Чыгыш менен Батыштын Чолпондору

“Чыгыш менен Батыштын Чолпондору” дегенде, сөз кытайлык акын Ли Бо менен италиялык Данте Алигьери жөнүндө экендигин окумал адамдар дароо билишет. Анткени, бул экөө өз чыгармалары менен таң келеринен кабар салган Чолпон жылдыздай, бири бүтүндөй Чыгыштын, экинчиси бүтүндөй Батыш Европанын алдында жаңы доор келаткандыгынан алгач кабар салышкан. Экөө жер шарынын эки бөлүгүндөгү феодалдык догматтардын күнү бүтүп бараткандыгын кабарлап, алдыда адамзатты утурлап гуманисттик доор (Ренессанс) келаткандыгын чыгармалары аркылуу туюнтушкан. Жаңы доор жаралыш үчүн көптөгөн объективдүү себептер зарыл, тактап айтканда, саясий кырдаалдар, тарыхый шарттар, социалдык жагдайлар шайкеш келип калган учурда, өз доорун түбүнө жете түшүнгөн, келечегин ошол кырдаалдардан чыгып боолголой алган жана өзүнүн билгенин чыныгы көркөм туундуга айландыра алган төрт тарабы төп таланттар (субъектилер) чыгышы мүмкүн. Дал ушундай адамдар Кытайда Ли Бо, Батыш Европада Данте Алигьерилер болушкан.

Албетте, Ли Бо менен Данте жалгыз болушкан эмес. Ли Бонун жанында Ван Вэй менен Ду Фу сыяктуу андан кем эмес таланттуу замандаштары болсо (Ван Вэй Ли Бого теңтуш, ал эми Ду Фу алардан он жашча кичүү болгон), Дантенин артынан удаа келишкен Петрарка Франческа менен Жованни Боккаччолор устаты салган алгачкы изди, адам аттуунун баары бата турган, жүрө ала турган даңгыраган кенен жолго айлантып, диндин чүмбөтүн жыртып, өз өлкөлөрүнө жашоонун жарык жагын көрсөтө алышкан. Батыш Европада Ренессанс кылымга создуккан күрөштөн кийин жеңилүүгө дуушар болгондугу маалым. Анткени менен италиялык гуманисттер (Данте, Петрарка, Боккаччолор) алып келишкен адабияттагы антикалык принцип (башкы баалуулук катары Адамды түшүнгөн) өзүнүн ордун сактап кала берген жана бүт Европага ээ-жаа бербей жайылтылган. Бул чөлкөмгө таандык ар бир өлкөдө: Англияда Томас Мор, Френсис Бэкон жана Шекспирлер, Францияда: Франсуа Рабле, Испанияда Сервантес. адамды кыйноого, басынтууга негизделген феодалдык формациянын жана диний концепциялардын быт-чытын чыгара сынга алган чыгармаларын жаратышкан. Чиркөө канчалык аракет кылганына карабастан, дин мурдагыдай коомдун бардык катмарынын башын айлантып, өз чеңгелинде кармап тура албай калган. Ошол мезгилде өркөнү өскөн илим-билим, адабияттагы, маданияттагы өзгөрүүлөрдү өзүнүн жетишкендиктери менен бекемдеп турган.

