«Насыйкат» кантип жаралган?

Сөзү менен обону шайкеш келген«Насыйкатты» ырчылардын көбү ырдап жүрөт. Комуз күүсүн, болгондо да залкар күүнү обонго салуу, ага сөз жазуу — авторлор өздөрү айтмакчы, оңой иш болбоптур. Элге дароо алынып кеткен, жүрөккө жеткен жакшы ырдын жаралыш тарыхы да абдан түйшүктүү, кызыктуу, жемиштүү экен.

Түгөлбай Казаков: «Элдикин элге кайтардым»

Күүгө чейин бир ооз кеп бар. Михаил Суслов деген шовинист-идеолог башында турган «майда элдерди» орусташтыруу, маданиятын европалаштыруу саясаты 1960-70-жылдарда күч алып кеткен. Ак калпак кийе коебуз деп Жыпар Жекшеев экөөбүз учетко алынып, далайга чейин «сүйүктүү балдар» болдук. Жыпарды билбейм, мени шерденткен Байдыке болду. Анын «Ак калпак» жыйнагынан улутчулдукту таап чыгышкан экен, компартиянын токмогун жээр менен:

Кыргыз деп келгем дүйнөгө,Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн! — деп азыркы жикийген кошоматчы акындарга окшоп бийликтин таманын жалап ийбей мырза бойдон, жигит бойдон, элдин чыныгы уулу бойдон калды. Анын дал ошол кадамы көбүбүздүн көзүбүздү ачты. Албетте, Байдыке ошонун «азабынан» компартия өлгөнчө сый-ургаалдан куру калды. Бирок элин саткан жок. Байдыкеден дүрт дей түшкөн сезимди Түгөлбай Сыдыкбеков биротоло курчутуп ийди. Теңир турат го, ошо кезде мен да ушу кишидей чоңдордон коркпогон адам болгум келген эле…

Орусташтыруунун кээри музыка дүйнөсүнө аябай эле тийди. Комуз четке сүрүлдү. Ал кружоктордун деңгээлинде калды. Оркестрге балалайка болуп кирди. Музыкалык окуу жайда окугандардын 99%ы дүйнөлүк классиканы жатка билчү да, Карамолдо, Мураталы, Ниязаалы десең кайдагы бир басмачыларды айтып аткансып аңкейип туруп калышчу.

«Улуттук маданияттын туу чокусу — опера!» деген түшүнүктү мээбизге кагып киргизе албай жатышты. Булар жетишпей жаткансып, Москвадан «Ала-Тоо», «Мен кыргызмын», «Кыргыз тарыхы», «Улуттук кийимдер», «Ата Журт», «Ата Мекен» сыяктуу 60тан ашык сөздөр айтылбасын деген көрсөтмө түштү. Каяшачыл сезими барларга кыйын болду. Расул Гамзатов сыяктуу «Эртең тилим жоголору чын болсо, анда жакшы бүгүн өлүп калганым» деген кыргыз болгон жок. Ошентип айталбагандар кийин «Эл баатыры» болушту. Өлөт экенсиң да. Музыка жаатында кантип каяша айтарыбызды билбей биз жүрөбүз. Албетте, комузду ыргытып ийип, кыргыздын баары балалайка чертип калса, шовинисттер үчүн чоң майрам болмок.

Комуздун жогорку окуу жайларда келечеги жок экенин кєргөн кыргыздардын көбү андан кадимкидей алыстай баштаган. Өзгөчө жаштар күүгө кызыкпай калган. Элдин көңүлүн комуз күүсүнө кантип буруш керек?

Күүнү ырга айландыруу идеясы ушундан чыккан. Ал озуйпа менин тагыдырыма туш келгени үчүн Теңирди алкайм.  «Кайсы күүнү ырдаш керек?» деп көпкє кыйналдым. Күүнүн баары эле ырдала бербесин ошондо түшүндүм. Күчкө салса, албетте, баарын ырдаса болот. Бирок ал элге алынабы? Кеп ошондо.

