Апа, мен ай ээрчитип баратам

Батмахан Абдухамидова түйшүктүү мугалимдик кесип менен илимди кошо ала кеткен эмгекчил, мээнеткеч адис, чыгармачыл инсан. Анын кенже жана тестиер балдарга арналган аңгемелери жана новеллаларында бѳбѳктѳрдү адеп—ахлакка үйрѳтүү, дүйнѳ таанымын ѳстүрүү, табиятты аздектѳѳ идеялары күчтүү экени байкалат. Жаш калемгер экенине карабай, тємєндє кичинекей окурмандарыбызга тартуулаган чыгармаларында балдардын ички дүйнѳсүн терең чагылдырып бере алганы көрүнүп турат.

Кат

Бермет алыста иштеп жүргөн апасына кат жазып, таякесинен берип жиберди.

Кат апасынын колуна тийди. Дептердин бир барагына оролгон каттын сыртындагы «АПАМА кат» деп жазылган эки сөз эң биринчи болуп көзүнө урунду. Апасы шашыла катты ача баштады. Анда мындай деп жазылыптыр:

«Салам кат!!!

Саламатсызбы Апа? Жакшы иштеп жүрөсүзбү? Мен сизди сагындым.

Мен жакшы жүрөм. Мектепте да жакшы окуйм, жакшы жазам.

Апа, ишиңизге ийгилик каалайм. Кызыңыз Бермет.

Апа, мен сизди жакшы көрөм!»

Кичинекей кызынын алакандай кагазга жазган кыска гана, бирок жылуу каты апасын чексиз бакытка бөлөдү. Чарчап-чаалыкканын да унутту, кайрадан демине дем кошулуп, көңүлү көкөлөдү. Ар бир сүйлөмүндө «жакшы» деген сөздү колдонуп, жакшы ниет кылган кичинекей кызына ичи элжиреп, ого бетер сагынып кетти.

«Бар бол, менин жакшынакайым! Жакшы тилек, жакшы ниетибизге Кудайым жеткирсин», – деп апа ичинен күбүрөнө бата кылды…

 

Ай ээрчиткен кыз

Кичинекей Гүлжамал атасы, апасы болуп конокко барышып, кеч кайтышты. Атасы менен апасы үй ээлери менен коштошуп жатканда Гүлжамал асмандагы жыбыраган жылдыздарды жана толуп турган айды кызыга карады. Анан үйгѳ карай жай басып жѳнѳштү. Жолдо баратканда Гүлжамал асманды дагы карады да, айдын аны «ээрчий» жылып баратканын кѳрүп таң калды.

– Апа, караңызчы, ай мени ээрчип келатат,– деди сүйүнѳ.

Атасы да, апасы да атайын бир саамга токтой калып, асманды карашты. Эми ай да жылбай бир ордунда туруп калганын кѳрүп, Гүлжамал ого бетер таң калды.

– Карагылачы, мен токтосом, ай да ордунан жылбай туруп калды. Эми басайынчы, ээ, – деп тепилдей астыга түшүп басты. Асманды караса, ай да андан калышпай «ээрчий» жылып баратыптыр. Гүлжамал эми чындап эле сүйүндү. Ал тургай сүйүнгѳнүнѳн колун жаңсап кѳрсѳтүп:

– Мына, айтпадым беле! Ай мени чындап эле ээрчип баратат! Мен айды ээрчитип кетип баратам! – деп мактана сүйлѳдү.

Ай чын эле Гүлжамалды «ээрчий» жылып, аруу да, сулуу да, сүйкүмдүү да наристе кызга суктана карап бараткандай туюлду.

 

Узун байпакчан кыз

Сымбат күн сайын эртең менен балдар бакчасына барат. Бакча алардын үйүнүн бет маңдайында, жолдун эле ѳйүзгү бетинде. Ошентсе да ар күнү «барбайм» деп ыйлап, кийимин кийбей, апасын кыйнап, араң дегенде барат.

…Апасы эрте менен үй иштерине алаксып жүрүп, бир кезде Сымбаттын бакчага барар маалы болуп калганын эстеди. Үйгѳ кирсе, кызы жок. Сырттан да таба албай кабатырланды.