Ушундай коомдук аңтар-теңтерлер VIII кылымда Кытайда да өкүм сүргөн. Сооданын, өнөр жай менен дыйканчылыктын өнүгүшү, шаарлардын гүлдөшүнө алып келсе, гүлдөгөн турмуш туш тараптан агылып келген башка адабият, маданияттын, диндердин келип “отурукташына” шарт түзгөн. Ошентип, VIII кылымда Кытай мамлекетинде татаал идеологиялык атмосфера жаралган. Экономикалык жана коомдук турмуш мындай өнүгүүсү менен мурдагы коомдук формацияга “сыйбай” калгандыктан, сөзсүз түрдө коомду өзгөртүү талабы келип чыккан. Ал эми өзгөрүү болсо феодалдык менчик формасын өзгөртүү аркылуу гана болушу мүмкүн эле. Мындай саясий кырдаал узакка созулган тирешүүнү (755-жылдан 763-жылга чейин) пайда кылганы менен, прогрессти көздөгөндөрдүн анча-мынча жеңишинен (жан башына салынган салык дүнүйө-мүлккө салык төлөө менен алмашылган, наделдик система жоюлган) көп деле нерсе өзгөргөн эмес. Өзүнүн жашоосун биротоло жашап бүткөн эски формацияны түп-тамырынан бери жок кылыш үчүн жалпы элдик көтөрүлүш талап кылынган. Жана мындай көтөрүлүш жүз жылдан кийин гана (875-884-жылдары) бышып жетилген. Тан мамлекетинин үч акыны Ли Бо, Ван Вэй жана Ду Фулардын чыгармачылыктары дал ушундай коомдук өзгөрүүлөрдүн учуруна туура келет. Тактап айтканда, Данте, Петрарка, Боккаччолор сыяктуу булар да өз заманынын кайсы жакка өзгөрүлүп жатканынан көркөм чыгармалары менен өз жердештери жана улутташтарына келечектин ориентирлерин белгилеп беришкен жана алардын белгилеген көркөм багыттары бүтүндөй Чыгышка тараган. Биз макалабызда, бул үчтүктөрдүн башында турушкан Ли Бо менен Данте Алигьеринин чыгармачылыктарына азыраак токтолгону турабыз. Албетте, булардын бири-биринен окшоштуктарынан айырмачылыктары көбүрөөк: Эгерде Данте Алигьери Орто кылымдын адамы жана акыны болуп, анын чыгармаларынан жаңы доордун учкундары, кичинекей шоолалары гана жанса, көрүнсө, Ли Бо Франческа Петрарка сыяктуу бүт дүйнөсү менен өз мамлекетиндеги (Чыгыштагы Ренессанс менен Батыштагы Ренессанс ар башка мезгилдерге туура келерин жогорудагы цифралардан баамдадыңыздар деп ойлойбуз – Ч.Д.) жаңы доордун адамы, акыны болгон. Петрарка сыяктуу ал дагы Байыркы дүйнөнүн принциптерине таянуу менен өз заманындагы адамдарга жашоо деген эмне экендигин жаңыча көркөм трактовкалаган. Ошондой эле булар таптакыр эки башка мезгилде жашашкан (Данте Алигеьери ХIII кылымдын акыры ХIV кылымдын башында, Ли Бо VIII кылымда).

“Бүгүн баары эң сонун – шамал дагы, күн дагы,
Кем калбастыр бүгүндөн, эртең келер күн дагы.
Шылдың кылып күлөт бизди, желаргы да жаздагы:
“Эй адамдар эмне мынча, кабагыңар салыңкы:
Күлдү үйлөсөң:
Бийлеп чыгат кооз канат Феникс-куш.
Сууга сузгу салсаңар:
Туйлап чыгат, алдыңарга, балык укмуш.
Алтындарга миңдеген, шарап сатып алгыла,
Бул жашоонун кубанчына, болушунча кангыла.
Издебеңер андан башканы…” (ушул жана мындан ары акындын ырлары Д.Чокоеванын котормосунда берилет).

Ли Бого таандык бул саптар сөзсүз түрдө Франческа Петрарканын Орто кылымдагы аскетизмге каршы: “Жашоо бул дүйнөдө гана, тиги дүйнө жок нерсе. Адам ушул жарыкчылыкта гана бактылуу болууга тийиш. Бактылуулуктун негизи сүйүү” деген, жалындаган саптарына мааниси менен төп келишип турган жокпу. Ли Бо жашоонун ушунчалык жеңилдигин жана жыргалдуулугун жар салып жатат. Жана ушуну менен ал дагы адамдарды аскетизмге каршы үндөйт. Данте Кайра жаралуу дооруна чыйыр салса, Ли Бо аны жараткан (Ли Бонун чыгармачылыгы Дантенин эмес Петрарканын чыгармачылыгына көбүрөөк үндөшкөнүн байкагандар үчүн: жаңы доорго кадам таштагандагы биринчилиги жана чыгармачылык масштабдары боюнча жакындыгы үчүн ушул эки акын салыштырылды – Ч.Д.).Ал эми окшоштугу: экөө тең: Ли Бо жана Данте – коомдук турмуштагы жана тиричиликтеги негизги баалуулук Адам экендигин биринчи ырдашкандыгында болгон.

Чыгыш менен Батыш маданиятынын билерманы, окумуштуу И.Н.Конрад Ли Бонун Тайху көлүнүн жээгинде жайгашкан, соода-сатык өнүккөн Хучжоу шаарынын башкаруучусунун “сен кимсиң?” деген суроосуна жооп катары айткан бир куплет ырын (4 саптан турган Ч.Д.) ырын келтирген:

Я – цзюйши из Цинляня, изгнанный сянь.
В кабаках хороню свое имя вот уже тридцать лет.
А тебе, правитель Хучжоу, чего же спрашивать?
Я – будда Цзиньсу, его воплощение.