«Чоң кербез», «Кыз кербез», «Чайкама», «Тогуз кайрык», «Кеңеш», «Саринжи Бөкөй», «Боз салкын» сыяктуу күүлөр бир караганда өзү эле ырдалып кетчүдөй болуп турат. Бирок бир кайрыгы ырдалса, башкалары ырдалбай, башы шыр кетсе, аягы мүдүрүлүп туруп алды.

Бир гана «Насыйкат» өткөнүңө да, өзөгүңө да, өкүтүңө да жол ачып турду. Арбалдым. Анда Көлдө иштечү элем. Борборго келип Жусуп Толтоев деген ботколошума барсам, күүтабагы бар экен. Ичинде «Насыйкат» турат. Комуздун алпы Карамолдо черткен экен. Мен бир дагы күүнүн алдында мынчалык муун-жүүнүм бошоп, ар бир кайрыгы менен кошо агып, жүлүнүмөн бери солкулдап, өзүмдү жоготкон эмесмин. Күү бүтөрү менен кайра башынан коем. Күүтабакты сурасам, Жукең кыйылды, а да аябай жакшы көрөт экен. Мейли деп күүнү бүт жаттап чыктым. Эртеси унутуп калбайын деп кайрыктарын кыңылдап ырдап баратам. Көлгө кеткен автобуска отурдум. Эч ким менен сүйлөшкүм жок. Ичимен да, тышыман да кыңылдап ырдап баратсам, алдыда отурган чүйлүсү кат-кат, майланышкан бир киши:

Катуураак ырда! Барганча бизге эрмек бол!- деп аябай өкүм айтты.

Эси-дартым күү болгон үчүн ага көңүл деле бурган жокмун. Бирок «ыйласаң өлөсүң!» деп коркутуп койгон баладай болуп дымымды чыгарбай, ичим толуп, өпкө-өпкөмө батпай тумчугуп бараттым…

Акбар Рыскуловго сөзүн жазып бер десем, күүнү түшүнбөйм деп чыкты. Ага жата калып, тура калып, эптеп түшүндүмүш эттим. Кыргыздын тарыхы болсо дейм. Анан ал «Ак кемедеги» маралды алалы деп өзү да шыктанып кетти. Акбарга ырахмат! Күүгө сөз жазыш оңой эмес. Эки жарым айда сөзү бүттү. Ыр даяр болду.

Бир күнү жаны жок комсомол кырдрамда боло турган жыйында ырдайсың деп калды. «Насыйкатты» ырдайын деп турам. Сахнага чыксам эле… зал толо африкалыктар! Ар кайсы жерде эки-үчтөн орустар менен кыргыздар болбосо, калганы капкара. Кайра кетмек белем, ырдап кирдим.

Эртеси мамтеледе иште отурсам, «Сени бир негр чакырып жатат» дейт. Алдына түшсөм, Абдусалам деген ливиялык жигит экен. Орусчаны чала сүйлөйт. Магнитофон көтөрүп алыптыр, «Насыйкатты» жаздырып бер дейт. Таң калдым.

 

Кыскасы, «Насыйкаттын» бет ачары африкалыктарга арналып кеткен

Өзүбүздүн элге болсо, Спорт сарайында өтүлүп жүргөн «Кубулжу менин ырларым» телеконцертинде тартууладым. Анда да бир дирижер: «Күүнү ырдаганга болбойт! Андай болсо сахнага чыкпайсың! Башка ыр ырда!»- деп күпүлдөп, а тургай башка ырды кулактандыртып да жиберген. Баары бир «Насыйкат» ошол кечте ырдалып кетти. Андан кийин ага эч ким ээ боло албай калды. Элдикин элге кайтардым (Т.Казаковдун «Эсимде» аттуу китебинен, 65-бет).

Нурзада Ташбаева, «Де-факто», 17.09.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.