“Русская премия” адабий сыйлыгына кыргызстандык 4 автор талаптанууда

Дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн 39 орус тилинде жазган акын-жазуучулардын арасында өткөрүлүп жаткан “Русская премия” адабий сынагына кыргызстандык 4 автор катышууда. Алар – Эрнест Жанаев, Жапарали Осмонкулов, Алексей Торк жана Мадылбай Турусбек. Мындай маалымат бул адабий сынактын өздүк сайтында берилген.

Белгилүү болгондой, аталган сынак үч номинация – “поэзия”, “чакан проза” жана “ири проза” номинациялары боюнча ыйгарылат. Кыргызстандык жазуучулардын бардыгы “чакан проза” номинациясында талаптанууда.

Эрнест Жанаев “Ветер” повести, Жапарали Осмонкулов балдар үчүн жазылган “Подкова на счастье” аңгемеси, Алексей Торк “Фархад и Ширин. Развод. Бунт” жана башка аңгемелери, ошондой эле Турусбек Мадылбай “Одиночество” повести менен катышууда. Булардын ичинен Турусбек Мадылбай 2006-жылы “Күкүнүс” (“Феникс”) романы менен аталган сыйлыкка ээ болгон.

“Русская премия” адабий сынагынын “кыска тизмеси” март айынын экинчи жарымында жарыяланып, жыйынтыгы Москвада апрель айында чыгарылат. Аталган сыйлык чет өлкөлөрдүн орус тилинде жазган акын-жазуучулары үчүн арналган жападан-жалгыз сыйлык болуп саналат. Ал 2005-жылы негизделген.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 09.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.