Шакен Мамбетаипованын эмгектери Кыргызстандын бренди болчу

14-октябрда Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде КР эл сүрөтчүсү жана акын Шакен Мамбетаипованын 80 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Көргөзмөнүн ачылышында Шакен Мамбетаипова элдик уздардын өнөрүн улантуу менен аларды профессионалдык деңгээлге чыгарган сүрөтчү, эмгектери Кыргызстандын бренди болуп келгендигин, живопись жанрында да иштегендигин, акын катары да таанымал болгондугун жана татыктуу уул-кыздарды тарбиялагандыгын айтып өтүштү. Анын эң кенже уулун эле айта кетсек, Жыргалбек Касаболотов – белгилүү акын жана журналист.

shm1

Юристанбек Шыгаев, Кыргыз эл сүрөтчүсү: “Элдик өнөрдүн уюткусун сактап келген”

– Шакен Мамбетаипова элдик өнөрдүн уюткусун сактап келген сүрөтчү болгон. “Кыял” кол өнөрчүлүк бирикмесинде иштеп жүргөн жылдары эженин эмгектери Кыргызстандын бренди катары өлкөбүздү даңазалап келген. Анын кол өнөрчүлүк эмгектери Монреаль, Санкт-Петербург, Москвадагы көргөзмөлөрдө коюлган. Биринчилерден болуп элдик өнөрдү профессионалдык деңгээлге чыгарган. Ал декоративдүү прикладдык искусство жанрында эле эмгектенбестен, живопись жанрында да ийгиликтүү иштеген сүрөтчү болгондугу белгилүү.

 shm2

Дамира Алышпаева, КР маданият жана маалымат министрлигинин башкармалыгынын башчысы:

– Шакен эже бойлуу, кара торунун сулуусу, ажайып киши эле. Эже менен иштеше баштаганда жогорку окуу жайын жаңы бүтүрүп келген жаш кезим. Ар дайым эле “Жети-Өгүзгө барып келиш керек” деп турчу. “Ал жакта эмнеңиз бар?” десек, “Кайын атамдан калган үй, өрүкзар бар, аларды карап туруш керек” деп калчу. Күйөөсүнөн балдарынын кенжеси үч жаш кезинде ажырап, алты баланы чоңойтуп, бутуна тургузду. Азыр кол өнөрчүлүк өнүгүп, бул жакта иштөө анчалык деле жаңылык эместей сезилип жатпайбы, анда улуттук кол өнөрчүлүктү унутуп баратканбыз, улуттук салтка кайрылуу чоң жаңылык болчу. Кийизге түшүргөн оймолору, туш кийиз саймасы, чийге сүрөт түшүргөн ж.б. эмгектери баалуу. Эже сүрөтчү, акын жана эне катары жашоодогу өз парзын аткарып кетти деп эсептейм.

 shm4

Абдрай Осмонов, КР эл сүрөтчүсү: “Эжеге чоң заказдарды беришчү”

– Шакен эженин Кадамжайдын маданият үйүнө заказ боюнча жасап берген эмгеги мага абдан жаккан. Сахнадагы көшөгөнү ушунчалык берилип саймалап, кооздоп чыккан. Адамгерчилиги бийик, дасторкону кенен, ички да, тышкы да салабаты сонун киши эле. Алты баланы тарбиялап өстүрсө, балдар-кыздарынын баары элге кызмат кылган адамдардан болушту. Кыздары Жыргал, Дамира апасынын жолун жолдошсо, кенже уулу Жыргалбек Касаболотов белгилүү акын жана журналист, калган балдары да таланттуу адам болгонун билебиз.

 shm5

Шакен Мамбетаипованын кызы Шайгүл: “Апам өнөрлүү, эмгекчил болгон ”

shaygul– Апам 7-8 жашар кезинде өз апасы оймочуларга шырдакка оюу салдырайын деп бара жатса, “апа, мен эле оюп берейин” деп, сонун оюу түшүрүп койсо, апасы таң калган экен. Апамдын бул көргөзмөдөгү эмгектери чыгармачылыгынын бир чети, үйдө сакталган буюмдары эле. Калган эмгектери Биздин тарых музейде жана башка өлкөлөрдүн музейлеринде сакталуу. Уул-кыздары 2013-жылы апамдын атындагы фонд уюштуруп, өнөрпоз окуучуларга сыйлык берип, жөлөп-таяп турабыз. Апам абдан эмгекчил болгон. Биринчилерден болуп чийге сүрөт түшүргөн. Чийге сүрөт түшүрүү абдан чоң түйшүктү талап кылат. Эки метрлик чийдин бир жеринин эле боёгу туура эмес болуп калса, аны бузуп, кайра жасачу. Мен дагы башында апама жардамдашып жүрчүмүн, бирок сүрөт окуу жайына өтпөй калып, маданият тармагындагы башка кесипке өтүп кеткем. Эки сиңдим апамдын жолун жолдошту. Сегиз жаштагы неберем, апамдын чөбөрөсү Айбийке да келечектен үмүт арттырып турат, -деди Шайгүл.

Шакен Мамбетаипова сүрөтчү катары кол өнөрчүлүк менен гана иштебестен, живопистик этюддар менен ийгиликтүү иштегенин искусство таануучу Людмила Прыткова анын боёк менен тартылган “Крым кайрыктары”, “Тоолуу айыл”, “Арсланбап”, “Гурзуф”, “Суусамыр”, “Беш-Таш” аттуу этюддары анын ар тараптуу талант экенин айткан. Шакен Мамбетаипова сүрөтчү гана эмес, акын да болгон. Анын “Кыргыз пейили”, “Ырлар”, “Байыркы жылдыздар”, “Улуу тоолор” аттуу ыр жыйнактары акындын көзү тирүүсүндө жарык көргөн. “Боёктор” аттуу ырында Шакен Мамбетаипова сүрөтчүлүк өнөргө урмат-сыйын көрсөткөн.

“Боёктор кыялды толгогон,
Боёктор музыка ойногон.
Эң кымбат керемет кубулуш,
Элеcтеп уйкумдан ойгоном”.

Айгүл Бакеева, «Политклиника», 10.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.