Михаил Синельников, россиялык айтылуу акын, котормочу: “Кыргызстанга келгенде, балалыгыма кайрылып келгендей болом”

Жакында россиялык белгилүү акын жана котормочу Михаил Синельников Кыргызстанда мейманда болду. Ал Москвада жашаганы менен, Жалал-Абадда өсүп-чоңоюп, Ошто жогорку окуу жайда окуган биздин жердешибиз. Кыргызстанды жүрөгүнө бекем түйүп, «Кыргызстан – менин Мекеним” деп келет.

Михаил Синельников кыргыздын бир топ залкар акындарынын чыгармаларын орус тилине которгон. Алсак Токтогул, Алыкул, Жолон, Касым Тыныстанов, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбаев Жусуев, Омор Султанов, Сүйөркул Тургунбаев, Анатай Өмүрканов жана башкалардын чыгармаларын орус тилинде сүйлөткөн. Синельниковдун ырлары жана котормолору Чыгыш дүйнөсүнүн илебин чачып турат. Ал кыргыз акындарынан башка көптөгөн Чыгыш жана башка акындардын чыгармаларын которгон.

Бишкектеги жаш жазуучулар фестивалында чыгып сүйлөп, белгилүү акын жана котормочу Михаил Синельников минтип айтты:

Кыргызстан – менин Мекеним. Жердештеримдин арасында, бул жердин абасынан дем алуу мага ырахат тартуулайт. Бул жакка келгенде, мен ар дайым жаштыгымды эңсейм, жаштыгыма барам. Анткени менин бала чагым Жалал-Абадда өткөн. Мен бул жакка келеримде билгенди көп залкарлар менен жолугам деп ашыгып жүргөм. Тилекке каршы, алардын бир далайын – Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиевдин элесин бейит башынан гана көрүп калдым. Ошентсе да Бишкекке келип Дзержин бульварына бассам, досум Жолон Мамытов менен жолуккандай болом, Парижге барып, силерде Полинер болсо, бизде Алыкул болгон деп айткан Камбаралы Бобулов менен жолуккандай болом.

Ал эми Михаил Синельников Жалал-Абад жана Ошко барган жолугушуулары тууралуу буларды айтты:

Жалал-Абад – менин балалыгымдын шаары, Ош – менин жаштыгымдын шаары, ал эми Бишкек шаары менен ары-бери өткөндөгү көп окуялар менен байланыштуу. Менин балалыгымдын ырларына карагай менен өрүктүн көлөкөсү түшкөн. Оштогу базардын алдындагы эски көпүрөдө жакында мен бир башкача сезим менен турдум. Жүз жыл илгери мына ушул, Ак-Буурадагы “эшек көпүрөдө” өзүнүн жолдошу, жаш акын Константин Липскеров менен бирге Түркстандын түрө кыдырган акын Лиля Брик турган. Калкынын ар улуттуулугу менен айырмаланган Жалал-Абад таңы да мени бөтөнчө толкундантты. Мына ушул жерде бала кезимде мени петербургдук шаар башчысы мунапыс алып бошоп келип мага французча үйрөткөн, мына ушул жерде камакта жаткан Дзержинскийдин катчысы кечкурун үйүбүзгө келип, мага скрипкада ойногонду үйрөткөн. Камакта жүргөн акын Кайсын Кулиев да менин атам менен сүйлөшкөнү келээр эле. Кийин жылдар өтүп, Кайсын Кулиев менен достошуп, анын чыгармаларын которуп калдым. Ал эми менин апам кыргыз акыны Барпы Алыкуловдон акыркы интервью алган киши болгон. Мына ушул элестердин кучагында балкып жүрдүм. Бул жер мага ар убак дем, шык берип келген, – деди Михаил Синельников.

Акын жана котормочу Жалал-Абадда, Ошто, андан кийин Бишкекте көптөгөн иш-чараларга катышып, бул жакка чакырган Султан Раевге ыраазы болуп жатты. Бишкектеги Орус-кыргыз славян университетинин жаш таланттары менен жолугушуп, котормолорун жана кийинки кезде жазылган ырларын окуп берди.