Жана бул төрт сап ырдын маанисин эки беттин тегерегинде комментарий жасайт. Анын айтуусунча кытай тилинде бул куплет 24 гана белгиден туруп, Ли Бонун бүт биографиясын, ой-мүдөөсүн, жашоого болгон көз карашын чагылдырып турат экен. Мисалы, жогорудагы куплеттин биринчи сабы: Я – … “изгнанный сянь” деп аяктайт. Конраддын түшүндүрүүсү боюнча: сянь даосизм жараткан образ, ал эми даосизмдин өзү болсо, элдик эски ишенимдердин жыйындысы, ошол эски ишенимдерге негизделип түзүлүп, сырттан келген будда динине атаандаштыкта чыккан Орто кылымдагы кытайлардын дини гана эмес, алардын ааламга, жашоого карата көз караштарынын, дүйнөнү сезип-билүүсүнүн жыйындысы болгон. Даостук сянь жөнөкөй түшүнүк менен алганда табияттын сырын түшүнүп, жаштык менен өлбөстүктүн дарысын табуу үчүн тоого кеткен адамды билгизет. Мунун мындан башка да бир канча түшүндүрмөлөрү бар, эң негизгиси ал бийлик кумарынан жана башка ар кандай пенделик кумарлардан жогору көтөрүлө алган эркин адам. Ли Бонун жашоодо эч бир динге жана идеологияга байланбай эркин болгондугу жана өз өмүрүндө эки жолу тоого чыгып кетип, биринчисинде эки, экинчиисинде беш жыл жашап келгендиктен өзүн сяньмын деп айтканга укугу бар дейт окумуштуу. Куплет “Я – будда Цзиньцу, его воплощение” (“Мен – Цзиньцу буддамын, анын өзүмүн”) деген сөздөр менен аяктайт. Цзиньцу – Вималакирти. Вималакирти – буддизмдеги абдан популярдуу персонаж, ири көлөмдөгү соода иштерин жүргүзүп байыган, үй-бүлө күткөн адам. Чыныгы буддист жашоодон баш тартпай, тескерисинче, тиричилик иштери менен активдүү алектенген адам деп түшүнгөн, буддизмдин өлүк доктринасын колдобогон, анын схоластикалык формулаларынан баш тарткан адам. Анын оюнча, будданын идеясына чындап берилген адам ошондой болуусу керек. Ли Бо Вималакиртинин “өзүмүн” деп айтуу менен диндин ар кандай догматтарынан эркин, чыныгы жашоону жашаган адам экендигин билгизген деп жыйынтыктайт оюн Ли Бонун чыгармачылыгын изилдеген Н.И.Конрад. Аны Ли Бонун ырларынын мазмуну далилдеп турат:

Асман тирейт тоолордун чокулары
Эстебейт да эч нерсени, эсептебейт жылдарды,
“Байыркынын жолун” издейт булуттарды түртүп туш жакка,
Жөлөнөт да даракка, тыңшайт булак шыңгырын.
Ал эми өзү жөнүндө болсо:
Көбү сурайт: эмнеге жашайсың деп тоолордун арасында?
Күлөмүн да жооп айтпайм… Жан-дүйнөм тынч.
Шабдалынын гүлү агым менен кошо кетип жоголот.
Адамга таандык болбогон – башка дүйнө бар.

