аш майда-чүйдөгө бөлүштүрө келгенде акчанын куну жок да.

– Рамис агай, айтсаңыз, экөөңүздөр бош убактыңыздарды кандай өткөрөсүздөр?

– Экөөбүз бай байбиче болуп жакшынакай сөздөрдү сүйлөшүп отурганда жашоо Шайыранын шайы көйнөгүндөй жайкалат. Ал эми урушуп-талашып калсам бул дүйнө Шайыра салган чырга окшоп калат.

– Бош убактыбыз деле өтө аз болуп калат. Бош убактыбызды газета-журнал, китеп окуп өткөрөбүз. Көпчүлүк акын-жазуучулар үйгө чейин келип китептерин таштап кетишип окудуңузбу деп сурашат. Алардын китептерин окуйбуз. Кадыркул Өмүркулов бизге «Мөңгүнүн ыйы» деген китебин жазып берген. Л.Толстойдукундай чоң китеп экен. Экөөбүз катарлаш окуп калдык. Рамис окуп жатып уктап калат. Анан анын курсагынын алдынан сууруп алып мен окуйм. Түгөлбай Казаков «Эсимде» деген эскерүү китебин берип аны окуп алып ыйладым.

– Рамис ага акын кыздарга арнап көп ыр жазат. Сиздин ичиңизди тызылдатпайбы?

Кээде Рамис кежирленгенде токол алып берем деп тамашалап койом. Жакында эле бир белгилүү акын кызыбызды Рамиске алып берейин деп тамашалап койсом “Жо-ок эже, Ыракени сиздей эч ким бага албайт. Баалай албайт. Өзүңүз эле караңыз…” деп чочуйт. Абышкамдын чыгармачылыгын сыйлаган кыздар маек алалы деп суранып калышат Ал кыздар абышкамдын чыгармачылыгын түшүнөт, баалайт деп кубанып калам.

Жакында белгилүү акын кызыбыз Венера Бөлөкбаева «Ыр аке» деген ыр жыйнак чыгарды. Жарымы өзүнүн ырлары, жарымы Рамистики. Мындай кыздарга ыраазы гана болосуң.

Ыр акенин акыркы жыйнагы качан чыкты? Акыркы ырлары бир топ чогулуп калса керек?

– Бүгүнкү заманга керектүү компьютер, принтерлери менен алганбыз. Өзүм көп жыл акдемияда иштедим. Компьютерди жакшы терем. Абышкамдын ырларын терип чогултум жатам. Бир күнү белгилүү акын Асан Жакшылыков «Шайыр, сиз Ыр акенин акыркы ырларын эч кимге көргөзбөй деги эмне кылып жатасыз?” деп сурап калды. «Акундун» чоңу Чыныбай Турсунбеков берген ун түгөнүп, ошонун кабына чогултуп жатам десем ыраазы болуп күлүп калды. Убактысы келип калса абышкамдын ырлары жарыкка чыгып калаар. Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Кудайбергенов Бактыбек абышкамдын 80 жылдыгына арнап «Сары өзөндүн кеменгери» деген орден тапшырган. Ошол сыйга кубанып, күч кубат алып абышкам күн-түн дебей ырын жазып, сүрөттөрүн чиймелеп жатат.

ГЕНИЙДИН ТАБИЯТЫ

Түшүнүксүз болот гений чынында,
Чок ташыйт ал келе жаткан кылымга.
Ошон үчүн аны дароо таанышпай
Кайсакташат кана алышпай сырына.

Гений койсо катуу коет чекитти,
Чыгармада билет жандан кечишти.
Билет жана качан жарк деп чыгууну,
Билет качан сценадан кетишти.

Далай жылдар артта келет негедир,
Кызыкпастан жылдызданган багыңа.
Эч ким күтпөй эч нерсени турганда
Атып чыгат бийиктикти сагына.

Генийлердин тиши турат кычырап,
Чындык үчүн тагдыр жолу бычылат.
Ошон үчүн чыйрак чыгат сөздөрү
Ритмдери ырларынан чытырап.

Отчет берет бүт замандар генийге,
Ал ат коет шумдуктардын кенине.
Озуп кетет бир дегенче баарынан,
Жетип барат келечектин чегине!

Жамиля НУРМАНБЕТОВА, «Жаңы Агым», 15.06.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.