Кыргыз тилин үйрөнүү оор деп жалкоолор айтат Татьяна Выговская, конфликтолог

Кыргыз тили мамлекеттик тил болгондуктан башка өлкөлөр сыяктуу эле ага болгон муктаждык жогору болушу керек деп эсептейм.

Кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү абалынын саясатташып жатышына ММК кызматкерлеринин да тиешеси бар деп айтат элем. Бул көрүнүш Бишкек шаарында аябай курчуп жатканына күбө болуудабыз. Ал эми аймактарда жүргүзгөн байкоолорумда, тилдин жоголуп кетүү коркунучун көрө элекмин.

Айыл жергесинин жашоочулары орус тилин көп колдонбогондуктан мамлекеттик мекемелердин иш алып баруусу кыргыз тилинде жүргүзүлгөнү туура. Бул жерде айрым ММКлар абалды курчутуп орус тилдүү, кыргыз тилдүү деп бөлүп, мамлекеттик тилди саясатташтырууга өбөлгө түзүп жатат. Бизде орус тилдүү маалыматтык талаа бар, ошондуктан кыргыз тилин кантип өнүктүрөбүз деп отурбай окутуу ыкмаларын иштеп чыгууга киришишибиз керек. Үйрөнүүдөгү негизги кыйынчылыктар окуу куралдарынын жетишсиздиги жана психологиялык тоскоолдуктар десек болот. Кыргыз тилин үйрөнүүдөгү психологиялык тоскоолдуктарды жеңүүгө мага чоң атам жардам берген. Азыр тил үйрөнүп аткан учурда психологиялык жактан жапа чеккендерди да кезиктирүүгө болот. Орус тилдүү чөйрөдө жашап кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыккандарды билем. Алардын ичинде кыргыз тилин билбеген кыргыздар да бар. Алардын арасында “сага бул тилдин эмне кереги бар, кыргызчылыкты баштан кечиргиң келип жатабы?” деп шылдыңдашкан учурлар да болот экен. Эгер англис же башка чет тилин окуп жатса “азаматсың” деп макташат, ал эми кыргыз тилинде мындай жок.

Бүгүнкү күндө өкмөт токтомдордон сырткары тилди өнүктүрүү үчүн эки кадамга баруусу зарыл. Биринчиси, каражат жана үйрөтүү ыкмалары менен камсыз кылуу, мыкты деңгээлдеги окуу борборлорун ачуу. Анткени көпчүлүк орус тилдүү жарандар тилди үйрөнүү үчүн каржы тартыштыгынан кыйынчылыктарга дуушар болушууда. 2500 сом төлөп окуу ар бир кишинин чөнтөгүнө ылайык эмес. Жарандарга стимул берүү чараларын колдонуп, ар кандай сынактарды өткөрүп, руханий жактан колдоп, кызыгууну арттырууга аракеттер жасалышы керек. Кыргыз тилинин грамматикасы татаал деп айткандарды да билем. Бул аракети жок жалкоолордун сөзү экени белгилүү. Мен кыргыз тилин үйрөнүү аябай кыйын деп айтуудан алысмын, жогоруда айтылгандай эле психологиялык тоскоолдуктарды жеңе билүү керек. Окугусу келгендерге тил артта калып унутулуп баратат деген пикирди жайылтпаш керек. Анткени кыргыз тили бай. Албетте, башка тилдер менен айкалышып турса жакшы болмок. Анткени, орус тилинин жарымы да чет тилдеринен келген сөздөрдөн турат. Мамлекеттик тилди үйрөнгүсү келген орус тилдүүлөргө оңой жана оор ыкмасын бөлүп көрсөткөн туура болот. Тилди күнүнө аз дегенде 40-50 мүнөт окуп, жаңы сөздөрдү жаттап, логикасын ойлонсо үйрөнүү жеңил болот. Ал эми кыйын жактары Кыргызстанда, кыргыз элинин арасында жашап, практиканын жетишсиз болуп атканы. Башка тилдер сыяктуу эле кыргыз тилинде да аймактык өзгөчөлүктөр, диалектилер кездешет. Мен, мисалы, диалектилерди түшүнүүгө басым жасап, гезит, китеп, ар кандай каттарды окуп жатып, азыр айырмалап калдым. Ал эми оозеки кепти түшүнүү кыйын. Мисалы, чет тилдерин окуп жатканда тил үйрөнүп аткан адамга ыңгайланышуу деген тактика бар. Ал эми кыргыз менен сүйлөшүп калып кыргызча билем десең ушунчалык бат сүйлөп салышат. Жооп бермек тургай кээде түшүнбөй да каласың. Бүгүнкү күндө тилди өнүктүрүү боюнча улуттук комиссия окуу жайлары менен иштешип, үйрөнүү ыкмаларын жеңилдетсе жакшы болот.

«Политклиника» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.04.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.