Бул саптардагы бири-бирине логикалык байланышы жок, ар түрдүү ойлор аркылуу акындын жан-дүйнөсүндөгү кабат-кабат дүйнө таанымдар менен көз караштар, анын жашоо философиясынын өзгөчөлүгү, өзүнчөлүгү таасын байкалат. Ал эмне болгон адамга таандык эмес дүйнө? Ал кантип таанылат жана анын эмне кереги бар? деген сыяктуу өтө терең жана масштабдуу жоопту талап кылган суроолор жаралат акыркы куплеттин тегерегинде. Бул суроого жоопту акындын башка ырларынан табууга болот. Ли Бонун колго тийген кыргызча котормолорун карап көргөндө, биринчи көзгө урунганы – Чыгыш поэзиясына таандык терең лирикалуулук, ностальгиялуулук жана балладалык нюанстар. Акындын өзүнүн ар кандай ички сезимдери, толгонуулары, биринчиден, жаратылыш фактылары, алардын көрүнүштөрү берген мотивациялар менен чулганып берилсе, экинчиден, акын өзүнүн адамдар менен болгон мамилеси аркылуу жеке дүйнө таанымын берет (ал адамдарга табият призмасынан карайт). Муну ырларынын темалары эле тастыктап турат: “Бихи тоосун карап жатып”, “Сюаньченде суктанамын гүлдөргө”, “Тоодогу коргонго тийген ай” же “Мугалимим Енин тоодогу кепесинде Динди күтүүдөмүн. Ал келбей жатат”, “Күзүндө Ланьшань тоосуна чыгам. Чжан бешинчиге кат жөнөтөм”, “Жайында түштүктөгү чатырчамда Улуу Син жөнүндө ойлоймун” жна башка. Байкалып тургандай, Чыгыш поэзиясынын поэтикасына таандык аталыштар: жөнөкөй, табияттын көрүнүшү, адам колунан жасалган нерселер, адамдын тиги бу касиети, же жөн эле ар түрдүү туруш-турпаты кандай сезилсе, кандай баамдалса, дал ошол боюнча берилет. Биздегидей ал кандайдыр бир сүйлөмдөрдүн жалпылама түрмөктөрүнө айландырбайт. Мисалы, колубузга биринчи тийген эле ыр жыйнактарын алып көрөлү: “Курбуларыма”, “Түштүктөн сулуу таң атты”, “Гүлүмө” (Алыкул Осмонов. Чыг. эки томдук жыйнагы, т.1. Б., 2014), же Аман Токтогуловдун “Таберик” жыйнагынан “Тоолук жигит”, “Авар жомогу”, “Күкүк менен бүркүт”. Мында кыргыз акындарынын ырларына койгон аттары жалпылануучулугу менен айырмаланып турат. Анда конкреттүүлүк жок (кайсы курбусу, акындын өзгөчө көңүл буруусуна арзыган Түштүктүн кайсы жериндеги таң, гүлдүн кайсы түрү). Албетте, бул үчүн биздин акындарды күнөөлөп жаткан жерибиз жок, анткени булар сөзсүз, ырдын мазмунунда берилет. Биз мында, чыгармада, тема коюудагы чыныгы чыгыш поэзиясынын поэтикалык өзгөчөлүгүнө гана көңүл буруп жатабыз.

Ли Бо ырларында шарап темасын көп козгоп, шарап өзүнүн жана досторунун ажырабас жандоочу экендигине ишаарат кылат. Ал жашоо, тиричилик, эркиндик, теңдик, байлык, дин сыяктуу философиялык категорияларды шарапка бир жолу мас болгон эргүү менен алмаштырып койгусу келет. Ошону менен жашоону өтө оор бир жүккө айлантып жиберген бардык коомдук институттардын храмдарын талкалап таштап, адамды жай жашоодон, өмүрдөн ырахат алып, аны таанып-билип, тирүүлүктүн жыргалына батканга, чыныгы дүйнө, чыныгы жашоону таанып-билгенге гана бардык убактысын арнаганга чакырат. Анын жогорудагы ар түрдүү теманы бир куплетке батырган бир тамчы ырынын мааниси мына ушунда жана ал ушуну менен гана бүтпөйт… Данте Алигьери айткандай: ар кандай текст жок дегенде төрт маанини ичине камтып турат…

Акырында айтып кетчү бир сөз: жогорудагы келтирилген ырлардан Чыгыштын дагы бир жылдызы Омар Хаямдын шарап жөнүндөгү философиялык ырларынын чыгыш теги баамдалгандыр. Ушул күнгө чейин Омар Хаямдын ырларына суктанып, суусап, тамшанып бүтпөгөн көпчүлүк окурмандарга, анын улуу устаты ким болгондугу анча белгилүү эмес эле. Биз ушул чакан макалабыз менен Ли Бонун океан сындуу чалкыган поэзиясы жөнүндө бир тамчы гана маалыматты сиздерге жеткирип коюу максатын көздөдүк, урматтуу окурман. Мындан кийин Ли Бо деген ысымга назар сала жүрсөңүз, адам акылынын тереңдеги булуң-буйткаларына саякат жасоого жакшы жол көрсөткүч болуп берерине терең ишенебиз. Анын үстүнө Ли Бонун ырларын кыргызчалатууну (буга чейин да которулган) Чыгыш поэзиясын которгонго маш, өзү да мыкты акын, айтылуу Сагын Акматбекова эжебиз колго алгандыгынын өзү Ли Бонун Кыргызстанга таанылуу мүмкүнчүлүгү эми ачылганынан эч шек санатпайт. Эгер сиз ушул текстти окуп чыксаңыз, демек сиз көр-тириликтин ыпыр-сыпырынын астында эмес, анын үстүндө турган, адамга адамча жашоо үчүн ичип-жеөө менен тукум улоодон башка да көп нерселер керектигин сезген инсансыз, ошондуктан, бул маалыматты Сизге айттым, кымбаттуу окурман.

Дилбар Чокоева,  ЖАМУнун кыргыз,
дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедрасынын башчысы,
филология илимдеринин кандидаты, доцент,
«Акыйкат», 01.09.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.