Жабагы, кунан, аргымак, ат, бышты — айырмасын билесизби?

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын арты менен кыргыздын байыркы ат оюндары жанданып ат чабыш, кунан чабыш, жорго салыш кызып турган маалы. Жылкыны “лощадь” деп эле түшүнгөндөр “ат” менен “айгырдын” маанисин билбей аң-таң болуп турган кез болсо керек.

Мал жандуу келген кыргыз эли жылкы баласын жанына канат кылып, аны жаш курагына жараша өзүнчө атап келген. Алардын айырмасын “Тибиртке” рубрикасында филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев чечмелеп берди.

Жабагы — алты айга чейинки жылкы баласы;

Кулун — бир жашка чыга элек жылкы баласы;

Тай — бир жаш;

Кунан — эки жаш;

Бышты — үч жаш. Тай, кунанды тестиер балдар минсе, жылкы баласы үчкө толгондон кийин чоң кишилер да мине берет.

Асый — төрт жаш. Бешинчи жылдан тарта бир асый, андан ары эки асый, үч асый деп аталат. Эки асый деген “сегиз жаш” дегенди билдирет. Бул жылкы чындап баралына жетип, сатса баа боло турган курагы.

Бээ — ургаачы жылкы;

Кунан байтал — эки жаштагы ургаачы жылкы. Эркеги “кунан” деп эле айтылат;

Бышты байтал — үч жаштагы ургаачы жылкы;

Байтал — эки жаштан кийинки кулундай элек бээ;

Айгыр — тукум улай турган бычылбаган эркеги, кичирээк кезинде “айгырак” деп аталат;

Ат — бычылган жылкы;

Азоо — тоо-түздө ээн өсүп, минип жүрүүгө, арабага кошконго үйрөтүлбөгөн, тапталбаган ат;

Буудан — жылкы баласынын күчтүү, алты ай минсе арыбаган күлүгү;

Жорго — эки оң жак буту менен эки сол жак буттарын тең таштап, чайпала жүгүргөн жүрүшү бар жылкы. Мындан улам эл ичинде “Төрт аягы төп келишкен жорго”, “суу төгүлгүс жорго” деген сыпаттоолор айтылып келет;

Аргымак — Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндөгү асыл тукум минги жылкынын байыркы аты. Таза тукумдуу минги, буденный, араб, ахалтекин жана англис жылкысынын сымбаттуу, чымыр күлүгүн аргымак деп аташат. Кыргыз эли аргымакты байыртадан “чапса күлүк, сатса пул” катары асырап келген.

Дулдул — канча чуркаса да чарчап-чаалыкпаган аргымак. Жаны тынбаган адамдарга карата да айтылат.

“Айида Батырбекова”, “Sputnik-Кыргызстан”, 08.09.2016-ж.

© AP Photo/ Charlie Riedel

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.