Жылан терисин таштагандай эле, мен эч убакта жаштыгымдагы ырларыма кайрылып, окуганга дараметим жетпейт. Балким жаш чагымда, Жалал-Абад, Ошто жашаганымда азыркыдан да шык-дараметтүү болгондурмун. Улуу Томас Манн жаш чагыбызда биз баарыбыз шыктуу болгонбуз деген экен. Ошентсе да мен жаш чагымдагы ырларымды окубайын, – деп айтты жолугушууда акын. – Бирок мен Москвага келгенде мага Александр Межиров акындардын баары поэзияга согуш майданынан келишет, сен да ошенттиң, сен “Кыргызстан” аттуу согуш талаасынан келдиң, бирок эми сен мурункуларды уратып, кайра жаңысын куруп чыгышың керек деди. Мен жаңыны мурунку турмушумдун урандысынан кайра жараттым. Көп чыгарма жаздым, котормолорду эсептебегенде 27 китепти жарыкка чыгардым. Бирок мен аларды өмүрүмдүн бөлүктөрүнө бөлүп, он гана китеп жаздым дейм. Эми он биринчисин жазып жатам. Бул жакка келгенимде мен акыркы тууганымды жайына берип, өткөнүмө сүңгүп кирип кеттим. Эч убакта мынчалык көп жаза элек болчумун, үч жарым жылда 750 ыр жаздым. Бирок жылдар өтүп, Россияга да байланып калдым.

Соңку жолугушууга акындар Сүйөркул Тургунбаев менен Анатай Өмүрканов да келип, Михаил Синельников тууралуу сөз айтышып, белектерин беришти. Сүйөркул Тургунбаев биздин Синельников Евгений Евтушенко, Алесандр Кушнер, Арсений Тарковский менен жылуу мамиледе болгон, мыкты акын, котормочу экендигин баса белгиледи.

Михаил Синельников Жолон Мамытов менен да дос болгон. Бул тууралуу Жолондун жубайы, акын, жазуучу Меңди Мамазаирова мындай дейт:

-Ошто Жолон, Курбаналы Сабыров, Сабыралы Кулуев, Кармышак Ташбаев болуп Миша менен чогуу жүрүшөр эле. Кийин Миша Синельников Москвага адабият институтуна окууга кеткенде жубайы Наташа Орлованы ээрчитип келип турду. Москвада жашап калганда да агасы тирүү кезде дайыма келип-кетип турчу. Жакында бул жактагы жеңесин акыркы сапарга узатты.

Михаил Синельников “Мой Алыкул” аттуу китебин Жолондун көзү өткөндөн кийин чыгарып, калем акысын Москвада окуган уулубуз Маякка берген. Кыргызстанга келген сайын мага китеп жана белек-бечкегин көтөрө келет. Кең пейил, кыргызга окшогон киши. Өзү 70 жашка келип калса да, калемин колдон түшүрбөй, талбай изденип келе жатат,- деди.

Эмесе, окурмандарга Михаил Синельниковдун котормосунда Алыкулдун “Ата журт” аттуу ырын сунуш кылабыз. Бул ыр жазылганда Михаил эки гана жашта болуп, Кыргызстанга Петербургдан ата-энеси менен келген экен. Кийин залкар акындын чыгармасынын мыкты котормочусу болуп калды.

 

ОТЧИЗНА

Оденься теплее — подъем впереди,
И силится вьюга с дороги столкнуть.
Дай холод приму на себя, подожди,
Отчизна моя, дай разведаю путь!
Как ночи страшны и суровы… Гляди,
Заблудится конь. Только шаг до беды,
Дай муки приму на себя, подожди,
Отчизна моя, дай разведать следы!
Развеет весна этот холод и тьму,
И тучи разгонит над высью твоей.
О, дай на себя все болезни приму,
Отчизна моя, только ты не болей!

 

АТА ЖУРТ

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу, бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнуңа алайын,
Жол карайын, токтой турчу Ата журт!
Түндөр жаман, кырсык чалып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата журт!
Жаз да башка… Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата журт!

«Политклиника», Айгүл Бакеева, 03.10.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.