“Саамалык” басууга даярдалууда

Кыргызпатенттен жаш акын-жазуучулардын “Саамалык” жыйнагынын 8-китеби басылып чыгат.

Жаш таланттардын “Саамалык” жыйнагы 2002-жылдан бери кыргыз жана орус тилдеринде 10 басма табак көлөмүндө басылып чыгып келатат. Талапка ылайык жыйнакка 35 жашка чейинки калемгерлердин чыгармалары кабыл алына турган болсо, ал эми чыгармалары жарыяланып жаткан жаш таланттар негизинен  мектеп окуучулары жана студенттер.

Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунан келип Арабаев атындагы университетте окуп жаткан Беки кызы Алмагүлдүн “Саамалыкка” “Кыргыз элим” аттуу ыры жарыяланып жатат. Алмагүлдүн ыр саптарын окуп көрөлү:

Кыргыздын сүйкүм аты бар,
Кылымга кеткен даңкы бар.
Кастарлап сүйгөн мекенин,
Байыртан калган наркы бар.

Касташкан жоосун талкалап,
Таластын тоосун калкалап,
Тайманбай өткөн кайран эл,
Тарыхын ташка тамгалап.

Которгон конуш канча жер,
Кыргызым ашкан канча бел,
Кыргында далай кырсыгып,
Кыйылбай келди кайран эл.

Жеңилген, кээде жеңген эл,
Жоголбой бирок келген эл,
Өткөнүн, өмүр өрнөгүн,
Комузда, күүдө терген эл.

Жаш таланттардын кол жазмалары менен иштешип жаткан адистердин пикиринде мурда чыкчу “Учкун”, “Жалын” жыйнактарына чыгармалары басылган жаш калемдерге караганда учурдагы жаш калемгерлердин чыгармаларында эл-жердин, тилдин келечегине толгонгон ырлар басымдуу. Бирок Кыргызпатенттин адабий басылмаларды басып чыгаруу бөлүмүнүн башчысы Акималы Чекировдун айтымында учурда жаш прозаиктер жокко эсе:

Орус тилинде да, кыргыз тилинде да негизинен “Саамалыкка” ырлар чыгып келатат. Ал эми жаш прозаиктер жокпу, кандайдыр прозалык чыгармалар келбей жатат.

Саамалыкка” Кыргызстандан сырткары Кытайда, Өзбекстанда, Орусияда, Тажикстанда жашап жаткан кыргыздардан чыгармалар келип түшөт. Жыйнакка чыгармасы бир ирет басылган автор экинчи ирет чыкпайт.

Жаш калемгерлердин “Саамалык” жыйнагы 1000 нуска менен сентябрга – жаңы окуу жылынын ачылышына карата жарык көрөт. Чыгармасы жарыяланган ар бир авторго “Саамалыктын” бетачарында 5 даанадан китеп таркатылмакчы.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 28.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.