Кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы адис сүрөткер Шакен Мамбетаипованын (1936-1995) эмгектеринин көргөзмөсү ачылат

2016-жылдын 14-октябрында Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы адис сүрөткер, Кыргыз эл сүрөтчүсү, акын Шакен Мамбетаипованын эмгектеринин көргөзмөсү ачылат. Көргөзмөдө автордун жасалга-колдонмо өнөрү, живопись багытындагы иштери коюлат. Иш-чара автордун 80 жылдыгына карата, Тарых жана маданият жылынын алкагында уюштурулууда.

Кыргызстанда Шакен Мамбетаипова элдик жасалга-колдонмо өнөрдүн уюткусун сактаган адам катары таанымал. Ал өз чыгармаларында элдик уздардын салттуу өнөрүн улантуу менен алардын эң сонун жетишкендиктерин профессионал сүрөтчү катары өз заманындагы турмуш чындыгын чагылдырууда жаңычылдык менен пайдаланган. Ал элдик стилдин негизги салттарын кылдаттык менен өздөштүрүп, ар кандай материалды өз идеясын бериш үчүн билгичтик менен пайдаланган. Эл менен, табият менен, элдик искусство менен аралаш жашоо Шакен Мамбетаипованын чыгармаларына өзгөчө дем берип турат.

Жалпысынан Шакен Мамбетаипованын жасалга-колдонмо багытындагы эмгектери республикабыздан тышкары Монреаль, Москва, Санкт-Петербург, Кишинев, Ташкен, Дүйшөмбү, Ашхабад, Алматы сыяктуу шаарларында, айрымдары Алжир, Монголия, Индия, Болгария, Германия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн музейлеринин туруктуу экспонаты болуп калды. Автордун ар кыл эмгектери Кыргыз Совет Энциклопедиясына басылып, чет элдик басма сөздө да жарыяланган.

Мамбетаипова салттуу кол өнөрчүлүктүн нугунда гана иштебестен, живопистик этюддар менен да кыйла жемиштүү эмгектенген. Анын боек менен тартылган этюддары автордун сүрөт өнөрүндө ар тараптуу талантка ээ болгонун айгинелейт.

Өз учурунда Шакен Мамбетаипова Кыргызстандын элдик чеберлери менен эң керектүү жана масштабдуу иштерди жүргүзгөн. Ал «Кыял» элдик кол өнөрчүлүк бирикмесин уюштуруучулардын бири болгон. Кийинчерээк анын башкы сүрөтчүсү болуп иштеп, сегиз жыл бою республиканын Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин Борбордук көркөм-эксперименталдык лабораториясын жетектеген. Өзгөн шаарындагы килем токуу фабрикасын уюштурууга да жигердүү катышкан.

СССР убагында СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болуп, «Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер» аттуу ардактуу наам алган. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон кийин 1993-жылы кыргыз аялдарынын ичинен биринчи болуп «Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү» аттуу наамга татыктуу болгон.

Шакен Мамбетаипова – сүрөтчү гана эмес, мыкты ырларды жарата билген акын катары да кеңири белгилүү. Анын «Кыргыз пейили», «Ырлар», «Байыркы жылдыздар», «Улуу тоолор» аттуу ыр жыйнактары көзүнүн тирүүсүндө эле жарык көрүп, окурмандардын сүймөнчүгүнө айланса, кийин көзү өткөн соң «Көл боюна жүз келем» аттуу көлөмдүү тандалма ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Көргөзмөнүн ачылышы 14.00дө башталат.

Уюштуруучулар тобу

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.