Бакча тарапка карай басты. Бара жатып, бакчанын короосун айландыра тоскон решеткада илинип турган жуп байпакка кѳзү түштү. Тааныды. Күйѳѳсү экѳѳ тең эртең менен жаңы эле койгон ордунан таппай, убара болуп издеген байпак. Бул жакка кайдан келип калды?..

Короодо балдар менен эч нерседен бейкапар ойноп жүргѳн «тентек» кызын кѳрдү да, анын эмне үчүн бүгүн ѳзү эле бакчага кетип калганына апасы эми гана түшүнүп, мыйыгынан жылмайды.

Атасынын байпагын санына жеткире кийип, эртелеп кирип келген кичинекей «узун байпакчан» кыз бакчадагы эжейлерин да, апасын да күлкүгѳ бѳлѳдү.

 

Тончон күчүк

Бермет менен Гүлжамал короодо кечке куурчак ойношту. Жаздын сыдырым жели жүрүп, аба муздай баштады. Чак түштѳ күн аябай ысык болуп кеткендиктен жемперин чечип коюп, жука кѳйнѳкчѳн оюнга алаксып отурган Бермет бир кезде чыйрыга баштады:

– Гүлжамал, карачы, мен титиреп жатам,– деди ал.

– Эмне үчүн титирейсиң? – деп Гүлжамал ага суроолуу карады.

– Үшүп кеттим да, ошон үчүн титирей баштадым да.

Этек-жеңин кымтылана бүрүшүп отурган Берметти карап:

– Аа, менин күчүгүм да үшүп калса, сага окшоп калтырап-титирейт, – деди Гүлжамал күчүгү эсине түшѳ калып.

Анда Бермет:

– Калп. Күчүк үшүбѳйт да, ал деген жүндѳн жасалган тонун чечпей эле жүрбѳйбү,– деди анын сѳзүнѳ ынанбай үйүн кѳздѳй жѳнѳй берип.

Гүлжамал Берметтин жообуна ойлонуп калды.

– Чын эле, күчүгү Берметчилеп тонун чечпейт да. Анан неге калтырап-титирейт? – деп таңыркай ѳзүнѳ-ѳзү суроо салды.

 

Автор тууралуу маалымат

b_abduhamidova300Батмахан Абдухамидова Баткен областынын Лейлек районундагы Арка айылында 1973-жылы 25-ноябрда туулган. 1990-жылы «Ак тилек» (азыркы Б.Набиев атындагы) орто мектебин күмүш медаль менен аяктаган. 1995-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин филология факультетин ийгиликтүү бүтүрүп,1995-2004-жылдар аралыгында орто мектептерде, гимназияларда кыргыз тили жана адабияты мугалими, илимий иштер боюнча директордун орун басары болуп иштейт.

2003-жылы райондук, облустук, республикалык «Жылдын мыкты мугалими» сынактарынын жеңүүчүсү 2004-2009-окуу жылдарында Кыргыз билим берүү академиясынын ага илимий кызматкери, 2009-2013-окуу жылдарында кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, доцент катары эмгектенген. 2013-жылдан тартып мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери болуп иштеп келе жатат.

2008-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасын, 2016-жылы «Педагогика» адистиги боюнча доценттик окумуштуулук наамын алган. Ушул жылдар аралгында 1 концепция, 1 стандарт, 2 окуу программасын түзүүчүлөрдүн бири, 6 окуу китептин авторлошу, 3 антология, 11 окуу хрестоматиясын түзүүчүлөрүнүн бири, ошондой эле 14 методикалык колдонмонун, 4 көркөм китептин жана 50дөн ашуун методикалык, илимий-методикалык, публицистикалык макалалардын автору жана авторлошу катары эмгектери жарык кѳрдү.

КРдин Билим берүү жана илим минстрлигинин «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси (2003), Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы коомдун Эл аралык «Көк асаба» диплому (2003), КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын диплому (2006, 2008), «Кыргыз тили» төш белгиси (2012), Билим берүү жана илим министрлигинин II даражадагы диплому (2003) жана Ардак грамотасы (2007), КББАнын Ардак грамотасы (2008, 2012) менен сыйланган.

Даярдаган Нурзада Ташбаева, “Де-факто”, 04.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.